САТИРА

Келинчегим экөөбүз кезектеги “кечки кеңешмеге” чогулбайбызбы.

— Күн тартибиндеги маселе, балдарды ыймандуулукка тарбиялоо! — дебеймби маселени кабыргасынан коюп.

— Балдарың тарбиялуу эле  эшикте жылаңайлак ойноп жүрүшөт. Андан көрө өзүбүз да жылаңайлак кала электе бут кийим маселесин карабайбызбы!? — дебейби келинчегим жыра тартып.

— Бутубуздагы жыртылгыча кудайдын айтканы бардыр, а көрөкчө балдарды тарбиялоого киришели! — дебеймби кебелбей.

— Ушул “кудайдын айтканы бардыр” дегениңди качан коёсуң!? Эртеңки нанга акча, жада калса шымыңдын жыртыгын жамаганга жип да түгөндү. Аны ойлобой эле балдарды тарбиялайм дейсиң, башкасын кыйратып койгонсуп! — деп булкунуп келатканда эле маселе татаалдашып баратканын сезип, жарым сааттык танапис жарыялап жибербейминби. Анан таза абадан дем алып тамеки тартканы эшке жөнөбөймүнбү. Сыртка чыга калсам, көзүң жамандыкты көрбөсүн, алты балам ачкачылык жарыялап, эшик алдында турушат. “Бизди бага албаган ата­энебизге наалат!”, “Атам биздин үйдүн президенттигинен түшсүн!”, “Батинке алып бербесеңер тамак ичпейбиз!” ж.б. толгон­токой сөздөрдү жазып моюндарына  илип  алышкан. “Үйдө тамак болсо ичесиңерби!?” — деп ичимден күңкүлдөп коюп, кайкалаган боюнча кайра үйгө кирип кетпейминби. Аңгыча эле телефон чыр дебейби. Ала койсом айылдагы инимдин аялы.

— Арбаңыз аке, атамын 60 жылдыгын өткөрөлү деп атабыз. Итбай, Чотбайдын баары эле өткөрүп атпайбы!? Аларга караганда кайнатам илгери 6 ай биргат болгон тура. Деги элге деле намыс экен. Сөздүн ток этерин айтсам, атам биздин колдо болгондон кийин союшуна эки жылкы, беш койду биз көтөрмөй болдук. Ага­туугандар ат мингизип, чапан жабышат. Фермер иниңиз машине, эжебиз эшек араба, карындашыңыз килем, коммерсант иниңиз 40 миң сом салынган конверт бермей болду. Эми аке, сиздер шаарда тургандан кийин болгону түстүү телевизор, 60 бөтөлкө арак,  таттуу­паттууңарды алып алтынчы күнү келип калгыла! — деди да телефонду коюп койду. Трубканы кармаган бойдон шалдырап отуруп калган экемин.

— Деги тынччылыкпы!? — деп келинчегим түрткүлөгөндө эсиме келе түшүп, — Той! — дегенге араң жарадым да, көзүм караңгылашып кулап кеттим.

Ысмайыл КАДЫРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *