Алтай жомогу

Күн жылымык тартып жаз келгенде каркыра Алтайга учуп келди. Өзүнүн тааныш сазына конду. Буттары менен жер чапкылап, канаттарын күүлөп, өзүнчө ырахатка батып аткан.

Жанынан ач түлкү шимшилеп өтүп баратып аны көрүп калды. Каркыранын ойноп-жыргап атканына таң кала, тамшана минтти:

— Карайм-карайм, көргөн көзүмө ишенбейм — каркыра бийлеп атат! Ал бечаранын эки эле буту бар эмеспи!

Каркыра токтоп калды. Түлкүгө көз чаптырды. А анда чын эле бир, эки, үч, төрт бут! Тумшугу менен бурула тиктеп таң болду.

— Ой! — Түлкү чочугандай үн катты. – Ой ушундай узун тумшук да, а анда бир да тиш жок!..

Өзү болсо жамажайын жагжайтып, оозун чоң ачып жылмайды эле, тиш деген толо.

Каркыра оозун жаап, тумшугун көтөрдү.

Аны көрүп түлкү андан бетер шылдыңдоого өттү:

— Ха-ха! Ай бул кулагын кайда катып алган? Башында кулак аттуудан эч нерсе жок. Эй, каркыра, башыңда деги бир нерсең барбы?

— Мен алыс деңиздин аркы жагынан ушул турагыма жол таап келе алдым, – каркыра ыйлагысы келип актанды,  – демек, башымда бир нерсе болсо керек…

— Ой, талаайсыз каркыра десе, – дейт түлкү,  – эки бутуң, бир акылың бар тура. Сен мына мени карабайсыңбы: төрт бут, эки кулак, ооз толо жайнаган тиш, жүз акыл жана ажайып кооз куйрук!

Түлкүнүн бул айтканына каркыра ардана түштү, моюнун дагы бийик созуп, ары жактан келаткан адамга көзү чалдыкты. Анын колунда жаа жана жебе, белинде саадак.

— Түке, урматтуу түке, – дейт каркыра, – мына сенин төрт бутуң бар, эки кулагың, оозуң толо тиш, кооз куйрук жана эң башкысы – жүз акылың турат… Тиги жакта мерген келатат! Эми эмне кылабыз? Бир айла тап!

— Менин жүз акылым мага дайым жүз кеңеш берет, сен болсо өз акылың менен кыймылдай бер!

Ошентти да түлкү кашкулактын ийинине кире качты.

Каркыра ойлонууга үлгүрбөй эле «мунун жүз акылы бар эмеспи, ушуну ээрчийин» деп анын артынан ийинге шумкуду.

Байкап турган мерген таң калды, акыры ал түлкүнү кууп ийинге киргизген каркыраны өмүрү көргөн эмес да. Мерген ийинге колун салып, каркыраны тарбайган узун бутунан бекем кармап, сыртка сууруп чыкты. Каркыра коркконунан ордунда катып, жүрөгү сокпой калды.

«Апей, бул ийинде жатып дем ала албай өлүп калган го» деп ойлоп мергенчи аны ары ыргытып таштады.

Анан колун кайра ийинге салып, эми аерден түлкүнү сууруп чыкты.

Түлкү кулагын жапырып, бүт тиши менен тиштегилеп, төрт буту менен жер тепкилеп, ажайып сулуу куйругун чатына кыпчып, кишиге айбат кылды, болбоду, баары бир мергендин баштыгына түшүүгө мажбур болду.

«Тигил каркыранын өлүгүн болсо да алып алайын» деп ойлогон мерген артка бурулса, каркыра жок, алыста жебе жетпес жерде каалгып учуп баратат.

Ошентип жүз акылы, эки кулагы, оозу толо тиши, төрт аягы жана сонун куйругу бар түлкү өлүмгө учурады.

Каркыра болсо кулаксыз, эки гана тарбайган буту жана жалгыз акылы менен аман калды.

Которгон Абдыкерим МУРАТОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *