Ак сакалы жайкалган Аяз ата те илгери чыгыптыр, ал эми кара сакал Молдоке кийин пайда болот. Пайда болору менен Аяз атага айдарын тиге баштайт. Ал окуя мындай: Молдоке машварачылары менен дааватка чыгып жер кыдырып, эл аралап, дин баян куруп жүрсө, алдынан чыккан эле ар бир бөбөк колуна момпосуй кармап жүрөт. Башка белектери да бар. Белекке жетпей калган бөбөктөрдүн кээси дааватчылардын алдынан тосо чуркап «Аяз ата, Аяз ата! Аяз кызыңыз кана» дешип момпосуй сурашат, белек-бечкек сурашат. А дааватчылардын балдарга берер белектери жок экен.

– Йе, ананайындар! Биз силерге Аяз ата көрүнүп атабызбы? – дейт Молдоке!

– Сакалыңыз бар турбайбы, чапаныңыз да Аяз атаныкындай узун экен, – дешет чурулдаган наристелер.

– Аяз атаңардын атасынын оозун урайын! Ал мусулман пендеси эместигин билбейсиңерби? Ал бир бусулган пенде, – дешет дааватчылар бир ооздон.

Наристелерге эмне? Аларга Аяз атанын мусулман экени да, бусулган экени да барыбир эмеспи. Наристелердин колуна момпосуй таратылса болду да. Бирок кара сакалдуу, узун чапанчан дааватчылардын момпосуй салар баштыгы, колунда сыйкырдуу таягы жогун көргөн балдар башка жактан келер жол учун тиктеп туруп калышат.

– Мусулман баласы болосуңарбы? – дейт тескери бурулган балдарды көргөн Молдоке.

– Ооба, – балдар биринен бири озо жооп узатышат.

– Мечитке барып жүрөсүңөрбү?

– Жо-ок, биз балаты көргөнгө баргыбыз келет, балаты кооз да… – дейт чурулдаган балдар балатыны мактаган кептерин түгөтө алышпай.

– Ок, мурдуңду урайындар!

– Араңарда кимдин атасы, кимдин акеси мечитке барат? – Молдоке балдарга суроолуу тигилет.

Балдардын кээси – «менин атам мечитке барат» десе, кээси – «барбайт» деп жооп узатканы дааватчыларды нааразы кылат.

– Бизге Аяз атадай кызыктуу жомок айтып бериңизчи, – деп балдар дааватчыларды баштап жүргөн Молдокени тегеректей калышат.

– Силерге жомок эмес, гаш айтып берелиби? – дейт Молдоке.

Мурда-кийин гаш деген сөздү укпаган балдар бири-бирин тиктейт.

– Гаш деген эмне, сен билесиңби?

– Сен билесиңби?..

Баары бирине бири ийин куушурат.

– Гаш деген эмне? – балдар кызыгуу менен Молдокенин оозун тиктешет.

Молдоке балдарга түшүндүрүп баштады эле, бирок балдар:

– Бизге Аяз ата айтып бергендегидей кызыктуу жомоктордон айтып бериңизчи.

Дааватчылардын арасынан эч бирөөсү балдарды кызыктырар жомок айтып бере алышпайт. Балдар тез эле тарап кетип калышат. Дааватчылар кийинки айылга кыдырып барышса, ал жакта да ошол, кийинки айылды кыдырып барышса да ошол эле кайталанат.

Молдокенин буга абыдан ачуусу келет. Ошол күндөн тарта ал эл-журт аралаган жердин баарында Аяз атаны жаман көрүп, элге Жаңы жыл мусулман элдеринин майрамы эмес экендигин какшай баштаган экен.

Олжобай ШАКИР

image

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *