Адабияттагы жаңы ысым, жаңы дүбүрт!

Азыр ыр жасагандар көп, жараткандары бирин-экин сыягы… А жасалган ыр пыр болуп каларын аңдаганы аз. Аю велосипед тепкенди үйрөнүп алган сыңары: эки сапты уйкаштыргандын көбү өзүн кадыресе акын санап, эл алдына канат жайып ыр окуган «өнөрпоздор» арбыды. Же акын эмес, же артист эмес, айтору, жагымдуу эле ырларын окуп атышкансыйт, үндөрү да шаңдуу, бирок кулакка шак илинер уйкаштыктары эбак жадыбызга сиңип калган, биз мурда угуп, мурда окуп жүргөн акындардын ыр саптары кайталанып аткандай сезилет. Башкаларга кандай угуларын билбейм, мага мурдагы акындардын ырларын пародиялаштырып, жаңыча интонация менен кайталап окуган акындар арбыгандай туюлган үчүн – азыр ыр окулат деген жерден жаа бою кача турган болуп алдым… Өзгөнүкүн тургай өз ырларымды эл алдында окуюн деген ниеттен да бара-бара кайттым…Антип өзүмдөн көңүл суугандан тарта адабиятка мага окшогондордун кереги жогун баамдадым да, жалпы адабиятка пайда келтирер жолду издедим…

Издеген жолум ушул:  «Коом жана Мен» сайтынын түйшүгүн артынган күндөр бери ыр-пыр жөнөткөн авторлор арбыды. Албетте, арасында жалпы хордон бөлүнгөн бирин-экин мыкты акындардын ырлары колго урунар замат ошол кубанычымды окурман журту менен бөлүшүүгө ашыккан ыракаттан өтөрү жок окшойт… Адабиятка ызаат кылган авторлорго мен да ызаат мамиле кылгым бар. Эмесе бүгүн поэзия сүйүүчүлөр үчүн Россияда жүргөн мигрант мекендештерибиздин арасында тирилик өткөрүп келатса да, чыгармачылык дарамети эл сынына толуп калган Самара Насырова аттуу карындашыбыздын чыгармачылыгы менен жамы журтту тааныштыруунун мөртү келип туру. С.Насырова жакында биз жарыялап жыйынтыгын чыгарган балдар адабияты боюнча сынакта да «Оюнчуктарды «эмдөө»» деген аталыштагы ырлар топтому менен калыстар курамынын эң жогорку баасына татып, биринчи сыйлыктын ээси деп таанылганын эсиңиздерге салабыз. Жакында береги сүрөттө бирге түшкөн сол ыптасындагы Нарсулуу Гургубаеванын чыгармачылыгы туурасында да сөз курабыз, окурман. Учурда экөө тең Москвада канатташ жүргөн таланттуу кыздарыбыздын алдынкылары…

Олжобай ШАКИР

* * *

Көптөн бери кат жазышпай, сырдашпай,
Кала берсе, сөз талашып чырдашпай.
Казанында кайнап каардуу турмуштун,
Кайран сезим калганга окшоп кырды ашпай…

Сыноолорго бералбастан туруштук,
Сый ордуна кепке ууланып уруштук.
Таңдар атып, күндөр батчу билинбей,
Эсиңдеби?.. Узак маек курушчук…

Ошол күндөр эңсетээрин билбепмин,
Оош-кыйыштуу күндөрүбүз бир депмин.
Ой чуңкуру, тоо ташына кептелип,
Оомал-төкмөл жалган дүйнө кирдеттиң…

Калагы жок калкып турган кайыктай,
Капилеттен торго илинген балыктай.
Күн-түн дебей күйпөлөктөйт жүрөгүм,
Күчтөн кетип, карты бүтпөй айыкпай…

Жүлүндү эзип үн сөзү жок ыйлаган,
Жүрөгүмдүн чыңырыгын жан укпай…

СЫРЛАР КӨП КӨКҮРӨКТӨ…
Жашачу элем тынчтык соккон аралда,
Жашоом дагы, көңүлүм да ток эле.
Жандүйнөмө кирип келдиң байкоостон,
Жашабагыр!.. Көзүң шумдук шок эле…

Ээн баштанып шоктонсом да ар убак,
Эркелигим көтөрчүсүң жылмайып.
Капысынан эки жээкке сүрүлүп,
Ким күнөөлүү?.. Менби, сенби – кимде айып?..

Кечиралбай өзүмдү да, сени да,
Кектейм кээде ошол күндү кезиккен.
Кээде болсо ыраазымын ал күнгө,
Кезиктирген, махабатка кечиккен.

Сезип жүрөм, жүрөгүңдүн оорусун,
Сен да мендей кечалбай – бас, тагдырдан.
Сезимибиз жалбырактай дирилдейт,
Сүйүү балын, кыял менен кандырган.

Аттай албай уят, ушак, намысты,
Ашыктыкты ичке жутуп келебиз.
Картаярбыз арман кылып о кийин,
Кеткен кезде узап жаштык кемебиз.

Эмне мынча кылчактайсың түгөнгүр,
Намыс-ардын ким жетиптир түбүнө?..
Бейбак кылбай багын ачып сезимдин,
Баш ийели, бир жолуккан сүйүүгө.

Бейбак кылбай багын ачып сезимдин,
Баш ийербиз, кандай дейсиң, сүйүүгө?..

ЭХ…
Мен сага сүйлөбөстөн,
Үн катсаң үндөбөстөн,
Өзүмө чечим кылдым:
Тутантып үйлөбөстөн,
Чорт кесип үзүп койдум,
Үмтөнтүп сүйрөбөстөн…
Өмүрдөн бир биз эмес,
Өрт жалын дүйнө көчкөн.
Дедим да…Кеттим басып,
Далымды күймөбөстөн.
Баарына көздү жумдум,
Кирпигим ирмебестен…

А чыны мен өзүңдү,
Бактылуу кылгым келген.
Көз мончок шуру болуп,
Көөнүңө сыйгым келген…
Көл сымал көрөңгөнү,
Көөдөнгө жыйгым келген.
Керемет күндөр үчүн
Керегин кыйгым келген.
Көз ирмем болсо дагы,
Бакытты туйгум келген.
Көзүмдөн көздөрүңө,
Көп сырды куйгум келген….

Сен болсо… Алдың мага
билдирип алсыздыгың…
Сүйүүгө, сезимдерге
Дайынсыз камсыздыгың.
Анан да: аяр, кытмыр,
Аялдай арсыздыгың!..
Тетиксиз сандыкка окшош,
Бек каткан жансыз сырың.
Чын сүйүү бек сакталар,
Өтсө да сансыз кылым…
Туруштук бералбаган,
Бул сенин байкуштугуң!

Корккон өз көлөкөңдөн,
Эх сенин байкуштугуң!!!

СЕЗИМДЕР…
Бул кандай?.. Буулугуунун чеги жетип,
Буркурап турган күчтүн деми кетип.
Көңүлүм ал-күчү жок калдаңдаган,
Көз жарган жаш аялдай бели бекип.

А балким тагдырымдыр тартууланган,
Абайла!.. Көкүрөккө дарт чыланган.
Айыпсыз сезимдерди айыптаба,
Ансыз да жандүнүйөм бар жартыланган.

Маанайым бирде толуп, бирде толбой,
Маңыздуу бул жашоодо бирге болбой.
Тагдырым даңгыр жолго алып барчу,
Жетелеп бара жаткан ичке жолдой.

Көп элдин катарында күн кечирем,
Көңүлүм бирде толсо, бирде толбой….

* * *
Залды жирей басып келдиң муңайым,
Саламдаштык жат кишидей суз гана.
Аркы үстөлдөн абай карап жубайың,
Аргасыздан отургандыр кызгана…

Көрүнгүбүз келди сыпаа, жайдары,
Көпчүлүктүн көздөрүнөн тартынып.
Даа бирөөсү кебин айтып кайдагы
Дартыбызды ийбесин деп жар кылып.

Ушунчалык жакын туруп алыспыз,
Унчугушпас сезим турду ызалуу.
Эх дүнүйө, неге мынча калыссыз?..
Чагылышкан көздөр муңдуу, кусалуу…

Ырахаттуу тартуу кылып мүнөттү,
Ыраа көрбөй, колдон жулуп алгандай.
Ыза менен куса толгон күн өттү,
Ырга айланып, ичте калган армандай…

Ырымда да, ыйымда да бир жүргөн,
Ырысымды бирөө тартып алгандай..

КИРПИКТЕГИ ШҮҮДҮРҮМ
Көз ирмелсе мөлтүр тунук тамчы жаш,
Көкүрөктү жууп кетип баратат.
Ичти эзген, букка толгон ой санаа,
Ичиркентип ачуу зилди жаратат…

Күндү санап жол караган каректер,
Тереңине аялуу сыр каткансыйт.
«Күдөр үзбө, күтүп тургун бир аз», — деп
Кирпиктерим шыбырашып жаткансыйт…

Бүткөн бойду чыйрыктырып мезгил да,
Батып барат, жаздын ысык аптабы.
Сампарланып жаап кирген кар сымал,
Саамайларым бубак баса баштады…

Оор басырык мүнөзүм бар ачылбас,
Оргуй албай кыялдарым үшкүрөт.
Кадыр билбес мерестерге басынтып,
Кадырлашым неге мынча күттүрөт?..

Кадырыма жеталбашын туйганбы?
Кабак чытып, ичтен тынып үшкүрөт…

СЕЗИМДЕРДИН КУЛПУСУ
Сездирбестен, ичтен сызып жактырып,
Кээде аптыгып, кээде кетем жанчылып.
Көңүлүмдүн түпкүрүнө аздектеп,
Катып койгом, кулпусун бек жаптырып.

Жалооруган каректериң кусалуу,
Жароокерим, билем эркиң тушалуу.
Жанчылгандыр бүтүн денең, а балким,
Жабыркаган жандүйнөң да ызалуу…

Айтканыңда сезимиңди үлбүрөк,
Шыбырыңдан үнүң турган дилдиреп.
Макулдугум билдирген кез ошондо,
Кубанычың кеткен эле түн жиреп.

Бир өлкөдө жашайбыз бир калаада,
Бир көрүшпөй көөдөн толуп санаага.
Бактыбыздан кечтик, кечтик анткени,
Байланганбыз, кеткис болуп балага!..

Ашыктыктын көктөп турса бутагы,
Аттиң турмуш, тайгак жолдон кысабы?..
Жылыталбай аткандыгын айтасың,
Жубайыңдын муздак тарткан кучагы!..

* * *
Бүгүн биз жолугуштук,
Дыбырап жамгыр төккөн күз күнүндө.
Саргайган жалбырактуу
Желаргы мелүүн соккон тал түбүндө.

Аптыгып өпкүлөдүң,
Асылым, а мен дагы искеп демиң.
Кусадан чарчаганбыз,
Чаңкоодон баш тумандап сенин, менин….

Шыбырап сөз түгөнбөй,
Сенин да айтаар сөзүң көп сыяктуу.
Сырдаштык эгиз жандай,
Бул дүйнө жалгыз бизге төп сыяктуу.

А бирок сааты жетип,
Коштошуу дал тозоктун шатысындай.
Айласыз бөлүнөөрбүз,
А мүмкүн бул жашоонун шарты ушундай.

Денеме, көйнөгүмө,
Бүтүндөй сенин жытың сиңип калган.
А сенин ак жакаңа,
Кыпкызыл ооз боёгум тийип калган.

Сезимдер ээ бербестен,
Кош жүрөк бирин-бири сүйүп калган.
А биздин түгөйлөрдүн,
Жүрөгүн ээлегендир күйүт арман.

Бирибиз бирибизсиз,
Жалындап жашай албай калгандайбыз.
А бирок башкаларды,
Бактысыз адам кылып салгандайбыз…

Алоону алар үчүн
Өчүрүп, суудан бүркүп салалбадык.
Болбосо шарт бурулуп,
Чечкиндүү бир кадамга баралбадык.

Бүгүн биз жолугуштук,
Бактылуу бизден артык адам болбос…
2014. сентябрь.  Сүйүү паркы.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *