Урматтуу мекендештер жана биздин туруктуу окурмандар, баарыңыздарды Жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз!

2017-жыл эл-жерибизде тынчтыктын, ынтымак-ырашкерликтин жана берекенин жылы болсун! Ар бир үйбүлөдө кубанычтар болуп, наристелердин күлкүсү жаңырсын! Алыста жүргөн мекендештерибиз бөөдө кырсыктан аман жүрүшсүн! Улутубуздун учу узарып, эл-журтубуздун мал-жаны аман болсун! Улутубуздун рухий байлык-мурастары арта берсин!

«Коом жана Мен» cайты да окурмандарыбызга мындан ары дагы далай рухий ыракат тартуулаган ишмердигин уланта бермекчи… Жаңы жылдан тарта жаңы идеяларды ишке ашырууда ар бир окурмандарыбыз менен биргебиз жана жаңы ысымдагы авторлор менен бирге жаңы-жаңы көркөм чыгармаларды тартуулай бермекчибиз…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *