АҢГЕМЕ
Уулум Эмилбекке

Аскар университеттин филфагына тапшырып, конкурстан кулап, айлына кайтып келди да, эки-үч күн өтүп-өтпөй туруп эле областтык гезитке баса берди. Анткени мектепте окуп жүргөндө анын макалалары бул гезитке үзбөй жарыяланып турар эле. Иштейин деген деле жок, жөн гана ойлонуп-ойлонбой туруп эле жөнөп калды. «Нарын правдасы» деген көрнөк илинген дарбазанын эшигин ачып киргенден, атүгүл анын туткасын кармагандан тартынып, аркы-терки баса баштады. Аңгыча ушул гезитте кабарчы болуп иштеген, өзүнө курбалдаш Асылбай деген жигиттин келатканын көрдү да, сүйүнүп кетти. Ал Аскардын чоо-жайын жакшы билчү – экөө шаардан жолугушуп, ал окууга өтпөй калгандыгың үчүн көңүл айтам деп Аскарды абдан кыйнаган. Алдынан утурлай басты.

— Ой, Аскарсыңбы?! – деди ал биресе чочугандай, биресе сүйүнгөндөй. – Эмне, бизде иштейин деп келдиңби? Азамат, ырас болбодубу, жүрү анда…

Тарткынчыктаган Аскарды ай-бугай келтирбей, дегдеңдете сүйрөй жөнөдү. Экөө шыдыр эле биринчи бөлмөгө кирип барышты. Бөлмөдө үч-төрт киши кажылдашып, кызыл чеке боло талашып жатышыптыр.

— Жолдоштор, бери карагыла! – деди түз эле Асылбай аларга буйра. – Мына, биздин дагы бир активдүү кабарчыбызды алып келдим. Билесиңер да, Жусубалиев. Онду жаңы эле бүттү. Окууга тапшырып… — Айтсамбы-айтпасамбы дегендей, мукактанып туруп калды.

— Ой, айланайын, ырас келбедиңби!.. – деп ордунан тура калды сары чийкил киши чын дитинен сүйүнө… — Свежий эмессиңби, айтсаң «кыргыек» болуп жазылабы, же «кыргыйек» болуп жазылабы, «й»дын кереги барбы?

— «Кыргыек», — деди Аскар аңырая, — «й» жазылбайт.

— Мына, маладес! – деди ал табалагандай, талашып жатышкандарды маашырлана тегерете карап. – Мына, мен айтпадым беле. Ой, кыргыек, кыргыек, билдиңерби? Мына, свежий баланын өзү да айтып жатпайбы. Онду кечээ эле бүткөн…

— Мен университетти бүткөм!.. – деп бурк этти узун жаак дагы бир сары киши нааразылана.

— Сен университетти бүтсөң, бул бала онду бүттү! – деди тиги киши ого бетер табалагандай. – Анын үстүнө сенин бүткөнүңө мына быйыл үч жыл болуп баратат. Үч жылдан бери билгениңдин баарын жутуп койдуң да тиги менен кошо, ха-ха-ха…

Баары каткырып калышты, тиги адегенде бозала боло түштү да, анан аларга кошулуп, өзү да каткыра кетти.

— Айтсаңар!.. – деди аңгыча көздөрү алайган кара тору жигит кирип келип, артынан бирөө кубалап келаткандай аптыга. – «А ну ка, девушки!» дегенди кандай которсом болот, ыя?

Баары бир аз дымый түшүштү.

— Кандай котормок элең, — деди талашта жеңип чыккан баягы сары киши олуттуу. – «Кана эмесе, кыздар, чечине салгыла!» — деп котор да, ха-ха-ха…

Бөлмөдө кайрадан каткырык жаңырды.

— Аа-аай… — Тиги нааразылана колун шилтеп, көзүн алайтып чыгып кетти.

Аскарга эми араң назар бурушту. Эмнеге келдиң дешкенсип бир Аскарды, муну эмнеге ээрчитип келдиң дешкенсип бир Асылбайды суроолуу карап калышты.

— Айтпадымбы!.. – деди Асылбай нааразы болгондой… — Бизге иштейин деп келиптир…

— Ие кокуй, анда бизге эмне алып келдиң? – деди дугдуйган кара киши далысын күйшөй. – Биз деле сендей эле бечарабыз да. Түз эле Лениндин өзүнө алып бар. – Бир аз тынып алып. – Владимир Ильичке…

— Жүрү!..

Асылбай буйругандай бурк этти. Экөө ээрчишип чыгып кетишти. Арттан күлкү жаңырып кала берди. «Ленини ким?!» — деди Аскар шыдыр эле чочулай. – Кызык…» Таңдана башын чайкады. Сурайын деп тартынды. Аскар ойлонуп бүткөнчө болбой, дагы бир бөлмөгө кирип барышты. Анда машинкасын чакылдатып бир кыз отуруптур. Ак жуумалынан келген, көздөрү бакырайган, кыргызга көп окшошо бербеген жылдыздуу кыз экен. Асылбай түз эле барып, аны кармалай кетти. Кыз эч бир каршылык көрсөткөн жок, машинкасын токтото койду да, дагы кармаласа дегенсип, денесин жая отуруп берди. Аскардын негедир денеси чымырап, уялып кетти. Акыры Асылбай Аскарды карап, көзүн кыса жылмайып койду да, кыздын кулагына бирдемелерди шыбырай баштады. Кыз бакырайган көздөрү менен Аскарды бутунан башына чейин бир карап алды да, анан бир жылмайып алып, мен азыр деп коюп, жамбашын чайкай маңдайдагы бөлмөгө шып кирип кетти. Кыздын киргенден чыкканы бат болду. Чыкты да, Асылбайды карап, бөлмөнү көздөй башын жаңсады.

— Кире бер, — деди Асылбай Аскарга, — баш редактор кирсин дептир. Эми…

Аскар кирсе, кашка баш, ак жуумал, мээрими жүзүнө тээп турган бир киши туруп алып, үстөлүндөгү кагаздарын шашкалактай аңтарып-теңтерип, бирдеме издеп жатыптыр. Издегени табылса эле, бир жакка чу койчудай. Башы жалтырайт. «Ушул үчүн Ленин дешет турбайбы» — деп ойлоп койду Аскар. Жакындай басып келди да, үнүн катуу чыгарып:

— Саламатсызбы! – деди кайрадан. Кирип келатканда эле салам айтканын ойлоп, уялып кетти.

Тиги селт этип алып, издегенин токтото койду да:

— Аа… Жусубалиевсиң да, ээ? Жакшы анда…

Аскарды унутуп калгандай, баягы кагаздарын кайрадан сапыра баштады. Аскар не кыларын билбей, элейип туруп калды. Тиги издегенин кайра токтото коюп:

— Ата-энең барбы?

— Бар.

— Аа… Жакшы анда.

Кайрадан издей баштады. Көп өтпөй бир селт этип алды да, издегенин токтотуп, Аскарды бутунан башына чейин карады. Анан эки жагын элеңдей карап, Аскарга моюн созо, элее акырын шыбырады:

— Вино ичесиңби?

— Жок! – Аскар чочуп кетти. – Эчтеке ичпейм!

— Аа… – деди тиги санаасы тынгандай. – Анда иштей бер.

Кайрадан кагазга илеше кетти. Аскар кетерин же коёрун билбей, жалдырап туруп калды. Муну тиги туйдубу:

— Аа… Жусубалиевсиң да, ээ. Жакшы анда… – деди Аскарды карап. – Бар анда, иштей бер. Эшикке чыксаң – билишет…

Аскар аны таңдана бир карап алды да, кутулганына сүйүнгөндөй эшикке атып чыкты

— Эмне деди?! – деди Асылбай элеңдеп.

— Билбейм… Иштей бер деди.

— Анда иштей бер. Баш редактордун өзү айткандан кийин бүттү да. Адегенде арыз жаз.

— Эмне арыз?

— Ишке орношуш үчүн арыз жазыш керек да.

— Аа…

Ошентип, иштеп калды. Маданият бөлүмүнө кенже адабий кызматкер болуп иштейсиң дешти. Башчысы баягы дугдуйган кара киши экен. Үстөлгө отурары менен ушуну эле күтүп жаткансып, ал Аскардын алдына каттарды үйүп таштады. Аскар суроолуу элейди.

— Четинен кемире бер, — деди ал далысын күйшөй. Анан сырдуу. – Текшеришиң керек…

— Текшеришиң? Эмнесин?..

— Баарын. Эми сен мектепти жаңы эле бүтпөдүңбү, грамматикалык каталарын соёсуң дечи. Бирок мазмунун да кара. Жарачуларын оңдоп-түздөп жарат, жарабачуларына жарабайт деп жооп бергин да, аягына «редакция менен байланышыңызды үзбөй, дагы кабарларды жиберип туруңуз» – деп жазып кой. Экинчи жибереби, жибербейби – аны ит билеби? – Колун шилтеп койду.

Мурда макала жазып жүргөндүктөнбү, Аскар ишке бат эле көнүп кетти. Элге да көндү, мурункудай тарткынчыктабай калды. Айылы жакын – апта сайын салып-уруп барып келип турат. Жөн келбей бирден макала жаза келет. Клуб жөнүндө, китепкана жөнүндө, анан да айылдагы атактуулар жөнүндө. Макаласы жарык көргөн сайын, купуя болсо да дердейип калат. Кээде гана ичтен жылдырып койгону болбосо, бөлүм башчысы да тамашакөй жакшы киши. Аскарга баарыдан анын өйдөсүнбөгөнү, дайыма Аскар менен эсептешип турганы жагат. Өзгөчө эсеп-кысап жагынан. «2+2=4» – деп бажырайып жазылып турса да, Аскардын жанына атайын басып келет да, кагаздагы сандарга сөөмөйүн такап:

— Мобу балакетиң туурабы, ыя? – дейт. – Ушу эсептен жаман корком, биринчи класстан бери эле көкөйүмө көк талкандай тийип келатат. Өзүмө таптакыр ишенбейм. – Башын чайкай. – Бу эсеп дегениң жам-аан, кичине эле кылт этип жаңылсаң, атууга кетип калышың мүмкүн… – Титирей кетет.

Аскар ишенер-ишенбесин билбей, аны таңдана карап калат. Ал Аскарды макаласы жарык көргөн күнү да, көрбөгөн күнү да бир таңдандырып алат. Эгер макаласы жарык көрүп калса, маңдайы жарыла кудуңдап сүйүнөт. «Аа… Беришкен экен да,» — дейт өзүнчө шыбырап компоё. Анан Аскарга келет да, гезитти үстөлдүн үстүнө шашпай жайып, өзүнүн макаласын колу менен нукуп:

— Бул кимдики, ыя? – дейт чечекейи чеч боло. Жооп күтпөй, өзү жооп берет. – Бул көкөңдүкү да, ыя! – Көкүрөгүн бир кагып алат да, макаласына тигиле. – Буга канча сом коёт, ыя, 30 сом коёбу? Буюрса коёт. Мурункусуна 20, андан мурункусуна 25 сом турду дей бер. Буюрса… – Далысын күйшөй, эки колун ушалап аркы-терки баса баштайт.

Макаласы жарык көрбөй калса, бөлмөгө маанайы чөгүп кирет. Отурбай жатып:

— Эмне үчүн беришкен эмес, беребиз дешпеди беле! – дейт Аскарга карап бурк этип. – Өздөрүнүкүн ар бир санга басышат, акчадан атасы өлүшкөнсүп. Болгондо да баш макала деп беришет. Мына, «Күз – күрөш» дептир, ушул да баш макалабы? Баш макала деген саясат болуш керек, баш макала деген… – Не дээрин таппай калат да, — кээде саясатты жазымыш болуп коюшат, ал эч кандай баш макала эмес, «Правданын» төртүнчү бетинен которулган сабатсыз котормо! Же, эмне, башкы редактор, орун басар болсо эле сөзсүз түрдө баш макала жазышы керек бекен, сөзсүз түрдө ар бир санга макаласы чыгып туруш керек бекен?! – Кара көк тартып чыгат да, бир аз үндөбөй туруп, — мен азыр… – деп коюп чыгып кетет.

Көп өтпөй кирип келет. Баягынын бири жок – жайдары.

— Түз эле Лениндин өзүнө кирдим, — дейт мактангандай, Аскарды карап. – Эмикиде сөзсүз бердиртем деди…

Аскар анын чечекейи чеч боло кубанганын да, кара көк тартып туталанганын да карап туруп, өзүн табышмактуу, башка бир дүйнөгө туш болуп калгандай сезип кетет. Анан:

— Акча… – деп өзүнчө сырдуу шыбырап алат да, негедир ичи ачышат.

Ушинтип бөлүм башчысынын кубанганына да, туталанганына да – экөөнө тең бирдей баш чайкап, акыры «акча…» деп ич ачыштырган шыбыр менен бүтүп жаткан күндөрдүн бир күндөрүндө демейдеги летучка өтүп калды. Анда эмне маселелер каралганы азыр Аскардын эсинде жок, айтор, летучка аяктап баратканда, жооптуу секретарь чочугандай башын шак көтөрдү да, сурангандай баш редакторду жалдырай тиктеп калды, ал түшүнгөндөй көздөрүн кымыңдата күлүмсүрөй башын ийкегиледи эле, жооптуу секретарь астыңкы эрдин өчү бардай тилинин учу менен бекем басып туруп, бир жаланып алды да, түз эле Аскардын башчысын качырып сала берди:

— Жолдош Мамбеткадыров, айтыңызчы, бу кандай, эмне үчүн сиздин кызматкериңиз Жусубалиев жалаң эле өз айылы жөнүндө жазат? Мына караңызчы, Оттук айылынын кулубу, китепканасы, дагы, дагы… А атактуу аял, эркектеринин баарын бирден терип бүттү, эми ойлоп көрсөм, жазбаган бир гана туалети калыптыр, эгер ал айылында бар экени чын болсо… – Гезитти силкилдете, — эмне, бул Нарын областынын гезитиби, же Оттук айылыныкыбы? – Суроолуу тигилди.

Аскар жанатан бери кашка баштарды санап, «кызык, баш редактордуку да кашка баш, анын биринчи орунбасарыныкы да кашка баш, өнөр жай бөлүмүнүн башчысыныкы да кашка баш, азыр үч кашка баш бар экен, жооптуу секретардын орунбасарынын чачы да өйдөлөй түшсө, төртөө болот экен» — деп өзүнчө кыялга батып, жыргап отурган. Эми өзүнүн атын укканда, селт эте, бир жооптуу секретарды, бир өзүнүн башчысын жалдырай карап калды.

— Ой, ал азыр козу да! – деди аңгыча Чапай аттуу кызматкер чочугандай ордунан тура калып, Аскарга боор тарта, көздөрүн бакырайтып. – Ал биздин козубуз да, кочкор болот да буюрса. Ошо кочкор болгондо…

Чапайды толук сүйлөтпөй, отургандар жапырт күлүп ийишти.

— Козу акыры кочкор болорун мен сизден жакшы билемин! – деди жооптуу секретарь кызаңдай. – Уктуңузбу?!. – Не дээрин билбей калды да, кайрадан бөлүм башчысына кайрылды. – Айтыңызчы, жолдош Мамбеткадыров, сиз эмне үчүн эле Жусубалиевди кабинеттен чыгарбай, камап жатасыз? Деги сиз бул жөнүндө ойлодуңуз беле?

— Ойлогондо эми… – Бөлүм башчы мукактанып туруп калды.

— Жолдоштор… жолдоштор… – деди аңгыча баш редактор көзүн күлмүңдөтө, элди айландыра карап. – Жолдоштор, жолдош жооптуу секретардыкы туура, абдан туура. Биз жаштарга камкордук көрүшүбүз керек, керек болсо конкурстарды уюштуруп…

Ушул маалда арт жакта үргүлөп отурган өнөр жай бөлүмүнүн башчысы чочугандай ордунан ыргып турду да, баш редактордун кебин оозунан жулуп алды:

— Баркалбас Бакирович, кечирип коюңуз, кебиңизге аралжы, менде бир мындай сунуш бар. – Эки жагын айландыра карады да. – Жолдоштор, ушул быйыл 8-Мартка карата ырлардын конкурсун уюштурсак кандай болот, ыя? Буга мен деген акындарың да, жөн эле ыр жазып жүргөндөрүң да катышышсын. Бирок эркектер гана, аялдарыңдын кереги жок. Эмне, өздөрүнүн майрамдарына өздөрү, эмне?.. – Мукактана кетти.

— Тура, – деди биринчи орунбасар аны кубаттай, — жалаң эркектер гана катышсын. Бирок катын алалектери гана. Катын алгандарынын энесин урайын, аларда энеге деген кымындай да сүйүү калбайт, алардын сүйүүлөрүнүн баары катындарына ооп кеткен!..

Кайрадан күлкү жаңырды. Баш редактор өзү да жаны жыргай бир күлүп алып:

— Жолдоштор… жолдоштор… – деди адатынча. – Тынчтансаңыздар. – Ойлонуп калды да, өзүнүн кашка баш биринчи орунбасарына кайрылды. – Айтыңызчы, жолдош Сулайман Мамбетович, азыр кайсы ай?

— Октябрь… – деди тиги ойлонуп-ойлонбой.

— Анан кайдагы 8-Мартты айтып жатасыз?

— Ыя?.. – Орунбасары чочуп кетти. – Ооба, чын эле. Анысы да бар да, ээ…

Отургандар эстерине эми келгендей бир дымый түшүштү да, анан күлүп жиберишти. Башкы редактор көздөрүн күлмүңдөтө, башын ийкегилей, отургандарды айландыра бир карап алды да, мелтиреп бир азга ойлонуп туруп:

— 8-Март демекчи, — деди сырдуу жылмайып, — мына ушул чукул эле жерде «8-Март» деген бир колхоз бар. Чыр колхоз. Каттар көп келет. Бир башкармасын жамандайт, бир селсебетин жамандашат, бир кампачысын жамандашат. Ушуга жиберсек кантет, ыя? Эмне, жаш десең жаш, чынчыл, жүрөгү курч, баарыдан да ичпейт. – Тегерете карап келип, өнөр жай бөлүмүнүн башчысына токтоду. – А силерди жиберсем, үч эле күнгө жиберсем, отуз күндүн киресин чыгарып, оонап…

Тигинин жаны чыгып кетти:

— Эмне, жеке эле мен ичип атамбы?!.

— Жолдоштор, жакшылап уксаңыздар, мен «сен» деген жокмун да, «силер» деп жатам.

— Аа… Ушинтсеңиз.. – Бөлүм башчынын санаасы тынып, компоюп калды. Анан өзүнчө эле шыпшына кетти: — Ай атаңдын көрү, чын эле азыр ал жерде жыргал да. Күндө той. Казы, карта. Чаңырган бозо! Тим эле буркулдаган буураңды көмөлөтө урат. Атаңдын көрү!.. – Жаланып туруп калды.

— Эми сенин эси-дартың эле ошо да… – Биринчи орунбасар шылдыңдагандай мыйыгынан жылмайып койду.

— Ошо болгондо ошо да… Чын эле ушундай да. Сиз өзүңүз деле айтып каласыз го, шилекейиңизди чубуртуп…

Мындай каяшаны күтпөгөнбү, орунбасар негедир жарылып кетти:

— Ошо болгондо ошо болсо… Баягында бир врачтын материалын иштеп бериптирсиң. Майды көзгө салып коёт деп жүрөт. Ой, майды көзгө салбайт, а сыйпайт. Уктуңбу, сыйпайт!..

— Врач өзү ошентип жазса, анан эмне?..

— Эмне, врач өлүш керек десе, өлүп калышың керекпи?

— Эмнеге өлмөк элем, жинди киши бар бекен өлгүдөй, өлгүсү келгендер өлө беришсин!

— Ии… Көрдүңбү?.. Анан бирдеме болсо эле, казы, карта, бозо!.. Салып коёт деп… Сиз өзүңүз деле деп… – Өзүнчө шыбырап, адатынча сөгүнө кетти. – Энеңди урайын десе…

Чыр күчөп кетет деп чочуладыбы, баш редактор калеми менен үстөлдү тыкылдата:

— Жолдоштор… жолдоштор… – деди, — ортодон жыра качырмайды токтотсок кантет, ыя? – Биринчи орунбасарга кайрылды. – Сиз, жолдош Сулайман Мамбетович, муну кабинетиңизге чакырып алып, өзүнчө айтпайсызбы…

— Айтканда эмне!.. – Орунбасар колун шилтеди да, өзүнчө күбүрөнө кетти. Сыягы, дагы сөгүндү окшойт.

— Анда кандай дейсиңер, жолдоштор, — деди баш редактор, отургандарга суроолуу карап, — үч күн жетет го дейм, ыя?

Эч ким үндөбөдү. Аскардын артында отургандардан экөө өз ара шыбыраша баштады:

— Тү-үү ата, өлгөн турбайбызбы. Эми үч күн кимди чуркатабыз, ыя? — деди биринчиси.

— Кайда? – деди экинчиси таңдана.

— Тигигечи… – Акырын шыбырады. – Бөтөлкөгө…

— Үч күн ичпей койсоң кудай албайт сени. Оо, кургур, өлүп баратасыңбы сукулдап…

— Ыя?! Өзүңчү! Сен, эмне, менден артыксыңбы? Мурдуңду карачы, маймылдын көтөнүндөй кызарып…

Муну укканда чукчуңдашкандардын жанындагылар бышкырып жиберишти. Аскар да. Баш редактор чыдай албай кетти.

— Жолдоштор!.. – деди аларга карап, үнүн катуу чыгарып. – Ушул чогулуш маалында өзүнчө чогулуш ачканды качан токтотосуңар, ыя?!.

Бышкырык тып басылды.

— Анда эмесе, жолдоштор, Жусубалиевди үч күнгө «8-Мартка» командировкага жиберели, — деди баш редактор кебин улап, жайлана. – Үч күн, эмне, толук жетет, атүгүл ашып да калат. – Айландыра карап. – Анда баарыңар тапшырмаңарды даярдап, бир сааттын ичинде Жусубалиевге бергендей болгула. – Бөлүм башчыга кайрылды. – Сиз Алмагүлгө айтыңыз, кагазын даярдасын, мен кол коюп, печатын басып берейин. – Күлмүңдөп бир аз турду да, Аскарга карап: — Жусубалиев, бул сенин биринчи командировкаң, уктуңбу, биринчи, сени атайы ишенип жиберип жатабыз. – Отургандарга колун жаңсай, — сен буларды туураба, булардын тили тил эмей эле, сөөк… Сен лирично жазып кел. Түшүндүңбү?..

Аскар түшүнүп-түшүнбөй башын ийкегиледи. Аскардын жанынан кимдир бирөө өзүнчө күңкүлдөп койду:

— Сөөк деп… Өзү акын болсо эле…

Ушу күңкүлдөк менен летучка да бүттү. Баары дүрбөп, эшикке жөнөштү.

— Көрдүңбү, сенин азабыңдан сөз да угуп калдым, — деди бөлүм башчы Аскарга, эшикке чыгары менен. — Эми… Сен башка бөлүмдөр бергендерди да аткар. Бирок сенин негизгиң — «Айылда жашасаң, техниканы башкара бил!» Уктуңбу, ушул рубрикага сөзсүз материал даярдап кел. Мунсуз… Эмне, оңой эле да, бир алдыңкы трактористи бар алардын Калдыбаев Качкынбай деген, ошону тап да, анын атынан бирдеме чиймелей сал. Калганын өзүң билесиң да: китепкана, клуб… Тайманбай эле селсебетине кирип баргын такылдап, сени областтык гезиттин кабарчысы дейт…

Аскар кантип барам, кандай суроолорду берем деп ойлоп, баш катырган деле жок. Болгону жаңы калем, блокнот гана сатып алды. Автобус эртең менен саат ондо жөнөйт экен. Муну билип, эрте эле жетет экенмин деп сүйүнүп калды. Эртең менен автовокзалдын кассасына келди да, тешикчеден мойнун созо:

— Эже, «8-Мартка» бир белет берип коёсузбу?..

— Кайсы күнгө?

— Кандай кайсы? Бүгүнкүгө да..

— Бүгүнкүгө?! – Аял таңдангандай Аскарды элее карап калды. Анан түшүнгөндөй жылмая. – Сен бул жерге биринчи жолу бараткансың го, ээ, — деди. – Белет бери эле дегенде үч күн мурда сатылат, ошондо да автобус болот десе гана… – Жактыра бербегендей, бетин бырыштыра. – Эли да бир кызык, эчтеке көрүшпөгөнсүп. Ошолоруң белетке карашарын да бир кудай билет, кудайдын кутту күнү эле орун талашып, жулмалашып жатканын көрөсүң… Эми сен эптеп эле илешип кетпесең..

Аскар шаабайы сууп чыкты. Автобус автовокзалдын так алдынан жөнөйт экен. Ал жерде топурашып бир нече киши турат, улам-улам эки жакты элеңдеп карап коюшат. Аскар да алардын жанына келип туруп калды. Бир маалда автобус келип токтоду. Мына, анан көрүп ал!.. Баары эле туз сураган койдой жамырашып ага жүгүрүштү. «Кассирдин айтканы чын экен, — деди Аскар аларды карап туруп, башын чайкай. – Кой…” Кайра үйүнө жөнөдү. «Эртең барсам деле жетишем да…» — деп койду жолдо баратып, өзүн жооткото. Эртеси дагы келди. Баягы эле көрүнүш, баягыдай эле жамырашмай, тытышмай. Аскар чочулай баштады: «Кудай у-ур, минтип отурушса, быйыл да жетпейм го…» Кассирдин айтканы кайрадан эсине түштү. «Чын экен», — деди өкүнгөндөй башын чайкай. Мен да кирип көрбөймүнбү деген ой менен автобустун эшигинин жанына келди. Кире алчудай эмес. Шуулдайт тим эле. Жылчык жок. «Ушунча киши кайда батып атат?» — деп таңдана башын чайкап кыйлага турду да, адатынча: «Кой…» — деп алып, үйүнө жөнөп калды. Чочулап келатты. Бирок алдыда дагы алтынчы, дем алыш күндөрү бар экенин ойлоп, сүйүнүп кетти: «Эмне, эртең барсам деле, жетишем да…» Эртеси күндөгү маалда дагы келди. «Бүгүн сөзсүз кетишим керек. Сөзсүз…» Жолдо карата ушинтип шыбырап, өзүнө өзү убада берип келди. Чын эле, Аскар бул жолу түртүшүп жатып, эптеп илешти. Кире бериште жашы элүүлөргө таяп калган бир аял менен жанаша туруп калды.

— Эмне эле мени ныгырып жатасың, айланайын! – деди аял көп өтпөй, Аскарды ары түрткүлөй. – Билсең, мен сенин энең менен тең кишимин!..

Тегерегиндегилер күлүп калышты.

— Сизди ким ныгырып жатат? – деди Аскар ыңгайсыздана. Негедир ызалана кетти да, оозунан мындай сөз өзүнөн өзү чыгып кетти. – Мен деген кабарчымын!..

— Ыя?! Кабарчымын!.. Сенби?!. – Аял, албуут неме көрүнөт, Аскарды шылдыңдагандай бир карап алды да, акылдап коё берди. – Ой, жашабай калгыр, уялбай айтып турганын кара, — баланы туурап, — «мен деген кабарчымын!» Этегиң такымыңа жетпей калсын! Карабайсыңбы, эне сүтү оозунан кетпей жатып калпты ышкыртканын!.. – Башын чайкай, ызырына. – Ой, азыркы балдар жатындан башын кичине эле кылтыйтып алышса элеби… Ой-оой!..

Аял, аңды-дөңдү карабай, жебирей баштады. Токточудай түрү жок. Аскар башын көтөрө албай калды. Уялганынан денеси нымшып, тердеп да чыкты. Элдин баары эле аны жабалактап карап, шылдыңдап жаткандай туюлду. Чыдай албай кетти. «Ээ!..» — деп алды да, сыртка атып чыкты. Аял дагы эле автобусту жаңырта кыйкырып кала берди:

— Кабарчымын деп коёт! Кабарчынын балакетин ал!.. Бар, тиги балдар менен чүкө атыш, ха-ха-ха…

Аскар артынан баары жабыла карап турушкандай оңтойсуздана, жүгүргөн бойдон аркы өйүзгө чыкты да, кайда барсам дегендей ойлонуп туруп калды. Негедир жеңилдей түшкөнсүдү. Кассирдин сөзүн эстеди да, «чын эле…» — деп шыбырап койду. Ушул алкылдаган аял жашаган айылга барарын ойлоп, элең эте коркуп кетти.

— Ой, эмне, келип калдыңбы?.. Сенин барганыңдан келгениң… – Бул үн Аскарды селт эттирди. Башын көтөрсө, маңдайында бөлүм башчысы туруптур.

— Жок… — деди Аскар күнөөлүүдөй маанайы пас. — Бара элекмин. Белет жок дейт. Эчак эле сатылып кетиптир…

— Бара элекмин! Мына кызык, ой, өлтүргөн турбайсыңбы!.. Ансыз деле… Ой сен белетке караба, ага карап отурсаң, талаада калбайсыңбы. Кабарчымын дебейсиңби!..

— Эч ким ишенбей жатпайбы, — деди Аскар күнөөлүүдөй башын шылкыйта, — кабарчымын десем.

— Ой, жаның барбы, күбөлүгүңдү көрсөтпөйсүңбү ымтырабай!..

— Кайсы?

— Кандай кайсы? Алмагүл машинкага басып берди беле?

— Ооба… — Аскар баракты эми гана эстеп, чөн­төгүнөн төрт бүктөлгөн бланкты сууруп чыкты да, ичинен күбүрөп окуп кирди. — «Жусубалиев Аскар. Нарын областтык «Нарын правдасы» гезитинин кенже адабий кызматкери. Башкы редактор К.Бакиров».

— Күбөлүктү бырыштырып, чөнтөгүнө салып… — Бөлүм башчы жини келгендей, башын чайкады. — Сен ушуну көрсөт. Элге көрсөтпө, түшүнгөнү бар, түшүнбөгөнү бар, күбөлүгүңдү бырчалап айрып салышы да мүмкүн. Сен муну начальникке көрсөт, диспетчерге көрсөт, барарың менен селсебетке көрсөт. Мына, бүгүн үч күнүң бүттү. Эртең… Мен жооп бере албайм… Атайы ишенип жиберишсе!.. — Адатынча кара көк тартып чыкты да. — Эмне кылсаң — ошо кыл, иши кылып биринчи күнү бир макалаң даяр болгондой болсун!..

Бөлүм башчы нааразылана колун шилтеп, шарт бурулду да, жөнөп калды. Көп өтпөй чочугандай кайра бурулуп, кыйкыра кетти:

— Аскар, мен сени көргөн жокмун, сен мени көргөн жоксуң! Уктуңбу?!

Аскар башын ийкегиледи да, бул эмнени айтып жатат дегендей, ийнин куушуруп койду. «Бүттү!.. — деди жолдо баратканда өзүнчө күбүрөнүп. — Бүттү!..» Ындыны өчүп, эс-мас болуп баратты. «Бир макала дебедиби, — деди көп өтпөй демөөр байлай, — чыксам, дем алышта түн бою отурсам да бүтүрүп берем да…»

Эртеси автовокзалга келгенде, топтошуп турган элди көрүп, «и… ий…» — деп заарканып алды да, диспетчерди издеп жөнөдү. Начальникке киргенден негедир тартынды. «Диспетчер» деген кызыл жазуусу бар эшикти ачып кирип барды. Эки киши бар экен. Бирөө отуруп, экинчи туруп алып, бир-бири менен сүйлөшүп жатыптыр. «Диспетчери ушунусу болсо керек» — деп ойлоду да, баягы төрт бүктөлгөн кабарчылык күбөлүгүн отурган кишиге сунду. Ал алды да, көз жүгүртүп чыгып, жедеп көнүп бүткөнбү, шыдыр эле:

— Кайда деди?

— «8-Мартка».

Ал туруп турган кишиге буйра сүйлөдү:

— Бу баланы эптеп илип кетчи. Кабарчы экен…

Тиги башын ийкеди да, жүрү дегендей башын жаңсай, Аскарды ээрчите жөнөдү. Эл автобустун жанында сагалап туруптур. Аскарларды көргөндө эле, экиге жарыла беришти. «Аа… шоопуру ушул киши тура» — деп ойлоп, Аскардын санаасы тына түштү. Ал Аскарды автобуска ээрчите чыкты да:

— Өзүң билесиң — орун жок. Мына ушул жерге туруп тургун, — деди өзүнүн жанын көрсөтүп. Анан элге кыйкырып калды. — Ой, кире бергиле…

Кайрадан баягыдай эле апыр-тапыр башталды да, бирок көп узабай эле ал тып токтоду. Мурунку күндөрү мындай апыр-тапыр түбөлүк бүтпөчүдөй сезилген Аскарга. Көрсө… Кызык… Аскар таңдангандай башын чайкап койду. Шоопур белетти сурап да койгон жок, эч ким белетин да көрсөтпөдү. Орун талашып тытышкандар деле болбоду. Отургандар отуруп, тургандары туруп турушат. Отургандарга отурууну, тургандарга турууну маңдайларына жазып коюшкандай, баары ыраазы, бейкапар. Өз көзүнө ишенбегендей Аскар башын чайкады. Анан кассирдин сөзүн эстеп, башын дагы бир жолу чайкады. Эчтеке менен иши жоктой, эл бейкапар. Айрымдары каткырышып тамашалашып баратышат, айрымдары күңкүлдөшүп таарынышып баратышат. Кээ бирөөлөрү эч ким менен сүйлөшпөй, өзүнчө ойго баткан. Кадимки эле кишилер. Куду Аскардын айылындагы эле адамдар. Айыл адамдары. Түтүн жыттанган, короо жыттанган, талаа жыттанган айыл адамдары. Аскардын ичин кандайдыр бир жылуулук өрдөп өткөнсүдү. Биресе суктангандай, биресе боору ачыгандай, элди улам-улам карап, макул болбогондой башын чайкап коёт. «Ошентип, 8-Мартка да жөнөп калдым…» — деп шыбырап койду акыры, эмне дегенин өзү да элес албай кудуңдай… Арадан канча убакыт өткөнү белгисиз, айтор, бир маалда алдыда отурган чал жанындагы кемпирин түрткүлөп, буйра сүйлөп калды:

— Кичине арыраак жылып отурчу!..

— Эмне, ботом, батпай жатасыңбы?!.

— Ээ, жыл дегенден кийин жылып отура бер да!..

Кемпири жылды көрүнөт, чал Аскарды шымынан тарткылап:

— Айланайын, — деди мээримдүү, — сен чоочун бала көрүнөсүң… Кел, отуруп алчы, жанатан бери бутуң деле талыгандыр…

— Жо-оок, ата, тим эле!..

— Кел, кел, айланайын, батышабыз. Үчөөбүз тең ыркыйган немелер экенбиз…

Аскар жылмая башын чайкап, чалдын жанына отуруп калды. Кемпири өзүнчө күңкүлдөй кетти:

— Ээ, жана эле ушинтпейт да!…

Чал кемпиринин сөзүнө назар бурбай, Аскарга суроолуу тигилди:

— Кабарчымын…- деди Аскар кысынгандай шыбырап.

— Аа… Жакшы, айланайын, жакшы, — деди бакылдап сүйүнө. – Гезитте иштейт турбайсыңбы?

Аскар башын ийкеди. Чалдын сөзүн укканда автобустагылар, өз ара кужулдашып, бир козголо түшкөндөй болду. Баары бир кишидей жапырт Аскар жакты карап калышты. Аскар оңтойсуздана, нымшып тердеп чыкты.

— Ата, — деди Аскар, оң колунун сырты менен чекесин жанып, — жеткенде мага селсебеттин конторун…

Чал Аскарды толук сүйлөтпөй, так секире, бакылдай кетти:

— Ошо селсебетиң жерге кирсин!.. Андан…

— Болду эми, акырын, — деди кемпири нукуп, — эл угат…

— Ошо уксун деп айтып жатам! — деди чал ого бетер бакылдап, — Укса-чаап алышсын! — Аскарга карап. — Андан эчтеке чыкпайт, айланайын. Ал катынынын эле сөзүн сүйлөйт. Ошон үчүн сен түз качырып эле башкарманын өзүнө кир. Эмне, ал сенден сессин да, сен чоңсуң да, гезитте иштейсиң да, айланайын!…

Чалдын сөзүнөн улам автобуста күлкү жаңырды. Аскар да күлдү. Кемпири жактыра бербегендей, кайрадан күңкүлдөй кетти:

— Ээ, карыганын да билбейт какчаңдап…

Чал үндөгөн жок, кемпирин жаман көзү менен бир карап тим болду. Аңгыча автобус саан уйдай чайпала кырга чыга келди. Ылдый жактан чакан айыл көрүндү. «Чөйчөккө салып койгондой экен…» — деп Аскар өзүнчө шыбырап койду да, чалга кайрылды:

— Ата, 8-Мартка качан жетебиз?

— Жетпедикпи, айланайын. Мына, 8-Мартың… — Чал күлүп, колун айылга жаңсап койду. Дал ушул маалда шоопур автобусту жаңырта кыйкыра кетти:

— Автобусту бүгүн үй баш сайын токтотот экен деп ойлобогула, өзүңөрдүн эртеңкиңерди ойлогула! Кадам сайын токтото берсем, автобус бузулуп, эртең өзүңөр эле шаарга жете албай, шоруңар катат. Ошон үчүн бүгүн ар бир үйгө эмес, өзүңөр айтып жүргөн сынтырыңарга гана бир токтойм… — Тамашага чаргыта. — Белети жоктор, жөнү жок ыйлактабай, тыйыныңарды камдай бергиле!..

Шоопурдун айтканын баары эп көрүштүбү, эч кимиси лам деп ооз ачкан жок. Чалдын байбичеси гана:

— Аа, айланайын, сенин айтканың да чын. Сага да убал… — деп койду табышмактуу.

Автобус чын эле токтогон жок, айыл аралай келип, айлампа жолго гана бир токтоду. Сынтыры ушул экен. Эл дүрбөп түшө баштады. Аскар жол киресин төлөгөнү чөнтөгүн оодарып акча издеп, кичине кармалып калды. Чал кемпири экөө ээрчишип түшүп кетишти. Аскар чал менен коштошпой калганына өкүнүп, «каа-п…» — деп калды. Шоопур сыртта, чыга бериште, туруп алып, белети жоктордон акча алып жатыптыр. Аскар да барып, акчасын сунду эле:

— Ээ… -деп колун шилтеп, албай койду. Ыңгайсыздана жылмайып, кайра сунду эле, тиги да кайтадан колун шилтеди. Аскар таңдана ийнин куушуруп, «ыракмат…» — деп өзүнчө күбүрөп алып, ары көздөй басты. Көп узабай башын бурду да, шыбырай кетти: «Бу шоопур белети жокторду кантип билет?..» Чал акмалап турган экен, Аскарды көрөрү менен эле, алдынан утурлай чыкты да:

— Аа, айланайын, аман-эсен чыктыңбы? — деди адатынча бакылдап. – Сен селсебетиңди кой, түз эле башкарманын өзүнө киргин. Селсебетиң ажаат ачпайт, айтпадымбы, ал катынынын эле сөзүн сүйлөйт. — Өйдө жакты көздөй колун жаңсай. — Тээтиги жаңы акталган аппак үйдү көрдүңбү, ошо — башкарманын кантору. Көрдүңбү, аппак болуп бөлүнүп турат. Ошо… — Нааразылана. — Жанагы кудай ургандын канторун көрсөң, тим элеби… кепе. Ошо өзү отурган жерин киши өңдүү кармай албаган немеден кантип… Ошон үчүн сен, айланайын…

Ушул маалда кемпири жетип келди да, аны жеңинен тарткылай кетти:

— Ээ, басчы элдин баарына шерменде кылбай?..

Кантсе да чал кемпиринен сезет көрүнөт:

— Атаңдын оозун урайын десе алкылдаган, басам, баспаганда эмне, качып кетмек белем! — деп опузаламыш болду да, кемпиринин артынан ээрчиди.

Карт дарактын бутактарындай болгон кемпир-чал ээрчишип, өздөрүнчө чукчуңдашып баратышты. Аскар ыраазы боло күлүмсүрөп, аларды узата карап турду. Анан коштошпой калганын ойлоп, «каа-ап…» — деп кайрадан өкүнүп алды. Аңгыча күзгү жел беттен аймалады, жел менен кошо кандайдыр бир жагымдуу жыт да келди. Айыл жыты. Түтүн жыттанат, талаа жыттанат, короо жыттанат, тоо жыттанат, керимсел жыттанат. Негедир көз алдына автобустагылар тартылды. Айрымдары каткырышып келет, айрымдары чукчуңдашып келет, айрымдары бул жарык дүйнө менен иши жоктой, ойго чөмүлүп келет. Ошентсе да баары бейкапар, баары жайдары. Буларды бир-бирине байлап, бир-биринен ажыратпай кармап турган бир нерсе бар, ал-айыл жыты. Аскар ушинтип ойлоду да, негедир сергилең тарта түштү. Анын жан дүйнөсүн ушул жыт, ушул жел, анан да автобустагылар мизилдете жууп кеткендей болду. Көңүлү көтөрүлө түштү да, шоопурдай ээ… деп колун шилтеп алып, чал көрсөткөн үйдү көздөй жөнөдү.

Үй анча деле алыс эмес эле — тез эле жетти. Ал алыстан кичине көрүнгөн менен, өздөрүнүн редакциясына окшогон узун имарат экен. Эки чоң эшиги бар. Кайсынысына кирсем деп, Аскар кичине ыргылжың боло калды да, экинчи эшикке жөнөдү. Эшикти акырын ачып кирсе, эч бир жан жок. Үстөлдүн үстүндө капкара машинка турат. Эки жакты айландыра карады. Бул жерде да эки эшик бар экен: сол жактагы эшикте «председатель», оң жактагысында «партком» деп жазылыптыр. Туура эле тааптырмын деп, Аскар сүйүнүп кетти. Анан эмнегедир жүрөгү дүкүлдөп согуп кирди. Сол жактагы эшик кичине кыңкайып ачык туруптур. Аскар аста шыкаалай баштады. Аңгыча сырттан кандайдыр бир дабыш чыгып, ал элтең эте бери бурулайын дегенде, эшикке бир буту тийип кетти да, шарт ачылып кетти. Аскар эмне кыларын билбей, кайрадан артка бурулду да, босогону аргасыздан аттап, негедир жеңилдей түштү. Тээ төрдө сары чийкилинен келген, анча толук да эмес, анча арык да эмес, олбурлуу, узун жаак бир киши отуруптур. Башкармасы ушул киши экен деп ойлоп алды да, Аскар аны көздөй бет алды. Тиги болсо өзүн көздөй түз эле качырып келаткан Аскарды элее карап калды. Аскар орто жолго келгенде, эсине бирдеме түшкөндөй тык токтоду да, төш чөнтөгүн шаша-буша оодара кетти. Акыры блокнот менен кошо баягы төрт бүк­төлгөн баракты сууруп чыгып, блокнотун кайра сала койду. Анан төрт бүктөлгөн баракты шашкалактай жазып, тиги кишинин маңдайына келди да, чочугандай «саламатсызбы!» — деп алып, баракты желпилдете ага сунду. Башкарма баракты шашпай алды да, акырын көз жүгүртө кетти. Ушул маалда буга эмне үчүн кирдим, кандай суроолорду беришим керек деген ой анын башына шак дей түштү да, жүрөгү кайрадан дүкүлдөп согуп кирди. Тиги башын ийкегилеп бир аз турду да, анан Аскардын бутунан башына чейин бир карап алып, отургун дегендей маңдайындагы үстөлгө колун жаңсап койду. Аскар коомайсыздана отурду да, өзүнө суроолуу тигилген башкармага өзүнүн эмне үчүн келгендигин шашкалактап айта баштады. Акыры, эмне болуп кеткенин өзү да билбейт, айтор, бул маселелер менен селсебетке кирүүгө тийиш экендигин, бирок ал түз эле эле башкармага кирүүнү эп көргөн­дүгүн кошумчалай салды. Башкарма башын ийкегилеп, шашпай укту да, Аскар токтогон соң:

— Мен деле жаңы эле келдим, — деди эки алаканын жая, негедир актангандай, — он-он беш күн эле болду. Мурда «Жаңы-Талап» колхозунда башкы бухгалтер элем. Ой-бойго койбой, биякка башкарма кылып айдап ийишти. Айла жок — өкмөт менен партия… — Аскарды карап, мээримдүү жылмая. — Эми жазайын деп келсең — жазасың да… Чындыкты жаз…

Аскар ичи жылый, башын ийкеди. Башкарма чырылдагын басты. Шукшуйган кара тору келин кирип келип, туруп калды.

— Бухгалтерлердин бирин чакырчы, — деди башкарма, — кимиси болбосун…

Келин үндөбөй чыгып кетти. Көп өтпөй бир жаш жигит кирип келип, үстөлдүн аркы четине токтоду да, бир башкарманы карап, бир Аскарды карап, үндөбөй туруп калды.

— Бу жигит областтык гезиттен келиптир, — деди башкарма Аскарды карап. — Кабарчы экен, биздин колхозду жазам дейт. — Бухгалтерге башын жаңсай. — Бу болсо биздин эсеп бухгалтерибиз болот, акчанын баары ушунун колунда… Кандай гана суроо болбосун, ушул жигитке кайрылгын. — Бухгалтерге буйра. — А сен бу жигиттин жанында бол!.. — Сырдуу күлүмсүрөй. — Жакшылап күтүп алгыла, баарыбызды союп кетпесин…

Тиги түшүндүм дегендей жылмая башын ийкегиледи да, Аскардын жанына келип, колун сунду. Аскар да. Кайрадан жылмайып алып, ары бурулду. Аскар да ордунан туруп, аны ээрчий жөнөдү. Башкармага ичи жылып, сүйүнүп баратты. Орто жолго жете бергенде чочугандай шарт бурулуп:

— Жакшы калыңыз!.. — деди шашкалактай.

Башкарма үндөбөстөн жылмая, башын ийкегиледи.

Экөө ээрчишип сыртка чыгышты. Бухгалтер алдыга түштү да, мени ээрчип баса бер дегендей Аскарга карап койду. Ойлонуп-ойлонбой Аскар анын артынан басты. Ал башкармадан кол үзө албай келатты. Баарыдан да башкарманын чын дитинен көңүл бурганы, кам көргөнү, өзгөчө ишенимдүү караганы аны толкундантты. Аскар негедир кысына берер эле, ага элдин баары, атүгүл бүтүндөй бу жарык дүйнө ишенбегендей, мыскылдап карап тургандай туюлчу. Эми ойлосо, ал өзүнүн жаштыгы, балалыгы үчүн кысынчы окшойт… Аскар өз ою менен алышып келатып, бир мезгилде башын көтөрсө, айыл ортосуна келип калышыптыр. «Кайда баратабыз?..» — дегендей, бухгалтерди суроолуу карады. Тиги үндөбөдү. Анын Аскарды улам-улам карап, ишенбегендей башын чайкап келатканын Аскар туюп эле турду. Эмне үчүн минтип жатканына таңданып, өзү да башын чайкады. Таңданат да, бирок сүйлөбөйт. Кызык… Аскар таңданып келатты да, бир маалда чыдабай кеттиби, сөз чыгабы дегендей, мындан үч күн мурда эле келмек экенин, автобустун азабынан кармалып калганын жобурап кирди.

— Биякка келмегиң тозок, — деп койду тиги кайдыгер гана. — Келгенден кийин кайра шаарга жетмегиң андан беш бетер тозок…

Аскар селт эте түштү да, мунумду билип калдыбы дегендей, бухгалтерди жалт карады. Тиги эчтеке менен иши жок — бейкапар. Ойлонбой жөн эле сүйлөп койгондой. Аскар кайрадан башын чайкап койду. Ишенбегендей Аскарды улам-улам карап келаткан бухгалтер бир маалда атайы токтой калып:

— Канчадасың?.. -деди чочугандай.

Капыстан берилген суроого Аскар буйдала түштү да, анан жакында он жетиге толорун ойлоду. Бирок негедир калп айтты:

— Жыйырма бештемин…

— Жыйырма бештемин?!. — Тигинин оозу ачылып калды. Негедир «сенден» «сизге» өттү. — Мына, кызык… Мына мен жыйырма төрткө чыктым, университетти бүткөнүмө эки жыл болду. Сизди кара да, мени кара… Мени сиздин атаңыз го деп ойлой турган. Кызык…

Экөө тең күлүп калышты. Өзүн эмне эле элеңдеп улам-улам карап келатканынын сырын эми араң түшүнүп, Аскар өзүнчө жылмайып койду. Бирок бухгалтер Аскардын сөзүнө ишенбеди көрүнөт, ал жолду карата Аскардын оң жагына бир чыгып, сол жагына бир чыгып, кайра-кайра Аскарды карап, өзүнчө кобуранып, башын чайкап келатты.

— Мына, келип да калыппыз, — деди ал бир кезде.

— Кайда?

— Үйгө. Биринчи чай ичип алыңыз, анан…

— Аа… — Аскар бухгалтер чай бергени атайы үйүнө ээрчитип келгенин түшүнүп, жана эле айтпайбы да ойлоп койду.

Үйдө орто жашап калган бир аял бар экен, кейпи, бухгалтердин апасы окшойт. Аскарлардын келатканын билгендей, дасторкону даяр экен. Буга Аскар таңданды. Аял жадырап жакшы тосуп алды. Аскар шашып-бушуп эки-үч чыны чай иче салды да, ой-бойго карабай, кыдыра турган жерлер көп деп ордунан турду. Бухгалтер аны узатып чыкты. «Биринчи клубдан баштайлык, — деди Аскар тигиге суроолуу карап, — калгандары талаада жумушта болсо керек…» Тиги мейли дегендей башын ийкеп, Аскарды ээрчитип жөнөп калды. Клубга келишти. Сырткы кебетеси айылдыктарга көп окшой бербеген келбеттүү бир жигит аларды лепилдеп-жепилдеп тосуп алды. Учурашышкан соң, ал бухгалтер экөө арыраак барып, өздөрүнчө шыбыраша кетишти. Көп өтпөй Аскардын жанына келишти.

— Клуб башчысы ушул киши, — деди бухгалтер ага колун жаңсай. — Билимдүү, маданият техникумун бүткөн…

Аскар башын ийкегиледи, ага кошулуп клуб башчысы да башын ийкегилей кетти. Бухгалтер эми мен эмне кылышым керек дегендей, Аскарды суроолу тиктеп калды.

— Сиз эми бара бериңиз, — деди Аскар түшүн­гөндөй, — калганын өзүм эле. Ыракмат…

Тиги ушуну эле күтүп тургандай, шаша-буша коштошту да, бирөө кармап калчудай шарт бурулуп, шыпылдай басып кетти. Аскар блокноту менен калемин алып чыгып, суроо бергени камдана баштады. Бирок клуб башчысы үлгүртпөдү. “Жүр­сөңүз!..” — деп алды да, клубду көздөй жөнөдү. Эчтеке түшүнө бербей, Аскар аны ээрчиди. Экөө клубга киришти, клуб башчысы залдагы отургучтарды аралай төр жакты көздөй шыпылдап жөнөп калды. Ага жетип-жетпей Аскар баратты. Акыры төрдөгү бир чоң бөлмөгө киришти. Лениндин бакыйган портрети дубалдын бооруна жөлөнүп туруптур.

— Мына ушуну өз күчүм менен тарттырттым! — деди ал сыймыктана, портретке колун жаңсап. — Досума. Колхоздун бир тыйыны да корогон жок. Жакында илебиз бакыйтып. 7-Ноябрда…

— Жакшы тартыптыр,- деди Аскар портретти карап. — Анан клуб башчысына кайрылды. — Планыңызды мага көрсөтсөңүз…

Тиги кайпастай кетти:

— Кандай план?..

— Бу жылы эмнелерди кылыш керектиги жөнүндө план түзгөнсүз да. Ошону…

— Ооба, ооба… — Клуб башчысы алактап шашып калды да, чынын айтууга аргасыз болду. — Эми биз план деле түзбөйбүз, менден мурунку башчыда деле жок болчу. Андан мурункусунун деле планы болбоптур. Кеп эми план түзгөндө, же түзбөгөндө деле… — Кебин улай албай, эки алаканын жая кетти.

Аскар, түшүндүм дегендей, башын ийкеди. Экөө ээрчишип, кайрадан залга өтүштү.

— Өздүк көркөм чыгармачылыгы иштейби? — деди Аскар, залдагы узун отургучтардын бирине отуруп жатып.

— Иштейт… иштейт… — Алактап шашып кетти. — Эки жылдан бери тынбай иштейт. Аны да өзүм топтогом.

— Анда элге концерт берип турат турбайсыңарбы?

Тиги мукактанып калды:

— Концерт?.. Жок. — Кайрадан шашкалактай. — Бирок тынбай иштеп жатат, тарап кетпей…

— Аа… — Аскар дагы кандай суроо берерин билбей, бир аз буйдала түштү да, — баса, китепканаңар кайда?

— Кандай кайда? Жанагы Ленин турган бөлмө — ошо китепкана да. Ленинди алсак эле, китептерди коё коёбуз ордуна. 7-Ноябрда…

Дагы эмнелерди сураганы, тиги эмне деп жооп кайтарганы азыр Аскардын эсинде жок. Болгону экөө ээрчишип эшикке чыгып, Аскар «мончо…» — деп оозун ачып келатканда, тиги толук сүйлөтпөй, минтип безилдеп жибергени эсинде калыптыр:

— Мен аны билбейм! Ага партком жооп берет… Өзүм болсо шаарга барып эле түшүп келе калам…

Аскарга баары табышмактуу туюлган: лепилдеген, кайпастаган клуб башчысы да, Лениндин портрети да, клуб да… Акыры клуб башчысынан мектептин кайда экенин сурап алып, аны менен коштошуп, мектепти көздөй жөнөгөн. Жолдо баратканда блокнотун чөнтөгүнө салбай, колуна али кармап келатканын туюп, селт этип чочуп кеткен. Эки жакты элеңдей карап, блокнотун барактай баштаган. Болгону биринчи бетинде бирөө­нүн аты-жөнү жазылыптыр. Ал — клуб башчыныкы. Башка эчтеке жазбаптыр — бардык бети актай. Жапжаңы бойдон. Жыты кете элек. Биресе таңдана, биресе өкүнө башын чайкаган. Анан эгер эки жылдан бери бир да жолу концерт койбосо, анда өздүк көркөм чыгармачылыгы эмне иш аткарып жатат деп сурабай калганына өкүнгөн. Керектүү, кызыктуу суроолор дайыма аңгемелешип бүтүп, кайра тартканда башына келерин ойлоп, кимдир бирөөлөргө жини келген. Артка бурулуп, клубду караган. Клуб башчысы эчак кирип кеткен окшойт-карааны көрүнбөйт. Клуб аны муңайым тиктеп тургандай туюлган.

Клубду тиктеп турган ошол маалда анын оюна капысынан мындай бир сүйлөм шак дей түшкөн: «Клуб томсоруп турат…» Бул сүйлөмдү жазып алгысы келген, бирок негедир мойну жар бербеген. Бери бурулган да, унутуп калбайын деп жанталашып, далай жерге чейин шыбырап барган: Клуб томсоруп турат… Клуб томсоруп турат… Клуб…

Ооба, ал мектептин алдыңкы мугалими жөнүндө көлөмдүү кабар же очерк («Очерк дебей эле кой, бөөдө жыландын куйругун басып аласың, — деп эскерткен бөлүм башчысы. — Биз жаза албаган очеркти бул чычым кантип жаза коюптур деп, баары төө бастыга алышат. Өзүңө өзүң душман үйүп эмне кыласың?..») жазышы керек эле. Бирок мектепке кирүүгө үлгүрбөдү. Ага жете бергенде эле өзүн 9-класска чейин окуткан эжейи алдынан чыга калбаспы! Буга өзүнөн да эжейи жаман сүйүндү.

— Ой, Аскарсыңбы, сен кайдан?! — деди ал чочуп, Аскарды салам айтууга үлгүртпөй. Анан ак дилинен кубана. — Ой, айланайын, чоң азамат жигит болгон турбайсыңбы, ушундай эле болмок дейм да…

— Саламатсызбы эжей! — деди Аскар, саламын эми айтып.

— Саламатчылык, саламатчылык! — Эжейи Аскарды улам-улам карап, таң калгандай башын чайкай, жетине албай турду. Анан эсине бирдеме түшкөндөй, ойлоно калды да. — Эмне?! — деди селт эте. — Окууга өтпөй калдыңбы?!

— Ооба… конкурстан кулап калдым. — Аскар маанайы пас башын шылкыйтты.

— Мейли эми, эмдиги жылы деле өтөрсүң, — деди эжейи көңүлүн жубата. Көп өтпөй ичи өрттөнө, башын чайкай кетти. — А-ай, өңгө өтпөсө да, ушу сен өтүшүң керек эле. Мейли эми…

Ал-жайды сурашып бүтүшкөн соң, эмнеге келдиң эле дегендей эжейи Аскарга суроолуу тигилди. Аскар областтык гезитте иштеп жатканын, мектепке кайрылган максатын айтып, макалага кайсы мугалим татыктуу экендигин сурай кетти. Эжейи ойлонуп туруп калды. Аңгыча Аскарга бир ой капысынан келе калды:

— Агайды эле жазбаймынбы, эже?..

Эжейи ого бетер ойлонуп калды, кыйладан кийин гана, кантсе да пенде эмеспи:

— Аны өзүң бил… — деди сырдуу. — Агайыңды жазгың келсе, анын сабагы бүткөн, азыр үйдө. Жүрү үйгө. Анын үстүнө баары бир үйгө барып, даам ооз тийип кетмексиң дечи. — Тамашалай кетти. — Эми сен чоң азамат болгон турбайсыңбы, бакыйган гезитте кабарчы экенсиң, бүт областты титиретип…

Аскар уялгандай жер карады. Эжейи жолду карата эмне үчүн быякка которулуп келгендиги, бул мектептеги ал-ахыбал жөнүндө сүйлөп барды. Аскар бир жагынан эжейинин сөзүн тыңшап, бир жагынан өзүнүн ою менен алпурушуп баратты. Эжейи кыргыз тили, адабиятынан, агайы биологиядан сабак берчү. Экөө тең сабакты катыра өткөн, тартипти катуу кармаган мугалимдер эле. Киргенде тим эле класс титиреп турчу. Жемелеп урушушчу деле эмес, ошентсе да баа­ры жөндөн жөн эле сестенип турушчу. Ошондуктанбы, агай-эжейинин бөлөк мектепке которулганын укканда, сүйүнгөндөр да болгон. Бирок көп өтпөй эле алар: «Катуулугу эле болбосо, ал агай менен эжей алтын эле экен да!.. — дешкен бармактарын тиштешип. — Мээге тим эле куюп коюшчу эмес беле!» Эжейи көп күлчү эмес, кээде гана жылмайып койчу. Бир жолу гана ак дилинен күлгөн. 8-класста окуп жүрүшкөндө кайсы бир майрамга карата концерт уюштурушкан. Анда Мурат деген классташы бир ырды ырдаган эле. Ошол ырда мындай саптар бар болчу: «Козгогум келип сырыңды, колуңду коём кармалап…» Эртеси эжейи сабакка кирип, учурашкан соң:

— Ии, эмитен колдорду кармалап калыптырсыңар да, ээ…- деп жаш баладай жадыраган.

Класс жадырап күлүп жаткан эжейин карап, талып калган. Аскарга күндө негедир маанайы пас, кабагы чөгүңкү жүргөн, буга жараша үнү да эркектикине окшоп коңур эжейи күл­гөнүндө таптакыр башка адамга айланып кеткендей туюлган. «Күлкү адамды сулуу көрсөтөт окшойт…» — деп шыбыраган Аскар өзүнчө. Бүгүн да эжейи жадырап баратат, аны карап туруп, баягында эмнеге кубанып күлгөнүнө башы жетпей, Аскар таңданып баратат. Чын эле, Аскар азыр да түшүнбөдү, азыр эжейин ээрчип баратып, бул саптар эмнени кыйытып жатканына башы жетпеди. Эми ойлосо, эжейи ошондо бу класстын бул саптарды түшүнбөгөндүгүнө, балалыктан али ажырай электигине, наристе-пакизалыгына чын дитинен суктанып жадырап күлгөн турбайбы, күлүп жатып ыйлаган турбайбы да, ыйлап жатып күлгөн турбайбы!.. Эжейи чыгып баратып:

— Сабакты да ойлогула, колду эле кармап отура бербей…- деп кайра жадыраган.

Класс дым чыгарбай, эжейин таңдана узатып кала берген.

— Мына, үйгө да келип калыппыз… — Эжейинин кандайдыр бир назик, мээ­римдүү чыккан үнү Аскарды ойдон селт эттирди.

Экөө үйгө кирди. Аскар салам айт­канда, агайы кайдан көрдүм эле дегендей, элейе тиктеп калды да, анан тааный коюп:

— Ой, сен… Жусубалиев… Кайдан?..

Аскар күлүп, башын ийкеди.

— Эмне, өзүңдүн мыкты окуучуңду тааныбай калдыңбы? — деп эжейи тамашалай күлдү да, Аскардын чоо-жайын түгөл айтып келип, кайрадан тамашалай. — Сени мактаганы атайы келиптир…

— Мактаганы?.. Болбойт го… — Агайы оңтойсуздана мукактанды. — Ка-ап, жана сабак өтүп жатканда… Бүгүн бир өзгөчө элирип өттүм эле!

— Сиздин сабакты кандай өтөрүңүздү билем да, — деди Аскар чечкиндүү. — Бизди эки жыл окутпадыңыз беле…

— Ооба, ооба… Карачы унутуп калганымды. Карылык да…

— «Керегеде кулак бар, кеңешсеңер ыраак бар» — дейт, анда силер ар­кы бөлмөгө кирип, өзүңөрчө сүйлөшө бергиле, — деди эжейи. — Мен ага чейин дасторкон даярдай коёюн… — Аскарга карап жылмая: — Ага­йыңдан бүгүн бир экзамен алып көр­чү…

Экөө маңдайдагы бөлмөгө киришти. Маңдай-тескей отурушту. Аскар адатынча блокнот менен калемин алып чыкты. Кызык, экөө бир-биринен сүрдөп жатышкансыйт. Аскар сүрдөп, суроону араң берсе, агайы андан беш бетер сүрдөп, үнү дирилдеп, мукактана жооп кайтарып жатты. Арадан канча убакыт өткөнү белгисиз, бир маалда эжейи баш багып:

— Экзамениңер узакка созулуп кетти го, ыя, деги быйыл бүтчүдөйсүңөрбү? — Таңдана. — Мына чыгат — жоксуңар, ана чыгат — жоксуңар, ошентип, чайдан да кур калдыңар. Эми минтип тамак да эзилип…

— Бүттүк, эже, -деди Аскар ыңгайсыздана, — мына азыр эле бүттүк…

— Өх! — деди агайы. — Мен эки жыл ичинде араң берип бүтчү суроолорду Аскар эки саатка жеткирбей эле берип… — Терин аарчый кетти.

— Жаштык да! — Эжейи суктангандай, башын ийкегиледи. — Жүрөгү курч да. Суроолор ээ-жаа бербей, мээден да, жүрөктөн да тээп жатпайбы! Кой анда, жүргүлө…

Оозгу бөлмөгө чыгышты. Дасторкон даяр экен. Эжейи колго суу куя кетти. «Эже, мен эле…» — деп Аскар ыңгайсыздана ордунан тура калды эле, эжейи: «Сен коноксуң, отура бер, айланайын!..» — деп болбой койду. Бир нерсе жетишпей тургандай туюлуп кетти Аскарга. Табак да тартылды. Аскар таңдана табакка карады: «Бул качан быша калды?»

— Агайың ушундай камбыл. Биздин келерибизди билип, эчак эле казан асып койгон тура, — деди эжейи Аскардын таң калып жатканын туйгандай. — Муну да макалаңдын бир жерине кыпчый кет…

Аскар жарайт дегендей, башын ийкеп жылмайды. Бирок ага дагы эле негедир бир нерсе жетишпей жаткандай сезилип кетти. Устакандар тартылып, андан анча-мынча татмалашкан соң, эжейи агайына сырдуу карап, башын табакка жаңсап койду. «Аа, азыр…» — деп шыбырады да, агайы табактан сулп эт алып, тууроого кам урду. Муну көргөндө Аскар бир силкинип алып:

— Мен… — деди күнөөлүүдөй, эжейине шыбырап. — Тиги…

— Эчтеке эмес, — деди эжейи тү­шүндүм дегендей,- агайың өзү эле туурап коёт майкаңдатып. Үч кишиге, эмне?.. — Тамашалай. — Анын үстүнө ге­зитке макталып чыкканы атса… — Сырдуу жылмайды. — Сен эми жалаң окуу деп жүрүп… Эчтеке эмес, үй­рөнөсүң, бул математика эмес да. Оңой эле. Кыргыздын ар бир жигити билиши керек эт туураганды, өзгөчө мал киндиктүү Тянь-Шандын жигиттери…

Эжейи кайрадан жылмайды. Аскар да жылмайымыш болду, бирок ага дагы эле бир нерсе жетишпей жаткандай туюлду. Тамак желип, дасторкон жыйылгандан кийин, «түнөп кет, бул жерде мейманкана жок» деп Аскарды кыйнап киришти. Аскар көнбөдү. Бүгүн сөзсүз жолугушуу керектигин, быякка келгендеги негизги максаты да ушул экендигин айтып, туйлап туруп алды.

— Деги кимге жолугушуң керек эле? — деди акыры агайы тажаганда.

— Бир трактористке. Калдыбаев Качкынбай деген.

— Оо, азамат! — деди агайы чын дитинен кубана.- Мени жазбасаң да, ошону сөзсүз жазгын. Мыктынын мыктысын тандапсың. Баш көтөрбөй эшектей иштегенинен, даалдаган бала кыялынан бөлөк эч кимге зыяны жок неме бечара. Ичинде кымындай кири жок. Жана эле жүргөн ары-бери чапкылап, тойго… тойго келгиле деп…

Агайы узатып чыкты. Көз байланып калыптыр. Жолдо келатканда агайынан сүрдөп, үнү дирилдегени Аскардын эсине түштү. Анан өзү эт туураганды билбей уят болгонун эстеди, агайынын үндөбөй этти майкаңдап туурап жатканы көз алдына тартылды. Бул дүйнөдө өзү эле жалгыз калгандай, кайырмагыма качан балык илинээр экен деп акыйып отурган балыкчыдай оозун кыбыратып коюп, эт туурап жатат. Агайы көзүнө ушунчалык ая­нычтуу көрүнүп, өзүн негедир күнөөлүү сезди. «Булар деле биздей эле турбайбы…» Ушинтип шыбырап койду. Аскар агай-эжейлерин эстегенде, дайыма класстар көз алдына тартылып, окуучулардын ызы-чуусу кулагына жаңырып турар эле. Ага мугалимдер класс менен ызы-чуунун кошундусунан тургандай, ошон үчүн алар эч бир жанга окшобогон, бөтөнчө бир адамдардай туюлчу. Көрсө, алар деле биздей турбайбы… Акыры Аскар жана ага бир нерсе эле жетишпей жаткандай туюла бергенин эстеди да, жүрөгү тыз дей түштү — агай-эжейинин үйү мектепке айланып кеткендей болду. Экөө тең — мугалим, бирок жымжырт. Агай-эжейинин баласы жок болчу…

-Тээтиги эл кирип-чыгып жаткан үйдү көрдүңбү?- деди аңгыча агайы,- ошондо той болуп жатат. Ошонун алдындагы чоң үй Качкынбайдыкы.Оо, атасы да көкүрөгү таза, кандан-бектен кайра тартпаган эр киши. Анын айткандарын эрөөн-төрөн алба, бара бер тартынбай. Иттери байлануу, той болуп жатпайбы… Эжең экөөбүз да бир аздан кийин тойго кирип-чыгабыз…

Аскар агайы менен коштошту да, оюнан, ойлонгондон качкандай, шыпылдай басып жөнөдү. Үйгө тез эле жетти. Эшикти ачып, оозгу бөлмөгө кирсе, аркы бөлмөдөн бир кемпир чыгып келатыптыр.

— Аа, айланайын… — деди ал Аскарды бүшүркөй карап. — Жанагы келчү бала сенсиң го, айланайын. Качан келет деп кайра-кайра эшикке чыгып акмалап коём. Улам кечиккениңен дагы эмне болуп кетти деп сарсанаа болуп, мас-састарга кабылып калдыбы деп… — Өзүнчө кобурана кетти. — Анын үстүнө жанагы да жанымды сууруп алмай болду… — Жооп күтпөстөн, өзү чыгып келаткан бөлмөнүн эшигин ачып, — Жүрү, айланайын…

Менин келеримди кайдан билген деп ойлоп Аскар таңданып койду. Экөө ээрчишип кирип барышты. Бөлмө күңүрт экен. Аскар таңдана бөлмөнү айландыра карады. Чоң бөлмө. Ортодо казан меш алоолонуп күйүп жатат. Терезеде чырак бүлбүлдөйт. «Муну канчанчы чырак дешчү эле?» — деп, өзүнчө күбүрөп койду Аскар. Ичин кандайдыр бир жылуулук өрдөп өткөнсүдү. Чырак да, меш да, жада калса күңүрттүк да — мунун баары тең Аскардын кичинекей бала кезин эсине салып турду. Тим эле мемиреп уйкуң келет. Аңгыча мештин ары жагынан үч киши чочугандай биринен бири сала сорок-сорок эте тура калды эле, бөлмө ого бетер күңүрт тарта түштү.

— Эмне туруп калдың, өт, өтө гой, айланайын,- деди кемпир күйпөлөктөй, колун чырак жакты көздөй жаңсап. — Төргө өт…

Аскар ал жакка өттү да, тургандар менен кол алышып, трактористи ким болду экен деп ойлоп койду. Кол алышкан соң үчөө тең жапырт отура кетти. Аскар да көчүк басты.

— Үйдө келиндер да жок эле, баары… — Кемпир кайрадан күйпөлөктөй баштады. — Мен азыр… Чай даяр эле…

— Жо-ок, апа, чайдын кереги жок, мен жаңы эле тамак ичип, тоюп…

Кемпир безилдеп жиберди:

— Кой, айланайын, болбойт, ошондой да болмок беле! Кыргыз баласы болгон соң…

— Тоюп келсе, ал баланы эмне кыйнап жатасыңар?!. — деген өкүм үн чыкты төр жактан аңгыча. — Анан деле күн бар да!..

Бул үндү угары менен кемпир тып басылды да, төр жакты карап: «Ээ, уктап калган экен десе…» — деп өзүнчө кобуранып алды. Аскар да төр жакты карады. Калың салынган төшөктө бир киши жатат. Ырайы көрүнбөйт. «Атасы ушул киши болсо керек» — деп ойлоду Аскар. Аңгыча отургандардын ичинен бирөө, эсине бирдеме түшкөндөй, ордунан шак ыргып тура калды да, аттап-буттап төрдө жаткан кишинин жанына барып, эңкее кыйкыра кетти:

— Ата, угуп атасыңбы, жанагы бала келиптир. Гезитте иштейт экен. Мени жазганы келиптир атайы…

— Эмне өкүрөсүң?! — деди карыя ордунан козголбой. — Же, эмне, мен дүлөймүнбү саа! Жазса -жазсын, ага эмне мынча дердеңдейсиң?..

— Аа-ай!.. — Тиги колун шилтеди да, бозала боло өз ордуна келип, отуруп калды. Бирок отурары менен кайра жазылып, Аскарга карап. — Атасынын көрү, үчөөбүздүн тең катыныбыз тойдо жүрүшөт,- деди барпаңдап. — Эмне кызмат кылышсын да!.. Биз, эмне, аларды бекер алыптырбызбы, ыя?..

— Кыйратыпсыңар!.. — Төрдөн үн кайрадан жаңырды.

Үчөө бир-бирин карап калышты да, ичтеринен бүлкүлдөп күлө башташты. Аскар да аларды карап жылмайып койду да, трактористке кайрылды:

— Кандайсыз? Иштериңиз кандай?

— Атасынын көрү, иштер беш!.. — деди ал жадырап. Анан чочугандай. — Ой, бу кабарчыларың иттей калп болот турбайбы. Бая күнү конторго барсам эле, баары бура бастырбай тоорушат: «Гезитке чыгыпсың, кана, жуугун» — деп. Эмне гезит деп коём. Аңгыча механик: «Өлүмүш болбой эле кой, ал экөөбүзгө жарашпайт… Кабарчы өзү жазып жатпайбы, Качкынбайдын өзүнө жолугуп, чер жазылганча маектештим деп…» — деди да, Абдыга: «Бар, жанагы тигини ороп келген гезитти алып келе койчу» — деди эле, ал заматта учуп барып жетип келе койду. «Мына…- деп колума карматты механик. — Үчүнчү бетин кара…»  «Жеңиш» экен, райондун гезитичи, ошол. Окусам… Чын эле… Мен жүрөм бакыйып, Качкынбай Калдыбаев деп. Таң калдым, чынымды айтайын, сүйүнүп да кеттим… Окусам… Айланайын кудай… Бир жеринде минтип жүрөт: «Биз эмгек талаасына барганыбызда, Качкынбай трактиринин көлөкөсүндө бирдеме шам-шум этип алайын деп жаңы эле отурган экен. Бизди көргөндө уялып кетти. Сары чийкилинен келген, эмгекке бышкан чымыр жигит экен. Ал-жайын сурасак, эч нерсе дебестен, жайылып жаткан койдой болгон боо-боо чөптөргө колун жаңсап койду…» Дагы, дагы.. Көп… Аягын окубай калдым – бирөө айрып кетиптир… Ой, мен, эмне, сарымынбы, ыя?! Карасаң, смала төгүп койгондой… Ой, мен деген тирүү кабарчыны көрө элекмин. Мына, биринчи сени көрүп отурам…

— Эх, дөөдүрөгөн жаман кудай урган! — Карыя кайрадан ачуулана кыйкырды. — Жөн суроого жөндөп жооп бергенди да билбейт, бээ десе, төө деп…

Тракторист тык токтоду да, же урушарын, же күлөрүн билбей, бозала болуп туруп калды. Бөлмө ичи жымжырт боло түштү.

— Жүрсөңүз,- деди Аскар оңтойсуздана трактористке,- бул жер караңгы экен, жарык бөлмөгө баралы. Мен жазышым да керек эле. -Эми эстегендей, шаша-буша чөнтөгүнөн блокнотун сууруп чыкты. Анан отургандарга карап. — Анын үстүнө биз өзүбүзчө…

Тракторист төр жакты карап, башын чайкай жылмайып койду да, үндөбөстөн маңдайдагы бөлмөнү көздөй жөнөп калды. Аскар аны ээрчий басты. Тиги экөө да ээрчип алышты. Калчудай түрлөрү жок. Аскар таңданды: «Кызык, булар эмне артыбыздан калбай ээрчип жүрүшөт?..» Биз өзүбүзчө сүйлөшсөк болот эле деп айтканы оозун эптеп келатып, кайра тартынды. «Мейли…» — деп койду өзүнчө шыбырап. Аңгыча бөлмөгө киришти.

— Оо, быяк жапжарык турбайбы! — деди Аскар сүйүнгөндөй. — Шыдыр эле ушуякка киргенде…

— Оо, кокуй, анда эле тиги генсектин таза балээсине калбайт белек… – деди тракторист Аскарды толук сүй­лөтпөй. Анан күлүп, кошумчалай кетти. — Тиги чалды, атамды, айтып жатам…

Аскар түшүндүм дегендей, башын ийкеп жылмайды да, отура кетти. Тиги үчөө да, бирөө буйрук бергендей, жапырт отурушту. «Булар эмне эле ээрчип жүрүшөт?» — деп Аскар кайрадан таңданды. Анан баарын айландыра бир карап алды да, блокнотуна: «Айылда жашасаң — техниканы башкара бил!» — деп бадырайта жаза кетти. Аскардын негизги максатынын бири да гезиттеги ушундай рубриканын алдында бир мыкты трактористтин атынан көлөмдүү макала уюштуруп келүү болучу. Эмнеден баштасам дегендей, бир аз буйдала түштү да, анан негедир чечкиндүү:

— Ошентип өзүңүз каалаган кесипте иштеп жатам деңизчи? — деди Аскар.

— Кандайча каалаган?.. — Тракторист элейди.

— Өзүңүз атайы тандап алсаңыз, анан каалаганыңыз — ошол да.

— Кара таштын каалаганыбы?! Ушу тырактирди да…

— Кандайча?.. — Аскардын ындыны өчө түштү. – Анан кантип трактирист болуп калдыңыз, өзүңүз каалабасаңыз, сүйбөсөңүз…

— Ой, анан ким болмок элем, тырактирден бөлөк колумдан бок келбесе…

Муну укканда, тиги экөө бүлкүлдөп күлө башташты. Тракторист да чын айтып жатам дегендей, Аскарды күнөөлүүдөй карап, жылмайып туруп калды.

— Бизди 9-класстан эле айдап ийишкен… — деди тракторист кайрадан күнөөлүүдөй. — Же окуп жыргатпайсыңар, же жөн жүргөндү билбейсиңер деп…

— Кайда?

— Кайда болмок эле, Куланакка да. Трактиристтин окуусуна. 9-классты жаңы эле баштаганбыз, бир күнү деректир кирип келди да, беш-алтообузду ордубуздан тургузуп: «Жетишет, силерге чыдап бүттүк. Шишиңер толду… Трактирист болосуңар. Эмне, трактирист жаман бекен, андан канча баатырлар чыгып жатат. Кийимиңер бекер, тамагыңар бекер… Эмне?!» — деп класстан айдап чыкты. Айла жок, кеттик баарыбыз. Атасынын көрү, окуудан кутулганыбызга биресе сүйүн­дүк…

Аскардын көзү алайды: «Гезитке ушинтип жазамбы?..»

— Анан? — деди өзүнө келе албай.

— Баарыбыз кеттик анан, атасынын көрү, Куланакка. Чын эле, кийими да бекер экен, үч маал тамагың да бекер… Кулак-мээң да тынч. Тим эле эки жыл жүрдүк темир-тезектерди чукуламыш этип. Эки жылдан кийин бүттүңөр деп документтерин беришти. Айылга келерибиз менен аскерге шыпырып кетишти. Ал жерде да жүрдүк эки жыл жер тепкилеп, чочконун этин жеп… Анан келдик кайра айылга. Трактирист болгону трактирист болуп кетти. Койчу болгону койчу болуп кетти. Эх, атасынын көрү… — Колун шилтеп койду. — Ой, окуганда деле кыйратып үйрөнбөйт окшойсуң тырактириңди…

— Анан кантип үйрөндүңүз?

— Айдап да… Кара жаныңа күч келгенде… Көкөңдү көзүңө көрсөткөндө…

Аскар түшүнүп-түшүнбөй башын ийкегилей:

— Эми азыр ишиңиз кандай?

— Айтпадымбы, атасынын көрү, иштер беш!..

— Азыр эми жагып калгандыр да, ээ, трактористтикчи?..

— Жакпаганда эмне кыласың? Колдон келгени ушу болсо… Кара жанды багыш керек да…

Тигилер кайрадан бүлкүлдөп күлө башташты. Аскар да аргасыздан жылмайды да, чочугандай:

— Азыр чөп боолап жаткан турбайсызбы, ээ? — деди. — Күнүнө канчадан?

Тракторист кепти жула качты:

— Анысын ит билеби!.. Санабайм деле. Чынымды айтайын, тынбайм дагы. — Отургандардын бирөөнө колун жаңсай. — Мына бул экөөбүз тогузга чейин чогуу окуганбыз, чынын айтыш керек, башы баш болчу. Өзгөчө эсепке келгенде… Ошон үчүн техникумду бүткөнгө жарады да. Азыр-учетчик. Санаганын ушул санайт, бир күнү 300 боо деп калат, экинчи күнү 250 боо деп калат… Канчасын жеп аларын бир кудай билбесе… — Күлүп, колун шилтей кетти.

— Кандайча жеп?.. — Аскар элейди.

— Ой, учетчик болгондон кийин жеши керек да!..

Тиги туйлай кетти:

— Ой, койчу, ушу сеникин кантип?..

— Ооба, сен эле болсоң… — деп койду тракторист ишенбегендей кайдыгер гана. Анан капысынан эле жадырай кетти: — Ой, баякүнү деректир келиптир, бизди мектептен айдап чыкканчы, ошол. Баягы чамгарактаган деректир жок. Качыке деп калыптыр. Өзүм окуттум эле, трактиристикке да өзүм жибердим эле, эми бир керекке жарап кой, чөбүмдү боолап бер дейт.

— Анан?.. — Аскар чындап кызыкты.

— Атасынын көрү, боолап бердим. Эмне, чын да, окутканы да чын, трактиристтикке жибергени да чын… Же, эмне, калппы?..

Жанындагыларга суроолуу карап калды. Эч кимиси үндөбөдү, баштарын ийкеп, жылмайып гана коюшту. Аскар дагы эмнелерди сурашты билбей турду. Анын үс­түнө дагы эмнелерди айтып жиберет жеп чочулады. Акыры ичинен өзүнчө кү­бүрөнүп алып, трактористтин качан туулганын, окуган мектебинин атын, канча жылдан бери иштерин, канча баласы бар экенин, партияга качан өткөнүн, кандай сыйлыктарды алганын ирети менен сурап, блокнотуна тизмектеп жазды да, трактиристке сырдуу тигилип калды.

— Бүттүңбү?.. — деди тиги бир нерсени туйгандай.

Аскар үндөбөстөн башын ийкеди.

— Өхш!.. -деди тракторист терин сүртүп, сүйүнө. — Жүрү анда, кеттик!

— Кайда?

— Кайда болмок эле, тойго да. Атасынын көрү, бир агаларыбыз баласынын чочогун кесип, дүркүрөтө той берип жатат. Өзү чириген неме… Сойгон жылкысы таман чыкты.

— Кандайча?.. — Аскар ыңгайсыздана элеңдеди. — Мага болбойт го… Же тааныбасам…

— Тааныбасам? Ой, кандайча тааныбасам, сен тааныбасаң, мына мен тааныйм да, агаларым болот деп жатпаймынбы. Анан… — Сөзүн улай албай буйдала түштү да, жанындагы экөөнө колун жаңсап, сүйүнө. — Ой, булар эмне үчүн жанатан бери жылбай-чычпай соксоюп отурушат дейсиң, сени күтүп отурушат да, эми качан бүтөт деп сукулдашып… Же, эмне, булар оозуна эчтеке албаган сопу дейсиңби… — Кайрадан жадырай. — Булар атайы сени күтүп отурушат, бүтсө эле алып кетет элек деп. Өздөрүнүн да кулкундары куурап… — Аскарга карап. — Биз сенин келатканыңды эчак эле билгенбиз, автобустан түшө элегиңде эле…

— Кызык… Кантип?

— Ой, бизде радио деген бар. Ошол радионун акыркы кабарлары эчак эле жеткирген бизге. Келатат деп… Сактангыла деп…

Аскар сүйүнүп кетти:

— Эмне, айылда өзүңөрдүн радиотүйүнүңөр барбы?

— Бар эмей. Бизде киши-радио деген бар. Айылдагылардын баары радио: чоңу да, кичинеси да, ургаачысы да, эркеги да…

Тракторист өз сөзүнө өзү маашырлана каткыра кетти, ага тиги экөө кошулду. Аларды карап туруп, Аскар да түшүнүп-түшүнбөй аргасыздан күлүмүш болду.

— Кой анда, жылалы, — деди аңгыча тигилердин бирөөнө биринчи жолу тил бүтүп. — Элдин баары эчак эле келишкен. Күтүп калышты. Оо, күүлдөп жатышкандыр…

Бирөө буйрук бергендей, үчөө жапырт турушту да, жөнөп калышты. Ыргылжың боло Аскар да ээрчиди. Той берип жаткан үйгө тез эле жетишти. Эшиктин алдында эки-үч киши туруптур. Бирөө алардан бөлүнүп, Аскарларды утурлай чыкты да, Аскар менен кол алышып учурашып, тиги үчөөнө:

— Ии келдиңерби? Кечиктиңер го… — деди сырдуу.

Тиги үчөө үндөгөн жок. Жүрүңүз дегендей, башын жаңсай, ал киши Аскарды ээрчитип жөнөдү. Баягы үчөө кала беришти. Үйгө кирип баратканда кимдир бирөөнүн күңкүлдөгөнүн Аскардын кулагы чалып калды:

— Мунуңар гезитчи эмес эле, мотурайган жапжаш эле бала го?..

Үйгө киргенде күрү-күү угулду. «Оо, күүлдөп жатышкандыр…» — деген сөздү эстеди Аскар. Ортоңку бөлмө өтө чоң экен. Эл толтура. Күрү-гүү. Аскарларды көргөндө, алар дымый түшүштү. Аскар аларды чала-чарпыт бир карап алды да, тиги кишини ээрчип төркү бөлмөгө кирди. Чакан бөлмө. Дасторкон жайылган. Кыркка таяп калган каратору бир эркек, анан аял эле отуруптур. Экөө тең ордуларынан атып турушту. Аскарды ээрчитип келген киши тиги кишиге башын жаңсап койду да, үндөбөстөн кайра чыгып кетти. Аларга эми жан киргендей болду. Ой-бойго койбой, Аскарды төргө отургузду. Келин кичине кызымталдай көрүндү Аскарга. Эркек үндөбөстөн аны сырдуу бир карап койду эле, шыпылдап чай куя кетти. Үндөшпөстөн чай иче башташты. Дагы кимдер келишет болду экен деп Аскар ичинен ойлоп койду. Муну эркек туйгандай:

— Бул жерге эч ким келбейт. Сиз эле болосуз, — деди. — Атайы сизге деп…

— Ии, чын айтат, ошондой, ошондой, айланайын… — деди келин сөздү жула качып.

Эркек аны кайрадан бир карап койду эле, тиги тып басылды.

— Мен той берип жаткан кишинин бир тууган иниси болом, — деди эркек сөзүн улап. — Жанагы сизди ээрчитип келген киши — менден кичүүсү. Агабыз, тойдун ээсин айтам, өзүнүн куда-сөөктөрү менен тыякта жүрөт. Анан баш багып кетээр…

— Ии ошентпей анан…- Келин кепти дагы жула качты.

Эркек кайрадан карап койду эле, тып басылды.

— Агам ушул уруунун экинчи аксакалы. — Эркек кайрадан сөзүн улады. — Эң аксакалыбыз жанагы сиз барган үйдө жаткан киши. Убал болду. Эки жылдан бери төшөктө жатат. Бирок акыл-эси туптунук, кайратынан да жанган жок. Кадимкидей… — Күлүп. -Жатып алып эле баарыбызды… Өзгөчө кемпирин… — Сөзүн улабай, кайрадан күлүп койду.

Келин туура дегендей, башын ийкегилей берди. Бир мезгилде эркектин өзүн сырдуу карап калганын туюп, ордунан шак ыргып туруп, аркы бурчтан бир бөтөлкө арак, бир бөтөлкө коньяк алып жетип келди. Эркек бир аракты карап, бир коньякты карап, анан Аскарга тигилди. Аскар анын оюн түшүнгөндөй:

— Мен эчтеке ичпейм… — деди негедир күнөөлүүдөй.

— Койчу, айланайын, — деди келин эпилдей, — өзүң гезитте иштесең, анан кантип… Эми акемдин жакшылыгы экен…

Эркек кайрадан сырдуу карап койду эле, келин адатындай эле тып басылды.

— Анда бозо ичип отуруңуз… — деди эркек Аскардын чын эле ичпестигине ишенгендей.

Бозо дегенде Аскардын кичинекей чагы элестеп кетти. Таңкы үрүл-бүрүлдө апасынын күпүлдөтө бозо сүзүп жатканы. Карагайга бараткандардын аттарынын дүбүрттөрү…

— Кере бир тартып жибер, айланайын, — деди келин Аскардын оюн үзүп, мелт-калт куюлган чоң кесени суна. — Кан болот айланайын, өзүң да таш астында өскөн чөптөй болуп илмейип, купкуу болуп…

Эркек эми жаман көзү менен бир карап калды эле, тигинин үнү өчтү.

Аскар чын эле суусап турган. Анын үстүнө бала чагынан ичип көнгөн бозосу. Бирок көптөн бери бозо иче элек эле. Кесени алды да, кап ортосуна чейин тынбай жутту. Даамы билинбейт. Апасынын бозосу кичине башкачараак болор эле. Ичкенде ачуурканып алчу. Мунун даамы сезилбейт. Кесе бошогон сайын, эркек келинди сырдуу карап коёт, ал кесени шып ала коёт да, бозо куюп кирет. Ушинтип отурганда, эшик акырын ачылды да, эки киши кирип келип, босогодо туруп калышты. Келгендердин бирөө экинчисине төрдө отурган Аскарды көздөй башын жаңсап койду да, чыгып кетти. Кирген киши кыймылсыз туруп калды. Аскар негедир оңтойсуздана ордунан копшолду.

— Келбейсизби… Отурбайсызбы… — деди эркек тигиге.

— Жок, туруп эле турайынчы, — деди тиги сурангандай. — Азыр эле кайра чыгам.

Өзүң бил дегендей эркек үндөбөдү. Аскар эч нерсе түшүнбөй, тиги кишини элее тиктеди. Караторусунан келген, чап жаак, узун бойлуу киши экен. Кыйлага үндөбөй, кыймылсыз турду да, Аскардын таңдана, суроолуу карап жатканын байкап:

— Мурунку башкарманын мага көрсөтпөгөн санаты калган жок, — деди Аскарга, үнү дирилдей. — Тигини жаса дейт, анысын жасайм, баары бир жакпайм. Мунусун кыл дейт, анысын кылам, анда да жакпайм. Бирдеме болсо эле: «Сен түрмөгө түшкөнсүң, кайра баргың келип жатабы ошо көнүп калган үйүңө!..» — деп жекирип кирет. Талаада да айтчу, үйдө да айтчу. — Үнү ого бетер дирилдей. — Эмне, түрмөгө тү­шүп чыккан киши киши эмес бекен?!. — Кекенгендей мукактанып токтоп калды.

Аскардын жүрөгү шуу дей түштү. Түрмөгө отуруп чыккан кишини анын биринчи жолу бетме-бет кө­рүшү эле. Аскар эмне дээрин билбей, биресе таңдангандай, биресе корккондой ого бетер элее карады. Бирок негедир анын ырай-пешенесин көрө алган жок, көз жаштай тунук, букка толгон көзүн гана көрдү. Тиги киши бир аз турду да, анан үндөбөстөн коомайсыздана күнөөкөрдөй акырын чыгып кетти. Чыгып баратканда күнгө күйгөн желкеси да көз жаштай тунук көз сымал туюлду Аскарга. Негедир жүрөгү тыз дей түштү. Үчөө эмне кылышты билишпегендей, дымып калышты.

— Иче гой бозоңду, — деди аңгыча келин кимдир бирөөнү алаксыткысы келгендей. Өзүнчө шыбырай кетти. — Байкуш акем…

Эркек кайрадан келинди жаман көзү менен бир карап алды да, Аскарга кайрылып:

— Чын эле, бу кишинин түрмө өлтүрө албаган жүрөгүн мурунку башкарма сөз менен жеп отуруп, өлтүрүп бүттү окшойт… — Башын чайкай, алаканын жая. — Көрдүңүз го, жакшы киши, элчилеп ичпейт деле. Колубу, колу тим эле алтын, эмнени болбосун мизилдете жасайт. Анан, кызык… Болбогон жерден кырсыкка кабылат да турат. Кызык, ушундай да болобу… Бир эмес, эки жолу отуруп чыкты… — Таңдангандай, аягандай башын чайкай кетти.

Аскардын кайрадан жүрөгү тыз этип, негедир ичи эңшериле түш­көндөй болду. Көңүлү чөгүп, кеткиси келди.

— Мен кете берейинчи… — деди сурангандай эркекке карап.

Келин менен эркек эмне деп жатасың дегенсип, Аскарды таңдана карап калышты.

— Кете берейинчи… — деди Аскар кайрадан. — Эртең да кыдырчу жерлер көп. Анын үстүнө…

— Бир аз чыдай турбайсызбы?.. — деди эркек Аскардын абалын түшүнгөндөй. — Тамак деле эчак эле даяр болгон. Элди күтүп жатып… Эл менен эле чогуу…

— Жок, кете берейинчи… — Аскар ыңгайсыздана кайрадан суранды.

— Анда…

Эркек сөзүн улабады да, келинге сырдуу карап койду. Келин ордунан шык туруп, эшикке жөнөдү. Көп өтпөй эле Аскарды ээрчитип келген киши менен кирип келди. Келген киши менен эркек өз ара шыбыраша кетишти.

— Андай болсо… Тарта бергиле да! — деди эркек нааразылана.

Тиги киши башын ийкеп, чыгып кетти.

— Агамды кудалары айда сугарып койгон окшойт — деди эркек тиги чыгаары менен, сырдуу жылмая, — быякка келгенге чамасы жетчүдөй эмес дейт. — Өкүнгөндөй башын чайкап. — Сиз менен чогуу отурсабы дедик эле… — Колун шилтей. — Мейли эми…

Аскар жылмайып койду. Аңгыча бир кичине бала кирип келди да, колго суу куя кетти. Суу куюлары менен, бир чара эт келди. «Тарта бергиле дегени ушул тура, — деп ойлоп койду Аскар, анан селт этти. — Мунун баарын ким жейт?..» Эркек шапа-шупа устакандай салып, өзү шыпылдата эт туурай баштады. Келин кийлигишкен деле жок, анда-санда гана: «Алсаң, айланайын, тытмаламыш болбой…» — деп Аскарды кыйнап жатты. Чын эле, Аскар жарытылуу деле эчтеке жей албады, тытмаламыш болуп эле отурду. Акыры тамак да желип бүттү, Аскар эс ала түштү. Баягы бала кайрадан кирип келди да, колго суу куюп, чыгып кетти. Бата тилешип, бир-бирин суроолуу тиктешип калышты. Ушул маалда Аскарды ээрчитип келген баягы киши кирип келип, эркекти суроолуу карап калды. Ушуну эле кү­түп жаткансып, келин кесеге бозо куя салып, Аскарга сунду:

— Ырымы болот, айланайын, алып жибер…

Аскар кыйылып жатып эптеп ичти.

— Ыракмат! — деди эркек Аскарга колун сунуп. — Жакшы барыңыз…

«Эмнеге ыракмат айтып жатат?» — деп ойлоп койду Аскар эңги-деңги боло.

Аскарды коштоп келген баягы киши Аскарга бир карап алды да, жүрүңүз дегендей эшикти ачты. Чыга берерде келиндин шыпшынганын кулагы чалып калды:

— Аа, айланайын, бул чын эле бала эле бойдон турбайбы…

Баягы чоң бөлмөдө баягындай эле күрү-күү. Аскарга эми эч кимиси көңүл бурган жок. Эшикке чыгышты. Тиги киши Аскарды трактористтин үйүнө чейин ээрчип келди да:

— Сизге жай салып койгон. Жакшы жатыңыз… — деп коштошуп алып, кайра артына кайтты.

Аскар үйгө кирсе, мештин жанында баягы байбиче отуруптур.

— Ырас келбедиңби, айланайын!.. — деди акырын шыбырап, сүйүнгөндөй — Тиги сүйлөнүп, жанды койбой жатты эле… — Төр жакка башын жаңсап койду.

«Сүйлөнгөнү эмнеси?..» — деди Аскар өзүнчө таңдана.

— Бирөө-жарымы иттен чыгарып койгонго жарадыбы? — деди аңгыча чал ордунан козголо, шектенгендей.

— Сага айтып жатат, — деди кемпир кайрадан шыбырап, — бирөө жеткирип келдиби? — дейт.

Аскар жылмайды да, төр жакты карап:

— Ооба, — деди үнүн катуу чыгарып.

— Аа… — Чалдын санаасы тына түштү да, көп өтпөй эле ачуулана кыйкырды. — Жанагы кайда житип кеткен?! Эй!..

Аскар таңданды: «Кимди айтып жатат?»

— Мен быякта элемин, — деди аңгыча кемпир бүжүрөй.

— Быякта болсоң — кыйратыпсың!.. — деди чал ого бетер өкүм. — Быякта болсоң, отту күчтөп жак! Баланын бутун мештин жанына кой!.. — Кекене. — Быякта элемин деп!..

— Атаң сүйлөнө берет, ага көңүл бурбай эле кой, айланайын, — деди кемпир шыбырап. — Аа, айланайын, чын эле бутуң чылпылдап чыккан тура. Жашсың да — билбейсиң. Мына, мештин жанына койдум, эртеңге чейин кургап калат. Төшөгүң мынакей. Үшүй койбоссуң. Эшикке чыксаң, атаңдын тиги көлөшүн…

Чал кайрадан кыйкырды:

— Көлөшүн?!. Шалпылдатыппы?!. Кишини киши өңдүү күткөндү да билишпейт! Баягы хром өтүктү алып кел!..

— Эми анысын кайдан табам?.. — деди кемпир түйшөлө. Анан сүйүнүп кетти. — Аа курган жаным сандыкка катып койбодум беле. Мен азыр… — Аркы бөлмөгө жөнөдү. Тез эле кайра келди. Өтүктү көлөштүн жанына коюп жатып:

— Жапжаңы эле бойдон, какшап жүрүп, атайы саттыртып алды эле, бир-эки жолу эле кийди окшойт байкуш, — деп ичи ачыша төр жакты карап койду. — Эми ыйманда жат, балам, — деди Аскарга карап. — Чыракты өчүрбө, ии, баса, эсиме жара чыкканда, светин да күйгүзбө. — Акырын шыбырады. — Чырак күн-түн дебей күйүп турат. Өчүрсөк атаңдын балээсине калабыз. Светти да күйгүздүрбөйт, күйсө эле көрбөй калам дейт, анын үстүнө жыты да жаман экен дейт. Бу жарыкта да жыт болобу, айланайын?..

Аскар ишенбегендей жылмайып койду. Кемпир төр жакты бир карап, Аскардын төшөгүн бир карап алып, санаасы тынгандай, жыла басып аркы бөлмөгө жөнөдү. Кемпир кетери менен, Аскар чечинип, жата кетти. Адегенде сезген эмес, бир кезде эле башы айлана баштады. Ары оодарылат — болбойт, бери оодарылат — болбойт. Тим эле айланкөчөк.

— Кудай жаман көргүрлөр, аа, баланы кыйнап коюшкан турбайбы!.. — деди аңгыча чал жиндене. — Эртең да таң аткысы бардыр!..

Муну укканда Аскар оңоло түшкөнсүдү. Бирок көп өтпөй эле, кайрадан башы айланып, кускусу келе баштады. «Кой, эшикке чыгып келейинчи», — деп ойлоп, ордунан акырын турду да, плащын жамына са­лып, көлөштү кийип, жыла басып эшикке жөнөдү. Үйдөн бир аз узай түшүп эле окшуп, кусуп жиберди. Эс ала түштү. Эшикти акырын ачып, үйгө кирди да, төшөгүнө аста жата кетти.

— Ушинтишерин билгем, жана эле жүрөгүм туйган!.. — деди Аскар жатары менен, карыя кекене. — Ушу чычкандай болгон немени!.. Силердиби?.. Таң да атаар…

Аскар таңданды: «Дагы эле уктай элекпи?.. Деги кимге жини келип жатат? Кызык…» Кой уктайынчы деп, эки көзүн бекем жумду да, аста там жакка оодарылды. Дагы эле башы айлангансыйт. Чалкасынан жатты. Ого бетер айлана баштады. Жер кө­чүп жаткансыйт… Көңүлү айнып, кайрадан кускусу келди. «Кой!.. — деди анан өзүнчө кыжынып. — Болбойт окшойт.» Башын көтөрдү. Эшикке чыгайын дейт, чалдан жазганат. Төшөгүндө соксоюп кыйлага отурду. Басылчудай түрү жок. Жердин көчкөнүн айтпа да, кускусу келгенин айтпа… Аргасы түгөнгөндө ордунан акырын туруп, кайрадан эшикке жөнөдү. Чыгып баратып, төр жакты карап койду. Дагы кусту. Кирсем эле кайра башталабы деп чочулады. Басып жүрсө билинбейт да, анан жатса эле… Кыжыры келди. Көп өтпөй чыйрыга баштады. Кой кирейин деди. Үйгө киргени баратканда, колун оозуна салып дагы кусуп алайын деп далалаттанды. Эчтеке калбай калган окшойт, окшуп тим болду. Анда неге дагы эле башы айлангансыйт. Кайрадан кыжыры келди. «Бүттү окшойт, — деди анан санаасы тынгандай. Өзүнө-өзү дем бере кетти. — Эми эмне балакет болсо да, эшикке…» Үйгө акырын кирип, жыла басып төшөгүнө жетти.

— Ата, айланайын ай, кыйнап коюшкан экен, ээ… — деди чал аягандай. Анан адатынча кекене кетти.- Ушу чычкандай болгон баланы сугарышып… Таң аткысы бардыр, түндөн аман чыксамбы, силердиби?.. — Дымый түштү да, көп өтпөй башка бирөөлөргө ачуулана кетти. — Ушу чычкандай болгон немени талаа-түзгө жалгыз жиберишип…

Аскардын оозу ого бетер ачылды. «Деги бу киши уктайбы?.. Же, эмне… Деги кимдерди эле тилдеп жатат?..» Негедир өзүн ыңгайсыз сезди. Алаксыгысы келди. Бүгүнкү көргөндөрүн биринин артынан бирин көз алдынан чубатты. Акыры келип, келин менен эркекке такалды. Булар кимдер: аялы менен күйөөсүбү? Келин неге эркектин көзүнүн агы менен чарк айланат, ооз ачып сүйлөбөйт? Эркек да келинге бир жолу да лам деп ооз ачкан жок, болгону эле сырдуу, же жаман көзү менен карап коёт. Болду анан… Келин негедир көзүнө аянычтуу көрүндү, ичи ачышып, боору ооруду. Буга кошул-ташыл түрмөдөн чыккан киши көз алдына тартылды. Ал эмнеге келди, эмнеге отур десе болбой койду? Кирди да, босогодо туруп, мурунку башкарманы айтып алып, акырын чыгып кетти. Көзүчү? Куду көздүн жашындай туптунук. Аскар чыдай албай көзүн бекем жуумп жиберди, негедир ыйлагысы келди. Ошентип жатып, кайсы маалда уйкуга кеткенин өзү да сезбей калды.

Эртең менен чочуп ойгонду, башын шак көтөрдү да, эки жагын элеңдей карады. Меш дүркүрөп күйүп, чайнек шакылдап кайнап жатат. Селт эте, төр жакты карады, чал дале жатат. Санаасы тына түштү да, кайра таңданды: «Бул киши, эмне, эшикке таптакыр чыкпайбы? Деги кыймылдайбы?..» Ордунан турда да, кийине кетти. Башы дыңылдагансыйт, көңүлү эчтекеге чаппайт. Аңгыча кемпир да кирип келди:

— Аа, айланайын, эмне мынча эрте туруп алдың? — деди ал аягандай. — Кичине жата турсаң деле болмок да…

— Эрте деле эмес, — деп койду Аскар көңүлсүз.

— Аа, айланайын, кыйналып калган көрүнөсүң, ээ? — деди кемпир кейигендей. Анан сырдуу: — Жол азабы деген… Тиги чөгүндө жылуу суу бар, атайы жылытып койгом, жууна гой…

— Кыйналганым деле жок, — деди Аскар кайрадан көңүлсүз. — Эмнеге… — Сөзүн улабады да, жууна кетти. Аарчынган соң, кемпирге кайрылды. — Эне, мен кетейин, дагы…

Аскарды толук сүйлөтпөй, кемпир туйлап жиберди:

— Кой, айланайын, эртең мененки насиптен да… Мен азыр эле… — Алеки заматта дасторконду жая салып, нан, каймагын коюп, чай куя баштады.

— Эне, — деди Аскар чочугандай, — мага карандай…

— Эмнеге? — Кемпир таңданды. — Мейли анда, карандай эле куяйын. Бирок акты танганың болбойт, балам, ак дем болот…

— Көнүп калыпмын. — деди Аскар күнөөлүүдөй.

— Ошентсе да…

Аскардын ой-боюна койбой жатып, үч-төрт чыны чай ичирди. Акыры бата тилешип, Аскар ордунан турду да:

— Эне, ооруканаңар кайда?

— Ок! — деп чочуп кетти кемпир, — эмне дейт, эмне, бир жериң ооруп турабы, айланайын?..

— Жок.. — Аскар ичи жылый жылмайды. — Жазышым керек.

— Аа… Кемпирдин санаасы тына түштү. — Жанагы балинсаны айтасыңбы, үйдөн чыгып эле солду көздөй бас, бир аз баскандан кийин чоң жолго урунасың, — өзү деле айыл боюнча жалгыз эле чоң жол бар, — ошол чоң жолго жеткенде, оңго бурулуп, түз эле кете берсең, бир узун тамга барып урунасың. Ошо балинса, айланайын…

— Анда жакшы тургула, эне…

— Өзүң да жакшы бар, балам. Кайда жүрсөң, эсен жүр. — Кейип-кепчип алды. — Ка-ап, эртерээк да чыгып алдың, суукка урунуп албагай элең.

Аскар мулуң этип күлүп койду.

Босогону аттаганы баратып, чочугандай тык токтоду да, артына жалт бурулуп, карыя жакты карап, кыйлага туруп калды. Негедир карыянын жүзүн бир көрүп алсам деп ойлоду. Ичин кандайдыр бир жылуу­лук өрдөп өткөнсүдү. Бирок көп өтпөй жүрөгү тыз деп алды да, ичи ачыша түштү. Кандайдыр бир сырдуу, күйүттүү бук ичтен тээп, алкымына келип кептелип калгандай туюлду.

Байбиче бир нерсени туйдубу:

— Аа, алдыңа кетейин, — деди ыраазы болгондой, башын ийкеңдете, — ал баары бир турбайт. Таң аткыча той бергендерге сүйлөнүп жатып, эми эле көзү илинди окшойт. Мейли эми, кичине тук этип алсын…

Аскар, ойлонуп-ойлонбой башын ийкеп алды да, босогону аттады. Эшикке чыкты да, каякка барарын билбегендей, туруп калды. Анан кемпирдин сөзүн эстеп, солго бурулду. Бир нерсени ойлоп келаткансыйт, бирок эмнени ойлоп баратканын өзү да билбегенсийт. Ичи эле ачышат. «Ооруканага барышым керек да…» — деди анан өзүн алаксыткысы келип. Ушул шыбыр негедир аны кечээтен бери баштан кечиргендерин эстөөгө мажбур кылды. Барып-барып эле дагы эле келинге, түрмөдөн чыккан кишиге, төрдө жаткан карыяга урунду, ушул үчөө жуурулушуп келип, жүрөгүнө түйүлүп калгандай болду. Анан бул жарык дүйнөгө кечээ эле келгендей, кечээтен бери эле жашап жаткандай, буга чейинки өмүрүн кечээтен баштап кечиргендери жалмап-жутуп алгандай туюлуп кетти. Ою менен алпурушуп келатып, бир кезде тык токтоду, чоң жолдун так ортосуна келип калыптыр. Чоң жол бирөө гана дебеди беле, ошол чоң жол ушу тура деп ойлоп, оңго бурулду. Бизге келгиниң дегенсип, тээ алыста тоолор шаңкаят. Буга кошул-ташыл таңкы жел да бетин аймалай кетти. Моюнун созо, эки көзүн бекем жуумп, эркелегендей таңкы желге жүзүн тосуп, негедир жылмайып койду…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *