Болгар жомогу

Бастырманын төбөсүнө конгон амалдуу короз канатын жайды да адатынча кыйкырык салды. Аны уккан куу түлкү жакынкы бадалдын арасынан чуркап чыкты.

– Арыба, короз! – деди – Үнүңдү эшитип, жүгүрүп келдим. Охой, сенин ырдаганың! Үнүң укмуш ко! Бирок ырдаганың атаңкына жетеби, жетпейби – билбейм.

– А менин атам кандай ырдачу эле?

– Ой-йе, сенин атаң ырдасабы! Бастырманын башына конуп, койкоюп деле бир бутун көтөрүп алып, көзүн чылк жумуп кукареку созсобу, бай-бай-бай! Ырчы деп ошону айтыш керек!

– Мен деле ошенте алам!

Короз бир бутун көтөрүп, бир көзүн жумуп, кукарекусун баштады.

– А сен бир бутуңа туруп, эки көздү чылк жумуп ырдай аласыңбы? – деди түлкү.

– Ырдай алам! – деди короз.

Бирок короз эки көзүн жумары менен куу түлкү аны шап эле жетип кармады! Колтукка кысып, токойго алып жөнөдү. Эки колдоп басып жыгылып, жемей болду.

– Эх, – деди короз өкүнүчтүү, – сенин энең мындай кылчу эмес.

– А кандай кылчу эле? – деди түлкү.

– Энең каада-салттуу жан эле: колуна тийген корозду жегенден мурда куран окуп, кудайды оозунан түшүрбөгөн түлкү болучу.

Түлкү муну укканда ойлонуп калды да, куран окумай болду. Күбүрөнүп куран окуп, көзүн жумду да, эки колун батага жаймай болду. А короз ушуну гана күтүп турган. Түлкү колун жайып бата кыларда, короз дырр коюп, жакын жердеги бактын башына чыга качты.

– Эх, ушу менден да өтүп, мени алдап кеттиң э, шүмшүк! Каргышым канатыңа тийсин! – деп сыздап жиберди түлкү.

Өзөргөн түлкү ошентип өзөгү өрттөнүп өз жолуна түшүптүр.

Кыргызчалаган Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *