ЭССЕ

 «Тоо-талаадай, сан миң элдүү калаадай,
Бул дүйнөнүн ичиндеги дүйнөмсүң».
Омор СУЛТАНОВ

1-БӨЛҮК

Теги француз, кийин жапан адабиятында жаркыган ушул «Эссе»  жанры жагат мага. Түбү бирге элбиз, кыргызча «Эсте, эскер, эсиңе сал» дегендей маанидеги сөз го сыягы. Төлөмүшов Мырзаян байке орус жазуучусу Валентин Распутиндин «Живи и помни» деген белгилүү повестин, «Эсен болуп, эстей жүр» деп, сонун которгон да. Мен да атакемди эстеп жүрөм. Кыргыз илгери чоң атасын «ата» дечүдөй, мен да кайран Керим чалды «ата» деп, өз атам Касыйды «байке» деп өстүм.

Мына бүгүн да, тагыраагы, маңдайыма баягы эскерткич Сары жылдыз жанып, жымыңдай баштаган убакта ойгонуп, эстеп-эстеп жатып, ушул жаман, жакшы, ажайып, аманат эскермени баштап олтурам, эй…

Сары жылдыз дал маңдайда жымыңдап, «Эсте, ойло, тур, жаз!» деген убак таңкы саат төрт менен бештин арасы. Бишкектин он экинчи кичи районунда тогуз кабат үйдүн үчүнчү кабатындагы үч бөлмөлүү батирдин түштүк тарабындагы бөлмөсүндө жатсам, ушул укмуштай кооз, сырдуу жылтылдап, жымыңдаган жалгыз Сары жылдыз терезеден ойготот да, эстетет, жетелейт…

Сары жылдыз, «Секелек сары кыз, акындардын пири секелек сары кыз», мына ушинтип Кубат аке Жусубалиев  жазды беле? ..

Сөздүн кыскасы, негедир атакемди байма-бай эстей турган болдум. Улгайып баратамбы? Тескерисинче, улгайганда унутчаак болот дешет ко. А менде кечээгилерим: атакемдин атка өңөргөнү, учкаштырганы, намаз окубатканда мойнунан кучактай калып жайнамазына-саждага бирге жыгылганым, алгач ирет карагатка, отунга, мен чоңоюп уялгыча аш-тойго, ооз ачаарга, айтка, көкбөрүгө калтырбай бирге алпарып жүргөнү, алдынан чуркап чыксам, кемселинин чөнтөгүнө дайыма мен үчүн катып койгон момпосуй, кантты, жүз аарчысына оролгон сому, дамамат башымдан сылай уучтап туруп: «Сарыбайым» деп төбөмдөн жыттаган адаты, тер, кымыз, ат жыттанган керемет, кайталангыс жыты, тарам-тарам кызыл нурлуу жүзү, эч ачууланбаган мээрим көзү, кенебес, теңебес жайбаракат келбети… баары эсте, апачык күндүн чаңкай түшүндөй, эмеле көргөндөй көз алдымда. Ыйлап да ием… Мына, элүүден өткөн сайын жашык (уят эмеспи?) болуп баратам десем болот. Ошондо аргасыздан ырдап да жиберем:

Жайы-кышы бозо, кымыз жыттанган,
Ал чал эле бирөөлөргө кем ээк.
«Сарыбайым» деп жыттаса төбөмдөн,
Балапанмын ата баркын билелек.

Кетти мезгил, кетти атакем келбеске,
Келдим мен да кемий берер кездерге.
Мурда жүрсөм кээде ойлоп бейкапар,
Эми эстесем ыйлап ием, эмнеге…

Миң, миллион сап, улуу, дүйнөдө теңдешсиз «Манас» жаратып айткан, уккан элдин урпагымын да. Анан кантип мен ыр жазбайын, а…

…Атакем сабатсыз эле. Окуп, жазганды билбейт дегеним да. Мен биринчи класска барып, Керимов деген фамилияны алып келгенде, бир кубанды. Анан тамга таанып, ошол кездеги «Манас», «Семетей», «Сейтек» деген чо-оң көк китептерди окуп бергенге жарай баштаганда, бир кубанды. Жадабай, кынтайып жатып алып, жыргап укчу. Мен да ансайын шишелүү чырактын айжаркын, күпкүндүзгүдөй жарыгында өзүмдү улуу манасчылар Чоюке, Балыкооз, Сагымбай, Саякбай сезип, Кубат аке жазмакчы, шамалга бир жата калып, бир тура калып дуулдаган, шуулдаган, куулдаган тал-теректей, камыштай эргип, элирип окуй берчүмүн. «Манасты» атакем мен мектепти бүтүп, шаарга окууга кеткиче окутту го. Уккандан ал, окуп бергенден мен тажабадым. Ошол кезде радиодон (анда телевизор жок) улуу манасчы Саякбайдын «Манас» айтканы ар күн сайын берилип угар эле. Кайран алп талант бирде төгүлүп, бирде өрүлүп, бирде буркурап, бирде чуркурап, күпүлдөп, дүкүлдөп, ыйлап, жалынып, сөгүнүп, алмадай башын койгулап, муруттарын чойгулап… деги койчу, айтыбатса, төгүбатса «мен кыргызмын!» дегени кыйрап укчу, жыргап укчу. Менин угармандарым болсо Сакеңден кийин мени укканга аргасыз эле. Анткени радио кыйын болсо бир саат берет. Анан калган убакыт меники эмей, кимики…

Бир жолу ашыкча мактанычтан күлкү болгонум эсимде. Шаарда окуудагы акем кышкы каникулга келген. Үйдө коноктор бар. Бир кезде атам, эртеден бери мен чыдамсыздык менен күтүбаткан, «кана Сарыбай, Манасыңдан башта…» дегенде командирден буйрук алган солдаттай шыр эле эжекем камыр жайыбаткан тегерек үстөлдүн чырак турган четине олтура калып, «ээ-эй…» деп барып, «…өпкөн Көбөш кеп айтат, кеп айтканда деп айтат…» Башымды көтөрсөм, олтургандар ыкшып күлүбатат. Aтакем аларды тыйып, мага болушубатат. Көрсө, тексттин башындагы көркөмдөлгөн «К» деген дардайган ариптен аттап өтүп, «өпкөн Көбөш..» деп урдуруп баштаган экемин. Ызакор элем, ыйларга аз калдым…

Бирок да, чоң тебетейчен топ абышкалар мыдыр этпей угуп олтурушса, ары казанда эт бышып атса, атакем толгон-токой балдардын ичинен: «Менин уулум жарайт» — деп сүрөп алып чыкса, шилекейимди улам күрмөп жутуп ийип, кайран «Манасты» кубулжутуп кайра-кайра, балким жүз, миң ирет кубулжутуп окудум-ов!

«Манас» жомок, мистика, уламыш, тиги-бу дешип, пок жешет айрымдар! «Манас» кыргыздын каны-жаны, тарыхы, энциклопедиясы, сөздүгү, турмуштук справочниги, жол көрсөтөр компасы, маягы, руху… Салижан аке Жигитов айткандай, кыргызга ушинтип орусча аралаштырмайынча түшүнбөйт, атаңгөрү…

«Манас» демекчи, ошол тер, кымыз, бозо жыттанган эмгекчил, мээнетчил, шашпаган, качпаган, сатпаган, сөз билген, көз билген, байыркыдан, кыйырдан, кыйындан келаткан көчмөн турмуштун, курулуштун соңку берметтери, эрмектери болгон — чоң тебетей абышкалар кайран эпосту, ушул улуу, сулуу поэзияны угубатышканда көздөрү, өздөрү да жайнап, жыргап угушар эле. Менчи… Мен да аларды ошол ыракатка, кумарга, абал-акыбалга жетелеп жеткирибатканыма бир сүйүнүп, бир күйүгүп эргичүмүн…

Атакем өзү да санжыра-санаттын, капкайдагы окуя баяндардын кадемин катырчу. Кишиге жандооч ат койгон адаты бар эле. Эсеби, маселен, кодо бойлуу кишини: «Ии, кол чаначтай болгон кайраным, кайдан келатасың, дүйнөнүн тешигин сенеле бүтүрчүдөй энтеңдебей кел, кымыз ич» — дечү. Хандан, бектен тартынчу эмес. Ал үчүн чоңбу, кичинеби, даражалуубу, жөнөкөйбү, айтор, адамдын баарына бирдей, ылгабай мамиле жасачу. Көргөнүн көргөндөй, жасабай, түзөбөй, издебей, ойлонбой бетке, көзгө, орой-чарай айтчу. Андайда атамдын оройлугуна, кополдугуна уялчумун, тыялбай, кыялбай шаштым кетчү. Көрсө, чындык деген ошондон орой, суу кошпой уу кошкондой ачуу, сай ташындай катуу, баарына эле жакпаган, батпаган, сатпаган, сактаган касиет, каниет, асыл нарк, кенч  экенин кийин түшүндүм. Тагыраагы түшүнүп, аңдап баратам…

«Бүт дүйнөнүн жыргалы наристенин көз жашына тең келбейт» — деп улуу Достоевский жазгандай, баланын ыйына чыдабай, дегеле баланы ыйлаткан адамды жек көрчү. Бир мерте үй алдында күн чубактап олтурса, кошуна эки абысын жеңелерибиз сумкелерин көтөрүп, айылчылап кетибатышса, дал биздин үйдүн тушунан өтүбатканда чуурган жөжөлөрдөй удаама-удаа төрөлгөн чиедей балдары чөкө таандай чурулдап ээрчип, аларды энелери бакыртып урубатса, атам аларды бакылдап жемелеп атпайбы: «Эй, келин! Балдарды эмне урасың? Ура турган болсоң, анда, ченеп туубайт белең…»

Кесирленген, кейкейип каадаланган кишиге да чыдабай, кыргыйдай тийчү. Бир бөйрөгүн таяна кайкалап, келберсип турган аялзатын көрүп: «Эй, кыз! Эриң өлдү беле, ал колуңду, бөйрөгүңдөн!..» дегени эсимде.  Ушундай да… Азыркыча айтканда, мындай окуя-фактылар кайран Керим чалдын өмүр таржымалында оголе арбын эмеспи.

Атакемдин жалгыз ыры бар эле, “Базарбайдын Төлөгөн, андан ары жөнөгөн. Кыз Жибеги кылактап, алдынан чыкты булактап…” Күн бүткөндөн, түн бүткөндөн, ээн жерден эрмеги ушул. Аны да кийин билдим, казактардын айтылуу «Кыз Жибек» эпосунан үзүндүлөр экен. Угарманы да, көрөрманы да мен. Анан айткан осуяты – тажабай, кажабай, мүмкүн миң жолу, миллион жолу айткан осуяты: «Укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба. Калптын казаны кайнабайт. Кудай берген жанды кудай алат. Сабырдын түбү — сары алтын» муну уктарда айтат, турарда айтат, тойго баратканда айтат, отун алып, дүмүр оодарыбатканда жазы, жайдары маңдайынан аккан тери сакал, мурутун аралай жылжып, жакасыз ак болотнай көйнөкчөн чөк түшүп отурган боюнча балтасын дөңгөчкө жөлөй: «Келе, Сарыбай, кымыздан» — деп мен тигиндейде карагай бутагына илинген кол чаначты алып келгиче, өзү «урунке» деп койчу чоң калай кружкага куюлган кымызды жайбаракат, зор ыракат менен эки жаагы бирде тартылып, бирде толуп ичибатканда, тына калганда айтат. «Өмүрү бирөөнүн боз козусунун мойнуна колум тийген жок, балам». Муну да зор канагат, аманат, сыймык менен айтчу, кайталап кобурай берчү.

Анан атамдын бир өнөрү — зор да, кор десе да болот, “ыштыкчы” деген өнөрү бар эле. «Керимдин чаначы, Керимдин сабасы, Керимдин кымызы» деген аңыз кеп ошондон калган. Ыштыкчынын мээнети, о-уу, зор эле да. Ушунда бир атамдан качаар элем…

Ыштык кашаттуу саздын боюна казылат. От жагар кемегесинен бозүй ордундай саба, чанач илинер ороого чейинки тик казылган мору кеминде жыйырма метрден кем болбойт. Түп-тамырынан бери чабылып, тартылып келген үймөк-үймөк чий сазга бастырылып, четинен жагылып олтуруп, отуз күн, түн тынымсыз түтөтүлүп, ышталат. Аппак ашатылып, ийге келген терилер туура бир айда кыпкызыл түскө келип, ышы буркураган чанач, сабага айланат. Бир айча күнү-түнү тынбаган иш. Өзүнүн жалгыз баласы, менин атам – баса, байкем Касый, мектептин кадыр-барктуу мугалими чанач ыштаганды, мында элдин саба, чаначтары да коюлат, намыс көрүп тыйчу, жемелечү. Бирок кыйбай да, сыйлай да,  тымызын жардамдашып ийчү. Бир аздан кийин кымыз деген болот да… Кыргыздын керемет, дары, суусунду басып, кумарды жазчу бал кымызы дал ошол атакем маңдай терин, көңүл мээрин төгүп жасаган кара сабада бышылып, жышылып, бышып, кыпкызыл чаначта булкулдап, кулкулдап алдыга келгенде, оозго жеткенде Керимдин Керим экени, машакатынын маани-маңызы, касиети жаркырачу, алчыланчу…

Атам узун өмүрүндө көп аял алыптыр. Мурдагылары мага чейин го, мен кембагал экөөн «энелеп» өстүм. Өз десем калп болор, өгөй десем орой болор, кайран кишилерден өмүрү, айылдык энелердин төл жемеси «өлүгүңдү көрөйүн…» дегендей жаман кебин уккан жокмун. Асыл адамдар экен. Дегеле атакем экөөбүз үчүн жаралган асылзаттар турбайбы. Эмесе, баян башы ошондон — Сайра энемден болсун…

 

*  *  *

Беш-алтылардагы курагым болсо керек. Атам кыштактан өңөрүп чыкты. Бороондунун сайынан кечип өтүп, күн батышты беттеп баратабыз. Күз мезгили. Атакемдин кемселине кымтылып, батаарга жуук күн нуру маңдайымды жылытып, ат басыгында термеле үргүлөп келатсам, ал мындай деди: «Сарыбай, үйгө барганда энеңе чуркап, кучактап койсоң, сүйүнүп калсын». Ушуну зор сураныч менен айткансыды. Уйкум ачыла түштү. Чаар-Айгырдын оозундагы мүрзөлөр туштан өтүп баратыппыз, коркконумдан атамдын бооруна ыктап, эмне десе ошону аткарганга дайындалып бараттым.

Мына, табы кайткан күн жарыктык да мелмилдеп уясына конуп барат. «Жараткан Аллах түнүңө тынчтык берип, эртеңки таңына эсен-аман жеткире гөр…» деп атам адатынча дуба кылат күбүрөп…

Күздүн өзүнчө баа жеткис кооздугу болот. Бозоргон тоолор боорунда жайылган мал-тегеси менен, андан беридеги талаа-түз уйлар челибаткан алачыктай саман чөмөлөлөрү менен, үйгө алыпарар кашка жол aт туягынан каалгый чыккан чаңы, үзөңгүнү сылай ыргала кала бepгeн чий, шыраалжыны менен, аба шыбак, куурай, тезек жыты менен, асман кызылала булуттары, учуп өткөн канаттуулары менен жагымдуу, сулуу.

Шоргоого жакындаганда биздин бозүйдү дароо тааныдым. Иттер үрүмүш болду. Зоңкойгон кернейден көк түтүн булаңдайт. Үй ичинен бака-шака угулубатканы менен эч ким чыкпады. Атты байлап, атам мени алдыга сала үйгө кирдик. Өрүлүктөп келген аялдар кымызга алагүүбү, дасторкон тегеректей жадырап-жайнап отурушкан экен, капыс кирип келген бизди карап аңкайып калышты. Энем казан мештен ары чыгдан жакта отурат. Көгүш көзү, аксаргыл жүзү нурланып, бирдеңкени күткөндөй… Көпчүлүккө апкаарып делдейген мени бирөө далымдан түрткөндөй болду. Ошондо эстедим атакемдин тапшырмасын. Эстедим да, аттап-буттап жетип эле энемди кучактап жыгылдым. Тымтырстык «дуу» этти. Аялдар жаалап: «Ой, Сайра! Уулуңду карачы, сагынган турбайбы. Тегеренейин, деле басып жыгылганын карачы. Бечара, катуу сагынган тура, бала деген ушул…» — деп дуулдап атышты.

Энем болсо эки бетимден өптү да, алдына отургузуп, мойнумдан жыттап тypyп, бышактап ыйлап ийди. Ысык да, суук да, мөндүрдөй оор көз жашы мойнумдан койнума акты, «өз энебиз сен төрөлөрдө өлүп калган. Бyл өгөй, төрөбөйт…» Апамдын, эжелеримдин ушинтип айткандары азыр кулагыма келип, мынабу кубанганыбы, кайгы-арманыбы, ыйлабаткан энемдин алдында кубаналбай же кошулуп ыйлап жибербей, баарына мен айып-күнөөлүүдөй, өз десең, өз эмес, бөтөн десең, бөтөн эмес, бейтаалай, бөйкүнөө, ай-чырай, таптаза, кайталангыс аялдын — асыл Энемдин кучагына бүрүшүп, ансайын ыктадым…

 

*  *  *

Кийин да энемдин мен үчүн эки, үч мерте ыйлаганы жадымда. Атамдын балкачы Турганбай деген досу бар эле. Турганбай өзү да кайтарган карагайларындай зоңкойгон зор киши, аз сөзүнүн арасына «бечара» дегенди көп кошуп сүйлөчү. Чынында ынактык энем менен балкачынын байбичеси Мария апанын ортосунда боло турган. Кышкысын «жапма челек» дешип бозо салышып, согумдун этине бөтөн киши кошпой жекеме-жеке чакырышып, чер жазышчу.

Турганбай аяш атаныкында коноктобуз. Менден жашы да, бою да кырдуу Бекен аттуу уулу экөөбүз упай ойноп атсак, ал тиртеңдеп чыр чыгарып, жулмалаша кеттик. Бозого алагүү аталарыбыз сүрөп, биздин курсакта да бозо бар да, «ит жыгылыш» болубатабыз. Бекен чоңдук, бир чети үйүм үстүмдүк кылды окшойт, атам бакылдап эле мага болуша кетти. Негедир аяш атам да мендик өңдөнүп, баласын какмалап койду. Ысык отуруш сууй түштү. Ошол-ошол болду, эт тез желип, мезгилсиз жолго чыктык.

Огороддорду аралай кеткен жалгыз аяк төтө жол, кыштак уйкуда. Кар улуу түшкөн. Устукан толо баштык колтуктаган чыканагым менен, кээде тайып кетсем, каткан карга теңеле сүйөнө калып келаттым. Каракөк асман чаңкайып, толгон ай, жыбыраган, жымыңдап, кымыңдап, жылтылдаган кайран жылдыздар, сайран жылдыздар, акактай тунук кар менен туташып, калдайган, карарган, үңкүйгөн там-ташты, короолорду, коруктарды, сербейген, дердейген бирин-серин тал-теректерди кошо жаркытып, балкытып, чалкытып, айлыбызга, атакем айтмакчы, атыңдан айланайын Ак-Музга бир укмуш, тирукмуш кут конгондой, теребел жомоктогудай, коноктогудай мээрим, тынч мемирейт да, мемирейт…

Атам алдыда, энем артта, ортосунда уйкуга мас мен, бир таман жол “кыйч-куйч, кырч-кырч…” Бейпилдикти энем бузду. «Сен балага теңелип отурушту бузуп, деле болушчаактыгын кантейин булардын…» — деп мыңкылдай баштады. Теңелгиси келбедиби, адатынча атакем жайбаракат эле кетип баратты. Бирок энем да, «бытпылдыгын» тындырбады. Уйкум ачылып, эмеле жыргап-куунап келаткан жомок дүйнөм чачылып, алкымыма бир жаман жагымсыз нерсе келип, мынабу алдыда тебетейин барпайып, чепкени кар сылап, мампайып эчтеме укпагандай, ээн талаа, эрме чөлдө өзү эле жалгыз бараткансыган атамдын калдайган далысын, качан эми үн чыгат, бирдеме дейт деп, карай берип, биресе таң калып, биресе жиним келе баштады. Дагы атам айтмакчы, бозого күчала кошуп ичкенби, «обонун» созуп, энем келатат. Кудай урбадыбы… Ачуум толгондон колтугумдагы баштыкты ыргытып ийип, үйгө булардан мурда чуркам кетким келет, бирок аттиң, анын ичине шыкалган эт, боорсок, куруттy кыйбайм…

Атакем токтоду. Мен далысын сүздүм. Бурулду да бизден эки, үч кадам ары чекчейип карап калган энеме: «Эй, төбөңөн тийгир! Буга болушпаганда мен кимге болушам. Бар, ичиң ачышып атса, кайра кет!» — деди. Анын мындай түрүн өмүрү көрбөгөм, чокчо сакалы кыймылдап, дайыма күлмүң жүрчү жүлжүгүй көзү чоңоюп, заары чыкты. Корктум. Энемди дагы кудай урду, «ырын» эми теңирден тескери баштап, «булар мени өгөйлөйт турбайбы» — деп бышактап кирди. Атам мени колдон алды да, дегдеңдетип алып жөнөдү. «Ой, эне, ыйлаба, жүрү…» дей албай, аны аяп, кыялбай, дагы өзүмдү күнөөлүү, оңбогондой айыптуу сезип, атакемдин жетегинде аргасыз кылчактап, кетип бараттым…

 

* * *

Улуу «Манаста» чоң ата, небере — Жакып менен Семетей, чоң эне, небере — Каныкей менен Сейтектин мамиле маңызы баяндалат. Жайлоодобу, жакадабы, тойдобу, аштабы, айрыкча, согумга союлган бодонун эти качан бышат деп, күтүп отурган кыштын узак түнүндө, менин эмдигичекти ушуга акылым анча жетпейт, эмне үчүн алар этти мынчалык кеч жешчү да, өздөрү күүлүү-күчтүү жүрүп сексен, токсон жашты багындырышты… Айжаркын шишелүү чырактын жарыгына салып, бир боортоктой, бир отура калып, баатыр десе баатыр, сүйүнүчтүү, күйүнүчтүү, күлкүлүү, өкүнүчтүү, өтүмүчтүү турмуштун улуу драмасы, эпопеясы болгон «Манасты» окубаткандагы угарман, көрөрмандарым: Касым, Турсун, Момун, Сары Муса, Өмүралы, Абдырай, Турганбай, Борбу, Жапар, Ыбрайым молдо, Ырысбек, Жинди Осмон, Жакып, Мамытбек, Карачеке, Ысмайылбек, Молдомамбет, Акматакун… анан албетте, атакем Керим, оо атыңардан айланайын асылдар, кайрылбастар айтмакчы, кем Жакып, шум Жакып, ит Жакып айкөлдөн калган жалгызга — небереси Семетейге чыккынчылык, көралбастык кылбадыбы…

Жеңиш жоготуусуз болмокпу, «Чоң казатта» не деген жүрөк титиреткен окуялар айтылат, Алмамбет, Чубак, Сыргак баштаган, үчөө эле не деген баатырлар, кайран чоролорунан, колунун бир далайынан айрылса да Манас акыры Бээжинди алды. Алды да кенебестигиби, теңебестигиби, бийлик кумарыбы, айтор, Таласка-Ата Журтка кайтуу сапарын кечеңдетип жатып алды. Кийин кайран катын Каныкей кан-какшап өксөгөндөй, Чоң Капканын жанында Манас Теңирге тайынып жаткан таңында жан сакчысы Ажыбай кашайып ат үстүндө үргүлөп, аңдып жүргөн Коңурбай Алгарасын чуратып, учу сугарылган найза менен Баатырды аркага чала сайып кеткенде… «Ошондо айкөлүңдүн кашында Ажыбай эмес, мен болсом, чийбейт белем сызыкты, кылбайт белем кызыкты…»

Мүшкүл иш болуп өткөн эле. Кайран кыргыз, улуу кыргыз, шор кыргыз, аз кыргыз ушинтип өткөндөн кийин өкүнөт, өксүйт, жер муштайт… Ошентип капылет алган жараттан, касиеттүү Таластан, ак калпак журттун кашында, жалгыз туяк Семетей балтыр бешик жашында, түкүргөндө оозунан табак-табак кан кетип, “өө” дегенде оозунан өжөк-өжөк кан кетип турганда, кайран энең Каныкейди колдон алып, керээзин айтат Айкөлүң: «Каныш, мен өлгөндө угуп ал, аталаштан алтоонон, энелештен экөөсү… Абыке, Көбөш алты арам, чалгырты турчу көзүндө, чамасы келсе доңуздар, чалганы жүрчү өзүмдү, узун кептин кыскасы, мен өлгөндө, ук, бейбак, кеңкол Талас, кең Талас, катыгүн, сага жер болбойт, кеңирсип жаткан көп кыргыз, күтүп алаар эл болбойт. Жалгызымды өңөрүп, Букарды көздөй кете гөр, төркүнүңө жете гөр…»

 

* * *

Кежиге деген жайлоодо элек. Жер соорусу Кежиге, койнунда отун алыбатсаң асман тиреген карагайлары шуулдаган, куулдаган шамалга асте термелип, сырдуу, сүрдүү күңгүрөнүп, батыштан түрүлүп, сүрүлүп келаткан капкара булуттар самсаалап, карагай учтарын ороп, тороп, сылай  өтүп, жүрөктү опкоолжуткан чагылгандын чартылдагы, кулагыңды тундурган тарсылдагы, карагайды таңында купкургак, жыпжылуу куураган ийне жалбырактар, тообурчак, элик корголу бут алдыңда шыгырап, өткүн тез эле өтүп кетерин Жараткандан тилеп, кыялданып, кыңылдап ырдап олтурсаң бир сонун, ажайып, керемет жомок да…

Арыда ойноп жүрүп балта таап алдым. Отун алган бирөөлөр унутуп, же канжыгасынан түшүп калса керек, алигүнгө көз алдымда, чакан саптуу жаркылдаган курч ак балта. Жерден эңип эле, дүмүр оодарыбаткан атама чуркадым, олжомду сүйүнчүлөйүн деп. Балта деген таңсык да, көрүнгөндүн эле жолунда жатыптырбы… Атам балтаны алды да, шашпай көз жүгүртүп, төбөмдөн жыттап туруп, кайра мага сунду. «Буюрса, жолуң ачык киши болот экенсиң. Ордуна коюп кел». «Ой ата, эмнеге? Мен… таап алдым го». «Кой балам, кокус жолдон ээси жолукса бизди ууру тутпайбы. Жоголгон балтасын издеп ээси келет. Алпарып көрүнөө жерге коюп кой». Эмелеки дердендеп сүйүнгөнүм асманга учуп, шаабайым сууй түштү. Аргасыздан балтаны атам айткандай ордуна алпарып, соройгон сокок үстүнө көрүнөө коюп койдум.

 

* * *

Бозүйдүн түндүгүнөн чак түштө түшүп турган күн нуру бир ажайып. Кудум театрдын сценасына берилген прожектордун жарыгындай. Кымыздын гүлүнө көңүлүм эргип, чамгаракты, андан ары көк асманда калкып бараткан ак булуттарды эрмектеп жатам. Кыялым капкайда учат… Жалгыз актер өзүм. Кыргыздын көйкашка өнөрпоздору, корифейлери Муратбек, Советбек, Сүймөнкүл, Бакен эжедей ролдогу образга сүңгүп кирип, маселен, «Алмамбеттин арманы» — деп жаман кыялымда курап алган спектаклде кайран эр, азгын, армандуу шер, көралбастыктын, ичи тардыктын, эки жүздүүлүктүн курмандыгы, бул ит оору ар кайсы элде,  түрдүү жерде боло келмеги, адамзат пендесинин айыкпас, арылбас өнөкөт,  тубаса илдети… менин угармандарым — чоң тебетей абышкалар айтмакчы, Азизкандын жалгызы — эр Алмаң, шер Алмаңды жалгыз койбой, жанына караан болуп, эрмек болуп, жаншерик болуп, көңүл айтып, «Алаке, ата-энең алдейлеп өстүргөн алтын капка өз үйүң алыс калды, саткындардын айынан мекениң кыжылдаган көп кытайга, качып келген башпаанегиң кажылдаган казакка батпадың…

«Жалгыздык жаман, сагыныч жа-ма-ан…» — энем кээде ушинтип от жагыбатканда, бээ саабатканда, мени киринтибатканда, жатарда, турарда, ак жаан эки-үч күндөп басылбай, деле күн жарыктык түнөрүп, экинчи такыр ачылбачудай, баары суу, ным супсак, көңүлсүз тартып, түндүгү жабылып, эшиги түрүлгөн күүгүм бозүйдүн ичинде бүл дүйнөнү, суз дүйнөнү, атакем айтмакчы, жалган дүйнөнү, опасыз дүйнөнү телмирип карап олтурганда айтат: «Жалгыздык курусун, кусалык курусун…» — деп кобурай берет… Апамды сагындым. Yч жылдан бери борбор калаада ооруканада, мына айыгат, ана айыгат деп жаткан апамды аябай сагындым. Бөбөктөрүм ыйлайт. Мен го чоңоюп калбадымбы, энем айтмакчы, жигит киши көз жашын көргөзбөйт да, ээн жерге, отунга барганда, кой кайтарып жүргөндө ыйлап алам, буркурап алам… Бизге кошулуп энем ыйлайт: «Эне-баланы Кудай ажыратпасын. Тирүүлөй ажыратпасын. Апаңар өлбөсүн. Керек десе, мен өлөйүн…»

Аптабы куйкалап, жан-жаныбарды акактатып, ийинге тыккан чак түштө ээн, эрме талаада эр Алмамбет шылкыйып, беймаксат кетибатат. «Ка-ак» эткен карга, «кук» эткен кузгун жок. Кыбыр эткен жан көздөн учат-ов. «Эмнеден жаздым, кимге жамандык кылдым, эл-журтума тилек, ниетим ак эле го?..» Санаасы канаты сынган куштай сабылган, эртеңкиге үмүт үлбүл жанып, бар менен жоктун ортосунда келатат эр Алмаң, шер Алмаң.

«Башыңды көтөр, баатыр! Алдыда, бараткан тарапта кыргыз деген эл бар. Ак көңүл, кенебес, теңебес, күйүмдүү, сатпаган, сактаган, баатыры элиндей, эли баатырындай айкөл журт өзүңдү түшүндө көрүп, жакшылыкка жоруп, түлөөсүн белендеп, кайран эр бизге келет деп, чуркурап, алп десең алп, калп эмес чын, укмуш десең укмуш, ыйлаак, сөгөнөөк,  улуу көчмөн цивилизациясынын акыркы театры, могиканы — Саякбайча буркурап, чуркурап… күтүбатышат. Башыңды көтөр Алмаке, Саралаңды теминип, ылдам-ылдам бастыр…»

Кыялымды үйүбүзгө кымыз уулап келген үч атчан качырды. Энем саба түбүндө кымыз куюп, мен ага карамалап олтурам. Кыргыз шашпайт, айрыкча мейманда, башканын үйүндө тимеле аласасы бардай жайбаркат отурат да, олтурат. Анан да, «Досуңдун ашын касыңдай ич» деген макалды  да ойлоп таап алганычы. Киргенделе үчөөнүн ичиндеги арык кодо, чекчейген, атакем айтмакчы, сетер чал мага, иншалла, анча жакпады. Сакалдуусу го, жүккө жөлөнө бир бутун тойтойто сунуп, кымызды ичээр ичмексен болуп, сөөмөт айтып олтурган.

Бир кезде чекчейе түзөлө калып, энеме тийишти: «Ой, Сайра! Кемшейтип Керимди эмне кыласың. Магале тийип албайсыңбы…» Энемди карасам, күлүп коёт. Тиги үчөө тең жыргап күлүбатышат. Ичиме бирөө тузбу, отпу, чокпу… салып жибергендей ысый түштү да, ордумдан атып туруп: «Чык эшикке, энеңди… Сетер!» дегенимди бир билем, энем жалынып эле эшикке көтөрүп жөнөдү. Сетер чал «каа-каа» деп, деле ачуу күлгөн неме экен, каткырып, ыкшып ал калды. Ызаланып, мынабу койтойгон, купшуңдаган, чукчуңдаган куйту абышка энемди эмеле колдон жетелеп кетчүдөй, өпкө-өпкөмө батпай ыйлабатам. Болушканыма ыраазы энемдин да көзүнөн жаш кетип, мени соорото албай убара. Көрсө, жыл айланбай капылет оорудан кайран энем Сайра көз жумуп, түбөлүк ажырашарыбызды балалык баёо, таза жандүйнөм туйган окшобойбу, атаңгөрү…

 

* * *

Балагезде ыйлаак, чынтийбес, таарынчаак, чыр экенимди билем. Бул өнөкөт мүнөз эми да: «өмүрдүн көбү кетип, азы калды» — деп кайсы бир акын кайгырып, жер муштап, өкүнгөндөй куракка келгенде да илешип, жабышып, жарышып келатпайбы… Бирөө айтмакчы, кеп анда эмес. Кеп ошол ыза дейбизби, ачуу дейбизби, көңүл кириби, терс кыялбы, айтор, апачык эле туруп, кайдан-жайдан кара булут учуп, сызып келе калып, чагылган чартылдап, бу дүйнөнү жоюп ийчүдөй, оюп ийчүдөй төгүп өткөн, көрүп өткөн, өөп өткөн жайкы жамгырдай, бозүйдүн түндүгүн чүмкөп, эшигин түрүп коюп, энекең жалынып-жалбарып алдыңа койгон каймактан илип жеп, саамалдан жутуп коюп: «Өткүн, өткүн, өтүп кет, кара сууну кечип кет, биздин үйдү калкала, калмактын үйүн талкала!..» — эс тарткандан, улуулардан үйрөнгөн ырыбызды шатырата төгүбаткан керемет жамгырдын коштоосунда заңкылдап ырдабатканда өтүп кеткен өткүндөй өтүп кеткенинде, көчүп кеткенинде… Жамгырдан кийинки жердин жашарганын айт, көңүлдүн тазарганын айт.

«Энесин тартпас кыз болбойт, атасын тартпас уул болбойт». Атакем камчысын бүктөй, тебетейин чекесинен өөдө түртүп коюп, өмүрү шашпаган, эсеби, маселен: «Ой, Керим! Артыңда сел келатат!» — десе, «Ии-я» — деп жайбаракат кылчайып карай турган өтө калбаат, кең пейил киши эле, жарыктык. А өз атам Касый, апам Батыш чапчаң, жандуу, шашма мүнөз, эмгекчил, мээнеткеч,  түйшүкчүл, эс алганды, өздөрүн аяганды, ардактаганды билбеген, а мүмкүн биз үчүн билмексен болгон, унутуп койгон, каниет, шүгүрчүлүк дегенди  этибарга албаган, а балким алса да, бу жалган дүйнө убактылуу экенин сезсе да, бизди-сегиз бир тууганды: Накен, Жамал, Жамила, Дүйшембек, Бейшегүл, Мырзабек, Анаргүл, Абазбекти жаратып, алдейлеп, алпештеп, өтө баласаак болушуп, корушуп, урушуп, чоңойтом, чочойтом, окутам, чокутам, киши кылам, министр, сот, мугалим, жазмакер, соодагер… кылам деп, кара жандарын карч уруп, жүгүрүп, күйүгүп, сүйүнүп жүрүп, апабыз кырк жашта, атабыз элүү үч жашта көздөрү өтүп кетти. «Саба куш балдарына жем бередур, саба куш жем берем деп жан бередур» — деп, Кубат аке «Муздак дубалдар» романында жазгандай, же майданда өзүн унутуп салып салгылашкан жоокердей, биз —  балдары үчүн курман болуп, мезгилсиз каза тапты десек акыйкат кеп болор, арбак ыраазы болор…

 

* * *

Атакем ар дайым айтчу, «Сарыбай, сен августтун акыркы дүйшөмбүсүнө Кичи-Булактын ийрисинде таңга жуук жарык дүйнөгө келгенсиң. Касый ошол учурда катуу сыркоолоп, Нарында ооруканада жаткан. Сенин «ыңаалап» үнүң чыкканда, кайдан-жайдан бир дубана пайда болду да, бозүйдү айлана ак уруп: «Чекесинде калы бар уул төрөлдү. Жышаанасы бар. Атасы айыгып келет, алдоо-үк, алдоо-үк…» — деп, бир далай сөз айткан эле. Бир улак берип, жакага чейин узатып койдум. Жарыктык ошону менен  экинчи көрүнгөн жок. Чочой жезде күн чыгып келатканда азан чакырып атыңды койгон. Кийин ак эркеч кошуп: «Касыйдын Карала аты» деп эл-журт билген күлүк атыбызды союп, чоң той бергенбиз…»

— А Накен байкемдин тоюна эмне сойдуңар?

— Эмне соймок элек… согуштан кийин эч кимде мал жок. Бир cepке таап келип сойгом.

— Анан мага мине күлүк атыңарды аябай сойдуңар?

— Анда турмуш оңолуп калган, балам. Унутпа… Атадан мен жалгыз, менин уулум — сенин атаң Касый жалгыз, анан Накенден кийин сен төрөлдүң да, ошого кубандык. Тукумдан ат аячубу…

— Кыздарчы, эсепке кирбейби?

— Кыз бөлөктүн бүлөсү. Анын балдары өз ата-тегин чакырат.

Беш маал намазынан жазбаган, такыба адат атакем мени, тагыраагы, чекесинде бармак басым калы бар башымды Жамила эжемден коруп жүрүп өттү. Эжем менден үч жаш улуу, пакене бой, көздөрү бакырайган, ак жуумал, тили ачуу, тирикарак, өтө бүйрө, окууну да, үй тиричилигин да катырчу. Кой, эчки, уй, жылкы дебей, мүлдө мал-жаныбызды түгөлдөгөн эсепчиси, жини келгенде мени, атакеме эрке, оюнкараак эле да, шак эле башка урчу. Апабыз оор дартка чалдыгып төшөктө, ооруканада баш-аягы беш жыл жатканда, бизди — чиедей, тирүүлөй жетимдерди, көп өтпөй чын жетим болдук, алпештеп, ардактап, ыйлатпай, кыйнатпай баккан эжем, асыл эжекелерим — Жамал, Жамила!

 

* * *

«Ат — адамдын канаты», «Ат, аттан кийин жат», «Ат айланып казыгын табат», «Атың барда жер тааны…», «Ат аяган жер карайт» деген сыяктуу макал, ылакаптары же «Алыс жүргөндө атыңдан ажыра» дегендей каргыш да дал биздин элде жаралганы, байыркы көчмөн турмуштан бери кыргыздын тагдыры Камбар ата тукуму менен эриш-аркак келатканынын  далили да. Мен эс тартканы, Торукашка деген улакка чапчу атыбыз, Сурайгыр деген жалпак, жоош, жорго, мен ат жалын тартып, алгач ээрге өз алдынча минип бастырган карабайыр айгырыбыз бар эле. Айрыкча, атам-байкем Касый ат, ит, тайган дегенде жантыгынан жата калган, аңчы, ордочу, күрөш, көкбөрү, деги койчу, ар кандай оюн-зоокко кумар, уюштуруучу, алы-күчү ашып, ташып турган, жаны жай албаган ышкыбоз киши, бир менчик  атты өтө ардактап, ээр токумунан өөдө таптап, жайдаңдаган Торукашка деп, аны колхоз чондорунан талашып, катып минип жүрүп, өмүрү да кыскарып кетти.

Кайран Тору- кашка… Алдыңкы туяктары ичин көздөй саал тойтугураак, эки жагын элтеңдей карай, шайбыр жүрүштүү жаныбар, мамыбыздын көркү эле да. Эсимде, атакемди ат үстүндө мойнунан кучактап алып, ээрдин актасына тик туруп, Сатынды акем Торукашка менен улак тартышка — көкбөрүгө киргенин карап турганым. Ошондо Торукашка да, Өмүралы чоң атамдын улуу уулу Сатынды аке да толуп, болуп, кел-кели келип турган кездери экен, улак марага удаама-удаа жети жолу ташталды да, кечинде үйгө келгенде чоң энелерим акемдин да, аттын да баштарынан суу тегеретип, ырымдап атышты…

Ошол биздин Ак-Музда ат менен, айрыкча, тагдыры бир Айтбайдын Мамбети деген болду. Мен билгенден үй-бүлөсүз, Керат, Карат деп, эки күлүк кош аты менен алек, бала да, катын да жок, Кераты, коёндой жапырылып, көзгө илээшпей түйүлүп, алып учкан жаныбар, не бир зоот, асыл тукум делген күлүктөрдү ипподромдун айлампасында тезегин тердирип, чаңында калтырганын далай көрүп, чабандеси — классташым Ыбрай, сары чийкил, чүкөдөй бала Кераттын үстүндө көрүнүп-көрүнбөй, билинип-билинбей, ал ансайын калайык калк чуулдап сүрөп, кыргыздын каны ушунда бир кызып, кыйкырып, өкүрүп турушар эле. Кээде Кератың түшкүр эки, үч айлампадан кийин ооздугун бербей, теңирден тескери чий аралап, эл аралай алагачып, же байгеден жок, Мамбет аке «кокуйлап», артынан балбактап чуркап, ыйлап, андайда атамдар: «А Кераттын какмайы кармады, Мамбет кургурду токтоткула!» — деп артынан бирөөлөр салпылдап чаап, бакылдап атышчу.

Керат республиканын борбору — Фрунзеде чабылды, башбайге алды, деген даңкы дүң да болду. Кайран ат, даңкы ошентип таш жарган, бир адамдын сыймыгы, сыйлыгы, кыймылы, бүткүл өмүрү — Керат оо кийин карып, катардан чыкты. А ээси бууданы өлгөн соң, көз алдыбызда мукурап, бөжөңдөп, колхоздун эгинин сугарып, баягы бакылдаган, кыйынсынып сөгүп-сагып, шакылдаган Мамбет аке, «Ат, аттан кийин жат» болуп, тез эле кенедей  кара тоголок абышкага айланып кетти…

 

* * *

— Эже, эжеке дейм…

— И-ии, эмне?

— Курут жегим келибатат.

— Жебейле гой.

— Кичинеле, төрттү алайынчы.

— Эй, келесоо, курутту апама деп кургатып олтурабыз го…

— Апам курут жемек беле…

— Жебесе дарылабаткан доктурлар жейт.

— Байкем качан келет?

— Кайдан билем, Фрунзе деген алыс. Мүмкүн, апам менен кошо келер.

— Ой-ий, анда сонун болбойт беле…

Жамила эжем кир жуубатат. Мен бозүй түбүндө курут жайылган серенин көлөкөсүндө жатам. Чий үстүнө жыбырата тизилген сансыз куруттардын арасынан чак түштөгү күн нуру «жылт-жулт» этет. Кыйгыл жагымдуу жыт обоорду ачып, турагалып кол сунсам жетчү жер, мөлтүрөгөн, мончоктой, опокшош, кардай аппак куруттар… алайын дейм, эжемден корком. Ал аябай сак. Кокус көрүп калса, колуна отунбу, кычкачпы, тезекпи, ташпы… эмне тийсе, урат. Болуша калар атакем аркы айылга кеткен. Байкем да жок. Фрунзеге, апамды көргөнү кеткенине бир жума болду. Кыштак жактан машина келатса эле чуркайм. Мени ала кетмек. «Шаар өтө ысыбатыптыр, кыйналасың. Апаң айыкса бирге келербиз…» деген эле. Атам да айтыбатат, «Накендин да окушу аяктап калгандыр, Кудай буюрса, баары чогуу келишет». Чогуу келсе… Келатышканын элестетсем, жүрөгүм дүкүлдөйт. Энем менен эжем күндө төлгө салгандан тажабайт. Кырк бир ташты, козунун корголундай майда, томолок, окшош, энем айтмакчы,  акжолтой таштарды дайра боюнан терип келгем. Төлгө таштарды ак кийизге жайыбалышып, «Оң, оң, куюшканы көтөрүлүп калды, келатат, келатат…» эле дешет, кана келгени?

Эжем казандан ысык суу алганы үйгө кирди. Мына, чөмүчтөп чакага куюбатканы угулубатат.. Турагалып төрт, беш курутту чөнтөгүмө caлагойдум. Аз го… дагы салдым. Эми көрүнбөй жоголуш керек. Бозүйдүн артын көздөй жыла бастым. Көп узабай, көзүң жамандыкты көрбөсүн, эжемдин үнү дал желкемден чыкты.

— Эй, кайда барасың?

— Ичим оорубатат…

— Чөнтөгүңдөгү эмне?

— Кайсы?

— Бултуйганчы?

— Колум да, мына…

— Курут турбайбы, сени желмогуз…

Алыска тыз койдум. Жакага кеткен машина жолго салдым. Сызып баратам. Укуругун сүйрөтүп, соксоңдоп эжем келатат. Түрү жаман, кудум Эр Төштүктү кубалап бараткан мастен кемпирдей алданени айтып, жер-жебериме жетип, катуу келатат. Кала турган эмес. Бу кебетеси менен күнчүлүк жердеги Ак-Музга жеткире кубалачудай… Тызылдап баратып, батинкелеримди силкип ыргыттым. Эми эр болсоң жетибалчы… Аралык итабар алыстады. Бирок эжемдин токтоп калчу түрү да жок. Андан эми амал менен кутулбасаң… Айылдагы Сары кемпир айтмакчы, адам э-эй, көктүгүн карачы, эки чөнтөк курут үчүн өзүн да, мени да аяй турган эмес, эй! Кантип кутулсам? Алдыда белес, андан аркы жолдо жылгалуу буйткалар көп. Оң жагым — апай талаа, сол жагым — токойлуу тоо. Белести ашканда куугунчум көрүнбөй калды. Эми Токтор шоопур мактанчудай, газды түбүнө чейин бастым да, солдогу жылга менен тик өйдө салдым. Эжем мен жазгырган белестен көрүнгөнчө токойго илээштим. Көп өтпөй алдымдан чыккан калың, карагаттуу бадалга сүңгүп кирип кеттим…

Демимди бир аз басып, бадалдан секин башымды кылайтсам, эжем жанагы мен буйтаган жерден жаңы көрүндү. Чарчаган экен, бир колу менен укурукту таяп, экинчи колу менен бөйрөгүн таяп, мени таппай туруп калды. Тапмак беле… ылдый басып жарчаларды карады. Кудум согуш кинодогудай окопто аңдып жатам. Эжем түңүлдү окшойт, бирок барыбир шекшип, мени көрбөсө да, тоо жакка муштумун кезеп, кыязы тилдебатты, аркы-берки басты да, бурулуп үйгө карай жөнөдү. Көп өтпөй карааны көрүнбөй калды. Ө-өх…Эми жайбаракат жамбаштап жатыбалып, ыракаттана курут жесең жарашат. Мамытбек уста айтмакчы, курут эсепсиз көп. Кудай буюрса, кечке жетет. Аңгыча атам да айылдан келер, эжемдин да ачуусу тарар дейм…

Ууртумдагы май курутту шимип, асман тиктеп жатсам, айлана тунжурап, жымжырт. Абада дабыркай, арча, гүл жыты аңкыйт. Дал төбөдө шагынан самсаалаган ала бөйрөк карагаттар күн нуруна эркелеп, жылтылдайт. Айрымдары бышайын деп калганбы, бармактай учуп-конгону дабышсыз короолу чымчыктар сексеңдеп, терип жеп жүрүшөт. Мен да курутумду  шашпай жебатам. Али бултуйган, култуйган чөнтөктөрүмдү сыртынан сылап коём… Баса, карагаттарды карап жатып, баягы, баягы.. Мен кичинекей кезде атакем атка өңөрүп алып, биринчи жолу карагатка барганыбыз эсиме түштү. Бороондунун башы Үңкүр-Айрыкка барганбыз. Сакен кыштоонун оозунда үңкүрлүү аска турат. Эл: «Момундун үңкүрү» дешет. Андагы жалпак тамда Момун чоң ата жайы-кышы жашайт. Кемпири Калыйман экөө тең негедир бүкчүйүп басышат. Атам, “Кайран кишилер, жаш кезинде шыргыйдай узун немелер эле, карылыгың курусун…” — деп калат. Турдубек деген чоң баласы бар. Дайыма эшек минип жүрөт. Балдар, «Турдубек жинди келатат» дебеле качып калышат. Мен качпайм. Турдубектен коркпойм. Эшегинен корком…

Жол үңкүрдүн жанынан өтчү. Атам Момун чоң атанын таш тамына кайрылды. Дегеле жол боюндагы үйгө атакем кайрылбай койбойт. Азыр да ошентти. Баары үйүндө экен. Момун чал бирдеме көктөп үй түбүндө олтурат. Учураштык. Ичкериден байбичеси нан, айран көтөрүп чыкты. Арыдан эшегин жетелеп Турдубек келди.

— Салоомалейки…

— Алейкисалам, Турдубегим кандайсың? — деди атам кол алышып.

— Бала сеники?

— Ооба, менин Сарыбайым.

— Эшек минет?

— Ата, корком…

— Кой, коркот экен, ары алпар.

— Касый байкем кайда?

— Үйдө, кыштакта.

— Сен айтат, мен барам…

— Болду эми, булардын мээсин чакпай, койго бар, кыр ашып кетет — деди Момун чоң ата.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *