Шотланд жомогу

Куйругун булаңдаткан, көздөрү шойком калтар Түлкү бир күнү байкатпай жортуп келет да, фермердин чарбасындагы семиз чаар Корозду бурдай сугунуп зыйт коёт.

Мына анан, ызы-чуу салгандын баары уурунун артынан калбай жүгүрөт! Сая кууйт! Түлкү буту үзүлгөнчө тызылдап качып баратып да Корозду коё берер түрү жок.

Таң азандан кыйкырчаак, кызыл таажы Короз эле Түлкүгө кайдан жем болгусу келсин. Түлкү өз үңкүрүнө жеткиче Короз эмнени гана ойлонбоду дейсиң: ууру Түлкүнүн азуусунан кантип кутулсам деген ал кургур да куулукка салып сөз баштады:

– Ушу сени кармайбыз деген адамдардын деле мээси жок, эй! Сага кайдан жетсин алар!

Түлкүгө бу кеп жакты: чынында анын акылдуулук жагынан атагы бийик эмеспи. А таң азандан кыйкырчаак, кызыл таажы Короз болсо кебин улай берди:

– Бүттү эми, алар сени кууп жетиш кайда. Анан да баары сени кууп келатканы аз келгенсип: «Ууруну кармале, карма!» деп кыйкырышкандарын кантейин. Мен сенин ордуңда болсом: «Бул короз меники, мен аны уурдаганым жок!» деп кыйкырмакмын. Ошондо сени куубай калышмак, өзүң да үңкүрүңө жайбаракат жетмексиң, – деп койду Короз.

Түлкү анан өзүн кармана албай, азуусундагы Корозду бир азга бошотту да, мойнун көтөрүп кыйкырып калды:

– Бул менин корозум!

А жан деген ширин да: Короз карап турмак беле, Түлкү оозун ачаар замат зыйт койду. Анын зыйт койгонун бир гана Түлкү көрдү.

Кыргызчалаган О.ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *