Бул маектешүү Казакстандын «Караван» гезитинен кыскартылып алынды. Сукбатташкан Жанар Канафина. Гезиттин 2008-жылдын 23-майындагы санында жарык көргөн. Ал кезде жазуучу ооруканада жатып калган. Балким акыркы маектеринин бири болгон чыгар.

— Быйыл Сиз сексенге толосуз – узак турмуштук аралыкты басып өттүңүз. Өз мааракеңизди кандай ойлор менен тосуп атасыз?

— Дээрлик ар күн сайын эле чын эле мен сексенге келип калдымбы деп ойлой берем. Бирок бул датаны ойлоп чыгуу, кайра баштан көздөн өткөрүү оңой эмес экен. Албетте, али туулган күнүмө алты айдай бар болсо да, мага көңүл буруп, менин урматыма көп иш-чараларды өткөрүп жаткан республиканын жетекчилигине жана коомчулукка абдан ыраазымын. Бул дата жеке чыгармачылыгымда, мезгилимдин тарыхында мен үчүн көп нерселерди ачат. Ушул жашымда мен эки кылымдын турмушун таанып билүүгө алып келгени туурасында ойлоном. Албетте, мен үчүн башкысы – XX кылым. XX кылым – 30-жылдардан башталган менин башкы иш аракетим. Согуш, согуштан кийинки мезгил, перестройка – ушунун баарын мага көрүүгө буйруду. Тоталитардык татаал советтик система деген эмне жана ал бизге эмне берди, канча берди? Ар биринин өзүнчө кыйынчылыктары жана кайгы-азаптары болду, мен анын баарын жонтерим менен көтөрдүм. Бул доор тууралуу баары эле айтылган жок, асыресе, көркөм адабиятта, искусстводо, мен ойлойм, өзүбүз жана курчап турган дүйнө, анда эмнелер болгондугу, адамзаттын тарыхына эмнелерди алып келгендиги жөнүндө бул учурга кайра кайрылабыз. Сексен жылдык деген – өткөнгө да, азыркыга да ой жүгүртүп, келечекке үмүт менен тигилүүнүн учуру.

— Кандай чыгарма жазууну кыялданасыз? Азыр кайсыл чыгарманы иштеп атасыз?

— Көп нерсени кыялданасың… Азыр конкреттүү түрдө бул же тигил чыгарманын атын аташ кыйын. Менин жазгандарым – жазуучунун дилинде жашап жаткан чыгармачылык көрөңгө. Буга чейин айтылгандарга дагы бир нерселерди кошуу тууралуу абдан кызык байкоолор бар. Анан да өз чыгармачылыгымда жаңы сөз айтып, адабиятка жаңы өңүттөн кирүүнү каалайм, анткени чыгармачылык деген бул чексиз түгөнбөс нерсе, ар качандан анын алдында жаңы ачылыштар жарала берет. Буга жетүү үчүн болсо жекече да, коомдук да зор кайраткердик керек болот. Жакынкы пландар тууралуу айткан болсом, анда мен «Тоолор кулаганда» деген жаңы романымдын уландысы тууралуу айтмакмын, азыр менин ал каармандарым кыймыл-аракетте, алар XXI кылым менен кошо түйшүк тартууда. Менин көөдөнүмдөн такыр өчпөгөн экинчи тема – согуш жылдары. Бул темада адабиятта, поэзияда канча айтылбады, дүйнөлүк кинодо канча-канча фильмдер, нечендеген спектаклдер жаралбады, менимче, ал мезгил дале болсо дагы да биздин кайрылуубузду күтөт. Согуш тажрыйбасынан биз жыйнаган нерселер биздин аң-сезимде, көкүрөктө туруш керек, ал эми кудай анын бетин ары кылсын, кайра кайталанып кетпеш үчүн зарыл.

— Сиз спорт менен шугурланасызбы?

— Мен көп жерге жөө басам жана сууда сүзөм. Сууда сүзүү – мен үзгүлтүксүз машыгып келе жаткан спорттун түрү.

— Үй-бүлөңүз тууралуу да айта кетсеңиз? Жубайыңыз жана балдарыңыз эмне иш кылышат?

— Жубайым менен дээрлик 35 жылдан бери жашайбыз, балдар азыр эми үй-бүлө күткөн чоң кишилер, бизнес менен алектенишет. Алар заманбап билим алышкан, заманга шайкеш турмуш таризин сүрүшөт. Уулум Брюсселден Королдук искусство академиясын бүтүрдү, дизайнер, художник, бирок азыр коомдук иштер менен алек, ал да маданий иш-чараларга тартылган.

Сиздин неберелериңиз гана эмес, чеберелериңиз да бар да…

— Мен алар тууралуу ар дайым канааттануу менен ойлойм. Менин чеберелерим – бир сонун балдар, бирөө мектепке барып калды. Алар мага, мен аларга сүймөнчүлүк менен карайбыз. Бир жолу Москвадагы жолугушуулардын бирине ата-энеси чеберем Тимурду кошо алып барышыптыр. Анан эле чоң залда ал бала эч кимди капарына илип да койбой басып келди да, мага жакындап, анан тиземе отуруп алды. Мен бул ушунчалык жагымдуу, сонун көз ирмемди эч качан эсимден чыгара албайм.

Маекти которгон жана даярдаган Абдыкерим МУРАТОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *