ЭССЕ

Башы мында 1-БӨЛҮМ

«Тоо-талаадай, сан миң элдүү калаадай,
Бул дүйнөнүн ичиндеги дүйнөмсүң».
Омор СУЛТАНОВ

2-БӨЛҮМ

* * *

Жамгырлуу жаз, жай, күз же кары бурганактаган ызгаарлуу кыш түнүндө, балдар айтмакчы, ошол Турдубек жинди: «Касый байке!» — деп эшик какса, байкем илгиртпей туруп, оозгу үйгө кийирип, курсагын тойгузуп, алдына көрпө төшөк сала, ичигин жапчу. Кайдан-жайдан келгенин ит билиппи, айылыбызда ар кимдин тамын салып жүргөн, арак ичип алганда темтеңдеп же бир жерге жыгылып калбай, өз алдынча сүйлөгөн кейбирге айланган Сейдаба шыбакчы да түн ортосунда, жумурай журт кызуу уйкуда жыргап жатканда, калчылдап, тиши-тишине тийбей титиреп «Касый байкелеп» келе турган.

— Атаңдын оозчайын, бу караңгы түндө эмне кылып жүрөт темтеңдеп. Ой, балам, тура калып, эшик ачып жүрүп, бу селсаяктарды жаман үйрөттүң. Өзүң нары жатып, тынч эс алсаң болбойбу…

— Мусаапыр да…

— Кайдагы мусаапыр. Масты Кудай алабы?

Атам менен байкемдин мындай кобурун уйку-соонун арасында үзүл-кесил угуп жатып, чынында байкемдин, кээде кирген суудай буркан-шаркан, «Касый агай келатат!» дегенде бүтүндөй мектеп чымындын учканы угулгудай тыптынч акыбалга келген, ачуусу чукул, кээде оголе, сүрдүү байкемдин мындай обу жок боорукерлигине таңдана, балалыктын баёо, эң бир татты уйкусуна кайрадан жетеленчүмүн…

 

* * *

Соңку маалыматка караганда, тактала да элек, а мүмкүн такталбайт дагы, 70 миллиондон ашык адамзаттын жанын алган экинчи дүйнөлүк, же бизче айтканда, Ата Мекендик улуу согуштун катышуучусу – атам — байкем —  агайым Керимов Касый, ар жылы 9-Май — Улуу Жеңиш күнү, согуштан алып келген беш медалын сол жак төшүнө тагып алып, биз билим алган алтын уябыз — Кызыл-Аскер мектебинин бүт окуучуларын жыйып алып, мага болсо жекеме-жеке канча ирет айтты… өмүрү өткөнчө, 33 жолу 1-сентябрды куттуу мектебинде тосуп, андан ары фронтко жөнөгөндөй ооруканага кетип, 1979-жылдын 9-ноябрынын таңында Ош шаарында дүйнөдөн өтүп, өткөнчө эргип, элирип, муңайып, жашып, жаркып… айткан баянынын жалпылаштырылып, жыйынтыкталган маңызы ушул: «1945-жылдын 17-январында Нарында педучилищеде окубаткан 21  баланы эртең мененки саат ондо айтып туруп, түш оой ар кайсы айылдардан чогулган алтымыштай балага кошуп, арабаларга салды да  согушка алып жөнөдү. 1926-жылы май айында төрөлсөм, 19 жашка чыгып, чыгалекмин да… Азыркыдай телефон байланышы жок.

Тоонун ары жагы, аралыгы отуз километр Ак-Музга качып эле кетпесең, жетесиңби? Жолуккан айылдашымдан ата-энеме айттырып ийдим. Согушуң эмне, өлүм эмне?.. Элес албас жалындаган жаш кез. Кетибатабыз ырдап… Күүгүмдө Өрнөк деген айылды жандай өтүп баратып, эки жыл мурда согушта каза болуп, кара кагаз келген тууганыбыз Бектурган акемдин жесири, Канымбүбү жеңем эки кичинекей уулун жетелеп, ушул айылдагы төркүнүнө келип жашабатканын билчү элем, командирден уруксат сурап, жол боюндагы үйгө чуркап кирип бардым. Жеңем байкуш балбалактап ыйлап, биртике талкан, сары майын берип ал калды. Долондун түбү – Кара-Yңкүргө жетип өргүдүк. Түн ортосу оосо да, уйку келбейт. Бир кезде: “Касый, Касый… — деген эле апамдын чакырганы кулагыма шак угулду. Көрдүңбү… угары менен ошончо жерден, Нарындын аязында, кийим-кече, тамак-аш салынган куржунду атына бөктөрүп, апакем жапжалгыз артымдан жете келген экен.

Чыйрак, кайраттуу киши эле. Жанымда бирге болуп, үрүл-бүрүлдө кошуун жөнөй берерде, чекемден өптү да, колума Ак-Муздун бир ууч топурагы түйүлгөн кичинекей боз баштык жана бир капталы аппак, экинчи жагы каралжын алакандай жалпак таш карматып: «Буларды койнуңа катып жүр да, аман-эсен келип өзүмө тапшыр!» — деп күбүрөй дуба кылды. Биз ашууга тирелип, узап кеткиче апам атынын суулугун кармап, көзүнөн жаш чыгарбай, чекчейе карап кала берди…

Украинанын Житомир шаарында бир айдай даярдыктан өткөрүп туруп, Чыгыш Пруссияда Кенгсберг, азыркы Калининград шаарында согушка салды. Байланышчы болдум. Тартайган узун бойлуу Петро деген старшийимдин айтканын жасайм. Чымын-куюн болуп, арыштуу Петродон калбай, окоптон-окопко телефон зымын тартып жүрдүк. Коркконуң, кубанганың, ыйлаганың… баары аралашып, ошол согуштун соңку айында эле канчалаган аскерлер боо түшүп кырылды. Эч качан согуш болбосун! Согуш бул — алаамат, балдар…

Биздин полкту мусулман полку дешчү. Айрыкча артиллериялык чабуул өтө коркунучтуу. Мөндүрдөй жааган снаряддардын алдында дээрлик эс-акылдан ажыраган бир макулуксуң. Кайда жүргөнүңдү, эмне кылып атканыңды билбейсиң… Кинодон көрсөтүп атпайбы, бирок анда чыныгы турмуш таптакыр башка, адам бир жырткычтай, кадимкидей эс-акылынан ажыраган акыбалга жетип, анан уруш тынчыганда кайра өзүнө келгенин өз көзүм менен далай көрүп, башымдан да өткөрдүм…

Полкто өзбектер арбын эле. Кокуйгүн кызык эл болот экен. Бирөө өлсө, үчөө үймөлөктөшүп, «ака-аа!» деп калат. Дал ошол жерге снаряд «бахх!» этип түшөт. Мына, баатыр эл деп орусту айт! Окоптун түбүндө ышкырып учкан окту тоотуп да койбостон жүз грамм спиртин суу кошуп «согуп», сала кошулган бөлкөсүн шашпай чайнап, анекдотторун айтып күлүп олтурушат. Атышса, ошолор атышсын. Согушту орустун өжөрлүгү, баатырдыгы, чыдамкайлыгы жеңди.

Мени ажалдан эки жолу көз көрүнөө ошол орус досум Петро алып калды. Капыстан башталган артиллериялык аткылоонун алдында «Тез окоп казгыла!» деген буйрук берилип, ар кимибиз дүмүрөңдөп, жан айласы да, аскердик кол күрөк менен баш калкалар чуңкур казып атабыз. Чополуу катуу жер, ансайын снаряддар жаап жатат. Аңгыча: «Коля, сюда!» деп, жыйырма метрдей алды жактагы Петро кыйкырып калды. Кажарлуу жигит тизе боюнан өөдө оюп жиберген чуңкурунан секирип чыгып: «Спасайся!» деди да, арыда өлүп калган бирөөнү аңгегинен сүйрөп салып, жашына калды. Зор Петронун чуңкуруна мен кадимкидей батып кеттим…

Узакка созулган алаамат аткылоодон кийин эсибизге келсек, жарадарлар менен өлүктөр жайнайт. Баягы мен казып жаткан чуңкурга бир шордуу жата калган окшойт, дал түшкөн снаряддан жоокердин каскасынын, мылтыктын калдыктары чачылып, шинел үзүндүлөрү гана түтөп жатыптыр. Петро көптөн кийин далымдан таптап: «Бог спас», -деп койду…

Дагы бир жолу күүгүмдө баратып, ээн жерде турган заводбу, фабрикабы, айтор, бир чалдыбары чыккан чоң курулушка жашынган буктурмага кабылып калдык. “Отступление” деп коёт, буйрук берилери менен артка чегиндик. Туурасы, душман мөндүрдөй ок жаадыра кубалап, биз качтык. Көп өтпөй дарыяга туш келдик. Сүзгөндөр сүзүп, чөккөндөр бакырып чөгүп… Мен дагы көпчүлүк менен дүргүп, сууга кирдим эле, бутум жерден айрылып, тумчугуп баратам… Ал аңгыча бирөө колтуктай: «Не бойся…» — деп асте кайра жээкке чыгарып келди. Карасам, Петро! Дал ошол учурда, кайдан-жайдан «ураалап», моторлуу кайыктар-катерлер менен жардам келип калды…

Жеңишти айтылуу Одер дарыясынын жээгинен тостук. «Одердеги жаз» деген кинону көрдүңөр беле? Эльба, Одер дарыялары керемет да… Үнсүз мемиреп агат. Дегеле герман жери токойлуу, адыр-адыр ажайып жер. Түлкү, коён, эликтери чуркап жүрөт. Ушул жомоктогудай жашоодон немистер Россияга эмне издеп келди дейм да! Фашист Гитлердин ач көздүгү не деген кыйроого, алааматка алып келди, эстесең төбө чачың тик турат! Анан да немистердин тазалыгын, кыздарынын сулуулугун айт… Ошол Жеңиштен кийинки күндөрдө эле майда-чүйдө кагылыштарда далай жигиттерден айрылып калдык. Эң кызыгы – америкалык аскерлер менен жолугушуу болду. Кийген формалары мыкты, тилмеч аркылуу сүйлөшүп, сүрөткө түштүк. Айрыкча тамак-ашы жакшы экен. Бир банка консервасына үч-төрт киши тоёт. Бир көз айнекчен сержант Жекпи, Жорж деди беле, саатын чечип белекке берген, элүүнчү жылга чейин тагынып жүрүп, улак тартышта талкалап алдым…

Кийин кайтаарда дагы өзбек достор азапты берди. Көрөпай-шөрөпайларды олжо деп, вещ-мешокторуна толтуруп, баштык, чемодандарды «Таштагыла!» деген буйрукка карабай,  көтөрүп алышкан. Ошолордун айынан бүтүндөй полкту эки сутка жөө айдады. Анан чаалыгып, теңселе басып, баары ашык жүктөрүн ыргытып, автоматты араң көтөрүп калганда гана баарыбызды поездге салды…

Согуштан ноябрь майрамынын алдында кайтып келдим. Үйүбүздөн апам гана бакырып алдымдан чыкты… Жумадин деген жалгыз уялашым жарым ай мурун тогуз жашында чечек оорусунан өлүп калыптыр. Атамды мен аскерге кеткенден кийин жумушчу батальонуна алып кеткен экен. «Самоор чыгарган жерде зоот (завод дегени) курубатабыз» — деп жаздырган каттары Россиянын Тула шаарынан келип турду да, кыш ортосунда үйүбүзгө кирип келди…»

Согуш… Аталарым — бири фронтто, экинчиси тылда, ыйык мекеним, Ата Журтум — Орто Азиянын төрү — асыл Ала-Тоомдон канчалык алыс аралыктагы Европа материгинде дээрлик беш жыл бою созулган кызыл кыргын алааматына азбы, көппү катышса, кан, терин, көз жашын төксө, менин да андагы алааматка тиешем бары: «Канымда ызылдаган октор учат…» деп кайсы бир орус акыны жазгандай, согуштун оюнчук эмес экенин билгеним… Менин дагы бир байкаганым, байкем дегеле тынч уктай албай, түн бою кыйналып, кээде түшүнөн чочуп, кобурап чыгар эле.

 

* * *

Дегеле согуштун ызгаары айылдаштарым — бир буту тизесинен ылдый темир Дардаш, кабыргасы таңылуу Сулайман, жалгыз колдуу Алагөз, Мамбеткерим, Каракойчу, таякчан Календер акелер аркылуу да сезилип турчу. Биздин ушул алакандай Ак-Муздан эле 134 эр-азамат апааттан кайтпай калыптыр. Алардын дээрлик көпчүлүгү али үй-бүлө күтө элек, муруттары кылайып жаңы чыгып келаткан жигиттер эле дешет. Алтургай ошол кайран жапжаш шейит кеткен маркумдардын байкем өз колу менен жазган тизмеси аликүнчө менде сакталуу…

Согушту алдаган да адамдар болот экен, эй! Мен андай эргулга оо кийин, байкеме окшогон бир топ фронтовиктер дүйнөдөн өтүп кеткенден бир далай жылдардан соң, облустук гезитте иштеп жүргөндө капыстан кез келдим. Ал мындай болду: редакторум чакырды да: «Бир ветерандан арыз түштү, текшерип, жыйынтыгын тез жарыяла», — деп буюрду. Каттын ээсине калтырган телефону боюнча кабарлашып, үйүнө издеп бардым.

Нооча бойлуу, жайдары, анча улгайганга окшобогон адам менен дасторкон четинде сүйлөшүп олтурдук. Мамлекеттик бир мекемеге дооматы бар экен. Менимче, майда эле иш, бирок арызды көбүртүп-жабырткан, менин да күчөтүп жазышымды берген чайына, куурдагына, арагына… кошуп талап кыла баштады. Согушка катышканын, алыстан эптеп аман келгенин, эми минтип болбогон мадырабаш кызматкерлер аны тоотпой, жөнсалды мамиле жасап, сыйлабаганын айтып күпүлдөсө, жамына киши туралбайт, жарыктык. Сөз арасында, «Ата Мекендик Улуу согуштун ветераны» деген кыпкызыл күбөлүгүн да көрсөтүп жиберди. Кызык, чатак ушул жерден чыкты. Мен кембагалдын көзү күбөлүктөгү, «Баланчиев Түкүнчө, 1928-жылы туулган…» дегенге уруна түшпөспү. Чайнабаткан ашымды күрмөбөй туруп калдым. Tиги да шекший cөзүн тыйды…

— Эй, байке, 28-жылкы болсоңуз, согушка кандай катышып калдыңыз?

— Аны сен кайдан билесиң?

— Билем да… Менин атам да согушка катышкан! 26-жылы туулган, согуштун  акыркы катышуучусу. Мындан беш жыл мурда, 53 жашында өлүп калды…

Көрсө, бул киши согуш тынчыгандан кийин эле, 1945-жылдын аягында аскерге алынып, ошол Украинада кызмат өтөбаткан кезде тумоолоп калып, госпиталда мурдатан жаткан анык ветерандар менен бирге дарыланып калат. Ошентип, бул эргул эч кандай согуш-погушу, кан, тер, ый азабы… жок эле, тынч койкада жатып алып коюптур, «Ата Мекендик Улуу согуштун ветераны» деген ардактуу документти.

— Уулум, эч кимге айтпа! Сендей балам да жок. Тукумсузмун. Атадан сен калыпсың… Жазбайле кой. Бирок эч кимге айта көрбө. Кел, алып жиберели…

— Болуптур… Эми мындай арызданбай жүрүңүз, байке!

 

* * *

Аскалуу чокулары асман тиреген капчыгайды өрдөп бараттык. Үнүнө сүрү, сүрүнө түрү айкалыша ааламды жаңырткандай албуут агып жаткан өзөндү тепчий кечип, жүрүп олтуруп, Мазар-Терекке жеттик. Жылкынын каржайган, аппак баш сөөктөрү илинген, бутактарына байланган миң сан түркүн түс чүпүрөк айрындылары желге желбиреп, алдынан бүлкүлдөп чыккан туптунук булак түбүнөн беш, он, жыйырма…жез тыйындар кылтылдап, жылтылдап, сыйкырдуу, миң кырдуу, койкойгон, чойкойгон жети түп ак терек, бу карагай, арча, долоно, тал, четин, карагат,чычырканак, шилби, жылгын, ыргай, ит мурун, табылгы, ит куйрук… өскөн токойго адашып келгендей, таберик касиеттүү теректер Салижан аке Жигитов жазмакчы, «Шуулдаба, терегим, теректерим,\Шуулдасаң, ыйлагым келет менин…» ак теректер канчадан бери өткөндөрдү карап, сынап, колдоп турат болду экен, а… Атакем куран окуп, алданени күбүрөп, жүзүмдү булакка чайып, бет аарчысынан айрып, бутакка шашпай байлады.

Myз-Булак, ага жетпей Туюк, атам айтмакчы, биз баарыбыз — неберелери төрөлгөн, көгөргөн чоң тамды салаарда карагай кыйган, карагайларды түшүрүү үчүн бийик бетти кетмендеп, байтешелеп, күрөктөп кыя чапкан, ал кийин «Керим кыя» аталган ат жүрбөс Туюктан өтүп, Муз-Булакка келдик. Аттын ээрин алып, тушап коюп, азыгыбызга тойдук.

“Биссимиллахир рахмони рохим”, атам адатынча дуба кылып, эми жөө жөнөдүк. Түркүн гүлдүү буралган чөптөн төбөм араң эле чыгат. Атам мени аркасына көтөрдү да, жолсуз коругул таштарды аралай тик өйдө чыгып баратты. Ал өөдө-ылдыйда, түздө да эч шашылбай бир калыпта басчу. Орто бой, куш мурун, жүлжүгүй көз, кызыл чийкил, чымыр тулку, Ак-Муздун чыкыроон чилдесинде да «ичикий» дегенди билчү эмес. Тамак-ашты жайбаракат, маңызын чыгара жечү. Сары май, казы-карта, шекер, бозо, кымызга өч эле. Айрыкча чөп чаап, дүмүр оодарып, отун жарганга маш,  чарчап-чаалыкпас. Мына, мен жонунда баратамбы, калпагын жана алып койгон, кара тукаба допусу алдынан чыккан тери кежиге, чекеси ылдый сакал, мурутуна аралаш жылжып, жакасыз ак болотнай көйнөк, кара чийбаркут кемсел, шымчан, Касым чоң атам ултарып берген булгаары маасы, гөлөшү шүүдүрүм чөптү жапырып, өөдөдө бир «өх» деп койбой кетибатат… Анан кантип атакемди мактабайм, мактайм да…

 

* * *

Атама тең келсе бир таенем тең келээр эле…

— Ии, Куланбайдын кара далы кызы, олтурасыңбы оңшоюп, — дей турган ал ар дайым кудагыйы менен учурашканда.

— Кокуй, Керим куда келатат, шекерди каткыла…

Таенем Турдукан атам менен курбалдаш, мурду, дегеле орой-пешене мүнөзү эр бүлөдөй, өтө кайраттуу байбиче ар кимге эле «жемин» жедирчүлөрдөн эмес. Куланбай деген, кезинде Ат-Башы, Нарынга дайын чоң байдын кызы күйөөгө тийбей, төрдө мезгилинен узак олтуруп калганда, атасы аргасыз эшигинде жалданып жүргөн койчусу — таятам Турдубайга колуктулукка бергенин өзү да кобураганы бар. А чынында, куда-кудагыйдын мындай кайым айтыш «кармашы» тек гана күндөлүк эрмек, азил-тамашадан ары ашпай аягы жайма-жай чайлашып, баарлашууга  айлана турган.

Таенемдердин үйү биздин үйдөн бута атым эле аралыкта, мектепке бараткан жолдо. Апам Батыш мен эс тартканы ооруп жүрдү да, кырк жашка жетип, жетпей дүйнөдөн өтүп кетти. Он экиде элем. Ошол апамдын таңга жуук көзү жумулган 1968-жылдын 8-август күнү жандүйнөмө азаптын өчпөс тамгасын басты белем… Өмүр деген өлүм менен бүтөрүн билбеген курагым. Башкасы не… ажайып күн да эми кайра экинчи чыкпачудай, жашоо токтоп калгандай сезилген да. Үч күн-түн бозүйдүн апакем жансыз жаткан капшытына чекемди жөлөп ыйлагам, көз жашым соолуп, үнүм чыйылдап чыкпай калганда өпкөмдү кагып үнсүз солуктагам…

Атам Касыйдан айрылганымда да ошентип ыйладым. Атам элүү үчтө, мен жыйырма үчтө.  Эми институтту бүтүп келген солкулдаган жигит бойдок кезим. «Эми кантип жашайм?» — деп ыйладым. Бирок түндөсү көпчүлүк уйкуга кетип, эл аягы суюлганда касапчы Жапар уста акем атамдын кара ашына союлган жылкынын эти бышыбаткан аш үйгө ээрчитип барды да, катып койгон арагын үкөк артынан алып чыгып, «граненный» деп койчу алты кырлуу стаканга баса куюп туруп, закүскөсүнө бир кесим чучукту суна: «Атасы өлгөн уктайт, ачка киши уктабайт… алып жибер!» — деди. Түн ортосу, экөөбүздөн башка жандын баары уйкуда. Акемдин буйругун аткардым…

Кубат акенин «Муздак дубалдар» романындагыдай атам өлгөн күндү «баягыда» деп, күндөр өтүп, мезгил жылып, өмүр чиркиниң өрүлөгөн сайын өзүмдү бу ажайып, сырлуу, азаптуу, татаал, таттуу, кайра келбес дүйнөгө жараткан, ак сүтүн берип алдейлеп, бооруна, далысына, мойнуна көтөрүп, жетелеп, энтелеп, эркелеп… чоңойткон, Кудай Тааладан кийинки кут, касиет, асыл  ата-энемдин өлгөн күнүн, түбү — өлүк ажыраган күндү: «Баягы-ы, баягы» — деп калдым.

Ошол баягы апамдан ажыраган жылдары мектептен кайтып келаткан жолдо, адатта таенем там алдында, куу дөңгөч үстүндө көөнө жашыл тукаба кемселчен, башында карала жоолук, мурду коңкоюп, көзүн жумар-жуммаксан, эркектердикиндей барбайган, тамырлары тарбайган, мээримдүү колдорун айкалыштыра күн чубактап олтурган болот. Мен да  бир эселек, адаттагыдай балдар менен ойноп келаткан болом. Анан таэнемди көрө калып, чуркап барам да: «Кандайсың таене, эмне отурасың?» — деп жиберем… Ошондо ал оор уйкудан ойгонгондой акырын көзүн ачат да, мени ушундай бир муңдуу тиктеп туруп, башын чайкай: «Аа, шорду-уум!» — дейт.

Адамзат шорго жаралган жанбы? Антпейин десең, төрөлмөгүң бар да өлмөгүң бар, демек, төрө — өлүү… Ушул көз ирмем же кыргыздын намыскөй улуу уулу Түгөлбай Сыдыкбеков, «Балдар, мен миң жыл жашадым…» дегендей узак да, бир келген куш өмүрдү — бар менен жок ортосун, анын маани-маңызын, баа-баркын аңдап, билген акыл-эс, туюм кээде-кээде кайра өзүңдүн мазеңди алат да, турат. Кайда барасың…Неге күлөсүң, ыйлайсың, жыргайсың, ашайсың, таштайсың, сүйөсүң, күйөсүң… Калп, ушак, ууру, ач көз, мыкаачы… Иншалла, стоп, стоп! Атакем айтмакчы, «Ээ, Кудай, ыйман бер. Сабырдын түбү — сары алтын. Ниети соонун — дени соо…» Мухаммад алейхис салам: «Билгиниң, жеңиш чыдамкайлык менен, ыракат кайгыдан кийин, жеңилденүү кыйынчылыктан соң болот» деген экен. Жакшы адамдар — боорукер, мээримдүү, куунак, ак пейил, күлдүргөн, сүйдүргөн, кол берген, жол берген, сагынткан, жалынткан… адамдар бар, кайсы бир акылман айткандай, ошол үчүн бу аалам, керемет дүйнө керемет бойдон кармалып турат, кебелбей турат.

 

* * *

Таенем бир жолу кызына, аябай капа болгонун байкадым. Кыргызда: «Шагы сынды…» — деп айтат. Көңүл шагын айтат турбайбы. Мөмөсү жайнап турган карагаттын шагы, башкача айтканда, бутагынын сынганын элестете бер. Каймана айтып, зээнди козгоп, сезимталга арнаган, «Аа дээри жокко айла жок!» — деп, адамдардын көңүлүн кызыл гүлгө теңеген уңгулуу элдин урпагымын да… таенемдин ошондо оор үшкүрүп, алыстан атайын ат арытып, сыркоо кызына учурашайын, көңүлүн сурайын, а балким, дем берейин деп; «Бала деп жүрүп, балапан башым куурады» — дегендей, ата-эне үчүн баласы дайыма бала бойдон, ошол канынан жаралган асыл данеги үчүн куштай учуп, дегдеп келген кутман кары — таберик кайран таенем оор үшкүрүп: «Үшкүрүк — ойлордун туу чокусу!» деп, Поль Валери айтса, мен «Жеңилденүүнүн желаргысы» дээр элем, үңкүйүп олтуруп калганында ичимден сыздым…

«Ой, таене! Бир козу сенден айлансын» — деп кара, ак, кызыл, боз төбөл… aйтор жайнаган күрпөң баглан, куйруктуу козулардын четинен көтөрүп чаап жиберерге жаш элем, сегизден тогузга баш койгон бала элем. Кайда-ан… Козу соё коюш эмес, апама анда каш кайрып, каяша айтуу жок да, мал-жаныбыздын ачендиги, баарыбызды былк эттирбей башкарып турчу, жарыктык.

…Мына, эми таенемдин таарыныч жөн-жайына кайра келсек дайындуу болот бейм…

Апамдын сыркоосу анда анчейин өтүшүп кетелек, табыптан табыпка түшүп, молдого дем салдырып, мына айыгам, ана айыгып кетем менен бизди, жөжөдөй чүрпөлүрүн ээрчитип алып…

Апакем алды жакта,
Жапжаш туруп,
Кемпирдей бүкүрөйгөн.
Ак чачып кумурска уюгуна,
Алда-нени күбүрөгөн.
Колунда ыргай таяк,
Жөжөдөй ээрчиген чүрпөлөрү,
Арасында думанадай ак урган мен.
Апакемди айрыкча ичтен аяп,
Айткандарын миң кайталап…
Оо, ал кезде баары бир бактылуу элек,
Апакебиз жаныбызда,
Апакебиз кашыбызда!
Кичи Каман-Суунун төрүндө жайлоодобуз. Ошондо келди да, таенем небереси Бегайды учкаштырып алып. «Өлүгүңдү көрөйүн, бу качан жетебиз деп, кыйшайып карай берип, капталымды оорутуп бүттү», — деди ал баарыбызды өөп учурашкан соң. Күн батып кетибатат. Атам, анда энем менен апам батыша албадыбы, айтор, кыштакта же атакем айтмакчы, жакада жатакчы болуп калышкан. Байкем Токтогазы деген куркуйган мергенчи тууганыбыз менен кийикке кетишкен. Кыскасы, үйүбүздөгү болгон бийлик, ансыз деле апамдын колундагы учур.

Ойлосом, ошондо жашоо турмушубуз эл алды экен. Кыштакта башкармадан кийинки беш бөлмөлүү стандарттуу там биздики. Бир айгыр үйүр жылкы, ондон ашык уй, жүздөй кой, эчкибиз бар. Буларды Жамила эжем мени ээрчитип алып, ар күнү кечинде санап, түгөлдөп турат. Көрсө, ал мезгил эсил кайран СССРди «жүгөрү пааша» атыккан Никита Хрущев кайбар башкарып турган байкер мезгилдин акыры турбайбы…

— Жамила, бери келчи… — деди апам таенемдер чай ичип, жайланышкан кезде. Шыбырашып калышты да, эжем мага ишаарат кылып, эшикке жөнөдүк. Мал-теге короого келип калган. Эжем үндөбөй кой-эчкилерди аралай жүрүп, тайтак мүйүздүү эчкинин тармал улагын шыйрактан алды. Улакты бакыртып  жетелеп, үйгө келдик. Кошунабыз Турсун чоңата бычагын бүлөп, капшытта отурат. Байкуш улакты соёт экенбиз да… Ушунда курган улактын жанын таенем алып калбаспы… «Коё тургула! Бечара, жаш турбайбы» деп мештин оозунан бир чымчым күл алды да улактын туяктарына сүйкөп, күбүрөп дуба этип, агытып жиберди. Мекиренип улак энесине кетти, эч нерсеге дароо түшүнө койбой элейип мен калдым…

Кийин, оо кийин апам дүйнөдөн өтөр жылы ошол күтүрөгөн малыбыздын бир далайы өзүнөн өзү кырылды. Төрт-беш уй жемканага кирип жарылып, үйүр башы  буурул бээ жазда колдо багылып турган жерден качып чыгып, талаада арам өлдү. Жайлоодо отуздай койду карышкыр кырып кетти. Атам айтты:   «Чыгашалуу малга ээси баш», «Жакшы мал жанга аралжы». Болбоду… Мал, дүйнө эч качан жанга, бир келген аманат жашоого аралжы болмок түгүл, шыпаа боло албасын адам пендең аңдап, эң сонун билип турса да билмексен, а балким, ал шордууң ошентип өзүн да, өзгөнү да алдай берип, мал-пулдун кулуна айланып кеткенин байкабай калат турбайбы, аттиң…

* * *

— Мына, ушул өтөк жыкжыйма карагат.

— Ой-ий ата, айдап койгондой го…

— Кудай берген да, балам. Бу ченди көп киши билбейт.

— Ушунун баарын теребизби?

— Кудай буюрганын, насип кылганын.

— Боюм жетпей атат…

— Кел, төш жагына чык. Шагы ийилген тура, жарыктык. Сындырбай жейгой…

— Сындырса эмне болот?

— Убал болот. Бу да сендей жандык да, Сарыбай. Эмки жылы да келип жейсиң. Буюрса, сенин балаң да, анын баласы да жейт…

Карагаттан кайткан жолдо, капчыгайдан чыга бергенде көңүлүм айнып, ат жалына кусуп жибердим. Кыпкызыл канга өңдөш карагаттын ширеси, бүкүлүсү да оозуман атыбатты. Атам жерге алып түшүп, оозума кочуштап суу ууртатып, чайкатып, жалынып жалбарды…

— Жаманым, жаманым, карагатты арбын жеп койгонсуңбу бейм. Эчтеке  эмес, ичиң тазарып калат.

— Aта, ичим оорубатат…

— Чапаныңды чеч, тигиндейрээк барып шашпай отур. Артыңдан жалбырак алпарып берем…

— Тоолор, карагайлар бийик экен, башым айланып кетти. Экинчи келбейле коёлучу…

— Сенин жериң да, балам. Жерден айланайын, өз жерин жериген оңобу. Коркпо, эмки жылы келгенде чоңоюп, өзүңеле ойноп, чуркап каласың.

Күн кылкылдап тоо таянып, батып баратты. Көңүлүм чайыттай ачылып, жанагы кыйналыбаткан акыбалдан дайын жок, үйгө барганда, эртең досторума атакем алгач аралаткан карагат жомогун кайталап айтып береримди белендеп, үйгө тез эле жетүүнү ушунчалык самап келаттым…

 

* * *

Курут түгөндү. Кызык-кызык кыялдар жетелеп, үргүлөп да кеткен окшойм… Оозум кургап, аябай суусай баштадым. Бу чөлкөмдө суу жок. Курсагым да ачты. Үйгө баруу керек. Карагайларды аралай туура кыялап жонго чыктым. Жон ылдый жол үйгө алпарат. Адегенде үй үстүндөгү аскалуу борчукка жетип, үй жакты акмалабаса болбойт. Атам айылдан келди бекен… Кокус келелек болсо, эжем энеме ээ бербей, мени токмоктошу мүмкүн. Кудай сактасын, карайынчы… Буурул айгыр мамыда экен. Атам келип калган тура! Эми шашпайм, акыры-ын барам. Демимди бир аз басып, ташка олтурдум. Чааралакей, саймалуу жалпак таш жыпжылуу. Чак түш. Томуктай булутсуз асман чаңкайып, көкмөк. Оң жактагы арчалуу бетте эки үч суур жаны-алы калбай аңкуштаса, өйүз-бүйүздөгү аскалар жаңырып, ага чакчыгай ышкырыгы, ар түркүн куштардын сайроосу кошулуп, өзүнчеле оркестр! Айыл дымырайт. Түшкү тамактын убагы да… Бир кезде өйүздө, тээ Беш-Белчир жактан чаң чыкты. Мишине кара жолдо айнегин күнгө жаркылдатып, чаңызгытып келетат эй… Байкемдерби? Ошолор бологөр…

Машинеден байкем, апам, борбор калаада доктурдун окуусунда төрт жылдан бери окуп аткан Накен байкем болуп, Ажар чоң энем айтмакчы, жадырап-жайнап түшүбатканын элестетип, атама окшой: «Оо Кудай, берегөр!» деп тиленип жибердим. Мишине биздин айылдын өйүзгү тушуна токтоду. Жол aндан ары дайранын өйүзүнөн бойлоп, Жаңы-Жер, Улан жайлоосуна кетет. Машине ордунан жылып, ээрчий келген коюу чаң тарай түшкөндө эки караанды, баштык-үштүкчөн байкемди, чоң чемодан көтөргөн агамды жаземдебей  тааныдым. Апам жок экен да… Супсунум сууй түштү. Бирок жазгы кирген суудай сүйүнүчүм эмелеки муңайым сезимди бузуп өтүп, ордумдан силкип тургузду да, үйдү карай жолсуз чыңк ылдый чуркадым…

 

* * *

Акем алып келген футбол топ биздин айылдын балдарына өлчөөсүз жаңылык болду. Баары карегим менен тең айланат. Уктаарда тобумду баш жагыма коюп жатам. Пеле, Зико, Эйсебио, Яшин, Алмаз Чокморов дебеле, эртеден-кечке Кежигенин түптүз көк майсаңында чаарала топту ойда кубаладык бейм… Чаалыкпас күлүк — балалык. Түндөсү, ай жарыкта ак чөлмөк. Оюндун кызыгы — чоң сакал Ысмайылбек чоң атанын шаардан каникулга келген, менден эки-үч жаштай улуу Эркингүл аттуу аксаргыл, көгүш көз шайыр жээни. Адатта, алыс ыргытылган, четинден аппак жонулуп жасалган сөөмчө же он сантиметрдей, жоондугу бир тутам чөлмөктү шибер арасынан илбериңки Эркингүл табат да марага чуркайт. Бизге ошол керек. Жеткирбей тороп, жулмалашып, көк жашыл тулаңга оонап, ак чөлмөктү талашып, жатып калабыз. Эркек, кызы аралаш күшүлдөп-бышылдаган ысык дем. Азыркы балдардын тили менен айтканда, кадимкидей мини — Көкбөрү! Дал ошондо ак чөлмөктү талашып-тартышкан болуп Эркингүлдүн койнуна кол ойнотуп жиберүү бир эрдик. «Сволоч, убери руки…» деген эле жагымдуу үн чыгып калат…

А күндүзү буга окшогон кызык оюндардан Турганбай аяш атанын баягы Бекени көп алаксытчу. «Эй, энеңди урайын! Жүрү, бол. Тээтиги киринибаткан эжелерибизди ача-кайыңдылык балдар аңдып жүрөт. Болбойсуңбу… таш ал!» — деп дегдеңдетип, чөнтөккө сологон таштар бултуңдап, шыпырылган шымды улам өөдө тартып, кашатка жетип барсак, аңдыган эч ким деле жок, Жамийла, Эрке эжекелер баш болгон топ кыздар дарыянын боюндагы биз жасаган көлмөгө чуулдап, беймарал ойнопатышканы… Дегеле Бекен досум, мындай окуяларды ойлоп таап, чырга чукул элe да. Ошол эле Турганбай аяш атанын небереси Мелис таптакыр башкача сыпаа, тартиптүү бала, «байке» деп мага ынак, ээрчитип ойносоң да көңүлүң ачык. Баланын да баладайы болот экен, татынакай Мелиске Мария аяш энем артыкча мээрин төгүп, жалынып-жалбарганы али кулагымда…

 

* * *

Топ да жыртылды. Биз айылыбыз менен журт которуп, жаңы жайытка — Чоң Каман-Суунун четки айрыгына көчтүк. Анда ат, төө менен журт которчубуз. Көч өзүнчө шаң, майрам эле да… Таңерте атакем кечээ жайыттан алып келип тиздеп койгон Акбуура менен Карабаш каймалды комдой баштайт. Төөлөр анда-санда «бауф!..» этип бакырса жар таштар жаңырып, бут айыл үйлөрүн кызыл уук, керегелеп сыйрып, көчтүн камында азан-казан эл. Адатта алдыга үйүр-үйүр жылкы айдалып, артынан самсып уй, кой, эчки сүрүлөт. Болгон жүк ат, төөлөргө артылып бүткөндөн соң, кол чаначтагы ынак кымыз кыдырата сунулуп, суусун кангандан кийин, арбактарга багыштап куран окулуп, атам аягында жыйынтык батасын айтат: «Эй, жараткан Алла! Тоо-ташыңдан, ичер сууңдан айланайын. Эски журтта эсен кылып, ырыскыңдан аябадың, эми жаңы журтта жалгап, соо-саламат, тилеген тилегибизге жеткир. Аз айып, көп күнөөбүз болсо кечирип, ыйман жолуна башта…»

Анан энелерибиз өздөрү баш болуп, эски журтта калган кагаз, чүпүрөк айрындыларын, чамынды, акыр-чикирден өйдө терип жыйнаттырып, өрттөөчүсүн өрттөп, кемегеге көмөбүз дa, жолго чыгабыз… Жолдогата айылдардан кымыз, каймак, көмөч нан, куймагын көтөрүп: «Көчүңөр байсалдуу болсун. Ак жалгасын.  Суусун ичип кеткиле», — дешип жайдары, мээримдүү адамдар тосуп турушат. Атакем кымыз куюлган кесени ат жалына тийгизип, анан шашпай жутат. Биз да тай, кунан минген бир кур балдар чоң аталарыбызды туурап, ээр үстүндө сунулган даамдан каадалана ооз тийип, чыныдагы кымызды миңгичибиздин жалына чоңдорго окшоп, ырымдап тийгизерде төгүбалып, бул олдоксундукту узатып, бизди атайын ызаттап, урматтап, кубаттап, жадырап-жайнап, мактап, тамашалашып, балким сынап… тургандардын арасынан кыздар байкап калып шыбырашып, шыңкылдашып күлүп атканын көрөгалып, жүрөк толкуп, эки бет «дуу» этип кызара түшкөндө кеткиче шашасың. Мына ошол кыйчалыш, кыйын кезде ого бетер үнүн бек-бек чыгарып: “Байбиче, өзүңдөй жакшы кызың бардыр… Мына менин Сарыбайым, куда-сөөк бололу, кызыңды көрсөт, оо айланайын, энеңди тартсаң жаман болмок белең, багың ачылсын!» — атам ансайын бакылдап кетибаткан көчтү да, өтүбаткан убакытты да унутуп коёр эле да…

Барган, көргөн, таанышкан, чайлашкан жердин баарында атам мага колукту издөөнүн убайын тартчу. Чоңдор үчүн тамаша, а мен үчүн ыңгайсыз, уялып, кысылып, бышмыйып… көпчүлүк алдында далай кызарып, тердегенимди айтпа: «Ой, ата, сенден аял сурабатамбы?» — деп ээнден эч ким жок, өзүбүзчө баратканда, мына эми алдыбыздан айыл үй жолугат, адатынча атам кайрылбай койбойт, анан «баягысын» да баштайт деп, келаткан жолдо канча ирет тыйдым, бирок бакылдап, түшүбалып кымыз ичип, чер жазып отурганда, баягы мага кыз караштырмай абыгерин кайра баштайт да турат. Дегеле аялзатын, көп аял алып жүрөгү калганбы, же табиятында аялкөй жанбы, өтө ардактап, аяр мамиле жасачу жарыктык. Мына мен кембагал эки аялды «энелеп» чоңойдум го… Энелерим — Сайра, Секей да абышкасына сый мамиле жасашты. Жакасын, шейшебин кирдетпеди, тебетей, калпагын жерге коюшпады. Атакем да ар дайым: «Байбиче, уй саасаң музооңду, бээ саасаң кулунуңду менеле салып берейин», — деп алардын кызматына даяр турду…

— Ата, канча катын алдың…

— Өй, төбөңөн тийгир, аны сага ким айтты?

— Абдырай чоң ата: «Керимдин кайсы катынынан туулдуң эле» деп батпайбы…

— Оо, атаңдын оозчайын, ал сетер ошентип былжырай берет…

Мындай капылет суроого какап, туталана түшсө да, атам менин балалык аңкоолугумду ээн жерде, береги дүмүр оодарыбаткан токой арасында, эригип зериккенден, «ыйлар бала атасынын сакалы менен ойнойт» болуп тапанданып, кыйынсынып суроо берибатканымды түшүнүп, анын адегенде кызара ачуусу келе түшкөнүнөн коркуп кеткенимди аяп, жумшара мындай деди:

— Эмесе, угуп тур, Сарыбай. Ажалы жетип күнү бүтсө, аласасы келгенде колунан тартып алып калалбайт экенсиң. Өз энең Саткан, чериктин Акчубагынан чоң Белек дегендин жалгыз кызы эле. Сен төрөлөрдө катуу оорудан өтүп кетти…

Дал ушул жерден кеп тизгинин тартып, мен эс тартканы атакем ошол чоң таятам, чоң Белек тууралуу далай ирет айтып берген икаяны кошпосом, баянымдын тузу кем болгону турат. Анан да жалгыз кызы Саткандан калган тукум биз, демек, арбак ыраазычылыгы үчүн да, атадан укканды урпактарга улап калтыруу парзы моюнда жана муну мен айтпасам, ким айтат… Узун кептин кыскасы, чоң таятамдын күйөө баласы Керимге калтырган баатырдык баяны бул:

«Милдет, жүгүм — дубан бузган күлүк атты уурдап келүү. Жалаң түндөсү жүрдүм. Күндүзү элден далдоо карагай-черди же аска таш арасын пааналайм. Азыгым мол. Алты күн дегенде мерчемдүү жерге жеттим. Акмаласам, күлүктү ээси түндөсү атайын өргөөнүн төрүнө акырга байлатып, күндүзү үч, төрт жигиттин кайтаруусунда бактырат экен. Мал издеген болуп, ошол аймакта жарым айча жүрдүм го… Бир күнү айылда той болду. Удулу ушул эмеспи деп, түн ортосу ооп, эл кызуу уйкуда жаткан кезде атымды коктуга калтырдым да, жеңил кийимчен колума жүгөн, камчы гана алып, ат байланган боз үйгө жылып жеттим. Кароол коңурукту кош тартып жатат. Аттап өтүп, күлүккө жүгөндү салып, жетелей эшиктен чыга бергенде эле жайдак жонуна жабыштым. Жаныбар канаттуудай жылкы эле. Айыл чуу түшүп, артта калды. Минип келген атымды да карабадым. Тулпарды өксүтүп, бузуп албайын деп ченеп келатам. Эртеси түш ченде чоң дайрага туш болдум. Артымдан куугун да жете келди… Амал жок. Тобокел деп, күлүктүн күчүнө ишенип, суудан сүзүп өтүп кеттим. Куугунчулар кечүүгө даабай, өйүздө дүргүп кала беришти. Ошондо күлүктүн ээси чебелектей, «Эй, Белек баатыр! Сени тааныдым. Эрдигиңе баракелде! Эми айла кылып, кайра ажыратып алгыча атымды арытпай жакшылап бактырып тура гөр…» деген кыйкырыгын уктум да, кайрылбай бастыра бердим…»

 

* * *

Ал жылдары айылыбыздагы жамандык-жакшылыкка небересиби же туугандарыныкыбы, кичинекей кыз жетелеп кара тору, чарчы бой, бакыраң көз, улгайган аял анда-санда келип кетчү. Бурмаке эже деген ысымы эсимдс калды. Аны да апамдар: «Сенин энең…» деп какшыкташчу да. Кийин-кийин мен киши куракка келгенде, Бурмаке — атамдын Черикбай деген согуштан кайтпай калган тууганынын жесири экенин, төрөбөгөнүн, кайран атакем ал жеңесин да бир кезде алып, убактылуу бирге жашаганын, анан өз энем Саткан чыр салып, ага уул, келини — менин ата-энем Касый менен Батыш кошулуп жаңжал чыгарышып, атакемди бир далайга кагажыкташып: «Бирок ошондо да Керим куда кебелбей күлүп гана койгон…»  деп Жумабай таякемдин айтканы бар.

— Уруштан кийин жесирлер көп болчу. Бирөө мени чанды, бирөөнү мен чандым, бир-экөөнүн көзү өтүп кетти дегендей, башкасын алдым. Анан сен энесиз жүрмөк белең… Бирөөнүн ак никесин бузган жокмун, балам. Келе эми, кымызыңдан, Сарыбай…

Ак нике демекчи, тээ Ботой-Ата тоосунун өңүрүндө бирге кыштап жүрүшүп, айтылуу Жумакун мергендин жапжалгыз кошунасы, бир чети кыйышпас досу Турдалыга кыянаттык кылганы, досунун каргышына калып, тукумга зар болуп кыйналып өлгөнүн айылдагы абышка, кемпирлерден далай уктум. Ботой тоо Ат-Башы дайрасынын баш жагында, Ак-Муздан атчан жүрсөң, күнчүлүк аралыкта, кийиги, отун-суусу мол, касиеттүү жер. Мергенчилерди ээрчип барганда «Жумакундун кыштоосу, бул үңкүрү» деп көрсөтүшчү да, сөзсүз, ал жөнүндөгү икаяны алымча-кошумчасы менен кайрадан айтып берише турган…

 

* * *

Аңчылыктын ышкысы имерип, эки дос былтыр эл жайлоодон такка көчүбатканда ушул уядай болгон арчалуу өтөктө калып калышты. Колуктулары  Зууракан менен Асел да каршы болушкан жок. Кыштын алты айын элден окчун жашап көрсө эмне болмок?… Карылуу мергендер желе боо тартар аралыкка кош жертөлө казып, үй кылып, түтүн булатышты. Жер карада жакага каттап, ун-талкан, ширеңке,  демекчи, жетерлик камдагандай болушту. Отун, суу эшик алдында, кийик төштө… дагы эмне керек? Айымдары ийик ийрип, сайма сайып, мырзалар илбээсин уулап, упай ойноп, чүкө атышты. Coo-саламат шат күндөр өтүбатты. Бир гана жазга жуук ун, талкан азайды. Эл жайлоого келер кез али узак. Кыштакка эки мергендин бирөө барып келиши керек. Нөөмөт Турдалыда эле…

Кулазыгын белине бууп, мылтыгын асынып, буттарына тайтуяк  тартынган Турдалы мерген дайра үстүндөгү көк жалтаң муз менен: «Ак-Муз кайдасың?» деп сапарга чыкты. Башка жол жок, унаа да жок. Кар улуу түшкөн жыл. Ошентип, жолоочу мерген күн жүрдүбү, түн жүрдүбү, туура жарым ай дегенде алыскы айылдан азык-түлүгүн куржунуна аркалап оорукка кайтып келди.

Жылдыз толгон жуукта жер төлөсүнүн астанасын аттаган Турдалыны үч уктаса түшүнө кирбеген тагдыр тосуп алды. Капыл-тапыл кирип келген аны аялы Зуура эмес, аяшы Асел очок боюнан жалт карады…

— Жакшысыңарбы, аяш? — Чаалыккан мерген куржунун жерге коё, эч камаарабай саламдашты. Аяшы үндөбөйт, жалдырайт да жалдырайт. Сүйлөй албай, көзүнөн жашы акты…

— Эй, эмне болду? Менин аялым кана? Сообу?

— Соо болбой соолусун. Ант урсун аларды…

— Эмне? Айтпайсыңбы бырылдабай…

— Эмнени айтайын… Экөө мурдатан тамыр экен. Сен кетериң менен биригип алышып, мени быякка айдап чыгышты. Ушунун баарын кылган сенин азыткың, албарстың…

Ушундай болгон, элсиз ээнде эки достун, эки кошунанын тагдыры. Аял сүйүүбү же азгырыкпы? Адам ата, Обо эне бейиштен кантип айдалды эле… Кандай болгондо да Обо эненин андагы «азгырыгынан» адамзат тукуму уланды. Демек, энебиз өзүнө өзү «чыккынчылык» жасады, биз үчүн жыргал турмушун курмандыкка чалды. Обо эненин үзүрү жана бактысы — Адамзат!

Ал түндө кошуналар укташтыбы, жокпу, ким билсин, айтор, күн жарыктык кылтайып көрүнгөндө, Турдалы үйүнөн чыгып, колдорун  тескериленте бата кылды дейт: «Ким кимибизге чыккынчылык кылсак, Ботой-Ата бооруңа тарт! Оомийин…» Аяшын колунан жетелеп, кечээги келген из менен жакага мезгилсиз кайткан мергендин сабырдуулугуна тан бербеске айла жок, аттиң…

Ошону менен окуя өңүтү экинчи дос — Жумакундун кайгылуу өлүмүнө такалат. Албетте, өлүмдүн өзү кайгылуу. Бир келгени байкалбаган, өтпөчүдөй жайкалган өмүрдүн «жалп» эткен оттой өчкөнү өкүнүчтүү. Адам пенде ажалдын акыры келерин билип, аңдап турса да өзүнө жууткусу келбейт-ов! Жашоонун кызыгын, сызыгын, кумарын, кубатын, таттуусун карасаң,… Өлүм — ак. Атам ушундай дечү. Өлүм — акка моюн сунуу, азбы-көппү береги жаркын жашоодо кылган-эткениң артта калып, актай кеткениңби? Акталганыңбы?… «Барып-келген киши жок, ушундай экен дүйнө шок…» делет улуу «Манаста»! Бирок да чын дүйнө бар экенине, басып өткөн жолуң үчүн акыр бир күн сурак берээриңе ишенесиң…

Жумакун мергендин өмүрүнө үч мерте капилет коркунуч келди. Ботой-Атада кийиктин кызыгына батып, жарадар текенин артынан калбай келатып, асканын арасында жаткан адам сөөгүн көрүп жүрөгү бир солк этти. Кундагы чирип, дат баскан бараң мылтык ташка жөлөнгөн бойдон туруптур. Күнгө какжырап, ак шагылда чачылып жаткан кишинан арбайган сөөктөрүн көргөндө, илбээсиндин зору болгон аюу алдынан чыкканда да солк этпеген мергендин жүрөгү опкоолжуй түштү. Ылдыйда, оңой түшкөн тектирче көбөттүн алды, жан жагы жалама зоо экен, шарт элe келген жолуна салып чыгып кетейин деди, бирок эки жолу жар таштан буту тайып кумайга түшкөндө жонунан кара тер кетип, береги асман тиреген, адам буту баспас, басса да минтип тамам болгон зооканын жаналгычтай колтугунда, мындай алды туңгуюк тиктен бир текенин этин мойнуна артып чыгып кетчү кажарлуу мергендин эки тизеси калтырап, сөөгү ак шагылда жаткандай коркунуч басты. Көрсө, мынабу сөөгү сөпөт болуп жаткан бейтааныш адам да ушул көбөттөн кайра чыгалбай калган турбайбы… Келме келтирип, биртике боюн токтотуп олтуруп,  маркумга багыштап куран окуду. Сөөктөрдү жыйнап, мылтыгы менен бирге кумга жашырып, таш менен корумдады. Дагы да, куран окуду. Эми жүрөгү ордуна келип, жеңилдеди. Шыңга бой, шадылуу мерген шашпай «бисмиллахиррахманрахим» деп өйдөгө кол созду да, оңдой берди болуп, колдору урчуктарга илинип, чарыктары ташка жабыша, көр оозундай көбөттөн бу саам илбериңки чыгып кетти…

 

* * *

Сайра энем кышкы чыкыроондо, январдын капортосунда каза болду. Бөйрөгүнө суук тийип, райборбордогу ооруканада эле, сөөгүн борттуу машинага салып келишти. Бозүй, өткөн жайда өзү тигип, өзү түтүнүн булаткан, өзү чечкен бозүйдүн ички капшытында далай-далай жылдар бирге жүрүп эркелетип, өзү айткандай «элик сүтүн берген» энем жансыз жатса, үч күн бою тышкы капшытта балдар менен таяк кармап, «энекелеп» өкүрүп мен турдум. Оор, катаал, татаал, кайрымсыз, мээримсиз мерез күндөр… Биздеги ушул үч күн бою сөөктү жерге бербей, аза күтүп, өкүрүп, кошок кошуп, боорсок жасап, мал союп, булоолонуп эт жеп, кеп жеп, бышакташып, ушакташып, кучакташып, бырылдап, чырылдап… олтурганды жек көрөм. Кайран кыргыз, ойрон кыргыз, сайран кыргыз, Салижан аке айтмакчы, ушинтип өлмөгү да кымбат кыргыз…

Сайра энем жасап берген чокмордой болгон тери мээлейимди кийип, этегимди кымтылап, алдымдагы жээрде быштыны «чү» деп теминип, Кичи-Булактын оозундагы калың мүрзөдөн айылды карай элден озунуп жөнөй бергенде: «Ой, чоң баш, жөнө, энеңе өкүр!» — деп бирөө атымды камчылап, кылчайсам, Иса агай экен, эрдемсий түшүп, энекеме күйгөнүмдү, менден башка өкүрүп барары жок экенин билгенимди эл-журтка, береги каралуу бозүй алдында, кимиси катуу өкүрүп келер экен деп, жарданып карап турушкан сансыз зайыптарга көрсөтөйүн, дилилдейин деп, атымдын оозун коё берип чаап жөнөдүм. «Эсил кайран энекем, эми кайдан көрөйүн ой…»

Айыл менен мүрзөнүн аралыгындагы апай талаада, кар калың түшкөн аппак талаада артыма карасам, атчандар алыс, машинечендер тээтиякты айланып келет, «эсил кайран энекем…» үнүм элдир-селдир чыгып, кашайып көзүмдөн жаш акпай, үшүгөн мурдумдан суу агып, аны дамамат сүртүп, жаңсай берип, жедеп калыңдаган чокмордой тери мээлейим менен улам жанып, улуу «Манаста» айтылгандай олбуй-солбуй теминип, оң-тетири камчыланып келаттым.

Ошол кездерде кимдир-бирөө көз жумуп, көргө жашыргандан кийин маркумдун жакындары дал мага окшоп күйгөнүн, сүйгөнүн, кайгырганын, айрылганын билгизип, ушундай ат коюп, жан-алы калбай чаап келген, далайы аттан жыгылып азап да чеккен, кудай урган бир адат бар эле… Келатам, тигине бозүй алдында аялдар аңырайып, бажырайып, сынап, ансайын кыйнап мени карап турушат. Касым чоң атамдын үйүнөн өтө бергенде, үйүбүзгө жете бергенде, камчым колумдан түшүп кетпеспи… Оозун тарттым окшойт, жээрде бышты союлгур тык токтоду. Ооп түшүп камчыны алдым. Кайран камчы кайра табылабы? Эми кантип миндим? Артымда атчандар, алды жакта аңкайган аялдар… Дөңгө же дөңгөчкө тартып минчү элем, бу  ченде ал кайдан табылмак: «Эсил кайран энекем, эми кайдан табайын ой!…»  деп озондоп, атымды жетелеп, камчымды жерге сүйрөлтүп келатам…

Ары жактан машинадан жаңы түшкөн атакем да: «Эсил кайран, Сайракем…» деп бакырып келатса, менин да эми чындап муунум бошоп, чылбырды таштай салып, ээрчий чуркадым. Баратсак, өкүрүк арасынан аялдардын күбүр-шыбыры, бышактаганы, анан бир кемпирдин: «Ой, Керим! Ыйла, ыйла! Оо, кайраным! Эртең жаңы катын алам деп, сүйүнүп аткандырсың…» дегенин укканда бу күйгөнү, сүйгөнү, жүргөнү, кайгысы, тамашасы, азабы… аралаш ажайып дүйнөгө, бир келген кайталангыс, түбү өлүк (!) дүйнөгө ыйларымды, күлөөрүмдү билбей делдейип, элейип, сербейип таңгалгам…

 

* * *

Балалык кез, курак, доор дейбизби, кандай тагдырга туш болсоң да өзүнчө керемет, ажайып, татты эскерүүлөргө жык. Албетте, балалыгыңдын бактысы ата-энеңдин бары, дениңдин сагы, курсагыңдын тогу. Калганы жомоктогудай шатыра-шатман сонун күндөр…

Ошол Сайра энем капылет каза болгон 1968-жылы биздин үйдү мүшкүл басты. Кайриет, маңдай жарган кубанычы да болду дечи, бирок босогобузду ак жоолукчан келин аттап, алгачкы жеңелүү болгон кубанычыбызды да кайгынын кара туманы басып турду белем, аттиң… Адатыбызча жаз келгенде эле жайлоону эңсеп, камдана баштадык. Анда колхоздун ак коюнан кожолук малга жайыт тийбей, атам айтмакчы, жер тарып бараткан учур. Эсимде, эрте жазда атам экөөбүз жылкыларды көрүп келели деп, Бороондуну өрдөп баратсак, Кызылдын тоосу дечү жерге жеткенде, секидеги эски көрүстөндү көрсөтүп мындай деди: «Ата-энемдин сөөгү ушул жерге көмүлгөн. Мына бул арал ата конушуң, биздин там турган жер. Заман алда кандай болот, эстей жүр…» Таңгалдым. Атамдын, «биздин там турган жер» деген аймак түптүз жайык, арыда холхоздун мал сарайы, чарбанын байлыгы, сыймыгы, азабы да ак койдун төл өнөктүгү кызуу жүрүп, сакмалчылардын кыймылы алыстан эле көрүнөт. «Заман алда кандай болот…» Кызык… Кандай болмок эле. СССР, Ленин ата, компартия, космонавттардын атын кайталап баратам, Гагарин, Титов, Терешкова…

Каман-Суунун өрдөшүндө Сапарбек экөөбүз эртеден-кечке кой кайтарабыз. Сапарбек менден эки-үч жаш улуу, ордунда шүк отурбаган, кемпирлер айтмакчы, шукшуңдаган, өтө шок, «кара чунак» атка конгон бала. Чоң атасы, алысыраак тууганыбыз Мамытбек устага малыбыз менен бирге мени кошуп, эртелеп жайлоого көчүрүп келишкенине жарым айча болду. Жалгыз үйбүз. Июнь айынын ондору, бирок ошол жылы кыш оор, кар калың түшкөндөнбү, бизден башка эч ким али бул жакка көчүп келелек, жер ээн. Каман-Суу да бир сонун жер. Сала-салаа коктуларында карагай, арча, четин, тал, шилби, карагат шактары тирелип, сайында суусу күркүрөп, даакысы түшөлек суурлары бура бастырбай кыйкырып, бир жактан чакчыгайлар не бир кубулуп ышкырып, чабалекейлер, апам айтмакчы, жакшылыктын кабарчысы, ананайын чабалекейлер, алды-артыңдан кайкып учуп канчалык алаксытса да, өзүм ээн, эрме чөлдө калгандай, көктөмү саймадай жайнаган, абасы атыр тоо арасында кой кайтарып, эбиреп-жебиреп не бир ойго келбес оюн, окуяларды ойлоп таап, жанды жай алдырбас Сапарбек акемди ээрчип жүрсөм да, санаам алда кайда — алыскы борбордо, мына айыгат, ана айыгат менен жаткан алтын апамда, эртеден-кечке көчөсүн чаңытып ойногон, көңкөсүнөн ысык нан буркурап, бирин-серин бактары, окшош тамдары сүйкүм, адамдары асылкеч Ак-Муз айылымда: «Сарыбай, артыңдан барам, анан сен энесиз жүрмөк белең…» деп аял, омей баса, кемпир издеп калган атакемде.

— Me, муну айраныңа, чайыңа кошуп ичегой. Тиги Сапарбек оңбогур канчалык катсам да таап алат. Кабагыңды ачып, күлүп-жайнап жүр, балам. Жаш киши антип ойлончу эмес… — деп Мамытбек устанын байбичеси Карыя чоң энем ушинтип мага катып жүргөн кантын берип, канчалык өнтөлөсө да баары бир жол карайм, жалгызсырайм.

Чай, кымыз куюбатканда байкалып тургандай колдорун бырыш, сепкил желелесе да чоң энемдин сөйкө, шакек, билерик, чолпусу түптүз баскан бой-келбетине куп жарашып, «уста» деп абышкасына, «балдарым» деп бизге асте кайрылган жүзүнөн мээрими төгүлүп турчу жарыктыктын. Ошентсе да устакемдин байбичесине илгертен кызганычы барбы же мүнөзү ушундайбы, өзүнчө күңкүлдөп, көбүрөөк жемелей берчү. Аргасы кеткен чоң энем, үндөбөй ийрип олтурган ийигин ыргытып жиберип: «Какмар, касам ичем…» дебелe эшикке жөнөп кетер эле. Ортодо Сапарбек экөөбүз эмне дээрибизди билбей бири-бирибизди карап калар элек…

Сапарбегин, түшкүр, эмнени гана көрсөтпөдү. Шимүүрдүн мал туягынан сынып, саргайган жалбырагын күл майда ушалап, гезит айрындысына ороп чылым деп тарттырды, устанын мылтыгын уурдап чыгып, аска-зоону аралатып кийик уулатты. «Ак-Муз көрүнөт»  деп капкайдагы чокуга чыгарды, «Аркы айрыкта айыл болуш керек, кыздарга барабыз» деп жер кездирди…

Чак түш. Булутсуз асман алдында жер жарыктык көлбүп, жан-жаныбар жыбырай жуушап, биз түштөнүп, жаңыле бозүй алдына чыгып, устакем менен кемпиринин кер-мур айтышын тыңдап олтурганбыз. Ангыча тээ, Босогонун чоң көпүрөсүнөн бери жол чаңып, жүктүү машина жакындап келатты. Бортко тикелей жөлөнгөн бозүйдүн керегелери кызарып көрүнгөндө атакем көчүп келатканын сездим. Сезгеним менен атакемди далайдан бери күткөн сагынычым баягыдай кубанычка айланып кайкып учпай, сезимимде кандайдыр бир бүшүркөө, тосмо пайда болуп, түпөйүл ой бийлеп турду…

Кабинадан биринчи түшкөн ал адатынча бакжая басып келип: «Сарыбайым…» деп төбөмдөн жыттады да: «Энеңе бар, учураш»  деди. Бу саам атакемдин буйругун илгеркидей шыр аткаралбай туруп калдым. Аңгыча машинадан жаңы түшкөн кара тору бейтааныш аял өзү илбериңки басып келип бетимден өптү да: «Эжең болом, айланайын. Ак-Муздукмун. Каратон Дүйшөмбүнүн кызымын»  деди.

-Ээ, Кеке, жакшы болбодубу…

 

* * *

…Икаянын ушул жеринен калемим колдон түштү. Дегеним, ушул өзүм үчүн бирде улуу, сулуу, бирде баягы эле тапталган жолдогудай, ашкеби ойлордой сезилген жаман да, жакшы да чыгарма болумушум жазылбай, жазайын десем көңүлүм эки анжы, анан ары жагы кош, бош сезимдерди арак-шайтан азгырып, андан кеселдеп, бир келген жалгыз, асыл өмүрүм жар башына кептелип, оорукана шыпаа болуп, кайрадан жашоого жол таап чыккансыдым… Мына ошол үйүмө келген түнү кыйналган уйку арасындагы чалды-куйду түштөрдүн соңку таңга жууккусу дапдаана эсимде жаркып, эртеңкиге кадимкидей жетеледи, эй!

…Кандайдыр бир капчыгайда көч сыяктуу эл келатат. Мен алды жакта экенмин. Ал ангыча кайдан-жайдан күн күркүрөп, жүрөктү солкулдаткан чагылгандар түшүбатты. «Бисмиллахир рохманир рохим, лаа илааха иллалоох, Мухаммадар расулулох!»  деп тээ эс тарткандан атакемден  жатталып калган келмени кайталап айтып, алды жактагы дөңсөөгө чыгып барып, бозүйгө кабылдым. Үйдө эки адам — Мамытбек уста, Карыя чоң энем. Устакем тааныбай: «Касыйдын, Керимдин баласымын…» десем гана: «Аа…» деп башын ийкеди. Карыя чоң энем болсо, «уста карыды да» деп, мага үндөбөй бир кесе сунду. Ичсем, кадимки суу экен. Андан соң досторкондон эки калама нан алдым да, жолго чыктым… Элди ээрчип, өрүүгө чыгып келатсам, бир секелек наристе кызды жетелеп алыптырмын, ачкабы дегендей каламадан сындырып берип коём. Алды жактан тааныш жакын адам көрүнгөндөй болду эле, ошону көздөй шаша бастым…

…Өңдөгүдөй  даана көргөн айгине түшүм ушул болду. Таң куланөөк маал. Төшөгүмө олтурган тейден эмелеки түштө жолуккан кайталангыс, эки асыл адамдын арбагына багыштап куран окудум. Арбак ыраазы болсун! Ыйык Жараткан чагылганын чартылдатып колдоп, секелек наристе периштесин жибердиби… Токтобо, тажаба, алдыга бас, өрүүгө чыга бер дегениби… Айтарым, жазаарым, жакшылыгым алдыда экен да. Эмесе, Жараткан  өзүң жар бологер, оомийин!…

 

* * *

— Ээ Кеке, жакшы болбодубу! Жаманың күндө жол карайт. Мына уулум, атаң да, энең да келди. Үйүңөр эртең тигилер. Бүгүн келинди отко кийирели. Кана балдар, бир козу тандап келгиле. Кемпирим экөөбүз да сүйлөшөр кошуна жок, эки күндүн биринде чукчуңдашып аттык элек, бүгүн бир жаш шорпо ичип, чер жазышалы, -деп Мамытбек уста эч кимге кеңешпейле буйрук чыгарып салды. Атам устадан кичүүлүк кылып, козу союп, жаңы энем Секей ичеги-карынын артты, Сапарбек баш куйкалап, мен отун жарып, суу ташыдым, уста адатынча насыбай ийлеп, байыркы зергерлигин кеп кылып бакылдаса, Карыя чоң энем чачпагын шыңгыратып казан асып, дасторконун жайната… айтор, боз төбөл жалгыз үйдө ал күнү кадимкидей майрам болду да калды…

Акыйкатта, жайлоодо бозүй ичинде уктаганды аябай сагындым… Эсеби, маселен, жамгыр, жайдын сергилең, жумшак, эрке жамгыры үзүктү бир ыргакта дыбыратып жаабатат. Түндүк жабуу чүмкөлгөн. Эшик түрүлүү болсо да үй ичи күңүрт. Казанда эки-үч жилик эт секин кайнабатат. Энем чыгдан тарапта супарасын жайыбалып, камыр ийлеп олтурат. Андан жогору атакем адатынча кынтайып жатат. Кээде байбичеси менен кобурашып, кээде көшүп кетсе,  сакал-муруту чулгаган оозунан «бу-уф» эткен үн беймарал чыгып турат. Менчи… Энемдин, «көбүргөн терип келегой, шорпого кошсок даамдуу болот» дегенинен төмөн, сай жээгине чуркап барып, жыты буруксуган көбүргөн пияздан бир тутам терип келегалып, энекем эркелете сунган чоң кесе саамалды ичип жиберип, атамдын чепкенине ороно жыпжылуу көрпөнүн үстүндө жүккө жөлөнө чалкалай жатсам, эмелеки саамал ичимди асте ысытып, көңүлүм кандайдыр бир жыбылжыган жыргал дүйнөгө жетеленип, түрүлүү эшиктен арыда самсып өтүбаткан жөө туман арасынан кино экранындай түркүн элестер бүлбүл көрүнүп, оронгон чепкендин жакасынан атакемдин тер жытына түтүндүн, шорпонун, кымыздын, камырдын, кереге түбүнөн келибаткан чөптүн, жердин… деги койчу, керемет жыттардын агымы аралашып, жамгыр дабышы, сайдагы суунун күрпүлдөгөн күүсүн тыңшап жатып уктап кеткендей ширин уйкуну жарым кылымдан (!) ашык жашаган береги күлгүн өмүрүмдө али сезелекмин-ов!

А түнкүсүнчү… Негедир атакем ар дайым шар аккан сууну бойлоп конуш алчу. Жатарда, «кымыз жакшы чыксын» деп сабаны көпкө быштырып: «Сарыбай, эми саамалдан шашпай ичип жаталы» дечү. Кечке маселен, кой кайтарыппы, отун алыппы, ышкын уулаппы, шернеге барып балдар менен алышып, кеч киргенде ак чөлмөк ойноппу… айтор, чарчап-чаалыкканыңды жаздыкка башың тиери менен уктап баратып элес-булас билип калчусуң да… А ойгонсоң сийгиң келип, табарсыгың ооругандан бир ойгоносуң. Ошондо да күн эбак чыгып, жайлоонун жашоо кыймылы азан-казан болуп калган болот. Бу түн кантип өткөнү, биздин үйдө, дегеле ааламда не болгону менен таптакыр кабарың жок, ишиң да жок… Бир гана кээде энемдин кошуна аялдар менен сүйлөшүбатканда, «Түндө абышкамды киринттим» же «Башымды жуудум…» дегендей кобураганын угуп, мен аларды сезбей калганыма тек гана танданып койчумун…

Ошо атамдар келип, Мамытбек устанын үйүнө чогуу түнөгөндүн таңында ойгонсок, жамгыр жаабаткан экен. Сапарбек экөөбүз  бирге жатканбыз. Ал адатынча шоктонуп, тийишип, тыбырчылайт. Аңгыча, алгач энем төшөгүнөн туруп, эшикке камданыбатса, атам: «Секей, менин кемселимди жамынып чык, көйнөгүң суу болот»  деп калды. Анда оңбогон Сапарбек жуурканды чүмкөнө калып, мага минтип шыбырабатат: «Оме-ей, атаң энеңди сүйөт экен, ээ…»

 

* * *

Кубанычы, кайгысы, рахаты, азабы… аралаш бу сүйүү, арзуу, махабат аттуу аруу, татаал, дегеле адамзат акыл-эсин тумандаткан ыйык дейбизби, бийик дейбизби же бирөөнү шордуу, бирөөнү таттуу тагдырга жетелеген сезим мамилеси, көңүл парасаты менен анчейин ишибиз, түшүнүгүбүз да жок, санаасыз жүргөн жыргал кезибиз экен да, анда…

Мына, сүйгөн деп, анын кайгы-касыретин, азабын тартып, күйүттөн өмүр бою «Үкөйүм» деп какшап, жаңшап ырдап, бул керемет, классикалык ырдын төрт куплети жүз жылдан бери эл оозунан түшпөй кубулжуп, созулуп ырдалып келатканы, 1928-жылы Совет бийлигинин буйругу менен чегара районундагы эл башчылары болуш, бийлер, бай-манаптар жер котортулуп айдалганда: «Айдалып кетип баратам, Ак-Музга сөөгүм коюлбай…»  деп айтып билгендей эле, кийин Оренбургдан, кыргыздар Орунбор дешкен, сүргүндөн келгенден кийин, «Чегара районго өтүүгө тыюу салынат» деген НКВДнын катаал буйругунан, туулуп-өскөн, балалыгы, жаштыгы өткөн кең талаасында, жашыл төр жайлоосунда ажайып күндүн алдында, айлуу түндө ат үстүндө ыргалып кетип баратканда же сүлкүлдөгөн, кылыктанган, жадырап жайнаган кыз оюнда, топураган тойлордо сүт бото тайлактай боздогон, созгон, аска-зоолорду, ай-талааны жаңырткан аваны калган, ата-бабасынын сөөгү жаткан… кайран жер соорусу, сонуну — Ат-Башы, Ак-Муз, Ак-Сайына бир барууга, абасын, суусун жутуп, тулаңында оонап, топурагын көзүнө сүртүүгө зар болуп өткөн кайран, жайран, асыл абабыз Боогачыны айт…

Алалуу жылкы элде бар,
Ашыктык илдет менде бар.
Армандуу болдум жеталбай,
Үкөйүм, аз милдетим сенде бар…

Алтындан чачпак сооруңда,
Ар күнү турат оюмда.
Алтынга окшош Үкөйүм,
Тетиги ай тийбес тоонун боорунда…

Ой-Карагай, Сары-Талдан,
Обдулуп көчөт канча жан.
Чок кылып, ичти күйгүзүп,
Үкөйүм, чолпусун кыя байланган…

Улуу тоонун боорунан,
Улар куштай үн салдым.
Урматтуу Үкөй дартынан,
Ууруларча түн каттым…

Адамдан артык порумуң,
Атыңды уксам оорумун.
Армандуу дүйнө кантейин,
Ак алма жыттуу коюнуң…

…Май айынын жыйырмалары. Терезеден таң агарып келатканы көрүнөт. Эки бөлмө жылуу тамдын төркүсүнүн төрүндө улуу ырчы кыбыла баштанып, төшөк тартып жатат. Кечээ эл чогулуп, бүт айыл: «Боогачынын ырын өз оозунан бир угалы» деп түрүлүп келгенде, жөтөлдүн айынан, каргыш тийген кеселдин айынан, какап-чакап ырдай албай койбодубу…

«Азыр кайран Үкөй кайда болду экен?..» Ушуларды, дегеле арттагы аманат өмүрүн, «Журттун уюткусу» атыккан моңолдордун эрдиги, эпчилдиги, көсөмдүгү менен бийликтен атайын буйрук чыгартып, Ала-Тоо аймагына таруудай чачылып кеткен момун, калыс, акыйкат моңолдор уруусун чогултуп, эки суунун аралы — Нарын, Ат-Башы дайраларынын аралыгына жайгаштырып, эл-журт кылган атасы Жакыпбек жакшыны, алпештеп баккан ак элечек апасын, Бороондуда, касиеттүү олуя атыккан Матай аяш атасынын короосунда курдашы Базаркул экөө чүкө атыбаткан тээ секелек кезде: «Олдо кырк жаш ай, уулум кырк жашка жетсе кыргызды сурар эле… А сенин Боогачың, думана пейил, элүүсүндө эл бийлейт. Бирок бийлиги узак болбойт ко…» — деп Матайдын Жакыпбекке кобураганын, айткандай Базаркул Базаркул болуп, черикке болуш болуп, кыргыздын кыйыны, кадимки Шабдан илик алып, зоболосу көкөлөп бараткан отуз жаштын аягында Сары-Талда атчан баратып, жигиттеринин көз алдында бүк түшүп, мүрт кеткенин эстеп оор үшкүрдү. Өзүнүн тагдыры да ошондой болду да…

Касиеттүү ыр өзү келди. Адегенде жоро-жолдошторун, көрүп билгендерин, дегеле күнүмдүк турмуштагы көрүнүш, окуяларды жеңил-желпи жамак термеге сала коймо өнөрү бара-бара оңдолуп, түзөлүп, жүрө-жүрө олуттуу санат, насыят, секетпай ырларына айлана берди. Анан…

Анан туура 47 жаш курагында, ага дейре төрт аялы, ар кимисинен бала-чакасы, очор-бачар дегендей байкер турмушта, касиеттүү өзөн Бороондунун оозуна аймакта алгачкы болуп там үй, медресе салдырып, ал кийин Ак-Муз айылы, Боогачынын мектеби атыгып, мына, эмдиги жылы болуштук шайлоого катышып, бүтүндөй шаркыратма болуштугун Ат-Башы, Нарын дайраларынын ортосун жердеген калың моңолдорго башчы болордо капилет көрүнгөн, ошол бир көргөндө эле өмүр бою издеп жүргөндөй жакын, ысык, асыл аялзатына, жандүйнөнү жалбырттаткан асыл махабат-Уулкан, эркелеткенде Үкөй, кийин «Үкөйүм» болуп кылымдарга ырдалып калган ырдын кейипкерин, ашыктык ырдын, өлбөс-өчпөс керемет ырдын булагын тапкан эмеспи. «Он сегиз миң ааламды куп жараткан дүнүйө, аял менен эркекти жуп жараткан дүнүйө» деп улуу Жеңижок нөшөрлөтүп төккөндөй, аттиң, Үкөйү менен жуп болуп, өмүрдүн, береги армандуу дүйнөнүн аягына дейре кол кармашып бирге жүрө албады Боогачы. Бири кем дүйнө… Чачын айт, назын айт, сөзүн айт, көзүн айт, жытын, басканын, турганын, жатканын…

«Кайран Үкөй, азыр кайда болду экен, а…»

 

* * *

Колхоз, совходордун калың малы жакадан улам көчүп келген сайын жайыт кысылып, Чоң Кемин-Суунун берки айрыгына барганбыз. Жайлоонун окшош, көнүмүш турмушу өтүбатты. Ак жаан деп айтар элек, үч күндөн бери күн жарыктык көрүнбөй, жамгыр көз ачырбай жаабатты. Койдун кезүүсү эле келбесе, биздей балдарга мындай жамгырлуу күндөр дa сонун, баягы эле аягы жок оюн. Ээн чатырга кирибалып, чуру-гуу түшүп, алышыбатсак, энем мени издеп башбагып калды.

— Ие, айланайындар, чатырды көтөрүп кетесиңерби?

— Ой, эне, жаан качан басылат?

— Аны Кудай билет да, жүрү, сени атаң чакырыбатат.

— Эмнеге? Курсагым тогеле…

— Жок, тамакка эмес. Бир кишини Босогонун көпүрөсүнө жеткирип келсин дебатат.

— Ой-ий, ошончо жерге, ушул жаандабы?

— Кой балам, атаң сага ишенгенден айтыбатат да…

Эзилген жолду таптай баскан жээрде кашканын ээринде олтурган бейтааныш, кемпир дейин десем, картаңга окшобогон, арыкчырай, шыңга бой, карасур аялга аргасыз учкашып, белге кеткен кыяда бараттык. Көрпөчөнүн бир өңүрү алдымда, үстүмдө атамдын чепкени, башымдагы акемден арткан кайыш кепкамдан жылжыган тамчылар мойнума киргени анда-санда сезилгени болбосо, беймарал, жанагы ак чатырдагы оюн кумарынан оолактаган сайын, капкайдагы кайтпас сүргүнгө айдабаткансыган атамдын мамилесине таарынычым тарагансып, көк тукаба кемселчен, кээде «чү» деген доошу болбосо, жалгыз бараткансыган аялдын далысынан алаксый, туш-тарапка көз жүгүртүп келаттым. Кыбыраган жан жоктой, айлана суз. Жадагалса жайыттагы мал теге да жамгырга баштарын ийип, кыймылсыз тургансыйт. Бир гана суур ийиндеринен башбаккан чакчыгайлар бизди шылдыңдагансып ышкырып, күчүкчө үрөт, балача күлөт… Дагы жакшы, булардын болгону. Болбосо, мазени алаар береги жымжырттыкта ичиң бышып, аттан ыргып түшүп, жөө чуркагың келет да…

— Жаман көрбө, айланайын! Кымыздан арбын ичип алыптырмын.. — деди аял туу белге чыкканыбызда аттан түшүбатып. Анын илбериңки, шамдагай кыймылдаганынан тизгинди кармап, ат үстүндө учкашкан боюнча турдум. Ал капталдагы коктуга кетти. Бу белден тээ, биз барар Босого таpaп бүдөмүк көрүнүп, чоң жолдон карандап машина өтүбаткансыйт. Бирде чачылган чакмак канттай бозүй, чатырлар өзөн бойлой агарып, андагы бейтааныш адамдардын турмуш тирлиги мага азыр жомоктогудай ыргал туюлуп, көңүлүмө өбөк, жөлөк. Сайдагы суу кээде «жылт» этип көрүнө калып, салаа-салаа карагайлуу колоттор көкмөк нурга тунуп жатат.

— Керим акем болбосо талаада калмак экемин да… — деп эми аялдын үнү эңкейиште соёлонуп бараткан жээрде кашканын жүрүшүндөй шайдоот чыкты.

— Канчанчыда окуйсуң?

— Күздө бешинчи класска барам.

— Атаң жакшы киши, балам. Мендей бейтаалайды колдоп, чү…

Аялдын далысы бүлкүлдөй түштү. Үнсүз ыйлабатат. Эмне дээримди билбей, камчы менин колумда эле, «чү» дебийдим…

— Атыңда айып жок, жакшы баратат, жөнеле гой, балам. Аркы айылдагы бир тууганымдыкына отпускеде кымыз ичейин деп келдим эле. Жаман аялы кур дегенде бир жума батырган жок. Кудайга койдум… Эл бар, Кекемдей жакшы адамдар бар. Жакшынын баласы жакшы болот. Сен да атаңдай кеңпейил, боорукер, жакшы бол, айланайын! Нарында турам, швейный комбинатта иштейм. Жайлоодон түшкөндө атаң экөөң келип кеткиле. Силерге ыракмат, минтип бир чанач кымызыңарды берип, капкайда жеткирибатасыңар…

Жол бою дээрлик ал сүйлөп баратты. Көңүлү ачылып, үнү шаңкылдап, көк тукаба кемселчен далысы көрктүү кайкалап, ак жоолукчан башын эми өөдө көтөрүп… Негедир апамды эстедим. Анын да ушундай көк тукаба пальтосу бареле. Ал дагы ушул аялдай түптүз, тез-тез басчу. Бек, таамай, ачык-айкын сүйлөчү… Апамды сагындым… Фрунзенин ооруканасында үч жылдан бери, ана айыгат, мына айыгат деп, саргарып жатат. Байкем менен кышкы каникулда барып келдим. Баспайт экен, гипсте жатат экен. Адатынча чекемден өөп койду. Чоң шаарды биринчи көрүп, эсим ооп, делдейген кебетеме күлдү. «Эмне оозунду ачасың, чоңойдун, чыйрак бол!»  деди.

Баса, баягы жылы күздө апамдын урганын эстедим. Жайлоодон күздөөгө деп, Бороондудагы Усупбектин тегирменинин мандайына көчүп келгенбиз. Күн батып бараткан. Үч музоону имерип, шар суунун боюнда тургам. Батып бараткан күн нуру суунун айлампа иримине чагылышып, каалгый сүзгөн кара жон балыктар бирде кылтылдап, бирде жылтылдап… мен да аларга кошулуп сүзүп, суу алдындагы биз билбеген сырдуу дүйнөгө аралашып кеткен экемин, «тарс» эткенде далым тилингендей ысый түштү. Жалт карасам апам, колундагы сабоосун кылычтай дагы шилтеп каларда жан айласы кылып, тыз койдум. Музоолору кактап ээмибаткан уйларды аралай качып баратып, чочуганымдан сабоо тийген далымдын туз куйгандай ачышканынан апамды жек көрүп, ал мага дүйнөдөгү эң катуу, таш боор адамдай сезилип турду…

Мына, быйыл апакемди аябай сагынып барсам, ошону өзү эстебедиби. Айтып, күлүп, көзү кылгырды… Апамдын ыйлаганын өмүрү көрбөгөм. Урса ургандыр да, ошол урганын сагындым. Мына, бул көк тукаба кемселчен, өз арманын айтып алдыда бараткан бейтааныш аял апама окшоп кетти. Ат ыргагында кемселин кармап бараткан колдорум кыймылдагансып, «апакелеп» кучактай калып, өңгүрөгүм келди…

Көпүрөгө жеттик. Чаначты да түшүрүп, зым карагайдын бооруна байладык. Басмайылды чечип,  көрпөчөнү оңдодум да, кайра чаболоңун кошуп, бек тарттым.

—  Өмүрлүү,бактылуу бол, алдыңа кетейин. Керим акеме жакшылыгыңарды буюрсун. Атаңа ыракмат, салам айт! – дебатканда, атты жолдун кырына тартып миндим да, чепкендин этегин кымтылап жөнөй бергенде: —  Мегой- деп эки момпосуй сунуп, эңкейгенимде мойнумдан кучактап, жыттады да: — Кекеме ыракмат, садага кетейиндер… — деп дагы бышактап жиберди. Жээрде кашканы теминдим. Адам гана эмес, айбан мал дагы үйгө шашат. Шайбырлап, илгиртпей жөнөп берди. Кылчайбадым. Карасам ыйлар белем, айтор, көпүрөнүн кулагынан алыстаган сайын зор тапшырманы ийгиликтүү аткарып бараткан жоокердей жеңилдеп, делөөрүп кетибатсам, күн арты түрүлүп, үч күн бою түнөрүп, тынымсыз жаабаткан асмандын кыбыла чети көгөрүп келаткан экен, жарыктык…

 

* * *

Сайдын өйүзүндөгү кыядан түшө бериштеги түзөңдө төмөн жакты карай токтоп турган машинанын бортунда жети, сегиз киши гүүлдөп арак ичибатышкан экен, мен жетелекте эле: «Ой, момунда бир баатыр келатат»  деп бирөө бакылдап, жалпы мага карап калышты.

— Салоомалейкумдар… — дедим алардан үркө четтей баскан атымдын тизгинин тартып.

— Алейкисалам. Бу жаанда кайдан келатасың, дос? — деди бери четтеги боз шляпа, плащ кийген толмоч киши.

— Көпүрөгө киши жеткирип келатам.

— Ой баракелде, азамат турбайсыңбы!

— Эй, бала, кел биз менен арак ич, — деди ары жактан бирөө.

— Койсоңчу… — деди шляпачан аны тыйып, — азамат жигит арак ичпейт. Ажаат ачып, жакшы иш аткарып келатыпсың, нан ооз тий — деп каймак сүйкөлгөн чоң сындырым нан сунду. Бирок жээрде кашканы камчылап теминсем да, бортко чукулдабайт, аңгыча шофер кабинадан чыгып келип, нанды алып берди.

— Көпүрөдөгү кишиңди биз ала кетебиз, – деди дагы шляпачан ылым санай мен жөнөй бергенде, — кимдин баласысың?

— Керимдин.

— Кайсы Керимдин, Ак-Муздукпу?

— Ооба.

— Ой, мурдуңду урайын, папаң Касый менен дос-жолдошмун, Касый кайда?

— Кыштакта.

— Аяш атама салам айт! Мен ача-кайыңдылык Өмөр…

Ары жагы угулбай калды, алыстап кеттим. Жээрде кашка жол сыртындагы дыңга салып, улам көкүлүн силке, желе жорто баратса, үстүндөгү менин да кыялым канат байлап, артымда түрүлүп келаткан асманды улам кылчая карап ырдайм да, эмеле Өмөр деген жакшы байке берген каймак сүйкөлгөн нандан анда-санда бурдайм…

Туу белге чыкканда күн чайыттай ачылып кетти. Тээ күн чыгышка сүрүлүп бараткан тумандуу кара булуттар ак мөңгү кырка тоолорду илең-салаң ашып баратат. Табарсыгым ооруганын эми сезип, аттан түштүм. Үстүмдөгү ным чепкенди чечтим да, бөктөрдүм. «Кыбыланы карап заара ушатпа» деген атакемдин айтканын эстеп, тоо жакка бурулдум. Аттанарда көпүрө жакты карадым эле, бая зым карагай түбүндө караан дале тургансыйт. Же бетон түркүгүбү… айтор, алыста, алыста мен атын билбеген, ысмын айтпады да, көк тукаба кемселчен, ачык жүздүү, шыңга бой, кемпир дейин десем жашыраак, бейтааныш, антейин десем, жана коштошоордо мойнумдан жыттап, жаш аралаш ысык деми менен: «Атаңа ыракмат! Салам айт….»  деп шыбырагансып айтканын эстеп, көөдөнүм жылып, жакынымдай сезилген аялзаты дале жол тосуп тургансып, кандайдыр бир аялуу нерсем алыста калгандай кылчактадым.

Күн жарыктыктын деми өткөн сайын жерден мончонукундай жыпжылуу буу чыгып, леп-леп соккон туу белдин желаргысы айдалып өтүбатса булут үстүндө каалгып учуп бараткансыйм. Туу белде турган кандай сонун… Бүт аалам алаканыңдагыдай, оюнда, боюнда, бийикте толукшуп, эргип, сергип, алдыңда, артында кызык дүйнө. Деги койчу, мынабу балбылдап, бүт ааламга тептегиз жарык, касиеттүү аппак, жыпжылуу нурун төгүп келаткан ажайып, атакем айтмакчы, жарыктык күндүн алдында уза-ак тура бергиң келет…

 

* * *

Мына, калемдин да сыясы түгөндү. Кудая тоб-ба… Экиленип не? Таңгалдым да, жылмайдым. Ушул чыгарма болумуш менен, тээ бир жеринде жаздым да эле, бирде улуу, сулуу, бирде ашмалтай шилтемедей сезилип, далайга уланбай, акпай калган булак суусундай көлбүп, көрүнүп-көрүнбөй, билинип-билинбей, а бирок жадымдан таптакыр чыгып, унутулуп да калбай, эки жылдан бери колумдан жетелеп, соо-саламат, сергилең-сергек, кызык кыялдарга, үмүткө жетелеп, дамамат таңкы супада, сырдуу жылтылдап эң эле сулуу, эскерткич сары жылдыз, ананайын периште сары кыздай жымыңдап жылмайган, жарыктын — ажайып, улуу Жарыктын — Жашоо Күндүн (!) жарчысы, кабарчысы, а балким, ар кимге эле көрүнө бербеген, абай салсаң, түштүк тараптагы терезеңе өзү келип ойготуп: «Тур, эсте, жаз…» деп түндөн күндүзгө, демек жаркын, таберик жашоого көпүрө — таңкы Сары Жылдыз шык берип, жазылып жаралган, жан азыгым ушул жаман чыгармама убактылуу, а чынында ыйык, ырайымдуу, мээримдүү Жараткандан башканын баары убактылуу эмеспи, сыясы түгөнгөн калемим да эс алсын бечара, иншалла  деп, азырынча көп чекит койдум…

Бишкек, 2009-2012-жыл.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *