АҢГЕМЕ

Сыртта кыштын түнөргөн суук күүгүмү өкүм сүрүп турган. Мен Екосукадан Токиого бараткан поезддин экинчи класстагы вагонунун бурчунда олтуруп, сапарга чыгууга карата берилүүчү ышкырыкты зеригүү менен күтүп отурдум. Вагондо электр жарыгын эбак жандырышканы менен, негедир менден башка жүргүнчү көрүнбөйт. Атүгүл сырттагы жарым-жартылай караңгы, жүргүнчүлөр топтолуп туруучу аянтчада да негедир бүгүн узатуучулар жок, бир гана темир капаска камалган иттин аянычтуу кыңшылаганынан башка үн угулбайт. Мунун баары менин ошондогу маанайым менен укмуштуудай дал келишип турду. Менин жандүйнөмдө кудум кыштын карарган асманындай болгон сөз менен айтып бергис кусалык өкүм сүрүп турду. Колумду күрмөмдүн чөнтөгүнө салып, жадакалса чөнтөгүмдөгү гезитти да окугум келбей кыймылсыз отурдум.

Акыры көп күттүргөн ышкырыктын үнү чыкты. Жеңилденүү сезими менен терезе кырына жөлөнүп, станция качан артта каларын күтө баштадым. Аңгыча аянтча жактан топураган үндөр угулуп, үн угулгандан көп өтпөй эле текшерүүчүнүн добушу чыгып, менин вагонумдун эшиги шарт ачылып, тердеп-кургап, боргулданган он үч-он төрт жаштардагы кыз кирип келди. Ошол замат поезд да термеле түшүп, ордунан козголду. Аянтчадагы түркүктөр, арабага чегилген суу куйган чоң идиш, поезддеги ким бирөөгө баш ийип жүгүнүп жаткан жүк ташыгыч — булардын баары бууланган терезелерден көрүнбөй артта кала беришти. Ошондо гана жеңилдене дем алып, тамеки түтөттүм да, маңдайымдан орун алган тиги кызды карадым.

Бул чыныгы айылдык кыз эле: майланбаган кургак чачтары жөнөкөй гана артына таралып, чаар ала болуп, жарылган беттери жагымсыз кызарган бул кыз мага жакшы таасир калтырган жок. Майланышкан жашыл моюн орогучунун учтары түшүп турган анын тизелеринде чоң түйүнчөк жатты. Түйүнчөк кармаган кыздын үшүк алган колдорунда үчүнчү класстын кызыл билети бар болчу. Мага анын эркектикиндей болгон жүзү жаккан жок. Андан сырткары, кыздын кир кийими да жагымсыз эле. Анан да анын үчүнчү класс менен экинчи класстын айырмасын билбегендиги кыжырымды келтирди. Андыктан тамекини бурулдатып, бул кыздын бар экендигин да унутууну чечип, эриккенден гезит бетин ачтым. Аңгыча терезеден гезит беттерине түшүп турган жарык электр жарыгына айланып, айлана даана көрүнө түштү. Сыягы, поезд Екосука жолундагы сандаган туннелдердин биринчисине кирди көрүнөт.

Электр жарыгы түшүп турган гезит беттерине көз жүгүрткөнүм менен, дүйнөдө болуп жаткан нерселер менин кусалыгымды тарката алмак эмес. Тынчтык келишимдерин түзүү маселелери, жаңы үйлөнгөндөр, дагы жаңы баш кошкондор, аткаминерлердин пара алгычтыгы, ким бирөө каза тапкандыгы тууралуу кабарлар… Поезд туннелге кирүү менен артка карай багыт алгансыган таңгаларлык табышмак сезимдерге чулганып, бир беттен бир бетке көз жүгүртүп отурдум. Бирок чындыгында ушул убакыт ичинде маңдайымда маанайы сүйкүмсүз, бактысыз кыз отурганы эсимден чыкпай койду. Мына бул поезд, мына бул айылдык кыз, аз келгенсип мобул тажатма макалаларга толгон гезит, — булардын баары бир өңчөй, кунарсыз, түшүнүксүз адам турмушунун символу эмей эмине? Бардыгы мен үчүн маанисиз сезилип, окулуп бүтө элек гезитти ыргытып жиберип, кайрадан терезе кырына жөлөнүп, көздөрүмдү жуумп, термелип бараттым.

Арадан бир нече мүнөт өттү. Капыстан ким бирөө чочутуп жибергенсип, аргасыздан алдыга обдула бердим, көрсө, тиги кыз ордунан билгизбей туруп, менин жаныма туруп алып, терезени ачмакчы болуп калыптыр. Бирок терезенин оор капкактарына каруусу жетпеди. Секелектин жарылган беттери ого бетер кызарып, терезени ачмакчы болуп, мурдун тартып, күшүлдөп атты. Албетте, бул менин боорумду оорутту. Бирок терезеден көрүнгөн дөбөлөрдүн боорундагы кургаган чөптөрдүн өңү дагы бир туннель жакындап калганынан кабар берип турду. Ошого карабастан, эмнеге экени белгисиз, тиги кыз жабык терезени ачмакчы болгон аракетин токтотподу. Мен муну болбогон кылык катары бааладым. Жандүйнөмдүн тереңиндеги кандайдыр бир өзүмө да түшүнүксүз катаалдык менен тиги кыздын үшүгөн колдору айнекти ача албай аткандыгын кайдыгер тиктеп турдум. Кыздын терезени ача албай коюшун кааладым. Бирок капыстан поезд кулак тундурган ачуу дабышы менен туннелге кирип келди да, тиги кыз ача албай аткан терезе өзүнөн өзү ачылып кетти. Ошол замат төрт бурчтук тешиктен туннелдин күйгөн көмүр жыттанган абасы вагондун ичине толуп кетти.

Тамак оорусунан жабыркап жүргөн жаным ачуу түтүндөн катуу жөтөлүп, жүз аарчым менен оозумду жапканга да үлгүрбөй калдым. Кыз болсо мага көңүл буруп да койбостон, чачтарын уйпалаган шамалга карабастан, айнектен башын чыгарып, поезддин алды жагын тиктеп баратты. Түтүн менен электр жарыгына бөлөнгөн кызды карап турдум, эгерде терезе жак капыстан агара баштап, ал жактан жер, чөп, суу жыттанган таза аба кирип келбегенде, жөтөлүм басылар замат бул бейтааныш кызды катуу тилдеп, терезени кайра жаап коймокмун.

Бирок поезд эбак туннелден чыгып, эки капталын кургак чөптөрү бар тоолор курчаган, жакырчылыкта жашаган айыл аймагына келип калган эле. Тегеректин баарынан камыш жана черепица менен жабылган там үстүлөрү көрүнөт. Поезд туннелден чыгары менен шлагбаумдун жанында катар тизилип турушкан үч эркек баланы көрдүм. Үчөө тең тандалып алынгансып же тиги түнөргөн асман жалпайта баскансып, бойлору кыска эле. Алардын кийген кийимдери да айлана тегерекке үндөшүп, боп-боз болчу. Жандарынан өтүп бараткан поездден көздөрүн албай турушкан тигилер поезд көрүнгөндө – баары бир мезгилде колдорун көтөрүштү да алсыз наристе үндөрү жетишинче, өздөрүнө гана белгилүү тил менен кыйкырып турушту. Ошол замат белине чейин терезеден чыгып алган кыз үшүк баскан колдорун айнектен чыгарып, абада бирдемени айландыргандай болду эле, тиги балдардын үстүнө бир нече мандарин учуп баштады. Күндүн жарык нурларындай болгон мандариндердин алтын түсүнөн жүрөгүм дирилдей түштү. Мен аргасыздан демимди ичиме катып дымып калдым, ошол замат баарын түшүндүм. Бул кыз, бул эселек кыз, иштеп, акча таап келүү үчүн жол жүрүп бараткан өспүрүм кыз аны жолго узатуу үчүн чыгышкан инилерине ыраазылык билдириш үчүн түйүнчөгүнө мандариндерди түйүп алган тура.

Күүгүмгө чөгүп бараткан поезд, чымчыктай чурулдашкан үч наристе эркек балдар, аларга төгүлгөн мандариндердин алтын түсү – мунун баары терезе сыртынан көз ирмемге гана жарк этти. Бирок менин жандүйнөмдө бул көрүнүш эзели эстен кеткистей болуп бекем орун алып калды. Анан да мени кандайдыр бир жарык сезим, түшүнүксүз бир туйгу каптап өткөнүн туйдум. Толкундануу менен башымды көтөрүп, кызды башкача көз менен карадым. Өз ордуна кайтып келген секелек мурдагыдай эле жарылган жаактарын жашыл жүндөн токулган моюн орогучуна катып, бошоп калган түйүнчөгүн тизесине коюп, үчүнчү класстын белетин колуна бекем кысып баратты.

Ошондо гана өзүмдүн бүт денемди эзген себеби белгисиз чарчоом таркап, бир өңчөй, кунарсыз, түшүнүксүз адам турмушуна болгон жек көрүүм кайдадыр жоголгонун түшүндүм.

Которгон Назгүл ОСМОНОВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *