ЭССЕ

“Умереть – это еще не все!”
Эрнест ХЕМИНГУЕЙ

Жеңем ыраматылык биздин үйдүн босогосун 1968-жылдын 1-августунун таңында  аттаган эле. Көк-Күмбөз деген көк кашка өзөндүү, карагай-черлүү жайлоодобуз. Анда үйүбүздө кызыктай акыбал өкүм сүрүп, дегеним эки жыл бою борбор калаа Фрунзеде дарыланып жаткан апабызды догдурлар “болбодуга”  чыгарып бергени менен, он эки жашар мен жана кийинки майда бир туугандарымдын анча этибары жок, кыскасы, апабыз жаныбызда, телегейибиз тегиздей кез. Апам Батыш жарыктык ашкере кайраткер, өкүм жан: “Накен тез арада үйлөн, мен келинимди көрүшүм керек!” – дегенине эч ким каршы айткан жок.

Даярдык ыкчам болду. Жумабай таякем байкем менен сүйлөшүп жүргөн кызды коңшу айыл Ак-Моюнга атайын барып көрүп, жактырып келди, чоң атам Керим экөөбүз эки, үч күн тынбай иштеп, отунду үйүп салдык, атам Касый кайдан-жайдан аппак чоң чатыр таап келип, бозүйгө жанаша тикти да,  эки тандамал ирикти көгөнгө байлап  койду. Өйүз-бүйүздөгү коңшулар чогулуп, азан-казан боорсок жасалып, кыскасы, болочок жеңебизди баарыбыз дегдеп күтүп калдык…

 

* * *

“Батыш эже, сүйүнчү, келиниңиз келатат!” – деген кубаныч кабар таң сүрө уйкудагы бизди силкип тургузду. Капшытта жаткан апам колунан өйдөгө тарттырып, төшөгүнө тик отурду да, эжекем тоскон чылапчынга жүзүн чайып: “Келе жоолукту!” – деди. Ошондогу анын өңү колунда калтаарый кармаган жоолуктай аппак болуп тургандыгын байкадым. Аңгыча эшик кыңайып, үч аялзаты удаама-удаа астана аттаады. Апамдын ишараты менен төшөгүнүн жогору жагында отурган менин көзүм биринчи киргенинин турпатына урунганда жүрөгүм “болк” эте түштү. Жок, тилекке жараша жеңебиз экинчиси –көзү бакыракай, ак жуумал, маңдайы жарык, гүлдүү жоолук, агыш плащчаны болуп чыкты. Тун келинине арнаган жоолугун өз колу менен обдула отурган боюнча салып, маңдайынан өөп туруп, күбүрөй дуба кылгандан соң муңдуу жылмая, кайран апам ушундай бир оор үшкүрдү…

Ээ несин айтып… Ошол маңдай жаркыган шат ирмемден туура сегиз күн өтүп-өтпөй, 8-августтун таң супасында апабыз эч бир эстен танбай, сүйлөп жатып, бу кайталангыс, таберик, аманат (түбү-өлүк!) жашоодон көчүп кете берди. Отуз тогуз жаш! Сегиз баланы үйүндө бакан кармап төрөгөн, алдейлеп бөөлөгөн, чоңойтом-чочойтом, киши кылам менен кара жанын карч уруп жүрүп, мараага жетпей зоруккан тулпардай ара жолдо жыгылды… Ошондо боздогон ботолордой бизге кыйын болду, айрыкча, жакшы тилек менен босого аттаган жеңеме кыйын болду. Акыйкатта, мен муну кийин эрезеге жеткенде, өз башыма келгенде түүшүндүм…

 

* * *

Эзелки кыргыз, көөнөрбөс акыл-ой ээси кыргыз өмүр жаш курагын мына мындай бөлөт тура: 15 жаш – жарда ойногон улак, 25 жаш – тоодон аккан булак, 35 жаш – минилбеген кур ат, 45 жаш – күйүп турган чырак, 55 жаш – бел-белес, 65 жаш – жайлоодон көчкөн эл, 75 жаш – жепирейген жер, 75 жаш – ооздон чыккан жел, 95 жаш – томурайган гөр. Мына, улуу жол, улуу даярдык, качпас чындык! Албетте, өлбөс жан болбойт дечи, бирок да орто жолдо, айрыкча, аял-эненин үй-бүлөсүн боз-ала абалда таштап, жарыкчылыктан эрте кеткени аябагандай аянычтуу арман экенин апамдын, карындашым Бейшегүлдүн, жеңем Марипанын өлүм мисалынан улдам аңдап, сезип келем. Баары бар: үй-жай, тамак-аш, оокат-кече, тиричилик… Бирок да, кандайдыр бир сөз менен жеткире алгыс кут дейбизби, касиет дейбизби, береке пайызбы, айтор, бир нерсе кем, жетпейт да турат. Ушунда тээ бала кезде, атамдын колунан кайсы бир байбиче кармап, “Касыке, шаарың кыйраган турбайбы!” – деп кайрат айтып жаткан учур көз алдыма тартылат. Аял – шаар дегеним ошол. “… шаарың кыйраган турбайбы!” Деги, мындан артык бирдеме дешке болобу, атаңгөрү…

 

* * *

Айла жок, береги кайгы-муң, бечел ой-санааны тирүүлүктүн кыялкеч, үмүткөр, ак көңүл шарапаты байкатпай жеңип, алдыга – эртеңкиге ээрчитет, жетелейт. Ооба, төрөлүү деген маңдай жарган кубанычтын өзүндө эле “өлүү!”  деген айныксыз аке сөз маани кашкайып турганы менен тирүүлүк жана ден соолуктун ар бир ирмеми, күнү, айы, доору майрам ов! Ошондон улам улуу акын Алыкул:

“Өмүр деген – дайым жапжаш нерсе экен,
Улам жаңы жаратылган баладай”, — деп ырга салып кеткен эмеспи.

Мен дагы өткөндү майда, чоң дебей жакшы, сонун учурларын эстесем дейм. Эстесе эскерүү да арбый берер… Байкем менен жеңемдин кол кармашып бирге баскан өмүр жолу байсалдуу болду деп таамай айта алам: алгач байыркы Ош калаасынан бирге башталган эмгек чыйыры акжолтой түшүп, андан тээ Украина жергесинде аскер врачы, кайра Ош, Майлы-Сай, Токмок, Нарын, Бишкек, кайра Ош, Бишкек… Кыскасы, булардын үй-бүлөлүк, коомдук дейбизби, турмушу, ишмердиги менин мынабу чакан калем, барагыма кайдан сыяр? Бардыгы эл-журтунун назарында, санжыра баасында го. Бирок эч кандай боекту коюлантпай туруп, туура сын айтсам, кайран жеңем арабанын четки атындай ошол үй-бүлөлүк жүктү кажыбай, жигердүү тартып келгенин кеч – анын арабызда жоктугу улам алыстаган сайын көбүрөк сезилип бараткандыгы арман.

 

* * *

Дагы арманга кирип кетпей, жеке өзүмө байланышкан осол, ары күлкүлүү окуя болумуштардан айта кетпесем дагы болбос. Мен 1974-жылы орто мектепти аяктаганда атамдын мурдатан Фрунзеге окутам деген планы кескин өзгөрдү да, чанач-чанач кымыз, койдун этине кошуп туруп, Оштогу байкемдикине жеткирип салды. Эзели айылдан чыкпаган, чоң атама эбегейсиз эркелеп, жайлоодо чоңойгон менин Оштун 40 градустан ашкан аптабындагы акыбалымды элестете бергиле… Эс-дартым эле окууга эптеп өтпөй калып, кайрадан салкын төрлүү Ат-Башыма кетүү. Бирок жеңем тартипти катуу койду. Анда ал мени айылдык келиндердей, “бала” деп тергечү. Ар күнү мени бир бөлмөгө камайт да, “оку жана оку!” дейт. Бир жолу ал арткы терезеден төштөгү бир өзбектин үйүн көрсөттү да, “барып мени айтсаң, баштыкка помидор салып берет” деп жөнөттү. Жетип бардым. Үйдөгү аял: “Догдурдун үкасысыңбы, битта пияла чай ичиң”, — деп эле безилдеп калды. Мен шашпай бутумду чечип, үйүнүн төрүндө отурам. Аялдан да, чайдан да дайын жок. Көптөн кийин эсиме келип, эшикти акырын ачып карасам, баягы аял тандырга нан жаап жүрөт. Ошондо эстедим, “өзбектин пеши” деген сөзүн. Оо узактан помидорду көтөрүп үйгө келсем, жеңем урушпастан, көзүнөн жаш чыккыча күлгөн эле. Бир сөз менен айтканда, институтта окуган беш жыл ичиндеги мындай “каприздериме” жеңем далай чыдаган.

 

* * *

Оо, кийин, атам мезгилсиз дүйнөдөн кайтканда, атадан калган чоң чарбаны башкаруу милдети мага жүктөлүп, мен да мезгилсиз үйлөнгөндө кайран жеңем мага күйөө жолдош да, бардыгына баш-көз да болду. Менден кийинки бөбөктөрүм эрезеге жетишип, үйлөнүп, жайланган түйшүктүн бардыгы дал ошол жеңемдин колунан өттү. Ал ушак-айыңдан алыс, образдуу айтканда, үйдөн сыртка жел да чыгарбаган адам болгон. Бир гана  “айыбы” бетке чабар мүнөзү менен айрым адамдардын ич күптүү, түшүнбөс каршылыктарына далай кабылды. Албетте, бардыгы жайында май сүйкөгөндөй турмуш болду десек апырткандык, “казан-аяк кагышкандай” мамилелер далай өттү дечи, бирок да анын бардыгын “бет карашпай”  калгандай акыбалга эч качан жеткирген эмес.

 

* * *

Өзү айткандай, каламдаш, саламдаш, таламдаш абабыз Эрнис Турсунов кыргыздар чыгаан аялзатын төмөнкүдөй түрлөргө бөлөрүн мага бир далай жолу эскерткен. Эсеби маселен, алар “жабылуу кара инген, ак көрпө жайыл, ак жоолук делбир…” дегендей каймана аталып, ардакталып келген экен. Сөздүн түз маанисинде биздин жеңебиз  — Марипа  Абакирова да үй-бүлө күтүү үчүн жаралган, анын бекем пайдубалы, өнүгүп, гүлдөшү үчүн бардык күч-кубатын арнаган, орусча айтканда, “преданная женщина!”

Бу жалган дүйнөгө бир келген асыл экенин кайталап отуруу да арман…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *