Атактуу  немис  драматургу,  акын,  искусство иликтөөчү, режиссёр Бертольт Брехт  Аугсбургда туулган. Германиянын жана дүйнөнүн көптөгөн театрларына коюлган «Ваал», «Барабанный бой в ночи» (1922), «Говорящий «да» и говорящий «нет» (1930), «Горации и Куриации» (1934) ж.б. пьесалардын автору. «Эпикалык театр» теориясын иштеп чыккан. 1933-жылы Гитлер бийликке  келгенден  кийин эмиграцияга кетип «Страх и отчаяние в Третьем рейхе» (1938), драму «Винтовки Терезы Каррар» (1937) аттуу реалисттик чыгармаларды, «Добрый человек из Сезуана» (1940),  «Карьера  Артуро Уи» (1941), «Кавказский меловой круг» (1944), «Мамаша Кураж и ее дети» (1939), «Жизнь Галилея» (1939) тарыхый драмаларын жазат. 1948-жылы  мекенине  кайтып келип, Берлинде театр ачып, 1956-жылы Берлинде каза болгон. 

Бертольт БРЕХТ

Элдүүлүк  жөнүндө  айтканда,  биз  эсибизге тарыхый  өнүгүшкө  активдүү  гана  катышпастан, аны ылдамдатып, ошол өнүгүштүн жолун аныктаган элди алабыз. Биз эсибизге тарыхты жараткан, дүйнөнү жана өзүн өзгөрткөн элди алабыз. Биз эсибизге, күрөшчүл элди алабыз, андыктан элдик деген түшүнүк күжүрмөн мааниге ээ. «Элдик»  дегенибиз:  кеңири  көпчүлүккө түшүнүктүү,  ага  таандык  көркөм  форманы өзүнө сиңирген жана аны байыткан, алардын көз  карашында  турган  жана  аны  негиздеген, элдин айрыкча прогрессивдүү бөлүгүнүн атынан чыккан жана ага өзүнө жетекчилик ролду алууга  жардам  берген,  а  демек,  салт  боюнча байланышкан  жана  анын  жолун  жолдогон элдин калган катмарына да түшүнүктүү, өзүнө жетекчилик ролду, азыркы кездеги анын жетекчилеринин тажрыйбасын алууга аракеттенген элдин калган катмарына өткөрүп берүү деген маанини түшүндүрөт.

«Реалисттик» дегенибиз – социалдык себептердин комплексин ачып көрсөткөн, үстөмдүк кылган көз караштарды үстөмдүк кылып турган таптын  көз  карашы  катарында  бетин  ачкан, адам коому үчүн абдан керектүү проблемаларды мүмкүн болушунча түп тамырынан чечүүгө жөндөмдүү  таптын  көз  карашында  турган, өнүгүүнүн факторлорун баса белгилеген, конкреттүү, бирок жалпылоого да жол берет деген маанини түшүндүрөт…

Тигил же бул чыгарма реалисттикпи, реалисттик эмеспи – анын өз мезгилине реалисттик деп эсептелген гана чыгармаларына салыштырып, ага  төп  келээр-келбеси  менен  өлчөп  чечүүгө  болбойт. Ар  бир  өзгөчө учурда турмуштун чагылышын башка чагылдыруулар менен эмес, чагылдырылган турмуштун өзү менен салыштыруу керек.

ЛИРИКАНЫН АКЫНЫ АКЫЛГА САЛГАНДАН КОРКПОШУ КЕРЕК
Ырларын окуп жүргөн кээ бир кишилер менен жекече таанышмын. Алардын кайсы бири ырларында башка түрдө айткандарына караганда, акылмандуулукту алда канча аз колдонушаарына мен көп учурда таң каламын. Балким, алар ырларды жалаң гана таза сезимдин айтылышы деп  эсептеп  жүрүшпөсүн.  Балким,  ал  таза  сезим  гана  билдире  турган нерселер болот деген ойдо болуп жүрбөсүн? Эгер ал ушундайча ойлогон болсо, эң жок дегенде, сезим деле ой сыяктуу жалган болуп кала тургандыгын билип коюшу керек. Ошондо ал алда канча сак болуп калат.

Кээ бир лирикалык акындар, артыкча жаңыдан баштагандар, белгилүү бир күүгө келип алганды сезген соң, акылга салгандын иши ошол келген күүнү учуруп жибереби дегенчелик кылып, кандайдыр бир коркуу сезимин баштан кечиришет. Андай коркуу ар кандай шарттарда, ар качан сандырак коркуу экенин айтуу керек. Бардык улуу акындын чыгармачылык өнөрканасынан билгендерибизге караганда, алардын акындык күүгө келүүсү өзгөчө жеңил-желпилиги, ийкемдүүлүгү, учкулдугу менен айырмаланбайт, ал түгүл абдан акылга салып отуруп ойлонуулары да анысын бузбагандыгын айгинелеп турат. Белгилүү деңгээлдеги көңүлдүн көтөрүңкүлүгү, кыялга канат байлагандык, акылдын тунуктугуна дегеле каршы келбейт. Ал түгүл, акылга салуу критерийин киргизүүнү каалабаса, ал акындык күүгө келүүнүн жетишерлик жемиштүү эмес мүнөзү бар экендигин ырастайт. Мындай учурда ыр жазуудан баш тартып коюу жакшы болот.

Лирикалык ой жемиштүү болгон кезде, сезим менен акыл экөө тең шайкеш таасир этет. Алар бири-бирине кубануу менен: «Сен чечкин!» – деп турушат.

ТАЗА ИСКУССТВО ЖӨНҮНДӨ
Мо-цзы   айткан:  «Жакында  акын Цин-Юэ  менден  биздин  заманда жаратылыш жөнүндө ыр жазууга акым барбы? – деп сурады. Мен ага: «Бар» – деп, жооп бердим. Аны дагы бир жолу кезиктирип, жаратылыш жөнүндө ыр жаздыңбы? – деп сурадым. Ал: – Жок – деп жооп берди.

– Эмне үчүн? – деп сурадым.

Ал айтты:

– Мен өз алдыма жаап жаткан жамгырдын тамчыларынын үнүн окурман үчүн жагымдуу таасир калтыргандай берсем деп максат койдум эле.

Бул жөнүндө ойлонуп, ыр саптарын бирин таштап, бирин тандап жазып көрүп, жамгыр тамчысынын үнүн бардык адамдар үчүн жагымдуу таасир калтырсын деп чечтим. Демек, үстүндө, үйү жок, көзүн илинтейин деп баратканда жакасынан ылдый жаан киргендер үчүн да жагымдуу болушу керек да. Ушундан кийин мен бул максатымдан кайттым.

– Искусство бүгүнкү күндү гана көздөбөйт, – дедим сынай карап. – Андай жаан тамчылары ар качан боло бере турган соң, ошондой эле ыр да түбөлүк болушу мүмкүн.

– Ооба, – деди ал кейиштүү түрдө – аны жанагыдай жаан мойнуна шорголобой турган адамдар болбой калган кезде жазууга болот».

ЭСКИ КАЛПАК

Парижде «Үч тыйындык опера» даярдалып жатканда кадимки маш болуп бүткөн селсаяктын өнөрүн үйрөнүүгө аракет кылган Фильч деген өспүрүмдүн ролун ойной турган бир жаш актёр менин көңүлүмдү адегенде эле өзүнө бурду. Ал көпчүлүктүн айрымдарынан мурда репетицияны кандай  жүргүзүү  керектигин  түшүндү:  Ал  адамдардагы  касиеттерди көрүүчүлөрдүн өздөрү байкоого алыш керектигин, өзүнүн сөзүн өзү кунт коюп тыңшоо менен сунуш этип жатты.

Бир  жолу  эртең  менен  аны  башкы  ролдорду  ойногондор  менен бирге артисттердин кийимдери сакталып туруучу чоң үйдөн көрүп, эч кандай таң калганым жок. Ал мында өз ыктыяры менен келген экен. Мага өзүнүн ролуна ылайыктуу калпак таап алайын деп келгендигин айтты. Мен  башкы  ролду  аткаруучу  аялга  костюм  тандап  алууга  жардам берип аттым. Ал үчүн бир топ саат убакыт өттү. Көз кыйыгым менен тигинин калпакты кандайча издеп атканын байкап турдум. Ал кийим-кечек тейлегендерди аябай эле түйшүктөнттү окшойт, аздан соң анын алдында бир  дөбө  баш  кийим  пайда  болду.  Ошолордун  ичинен  эки  калпакты тандап алуу үчүн бир сааттай убакыт өттү. Эми экөөнүн бирин тандап алышы керек эле, ага дагы бир саат кетти. Анын жүдөп-какаган тирикарак жүзүндөгү аябай кыйналуунун белгисин мен эч качан унута албайм. Улам бирин карап, көзү кыйбайт…

Бир карасам, калпакты башынан шарт колуна алды да, такасына тура тез бурулуп, терезенин алдына барды. Ал көчөгө чачыраган кайдыгер көз караш менен карап турду да, бир топтон кийин кайра калпактарды тиктеди: бул жолу абдан зериккендей, кайдыгер карады. Ал калпактарга салкын,  эч  кандай  кызыгуусуз  көз  таштап  турду. Андан кийин  терезе жакты эч карабастан калпактарга илкий басып келди да, бирин алып ороп берүү үчүн столдун үстүнө таштады.

Кийинки репетиция убагында мага кемселинин төш чөнтөгүнөн чыгып турган эски тиш щётканы көрсөттү. Ал Фильч көпүрөнүн астында эч кимге көрүнбөй жаткан убакта да, цивилизациянын эң негизги белгилеринен кайтпай тургандыгынын күбөсү болууга тийиш экен. Бул тиш щётка эч кандай калпак, ал түгүл эң сонуну да, актёрду канагаттандырбай тургандыгын мага көрсөттү.

«Биздин кылымдын, илимдин кылымынын актёру деген ушул», – деп ойлодум мен кубанычтуу.

ИСКУССТВОНУ КАБЫЛДОО ЖАНА КАБЫЛДОО ИСКУССТВОСУ

(Скульптуралык портреттен улам чыккан ой жүгүртүү)

Фрагмент

Искусствонун чыгармасы жашына, даражасына жана тарбиясына карабастан ар бир адамга таасир калтырышы керек деген эзелтеден келаткан жана эч кандай шек туудурбаган пикир бар. Негизги, искусство адамга кайрылып аткан соң, демек, адам карыбы, же жашпы, ал башы менен иштейби, же колу менен иштейби, билимдүүбү же жокпу – ал эч кандай роль ойнобойт. Ар бир адамда художниктен эң жок дегенде бир нерсе бар болгон соң, адамдардын бардыгы искусствону түшүнүүгө жана андан ырахат алууга жөндөмдүү. Ушундай пикирлердин кесепетинен көркөм чыгармага түшүндүрмө деп аталган нерселерге, ар кандай түшүндүрмөлөргө муктаж болгон искусствого, «өзүнөн өзү эле» таасир калтырууга жөндөмсүз искусствого каршы кырсыйып калуулар көп болот. «Искусство бизге, – дешет кээ бирөөлөр ал жөнүндө, – окумуштуунун лекциясынан кийин гана таасир калтыра алабы? А Микеланжелоктун «Моисейи» бизди адис адам сөз менен түшүндүргөндөн кийин гана өзүнө тартабы?»

Ооба, ушинтип айтышат. Бирок ошондо да, искусствону башкаларга караганда жакшыраак билген, андан көбүрөөк ырахат алган адамдар бар экендиги белгилүү эмеспи. Ал баягы эле айтылуу «анча-мынча билермандар чөйрөсү». Эч качан ошондой «билермандардын» тар чөйрөсү үчүн гана эмес, бүткүл эл үчүн чыгарма жаратууну алдына максат кылып койгон көп художниктер бар: алар эң начарлардан да эмес. Бул демократиялуу болуп көрүнгөнсүйт, бирок менимче, жетишерлик эмес. «Билермандардын тар чөйрөсүн» кеңейтүү – демократиялуу болот. Себеп дегенде – искусство билимди талап кылат. Кабылдоо искусствосу болгондо гана искусствону кабылдоо чыныгы ырахат берет. Ар бир адамда художниктик шык бар деген кандай адилет болсо, ошол шык андан ары өөрчүйт, же өлүп калат деген ошого тете эле чындык.

Искусствонун негизинде билүү – эмгектене билүү жатат. Ким искусство менен ыракаттанса, ал өтө чебер жана ойдогудай эмгек менен ыракаттанганы. Ошол эмгек жөнүндө эң жок дегенде кээ бир нерсени билип алуу үчүн ал анын натыйжасы менен суктанып, искусствонун чыгармасы менен ыракаттанууга мүмкүн болуу жөнөкөй гана керектүү нерсе. Жалгыз гана билим эмес, сезим кошо жүргөн билим айрыкча, скульптура искусствосу үчүн эң керек. Ташты, жыгачты же колону, бир аз болсо да сезиш керек: эң жок дегенде бул материалдар менен кандайча катнаш жасоонун кээ бир жагдайын билүү керек. Бычактын дөңгөчтү кандайча кесип жаткан жолун сезип, билип, формасыз эле бир массадан кандайча акырындык менен турпат, шардан – баш, томпок нерседен – бет пайда болуп келаткандыгын сезиш керек. Мүмкүн, биздин заманда бул үчүн мурдагы кездерде муктаж болбогон кээ бир жардамдар керек болор. Машинанын негизинде пайда болгон өндүрүштүн  жаңы  методдорунун  натыйжасында  кол  өнөрү  белгилүү мааниде  начарлады. Материалдардын  касиети  унутулду;  эмгек  процессинин өзү баштагыдай болбой калды. Ар бир буюм көп адамдардын биримдешкен эмгеги менен жаралып калды. Чыгармачыл жалгыз киши буюмду мурдагыдай башынан аягына чейин өзү жасабайт: азыркы кезде ал буюмдун өнүгүшүнүн бир гана фазасына ээ. Ошондуктан жалгыз кишинин эмгегин сезүү жана билүү жоголуп калды.

Капитализмде керт баш (индивидум) эмгек менен каршылашат. Эмгек индивидумду коркутат. Эмгек процесси жана эмгектин натыйжасы керт башка тиешелүүнүн бардыгын  жокко  чыгарат. Азыр, ботинкадан,  аны  жасаган  кишинин өзгөчөлүгүн биле албайсың. Бирок скульптура канткен менен кол өнөр болуп  калууда.  Ошондой  болсо  да,  бүгүн  скульптурага  да  ар  кандай башка буюмдар сыяктуу эле машина менен жасагандай карап калышты. Эмгектин өзү эмес, эмгектин натыйжасы гана кабылданууда (ыракаттануу деле ошондон болуп калды). Ал эми скульптура искусствосу үчүн бул өзү көп нерсе.

Эгерде искусство менен ыракаттангыңар келсе, анда эч качан көркөм эмгектин бир гана ыңгайлуу жана арзан натыйжасын алып канагаттанып  калбагыла.  Эмгектин  өзү  менен  байланыш  түзүп,  белгилүү  өлчөмдө, өзү да ишмер боло кетип, кайсы бир деңгээлде өзүнүн фантазиясын да иштетип, художниктин тажрыйбасына бүткүл өзүнүн тажрыйбасын катыштырып же ага каршы коюу ж.б. керек. Ал түгүл жөнөкөй эле тамак жеген киши деле эмгектенет: эт кесип, оозуна салып чайнайт. Искусство менен ыракаттанууну арзаныраакка сатып алууга болбойт. Ошентип,  художниктин  күч-аракети  менен  тааныш  болуу  зарыл, албетте, кичирейтилген көлөмдө дечи, ошентсе да, мүмкүн болушунча көбүрөөк билүү милдет. Материалдар менен художниктин өзүнчө азап тартуусу бар: жыгач морт болуп калат, баткак өтө эле жумшарып дегендей: анын үстүнө натура менен иштөөдө кыйынчылык тартат, мисалга айталык – адамдын башын жасаганда. А баш кандайча жасалат? Искусствонун чыгармасы портретте ар түрдүү учурлардан өтүп, аздап окшошуп баратканын көрүү, чебер жана канат байлаган жеңил колдун кыймылы аркылуу эмгек мезгилиндеги скульптордун ички жан толкунундагы кыйналыш менен кубанычты кандайдыр байкоо өзүнчө бир сабак, ошол эле учурда өзүнчө жыргал.

Адегенде  негизги  формалары  сулп-сулпунан  сомдолуп  келтирилет: чоңойтулуп, каармандык мүнөз берилип, ал түгүл керек десе, карикатурага окшошот. Мына ушунун баарысында кандайдыр айбанга окшош сыпатталбагандык, одонолук өкүм сүрөт. Андан кийин, аздан-аздан сыйдалана баштайт. Мына мисалга, чекени алып көрөлү. Ал басымдуулук кыла баштайт. Аны дагы оңдойт. Художник ачылыш жасайт, кыйынчылыктарга кездешет, биримдүүлүктү жоготуп, кайра жаңысын таап, бир ойду таштап, экинчисине көчөт.

Художникти байкап отуруп, анын байкагычтыгын үйрөнө баштайсың. Ал – кабылдоонун художниги. Ал жандуу нерсени – мурда жашаган жана кийин  жашап  жаткан  башты  өзүнө  кабылдайт.  Байкагычтык  ага  зор өнөкөт болуп калган, ал көрүүнүн чебери. Ушул байкоо жөндөмдүүлүгүнө үйрөнүү мүмкүн экендигин сен сезе баштайсың. Художник нерсени кабылдоо искусствосун үйрөтөт. Бул ар кандай адам үчүн эң маанилүү искусство. Көркөм  чыгарма  көрүүчүнү  туура  кабылдоого  үйрөтөт,  мындайча айтканда, ошол учурда кабылданып жаткан өзгөчө нерсени – предметти гана эмес, башка нерселерди да терең, бардык тарабынан жана жакшы табит менен кабылдоого үйрөтөт. Ал жалпы эле кабылдоого үйрөтөт.

Эгерде  кабылдоо  искусствосу  ириде  искусствонун  искусство  экендиги жөнүндө жок дегенде азыраак бир нерсе билип калууга, искусство деген эмне  экендигин  билүүгө,  сонундуктун  сонундук  экендигин  таанууга, көркөм  чыгарманын  масштабы  менен  жүрөк  толкуп  ыракаттанууга, художниктин рухуна таң калуу үчүн керек болсо кабылдоо искусствосу художник өзүнүн искусствонун чыгармасы үчүн керектеген нерселерди түшүнүү үчүн андан да көбүрөөк керек. Анткени художниктин чыгармасы бул – нерсенин чыныгы нускасы (баш, жер бетинин көрүнүшү, окуялар ж. б. у. с.) жөнүндө эң сонун сөз айтуу гана эмес жана нерсенин сулуулугу жөнүндө эң сонун сөз айтуу гана эмес, ошондой эле баарыдан мурда, нерсенин өзү жөнүндө сөз айтуу, ал нерсени түшүндүрүү болуп саналат.

Искусствонун  чыгармасы  өзү  кайрадан  жараткан  турмуш  чындыгын түшүндүрөт, ал дүйнөнүн нерселерин туура көрүүгө үйрөткөн художникти, анын турмуштан алган тажрыйбасын кабарлайт жана колдон-колго өткөрүп берет.

КАНАГАТТАНГАНДЫК

Эч кандай толук жаңылык жасалбасын деген ар тараптуу зор дилгирлик болот. Ал дилгирлик эски тартипте жана иштин эскиче жүрүшүндө өздөрүн жакшы сезишкен адамдардын чөйрөсүндө өкүм сүрөт. Эски бир нерселерди мындан ары каалабагандарда, ал эскилик толук канагаттандырган адамдарда анын эң начар маңызы болот деген ой үстөмдүк кыла тургандыгы түшүнүктүү.

ТЫНЧТЫКТЫ КОРГОО БОЮНЧА ЭЛДЕРДИН КОНГРЕССИНЕ

Адамзатынын  эси  таң  каларлыктай  кыска:  ал  өзү  тарткан  азап-кайгыларды эң эле тез унутуп калат. Бирок келечекте боло турган кырсыкты, кыязы, адамдар көз алдына келтире албайт көрүнөт. Атомдук согуштун жүрөк түшөрдөй сүрөттөлүшү, кыязы, Нью-Йорктун элин анча деле коркутпаган көрүнөт. Гамбургда жашагандарды азырга чейин тамдын урандылары курчап турат. Ошондой болсо да алар баары бир жаңы согушка каршы өздөрүнүн үнүн чыгарууга батына алышпайт. Дүйнөнү титиреткен кыркынчы жылдардын шумдуктары, мынакей, унутуп калды.

«Кечээки жаан суу кылбайт» – деп жүрүшөт көп адамдар. Мындай кайдыгер сезимсиздиктин акыр түбү өлүмгө барабар. Аны кандай болсо да жоюу керек. Эң көп адамдар азыртан эле өлүккө окшоп калышты. Алар азырынча  үрөй  учуруп  гана  турган  алдыда  болуучу кырсыкты болтурбай коюу үчүн эң эле аз аракет жасап жатышат. Ошол коркунучтуу кырсык аларды азыр эле каптап калган сыяктуу. Акылдын салтанат курушу үчүн анын душмандарына каршы күрөшүү айласыз иш деп мени эч нерсе эч качан ишендире албайт. Эбак айтылганды миң ирет кайталайбыз! Унчукпагандан көрө ашыгыраак кайталоо керек. Айтылгандар таасир этиши мүмкүн. Эскерте берүү кээде бизге көкөйгө тийгендей көрүнбөсүн. Биздин милдет – адамдарды дагы да эскерте бериш. Анткени адамзатына буга салыштырганда бардык мурдагы өткөн согуштар  баланын  оюну  сыяктанган  эң  зор  согуш  коркунучу  туулуп жатат. Ачыктан ачык, бардык элдин көз алдында даярдап жаткандарды убактысында колго чаап токтотпосо ал согуштар, сөзсүз, чыгып кетет.

30-ноябрь, 1952-ж.
Которгон Омор СУЛТАНОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *