Алтай жомогу

Бир мезгилде жалгыз бака болуптур. Ал кичинекей тегерек көлдө турчу экен.

Ошол бака тегерек көлүнөн баш көтөрүп секирип-секирип жээкке чыгат, дагы секирип-секирип токойго кирет, дагы секирип-секирип… ошентип адашып калат.

Аякка барат, биякка барат. Турак көлүн таппай, акыры кумурскалардын уясына туш келет. Кумурскалар ондоп-жыйырмалап, анын жонуна жармашып чыкты. Анан дагы жүздөгөнү аппак ичине жабыла отуруп алды.

— Ква-а, – бака ыйлап жиберди, – кво-о… Адашканды талаган, ач калганды тиштеген кандай жаман, квак, квак…

Кумурскалар токтоп калышты. Ыйлап аткан бейтааныш жандыкка боор оорушту. Алар баканын үстүнөн жерге ыргып түшүп, уялганынан ага таазим кыла жүгүндү:

— Урматтуу эжеке, кечирип коюңуз! Күнөөбүздү тарталы, биздикине кирип тамак ооз тийип, суусундук ичип кетиңиз?

Курбака ошол замат тигилердин таклибине макул болду да, конок катары төрдөн орун алды. Шарактап ойноду, ичти, жеди, өзү нени сүйлөп атканын билбей мактанды, себеби тигилер алып келген балдан ушунчалык көп ичип салбадыбы.

Ага ким төшөк салып берди, ким менен кайда уктады – эч нерсени билбейт.

Күн аркан бою көтөрүлгөндө курбака баш көтөрдү. А башка кумурскалар эбак эле жумуштарына кетиптир, кечээги тойдун идиштерин жууп бирөөсү гана мында жүрөт.

— Мынабул даракка чыгып ары жак, бери жакты карачы, менин тегерек көлүм, андагы менин үйүм көрүнөр бекен? – деп суранды бака кумурскадан.

Кумурска дарактын башына чыкты, туш тарапты карады, анан бир топтон кийин минтти:

— Тээтигинде күн батыш тарапта сенин тегерек көлүң жылтылдап турат. Эгер кааласаңыз мен сизди эң жакын жол менен ошол жакка узатып коем.

— Кандай гана мыктысың! – Кур бака кудуңдап жыргап алды. – Жүр, жүр, тезирээк. Үйүмдө мен сени абдан жакшылап багам.

— Үйүңүздү көрсөтүп бере алам, – деди кумурска, – бирок конок болуп отура албайм. Биз кумурскалар иштесек да, тиштесек да жалгыздан жасай албайбыз, кайда болбосун тобубуз менен жүрөбүз.

— А ошондойбу? Макул анда, баарыңар тобуңар менен меникине конокко баргыла? Үйүмө жарыгыраакта жетип алсам эле болду.

Кумурска дарактан түштү да көлдү карай шыпылдап жөнөдү. Бака секирип-секирип, аттап-буттап анын артынан түштү. Алардын соңунан кумурскалар агылды. Жолдон улам башкалары да кошулуп, кара комок кумурскалар каптап калды. Акыры бүт ошол токойдун кумурска аттуусунун баары баканыкына мейманга жөнөштү.

Анан баягы көч тегерек көлгө келди. Кур бака көлүн көрүп сүйүнүп кетти, соң эсине келгендей артына кылчайды эле миң-миллиондогон кумурскалар жер бетин капкара кылып, көк чөптү көрсөтпөй, жаап келе жатыптыр.

Бака санаага батты: «Эми эмне кылам? Акыры баарын өзүм чакырбадым беле?»

— Ква-а, кандай сыймык, кандай бакыт? Мен силер менен кандай бактылуумун! Ушул жээкте туруп тургула, мен дасторкон жайып, анан силерди чакырам.

Ушинтти да кур бака сууга «чулп» этти!

Кумурскалар болсо күттү, күттү, бака чыкпайт. Бир күн күттү, эки күн күттү, дале жок, дайын-дареги да билинбейт.

Акыры жетинчи күнү кумурскалардын топ башчысы – энеси жадап кетти, ачуусу келди:

— Баканын сыйын көрөбүз деп ачкадан өлмөк болдук!

Анан ал ач калган ичин белден бууп үйүнө кайтты.

Бүт кумурскалар аны туурап белдерин абдан бекем тартып бууп, уясын көздөй үмүтсүз жөнөдү.

Ошондон бери кумурскалар белин таңып жүрүшөт экен.

Кур баканын болсо ошондон кийин көзү акырая карап, чакчайып калыптыр.

Которгон Абдыкерим МУРАТОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *