БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП

Байыркы грек илимпозу Архимед болжол менен биздин заманга чейинки 287-жылы Сицилия мамлекеттеринин эң ирисинин борбору Сиракуза шаарында туулган. Атасы Фидий математик жана астроном болгон. Архимедди мектепте окутууга ата-энесинин мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Бирок атасынын жардамы менен ал өз алдынча окуган. Архимеддин туугандарынын бири Гиерон римдиктер менен болгон согушта өтө чоң эрдик көрсөткөндүгү үчүн урматталып, Сиракузага падыша болуп дайындалган. Гиерондун падыша болушу Архимед үчүн эң жакшы болгон. Анткени, анын Александрияга барып окушуна материалдык шарт түзүлгөн.

Архимед Александрия шаарында көрүнүктүү математиктер менен бирге иштешкен. Демокрит, Евдокс, Евклиддин эмгектери менен таанышкан. Ошол мезгилде бир машина ойлоп тапкан. Анын иштөө принциби төмөнкүчө: эт туурагычтын ичинде винт түспөлдүү ок бар. Машинаны бураганда ал ок айланып, этти машинанын бычагын карай жылдырат. Бул ок “Архимед винти” деп аталат. Архимед аны атайын эт туурагыч үчүн эмес, кудуктан суу алып, талаа сугаруучу машина үчүн ойлоп тапкан. “Архимед винти” азыр ар түрдүү машиналарда, ар кандай кесек, суюк материалдарды көтөрүүдө, заводдордо колдонулат.

Архимед математика, физика илимдеринин пионери, механиканы илим катары негиздеп түзүүчүлөрдүн бири. Математика менен физиканы анын ысымынан бөлүп кароого мүмкүн эмес. Анын өмүр жолунда кызыктуу окуялар көп. Мисалы, сууга матырылган нерсенин тең салмактуулугун изилдөө боюнча ачкан закону азыр да кеңири колдонулууда. Ал закондун ачылышын байыркы Рим архитектору жана инженери Витрувий мындайча баяндайт: Гиерон өзүнө алтын таажы жасаткан. Таажынын салмагы падыша устага берген алтындын салмагына барабар эле. Бирок таажы накта алтындан жасалдыбы же уста ага арзан баадагы металл кошуп жибердиби? – деген шектенүү пайда болгон. Таажы өтө татаал түзүлүштө болуп, абдан көркөм жасалган. Таажыны бузбай туруп аны тактоо Архимедге тапшырылган. Архимед бул маселени көпкө ойлонгон. Бир күнү ал мончодо жуунуп жатып, суюктукка матырылган нерсе өз көлөмүнө барабар суюктукту сүрүп чыгараарын байкайт. Буга укмуштуудай кубангандыктан Архимед мончодон “Эврика! Эврика!” (Бул “Таптым! Таптым!” деген сөз) деп кыйкырган боюнча көчөгө чуркап чыгат. Бул ачылыш таажы жасалган металлдын курамын аныктоого жардам берген. Ушуну менен илим эң сонун табылгага кабылган. (Бул ачылыш азыр гидростатиканын 1-закону деп аталат).

Архимед көлөмдү, аянтты табууну өркүндөткөн. П санынын маанисин эсептеген, нерсенин оордук борборун тапкан ж.б. ачылыштарды жасаган. Анын көптөгөн эмгектеринин тексттери азыркы күнгө чейин сакталуу. Алар тегиздиктердин тең салмактуулугу же оордук борбору жөнүндө, параболанын квадратурасы, сфера жана цилиндр, тегеректи өлчөө, спиралдар, коноиддер жана сфероиддер, кумду эсептөө (“Псаммит”), методдор (Архимеддин Эратосфенге геометриянын айрым теоремалары жөнүндөгү билдирүүсү), калкуучу нерселер, леммалар ж.б. эмгектерди калтырган.

Архимеддин илимий иштери математика менен гана чектелбейт. Ал статика, гидростатика, математикалык физиканын негиздөөчүсү, механиканы илим катары түзгөндөрдүн бири, көрүнүктүү астроном жана инженер.

Архимеддин өмүр жолунда таң каларлык кызыктар көп. Архимед бир жолу Гиеронго төмөнкүдөй кат жазган: “Таяна турган жай таап берсең, жер шарын аласалдырып берем”. Гиерон бул ырастоого аябай таң калган да, бул сөздүн тууралыгын көргүсү келген. Анда  Архимед аябагандай зор мачталуу кемеге тажрыйба жасаган. Ал кемеге адамдарды жана жүктү толтуруп, полиспаст (кыймылдуу жана кыймылсыз бир канча жүк блоктордон турган жүк көтөргүч түзүлүш) системасын колдонуп, колу менен эле кемени аласалдырып жиберген. Муну көрүп таң калган Гиерон Архимедге ушул билимди пайдаланып, мамлекетти коргоо үчүн машина жана приборлорду жасоого тапшырма берген. Ал тапшырма тез эле аткарылган.

Биздин заманга чейинки 213-жылы римдиктер Сиракуза шаарын басып алуу үчүн согуш жарыялаган. Архимеддин коргонуу үчүн жасалган куралдары шаарды эки жылга чейин коргоого мүмкүндүк берген. Баскынчы жөө аскерлер машинадан ыргытылган таштардан кырылган. Атүгүл аялдар Архимеддин кеңеши менен күндүн нурун күзгүлөр аркылуу жоонун кемелерине багыттап өрттөшкөн. Бирок суракузалыктардын Артемида кудайына арналган майрамынан пайдаланып, жоо шаарга кирип келген.  Ошондо Архимед биздин заманга чейинки өзүнүн туулуп-өскөн шаарын римдик баскынчылардан коргоп жатып 212-жылы патриот катары курман болгон. Архимеддин өлүмү жөнүндөгү уламыштарды ар кайсы автор ар кандай айтат. Мисалы, тарыхчы Тцетцесс төмөнкүдөй жазат: Рим аскерлери кирип келип ящикке салынган кумга геометриялык фигураны тартып отурган чалды көрөт.

— Менин чиймеме жакындаба! – деп кыйкырат Архимед. Ызаланган аскер Архимедге карай кылыч шилтеп жиберет. Бул учурда Архимед 75 жаштарда болгон деп божомолдонот. Рим полководеци Марцелл Архимеддин өлүмүнө катуу кайгырган. Анткени ал Архимеддин билимин өз өлкөсү үчүн пайдаланууну каалаган. Аны өлтүргөн солдатты аскер катарынан кууп жиберген. Архимеддин туугандарына өтө урмат көрсөтүлүп, улуу окумуштуу ардак менен көмүлгөн. Архимеддин көрүстөнүнүн үстүнө коюлган таштын бетине өзүнүн керээзи боюнча цилиндрге ичтен сызылган шардын сүрөтүн тартып коюшкан. Бул шардын көлөмү цилиндрдин көлөмүнүн үчтөн экисин түзө тургандыгы жөнүндөгү далилдөө Архимеддин илимий жетишкендигинин бири болуп эсептелет. Ушул окуядан 136 жылдан кийин гана Рим ойчулу, саякатчысы Цицерон Архимеддин мүрзөсүн издеп тапкан. Мүрзөнүн үстүнө коюлган ташта цилиндрге ичтен сызылган шардын сүрөтү дагы эле турган экен.

Ысмайыл КАДЫРОВ

One Reply to “А Р Х И М Е Д”

  1. Дүйнө элинин тарбиялык маанидеги кыска нуска аңгеме-жомок,ыр,новеллаларынан которуп турсаңар?

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *