Мен   азыр  13   жаштамын.   9 жашыма  чейин  атамдын,   менин   айылым   Ак  Моюнда,  калган  4 жылдагы  жашоомду   Нарын  шаарында  жашап  жатам.  Андыктан  мен   өзүмдүн  айылым  анан  мындан  ары   такай  жашоочу  Нарыным  туурасында  айтайын…

Ак-Моюн  айылы.  Ат-Башы  районунун күн  чыккан  тарабында   Ат-Башы  суусунун  сол  жак  өйүзүндө  жайгашкан.  Бул      күн  чыккан   тарабында  биринчи   – Ак  Муз  айылы.  Андан  кийинки    айыл  Ак-Моюн,  Бирилик,  анан   бир  топ   чакырымдан  кийин    Ат-Башы  району.  Бул айылдардын  ортосун     узун  аралыктар  бөлүп турат.  Менин  Ак-Моюн  айлымдын    аты  кызыктуудай  угулат,    Ак  Моюн.  Бир  жолу  атамдан  эмнеге  Ак-Моюн  деп  сурасам, атам: «Биз  күн   чыгыш   тараптан  экинчи  айылбыз,   башы  Ак-Муз,  баштан  кийин    моюн эмеспи,  ошондон  болсо  керек, эл  Ак-Моюн  деп  атап  алышкан», –  деп  айткан.  Ак-Моюн  айылы  оң   тарабындагы    бийик  таш  тоолордон   эң  алыс  жайгашкан.  Бирок  кышкысын  аппак  кары,  жайкысын  жапжашыл  чөбү    көрүнүп турат.  Айылдын  сол  тарабында  жапыз  тоолор   көрүнөт.  Кышында  анын  бийиги  да,  жапысы  да  билинбейт.  Мелтиреген  аппак  карлар.   Ошол  карлар   өтө  узак  жатып  алышат,  кеткилери  келбей. Ат-Башы ошон үчүн дайыма суук.

Анан  чоң  адамдар  жаз  качан  келет  айлыбызга  деп  айта  беришет, айта беришет. Айыл  эли  бирин-бири  аябай  жакшы  билишет.  Ал  эмес  бири-бири  кандай  тамак  ичип  жатканынан    бери,  кимдин  үйүнө  ким  келгенин,  кимдин  малы  эмнеден  өлүп  калганын,  ким  эмне  сатып  алганын,  ал  тургай  мектепте  ким  жакшы  окуйт,  ким  жаман  окуйт,  ким  ууру  кылганынын   баары  билинип калат. Айылдын  эли  ушундай  жакшы  адамдар.  Эстей  берем,  биздин  үйдө  телевизор  бузулуп  калып   көпкө  чейин  мультик  көрбөй  калганбыз, ошондо  мультик  көргөнү кошунаныкына    барып  кечке  мультик   көрүп,   анан  үйгө  келчүбүз,  бизге  эч  ким,  эч  нерсе  дечү  эмес.  А  азыр  шаардачы,  күндүзү  да  эшиктерин  илип  алышат.  Ушундан  улам  билип  калдым:   айылда  жашагандар  менен  шаарда  жашагандар   окшошпойт.

Көбүнчө  апама   жардамдашып,  көң талкалап,  малга  жардам  берип,  анан  сабагымды  окуур  элем.  Мен  биринчи  жолу  окуган   мектеп  Апыш  Койчуманов   мектеби.  Атам  алгач  мени  биринчи  класска  жетелеп   барып,  ал  адам  жөнүндө  айтып  берген. «Сен  да  жакшы  адам   болушуң   керек .  Бул адам  Баатыр  адам,  эмгеги  менен  Баатыр  болгон,  муну  баардыгы  сыйлап,  урматташат».  «Ал  киши  кайда  жашайт», —  деп  сурасам: «Ал  адам  өлүп  калган». «Өлгөн  кишинин  да  атын  коюп  койсо  болобу?»-  деп  сурагам.  «Ооба,  эмгеги  элге  сиңсе  коюп  койсо  болот»,-  деген атам.

Азыр  ошол   эки  кабаттуу  мектепте  айылдын  балдары  окушат.

Атам  мага  «Мен  өлүп  калсам  жакшы  адам  бол», —  деп  көп  айтаар  эле.  Мен  аны  жөн  эле  сөз  деп  ойлочумун.  Бирок атам  чын  эле  өлөрүн  билчү  окшойт.  Мен  1-классты  бүтөөр  жылы     өлүп  калды.  Бир  жылдан  кийин  апам  да  өлүп  калды.  Атам  өлгөндөн  кийин  апам  аябай   көп  ыйлады.   Эл   айтып калчу: «Кайгыны  көтөрө  албай  калды» — деп. Эжем  экөөбүздү  Токтогул  атам  менен  Зинаш  апам    Нарынга  алып  кетишти.

Азыр  Ак-Моюн  айылым  аппак  карга  чулганган. Атам  менен  апамдын   мүрзөлөрүн   аппак  кар  басып  калды.  Кээде  ойлой  берем:   мүрзөнүн  ичи  жылуубу  же  муздакпы?..

Бир  жолу  «мүрзөнүн  ичи  жылуубу  же  муздак  болобу?» —  деп  Токтогул  атамдан     сурасам,  «Жердин  алды  жылуу  болот,  сен  атаң  менен  апаңа  сарысанаа  болбо», – көздөрү  жашылданып  кеткен,  мен  анан  сары  санаа  болбой  калдым.

Азыркы  жашап  жаткан  жерим  Нарын  шаары.  Токтогул  атам  менен  Зинаш  апам  абдан  жакшы  адамдар.  Биздин  үй  Нарындын  РТС   деген  тарабында.  Үйүбүз  бийик  тоонун  түбүндө.  Кышында  биздин үйгө күн  түштөн  кийин  тийет.  Мен  окуган  мектеп  биздин  үйдөн   алысыраак.  Мектебим – Нарын  шаарындагы  Жапар  Чолпонбаев  атындагы  №10  мектеп.

Мектептин  артында  Нарын  суусу  агып  жатат.  Быйыл  Нарын  суу  абыдан  ылай  болуп  акты.  Кээ  бир  жеринин  акканы  билинбейт,  кээ  бир  жери  жоон  болуп  акты,  кээ  бир  жери  катуу,  кээ  бир  жери  жай  акты.  Ал  тарапка  апам «барба,  сууга  түшүп  кетип,  шорумду  катырасың»,-  дейт.  Мен  барбайм  ал  тарапка. Анан  Нарындын   бир  эле  көчөсү  бар  экенин   Меку  эжем  айтып  берген,  анда  эки  үч  эле  троллейбус  каттайт.  Азыр  троллейбус  жүрбөй,   каттабай  деле  калды,  эмнеге  деп  Меку  эжемден  сурасам ,  билбейм  дейт.  Троллейбусту   оңдогонго  акчалары  жок  калды  окшойт  чоңдордун.   Андан  ары  барганда  Нарындын  ортосунда    аянт   бар.  Ал  жерде  болгон  майрамдардын  баары  өтөт.   Кышкысын  ёлка,  жазындагы,  жайындагы  майрамдарда    боз  үйлөр  тигилип,  артисттер  концерт  коюшат.  Өзгөчө  айнек  менен   кооздолгон   Нарындын  чоңдору   отурган    үй  бар,  Ал  Нарындын  баардык  имараттарынан  абыдан   жакшы  көрүнөт.

Андан  ары  барганда  чооң  базар.  «Элдин  жашоосунун  көбү  ушул  базар  менен  өтөт»,-  деп  айтат  Зинаш  апам.  Анткени  базарга  барып  калганда  машина  менен  адамдардан  жол  тийбейт.  Кымгуут.   Жол  боюнда   Нарындын  күн  баткан  жагында  Тайлак  баатырдын  эстелиги   турат.  Бул  ким  деп  апамдан сурасам  Тайлак  баатыр  дейт.  «Эмне  кылып  баатырдык  кылган?»  десем,  «элин  душмандардан  коргогон,  эки  кылым  мурда  жашап  өткөн»  дейт.  Ошондо  туулганына  200  жыл  болуптур.  Анан   Тайлак  жөнүндө  сурай  берсем,  Зинаш  апам  «учуру  келгенде  окуп,  билип  аласың,  аны  билгенге  сен  азыр  кичинекейсиң,   сага  убакыт  керек»,-  деп  койду.  Анан  сурабай  калдым.

Нарын  шаарындагы  көп  мектептердин  балдары  менен  достоштум.  Жолукканда  келечекте  ким  болоорубузду  сүйлөшөбүз.  Бир  бала  Нарын  деген  эмнени  түшүндүрөт  деп  сурады эле,  эч кимибиз  билбей  койдук.  Келип  апамдан  сурасам,  апам: «Нарын    деген  майдаланып  тууралган  эт,  биз  этти  абыдан  көп  жейбиз,  ошондуктан  Нарын», —  деп  койгон  дейт. Анан  апам  бизди  теңир-тоолуктар  деп  айтышат  дейт . Себеби,  биз  эң  бийик  тоодо  жашайбыз.  Акылмандардын  айтканына  караганда  Теңирге  жакын экенбиз… Менин  жашаган  жерим   Теңирге  жакын болгондуктан Теңир  Тоо экен. Анан  эли,   малдын   этин  абыдан  көп  жегендиктен   Нарын  аталат  экен.

Кечээ  атам  оштук  бир  досу  менен  сүйлөштү,  Ал  жакта  жамгыр  жаап  жатыптыр.  Бизде  аппак  кар.  Кун  суук ,  чилде  күчүнө  кирди.

Өмүрбай уулу Элдияр
7-класстын  окуучусу. Нарын  шаары,  Жапар  Чолпонбаев атындагы №10  мектебинде окуйт.  

P.S. Балдар чыгармачылыгы боюнча сынактын жобосун береги шилтемден тааныша аласыздар: КОНКУРС

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *