АҢГЕМЕ

Ышкырып жел зуулдайт,
Сакраменто — бай өлкө,
Калифорнияга согуучу.
Сакраменто — бай өлкө,
Алтындын күрөп алуучу.

Фруско[1] портуна жөнөө үчүн якордун төңөлүгүн айландырып жатып бардык жердеги матростордун баары созолонтуп айтуучу мына ушул деңиз ырын — арык чырай, жаш өспүрүм бала чаңылдаган ичке үнү менен ырдап отурду. Эгерде өзүнөн эки жүз фут алыстыкта, аскадан түшө калган жердеги киргилденип аккан Сакраменто дарыясын эсепке албаганда, бул өмүрүндө өз көзү менен деңизди көрбөгөн карапайым бала эле. Аны— бала Джерри деп аташа турган, анткени — андан башка да анын атасы кары Жерри бар эле; мына ушул ырды да атасынан үйрөнгөн, анын сапсары тармал чачы, күлмүңдөгөн көк көздөрү жана сепкилдүү ак куба иреңи атасына түспөлдөштүрүп жиберет.

Кары Жерри моряк болуп, өмүрүнүн жартысынан көбүрөгүн деңизде сүзүп жүрүп өткөргөн, ал эми ыр болсо матростун оозуна өзүнөн-өзү келе берет эмеспи. Бирок бир күнү Азия портторунун биринде жыйырма чакты матрос менен бирге каргыш тийген дөңгөлүктү айландыра албай жатып, ушул ырды ырдаганда биринчи жолу чындап анын маанисине көңүл буруп, ойлонуп калды. Сан-Франциского келер замат, өзүнүн кемеси жана деңиз менен кол үзүшүп, Сакраментонун жээгин өз көзү менен көрүүгө жөнөйт.

Мына ушул жерден биринчи жолу алтынды көрдү.  «Алтын Кыял» кенине жалданып ишке орношту жана дарыянын үстүнөн эки жүз фут бийиктикте тартылган асма жол курууда абдан пайдалуу адам экендигин көрсөттү.

Андан кийин бул жол анын көзөмөлүндө калды. Ал болот сымдан өрүлүп жасалган темир аркандардын үзүлгөн-үзүлбөгөнүн байкап, аларды дайыма жанындай көрүп, тыкандык менен көз салып, көп кечикпей «Алтын Кыял» кенинде эң мыкты кызматчы болуп калды. Андан соң ал жакшынакай Маргарет Келлини сүйүп калып, ага үйлөнөт, бирок көп узабай ал күйөөсүн, жаңы тамтуң баскан Жеррини калтырып, түнөргөн калың карагайдын арасындагы кичинекей бейитте экинчи ойгонбос болуп түбөлүк уйкуга кетти.

Карт Жерри, ошентип деңизге кайрылып барган жок. Дарыя үстүндөгү өзүнүн асма жолунун маңдайында өмүр сүрүп, болот зымдан өрүлүп жасалган жоон керме аркан менен кичинекей Жерриге жүрөгүндө болгон бардык сүйүүсүн берди. «Алтын Кыял» кенинин иши оңунан чыкпай, башына карантүн түштү, бирок карыя эч кайда кетпестен чачылып калган мүлктү күзөтүүгө калды. Бирок ал бүгүн эртеден бери эмне үчүндүр тегеректе көрүнбөйт. Бала Жерри матростун эски ырын созолонтуп, эшиктин алдында жалгыз отурат. Ал өзү эртең мененки оокатты даярдап, курсагын тойгузуп алып, жарык дүйнөнү көрүү үчүн тышка чыккан. Андан алыс эмес, жыйырма кадам жерде учу-кайры жок темир аркан оролгон күрсүйгөн болот барабан[2] заңкыят. Барабандын жанында кен ташуу үчүн жасалган, зым арканга мыктап бекитилген вагонетка турат. Өзөндүн үстүндө өтө бийиктеги башты айландырып кайкыган болот арканга ээркин көз жиберип, бала аркы жээктеги вагонетка менен барабанды бири-биринен ажырата баамдады.

Бул курулуш тек гана оор салмактын күчү менен кыймылга келип турчу: жүктүү вагонетка өзүнүн салмагы аркылуу жыла баштайт, ошол эле мезгилде тиги жээктен экинчи бир бош вагонетка да жолго чыгат. Жүктүү вагонетка бошотулуп жатканда, бош вагонеткага жүк жүктөлөт— ошентип алар улам айырбашталып, учу-кыйры жок кайталана берет. Карт Жерри асма жолдун күзөтчүсү болгондон бери бул бир нече жүздөп, миңдеп кайталанды.

Бала Жерри жакындап келаткан табышты угуп, ырдап жаткан ырын дароо токтотту. Көк көйнөкчөн, жонунда беш атар мылтыгы бар узун бойлуу адам кызыл карагайлуу токойдон чыга келди. Бул «Сары-Ажыдаар» кенинин күзөтчүсү Холл болчу. Ал кен Сакраменто дарыясынын агымынын жогору жагында, мындан бир милдей алысыраак жерде эле, анын да аркы өйүзүнө чейин тартылган асма жолу бар.

— Саламатпы, иничек!— деди ал добушун көтөрүңкү чыгарып.— Жападан жалгыз биерде эмне иш бүтүрүп жатасың?

— Эми бул жердеги кожоюн менмин,— деп камырабай сестене жооп берди Жерри, мындан мурун да бир нече ирет жалгыз калып жүргөн адам сыяктанып, — Атам, билсеңиз, алыска кеткен.

— Кайда кетти?— деп сурады Холл.

— Сан-Франциского. Кечээ кечинде эле кеткен. Кайдадыр Эски Дүйнөнүн[3] бир жеринде бир тууганы өлүптүр. Ошо жөнүндө адвокат менен сүйлөшүүгө кетти. Эртең кечинде келет.

Жерри өзүнө бир чоң жооптуу иштин калгандыгын— «Алтын Кыял» кенин күзөтүү жалгыз өзүнө жүктөлгөнүн сезгенсип, бир түрдүү сыймыктангандай сүйлөп атты. Ошондой эле бул сонун окуяга— өзөндүн жээгиндеги бийик асканын жонунда жападан жалгыз өзү жашап турганына жана үч маал оокат жасап ичкенге жараганына абдан ыраазы экендиги көрүнүп турду.

— Болуптур, сак бол,— деди Холл акыл айтып,— темир аркандар менен ойноймун дечү болбо. Мен, мынабу, «Аксак Уйдагы» жардуу коктудан бугу-мугу учурап калабы, байкап көрөйүн деп баратамын.

— Жамгыр жаап жибербес бекен,— деп Жерри улгайган адамдай, компоюп койду.

— Мага баары бир! Суу боломун деп коркомунбу?— деп күлдү да, Холл бурулуп бак-дарактардын арасына кирип, көздөн кайым болду.

Жерринин жамгыр жөнүндө айтканы дал үстүнөн түштү. Саат он ченде карагайлардын баштары ыргалып, чайпалып качырады, терезенин айнектерин шыңгыратып ургулап, созолонгон узун, кыйгач жамгыр төгүп жиберди. Он экиге жарым саат калганда Жерри мешке от жакты да, саат он эки болор-болбосто оокаттанууга отурду.

— «Бүгүн, албетте, сайрандап келүүгө болбой калды»— деген корутундуга келди, ал түштөнүп бүткөндөн кийин, идиш-аяктарды таза жууп, жыйыштырып атып. Анан дагы: «Кантсе да, Холл суу болду го, бугу атып ала алды бекен?»— деп ойлоду.

Күндүзгү саат бир ченде эшик тыкылдады. Жерри барып ачар замат кандайдыр катуу шамал күч менен түртүп киргизген сыяктуу бир аял менен эркек энтигишип, шашкалактап үйгө кирип келишти. Булар, өзөндөн он эки миль алыс, обочо түнт өрөөндө туруучу эрди-катын Спиллен деген фермерлер болчу.

— Холл кайда?— деп сурады Спиллен энтигип, демиге сүйлөп.

Жерри фермердин эмнегедир тынчсызданып, бир жакка ашыгып турганын сезди. Миссис Спиллен катуу кабарып турган сыяктанат.

Бул өмүрүнүн көпчүлүгүн оор жумуш менен өткөрүп, түйшүктүү, үзүрсүз эмгек иреңине тамга салган; куу чүпүрөктөй бозоруп, жүдөө тартып, жүүнү бош, арык аял эле. Ошол азаптуу оор турмуш анын күйөөсүнүн белин бүкчүйтүп, кабыргасын кайыштырып, колунун тамырларын соолтуп, бетине кабат-кабат бырыш түшүрүп, чачына убагынан мурда эртерээк ак киргизген болчу.

— Ал «Аксак Уйдагы» жардуу коодон аң уулоого кетти. Сиздерге, тиги маңдайга өтүү керек беле?

Аял акырын солкулдап ыйлай баштады. Спиллен болсо абдан катуу өкүнгөндүктүн белгиси катарында үшкүрүп койду. Чыдай албай терезеге барды, Жерри да, анын жанына басып барып, өзөн үстүндөгү асма жол жакты терезеден карады; куюп турган жамгырдан темир аркандар көрүнөр-көрүнбөс болуп, араң бүлбүлдөйт.

Адатта бул тегеректеги кыштактын кишилери Сакраменто дарыясынан «Сары Ажыдаардагы» асма жол аркылуу өтүшө турган. Ал үчүн өткөндөр азын-оолак акы төлөшчү. Андан түшкөн акчадан «Сары Ажыдаар» компаниясы Холлго маяна төлөөчү.

— Биз тиги маңдайга өтүүбүз керек эле, Жерри— деди Спиллен. Сөөмөйү менен ыйлап турган аялды жаңсап көрсөтүп, сөзүн улантты:— Мунун атасын «Беде Жалбырак» шахтасындагы кендин ичинде уранды басып калыптыр. Ал жерде жарылуу болгон экен. Адам болбойт дешет. Бизге кабар эми эле жетти.

Жерри өзүнүн жүрөгү шуу дей түшкөнүн сезди. Анткени, ал Спиллендин «Алтын Кыял» арканы аркылуу өтүүнү суранып жатканын толук түшүндү, бирок карт Жеррисиз мындай ишке батына албады, себеби бул жол менен жүргүнчүлөрдү эч качан ташуучу эмес, экинчиден бул жол өзү да көптөн бери иштен чыгып, пайдаланбай калган.

— Мүмкүн, көп кечикпей Холл да келип калар!— деди бала.

Спиллен ал келбейт ко дегенсип башын чайкады.

— Атаң кайда?— деп сурады.

— Сан-Франциского кеткен,— деп кыска жооп берди Жерри.

Спиллен кырылдаган онтоо аралаштыра каарданып, муштуму менен экинчи колунун алаканын шап бир койду. Аял ого бетер катуураак бышактай баштады.

Аялдын: «Ай, үлгүрө албайбыз, үлгүрө албайбыз, өлүп калат ко…»— деп өзүнчө күбүрөгөнүн  Жерри укту.

Бала эми бир аздан кийин өзү да ыйлап жиберерин сезди да, эмне айла кыларын билбей, дал болуп туруп калды. Бирок маселени Спиллен өзү чече салды.

— Бала, сөздү укчу,— деди каршы сөз айтпай тургандай үн менен жай сүйлөп.

— Аялым экөөбүз кандай гана болбосун сенин жолуң менен өтүшүбүз керек.

Тээтиги немеңди жүргүзүп көрүп, ушундай кысталышта бизге жардам кыла аласыңбы?

Кандайдыр бир кол тийгизбей турган нерсени карматканы жаткансып бүткөн бою дүрүлдөп, Жерри кетенчиктеди.

— Андан көрө мен Холл келди бекен барып карап келейин,— деди коомайланып.

— Эгер ал келбесечи?

Жерри жооп таба албай, такала түштү.

— Эгерде жазатайып кокустук болсо, бардыгына мен өзүм жооп берем. Көрүп турасың го, Жерри, өлсөк-тирилсек да биз тигил маңдайга барышыбыз керек.

— Жерри башын бошоң ийкеди.— Ал эми Холлду күтүүнүн кереги да жок,— деди сөзүн улантып Спиллен,— сен өзүң түшүнөсүң, ал «Аксак Уйдагы» жардуу коодон тез эле кайтып келе койбойт. Андан көрө жүрү, тиги барабанды жүргүз.

«Вагонеткага отургузууга жардамдашып жатканыбызда миссис Спиллендин үрөйүнүн учканы ушул турбайбы» деп таң калып ойлонду Жерри такыр түпсүз болуп көрүнгөн төмөн жактагы туңгуюкту карап. Жети жүз фут аралыктагы тигил жээк, катуу жаап турган жамгырдан, жаалдуу шамалдын куюнуна чыдабай безилдеген булуттун түйдөк-түйдөк үзүндүлөрүнөн, булкунуп асманды карай атырылган толкундун көбүгүнөн жана чачырандысынан таптакыр көзгө илинбейт. Алар чокусунда турган бийик зоока тик ылдый керегеси менен төмөндө буркан-шаркан түшкөн боз мунарыкка кирип жок болуп жатты. Анын болот аркандан төмөн карай дарыяга чейинки эки жүз футча аралыгы кеминде бир милдей болуп көрүнөт.

— Кана, даярсыздарбы?— деп сурады Жерри.

— Кеттик!— деп үнүнүн баарынча кыйкырды Спиллен, зуулдаган шамалдан угулбай калбасын дегенсип.

Ал вагонетканын ичиндеги аялынын жанына отуруп, аны колунан кармап алды. Анын бул жоругу Жерриге жаккан жок.

— Вагонетканын кырын эки колуңуз менен тең кармаңыз, болбосо жел катуу согуп турат, ыргып кетесиз,— деп кыйкырды ал.

Эрди-катын экөө дароо колдорун бир-биринен ажыратып, вагонетканын кырын бекем кармап алышты, а Жерри болсо кыймылды жөнгө салып туруучу тетикти (тормоз рычагын) акырын бошотту. Барабан жай айланып, учсуз темир аркандын түрмөгү жазыла баштады да, жогору жактагы жылбай турган темир арканча кичинекей чимирик дөңгөлөкчөлөр аркылуу бекитилген вагонетка аба мейкининде жай жылып жөнөдү.

Жерри бул вагонетканы биринчи гана жолу жүргүзүп аткан жок. Бирок күнү бүгүнгө чейин ал муну атасынын байкоосу астында гана иштечү. Ал кыймылдын ылдамдыгын тормоз рычагы аркылуу жөнгө салып турду. Минтип кыймылды тынымсыз жөнгө салып туруу сөзсүз керек болчу, анткени уюлгуп соккон долу шамалдын катуу эпкининен вагонетка укмуштуудай катуу чайкалып жатты, ал эми куюп турган бопбоз жаанга кирип таптакыр көрүнбөй калуудан мурун вагонетка бир жагына ушунчалык жантайып кыйшайды дейсиз, ичиндеги тирүү жүктөрдү туңгуюкка аз-аз жерден төгүп кете жаздады. Андан кийин Жерри вагонеткалардын кыймылын темир аркандардын жылышы боюнча гана ой жоруп билди. Барабандан темир аркандардын чубалып жазылып жатканына назарын салып байкап турду.

— Үч жүз фут…— деп күбүрөдү ал, кабелдеги жылып өтүп жаткан белгиге  карап.— Үч жүз элүү… төрт жүз… төрт жүз…

Темир аркан тырс токтоду. Жерри тормоз рычагын булкуп алды, бирок темир аркан кыймылдаган жок. Бала темир арканды кош колдоп кармап туруп, ордунан козголтуу үчүн аракеттенип, өзүн карай катуу ычкынып туруп тартты. Жок! Чыны менен бир жерде тоскоол бар болуш керек. Бирок ал тоскоолдун кайсы жерде экенин бала биле алган жок. Вагонеткалар да көрүнбөйт. Ал жогору жакты теше тиктеп жатып араңдан зорго дегенде абада турган бош вагонетканы көрдү.

Жүктүү вагонетка кандай ылдамдык менен тыякка кетсе, канча жол басса, бул вагонетка да ошондой ылдамдык менен аны карай быякка ошончолук жол басуу керек эле. Бош вагонетка андан эки жүз элүү футтай алыстыкта турган. Демек, бууракандап агып жаткан өзөндүн үстүндө, эки жүз фут бийиктикте, аркы жээктен эки жүз элүү футтай берирээк— караңгы мунарыктын бир жеринде Спиллен аялы менен орто жолдо абада асылып турат деген сөз эле.

Жерри аларга үнүнүн бардыгынча үч жолу катуу кыйкырды, бирок анын добушу тигилерге жетпестен, дуулдаган жаан-чачын менен күркүрөк-шаркыракка сиңип, жок болуп жатты. Ал эмне кылсам деп, карбаластап турган кезде, зымырылган булуттар дал өзөндүн үстүнө келгенде суюла түшүп, эки жакка уюлгуп бөлүнүп кетти. Ошол замат төмөндө буркан-шаркан түшүп, көбүктөнүп агып жаткан Сакраментону жана абада салбырап асылып турган адамдар отурган вагонетканы Жерринин көзү чалды. Андан кийин көз ирмегенче болбой булуттар кайтадан топтолуп өзөндүн үстү мурдагысынан бетер түнөрүп, караңгыланып кетти. Бала барабанды абдан кадалып карап чыкты, бирок андан эч кандай кынтык таба албады. Кебетеси, тигил жээктеги барабандын бир балаасы бар болсо керек. Эмнеге токтоп калышканын билишпей алай-дүлөй зуулдаган жамгырдуу шамалдын ортосунда жана учу-кыйры жок күбүрдүн үстүндөгү чалдыбары чыккан эски вагонетканын ичинде ары-бери теңселип, асылып турган алиги экөөнү эске түшүрүүнүн өзү эле аябагандай коркунучтуу болчу. Анын үстүнө «Сары Ажыдаардагы» асма жол менен ар жаккы жээкке өтүп, ушунун бардыгына кесири тийген кара жолтой барабанга жеткенинче, тигил экөө ара жолдо асылып турганы турган! Бирок темир-тезек, шаймандар сакталуучу бөлмөдөгү учу илмек чыгырык менен жип кылт эсине түшүп, Жерри буту-бутуна тийбей ошоякты карай тызылдап жөнөдү. Темир арканга чыгырыкты дароо иле салып, ийнинен колдору үзүлүп, булчуң эттери аз эле жерден жарылып кете жаздагыча, жан-алы калбай, бардык күчүн салып, ычкына тартты. Бирок темир аркан кыймылдап да койгон жок. Эми аркы жээкке өтүүдөн башка эч ылаажы калбады.

Жаан ийне-жибине чейин суу кылып, сөөгүнө жетти, бирок Жерри куюп турган жамгырды сезбей, шыйрагы үзүлгөнчө зымырылып «Сары Ажыдаарды» карай жүгүрдү. Аркадан соккон шамалдын оңун карай бараткандыктан, чуркоого жеңил болду, бирок Холл жок, вагонетканы ким жүргүзүп, ким токтотот деген ой жүрөктү өйүп баратты. Оңтой берди болуп— ал чыйрак жиптен тузак жасап, жылбас темир арканга кийгизди да, токтотууга жарактуу өзү аспап жасады.

Жин ургандай зуулдаган долу шамалдын ышкырып, улуп-уңшуганы анын кулагын тундуруп, вагонетканы теңселтип, ары-бери катуу ыргытты. Жерри алиге экөөнүн— Спиллен жана анын аялынын — ушул кездеги абалына дагы толугураак түшүндү. Бул аны ого бетер кайраттандырды. Аман-эсен өтүп алып, шамалдын булкканына араңдан зорго туруштук берип, улам алга умтулуп, боордо тырмышып, «Алтын Кыялдагы» барабанды карай бет алды. Бирок барабандын эч жеринде кынтыгы жок экендигин көрүп, анын үрөйү уча түштү. Тыяктагысы да, быяктагысы да толук өз жайында. Анда мунун кынтыгы кайсы жеринде болду? Болду болбоду ортосунда!

Эрди-катын Спиллендер отурган вагонетка Жерриден бар болгону эки жүз элүү фут алыстыкта асылып турган. Бала жыш жаап турган жамгырдын арасынан табийгаттын тилсиз, катаал балесинин кыйноосуна туш болуп, ага моюн сунгансып вагонеткада бүрүшүп-чүрүшүп отурган эркек менен аялды араңдан зорго байкады. Уюлгуган катуу шамал басаңдай калган учурда ал Спилленге:

— Жүрүүчү чимирик дөңгөлөкчөлөр жайында бекен, текшерип көрчү, — деп кыйкырды.

Сыягы Спиллен уккан окшойт, анткени Жерри анын акырын тизелеп туруп, вагонетканын дөңгөлөкчөлөрүн эки колу менен кармалап жатканын көрдү. Андан кийин Спиллен жээкти карай бурулуп:

— Быякта эч бале жок, бардыгы жайында, Жерри!— деп кыйкырды.

Жерри бул сөздөрдү араң-араң эле укту, бирок маанисине толук түшүнгөнсүдү. Капырай, эмне болду, кынтык каеринде? — Баленин баары бош вагонеткада экендигине эми күмөн санаган жок. Бош вагонетка бул жерден көрүнбөйт, бирок Жерри анын мынабу жүрөктү опколжуткан кара түнөк туңгуюктун арасында, Спиллендин вагонеткасынын ар жагында эки жүз футтай жерде салбырап асылып турганын айкын билди.

Эмне кылуу керек экенин ал көпкө ойлонуп отурбастан, дароо биле койду. Бул — арык чырай, эти тирүү, чыйрак баланын жашы он төрттө гана болчу. Бирок ал тоодо өскөн, анын үстүнө атасы аны матрос өнөрүнүн ар түрлүү сырларын билүүгө тарбиялаган, ошондуктан ал бийиктиктен түк коркчу эмес.

Барабандын жанындагы шайман, темир-тезек салынган үкөктүн ичинен дат баскан бурама ачкычты, анчалык узун эмес, ичке темир жана бир түрмөк жаны маниль кендир жипти таап алды. Матрос люлькасын жасап алгысы келип, жука тактайча издеп бекер убара болду,— килейген тактайдан башка эчтеме таппады: аны араалай турган да эч нерсе жок, ошентип, ал ыңгайлуу ээрсиз эле иш жүргүзүүгө мажбур болду.

Жерри өзүнө жасап алган ээр жөнөкөй эле бир нерсе болчу: ал бош вагонетка бекитилген жылбай турган темир арканга жоон арканды арта салып, учтарын кошуп, түйүштүрүп, илмек жасады: мына ушул илмек-селкинчекке минип алып, темир арканга опоңой жетүүгө, ал турмак кармалоого да болот. Илмектин жогорку темир арканга сүрүлүп, жешилип кете турган жерине жаман-жуман чүпөрөк же эски кап-баштык издеп таппагандыктан, өзүнүн күрмөсүн төшөп койду.

Бардыгын шапа-шупа дайындап бүткөндөн кийин, Жерри илмекке минип алып, колу менен арканды кармалап, туңгуюкту карай жылып жөнөдү. Ал өзү менен бирге бурама ачкыч, анчалык узун эмес, ичке темир жана бир нече кулач аркан алды. Бара турган жолу түз эмес болчу, бир канча өрүрөөк эле, бирок аны өр кыйнаган жок, уюлгуп соккон шамалдан гана ашкере жапа чекти. Улуп-уңшуган катуу шамал төңкөрүп кете жаздап, бирде бери чайпалтып, ыргыткан кезде, Жерри коркконунан жүрөгү кабынан чыгып кете жаздаганын сезгенсиди. Анткени темир аркандын ышпалдасы чыккан эски эле… Кокус баланын салмагына жана шамалдын булкканына туруштук бербей үзүлүп кетсе эмне болмок? Бул барып турган көз көрүнөө ачык коркунуч эле. Жерри жүрөгүнүн солгун согуп жатканын сезди: темир арканды жакшылап кармоого чамасы келбей, тизелери калчылдап кетти. Бирок Жерри кайраттуулук менен алга жыла берүүдө. Чалдыбары чыккан эски аркан жышылып, ар кайсы жери үзүлүп, зымдын бардык жагына ийнедей тикийип чыгып турган учтары баланын эки колун канга боёду. Биринчи жолу токтоп, Спиллендерге кыйкырмакчы болгондо гана Жерри муну байкады. Алар түшкөн вагонетка дал анын төмөнкү тушунда, бир нече фут алыстыкта асылып тургандыктан, бала аларга эмне кырсык болгонун жана өзүнүн ушинтип сапарга чыкканын баяндай алды.

— Колуман келишинче жардамдашсам жакшы болот эле,— деп кыйкырды Спиллен,— бирок аялымдын таптакыр үрөйү учуп кетти! Байка, Жерри сак бол! Бул балээни өзүм сурап алдым, бирок эми сенден башка бизди куткарып ала турган эч ким жок.

— Ошондой болгон соң мен сиздерди бул бойдон калтырбаймын!— деп кыйкырып жооп берди Жерри.— Бир минутка жетпей тиги жээкте болорун миссис Спилленге айтып коюңуз.

Көз ачырбай куюп турган жамгырда сааттын маятниги сыяктуу ары-бери чайпалып турганына, зымга тытылып кызыл жошо болгон алаканынын чыдатпай ооруганына карабай Жерри катуу кыймылдан жана тумчуктурган шамалдан тез-тез оор дем алып, акырында, зорго бош вагонеткага жетти.

Бул коркунучтуу сапарга бекеринен чыкпагандыгына бала адегенде эле көзү чалганда ынанды. Вагонетка эки кичинекей дөңгөлөкчөлөргө илинип турган: ошол дөңгөлөкчөлөрдүн бирөө узак убакыттан бери ары-бери жүргөндүктөн кажып, жешилип, темир аркандан тайып кетиптир. Темир аркан дөңгөлөкчө менен анын кутусунун ортосуна бекем кысылып калыптыр. Оболу дөңгөлөкчөнү кутудан ажыратуу керектиги балага айкын-ачык түшүнүктүү болду. Бул жумушту иштеп аткан кезде вагонетканы жылбай турган темир арканга жип менен бекем тартып байлап коюу керек эле.

Жерри он беш минутча алышып, акырында, вагонетканы байлады.  Дөңгөлөкчөнү октон чыгарбай бириктирип кармап туруу үчүн сайылган чыбыктай ичке шиш дат басып, кыймылдабас болуп, катып калыптыр. Жерри күчүнүн бардыгынча бир колу менен чыбык шишти койгулады, а экинчи колу менен тырмышып арканга жармашты, бирок шамал туш-туштан уюлгуп тийип, терметип, урган сайын колу шишке жаза тийип атты. Анын бардык аракетинин ондон тогузу өзүн бир жерде кармап турууга кетти. Бурама ачкычты түшүрүп жибербөөдөн сактанып, аны жүз аарчысы менен колуна байлап алды.

Жарым саат убакыт өттү. Жерри чыбык шишти ордунан козголтту, бирок сууруп ала албай койду. Ончакты жолу теригип-айныды, күдөр үзүүгө аргасыз да болду, анткени — өзүн ушунчалык опурталдуу ишке кириптер кылып, кылган бардык аракети куру убара сыяктуу сезилди. Мына ушул учурда кокустан бир ой кылт дей түштү. Шашкалактап чөнтөктөрүн аңтара баштады. Ошентип өзүнө керектүү нерсени — узун, жоон мыкты таап алып чыкты.

Эгерде чөнтөгүнө качан жана кандайча түшкөн белгисиз бул мык болбогондо, Жерриге кайрадан жээкке барууга туура келмек. Чыбык шиштин көзөнөгүнөн мыкты өткөзүп, бекем мыкчый кармап, акыры бир минуттан кийин шишти огунан сууруп чыкты. Андан кийин ал темир аркан менен кутунун ортосуна кыстырылып, жылбай калган дөңгөлөкчөнү бошотууга киришип, ичке темир менен алыша баштады.  Муну иштеп болгондон кийин Жерри дөңгөлөкчөнү мурунку эски ордуна койду да, вагонетканы жип менен тартып келип жеткирип, акыры дөңгөлөкчөнү темир арканга отургузду. Бирок мунун баары аз убакытта эле бүтө койгон жок, Жерри бул жерге келгенден бери бир жарым саат өттү. Мына эми ал акыры өзүнүн жиптен жасап алган «ээринен» чыгып, вагонеткага секирип түшүүгө бел байлады. Вагонетканы кармап турган жипти чечкенден кийин кичинекей дөңгөлөкчөлөр темир аркандын нугу менен акырын жыла баштады. Вагонетка алга жылды. Бала көрбөсө да, айтор кайдадыр төмөнтөдөн Спиллендер түшкөн вагонетка да кайчы өтүп баратканын билди.

Эми ага кыймылды жөнгө салып туруучу тетиктин кереги жок эле, анткени бул вагонеткага өз денесинин салмагы кошулганда тигил вагонетканын салмагына толук барабар болчу. Ошентип көп узабай коюу тумандын арасынан бийик аска жана кадимкисиндей айланып жаткан эски, тааныш барабан көрүнө түштү. Жерри жерге секирип түшүп, өз вагонеткасын бекитип байлады. Муну ал жайбаракат жана кылдат иштеди. Андан кийин ал күтпөгөн жерден эле мурунку кайратын жоготуп нөшөр менен шамалга карабастан, барабандын такай жанына жерге отура калып, озондоп коё берди.

Ыйлоонун көп себептери бар эле: тытылган колунун чыдатпай ооруганы, шайы кетип, аябай чарчаганы жана бир нече саат бою чымырканып отурган коркунучтан акыры кутулдум го деп эреркегени, баарынан мурда— эми Спиллен аялы экөө аман-эсен коопсуз жайга жетти деп кубанганы муун-жүүнүн бошотуп жиберсе керек.

Алар алыста болчу, демек, балага оозмо-ооз алкыш айта алышпай тургандары белгилүү. Бирок мынабу жин ургандай долуланган өзөндүн ар жагында жалгыз аяк жол менен «Беде Жалбырак» шахтасын карай ашыга кетип баратышканын билип турду.

Жерри чарчагандан далдырап үйүн карай жөнөдү. Ал кармаган эшиктин ак туткасы кызыл канга боёлду, бирок аны байкоого анын чамасы келген жок. Баланын көңүлү куунак эле, сыймыктана өзүнө-өзү ыраазы болуп, жакшы иш кылгандыгына түшүндү, анткени ал мындай жагдайда жалтактаганды, куулук-шумдукту билбей турган, ошондуктан жакшы иш кылгандыгын мойнуна алгандан да коркпой турган кебетеси бар. Бирок бир гана кичинекей өкүнүч баланын жүрөгүн өйүдү: аттигиниң, атасы биерде болуп, анын иштегенин көрүп турсачы!
1904-ж.

Которгон С.Эрматов

[1] Фриско — Сан-Франциско портунун кыскартылып алынган аты.
[2] Барабан— бул жерде айлануучу көңдөй цилиндрдин маанисинде.
[3] Эски Дүйнө (Старый Свет)— Америкада Эски Дүйнө деп Европаны айтышат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *