Бирман жомогу

Качандыр бир заманда токойго жакын жерде уйлар жайылып жүрүптүр. Алар дайыма чогу оттошчу экен, арасынан бөлүнгөнү болбоптур.

Токойдо болсо айла-амалдуу бир жолборс жашаптыр. Ал эбактан бери уйлардын бирин жарып жегиси келет. Бирок уйлардын бадасы бөлүнбөй жайылгандыктан, алардын бирине да тиш салууга мүмкүн болбоптур.

Ошондон улам жолборс аларды бөлүп-жаруу амалын издейт. Бир күнү ал четтеги уйлардын бирине шыбырайт:

– Эй, уксаң, чыгырык мүйүз! Билесиңби, тетигил мүйүзү жапырайган, капталдары кабышкан уй сени сүзөм деп жүргөнүн?

Жолборс дагы бир уйга жылып барып шыбырайт:

– Эй, узун куйрук! Байкашымча, эч нерсе көрбөгөнсүп оттоп жүрөсүң. Же сен тетигил мүйүзү тикирейген уйдун сага жинденип жүргөнүн байкай элексиңби? Ал сени жабыштыра сүзгөнү жүрөт!

Уйлар амалдуу жолборстун айтканына ишенип, биринен-бири шектене баштайт. Болор-болбос үчүн уйлардын өз ара ыркы кетет. Акыры баары баягыдай чогуу оттобой, сууга да бөлүнүп-жарылып барчу болушат.

Уйлардын ыркын ыдыраткандан кийин жолборс карап турабы: ар бирин четинен мойсой баштайт. Мүйүзү аркайганын да, узун куйругун да, агала-көгаласын да. Айтор, биринин артынан бирин жеп тынат.

Ошондон кийин эл оозунда: «Жосундуу уйду – жолборс жарат» деген кеп калыптыр.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *