БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП

Англис химиги, физик жана философ Бойль Роберт 1627-жылы 25-январда Ирландиянын Лисмор шаарында туулган. 3 жашында энесинен ажыраган. Илмийген оорулуу бала болгон. Атасы аны 8 жашында Англиянын мыкты колледжине берип, 11 жашында окуусун улантуу үчүн Женевага жиберген.

Адегенде дин жана философия боюнча эмгектенген. 17 жашында Англияга кайтып келген. Ошол мезгилде атасы каза болгон. Атасынан калган үйдө 8 жыл жашап, 1654-жылы Оксфордго келген да, лаборатория уюштуруп илимге баш оту менен кирген. Химия жана физика боюнча изилдөө иштерине киришкен. 1662-жылы Мариотт менен бирге газ закондорунун бири болгон Бойль-Мариотт законун түзгөн. 1665-жылы Оксфорд университетинин физика боюнча ардактуу доктору наамын алган. Физикалык эмгектери молекулалык физикага, жарык жана электр кубулуштарын изилдөөгө, гидростатикага, акустикага, жылуулукка, механикага арналган. Химиялык элементтерге 1-жолу илимий аныктама берген жана химияга эксперименттик ыкманы киргизген. Химиялык анализдин баштоочусу болуп саналат жана химия өзүнчө илим экенин аныктаган. Лондон королдук коомунун мүчөсү болгон.

1691-жылы 31-декабрда Лондондо каза болгон.

БОР Н.

Даниялык физик Бор Нильс Хенрик Давид 1885-жылы 7-октябрда Копенгагенде туулган. 1908-жылы  Копенгаген университетин бүткөн. Университетте иштөөгө калтырылган. 1916-жылдан теориялык физика кафедрасынын башчысы болуп иштеген, 1920-жылдан өмүрүнүн акырына чейин өзү уюштурган Теориялык физика институтун жетектеген. 1913-жылы атом теориясын иштеп чыккан. Ядролук реакциянын жүрүү мүнөзүн аныктаган. 1922-жылы Н.Борго атомдун моделин түзгөндүгү үчүн Нобель сыйлыгы ыйгарылган. Ал согуш жылдары фашизмге каршылык көрсөтүү уюмуна мүчө болгон. 1943-жылы Даниядан Швецияга, андан АКШга качкан. Себеби фашисттер Н.Бордун жардамы менен атом бомбасын жасоону ойлонушкан. Согуштан кийин кайра Данияга келген. Ал өмүр бою атом куралдарын согушта колдонууга каршы күрөшкөн. Ал көп жолу бардык өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө атом куралдарына тыюу салуу жөнүндөгү чакырык менен кайрылган.bor_n-h-d-p002

Н.Бор азыркы физиканы түзүүчүлөрдүн бири. Бор постулаттарын негиздеген. Планеталык моделдин жана квант түшүнүгүнүн негизинде атом теориясын түзгөн. Атомдун 1-квант теориясын түзгөн жана кванттык механиканын негизин иштеп чыгууга катышкан. Металлдар теориясы, атом ядросунун теориясы, ядро реакциялары боюнча да маанилүү эмгектери бар. 1929-жылы СССР ИАнын чет элдик мүчөсү болуп шайланган. Өзү илимде чындыкка жетүү үчүн талашып-тартышканды абдан жакшы көргөн. Кимдир бирөө анын айтканынын туура эместигин ишенимдүү далилдеп берсе абдан сүйүнгөн. Чындыкты 1-планга койгон.

Ысмайыл КАДЫРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *