Ибрагим БАЛТАБАЕВ
АҢГЕМЕ

Күңүрт жарык кирген бөлмөдөгү керебетте карыя жатты. Көздөрүнөн шоргологон жашы жүзүн жууп, күмүш түстүү сакалынан сарыгып, жаздыгына тама сиңип, жаздыкты кыйла нымдап койгон.Үнсүз гана ыйлап жатты. Көз жашына кошулуп жүрөгү мыжыгып ыйлады. Оу кылымга тете өмүрүндө качан ыйлаганы эсинде жок. Адатта, күн сайын конок аягы үзүлбөчү бөлмөнү бүгүн жаптырып алган. Эч кимди кыртышы сүйөр эместей…

Бул үйдөн конок үзүлбөйт.

Россияданбы, Бишкектенби, же дагы башка четтенби, же айылындагылардан болсун; ким болбосун карыянын абалын көргөнү, анын батасын алганы келип турушчу. Айылына кадыры чоң аксакал. Жашы да 90дон оодарылып калган. Күнүгө келгендер менен бакылдашып, ушул көнгөн керебетинде отурчу. Орозо айларында саарлык ичкени турам деп керебеттен кокусунан кулап кетип, жамбаш сөөгүн сындырып алганына эки айдай болуп калды. Болбосо сыртка чыгып майда-чүйдө иштерди бүтүрүп жүрө берчү.

Бүгүн болсо эч кимди көргүсү жок. Үнсүз ыйлайт кемшеңдеп. Көз жашы тып-тып…тып-тып…

* * *

Жаш кезинен кыйындыкты көп көрүп, жетимдиктин шор суусун ичип жүргөндө да ыйлабаган. Ар кимдин коюн багып, эчкинин курч туягына жалаң аяк манжаларын тебелеткенде да ыйлабаган. Жалгыз жакыны, бир тууган агасы – Токтосунду 40-жылдар орус-фин согушуна жөнөтүп, бейдарек жоголгондо да, кийин өзү согушка аттанып бир саат ичинде бөлүктөгү чогуу кызмат кылган 11 жоокерден айрылганда да; денесинин алты жеринен ираний болуп Ленинград госпиталында 6 ай жатканда да ыйлабаган; 47-жылы согуштан мекенине келип өзүндөй бир жетим кызга баш кошуп, малканада астына саман төшөп, үстүнө аскер шинель жамынып, жарымы жок сынык казан менен күн кечирип (алысыраак абасы колдон деп берген) ал сынык казанды абасынын кыздары каалаган күнү оокатын оодара салып кетип калганда да ыйлабаган; кийин өмүрүндө канча кыйынчылык көрдү, кубаныч көрдү… ошонун биринде да көз жашка күч чыгарбаган карыя бүгүн ыйлап басылсачы…Тып -тып…тып-тып…

* * *

Жашы 30дан өтүп калганда кыздуу болду. Көп турбай ал кызы периште болуп учуп кетти. Андан соң уулдуу болду. Ушул уулун бөтөнчө жакшы көрөр эле. Кемпири экөө жалпысынан 6 уул, 6 кыздуу болушту. 3 уул, 3 кызы жараткандын буйругу экен: жаштайында эле жерге берилген. Тун уулун жанынан алыстаткысы келбей, өзүнүн короосунан жер бөлүп үй салып бергенине 40 жылдай болгон. Уулдары бири борбордо турат. Кичүүсү бир көчө арыраакта жашайт. Ушул тун уулу кудайдын куттуу күнү «ассалому алейкум, ата» деп келип колу-бутун ушалап эрте менен бир сааттай сүйлөшүп кетүүсү бул үйдө адат эле. Уулу пайгамбар жашын таянса да «атамдын айтканы айткандай болот» деп жашап келди. Нак айылда жашап, айылда өнүп, айыл менен айыл болуп калган москоол денелүү, балбан мүчөлүү салмагы да 100 килодон ашкан киши. Анча-мынча аш-тойлордо улак чаап, күрөшкө түшүп коймою да бар. «Атам ыраазы – Алла ыраазы» деген ой менен жашайт. Жашоо өз нугу менен баратканда кокусунан…

Бир күнү атчан келатып эле бир колу менен бир буту иштебей калды. Жүгөндү тартайын десе эле иштебей калды. Үйгө келип аттан түшөйүн десе эле – бир ыптасы иштебей калса болобу! Балбан кишиге өтүп кетердей туюлду баары. Балбандын дымагындай болбоду бу балаа: үйдө бир жумадай жатып калды. Оонатты балбанды. Эчен карылуу каршылашына моюн бербеген балбанды белгисиз оору суй жыкты. Чалбай жыкты. Ким аны мындай көтөрүп уруптур күрөштө. Адаттагы багымдат намазынан кийин барып карыя менен сүйлөшүүсү күн чашкелеген убакка жылды. Таяк таяныштан намыстанып, дубалга жөлөнүп жылып жүрдү алгач…

Балбан жаны ооруну кенебей: бир айдай жүрүп албадыбы. Анан гана доктурдан доктур калбай, молдодон молдо калбай дарыланганына да болбоду. Күндөн күнгө абалы начарлап, төшөк тартып жатып калды. Эми карыя баласына күнүгө өзү келчү болду. Үйлөрүнүн ортосу элүү кадамдай эле. Карыя келет. Экөө кыйлага сүйлөшүп отурат. Неберелери келет. Бака-шака.

– Обком үйүн бүтсө, атам экөөбүздү Көлгө алып барып келет. Ага чейин Алла шыпаа берип айыгып кетейин. Атам экөөбүз би-ир көлгө барып, Алланын жараткан кереметин көрүп келели, – деп кыялданышат.

Обком дегени – карыянын экинчи уулунун уулу. Кичинекейинен китепке жакын болуп өскөн үчүнбү же көпчүлүккө көп аралашып жүргөндөнбү, аны обком деп эркелетишет. «Өлбөсөм сени обком кылам, акыйкат башкаруучу болосуң» деп көп айтчу кичинесинен. Обкому да авасы менен чоң атасына өзгөчө жакын. Ата-энеси борбордо кал дегенине карабай чоң атасына караандап, айлына жакын шаарга келип алган… Ысыккөлгө үй салып атат… Анан эле карыянын жамбаш сөөгү сынып калып атпайбы, кашайып! Сагынышкан ата-баланын ортосу элүү кадам жер болсо да жүзүн көрбөгөнүнө о кыйла болду. Бу карылык дегениң ушу экен: сынган жердин бүтүшү кыйын тура. Кыймылдасаң чыдатпай ооруйт. Күнүнкү тамактан күнүгө «уулума алпар, абалын сурап кел» – деп беш-алты жолу киши чуркатат. Антмейин өз кекиртегинен аш өтөбү… Уулу да төшөктө, өзүчү? Өзү да! Уулу да уул-кыздарын жиберип турат. Ата-бала ушинтип сүйлөшүп калды…

* * *

Кечинде обкому келиптир. Турмуш тирилик деп жүрүп келбегенине 2 айдын жүзү болуптур. Сыркоологонун да айттырбаган. Негизи көп эле нерсени айттырбайт, жумушунан калбасын дегени мунусу. Экөө бакылдашып көпкө отурушту да, уулун көрүп келүүнү чечишти. Тээ орозодон бери көрө элек эмеспи. Обкому жаш балача көтөрүп жөнөдү. Элүү эле кадам.

Уулу жаткан бөлмөнүн эшигин ачып кирери менен «оодар мени, оодар бир капталыма, о-ой жаным-ой, мынча кыйналдым-а» – деп алсыз онтогон уулун келини менен небере кызы бир капталына оодарып атышыптыр… «О кудай-ай! О кудайым, бул кандай сынооң?! Баары жакшы, авам жакшы деватышпады беле?! Элүү кадам туруп ушул көрүнүштү неге көрбөдү?»

Баягы чоң дене, элүү килого жетпеген сөөк болуп калыптыр эки айда. Көзүнүн карегин карыяга буруп: «Келиң ата… Абалым ушул, алдыңа күнүгө бара албаганым үчүн кечир» – деген күнөөкөр көз караш.

Тамактан калганына он беш күндөй болуп, жата бергенинен – белине шапалактай жара чыгып, анысы ириңдеп, ириңи этти оюп кирип кетиптир. Өз алдынча заара кылалбаган уулунун заарасын табарсыгын басып, желим бөтөлкө менен алышат экен. «О кудай!.. А-а, обком, келдиңби? Бала-чакаң тынчпы? Сага айттырбадым. Эми биз Көлгө бара албайбыз, ушу көлгө би-ир барсам, Алланын кереметин көрсөм, атама көрсөтсөм деген ниетим бар эле… Ага жетпейт окшойм, аваң ушунтип тирүү өлүк болуп калды» — деген үнү бир угулуп, бир угулбай үзүлүп, үн көмөкөйүндө камалып турду.

Өмүрү ыйлабаган карыя уулунун абалын көргөндө; үнү каргылданып, көзүнөн жаш буурчактап тоголонду. Кемшеңдеп берди, денеси сүлк-сүлк… Обкому да бошоңдой түшүптүр, анын да үнү каргылданып угулду:

– Ава, неге мага айттырбадыңыз-а? Кантип ушуга чейин жаттыңыз?.. – обкому моюндан кучактап озондоп ийди…

Үч муун – ата-бала-небере… Үч медер! Үч эр бүлөнүн чогуу озондоп ыйлаганын элестеттиңби окурманым?…

Эгер ушул мүнөттө үчөөнүн көзүнөн тамган жаш ташка тийгендеби, таш эрип кетер беле?.. Жаш ташты көзөйт беле?! Көзөп өтөт болучу! Кылымга тете жашаган карыянын көз жашы оңойбу?! Шорлогон көз жаш эмеспи бу! Карыянын көөдөнүндөгү «көзүм кашайгыр!» деген күйүт күйүт эмей не?! Шор эмей не?! Таш эмей, дүйнөнү быркыратпайбы карыянын буурчактаган көз жашы! Жантенинен жаралган уулу менен небереси тургай; бүтүндөй дүйнөнү ыйлатпайбы бул үчөө!

Жүзгө таяганча жан кишинин көзүнчө ыйлабаган карыя уулун көргөндө өзүн токтото алабы?..

Атасынын көз жашын көргөн төшөктөгү балбан уулу алсыздыгына, атасынын ыйына себепкер болгонуна кейибей коймокпу, ыйлабай коймокпу?!

Аларды көргөн небере кантип карманмак?!

* * *

Чай кайнам убактынча отурушту…

— Обком, эми сен да эл тааныган адам болдуң. Кылган иштериңди келген-кеткерден угуп атам. Ушунуңдан жазба. Сен жөнүндө ар бир жакшы сөз мага кубат. Эми бат-баттан кабар алып тур… – деп чарчаганын билдирди төшөктөгү уул.

Чоң атасын көтөргөн обком көзүнүн жашын тыялбай, карыяны төшөгүнө көтөрүп келип жаткырды. Карыя кемшеңдеди:

– Ушу балам кыйналганчалык адам кыйналганын көрбөдүм эле. Согушта суу жок жерде… бир четинде өлүк жаткан… кан аралаш чалчыкты ичип да шундай кыйналбадым эле… Ээ балам! Бир Алладан болот эми жардам. Миталип менен байланышы бар адам барбы? Миталип болсо сакайып кетер беле аваң деп үмүттүү карайт… Миталип дегени – кошуна айылдан күчтүү доктор профессор бар. Кыргыз Эл Баатыры. Борбордо турат. Түн жарымдан ооп калса да машинесинде көз жашын тыялбай келатты. Айылы менен шаарынын ортосу жыйырма чакырымдай. Үйүнө келгенче шолоктоп келди. Келип эле жайнамазын жайып, Жараткандан жардам суранды… Ойгонсо, таң буурул тартып калыптыр. Жайнамазда уктаптыр. Дааратын алып, намазын окуп бүтүп шаардык оорукананын врачтарын чогултууга киришти. Күн чыга айылга жетип барды. Барса, карыя эшигин жаптырып алыптыр…

* * *

Кудай-Таала уулумдан мурда ал деген карыянын ыйлап кылган дубасын кабыл кылдыбы, айтору, ошол көз жашка чөмүлгөндөн үч күндөн кийин түбөлүк сапарга жол тартты. Андан туура жыйырма күндөн кийин уулу да артынан кетти.

Эки мүрзө жанаша… Тирүүлүктө да кошуна эле, акыретке да кошуна бойдон барышты. Боз дөмпөк мелтирейт. Өлүктөр шаары үнсүз. Ошол үнсүздүгү менен сүрдүү. Небере ар келгенде куран аятын окуп коёт… Тукум улана берет. Жашоо өтө берет. Тирүүлүктүн мыйзамы ошол. Уста Кудай мийзан таразасы менен баарын өлчөп койгон….

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *