Короз туруп-туруп эле өзүн падыша сезет да уят-сыйытты жыйыштырып, көпчүлүк элдин алдында бакылдайт:

– Мени элдин падышасы дейт!

Албетте, Короздун мунусуна ким ишенсин…

– Бу кандай?! – деди таңгалган эл, – Биздин падыша – Арстан го! Китепте деле жазылган, ал эмес жакында радиодон айтышты…

– Арстандын башынан меникиндей таажыны кимиңер көрдүңөр а?! – деди короз.

Тургандар ийин куушурду да, Арстанды издегени токойго жөнөштү. Себеби алар кокоңдогон Короздун падышачылыгынан пайда жогун билишчү. Ишенсең, ишен: токойду түрө кыдыра издешти, а Арстан табылбады. Сыйпалап калышты. Эгер аны табышканда, тажысын сөзсүз көрүшмөк. Бирок Арстан өз элинен коркпойт болчу, өз элинен жашынмак да эмес!

Ошондон тарта короздор бийликти өзара бөлүшө албай: тепкилешип, чокулашып, так талашы токтобой келет дейт.

Бул окуядан кийин Короз өзүнүн көңдөйлүгүнөн уялып калмак тургай, тескерисинче, көкүрөгүн керип өзүн каадалуу алып жүрөт имиш.

0 Replies to “Короз жөнүндө притча”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *