ПОВЕСТЬ

— Ээ энеңди!..

Мурат сөгүндү. Букасын жалгыз терекке байлап жатып, ушинтип сөгүндү. Терек дөңсөөдө эле. Айылдын жарымы алаканга салгандай даана көрүнүп турчу. Жалгыз түп терек. Мурда бул жерде үй боло турган. Жер там. Азыр ал жок. Терек эле турат. Үйдүн эстелиги. Бир кездеги буркан-шаркан жашоонун эстелиги. Үйдөн дайын жок. Ким тикти экен? Үйдүн ээси тиккенби, же ага чейин эле бар беле? Ким билет, муну азыр эч ким билбейт.

Бирок терек турат. Жапжалгыз. Көргөндө эле негедир эстелик эске түшөт. Жалгыз нерсе эстеликти эске салат окшойт. Ээн дөңсөө, анан эстелик. Үйдүн эстелиги, бир мезгилдеги жашоонун эстелиги. Ким тикти экен, нени ойлоп, неге тикти экен? Ооба, байлап жатып сөгүндү. Эстеликке байлап жатып, катуу сөгүндү. Кимди сөккөнүн билбеди. Сөгүнгөнүн, болгондо да бардык күчү менен катуу сөгүнгөнүн туйду. Анан ичи бошоп, жеңилдей түшкөнүн туйду. Сөгүнүү деле үшкүрүккө окшош тура. Теректин бери жагындагы чоң ташка көчүк басты. Таш көзүнө чалдыкканда эле, негедир ага адамдын колу тийгенин ойлоду. Жапайы таштар бөлөк болот. Алар адамды чоочуркай карашкансыйт. Адамдын колу тийген таштар адамды өзүнө чакырышкансыйт. Жылуу келет. Адамдын деми, жылуулугу ташка да өтүп кетет окшойт. Күндү ысык дешет. Болбогон кеп. Ысык болсо ташты эритип жиберет эле го. Адамга жетпейт. Ташты эритет адам. Отурдуңбу, ал акырындап эрий баштайт. Мурат буга далай жолу күбө болду. Өзгөчө шаарга барганда өз оюна аргасыздан ынанып калат. Шаардагы пивоканалардын баарында отургуч жок. Ташка отурасың. Отурасың да, кылкылдата пиво жутасың. Андагы кайсы гана ташты алба, анын баары эрип, кетилип бараткандай туюлат Муратка. Анан адамдын деми өткөндөн ушинтип баратат деп ойлойт. Мына, бу чоң ташты да карачы. Эрип, акырындан кетилип баратыптыр. Адам деми далай өткөн да. Ташты колу менен аяр сылагылады. Бетине бырыш түшүп баратыптыр. Оймо-чиймелүү бырыш. Айрым жерлери чечектен калган такты эске салат.

Мурат карап турду да, башын чайкап койду: “Бу жаандан болсо керек…” Ошентсе да, таш ага сүйкүмдүү, кооз, атүгүл жандуу көрүндү. “Таштай катып…” деген сөз негедир оюна түшүп, кошулбагандай башын чайкай кетти. Адам отуруп, адамдын деми өткөн деген ишеним ушул көрксүз ташка кандайдыр бир ажар чачыратып тургансыйт. Сылагылады да, көчүк басты. Отуруп жатып, сөгүнгөнүн дагы ойлоду. Бирок кимди сөккөнүн билбеди. Эмне, аялынбы, же букасынбы? Жок. Буларды сөгүп не, сөкпөй не! Аялы жумушка кетсе керек. Кетем дебеди беле. Жок! Эмне үчүн кетет? Кыскарып калбады беле? Азыр баары эле кыскарып жатпайбы. Аялы да кыскарып калган. Бир күнү келген үңкүйүп. Муратты коркуткансыйт. Көрсө, кыскарып калыптыр. “Сен киши өңдүү болсоң, ушинтмек белем!..” – деген. Мурат негедир үндөгөн эмес. Кызык, бу аялдар бир балээге кабылса эле, анын баарын күйөөлөрүнөн көрөт.

Мурат тутулана кетти: “Өзүң киши өңдүү болсоң!..” Кебин улабады, кол шилтеп койду. Эми үйдө отурат. Шокшоюп үйдө отурат. Бош. Кетем, тойдум дебеди беле. Кызык, кетип кайда барат? Кайдагы жумуш? Жок. Жүрөт. Тигине, кир жайып жүрөт. Ооба, ошол. Карабайсыңбы, алкылдап басканын. Оо желмогуз, карга бок чокуй электе баштаган экен да кирин. Кирден кандай гана жүдөйт десең. Муратчы. Итатайы тутулуп, жүдөй баштайт. Аялы кир жууйм деп камына баштаганда эле, Мурат жүдөй баштайт. Аялдар жүдөбөйт окшойт. Кайсы эркек болбосун кирден жүдөйт. Мурат муну көп укту. Эркектерден да укту, аялдардан да укту. “Мен кир жууйм десем эле, жанагы кагына баштайт…” – деп күйөөсүн аялына жамандап жатканын ал далай аялдан укту. Аялына жага бербей калчу: “Эми булардыкы ошол да!..” Мурат уксун деп, атайы катуу айтчу. Мурат жооп кайтарчу эмес. Негедир сүйүнчү. Бирок эмнеге сүйүнгөнүн билчү эмес. Жок, эмнеге сүйүнүп жатам дечү эмес. Сүйүнүп кетчү. Аялдар кир жууш үчүн гана жаралган окшойт. Аялдар болбосо, дүйгө кирге додолонуп калмак окшойт. Булардын күчү күч. Аялдарды айтам.

Букадан да күчтүү булар. Кир сыккандарын айтам. Мурат кир сыгышкандан жаман коркот. Алы жетпейт. Бат эле чарчап калат. Аялы чарчабайт. Экөөлөп сыкканда аялы таптакыр чарчабайт. “Кантсе да эркек эмессиңби. Кел, сыгышып койчу”, — дейт. (“Карасаң!.. – деп кекене кетти азыр Мурат. – Эркек эмессиңби деп… Каарып, кекетип…) Чоң кирлерге келгенде дайыма ушинтет. Сыгышат. Тырышып аялы күчтүү. Мурат заматта эле чарчап калат. Аялы, Мурат анткорлонуп жаткандай, аны жаман көзү менен бир карап алат. Аялы чарчадым дебейт. Сыккан сайын күчүнө келгенсийт. Аялдарды кир үчүн эле жараткан ойшойт. Анан Мурат кайрадан ушинтип ойлоп коёт. Мураттын бир нерсени ойлоп жатканын аялы туят көрүнөт. Угулар-угулбас өзүнчө күңкүлдөйт: “Сенин эми эси-дартың эле ошо да!..” “Аракты айтып жатат…” – деп ойлойт Мурат. (Карачы!.. – деп азыр Мураттын жаны күйүп кетти. – Мен таптакыр бөлөктү ойлоп жатсам…) Мурат капысынан сүйүнүп кетти.

Эмнеге сөгүнгөнүн өзү да туйбай калганын тапканына сүйүндү. Анда сөккөн эмес экен да. Сөгүнсө билет эле да. Жок, сөгүнгөн. Сөгүнгөндө да ичин аңтара сөгүнгөн. Ичи эңшериле түшкөн. Жеңилдей түшкөн. Жеңилдей түшкөнүн кадимкидей туйган. Сөгүнүш да керек экен да. Сөгүнүү менен үшкүрүк окшош тура. Букасы турат. Эмнени ойлоп жатканы белгисиз. Турат. Былк этпейт. Экөө батпай калды го. Түбүң түшкөн бу кең дүйнөгө экөө батпас болду. Букасы, анан өзү. Экөө батпай келатат. Жакындан бери батпай келатат. Күн жок. Ээрчишип алып, экөө кең дүйнөгө батпай келатышат. Тү-үү ата, дагы кызыл жаян кылып жайып койгон тура. Турсысын айтат. Канча жолу айтпады дейсиң, атүгүл кызыл кыргынга түшкөн күндөрү да болгон. Бирок жаят да турат. Көргөзмөгө койгондой. Анысы алоолой желбиреп, тим эле ат чабым жерден көрүнөт. Үйдүн ичине жайып койсо, кудай алабы! Алакандай эме кургайт эле да. Көргөндөр күлчү болду. Кызыл жаян болуп желбиреп турганын көздөрү чалганда эле: “Оо, Мукеңдики тура!..” – дешет. Сырдуу айтышат. Кыйытышат. А өзүнүкүчү! Мурат селт этти. Көрбөптүр. Эмне, жуубайбы? Кантип эле? Жууса, анда каякка жаят? Ооба, аялыныкын көрбөптүр. Көрсө да, назар бурбаса керек. Уялып кетти. Кандай экенин элестеткиси келип, уялып кеткенсиди. Эмнеге уялганын даана билген жок. Бирок уялып кетти. Айтор, уялды. Ооба, көрбөптүр. А мунуку турат кызыл жаян болуп. Куду эле көргөзмөгө койгондой.

Үч-төртөө болсо керек эле. Турсыларычы. Үчөө тең кызыл-тазыл. Мурда жакшы болчу. Турсынын түсүн айтат. Капкара болчу. Көзгө оңойлук менен чалдыкчу эмес. Көңүлдү бурчу эмес. Кызыл жаман экен, түркүн түс да жаман экен. Көңүлдү өзүнө буруп да, айнытып да жиберет тура. Эмнеге мындай кылып салышты дейм да. Эмне, көрк үчүнбү? А буга көрктүн эмне кереги бар? Же турсычан жүрбөсөң… Турсыңды бир кара түн көрбөсө, эч ким көрбөйт да. Баса, анан да… Мурат уялып кетти. Же, эмне, бышыкпы? Бышык болбой жерге кирсин, кызыл алаларды айтат. Катуу ыйынсаң, айрылып кетчүдөй араң турат. Оо, мына каралар кандай эле. Жалаңкат кийип алып, улакка түшсөң да болмок. Жыртылчу эмес. Өңү эле өчүп калчу. Өңүн ким көрүп атыптыр. Бир караңгы түн менен, анан… (Дагы уялып кетти.) Ыя?! А аялдардыкычы? Билбейт экен, мурункуларынын түстөрүн да, азыркыларыныкын да. Көңүл бурбаса керек. Кайрадан уялды. Эми… Экөө желбиреп жатат. Кызыл жаян. Экөөнү тең жууган экен да. Түү, ата!.. Анан да шерменде кылып бүтүрмөй болду букаң. Уялып өлмөй болдум букаңдан. Элдин бетин карай албай калдым деп коёт. Бука эмне? Бука деген букалыгын кылат да. Ал ошол үчүн бука!.. Эр болсо, өзү чыдап көрсүнчү… Бука да ошондой. Чыдай албайт. Бу да тирүү жандык. Эптеп күн көрүшү керек. Ошон үчүн адамга умтулат. Жардам сурайт. Өлүп баратам дейт. Анан уйларды… Букасын карап койду. Кыймылсыз турат. Былк этип койбойт. Байкуш.

Башка букаларчылап улунуп-жулунганды да билбейт. Турат. Ойго чөгүп калгандай. Басса да ойго чөгөт. Байлап койсо да ойго чөгөт. Жетелегенде да ушундай. Кээде Мурат жетелеп келатып, атайы артына бурулуп карайт. Ошондо да ойго чөгүп келатканын көрөт. Эмнени ойлойт?.. Өмүрү кыска болот көрүнөт. Ойго чөгө берет. Эч ким ойгото албайт. Уй гана ойгото алат. Уйду көргөндө эле, ойдон ойгонуп кетет. Чочуп ойгонот. Дирт эте түшөт. Болбосо, чөккөнү чөккөн. Эмнеге чөгөт, нени ойлонот?.. Экөө батпай келатат. Мейли… Мурат ойдон ойгонуп кетти. Эмне үчүн бул жерде отурганы капысынан эле эсине шак дей түштү. Жаздыктан баш көтөрөрү менен эле, шакылдап радио иштей баштаган. Ооба, кой, турушум керек деп ойлонгуча болбой эле, радио иштей баштады. Башы иштей баштаганда эле, радио шакылдап кирди. Бүттү деди Мурат күрсүнө. Анан өкүндү. Радиону унутуп калганын ойлоп, абдан өкүндү. Биресе таңданды. Мурда ойгонбой жатып эле ойлончу эмес беле. Кой, — деп ойлончу ойгоно албай жатып, — радио иштей электе туруп кетейин. Анан шак туруп кетчү. Радио дегенди ойлогондо эле, көзү умачтай ачыла түшчү да, шак ыргып турчу. Шак ыргып туруп баратып ойгончу.

Бүгүн минтип ойлонбой калыптыр. Туруш керек деген эле ой келиптир. Келгенде да ойгонгондон кийин келиптир. Өкүндү. Радио иштей баштаганда эле, кечиккенин ойлоп өкүндү. Анан эмне үчүн ойлонбой калганын ойлоду. Катуу кеткенби? Ошондой го, болбосо ойлонмок. Ойгонбой жатып эле, кой, радио иштей электе туруп кетейин деп ойлонмок. Туруп да кетмек, шак эле турмак. Туруп баратып ойгонмок. Эми болбой калды. Радио бир иштеди дегиче бүттү, басылбайт. Жаагын жанат да турат. Радио ушундай. Аялын айтат. Аялы – радио. БИ-БИ-СИң шоона эшпей калат. Тытыратат тим эле. Оозунан чыкканы сөз болбой эле, ок болуп калганда, дүйнөдө бир да тирүү жан калмак эмес окшойт. Адамзат тукум курут болмок. Жок, өзү эле тирүү калмак окшойт. Мураттын өзүчү. Мурат эле тирүү калмак окшойт. “Октон жаманга чыдап келатпаймынбы!..” – деп ойлоп койду Мурат. БИ-БИ-СИң эмне! Ал келжиресе да, көбүнчө туура болуп чыгат. Мурда билчү эмес. БИ-БИ-СИ дайыма калп айтат деп ойлочу. (Бу ой бала кезден канына сиңип калган эле.) А аялым чындыкты гана айтат дечү.

Көрсө, теңирден тескери тура. Байкуш БИ-БИ-СИ чындыкты какшачу тура. Аялы аралаштыра согот экен. Мурат муну көп жолу кармагансыды. Өзү эмне кылып, эмне койгонун кадимкисиндей билсе да, атүгүл радио иштей электе туруп кетиш керек деп ойлоп жатканда түндө эмне кылып, эмне сүйлөгөнүн түгөл билсе да, аялы оюна келгенинин баарын аралаштырып сого берет. Мурат муну билет, ышкыртып жатканын сонун эле билет. Радио иштей электе туруп кетиш керек деп ойгонбой жатып ойлонууга жараса эле бүттү, анда кечээ эмне кылып, эмне койгонун түгөл билет дей бер. Ал өзүн ушул аркылуу билет. Кечээги өзүн ушул радиону ойлогонго жараганга же жарабаганга карата билет. Аялын далай жолу кармабадыбы. Аралаштыра тытыратып жатканын далай эле жолу кармады. Бирок үндөбөйт, үндөй албайт. Үндөсө эле радио ого бетер көбүрдү дей бер. Биресе кечээ эмне кылып, эмне койгону, аялынын кайсы сөзү чын, кайсы сөзү калп экенин билип турса да, балким, анын айткандарынын баары чын болуп жүрбөсүн деп шектене берет. Атүгүл өзүнүн кечээ эмне кылып, эмне койгонун билип турганына да ишенбей кетет. Бүгүн да тытыратып жатпайбы. Ким билет, бүгүн да адатынча аралаштырып согуп жаткандыр?

Мурат бүгүн да үндөбөдү, үндөй албады. Үндөгөндө эмне… Аялдардын баары эле радиого айланып бараткансыйт. Деги буларың тирүү жандыкпы? Же, эмне, сүйлөө үчүн жаралган темирби? Кызык… Баары, баары айланып баратат окшойт. Аялдардын баары айланып баратат окшойт. Болбосо каргадай болгон кенже кызы да какшабайт эле го. Же, эмне, алардын маңдайына радиого айланышты гана жазып койгонбу! Ооба, бу жолу чоң радио менен кичинекей радио – экөө бирдей иштей баштады. Чоң радио койдун башын тоголотуп, бөлтүрүгүн үйрөтүп жатат. Үйрөтүп жатат: “Жаткан жериңди карачы. Мен го бүттүм. Жок дегенде каргадай болгон мобу байкушту аясаң боло. Эми эки-үч жылда эле эрге кетет. Деги сен ушуну билесиңби?! Сынып бүтмөй болду. Эшикке чыга албай калдым дейт. Балдар шылдыңдап жатат дейт. Ушундан көрө өлүп калсам эмне деп боздоп жатат. Чычкандай болгон неме боздоп жатат дейм. Деги сен билесиңби, ушу чычкандай болгон неме өлүп калсам дейт!.. Деги сен!..” Сүйлөй албай калды, не дээрин билбей калды. Чоң радио ушинтип какшап-какшап келатып эле тып токтоп, улуп-уңшуп жиберди. Кичүү кызына улам-улам колун жаңсап, улуп-уңшуй баштады. Сөздөрүнөн да ушу улуп-уңшуусу өтүп кетти. Сереңдеген колу да улуп-уңшуп жаткансыйт. Мурат негедир селт этти да, кичүү кызын карады. Чын эле, чоңоюп калыптыр. Ушу бойдон чоңоюп отурса, эки-үч жылыңды күтүп отурчудай деле түрү жок.

Мураттын санаасы тына түштү. Эмне, кыздардыкы ушу да. Кетет. Анан… Анан радиого айланат. Чын эле, кызы чоңоюп калыптыр. Көзүнөн жашын мөлтүлдөтүп карап турат. Кирпигин ирмесе эле, жүзүн жууп кетчүдөй. Боору ооруп кетти. Көзүнөн жашын, туптунук жашын мөлтүлдөткөн кызынын радиого айланаары оюна түшкөндө, ичинен кан өтүп кетти. Эмне… Эмне… Эмне, аялдар ый үчүн гана жаралганбы!.. Оозун кыбыратып жатат. Кенжесичи. Бу радио ичинен иштеп жатат окшойт. Жок, акыры жарылып кетти: “Ты что папа!.. Это что, папа!… Пап… Не мог-гу-уу…” Бу да сөзүн улай албай, уңулдоого өттү. Мурат кызын карагысы келбей, башын ары бурду. Кызынын жүзүн жаш жууп жаткандай туюлду. Кызынын уңулдаганы сөөгүнөн өтүп, чучугун өрдөп бараткандай болду. Өзүн алаксыткысы келди. “Бекер эле орусча окутуптурмун…” – деди кимдир бирөөгө даттанып жаткансып күбүрөп. Ушинтип күбүрөп жатканда да бирөө кулагынын ичине кирип алып, уңулдап аткансыды: не мог-гу-уу… Уңулдак үзүлүп, өчүп калды. Аны радио басып таштады. Мурат сүйүнүп кетти. Чоң радио уңулдакты басып, кайрадан катуу жарылды: “Карачы, ушундан көрө…” (“Өлүп эле калбайсыңбы!.. деп айта бер…” – деп ойлоп койду Мурат.)

“Жаткан жериңди карачы. Кейпиңди карачы. Ушундан көрө…” (“Өлүп эле калбайсыңбы!.. – деп айтып бер да…” – деп кайрадан ойлоп койду Мурат.) Ушинтип кайрадан башталды радио. Адаттагыдай эле катуу башталды. Аялы кайрадан колун жаңсады. Карады Мурат. Ошондо ойлоду, аа, ушу жерде жаткан экенмин да деп ойлоду. Ойдогудай эле го. Төркү үйдө жатыптыр да. Кийиздин үстүндө. Ырас, астына эчтеке салынбаптыр. Бирок сыз өткөнү деле билинбейт. Эчтеке да жамынбаптыр. Эмне, үшүбөсө болду да. Ка-ап, бутун чечип жатса болмок экен. Жок дегенде сүртүп алса болмок. Эмне, жаан жаады беле? Күн ачык эле болчу. Анда бу баткак кайдан? Баткак толуп кетиптир. Болгондо да төркү үйгө. Темтеңдеген го. Темтеңдеп барып, күп этсе керек. “Уктап калды. Ырас болду. Кой, ойготпойлу. Ойгонсо да…” – дешсе керек. Кызык, бутун неге чечпеди экен. Жер айланкөчөк болуп турса да, бутуна асылчу эле го. Ушуларды ойлоду. Алеки заматта эле ойлоп бүтүп койду. Заматта эле ойлоп бүтүп койгонуна таңданганча болбой, радио кайрадан иштей баштады. Чоң радио. “Сүзө качырып эле ушул үйгө кирет экенсиң. Ирдүү-бардуу нерселердин баарынын тамтыгын кетирип бүтүрмөй болдуң”. Аялынын үнү жалооругандай чыкты. (“Бүтүргөндөй мен, эмне, аларды сындырып, талкалап жатамбы, же сатып ийдимби? – деп ойлоп койду Мурат.) “Үйгө киши кире албайт, жытыңдан. Жытыңбы!.. Ий-ии… — Аялы жийиркене жүзүн жыйырды. – Деги сен арак эле ичип жүрөсүңбү?! Же уу….” (“Уу ичкендей келесоо киши бар бекен? Анда эчак эле өлбөйт белем, маа да жан керек”. – Мурат ичинен ушинтип күңгүрөнүп койду.) “Андан көрө эшиктеги бука…”

Аялы жарылып келатып, кайра токтоду. Ичи түтөп кетти. Мураттын ичи түтөдү. Дагы букага асылмай болду деп ойлоду. Бирдеме болсо эле, бука… Жийиркенип коёт. Буканын койнунда жаткан эле киши. Койнуна жатмак турсун, жанына басып бара элек. Буга бука деген да жок, уй деген да жок. Бука да, уй да көзүнчө акча, эт, анан сүт болуп гана көрүнөт. Алар тирүү жандык эмес буга. Бука десе эле итиркейи келип, жийиркенет да турат. Жытынан да. Заманасы куурулуп турду Мураттын. “Бүттү, кетемин!..” – деди аңгыча аялы. “Бүттү…” – деди Мурат эс алгандай. Чын эле, эс ала түштү. Кетемин десе эле – бүткөнү. Радио ушуну менен токтойт. Мурат зарыга күтөт. Качан кетемин дегенин айтат деп күтө берет. Аялы кайда кетери белгисиз. Айтор, кетемин дейт. А Мурат үндөбөйт. Үндөсө эле, кетемин деген сөздүн чыкмагы тозок. Ал зарыктырып күттүрө берет. Үндөбөш керек. Чыдашың керек. Болбосо… Кетемин дегенди укканда ушунчалык сүйүнөт десең. Бу ага бүттү, кутулдуң дегендей угулат. Бүгүн да сүйүндү. Кетемин дегенди укканда оор үшкүрүп алгандай жеңилдей түштү да, сүйүнүп кетти. Анан эми эшикке жөнөш керек деген ой мээсине шак дей түштү.

Радио кайра баштай электе куйрукту кыпчып, жөнөш керек. Акырын ордунан турду. Эчтекени караган жок. Эки жакты караса эле, бирөө кармап калчудай. Бүт денеси менен эшикти көздөй аста жылып келатты. Жай жылып, эптеп төркү үйдүн эшигине келди. Эми акырын ачуу керек. Ушул маалда аны бирөө желкесинен теше тиктеп тургандай туюлуп кетти. Башы өзүнөн өзү эле артка бурулду. Кызы менен көзү чагылыша түштү. Дагы эле көздөрүнөн жаш мөлтүлдөйт. Чоңоюп калыптыр. Мурат башын шарт бурду да, эшикти шарт ачты. Эшик шарт ачылары менен, баягы уңулдак кайра жаңыргансыды: не мог-гу… у… уу… Көзү тумандагансып, эси эңгирей түштү. Эшикти жаап-жаппай, оозгу үйгө атып жөнөдү. Эшикке кандай чыкканын туйбай калды. Бир караса эле, сыртта турат. Эс ала түштү. Үйдөн чыгыш кандай оор! Ооба, чын эле эс ала түштү. Эч нерсе, эчтеке болбогондой. Кандай кыйын. Эртең менен кандай кыйын.

Кетемин деген сөздүн айтылмагы кандай тозок. Кылымга созулат. Айтылгандан кийин баары өз-өз жайына келип калгансыйт. Демиң чыга түшөт. Бирок айтылгандан кийин эшикке жетиш кандай оор. Дагы кылымга созулат. Алеки заматта эки кылымдын башын жутуп коёсуң. Ооба, үйдөн чыгыш кандай кыйын. Андан кийин күндүн кандай өткөнүн да билбей каласың. Азыр үйдөн чыгып, сыртта турат Мурат. Сүйүнүп турат. Эмне кыларын билбеди. Сүйүнүп жатканын гана туюп турду. Анан бүгүн эки радио иштегенин эстеп селт этти. Бирок ушу эки радиодон тең кутулуп чыкканын ойлоп, кайра сүйүнө кетти. Сүйүнүчү көпкө созулган жок – эки радиодон кутулуп чыкканын ойлонуп бүтөрү менен эле, анын көз алдына кызы тартыла калды. Бүт турпаты эмес, а жаш мөлтүлдөгөн көздөрү гана тартылды. Анан ушул мөлтүлдөгөн көз радиого айланып баратканы кайрадан эсине түшүп, өзүнөн өзү эле уңулдук жаңыра кетти: уу-у… уу…

Кызы кыз болбой эле, ушул уңулдакка айланып кеткендей: у-у… у… уу… Мурат жан айласын таппай турду. “Чоңоюп калыптыр…” – деди өзүн алаксыткысы келип. Кызынын кичинекей чагын эстегиси келди. Негедир кичинекей кезин элестете албай койду, кантип төрөлгөнү гана эсине түштү. Эркек бала күтүшкөн. Мурат да, аялы да эркек баланы ак эткенден так этип күтүшкөн. Мурунку төртөө тең кыз эле. Биринчиси кыз болгондо анча элес алган жок, экинчисин деле. Анан үчүнчүсү да кыз болду. Дагы эле топук кылышты: “Үчтөн бурулат дейт, төртүнчүсү эркек болот!” Ишенишкен. Жок, болбоду. Дагы бир сары кыз төрөлдү. Күйпөлөктөй башташты, өзгөчө Мурат. Соосунда күңкүлдөп, масында ыйлачу болду: “Мен өлүп калсам, ушу шыгыраган кыздарың чурулдап ыйлап көмүшөбү, ыя?!.” Соосунда да, масында да аялын күнөөлөчү: “Элге шерменде болуп бүтмөй болдум, биринин артынан бирин чуурутуп…” Кызык, аялы каяша айтчу эмес, айта алчу эмес. Күнөөлүүдөй муңайым телмирчү.

Чын эле, өзүн күнөөкөр сезер эле. Буга Мурат да жедеп кынык алып бүткөн, кичине кер-мур айтыша кеткенде эле, жер сабап кирчү: “Шерменде болуп бүттүм!.. Эгер өлүп калсам!..” Аңгыча бешинчиси бойго бүтүп калды. Дагы күтүштү. Мурат төрөт үйүнө сеп этип алып барган. Кандайдыр бир нерседен күмөн санап, негедир чочулаган. Жок, корккон. Соо баргандан корккон. Барса, төрөп салыптыр. Тааныш медсестра сүйүнчүлөдү: “Байке, сүйүнчү! – деди да, бир азга үндөбөй калды. Анан күнөөлүүдөй акырын. – Кыздуу болдуңуз…” Мурат деңдароо боло түшкөн да, үндөй албай калган. Акыры чочугандай: «Ыя?! Кызбы!..” – дегенге араң жараган да, атынын башын шарт бурган. Салып-уруп келатып, Бектур карыяга жолуккан. “Ии, кайдан, баатыр? – деди ал эч нерсени элес албай. – Шашкан түрүң бар…” “Ээ, тыяктан эле. – Мурат көңүлсүз колун жаңсады. – Төрөт үйүнөн…” Бектур карыя чочуп кетти: “Эске жара чыкканда карачы. Чын болсо, бешик боо бек болсун!..”

Мурат андан бетер чочуду: “Ыя?! Эмне, сиз дагы уктуңуз беле?..” Тиги негедир сырдуу күлдү: “Уктум, уктум. Тиги… — Муратты сырдуу тиктеп койду да, кыткылыктады. – Келатсам, тиги жаман кудай урган Батмаканга (Бектур карыя менен курбалдаш кемпир эле) учурап калдым. Кызуу экен. Анысын кайдан билейин, оо, кайраным, кайдан келатасың салып-уруп деп койдум. Анан эле алкылдап коё бербеспи. Салып-урбай коймок белем, бакандай болгон ыскыладчы кыздуу болуп жатса дейт. Аның ким дейм, ким болмок эле, Мурат дейт, сени айтат. Мас деген мас да, — кайрадан кыткылыктады, — ыйлап кирбеспи кудай урган, бир балакет болгонбу деп, жүрөгүм шуу дей түштү. Эмне дейт дебейсиңби, кудай ушу бечара Муратка бербей койду бир эркек дейт. Ие, кудай урган, кыз, эмне, бала эмес бекенби дедим. Десем, кызың менен кымыран кал, ушу бир эркек берип койсо эмне болмок деп, ого бетер шолоктойт. Айламды алты кетирди. Акыры мынчалык күйгөндөй Мурат сенин эмнең эле деп сүйлөнүп жатып араң кутулдум. – Муратты карады да. – Ошол… Бешик боо бек болсун, баатыр! Кыз деле бала, кызга жетеби, азыр кыздар эле жыргатып жатпайбы…”

Муратка биресе табалап, биресе көңүл айтып жаткандай туюлган. Негедир эреркеп кеткен: “Ошону айтпайсыңбы, айланайын байке! Эми катындары да минтип шылдыңдай баштаса!.. Шерменде болуп бүттүм! Жыл сайын кыздарды биринин артынан бирин чууртуп… Энеңди!..” Бектур карыя ормоё тиктеп, кыйлага турган да: “Мунусу да мас го, — деген ачуулана, — мен киши экен деп жүрсөм. Ой, эмне, кыз бала эмеспи, кайра сүйүнбөйсүңбү, аман-эсен көз жарып алганына. Кыз деле бала. Аны жерисең…” “Кантип жерибейм, байке, кантип!.. – Камчысын силкилдете. – Деги сиз билесизби, мен куу баш болуп… Куу баш эмне экенин деги билесизби!.. Эгер өлүп калсам, шыгыраган кыздарың гана чурулдашып… Кыздар… Кантип анан… Ой, байке, жанагы, биздин жаман кара уйду билесиз го, ошол жыл сайын эркек тууйт, аны эркек туу деп кыйнаган эч ким деле жок. Өзү эле тууйт. А тиги итти тепкилесең да, жалынып-жалбарсаң да, кыз эле чубуртат. Энеңди!.. Эмне, ошо жаман кара уйча жокпу, ыя?! – Негедир өзүнөн өзү эле кыжырдана, сизден сенге өткөн. – А сен кыз деле бала деп…

Бала экенин мен деле билем, сенден жакшы билем. Сен билесиңби, мен куу баш… Эгер өлүп калсам… Анан кыз деле бала деп мени табалап коёт!..” Бектур карыя Муратты карап, дел болуп кыйлага туруп калды да, эсине келгендей: “Эмне-ее! – деп өкүрдү. – Табалап дейби! Ким! Менби?! – Чыдай албай жүгүрүп келип таягы менен бир салды. Мурат эсине келе түшүп, атына камчы урган. Бектур карыя жер сабап кала берген. – Киши экен деп жүрсө… Дагы ыскылад башкарып коёт. Ой ыскылад экөөңдү!.. Өз каныңды жеригенден кийин…

Ошон үчүн саа кудай бербей жатат да!..” Мурат аттын тыягына бир ооп, быягына бир ооп, айылды бир чаңдатып алган. Мына ошо кызы чоңоюп калыптыр. Кантип чоңойду, кичинекей чагында кандай эле. – Мурат муну таптакыр элестете албай койду. Ушу чоңойгон кейпинде эле туулуп калгандай. Муну да башка кыздарындай эле эркелетип өстүргөнүн, атүгүл алардан ысык көрүнөрүн, азыр да өпкө-жүрөгүн сууруп берүүгө даяр экенин эстеди. Өзүнө ыраазы боло түштү. Чын эле, көзүнө не бир ысык көрүнөр эле. Төрөлгөн күндөн тартып эле ысык болчу. Азыр да. Канчалык жерисе деле, ысык эле. Эстегенде жүрөгү зырп деп алчу. Азыр да зырп этти. Ушу кенжеси кыз болуп калганын эстегенде жүрөгү бир зырп этчү. Кайра каниет кылып койчу: “Кыз деле бала да…” Ошентсе да… Аялына жолукканы капысынан эсине түштү. Эки-үч күндөн кийин жолуккан. Аялы үндөгөн эмес, кыз болуп калды, эми мени эмне кыл дейсиң, ушу экен да деп наалыган да эмес, жөн гана жылмайып койгон. “Айжамалга (улуу кызы) куюп койгондой окшош. Көрөсүңбү?..» – деген анан. Мурат үндөбөстөн башын ийкеген. Бирок үйгө чыгып келгенде, дагы эмне деп жиберет дегенсип, Муратты күнөөлүүдөй сырдуу караган. Мурат унчуккан эмес. Мас беле, соо беле, айтор, үндөбөгөн. Кызык, эми ойлосо бул жөнүндө кепти Мурат эмес, а аялы баштаган экен. Бешинчи кызынан кийинчи. Анын ысымын Айкүмүш коюшкан. Беш-алты ай болуп, көзгө көрүнүп калган. Аялы Айкүмүштү эмизип, уктаткандан кийин, Мураттын жанына жаткан да, кандайдыр бир сырдуу мээрман үн менен:

— Мурат, Мурат, — деген, — сен билесиңби, бу дүйнөдө эмне оор, эмне кыйын экенин?

Мурат чочуп кетти. Ага бурулду да, эмне деп жатасың дегендей, үндөбөстөн суроолуу тигилди.

— Билесиңби, эң оор, эң кыйын төрөт болот. Өлүмдөн да оор окшойт…

— Кандайча?! – Мурат ого бетер чочуду.

— Мен муну Айкүмүштү төрөгөндө билдим. Мурда деле билчүмүн дечи. Төрөгөндөн кийин бир мемиреп уктайсың дейсиң, бирөө бычактап жатса да туйбайсың. – Көшүлүп бараткандай кыйлага дымый түштү. – Тим элеби… Ооба, Айкүмүштө даана билдим. Жанымдын кыйналганын айтпа. Өлүп каламбы деп корктум, ушундан көрө өлүп деле калсам экен дедим. Кызык, толгондон ошол күнү шаардан бир доктур келип калыптыр. Ал болбогондо… Орто жашап калган, мээримдүү орус аял экен. Мени негедир ошол төрөттү. Жанымдан карыш жылган жок. “Олда жаным ай, ушундан көрө кескилеп салгылачы. Мейли, эркек болсо деле кескилеп салгылачы…” – деп мен кыйкырып, өкүрүп жатам. “Азыр, азыр… Чыда, — дейт ал. Мени тамашалап, эркелетип коёт. – Төрөгөндөн кийин балаңды маа бересиңби?” “Берем, берем…” – дейм мен. “Чын элеби?” – дейт ал. “Чын эле, эптеп эле алгылачы, кескилесеңер да. Мейли, эркек болсо деле…” – дейм. Ушинте бердим.

Ачуусу келдиби, же мени сестентип коёюн дедиби, бир маалда: “Билесиңби! – деди ачуулана. – Төрөөдөн төрөлүү кыйын. Энеден да балага кыйын. Бала ошон үчүн ыйлап түшөт. Атүгүл чычып жиберет. Сен ушуну билесиңби?!” Мен чын эле эсиме келе калдым. “Ыйлап… Чычып… Эмнеге?..” – дедим кыйналып жатканым эсимден чыгып кетип. “Корккондон да, — дейт ал. – Бала деген эчтеке билбейт дейсиңби? Баарын билет. Ал коркот, ал үчүн өтө оор. Эмне, энеден ажыроо оңой дейсиңби?.. Тим жат!..” Мен эмне дээримди билбей калдым. Аялы узакка-узакка дымып калган. Мурат да үндөбөгөн. Түшүнгөн эмес. Бул эмнени эле айтып жатат деп ойлогон. Атүгүл оюна келгенин оттой берет экен да деп ичинен жаман көргөн. Азыр селт этип алды. Энеден ажыроо. Коркуу. Корккондон чычып жиберүү. Чын эле, энеден ажырап жатпайсыңбы. Энеңден энең өлгөндө эмес, а мурда-мурда эле – төрөлүп жатканда, жатындан башыңды кылтыйтканда эле – ажырайт экенсиң да. Дүйнөдө энелер гана жашайт экен да, энелер гана бүтүн, жумуру жандык экен го. Калгандары эмне, бүтүн эмес, бөлүкчөбүз, эненин бир бөлүгүбүз. Туулдуңбу – жалгызсың, жатындан чыктың – жалгызсың, анткени энеден ажырап калбадыңбы. Жатындан, энеден ажырадың – өлгөнүң ошол, анткени сен энең менен жуурулушуп гана толук элең да, эми бөлүккө айланып, жалгыз калып, демек, өлүп отурбайсыңбы. Жалгыздык жана өлүм – бул экөөнүн айырмасы жок экен го. Өмүрүң жалгыздык менен өлүмдөн башталат экен да. Муну билет экенсиң да, энеден ажырап, жалгыздыкка кабыларыңды, өлгөнүңдү туулбай жатып эле, жатындан чыгып баратканда эле, билет экенсиң да. Ошон үчүн коркуп, чычып жиберет турбайсыңбы.

Адам түбөлүк жалгыз, коркок болуп туулат экен да. Мурат кайрадан селт этти. Чочугандыктан эмес, өз оюна өзү түшүнбөгөндүктөн селт этип алды. Ойлору чаржайыт, башаламан болуп, Мурат өз оюна ишенерин, же ишенбесин билбей турду. “Эмнеге токтодум эле?” – деди акыры чарчагандай, өзүнчө шыбырап. Аа…

— Анан бир кезде эле баа! деген үндү уктум, — деди аялы кыйладан кийин. – Кутулдум го деп ойлодум мен. Баягы доктур жаныма келип: “Мына, эркек болсо кескилеп салгыла дедиң эле, ырас кыз экен”, — деди маңдайы жарыла. – Үнү каргылданып, ызалана кетти. – Биздин эркек баланы күтүп жатканыбыз менен анын иши эмне!.. – Бир азга үндөбөй турду да, ыраазы болгондой акырын күлдү. – Анан баягы доктур күлүп: “Кана эми, кызыңды маа бересиңби?” – дейт. Мен чын көрүптүрмүн, тим эле чыркырап жибердим: “Жо-ок, бербейм! Кыз болсо деле мейли. Бербейм!..” – Кайра үнү каргылдана. – Биздин эркек бала күтүп жүргөнүбүздү ал байкуш кайдан билсин!.. – Дагы дымып калды.

“Эмне, ыйлап жатабы?” – деп ойлоп койду Мурат.

— Эмне, — деди аңгыча аялы, — уктадыңбы?

— Жок, уктаган деле жокмун.

— Сен билесиңби, — деди аялы өз сөзүнөн өзү корккондой аяр, — сен билесиңби, мен азыр Айкүмүштү эмизип жатканда да, бөлөп жатканда да, көтөрүп жүргөнүмдө да, айтор, дайыма, дайыма, атүгүл Айкүмүштү эстегенде эле уялып кетем. Уялып деле эмес, өзүмдү – кандай десем – күнөөлүүдөй сезе берем…

— Эмнеге?!

— Кескилеп салгыла дегеним эле мээме шак дей түшөт…

— Дөөрүй бербечи.

— Мурат, сен билесиңби, — деди аялы ого бетер аяр, — сен билесиңби, мен ушинтип, кескилеп салгылачы депчи, чын ниетимден эле айткан окшойм… Жан кыйналганда… Бирок кантип эле… Кээде кыйналып өзүмдү өзүм жей берем, ушинтип чын ниетимден айттым беле, же жөн эле айтып койдум беле деп… Ошону үчүн эркек…

Мурат түшүнбөдү. “Жин тийген го. Мунун эмнесин айтып жатат?” – деп ойлоп койду. Аялы кыйлага үндөбөй калды да:

— Мурат, Мурат… — деди шашкалактай. – Уксаң…

— Ии… Айта бер…

— Билесиңби, кээде бала жатындын сыртына да бүтүп калат экен…

“Чындап жин тийген го”, — деп ойлоду Мурат.

— Бул өлүм дейт. Эне үчүн да, бала үчүн да. Же бала, же эне, же экөө тең… Операция менен гана төрөйт экенсиң. Киндиги туташып калат экен жатын мененчи, анан киндигин кесет экен. Кичине эле кылт этсе… Же эне, же бала, же экөө тең… Өлүм… — Корккондой титиреп алды.

Мурат корко баштады: “Кудай урбадыбы!.. Эмне, жөөлүп жатабы?..”

— Жатындын сыртына деле бүтсө мейли эле!.. – деди аңгыча аялы кекене. – Маа демектен балакетине бүтсө деле мейли эле! Иши кылып эле эркек бала болсо… — Сөзүн улоого дарамети келбегендей тык токтоп, дымып калды.

“Жанатан бери жөөлүп жатып, чарчады да. Уйкуга кетти окшойт…” – деп ойлоп койду Мурат. Бирок көп өтпөй биресе кубангандай, биресе корккондой:

— Сен билесиңби, — деди аялы калтаарый, — эми тогуздан кийин бурулат дейт.

— Эмне?..

— Тигичи… Тогуздан кийин бурулат экен. Онунчусу эркек болот дейт. Мындайлардын далайын учураткам дейт…

Мурат эми араң түшүндү да:

— Ким? – деп койду кайдыгер гана.

— Ажар апа айтат. Баягүнү жолугуп: “Өлүгүңдү көрөйүн, дагы кызартып кыз тууп алган турбайсыңбы. Мейли эми, аман жүрсүн, кыздан айланайын… Эми тогуздан кийин бурулат, чамгарактабай тууй бер. Тогузбайлар жайнап жүрбөйбү, ошолоруң тогуз кыздан кийин ыйлап түшкөн эркектер”, – дейт. Тогуздан кийин бурулат дейт…

Мурат “тогуз” деп өзүнчө шыбырап алды да, анан эсине эми келгендей, чочуп кетти:

— Тогуз!.. – Өзүнчө шыбырай берди. – Тогуз… тогуз…

Аялы мындан кийин үндөгөн жок. Мурат өзүнчө чайналды: “Тогуздан кийинби… Коё тур анда. Анда эми дагы төрт кыз… Түү…” Ага төрт кыз төрт кылымдай чубалып туруп алды. Аңгыча аялы бүлкүлдөй баштады. Ыйлап жатабы деп ойлоду да, Мурат колу менен аялынын бетин акырын сылай кетти. Колу жашка нымдалыша түштү – чын эле, ыйлап жатыптыр. Мурат коркуп кетти:

— Ой, сен, эмне, ыйлап жатасыңбы?! Эмнеге? Жин тийген го… Эми кудай урбадыбы… — Эмне дээрин билбей кайпастады.

Аялы үндөбөдү. Бул сөздү угары менен ого бетер бүлкүлдөй баштады да, кыйладан кийин дымып калды. Уктады окшойт. Мурат башы маң боло шыбырай берген: “Тогуз… Дагы төртөө керек! Тү-үү ата… Тогуз…” Анан аялына боору ооруган, не экенин билбейт, чын ниетинен боору ооруган. Азыр да негедир боор ооруй кетти. Жана эле тилин безеп, муну жетер жерине жетире каарыгандыктан (“Күндө эле ушундай да…” – деп ойлоп койду Мурат), көзүнө ушунчалык жек көрүнгөн аялын Мурат азыр негедир аяды да, жакшы көрүп турду. Чын-чынына келгенде, ал аялын жаман деле көрчү эмес. Канчалык каарыбасын, баары бир жек көрө алчу эмес. Мурат тып токтоп калды. Жок, ойлобоптур да. Мына, жашы элүүдөн өтүп барат, ойлобоптур да. Аялымды жакшы көрөмбү, же көрбөймүнбү деп ойлобоптур да. Балким, жаш кезинде ойлогон чыгар? Башын чайкады Мурат. Эсинде жок. Кыя албайт. Болгону – ушул. Деги кызык, аялдарды билбейм, эркектер кызык эле. Эркектерге өз аялы оңой менен жага бербейт, аялын мактаган эркекти жолуктуруу да кыйын. Мурат муну өзгөчө ичише калганда (“Күндө эле ичишип жүрөм го…” – деп ойлоп койду Мурат) байкап жүрбөйбү.

Адегенде кимиси болбосун жанагы желмогуздан араң кутулуп чыктым деп, аялын бир боктоп алат да, анан кичине кызый баштаганда кайра мактап кирет, бирок мас болушкандан кийин, убадалашып алышкансып, баары өз аялын гана эмес, деги эле аял аттууну тегиз ашатып киришет: “Энеңди урайындар булардын баары бирдей, — дешет бир ооздон, — бир-биринен эч кандай айырмасы жок, баары тең – катын!..” Мурат жылмая кетти. Эркектин баары бирдей деп ойлоп аялдар, аялдар ар кандай болот деп эркектер мүдүрүлүп, же, тескерисинче, аялдын баары бирдей деп ойлоп эркектер, эркектер ар кандай болот деп аялдар жаңылып жүргөндөй туюлду ага. Ошентсе да, азыр аялына чындап боор ооруду. Ойлонуп туруп калды да, эмнеге келдим эле деп койду шыбырап. Аа… — деп кайра, — ооба деген тогуздан кийин. Бурулбады. Мурат үшкүрүндү. Бурулмак түгүл, төрөтү токтоп калды. Аялы дартка чалдыгып, операция болду да, төрөтү токтоп калды. “Же өлүм, же операция, — дептир доктурлар ачык эле, — бирок операциядан кийин төрөөгө болбойт”. Аялынын ичинен кан өтүп кеткен. Бул жөнүндө күнөөкөрдөй шөмтүрөп келип Муратка угузуп, өлүмү деле эчтеке эмес эле, операциясы деле эчтеке эмес эле, мен булардан коркпойт элем, төрөбөйсүң дегендеби, тим элеби… деп сөзүн улай албай шолоктогон. (Аялынын ошондогу кейпи азыр да көз алдына тартыла калды.

Ушунчалык аянычтуу көрүндү. “Байкуш… – деди Мурат каңырыгы түтөп. – Мен өмүрү мындай ыйлаган кишинин көрө элек элем. Азыркыга чейин көрө элекмин. Байкуш…”) “Бере бер, — деген Мурат жооткото, — операцияга… Жетет да. Бешөө…” Ошентип, токтоп калды. Бурулбады. Кызык, мурда эркек туубайсың деп аялын жекирип жүргөн Мурат кийин бир жолу да минткен эмес көрүнөт. Жок, аялынын төрөтү токтоп, тагдырга баш ийип калгандыктан деле эмес. Анда эмнеликтен? Башын чайкады Мурат. Деги ойлоду беле, туяксыз өтүп кетемби деп кийинчерээк сыздады беле? Башын чайкады Мурат. Эсинде жок. Ойлобосо керек. Эмне үчүн? Дагы башын чайкады Мурат. Жүрөгү зырп дей түштү. Анан эсине дагы бир нерсе түшүп, жүрөгү дагы бир зырп этти. Эми ойлосо, эркек балалуу боло албай калганга Муратка караганда кийинчерээк аялы өзгөчө күйчү экен да. Аялы ойлочу экен да. Төтөн, кимдир бирөө эркек, же кыздуу болуптур деген сөздү укканда, аялы Муратты күнөөкөрдөй жалтаң-жалтаң эте улам-улам карай берер эле. Мунун сырын азыр түшүндү Мурат. Аялынын дал ушул элеси көз алдына тартыла калды. Жүрөгү дагы бир жолу зырп этип алды.

Аялына кайрадан боору ооруп, чын дилинен аяп кетти. Негедир өзүнө батпай, бир нерсеге алаксыгысы келди. Букасы эсине түштү. Жеңилдей түшкөнсүдү. Букасы туруптур. Өз ордунда эле байлануу экен. Букасын көргөндө эле сугаруу керек деп ойлой кетти. Сугаргандын балакетин алабы. Ойлонуш керек. Биринчи ойлонуп алышы керек. Буканын маңдай жагындагы отургучка көчүк басты. Ооба, ойлонуп алыш керек. Кечээ баарын эле билгенсип жатпады беле. (Ушу баарын-баарын эске тутуп калышы керек деп жанталашканың жаман экен да. Ушинтип бүжүрөп отуруп, тескерисинче, баарын жалмап коёт турбайсыңбы. Атүгүл эске тутуп калыш керек деп жанталашканыңды да…) Эмне жасап, эмне койгонун. Ооба. Ооба. Баарын. Коё тур. Бука ушул жерде байлануу беле?

Ушул жерде эле байланган болсо керек эле. Анан кайда? Дайым эле ушул жерде турат да. Анан. Эмне кылайын деди эле? Кечээ эртең мененчи? Аа, сугарып алайын деген. Дагы бирөө басып калбасын деген. Басып калса деп күткөн. Букасын карай жөнөгөн. Анан… Кадыр келген алактап-шалактап: “Ай байке, эртең келем. Куда түшкөнү. Бүгүн эле келет элем, кашайып уйду бадага кошуп жиберишиптир… Эртең сөзсүз келем. Тигиниси болот. (“Анысын бүгүн эле таштап кетпейсиңби…” – деп өзүнчө күбүрөнгөндөй болгон Мурат.) Уюмдун куйругун кантип майлабай коёюн…” Ушинткен. Ушинтип сырдуу айтып, сырдуу күлгөн. Мурат сүйүнүп кеткен. Басып калганы ушул да. Бирок эртең дейби?! Бүгүнчү?.. Эртеңкиге чейин канча бар? Бүгүн… Ушинтип күбүрөп койгон. Бирок Кадыр туйган. Негедир өзүн айыптуудай сезип кеткен: “Бүгүн бадага кошуп жиберишиптир. Турсам эле – жок. Күндө кыйкыртып-өкүртүп жатып араң ойгончу эле.

Бүгүн, кайсы кудай урганын билбейм, өзү эле ойгонуп, айдап кетиптир. Уулумду айтам. Туруп эле, бир нерседен шек санап, уй кайда дедим. Десем, эчак элде айдап кеткен дейт жанагы. Аялымды айтам. Күлүп коёт. Өлгөнүңдө күлүп кал дедим. Анан эле быякка жөнөдүм. Кой, Мукеме атайы барып эскертип коёюн. Эртең дагы бирөө илип кетпесин дедим”. Кадыр ушинткен да, жооп күтпөстөн жөнөй берген. Эртең… Мурат ушинтип шыбыроого араң үлгүргөн. Ошентсе да өкүнгөн. Бармагын тиштеген. Анан букасын сугарайын деп ойлогонун эстеген. Букасын чече баштаган. Ушул маалда бакылдаган дагы бир үн чыкты. Огороддун четиндеги Сейиттин иниси Самар экен. Алакүү.

— Ой, байке! Сүйүнчү! Азамат колукту алып келди.

“Азамат… – Мурат өзүнчө шыбырады: — Ким эле? Аа, Сейиттин улуу баласы эмеспи”. Анан эмне деп айтышты билбей, башын ийкегилеп, букасын караган бойдон туруп калды.

— Байке! Сизди чакырып жатат. Тез келсин дейт.

Кым дей түшкөн Мурат. Сүйүнүп кеткен… Муну эстеп, азыр кичине оңтойсуздана түштү. Башын чайкап койду.

— Мен тиги… Буканы жаңы эле сугарайын…

— Кудай албайт, байке, бир күн суу ичпесе… – Сыймыктана. – Кой соёрго киши жок, байке, ишенсең… Бүт эле… Жүрүңүз…

Ушинтти да, жөнөп калды. Ойлонуп-ойлонбой Мурат да ээрчий жөнөдү. Барышса… Кишиден көп неме жок. Мурат таң калды, чочуп кетти. Туугандары бүт чогулган окшойт. Баары жайдары. Кайра чочуду: “Киши жок дебеди беле?..”

— Союп жибер, атасынын көрү!.. – деди аңгыча Сейит элейип турган Муратка. – Сен конок болуп, төргө отурушуң керек эле. Бирок… Сейит айланасындагыларды тегерете карап койду. Ага кошулуп Мурат да карады. Баары жайдары. Түшүнгөндөй башын ийкеп, өзүнчө жылмая кетти. Булардын бычак кармай ала турган түрү жок. Жайдары. Теңселет баары. Эмнеге сүйүнүп жатышканын деле унутуп калышкандай. Бирок сүйүнүп жатышат. Сүйүнүч эле аларды жыкпай тиреп тургандай. Болбосо… Букалар калбай баратат. Суюлуп баратат. Мурда көбү букалар эле. Тим эле уйлар ургаачы туубай калгандай. Букалар көп эле. Жок болуп баратат. Куду эле эркектер сыяктуу. Айылда эркектер жок сыяктуу. Теңселгендер көп. Эркектер жок сыяктуу. “Сени элеби, карап тур, атаң келсин, шыйрагыңды чактырбасамбы!” Мурда ушинтишчү. Апалар ушинтип коркутушчу балдарын. Азыр муну укпайсың. Эч ким минтпейт. Бир да аял. Эркектер жок сыяктуу. Баары жапырт майданга аттанып кеткендей. Теңселгендер көп. Букалар жок болуп баратат. Эркектин баары жайдары. Жүздөрүнөн нур чачырайт.

Ушу нур чачкан эркектерди карап туруп, Мурат ушинтип ойлогон. Өзү ойлогон эмес, көөдөнүндө кимдир бирөө отуруп алып, ойлоп жаткандай болгон. Анан эле малга бата кылгыла деп калышты. Бу чуу менен кошо грузовой стакан менен мелт-калт… Анан кой союла баштады. Союлуп бүткүчө, дагы эки-үч жолу. Анан… Ооба, бүгүн келем деген. Келиши керек. Келбесе… Селт этти Мурат. Жок, келиши керек. Жалдырабады беле. Келбесе. Жок, сөзсүз келиши керек. Өзүн жооткото албай жатты. Эмне, июнда качса, мартта тууп берет. Март. Кандай сонун. Үзүмчүлүк маал. Анан эле уюң тууп салса. Кандай сонун. Келиши керек. Өкүндү. Кечээ Кадырга ушуну эскертпей калганына ушунчалык өкүндү. Селт этип чочуп кетти кайра. Эдиреңдеп азыр жетип келсе, эмне кылат? Туталанды. Букадан ую эмес, өзү чыкчудай болуп шүдүңдөп таң заарында эле жетип келишет! Анда… Радио кайра башталат да. Келе койбос. Таптакыр келбей калсачы? Жок…

— Дагы күтүп отурасыңбы?.. Акыйып…

Мурат селт этти. Аялы экен. Коркуп кетти. Букадан көзүн ала качты. Жок, аялы радиодон чын эле аялга айланып калгандай. Үнүнөн билди. Жекире сүйлөсө да, мээримдүүдөй. Үнү негедир мээримдүү. Аялы кайра айланып кетиптир. Радиодон өзүнүн баягы аялына айланып кетиптир. Сүйүндү. Эми баштаса да болот. Ошентсе да…

— Акыйбай эле… – Мурат сөзүн жутуп, күңк этти.

— Акыйбасаң, эмне тигиниңди, — букага колун жаңсады, — аза байлап коюп, жалдырап улам-улам тиктейсиң?..

Мурат уялып кетти. Чын эле, букасын жалдырап тиктеп отуруптур.

— Маңдайымда бука турса, анан асманды…

Мурат сөзүн дагы жутуп алды. Анан атаңдын башын карайынбы деп айткысы келгенин ойлоп, селт этти.

Аялы үндөбөй Муратты кыйлага тиктеп турду. Ойлуу тиктеп турду.

— Кейпиңди карачы… – деди анан боору ачыгандай. – Киши уялат. Кечээ болсо таптакыр эле дайныңды таппай калыпсың. Отурасың букаңдын мойнунан кучактап. Экөөңдү араң ажыраттык. Сен бар –ырысым бар дейсиң. Сен мени багып жатасың, сен болбосоң… дейсиң. Сен да ток, сени менен мен да ток дейсиң…

Чын окшойт деп ойлоду Мурат. Ушинтип айткан окшойт. Анткени ар кимге мактанып эле жүрбөйбү. Букам да ток, мен да ток деп кимге гана айтпады дейсиң. Чын окшойт. Ушинтип айткан көрүнөт.

— Уу ичкенби дедим эле…

— Кайдагы… Тазасын эле ичкем…

— Тазаң эмне?

— Самаш эмес, арак болчу, — деди сыймыктана Мурат. – Келин алышыптыр. Таза эле арак болчу. Самаш эмес…

— Сеники дайыма эле той да. Келин келмей, куда тосмой. Саа аш да той… Букаң да…

— Буканыкы эмес болчу дейм. Тойдон ичкем десем деле… Таптаза болчу… – Мурат кайра сыймыктана кетти.

— Уялгандан киши өлбөйт экен…

— Эмнеси уят?

— Ой, элдин баары айтып жатпайбы, ыя!

— Айтса… Айта беришсин. Айтса, уйларын алып келбей коюшпайбы. Өздөрү жалдырашат да… Анда өздөрү бука болуп, өздөрү качырышсын. Соём да, этке…

Аялы күйүп кетти:

— Соём, соём! Бирдеме болсо эле, соём. Сенин соём дегениң качан!.. Мунуңду сойгуча, өзүң кетмек болдуң…

— Кайда?

— Кайда болмок эле, алкаштар үйүнө да. Володяңды кучактап жата бер, букаңдай кылып. Күтүп жаткандыр зарыгып…

— Мен, эмне, алкаш белем?

— Ыя?!

Мурат үндөй албай калды.

Аялы да үндөбөдү. Муратты ойлуу тиктеп турду да, кайра боору ооругандай:

— Чын эле таштап салсаңчы. Кейпиңди карачы. – Чыдай албай, бышактай кетти. – Деги сен ким элең, сага корогон кайран гана диплом, кайран гана беш жыл, болгондо да Самаркандан олчойгон окууну бүтүп келип алып… – Бир аз тынып. – Эми минтип шелпей-ип отурасың, Жазуучулардын үйүндө кароолчу болуп… Алардын арагын аңдып…

— Аңдыганым деле жок… – Мурат мукактанды.

— Аңдыбасаң, эмне эле ошоякка барсаң, оолжуп келесиң, ыя?

— Оолжуганда… Сыйлашса… Уят да.

— Ой, эмнеси уят?!.

— Уят да… Атайы сыйлап жатышса, анан ичпейм деп тыйтактасаң…

— Ошолоруң да жеткен бир алкаш немелер окшойт сендей эле… – Не дээрин билбей тып токтоду да, букага колун жаңсай. – Алардыкы аз келгенсип, отурасың тигиниң менен кучакташып…

— Буканыкы эмес болчу дейм. Тойдон десе… Таза…

Аялы сөзгө назар салбады. Муратты карап, колун силкилдете:

— Деги сенде ниет, ой барбы таштайын деген?!

— Бар…

— Бар болсо, анда эмнеге?.. – Сөзүн улай албады.

Билбейм дегиси келди Мурат. Бирок айбыкты. Өзүнчө шыбырай кетти: “Чын эле, эмне үчүн?…”

Аялы кайра жумшара кетти:

— Чын эле, таштап салсаңчы, — деди жалооруй. – Кейпиңди карачы. Ушундай жашоодон көрө кетип эле калайын дейм…

“Кеткенде!..” – Өзүнчө күрсүндү Мурат.

— Эмне болуп баратасың? – Аялы сөзүн улады. — Таштап салсаңчы. Оозуңа таптакыр албай койсоң эле. Мурда жөн эле жүрчү элең го ичпей-этпей эле… Таштап…

— Таштаганда… – Аялынын сөзүн бөлө Мурат жалтактады. – Эмне үчүн?.. – Эрдемсине. – Алты саным соо болсо… Оорубасам… Ооругандар…

— Ушундан көрө ооруп калсаңчы!.. – Аялы чыдай албай бышактай кетти да, кайра актана. – Аргаң түгөнгөндө тилейт экенсиң да, ушундан көрө ооруп калса деп, анын азабынан ичпей калса деп…

Мурат нес боло элейди. Аялы көзүн жашылданта Муратты тиктеп турду да:

— Чын эле… – деди жалтактай. – Бу оору дейт. Ичкиликчи. Уяты деле жок дейт. Оору да… Оңой эле дейт. Үч жолу эле барсаң. Дүйнө жүзүнөн келип атат дейт ага…

— Кимге?

— Тиги кимгечи. Ким эле? Телевизордон күн сайын эле берет го. Көл-шал түшүрүп. Назаралиев беле? Үч жолу эле барсаң… Оозуңа албай калат экенсиң.

Мураттын көз алдына көл-шал болуп калчылдаган доктор, андан бетер калчылдап, жан алакетке түшкөн алкаштар тартыла түштү. Титиреп кетти:

— Ошонун энесин урдум! – Кубангандай. – Аның өзү алкаш да!..

— Ыя?! Аны кайдан билдиң?!

— Соо киши да адамды ошентип кыйнап дарылайбы!..

Аялы жооп таба албай калды. Көзүн жашылданта башын чайкап, Муратты кыйлага карап турду да, үн-сөзсүз үйүн көздөй басты. Мурат да үндөбөстөн, аны узата карап кала берди. “Буларың ушундай экен да…” – деди күңгүрөнө, аялы үйгө кирип кеткенден кийин. Кудай ушундай жаратыптыр да. Аялдын бактысын эркеккке байлап койгон тура. Башын чайкады. Жок, муну алар өздөрү жаратып алышат окшойт. Өздөрү эле жипсиз байланып беришет. Бул үчүн канча кордук көрүшпөйт дейсиң. Бирок баарына кайыл. Мына, аялы өзү жөнүндө кандай жаман сөз укса да лам деп койбойт. Мурат жөнүндө бир эле ооз сөз угуп көрсүнчү. Өлүп берүүгө даяр. Өзүн тыптыйпыл жоюп, Муратка өткөрүп берип салгандай. Таңдангандай ийнин куушурду. Негедир ичи жылый түштү. Бирок көп өтпөй эле, жүрөгү бир булкуп алды. Дарылан дейби! Кыжына баштады. Дарылан! Эмнеге?! Дарылангандай мен, эмне, алкаш белем! Ошого, Назаралиев дейби, корогон акчага… Табасы кангандай күлүп койду. Ка-ап, ушуну айтсам болмок. Жаны чыгып кетмек да анда. Аялыныкычы. Отсуз күймөк. Радио кайра башталмак. Мурат өзүнчө компоё кетти. Айтпаганына кубанды. Кызык, дайыма ушинтет. Дарылан. Ыйлап да айтат, жекирип да айтат. Аялычы. Ичип буга эмне кылып атам?

Же бирөө менен чабышпасам, үйүн кыйратпасам. Ичип, эмне, талаада калыптырмынбы. Ба.., — балдарым деп келатып, тык токтоду да, — кыздарым эч кимдин көзүн карабайт. Төртөөнү университетке өзүм өткөрүп окуттум. Кана, бу айылдан кимиси төрт баласын окууга өткөрүүгө жараптыр. Төртөөнү тең күйөөгө бердим. Жашап жатышат. Эмне… Өзүм табам – ичем. Букам. Ичем да, уктайм. Бүттү. Аялына канча жолу айтты ушуну. Баары бир ыйлактайт да турат: “Ой, кейпиңди карачы, жүрөгүм ооруйт. Кыялбай жатмпаймынбы!..” Кызык, кимди кыялбай жатат? Жүрөм. Эч кимге жалдырабайм. Кайра мага жалдырашат. Букам. Букасын карады. Букасы турат. Ойго чөккөн. Муну эч ким ойгото албайт. Уй гана ойготот. Алты саны соо. Шерменде кылып, тирүүлөй өлтүргүсү бар тура. Аның өзү алкаш да. Адамды ошончо да кыйнайбы! Назаралиевин айтам. Мурат өкүндү. Аныңа өзүң тийип ал, ага корогон акчага (негедир сөзүнүн аягына чыга албады) деп айтпай калганын ойлоп, өкүндү. Кайра сүйүндү. Бул сөз оозунан чыгып кетпегенине сүйүндү. (“Кээде өзүңө караганда оозуң акылдуу болуп калат окшойт”, — деп ойлоп койду Мурат.) Ырбатып алмак. Ооба, ырбап кетмек. Радио кайра башталмак. Ырас эле айтпаптыр. Жок, башталбайт болчу. Үнү башкача болчу. Аялынынчы. Үнү үн эмес эле, көз болчу. Жалдыраган, жалооруган, бир нерсени күтүп зарыккан көз болчу. Үмүткө жык толгон көз болчу. Баштамак эмес. Жүрөгү кайра мыкчыла баштады.

Эмне!.. Мен, эмне, оорулуу белем! Кичине эс ала түштү. Ушуну эстегенде жүрөгү эсинен чыга түшкөнсүдү. Селт этти. Чын эле келбей калабы? Келем дебеди беле. Жалдыраган. Саат канча болуп калды экен? Сааты жок да. Колун карап койду. Тагы турат, өзү жок. Канча жолу жоголбоду. Ээ!.. Колун шилтеди. Келем деген. Кайра өкүндү. Азыр качса, мартта тууп бермек. Кадырдын уючу. Ушуну эскертпей калыптыр. Сөзсүз эскертиши керек эле. Эскертсе эле, сөзсүз келмек. Азыр айтам деп туруп эле, айтпай калыптыр. Анын үстүнө эртең келем дегенде эле, ындыны өчө түшпөдүбү. Кайра сүйүндү. Эгер кечээ бүткөндө, бүгүн келбей калмак да! Анда бүгүн эмне кылмак? Кечээ ансыз деле… Кыжынды… Дарылан дейби! Эмнеге? Жок, эмне үчүн дарыланам?! Болгондо да жанагыга… Андан көрө мончо жакшы да. Кыйнабайт. Назаралиевиң өлтүрүп, кайра тирилтет. Баары эле көрүп жүрөт го. Бул – чоң күнөө. Атасы дайыма ушинтчү. Күнөөдөн адам арылбайт дечү. Өңгө арылса арылар, эзели адам арылбайт дечү. Бирок өлүп бараткан адамды кайра тирилтүү баарынан чоң күнөө дечү. Өлгөн киши өлүш керек дечү. Маа демектен апаң, маа демектен атаң болсун, үзүлүп баратса, кыйкырба дечү. Жаны чыгып баратат да. Азаптан кутулуп мемиреп баратат, жыргалга баратат. Анан эле ызы-чуу түшүрүп ийсең ал чочуп, кайра тириле баштайт. Мына ушул – азап.

Назаралиевиң атайы ушинтет экен. Келесоолор экен да. Назаралиевге жалдырап баргандарды айтам. Ымтыраган бир байкуштар да. Байкуштар гана ушинтишет. Өзүңө  өзүң кыла албасаң, сага Назаралиев чокусуна кылып береби! Чын эле, бечаралар да. Мурат сыймыктана кетти. Ооба, андан көрө мончо эле жакшы. Кичине кыйналасың дечи. Бирок жыргайсың да. Ичин кандайдыр бир жылуулук өрдөп өткөнсүдү. Парда отурушуң керек. Көл-шал болуп тердейсиң. (“Мунуң жанагы Назаралиевдикине окшош экен” – деп ойлоп, таңданып койду Мурат.) Ал уу да. Аялы туура айтат. Арак дегениң уу да. Тер ачуу болот, туз даамданат. А сен териң суу даамданганча, парга кире беришиң керек. Ушул оңой бекен. Айтпадымбы, Назаралиев деле ушинтип көл-шал түшүрүп жатат го. Ал билет, айда сонун билет. Өзү да катырат, аракты катыра ичет. Болбосо, кайдан билмек? Ууну тер менен кубалаарын кайдан билмек? Ооба, катырат. Жок. Туз даамданбайт экен. Туз жакшы да. Бул бери жагы эле.

Бардык эле адамдын тери туз даамданат. Тигиники такыр башка. Жалабай эле билсең болот. Жытынан эле билип коёсуң. Жыты мурдуңа урганда эле, арактын эмес, денеңдин жыты мурдуңа урганда эле, туз шимип бараткансып, оозуң шорго толо түшөт. Ошентсе да, арылса болот. Эмне экен, мончого барып эле арылып коёсуң. Парга беш, ашып кетсе он жолу отуруп кой, бүттү, сен көр, мен көр жоголот. Ыракат эле. Канчалык сууга сорулсаң да, көл-шал болуп тердесең да, ыракат эле. Селт этти. Барбаптыр да. Качантан бери бара элек. Үч-төрт ай болуп кетти го. Мончогочу. Жуунуп жүрөт дечи. Бирок бара элек. Мончого атайы бара элек экен да. Жок, өгүнү барыптыр. Барганы курусун, же жуунбай, же кирбей койбой, боз ала болуп кайра келбеди беле. Ойлонуп-ойлонбой эле парга дердеңдеп кирип барган. Турар менен эле. Экөө курдаш. Бардык жагынан. Жашы боюнча да, ичкени боюнча да. Тептең. Парга киришкен. Мурат сүйүнгөн: “Атасынын көрү, эки иштен бир иш. Жуунуп да алайын, айдап да алайын…”

Аңгыча Турар өзүнчө эле жыттагылап кирди. Жүзүн жыйрат да, мурдун улам-улам тартат. Акыры Муратты жыттагылай кетти. Анан башын шак көтөрүп, болгон үнү менен: “Тү-үү энеңди… Жыттачы өзүңдү!..” Мурат жыттады өзүн. Баары эле жайында тургансыйт. Турарга суроолуу элейди. “Өлүп кетейин, энеңди!.. – деди ого бетер зоңкулдап шылдыңдай. – Өлүп кетейин. Жыттасаң. Спирт. Карбид. Тер эмес эле сенден спирт шорголоп жатат. Сени, эмне, бирөө спиртке чылап туруп, быякка жибергенби? Ширеңке чакса эле, дүрт эте түшчүдөйсүң. Эй, тамеки чегем дечү болбогула, болбосо…”

Мурат не дээрин билбей калды, жылмайганга араң жарады. Эмнени эле айтып жатат деп элейип турушкан пардагылардын баары кыраан-каткы. Мурат сына түштү. Эмне экенин билбейт, айтор, сына түштү. Мынчалык сынбаган. Канча кагуу жебеген дейсиң. Бирок мынчалык сынбаган. Аялы да сындыра албаган. (Ошол кыраан-каткы азыр да кулагына жаңырып кетти.) “Энеңди!..” – деди ызалана. Анан чыгып кеткен. Ошондочу. Мончодон. Уурданып акырын качып чыккан. Жолду карата анын жылаңач денесин мончодогулардын баары жабалактап жыттагылап, анан каткырып жаткандай туюлуп келген.

Ооба, уу да. Арылуу кыйын. Биринчи спирт бөлүнүп чыгат, андан кийин туздуу тер шорголойт, акыры суу кетет. Арылганың –ошол. Ушул оңой бекен? Жөн эле отуруп көрчү парга. Оозуна эчтеке албаган кишиңди киргизип көрчү парга. Тери сууга айланганча отургузуп көрчү. Көрөйүн чыдаганын. Мурат сыймыктанды. Оңой бекен!.. Назаралиевиң өзү алкаш. Болбосо билмек эмес. Тер менен гана айдап чыгууга болорун тумтак билмек эмес. Селт этти. Өзүн-өзү жыттагылай кетти. Кайра селт этти. Эчтеке жыттанбайт да. Жыт жок. Деги жыт барбы? Адамда жыт болобу? Деги бул жарык дүйнөдө жыт болобу? Жок. Жыт жок. Жок, бар.

Канча адам болсо, дүйнөдө ошончо жыт бар. Болбосо, адамдын баары бирдей болуп калбайбы. Адамдар бир-бирин айра албай, бири экинчисин тааный алышпай калбайбы. Жыттын санын жыттар аркылуу билүүгө болбойт. Адам саны аркылуу гана билинет. Бар. Жыт бар. Кайра жыттады. Жок, жыттанбайт. Кайда кеткен? Жытычы. Жок, жыттанып жаткансыйт. Селт этти. Таап алгандай болду. Жыттычы. Эки жагын элтең-элтең карады да, акырын шыбырады: “Са… Самогон…” Самогондун жыты. Өзү жок. Мураттын өзү жок сыяктуу. Аны ушу жыт жутуп алгандай. Бул жыт Арашан айылын да, атүгүл бүткүл дүйнөнү да жутуп алгандай. Мурат сүйүндү. Жытты тапканына сүйүндү. Анан кайра селт этти. Чын эле, жыт баарын жутуп алгандай. Ошон үчүн бу жарыкчылыкта жыт калбагандай. Дүйнө жытка, бир гана жытка айланып кеткендей. Самогондун жыты. Жакшы экени да билинбейт, жаман экени да билинбейт. Муратка түк билинбейт. Арашанды аралап калат. Күн сайын аралайт. Кээде сопсоо эле аралачу. Ошондо да ойлончу эмес. Жыт жөнүндө түк ойлончу эмес. Оюна да келбеген.

Эми ойлосо, ойлочу окшойт. Болбосо, кайдан билмек? Арашандын көчөлөрүн аралап келатканда көчөдөгүлөрдүн баары житип-житип кетип эле, көчөдө мелт-калт боло жыт агып келаткандай туюлчу. Азыр ойлосо, чын эле ошондой туюлчу экен. Самогондун жыты. Жакшы экени да билинбейт, жаман экени да билинбейт. Муратка түк билинбейт. Көчө мелт-калт. Жытка мелт-калт. Мурат тутулана кетти. Аялы эсине түштү. Көчө мелт-калт боло түшкөндө эле, аялынын сөзү калкып чыга келди: “Мында дене бар дейсиңби! Жок да. Туз да!.. “ Ушинткен. Бажасынын көзүнчө ушинтип кергиштеген. Ызаланган Мурат. Аялына да, бажасына да. “Ие жезде, — деген Мурат этти тузга малып жеп жаткан бажасына, — мындан көрө этти тим коюп, туздун өзүн эле жебейсизби…” Анда бажасы: “Мына, — деген сырдуу — сен кычкылдан кылт этип коёсуң. Мен оозума албайм. Жада калса кымызды да. Анан тузга жакын болбогондо кантем? Денеде экөө тең бирдей болуш керек да. Ачуу да, таттуу да…” Ушинтип айткан, шылдыңдагандай айткан, табалагандай айткан.

Бажасы сөзүн бүтүп-бүтө электе эле, аялы алкылдап коё берген: “Кылт этип?!. Кылт этпей эле… Мында дене бар дейсиңби! Жок да. Чылк эле туз да…” Кекене айткан. Мурат не дээрин билбей калган. Экөөнү тең ашаткан. Алеки заматта эле ашатып таштаган. Ичинен ашаткан. Анан кимдир бирөөнү, белгисиз бир нерсени ашаткан. Ал эмне эле? Ашатканычы. Билген эмес. Азыр да билбейт. Аялы менен бажасына караганда ошо белгисиз нерсени айда ашаткан. Каңырыгы түтөп, өзүнө өзү жаны ачыган. Ошо белгисиз нерсени ашатайын деп ниеттенгенде да, ашатып жатканда да, ашатып бүткөндөн кийин да негедир каңырыгы түтөп кеткен, өзүн-өзү аяган, боору ооруп, ыйлагысы келген. Белгисиз нерсе, белгисиз нерсе… Үндөбөгөн. Жооп кайрый алган эмес. Кайрыйын деген. Кайрый алган эмес. Ашаткан анан. Ичинен. Анан капысынан эле ошо белгисиз нерсеге өтүп кетиптир. Бажамды, анан аялымды келиштире ашатып жатам деп ойлогон, көрсө, белгисиз нерсени ашатып жатыптыр. Бажасын, аялын. Тып токтоп калды.

Ою токтоп калды. Акырын жылып келип, белгисиз нерсеге жеткенде эле, ою токтоп калды. Ою токтогондо эле, өзүнө боор ооруй баштады. Заманасы куурулуп кетти. Белгисиз нерсе, белгисиз нерсе… Неге? Эмне үчүн? Оор. Өтө оор. Ушул белгисиз нерсе кандай оор! Кутулуу керек. “Ошон үчүн кыскарып калды да!” Ушинтип шыбырап жиберди. Кекене шыбырады. Аялына кекенди. Аялы куткарып кетти. “Ошон үчүн кыскарып калды да!..” Кайра шыбырады. Белгисиз нерседен кайрадан кутулуп, жеңилдей түшкөнсүдү. Адам жөн отурбаш керек, жок дегенде шыбырап отуруш керек. Жөн отурганың – бир балээге кабылганың. Өзү экономист. Аялычы. Анан баланс дегенди билбейт. Ошон үчүн кыскарып калды да. Баланс деген болот. Бардык жерде. Мээңде. Жүрөгүңдө. Денеңде. Бардык жерде. Таттуу жедиңби, ачуу да жеш керек. Бажасы туура айтат. Ачууну оозуна албаса, туз жеши керек. А Мурат туз жебейт. Ачууну шыңгытып атабы – жетет ушу. Бажасы туз жейт, бу шыңгытат. Экөөнүн эмне айырмасы бар экен?!

Экөө тең эле ачуу да. Айырмасы жок. Экөөнүкү тең туура. Өзүнүкү да, бажасыныкы да. Ушуну түшүнбөй койду. Аялычы. Бирдеме болсо эле: “Сенин ата-бабаң деле оозуна эчтеке албай (аракты айтып жатканы) эле, өлбөй-житпей эле ушу күнгө жетпеди беле!..” – деп ар-рр эте беттен алат. Ушу. Айтары ушу. Беттен алат да турат. Эй, кемпай, билсең алар туура кылышкан. Оозуна эчтеке албай алар туура кылышкан. Анда таттуу деген жок эле да. Алар таттуу таткан эмес да. Анан ачуунун эмне кереги бар! Өзүнөн өзү эле баланс болуп турбайбы. Ачуу да жок, таттуу да жок. Эсеп – нөл-нөл. Көрдүңбү!.. Кыткылыктап күлүп жиберди. Аялын айда катырып жатам деп ойлоду Мурат. Ооба, болбосо тукум курут болушмак. Таттуу татпай туруп, ачууга киришкенде, чөп чапкандай жапырылмак. Баары жапырылмак. Ооба, баары. Азыр баары-баары бар. Ачуусу да, таттуусу да андан беш бетер жайнайт. Бирөөсүн татып, экинчисин карабасаң, бүттү – кеткениң. Өлгөнүң. Баланс бузулат. Жашашың керек да. Адамча жашаш керек да.

Экөө тең барбы, демек, экөө тең… Кудуңдап шыр келаткан оюн аялынын шыбыры бузуп жибергендей болду: “Эмне, арактан бөлөк ачуу нерсе жокпу?!.” Мурат селт эте түштү да, корккондой эки жагын элтең-элтең карады. Жок. Аялы жок экен. Букасы турат. Уйкуда. Бул ойгонбойт. Эч ким ойгото албайт. Уй гана ойготот. Жокпу?! Бар. Мисалы, туз. Бажасы тузду көп жегенине корстон болуп жатпайбы. Келесоо да! Мунуң арактан жаман да. Тузду айтам. Ал деген бөйрөктү өлтүрөт, боорду жайлайт, ашказанды соёт, айтор, баарын-баарын… Туздан чоң сугунуп алгандай жипкирип оозунан кара суу келе түштү. Көңүлү айнып кетти. Бул абалдан кутула албай, бир азга дымып калды. А арак… – деди ою кайра шыбырап. Ушинтип шыбырары менен эле, чыдабай башын чайкап-чайкап жиберди. Ой, суусайт десең. Тили тим эле оозуна батпайт. Каның катып калгандай. Кандай жаман. Суусаган кандай тозок. Көтөрөсүң. Баарын көтөрөсүң. Бирок суусаганды көтөрүп көрчү. Ошондо болсо. Суу. Жок, жок. Сууң жерге кирсин, аның ого бетер… Жок дегенде жүз грамм, болбоду дегенде элүү грамм, элүү эле гр… Анан түш. Ооба, түш. Түш көрүшүң керек. Сени түшүң куткарып коюшу мүмкүн. Уктап жатып суусаган болосуң. Уктап жатасың, бирок каның катып чабалактап, жаныңды коёрго жер таппай жатканыңды кадимкидей сезесиң.

Өлүп баратасың. Анан эле капысынан түш көрө баштайсың. Түркүн түстүү түштөр. Түркүн түстүү адамдар. Бар нерсени эле издеп жүрөсүңөр. Бар эле нерсеге жетпей жаткан болосуң. Жаныңда эле тургансыйт, бирок жетпейсиң. Сага мелт-калт бир нерсе сунуп жаткан болот. Сен ал мелт-калт нерсени стакан деп ойлойсуң. Сен да жанталаша колуңду сунасың. Тике эле маңдайыңда турат. Мелт-калт сунган адамчы. Бирок колуң жетпейт. Өлүп баратасың. Анан кайдан-жайдан эле жетип калган болосуң. Ичтиңби-ичпедиңби – билбейсиң, бирок суусунуң бир кана түшөт дейсиң… Анан ойгонуп кетесиң да, сүйүнөсүң. Түш экенине сүйүнөсүң. Эгерде өңүңдө ушундай суусап көрчү… Көп өтпөй титиреп кетесиң – сага мына азыр өңүңдө дал ушул түшүңдөгүдөй суусачудай туюлуп кетет. Кудай, кудай… уктап кетсем экен деп кимдир бирөөгө жалына баштайсың… Мурат титирей кетти да, букасын карады. Турат. Былк этпейт. Ооба, ойготот. Ойго чөккөн буканы уй гана ойготот. Арак гана ойгото алат. Ойго чөккөн каныңды арак гана ойгото алат. Уюп калган каныңды арак гана ойгото алат. Ушуну билбейт да. Деги аялдар бирдеме билишеби, ыя?! Билишпейт. Жок, билишет. Балээнин баарын билишет. Кээде аялы анын жүрөгүнө, мээсине жашынып жатып алгандай туюлат Муратка. Эч бир сыртка чыгарбаган, атүгүл бирөө, өзгөчө аялым билип калбасын деп, өзүнө өзү айткандан, айтмак түгүл, шыбырап билдиргенден жазганып, кысынып отурган оюн аялы билип коёт. Башка жегендей шалдырай түшөт Мурат. Кийинчерээк Мурат экиге бөлүнүп кеткенсийт: ички Мурат, сырткы Мурат. Муну ал аялы менен акыйнек айтышып отурганда даана байкайт. Ички Мурат сырткы Мураттын ичине кирип алган, ал көрүнбөйт да сүйлөбөйт. Болгону ойлогонсуйт.

Аны сырткы Мурат аялына жеткирип турат, атайы чала-чарпыт, атүгүл көбүнчө караманча тескери жеткирет. Ошондо аялы шап кармайт, анткени аялынын ою жан алакетке түшүп какшап жаткан сырткы Мураттын эмес, а эч бир көрүнбөгөн, лам деп ооз ачпаган ички Мураттын оюна дал келе түшөт. Мына ошондо эси эңгирейт Мураттын. Кимиси чыныгы Мурат – ичкисиби, же сырткысыбы? Ичкиси дейт Мурат, анткени дал ошонун оюн жеткиргиси келип атпайбы аялына. Эгер чыныгы Мурат ички Мурат болсо, ички Мураттын ою аялынын оюнда далма-дал келип жатса, анда деги ички Мурат деген жок экен да, ал аялы турбайбы. Мындай болсо, анда деги эле Мурат дегениң жок турбайбы. Анткени чыныгы Мурат анын аялы болуп чыга келип жатпайбы. Мурат. Жок Мурат. Ошентип, жокко айланып кетет Мурат. Башы маң. “Ой, желмогуз, сен антпей эле, минтейин деп жатпайсыңбы. Эмне, мени билбейт дейсиңби!..” – дегенде эле, оозунан кеби түшүп, башы шылк дейт.

Биресе жеңилдейт, өзүнүн жок болушу менен, көөдөнүн тээп туйлаган ички сыры сыртка чыгып, Мурат эс ала түшөт. Ошол. Булар билбеген балакет жок. Аялдарды айтат, өз аялын айтат. Билип туруп кылат. Келесоо да! Баары келесоо!.. Мурат кайрадан туталана баштаганын ойлоп, тык токтоду. Туталанганда не!.. Өзүн сакташы керек. Жок, ушуну билиши керек эле да. Энеңди урайын десе, ыйлап коёт түштөн кийин. Бердибектин аялын айтат. Ичсе деле, эл сыяктуу тирүү жүрсө эмне! – деп коёт. Өзү өлтүрүп алды да. Жүздү бере койгондо эле… Тирүү жүрмөк алигиче чаңдатып. Үйгө камап кетет да, түштөн кийин ыйлап коёт. “Жеңе, акемди ичет деп жекире бербе. Ичсе деле тирүү жүргөнү…” Бир жолу аялына ушинтип какшап жатканын кулагы чалып калган Мураттын. Азыр ошону ойлоп, ичи негедир жылый түштү. Бердибектин аялы көзүнө аянычтуу көрүнүп кетти, аны аяп турду. Кайра Бердибек тартылды. Тырпырап жаткан Бердибек. Ичмек. Көп болсо жүздү.

Мына… Түштө барса эле, дым жок дейт. Сүйүнүп кеттим дейт. Аялычы. Кулпуну көргөндө эле кубанып, күлүп жибердим дейт. Аа, үйдө экен, эч жакка жылып кетпептир деп сүйүндүм, сүйүнгөнүмдөн коркуп да кеттим дейт. Эшикти ачып, үйгө киргенде ого бетер сүйүндүм, дым чыкпаганына сүйүнгөнүмдү айтпа дейт. Аа, тыбырчылап жатып, акыры уйкуга кеткен экенсиң да эргул деп кубандым дейт. Анан эле жатат дейт суналып. Ошондо эле жүрөгүм шуу дей түштү дейт. Өлгөн кишинин өзүн биринчи көрүшүм дейт. Жулкулдатсам турбайт дейт. Мурда сүйүнчүмүн, тынч уктап калганын көргөндө арагын таптакыр оозуна албай калгандай сүйүнүчүмүн дейт. Ойготчу эмесмин дейт. Ойготкондон, атүгүл жанына баргандан, катуу баскандан коркчумун дейт. Бул жолу негедир жүрөгүм шуу дей түштү дейт. Анан… Өлдү да калды. Титиреп кетти Мурат. Балапандай тырпырап кетти. Эс тарткан күндөн тартып эле өлүм менен аралашып келет. Өлүм деген сөздү угуп келет. Көмгөнгө деле далай барбадыбы.

Бала чагында деле далай барган. Бирок өлүм эмне экенин билбеген. Адамдын өлүмү деген эмне экенин түк элес алчу эмес. Тырпырап каларын гана билди. Дал ошол бала чагында билди. Жайылган буудайды кайтарып, эшиктин алдында отурган. Колунда – рогатка. Бир кезде топ чымчык учуп келип, жабыла буудайга конуп калды. Бирөө өзгөчө койкоңдойт. Мээлеп туруп, берип калды. “Быр-рр” этип уча жөнөдү чымчыктар. Бирөө уча албай калды. Сүйүнүп чуркап барган. Барган да, бир силкинип титиреп кеткен Мурат. Тырпырайт. Тырпырап жатат. Ушу тырпыраганы Мураттын эсин эңгиреткен. Учургусу келген. Колуна алган да, көккө аяр ыргыткан. Талп эте жерге түшүп, солуп жатып калган. Кайра колуна алган, башы шылк дей түшкөн. “Учсаң эми, уча гой… Оңой эле да… Учуп кетсең эми…” – Шылкылдаган башка ушинтип жалбарган Мурат. Анан балапанды башын шылкылдатып колуна бекем мыкчып алганын унутуп, аны асманга учуруп жибергендей көктү карап, кайра тыбырчылаган: “Учуп кетсең эми… Оңой эле да… Уча гой…” Ушу маалда атасы келген да: “Балапан экен да… Өлүп калган тура…” – деген башын чайкай.

Урушкан эмес, урушууга дарамети жетпегендей, жөн эле ушинтип алсыз шыбыраган. Муратты караган эмес, алаканындагы башы шылкылдаган балапанды карап туруп, ушинтип шыбыраган. Билген эмес Мурат, өлүм деген чымчыкты тырпыратып учурбай коёрун билген эмес. Аны үч элес ээрчип алган: балапандын тырпыраганы, уча албай койгону, анан башы шылк дей түшкөнү. Дайыма алаканын тигиле карап калчу. Балапанды учурайын деп кармаган колунун алаканын. Ошо алаканы балапандан ажырагандан кийин ысып чыккан. Дем алып, кандайдыр бир өзгөчө жалын бүрккөндөй болгон. Ооба, алаканы кадимкидей эле дем алган. Андан бери далай өлүмдү көрдү Мурат. Өңгөсүн айтпаганда да, көзүн жуумп суналып жаткан атасын көрдү, мемиреп бараткан энесинин маңдайынан сылагылады. Бирок адам өлүмү деген эмне экенин алигиче билбей келет. Бирөөнү өлдү дегенди укканда, деги эле өлүм тууралуу ойлой келгенде, анын көз алдына уча албай тырпырап жаткан балапан гана тартыла калат, анан титиреп кетет да, аны колуна ала коюп, көккө ыргытып, жандалбас боло берет.

Алаканы баягыдай эле дем алып, жалын бүркө баштайт. Азыр да ошол балапан тырпырап жаткандай туюлуп кетти, ага кошулуп шордуу Бердибек да тырпырады. Тырпыроо… Бердибек… “Ээ, эмнесин ойлоп баш оорутабыз, байке, бу дүйнөгө бир келет экенбиз да!” Ушинтип койчу Бердибек. Муратка дайыма ушинтип айтчу. Стаканды колго алып-албай жатып, калтырап-титиреп ушинтип айтчу, карышып калгансып, ачылбай жаткан оозун ушинтип араң аччу. Мурат назар бурчу эмес. Бердибектин сөзү дайыма кулагынын сыртынан кетчү. Ашмалтайы чыгып бүткөн эле. “Бул дүйнөгө бир келет экенбиз да!” Ушинтип күрсүнчү. Мурат көңүл бурчу эмес. Бул күрсүнүү сөз эмес эле, үшкүрүктөй туюлду Муратка азыр. Чын эле, бу дүйнөгө бир эле келет экен да. Адамчы. Бир эле келет экен да. Муну Бердибек билчү. Күрсүнүү менен айтчу. Мурат да билет. Бердибек өлгөндөн кийин билди. Мурда деле билчү. Бирок Бердибек өлгөндөн кийин даана билди. Баарынан да муну жөн эле эмес, кандайдыр бир оор күрсүнүү менен айтчу экендигин билди. Бир эле келет. Бердибектин аялын көргөн сайын шыбырайт: “Бир эле келет экенбиз да!..” Ичинен бирөө шыбырайт. А Бердибектин аялынын айтканы баягы эле: “Ичсе деле элчилеп тирүү жүрсө эмне!..”

Ушинтип айтат, дайыма айтат. Өч алып жаткансыйт. Өзүнөн өч алып жаткансыйт. Түбүң түшкөн бу дүйнөдөн өч алып жаткансыйт. Тажатып бүтүрдү окшойт. Күн сайын айтат. Жамандыкта айтат, жакшылыкта айтат. Муну уккан сайын Мурат шыбырай берет: “Бу дүйнөгө бир жолу гана келет экенбиз да!..” Ушинтип шыбырайт. Көңүлү ачыла түшөт. Дүйнө өзгөрүп кеткендей болот. Бу дүйнөгө бир жолу гана келет экенбиз да! Ушу сөз баарын жутуп алат, түбүң түшкөн бу дүйнөнү бүкүлү жутуп коёт. Анан… Неге?.. Кайра букасын карады. Турат. Ойго чөмүлүп турат. Уктап жатат. Муну уй гана…

Букасын карап туруп, сүйүндү Мурат. Канчанын сообуна калбады. “Баш болбой турат, Муке!..” Ушу сөздү канча укпады. Бул сөз эмес , а не деген жалыныч, не деген үмүт. Мында баары бар: өмүр бар, бу дүйнөгө бир келет экенбиз да. Мына ушу бар. Сүйүндү Мурат. Ичин жылуулук өрдөп кетти. Аячу эмес. “Баш болбой турат, Муке!..” Ушуну укканда эле аячу эмес. Болсо эле аячу эмес. Аяганда… Башын чайкады. Эркек калбай калмак экен да. Букалар жок болуп баратат. Суюлуп баратат. Куду эле эркектер сыяктуу. Айылда эркектер жок сыяктуу. Теңселгендер көп. Жок эркектер ого бетер жоголмок экен да. Өкүндү Мурат. Капысынан эле Бердибектин элеси көз алдына тартыла калды. Муңдуу жылмаят. Жалооруйт. Жалтактайт: “Баш кандай, байке? Меники болбой турат…” Ушинткен эле Бердибек. Жалтактап айткан. Жүрөгү зырп этти Мураттын. Өзү да эртең менен жөндөн жөн эле жалтактаганы эсине түшүп, жүрөгү зырп этти. Жалтактаган, аялынан деле эмес, ушу бүтүндөй жарык дүйнөдөн, жашоодон жалтактаган. Жада калса өзү өзүнөн жалтактаган. Дайыма ушинтет. Мурда билчү эмес… Кызык…

Мурда уялар эле, бирок жалтактаап жатканы өзүнө түк сезилчү эмес. Эми уялабы, же уялбайбы – өзүнө түк сезилбейт, бирок жалтактаганы жалтактаган. Бүт баарынан: аялынан, кыздарынан, жолуккандардан, түбүң түшкүр бу жарык дүйнөдөн, жада калса өзүнөн. Эмне үчүн?.. Ийнин куушурду. Ооба, мурда билинчү эмес. Жалтактаганычы. Эми улам барган сайын айкын сезилип баратат. Ошентсе да, муну мойнуна алгысы келбейт: “Эмнеге?.. Койчу ээ…” Колун шилтеп, өзүн жооткото кетет. Бирок бейтааныш адамдарга жолукканда (өз айылындагыларды беш колундай билет да!), аларга акырын уурдана байкоо жүргүзүп, териштире берет. Баскан-турганын, сөздөрүн, үндөрүн. Айрымдары жалтактап жаткандай туюлат. Мурат ичинен шыбырай кетет: “Ичет окшойт…”

Жалтактоо аны күндөн күнгө ныгыра басып, чөгөрүп бараткансыйт. Көзүн, баскан-турганын, сүйлөгөнүн, ой-санаасын. Кийинчерээк телевизор көрүп отурганда (көптөн бери телевизор да көрбөй калдым окшойт деп ойлоп койду Мурат) да, берүүгө көңүл бурбай эле, андагы кишилердин ырай-пешенесине, кыймылына, сөздөрүнүн доошуна назар салчу болду. Бир жолу телевизор көрүп отуруп, жаңылык ачып жаткандай, аялына мактана баштады: “Мобуларыңдын тигиниси, тигиниси, дагы тетиги… айда катырат окшойт…” Аялы, кайдан билдиң дегендей, таңыркай карап турду да, анан кыжырдана кагып таштады: “Аларды эмне кыласың?! Өзүңчү!..” Мурат азыр сүйүнүп кетти. Аялынын аны кантип билдиң деп сурабаганына сүйүндү. Сураса, “жалтактап жатышпайбы!” – демек да дердеңдеп. Анан баштамак аялы. Сүйүндү Мурат. Сүйүнүп жатып да, өзү кимдир бирөөдөн жалтактап жатканын капысынан сезе калды Мурат. Өзүн жооткото кетти: “Ээ койчу…” Ооба, Бердибек күнөөлүүдөй жалтактаган. “Байке, сеники эле жыргал, — деген ал адегенде оюн тике айткандан айбыга. – баш оору дегенди билбейсиң. Канча ичсең да…” Муну укканда Мурат дердейе түшкөн. Чын эле, анын башы ооручу эмес. Таң аткыча ичсе да, эртең менен шайдоот туруп кетчү.

Буга баары суктанчу, чогуу ичишкендердин тим эле шилекейлери акчу. Атүгүл: “Ай, байке, — деген коңшусу, — мен сендей болсом, ичпей эле коёр элем. Ичкендин эртеси менин башымбы, тим элеби сынып-сынып… Анан кичине кылт этем. Анан ал уланып… Маа сеникиндей баш бергенде…” “Ичпей эле коёт элем дейби?” – деди Мурат элейе, бул сөздү азыр угуп жаткандай. Өзүнүн ичпей коёрун элестеткендей дымый түштү да, чочугандай башын чайкап-чайкап ийди. Бул сөз анын бүтүндөй үмүтүн, келечегин колунан жулуп кеткендей туюлду. Башын кыйлага чайкап турду. Башы оорубагандыгы кайра эсине түшүп, өзүнө ыраазы боло кетти. Анын медери ушул эле, бөтөлкөлөштөрүнүн ичинде кадырын көтөрүп турган нерсенин негизгиси да ушул эле. Буга биресе таңданса, биресе мактанчу. Аялына да кыр көрсөтүп, компоюп калчу. Аялы кубаттамак беле, беттен алчу: “Кайсы башыңды айтасың!.. Башың болсо, ооруйбу…” “Сен таш балакетти билесиңби? – деп шыбырап койду Мурат. – Жок, сен билбеген балээ жок. Билип туруп… Келесоосуң да!..”

“Байке, — деген анан Бердибек ого бетер жалтактай, — меники болбой турат. Башым болбой турат. Өйдө жактан келатам. Акмат менен Карып Акматтын короосунда шыңгытып жатышыптыр. Карып мени көрөрү менен эле, бирөө тартып алчудай, колундагысын шак эттире жутуп жиберди. Ыстыканын да кошо култ эттирип койдубу дедим эле. Менин караанымды көрөрү менен эле калчылдап туруп… Аңгыча мен жетип келдим, келсем, Карыпчы, ошол минтип шыпшынып коёт: “Ка-аап, сени көрбөй калбадыкпы… Көрсөк, кантип эле…” Ушинтет энеңди урайын алкаш! Ой байке, кудай урсун, мени каратып туруп тартып жиберген. Энеңди урайын алкаш десе, мен андан бирдеме сурай тургансып. Үзүлүп баратсам да ошол алкаштан кантип бирдеме үмтөтөйүн… Сыболуч десе!..” Өлөрүнөн эки ай мурун жалтаңдаган көзүн жалтаңдатып, ушинтип ызырынган эле байкуш Бердибек. Эчтеке деле сураган эмес. Жөн эле жалтактаган: көзүн ала качкан, жөн туралбай, кайпастай берген. Мурат кампага бараткан. Жем алмак. Жанында экөө бар болчу. Жанын жебесин, эки бөтөлкө бар болчу. Өкүндү Мурат. Муңдуу жылмая жалтаңдап келаткан Бердибекти көргөндө тырчып, ичи ооруй түшкөн. “Жоктон табылгансып…” – деп шыбыраган.

Эптеп качып бараткан эле. Өзүнөн-өзү качып бараткан эле. Эртерээк эле жетсем экен деп качып бараткан эле. Экөөнү тең жалмап албайын, жалмап алсам, эртеңки күнүм эмне болот деп, өзүнөн-өзү коркуп, качып келаткан эле. Анан минтип… Кайра сүйүнүп кетти. Ошондо алдаган эмес. Эчтеке жок, өзүң билесиң… деп кете берсе деле болмок. Жалооруп көнгөн Бердибек жалооруп кала бермек. Бирок калп айта алган эмес. Бети чыдабаган. Калп айтууга негедир дити барбаган. Ушуну эстеп, сүйүндү Мурат. “Өзүң билесиң, мен сенден качан аянчу элем. Азыр менде экөө бар. Бирок жем алайын дедим эле. Букам этинен түшүп баратат. Өзүң билесиң, ага деле убал да. Күнүнө эки-үчтү… Анан… Букам мени багып атса, анан мен аны да… Кошуналарга да болбой койдум, жанымды сууруп ала жаздашты тим эле. Ишенсең, өзүмө да ыраа көрбөй, бир колум менен бир колумду бекем кармап, тырышып эптеп келатам. Болбосо, сенден качан аянчу элем…” – деген. Баары чын болчу. Жанын сууруп ала жаздашкан деле эмес дечи, бирок тоорушкан. Тооруу алардын канына сиңип калган эле. Үйлөрүнүн баштары тийишип турган коңшулары бар. Бир-эки жолу Мурат өзү чакырган – жалгыз ичкенден оңтойсузданган. Биресе атасынын көрү, көздөрүнө бир көрүнүп коёюн!.. – деп да ойлогон.

Анан эле ээ боло албай калды – азыр Мурат буларга милдеткердей өздөрү эле басып калышат. Жарданып күтүп турушкансыйт. Муну Мурат сезет. Көрбөсө да туят. Эч бирөө көрүнбөйт. Алардын короону саксактап карап турганын Мурат бир да жолу көзүнө чалдыктыра элек. Бирок, кайдан-жайдан экени белгисиз, заматта эле пайда боло калышат. Бир-бирден да келишпейт, убадалашып алышкансып, баары чогуу кирип келишет. Уйдун ээси бөтөлкөнү Муратка сунуп жатканда эле, тойго келаткансып жайдаңдап жетип келишет. Уйдун ээси да, буканын ээси да алар сыяктуу. Буканы да макташат, уйду да макташат. Өзгөчө буканы. “Ой атаңдын көрү, карачы, ыя, күч бар да жаныбарда! Секиргенде бели бүгүлө түшүп жатпайбы уйдун. Күч бар да, ыя!.. Карасаң, килтейген эле зоот уй экен, ага караганда бука тырнактай эле. Бирок секиргенде бели үзүлүп кетчүдөй болуп жатпайбы. Күч бар да, ыя, жаныбарда!..” Биринен бири өтүп, маашырлана мактай беришет. Азыр да акмалап турушса керек деп ойлой кетти Мурат. Анан таңданды. Алар кайдан көрүшөт, кантип билишет? Уйду жетелеп келгенинчи.

Чын эле, Мурат алардын биринин да карап турганын көрө элек. Анан… Башын чайкап турду да, күлүп жиберди. Тапты. Көрсө, терезелеринен саксактап карап турушчу тура. Терезелери дал эле Мураттын короосун карайт эмеспи. Башын чайкап, күлүп турду да, шыбырай кетти: “Эмне эле баары бир маалда кирип келишет десе…” Алардын үйлөрүнүн терезелери алардын көздөрүнө айланып кеткендей туюлду Муратка. Акыры бөтөлкө да шыпкалат. Бирок алар тарап кетишпейт. Имерчиктеп тура беришет. Дагы эле буканы макташат: “Килтейген эле зоот уй экен. Ошентсе да, бели өзүлүп кете таштабадыбы, ыя?!. Күч бар да, ыя, жаныбарда! Мунуң бу кейпи менен дагы беш-алтыны… Ыя?!” Ушинтип имерчиктеп-имерчиктеп турушат да, акыры супсуну суугандай бир-бирден жыла башташат. Кетип баратышып, кылчак-кылчак карай беришет. Кичине ичи жылып, жүзүнө кызыл жүгүрө баштаган Мурат менен бука калат короодо. Бир-бири менен тиктешип коюшат. Ушул маалда аялы үйдөн атып чыгат да, ач кыйкырыкты салат:

— Бука-сукаң менен жогол! Ушу букаң акыры түбүңө жетет дедим эле, мына жетти!.. Шелпейип алкаш болдуң да калдың!..

Мен тууралуу айтып жатабы дегенсип, бука Мураттын аялын улам-улам карап коёт.

— Анан эмне кылайын? – дейт Мурат алаканын жая. – Уят да…

— Уят да?!.

— Арак берип жатышпайбы өздөрү. Бир уйбу – бир бөтөлкө. Канча секиргенине карабай. Анан жо-ок, акча дейинби. Акча сурасам уят да. Бир айылда жашасаң, анан акча…

Аялынын жаны күйүп кетет:

— Ой, бөтөлкө деле акча да!..

Мурат жооп кайтара албай калат. “Ой, сыболуч, — дейт өзүнчө шыбырап, башын чайкай. – Акчадан атаң өлөт го…”

— Акча дештен уялсаң, бекер эле…

Аялын толук сүйлөтпөй, жаны чыгып кетти Мураттын:

— Эмне?!. Бекер! Сен бекер бер!.. Куурап баксам. Жеми канча, чөбүчү.. Сен бекер бер!.. Букага да убал да. Убал-соопту билиш керек…

— Ой, эмнеси убал! – дейт аялы ойлонуп-ойлонбой. – Кайра жыргап жатпайбы!.. – Эмне деп жатканына кыйладан кийин түшүнүп, селт эте түшөт да, бырс этип күлүп алат. Мунусун билдирбөөгө аракеттенип. – Арак, эмне, жем-чөп болуп жатабы, ыя?..

— Ооба…

— Ооба?..

— Жем – тоют да… – Мурат мукактана күңкүлдөйт. – Маа жем – тоют да… Ээсине…

Өз жообуна маашырлана жылмая кетет.

— Өлгөнүңдө эле күлүп калсаңчы! Уктуңбу, өлгөнүңдө!.. – Эмне дээрин билбей, кыжырдана аркы-терки баса баштайт. Анан эсине түшкөндөй, тып токтоп. – Билесиңби, баякүнкүнү?!. Же мастыгың менен унутуп калдыңбы? Алмаш абийириңди айрандай төгүп кетпеди беле кыздарыңдын көзүнчө. Же, эмне, унутуп калдыңбы?! Койбойт экенсиң, сөзсүз участковойду ээрчитип келем деп кетпеди беле!.. Ал мен эмес, ал деген ажаан. Алып келет, карап турсаң, бүгүнбү-эртеңби ээрчитип жетип келет. Анан…

— Алып келгенде эми… – Мурат мукактана түштү да, өзүнчө шыбырай кетти. – Участовоюң өзү ким экен? Аның деле кээде мени тооруп калат. Байке, бирдеме барбы, букаң кандай деп…

Аялы кайрадан аркы-терки баса баштайт. Аялынын дабышын тыңшап отургансып, Мурат да үн-сөзсүз дымыйт. Ооба, Мурат кызуу болчу, ошондуктан коңшусу Карасарттын аялынын айткандарынын көбү кулагынын сыртынан кеткен. Жер ылгоо дегенди бука жаныбарың билбейт экен. Кайсы жерде коё берсе, ошо жерде эле тырпырата калат. Жибин чече баштаганда эле бир дирт этип алат да, чамынып кирет. Анан уй күзөп турабы, же анча көңүлдөнбөйбү, буга карабай туруп эле тырпырата баса калат. Баякүнү Кыдырмыш уюн жетелеп келген экен. Мурат коё берген, коё берери менен эле секирди. Уй качат, бука ого бетер секирет. Ошентип жатып, коңшусунун жыгач тосмосунун бырын-чырынын чыгарды. Көп өтпөй эле аялы келип, Муратты беттен алган: “Таламандын тал түшүндө адамдын дити баргыс жорукту баштап, кары-жашты бирдей бузуп жатасың. Ансыз деле көөп араң турган жаш балдар алакүү болуп алып, кечинде кыздарды зордуктай баштады. Мурда качан ушул айылдын баласы ушул айылдын кызын зордуктачы эле!..

Букаң экөөң делөөрүтүп жатасыңар: карысын да, жашын да. Ой, бир айдын ичинде эле эки бирдей кызды зордукташты. Жалгыз бирөө зордуктаса сүйүнбөйсүңбү, үч-төртөөлөп зордуктаптыр. Баары ушу айылдан. Бирөөсүнө алып берип, аке-жакелеп жатып араң кутулушту. Болбосо, алды он беш, арты сегиз жылды моюндарына илмек дейт. Анда ушул он баланын убал-сообу кимге калмак, ыя?! Минтип отурсаң, дагы далайды көрсөтөсүң, бүт айылды түрмөгө тыгып, жаның тынат. Караңгыда эшикке чыккандан мен да коркчу болдум, дагы кимиси баса калат деп… Эртең участковойго айтам, түз эле барып айтам…” Аялы бир жагынан жиреп кирген: “Ошону айтпайсыңбы, айланайын жеңе, шерменде кылып бүтүрдү. Жок дегенде кыздарынан уялбайбы. Булар да билдирбей кылыйып карап калышат экен. Эркек балдарды айтпай эле кой, алар көчүп келишчү болду. Илгери биз артисттер келгенде ушинтип көчүп барчу элек.

Эми… Уялганымдан тим элеби…” “Мунусу бул, — деген коңшусунун аялы Мураттын аялынын сөзүн толук укпай, ого бетер күчөп, — мунусу аз келгенсип, жанагы өлүктү, — күйөө сөрөйүмдү айтып жатам, – алкаш кылып бүтүрмөй болду. Акыйып караганы эле ушул жак. Адегенде элес албай жүрчүмүн. Таң азандан эле терезеге жабышат да, көзү өтүп эле ушул жакты тиктейт. Анан бир маалда эле ай-буйга келбей “мен азыр!..” – деп коюп безип калат. Бир саат өтүп-өтпөй эле кызарып-татарып кирип келет. Эшикти ачканда эле бур-рр дейт, бу самогонуңдун жыты иттин өлүгүнөн да!..” Жийиркенгендей жүзүн жыйрыган. Мурат чыдай албай кеткен: “Алкаш кылып бүтүрдү деп… Ой, менин букама чейин эле аның алкаш эмес беле, үйгө жетпей, корооңордо эле оонап жатчу эле го… Эмне, аны бирөө чакырып жатыптырбы, андай эле ичкиси келбейт экен, келбей эле койбойбу. Кайра маа өткөрүп койгонсуп, шүдүңдөп жетип келет. Букам бука эмес эле, ошолор бука болду энеңди урайындар!..” Ары айтышып, бери айтышып жатып, акыры аялы ортого түшүп: “Эми жеңе, мунун сөзүн сөз дебей эле кой. Карачы тилин, булдуруктап эмне дегенин билип болбойт. Мен соосунда айтайын…” – деп, алдап-соолап жөнөткөн.

Бирок эртеси эртең менен беркилер менен кошо анын күйөөсү да жетип келиптир. Мурат аны таңдана карап калганда эле, тиги: “Эми өзүң билесиң да, Муке, — деген күнөөлүүдөй башын шылкыйтып, — өзүң билесиң да катындардын сырын. Келжирей беришет да. Ооба, сеники чын деп коюп, билген намазыңды окуй бер да. Өкүрүп-айкырып, акыры тажаганда тим болот. Болбосо, катынды ким жеңип көрүптүр…” Башын ийкеп койду Мурат. Чын эле, аялды ким жеңип көрүптүр… Буга бала чагында эле ынангандай болгон. Апасы менен атасы кер-мур айтыша кеткенде, дайыма апасыныкы туура болуп чыга келчү да, атасы үндөбөй бозоруп отуруп калчу. Ошондуктан атасын жаман көрүп да кетер эле. “Минтпей эле койсо болмок экен, антпесе эч бир чыр чыкмак эмес тура…” – деп ичинен ойлоп койчу. Көрсө, башка экен да, аял деген баарын жеңет тура.

Мына Мурат деле аялы менен канча кер-мур айтышат десең. Кээде өзүнөн кетет, кээде аялынан кетет, кээде экөөнөн тең бирдей кетет. Бирок дайыма Мурат куду өзүнүн атасындай күнөөлүү болуп чыга келет. Эмне үчүн? Мурат билбейм дегендей башын чайкап койду. Таңданды. Эр болсоң, аялдарды жеңип көр. Дүйнөдө ким өзүн таптакыр жеңилбес эр ойлосо, аялдарга жибер. Салгылашып көрүшсүн… Мурат таңдангандай кайрадан ийнин куушуруп, башын чайкады. Анан коңшусунун аялынын айткандарын эстеп, аны эми жаңы угуп жаткандай денеси жыйрылды. Бир кызды төртөө… Анан бирөөсүнө тий деп жалдырашып, тигиниси тийип… Өлтүрсө да албай эле койбойбу, атып жиберсе да! Тү-үү… Эмне үчүн тиет, ыя?! Жашоо болмок беле?! Жашоо болгон күндө да… Тү-үү… Коңшусунун аялына бир кыжыры келип, өзүнүн аялына бир жинденип, акыры зордуктаган балдарга, кызга үйлөнүүгө макул болгон балага, болору болду, эптеп бирөөнү кармап алайын деп, тийүүгө макулдугун берген кызга кыжырданып, Мурат өзүнчө сүйлөнүп жатты.

Өзгөчө бири алууга, бири тийүүгө макул болгон бала менен кызга келгенде, күйбөгөн жери күл болуп кетти. Баарын бирден ашатып чыккан соң, айланып кайрадан аялына келди: “Бирдеме болсо эле акча… Акчадан атасы өлгөнбү?!” Мурда деле ушундай болчу. Анда Касым эле. Анын кара букасы бар эле. Мурда-мурда.. Азыр букасынын да дайны жок, өзүнүн да дайны жок. Чым жазданганына он жылга чукулдап калды. Чуру-чуу деле жок эле анда. Атүгүл Касымдын букасы тууралуу сөз да болчу эмес. Эмичи… Баары күлүп жатышкансыйт. Карысы да, жашы да, эркеги да, аялы да Муратты колу менен нукуп, шылдыңдап каткырып жатышкансыйт. Муратка ушундай туюлчу болду. Жанагынын кылганы да. Аялын айтат. Алкылдап жүрүп, баарына жайып бүттү. Коңшусунун аялы менен салгылашкандан кийин Мурат короосуна коё бергенден чочулап калган. Уйду көрөрү менен, букасын жетелеп тышка жөнөчү. Ээнирээк жерге алып барайын деп ойлочу. Бирок бука деген бука да, ал кишилер карап турат, кой, уят дегенди билбейт экен, кээде көчөнүн так эле ортосунда деле секирип кирет. Ээ-жаа боло албай калат Мурат. Анан уялымыш болушуп, эркеги деле, аялы деле талып карап калышат. Төтөн кичинекей балдарчы: тыягына бир чыгат, быягына бир чыгат. Жата калып карагандарычы… Акыры өздөрү да куду бука сыяктуу күшүлдөп калышат. Кубаласаң, тигиндей барып эле кайра жетип келишет. Мунун мололорго эмнеси кызык экенин билбейм. Баякүнү айласын таза кетиргендиктен, Карасарттын баласын: “Мунун саа эмнеси кызык, бар үйүңө! Чимкиригиңди тарта албай жүрөсүң да!..” – деп какыс-кукус кылып койду эле, ошондон бери кутулбас куяга калды.

Ары басса деле ар-рр дейт, бери басса деле ар-рр деп беттен алат. Ажаандын ажааны экен. Мурат кыжырдана кетти: “Буга Карасарт кантип чыдап жүргөнүн билбейм. Энеңди!.. Анан да бирөө баса калабы деп корком деп коёт. Аны эле баары күзөп тургансып… Баса калса кайра сүйүнбөйсүңбү. Сени көргөндөр баса калмак турсун, коркконунан безип жөнөөр!.. Аткыдай болгон энеңди!..” Ооба, анда жыргал эле, эч ким эрээн-төрөн алчу эмес.

Азыр айылдагылардын баары биригип алып, Муратка сөөмөй кезеп, кыжырданып да, шылдыңдап да жатышкансыйт. Эмне, анда бекер беле? Жок, ушундай эле болчу. Бир секиргенине бир сом алчу. Касымдын үйү кырда эле. Үйүнүн жанына кууш, үстү ачык, алды тосулган бир нерсени атайы куруп койгон. Атайы букасы үчүн курган. Уюңду жетелеп барчусуң. Уйду ошо кууш нерсеге киргизип жиберчү. Анан букасын киргизчү. Көңүлү жок, тарткынчыктап турса да, зордоп жатып киргизер эле. Бир секиргени бир сом эле. Үч сом берчүсүң. Баары көнүшкөн. Канча секирбесин үч сом сунушчу. Канча секиргенин эч ким деле саначу эмес. Касым да жедеп көнүп бүткөн. Атүгүл букам үч жолу секирет экен деп биротоло ишенип да калган. Үч сом. Эмне, ушундай эле экен да анда деле. Арагың анда үч сом беле? Үч сом болчу. Үч сомго таптаза арак келчү.

Азыр акча бербейт. Уят да. Бирок бир бөтөлкө турганы турган. Бөтөлкөң он сом турабы, же жыйырмабы, баары бир бөтөлкө турулуу дей бер. Бирдей эле экен да. Анда деле бир бөтөлкө, азыр деле бир бөтөлкө. Баары-баары бөтөлкө менен ченелет экен да. Мурда да ушундай болуп келиптир, азыр андан беш бетер. Баары-баары… Мурат бир нерсенин баасын сурап билгенден кийин, дайыма өзүнчө күбүрөп койчу: “Аа, мынча бөтөлкө самогон экен да…”

Бөтөлкө бул дүйнөнүн чен-өлчөмүнө айланып бараткандай туюлуп кетти Муратка. Бөтөлкө менен гана ченелип келет. Бөтөлкө менен гана так, даана аныктап, түшүнө аласың. Мына, баякүнү Кадыр келатыптыр уюн жетелеп. Кимдир бирөөнү акыйып күтүп отурган Мурат ичинен кым деп сүйүнүп кетти. Бирок Кадырдын бурулчудай түрү жок. “Тиги айылга баратам, — деди ал биресе табалагандай, биресе көңүл айтып жаткандай, — бирөө зоот бука сатып келиптир деп уктум. Атайы сатып алыптыр дейт. Тим эле укмуш дейт. Сыртынан карасаң, бою пас, кичинекей эле неме дейт. Мыртыйып анча билинбейт дейт. Бирок күчү укмуш дейт. Андан музоо эмес эле, чылк алтын туулчудай. Секиргенде килтейген уйларың да чыдай албай бели ийилип, мөөрөп жиберишет экен. Эки кунажындын бели үзүлдү дейт. Атасынын көрү, бу кургурдун кычуусун бир кандырып келейин. Чыдаар, ыя, далайды көрбөдүбү бу кургур…” Сүйүнүп турган Мураттын ындыны өчө түшкөн. Атүгүл ичи тызылдап, кадимкидей арданган.

Эң кымбат нерсесин, үмүттөн да артык, ыйык нерсесин колунан жулдуруп жибергендей болгон. Эмне дээрин билбей, Кадырды ичтен сыза үн-сөзсүз узатып кала берген. Ошо күнү: “Каке, эми бу тууралуу эч кимге оозуңдан чыгарба!..” – деп эскерте албай калганына туталанып, керээли кечке өзүнө өзү кыжырданып жүргөн. Бирок эртең мененки жайдаңдаган шайдоот Кадыр кечинде күнөөкөрдөй шелпейип, уюн жетелеп кайра Муратка келиптир: “Ошо жерге кирсин, Муке! Атасынын оозун урайын, чылк алтындан уютулса да эмне болуптур, 50 сом дейт айланайын. Бир секиреби, миң секиреби, баары бир 50 сом дейт. Ие айланайын Муке, 50 сомго азыр жараган катын алсаң болот да, ыя?..

Мунун онун саа берсем, калган кыркы дагы төрт бөтөлкө болуп жатпайбы, Муке. Ага экөөбүз төрт күн чардайбыз да, ыя… Чылк алтын тууп берсе да тойдум деп баса бердим, эмне, Мукемдики мындан кем бекен, ашса ашат, асты кем калбайт деп ойлодум. Букасы деле жерге кирсин, итирейген эле бир неме экен. Эмнесин макташат, билбейм. Сенин букаңа тең келчүдөй деле бир түрү жок. Күчү күч да, ыя!..” Мурат сүйүнгөн, атүгүл сүйүнгөнүнөн бөтөлкөңдү жөн эле кой деп айтып жибере да жаздаган. Негедир азыр да сүйүндү.

Букасын карап, сыймыктанып койду. Анан Кадыр экөөнүн ою бир жерден чыгып жатканына кубанды. Ал деле бөтөлкө менен эсептеп отурбайбы. Мына, 50 сом дейби, мунуң беш бөтөлкө да. Өзү деле айтып жатпайбы, кыркы калса, төрт бөтөлкө деп. Көрдүңбү, баары-баары бөтөлкө менен гана… Мурда да, азыр да. Бирок мурда эч ким деле көңүл бурчу эмес. Азыр эле. Эмнеге?.. Түшүнбөйт. Мурат буга таптакыр түшүнбөй койду. Кымыңдап жатышат го кургурлар деп ойлойт Мурат шыдыр эле. Уюн жетелеп келаткан бирөөнү көргөндө эле, ушул ой башына шак дей түшөт. Коңшуларын ушинтип ойлоп коёт.

Анан эле үрбөп-дүрбөп жетип келишет. Кандуу майдандан аман-эсен кайтышкандай кудуңдашып кирип келишет. Айла жок, аш болмок беле, бөлүшөсүң. Алар биринен сала бири буканы мактап киришет: “Ой, Муке, карачы жаныбарды, күчү күч, ээ! Секиргеничи…” Аңгыча дагы бирөө уюн жетелеп келип калышы мүмкүн. Бир бөтөлкө. Аны да бөлүшөсүң. Адам дегениң кызык экен да. Баарына көнөт тура. Баарына-баарына… Кээде букасын жетелеп жөнөгөндө, коңшулары ишке бараткансып, салпаңдап ээрчип да алышат. Адам кызык. Баарына көнөт. Баарына барат. Ооба, жанын сууруп ала жаздашкан деле эмес. Бирок тооруган. Аларды көргөндө эле өзү тиштенип араң чыдап келаткан Мурат сурангандай чыркырап жиберген: “Ой, бүгүн ээрчибей эле койгулачы. Эптеп эки бөтөлкө бирдеме өндү. Экөөнү берип, эки мүшөк жем алайын. Болбосо, букам этинен түшүп баратат. Буга деле убал да…”

Алар кыйылып кала беришкен. Умсунуп кала беришкен. Сүйүндү Мурат. Калп айта алган эмес. Ичинен жактыра бербей турса да, калп айта алган эмес. Бердибекти алдоого негедир дити барбаган. Мурат таңданды. Неге чындыкты айтты экен? Неге?.. Бердибек кала беген. “Байке, сен эрсиң, башың оорубайт, сен эч кимден да коркпойсуң. Сен милийсаны да уруп койбойсуң. Катыныңдан да коркпогон сен, эмне, милийсадан коркмок белең?..” – деп Муратты мактап келатып, анан анын кетип баратканын көрүп тык токтогон да, муңдуу жылмайып кала берген. Жолдон эки бөтөлкөнү тең жайлап салбайын деп коркуп, өзүнөн өзү безип келаткан Мурат Бердибекке жолуккандан кийин негедир эрдемсип калган. Анчалык эңсебей калгансыган. Кызык… Адам кызык экен да. Баарына көнөт экен да. Бир кезде эмнегедир аны муңайым жылмаюу артынан калбай ээрчип келаткандай туюлуп кеткен. Жүрөгү болк эте түшкөн. “Бирөөнү берип эле, эки мүшөк… – деген анан өзүнчө шыбырап. – Бирөөнү байкуш Бердибек экөөбүз…” “Жок, жок!..” – деген кайра селт эте, чөнтөгүндөгү эки бөтөлкөнү эки колу менен бекем кысып. – Жок… Анда эле…” Эки бөтөлкөнү бекем кыскан бойдон дикилдеп жөнөгөн, аны эки буту эмес, эки бөтөлкөсү алып-учуруп бараткандай туюлган. Кампага жеткенде шалдырай түшкөн. “Болду, — деген энтиге, — болду… Жеттим…”

Түш ченде Бердибекке дагы жолуккан. Өз атын айта албай калыптыр. Кайдан-жайдан тапкан окшойт. Дүйнөдө бир эле оңой, бир эле оор нерсе бар, ал – арак табуу. Өтө кыйын. Бирок баары бир табылат. Кезээрип ачка жүрсөң да табылат. Талаада калсаң да табылат. Өлгөнү атсаң да табылат. Арак табыла берет. Бердибек да тапкан окшойт. Өз атын айта албайт. Бирок, Муратты тааныды. Таанымак турсун, баягындай эле булдуруктаган: “Байке, бул дүйнөгө бир эле келет экенбиз да…” Ооба, бу дүйнөгө бир эле келет экенбиз. Ушинтип Бердибек көп айтчу. Колуна стаканды алып-алалбай калчылдап жатып эле ушинтип айтчу. Ошо сөзү өзүн жутуп койду. Бердибекти жутуп койду. Бердибек далай жолу кылкылдаткан көп арактын бириндей эле, анын өзүн ошо сөзү жутуп койду. Мурат сүйүндү. Ошондо алдабаганына сүйүндү. Алдай албай койгонуна сүйүндү. Алдаса. Бердибек баары бир билип коймок. “Алдап жатасың, байке. Жаныңды жеп жатасың, байке…” – деп жалоорумак деле эмес. Бирок билип коймок.

Мындай кишилер ушундай болот. Сөзүңдүн кереги жок аларга. Үн гана керек. Үнүңдүн доошунан эле билип коюшат. Көзүңдүн да кереги жок аларга. Алар көзүңдү карашпайт. Карай алышпайт. Көзү үнгө ооп кеткен. Үнүндө баары бар. Жүрөгү да – үн. Тилеги, үмүт-санаасы да – үн. Алар көзүңдү карай алышпайт. Мындай кишилер… Кандай кишилер?.. Мурат селт этти. Бул суроону кимдир бирөө бергендей болду. Эки жагын элтең карады. Эч ким жок. Букасы турат. Ойго чөккөн. Уйкуда. Муну уй гана ойгото алат. Сүйүнүп кетти. Суроодон алаксып кеткенине сүйүндү. Ого бетер сүйүндү. Алдабаганына, алдай албай койгонуна сыймыктанды. Бердибекти көргөндө сүйүнүп кеткен. Өзү да эки мүшөк жем алып, мен да ток, букам да ток деп кудуңдап келаткан болчу. Баарынан да өзүнөн өзү качып, кампага чейин эптеп чыдап жеткенине дердейип көтөрүлүп келаткан. “Баягы кургурдун тумшугуна бирдеме илинди бекен?..” – деп анда-санда Бердибекти да эстеп келаткан.

Анан аты менен фамилиясын чаташтырып, теңселе басып жүргөн Бердибекти көргөндө, санаасы тынгандай сүйүнүп кеткен. “Карып менен ичтим, байке, — деген Бердибек кайрадан булдуруктай. – Байкушум эстүү да, жана таарынып калдың окшойт деп бирди… Анан дагы… Жана сени көрүп туруп эле тартып… дейт. Аз эле болчу, анда экөөбүз тең чалажан болуп… дейт. Эстүү да. Байкушум… – Бышактай кетти да, жин тийгендей кайра каткырды. – Аның келесоо турбайбы, байке. Карыбыңчы. Минтет. Ачкарын ичсек болбойт, бирдеме шам-шум этип алалы дейт. Келесоо да. Ачкарын ичсек, мас болуп калабыз дейт. Аракты эмне үчүн ичесиң, мас болуш үчүн да, ыя, байке!.. Бирдеме шам-шум эткенде, атасынын башы дейстиве береби? Туурабы, ыя, байке!..” Мурат коштогондой башын ийкегилеген. Азыр өзүнчө көтөрүлө кетти. Арак ичкенде тамакты да катырарын ойлоп, өзүнө өзү ыраазы боло кетти. Бердибектен айырмаланып турарына сүйүндү. Анан Бердибек Муратты жеңинен тарткылап кетирбей, бир нерсени эстей албай көпкө турган. “Байке, — деген акыры эстеп, көзүн жашылданта. – Эртең мененчи… Карыпчы, жанагы алкашчы, ошол сурайт: “Ой, тишиң кана?..” – дейт энеңди урайын, эки жылдан бери эми араң көргөнсүп. Менин тишимдин ага эмне кереги бар, ыя, байке, же ал маа, эмне, тамак чайнап берип жатыптырбы! Энеңди!.. Тишимди закуска кылып чайнап койгом дедим. Ха-ха-ха!..”

Оозун аңырайта ачып каткырып жаткан Бердибектин маңдайкы эки кашка тиши жок экенин Мурат ошондо араң билген. Аны ушуга чейин элес албаганына таңданган. Анан тиштин үңкүрдөй ордун карап туруп, ого бетер таң калган: “Чын эле, мунун тиштери эмне болгон, ыя?..” Аңгыча Бердибек Мурат менен сүйлөшүп жатканын эсинен чыгаргандай, колун бир шилтеп алып, булдуруктай шарт бурулган да, темтеңдеп жөнөп калган. Бирок Бердибектин элеси көз алдынан кетпей тура берген, атүгүл элеси эмес, анын өзү тике маңдайында көзүн жашылдантып карап тургандай туюлган. Негедир Бердибектин жашы оюна келген. Бердибек канчада? Менден беш-алты эле жаш кичүү болсо керек. Булардын жашын билип болбойт. Баары тең сенден улуудай, ошол эле маалда кичүүдөй да көрүнө берет. Ырай-пешенеси, баскан-турганы менен мамилеси бир-бирине коошпойт. Өзүн-өзү күнөөкөр тутуп, дайыма коркок-билиш болуп жүргөндүктөнбү, кимге болбосун өзүнөн улуудай мамиле кылат. Сага да ал өзүңдөн кичүүдөй туюла берет. Бирок, ырай-пешенеси, баскан-турганы… Булар ушундай. Булар… “Алкаш деп коёт! – Мурат аялына кыжынды. – Алкаштын канчада экенин билбейсиң. Меникин сурап көрчү, ким болбосун так айта алат…”

Далайды алдаган Мурат. Аялына канча жолу ышкыртпады, аялы баары бир билип коёрун туюп-сезип турса да, калп айтчу. Өзгөчө кийинчерээк. Чындыкты айткандан жазгана берчү. Калп айтуу жеңил эле. Эмне үчүн? Билбейм дегендей ийнин куушуруп койду Мурат. Алдап жатканымды билип койбосун деп чочулап алдабаганына эмес, Бердибекти жөн эле алдай албай койгонуна сүйүндү. Жөн эле калп айта албай коюу, алдай албай коюу… Сүйүндү. Сүйүнүп жатканына сүйүндү. Жөн эле сүйүндү. Жөн эле сүйүнгөн да жакшы тура. Ушуну ойлоду Мурат. Бирок сүйүнгөнүн унута баштады. Тез эле унута баштады. Ооба, бүгүн келмек. Эмне, келбей калабы? Айтпай калыптыр. Өкүндү. Уй июнь айында качса, мартта тууп берерин айтпай калыптыр. Ушунчалык өкүндү. Айтып койсо болмок. Какшаса болмок. Какшабаса болбойт. Кыргызга какшап гана туруш керек. Өзүнөн өзү эле туталанып, ою кайрадан ала кача баштады. Ээ боло албай калды. “Ушунун денеси бар дейсиңби! Туз да!..” Ушинтип айткан, аялы айткан, шылдыңдап айткан. Назаралиев деп коёт. Мен, эмне, алкаш, оору белем. Алты-саным соо. Аның өзү алкаш. Алкаштар да өзгөнү аяшат го. Алкаштар өздөрүн гана аябайт. Өзүн аябаган өзгөнү аябайт дешет. Бок сөз. Алкаштар дал ошол өзгөнү аяшат. Өздөрүн аяшпайт. Аларга жашоо керек. Мына азыр жашашы керек. Азыр кишиче жашашы үчүн алар өздөрүн аяшпайт. Өздөрүн гана аяшпайт. Назаралиевиң эч кимди аябайт. Өзүн гана аяйт. Аның алкаш эмес, аның күнөөкөр. Ал азыркы жашоону билбейт. Бүгүнкү жашооң баарынан ширин экенин уруп ойнобойт. Ал эртең жакшы жашагысы келет.

Ошон үчүн жутунат. Ал эч кимди аябайт. Көл-шал түшүрүп, өлтүрөт да тиргизет. Өлүп тирилип эмне кереги бар? Кайра тирилгендер билмек беле? Азыркы, мына бүгүнкү жашоонун жыргалын сезмек беле? Алар эртең жакшы жашасак деп жанталаша башташат да, анан жутунат. Бузулат. Мына, азыр жакшы жаша да. Эртең, мейли өлө бер… Мурат өзүнө өзү ээ боло албай калды. Кутула албай жатат. Ой тебелеп жатат. Чын эле, мунун ичине аялы кирип кетеби, ыя? Кирип кетпесе, кайдан билет, ыя. Мурат эмнени ойлосо, аялы аны айттырбай эле билип коюп жатпайбы. Кантип билет, ыя? Ичине, мээсине кирип отуруп алса керек. Аялычы… “Акыйып отурасыңбы, күтүп!..” – дейт. Ичине, мээсине отуруп алгансып айтат. Кап. Эскертсе болмок. Июнда качса, мартта туумак. Сөзсүз тууп бермек. Ушуну какшаса болмок. “Акыйып отурасыңбы, күтүп!..” – дейт, безге сайгандай айтат. Табалайт. Акыйып отурган Мурат өзүнүн акыйып отурганын эми араң туйгандай ызаланып кетти. Отура албай калган Мурат. Ордунан шак турган да, букасын жетелеп жөнөгөн.

Азыр ташта отурат. Кишинин табы менен эрип бараткан ташта отурат. Ташты эритип отурат. Букасы турат. Ойго чөккөн. Аны уй гана ойгото алат. Ушунун баарын ойлоп отурат. Букасын жетелеп келатканда жолдо эмне кылганын, эмне болгонун азыр таппай койду. Эмнени ойлогонун да түк эстей албай койду. Ойлонбосо керек. Же ойлонгонбу? Билбейт. Жеңилдей түшкөн. Жеңилдей түшкөнүн эстеп, азыр да жеңилдей түштү Мурат. Аңгыча ылдый жактан бакылдаган үн угулду. Башын көтөрдү. Алымбек экен. Атчан туруп алып, Муратка карап, кыйкырып жатты. Мурат анын эмне деп жатканын жакшы уккан жок, жалт карары менен эле: “Баягы тура… – деди өзүнчө кыжына. – Бүт айыл уксун деп кыйкырып жатат, атайы кыйкырып жатат. Энеңди!..” Чын эле, Муратка ал атайлап катуу кыйкырып жаткандай туюлду. Мурат кулагын түрүп, анын эмне деп жатканын угууга жандалбас кылды.

— Ой, Муке, букаңды айтам… – деди тиги.

“Дагы эле баягы бука. Энеңди…” – деп сөгүндү Мурат өзүнчө.

— Ушу букаңды айтам, — деди ал кайра, сырдуу күлүп. – Бу сенин букаңда бир мандем бар. Болбосо…

“Жөн эле күлүп жатат”, — деп ойлоду Мурат.

— Болбосо, эмнеге жулунбайт, ыя? Эркек өңдөнүп жулунбайбы, ыя. Бирок укмуш дейт, чынбы, ыя? Жулунбай туруп эле үч-төрттү… – Дагы күлдү.

“Жөн эле күлүп жатат”, — деп ойлоду кайра Мурат.

— Уйлар да эми өздөрү кайра-кайра келе башташты дейт го, ыя? Очурет талашышып… Кынуусун алган да, ыя! Айтпадымбы, мунуңда бир мандем бар, Муке. Маа алып келчи, көрүп берейин. Кантсе да, ветврачмын да…

“Атаңдын башы!..” Мурат өзүнчө күбүрөндү. Сүйлөшкүсү келбеди.

— Сеникиндей букам болсо, мен куурап иштебей эле коёт элем, — деди тиги суктангандай. – Бу кейпи менен бүт айылды бакчудай… Эмне, бүгүн жумуш жокпу? Бейкапар отурасың…

Мурат чочуп, алактай кетти:

— Жок… Бар… Кечинде…

— Аа… Кой, кетейин. Шашып баратпадым беле, эмне туруп калдым. Деги бир мандеми бар. Алып келчи маа, кантсе да ветврачмын да…

“Атаңдын башы!..” Мурат кайрадан кыжынды. Тиги муну уккандай, угуп туруп атайы эле табалап жаткандай күлгөн боюнча жолун улады. Мурат жалгыз калды. Туталана баштады. Ветврачмын да!.. Бу качан ветврач боло калган, мындан беш-алты жыл мурда эле директор шерменде кылып туруп, кууп жибербеди беле. Экөө жылкычыларды кыдырышат. Бир жылкычыныкына келсе, жылкысы өлүп жатат дейт. Эмне болду деп сурашат. Туйлап жатып эле өлүп калды дейт жылкычы. Директор ветврачка суроолуу тигилет. Ал: “Туйлап эле кете берсе… Бул симптомдоруна караганда өтү жарылган”, — дейт ишенимдүү. Жылкычы да, директор да аны таңдана карап калат. Эртеси эртең менен директор чогулуш өткөрүп, ветврачтын абийирин айрандай төгүп туруп, кызматтан бошотуп салган. Көрсө, жылкыда өт болбойт экен. Мурат табалагандай күлүп, башын чайкады: “Ветврачмын да!.. Кайран беш жыл саа корогон. Кайран сельхоз институт!..” Негедир жалгызсырай баштады. Ветврачтын эрте кетип калганына өкүндү. Кимдир бирөө менен сүйлөшкүсү келди. Эмне экенин билбейт, Бердибекти кайрадан эстеди. (Жалгыз калганыңда өлгөндөрдү көбүрөөк эстейт окшойсуң – деп ойлоп койду Мурат). Селт этти. Бердибек ошондо негедир өлүп калчудай туюлган. Өлүп калар бекен деп жөндөн жөн эле ойлоп койгон.

Анда анча деле назар бурбаган, өзүнүн оюна маани деле берген эмес. Бердибектин өлгөнүн укканда, баягында ушинтип ойлогону эсине түшкөн. Муну азыр да эстеп отурат. Ооба, өлүп калчудай туюлган. Эмне үчүн? Билген эмес. Азыр да башы маң. Байкуш. Өлүп калчудай болуп эле… Күнөөлүү сезип кетти өзүн. Көчөгө батпай темтеңдеп бараткан Бердибекти узата карап туруп, жөн эле ушул өлүп калар бекен деп ойлоп койгон. Анан булар эл каттоодо эсепке алынабы деп да ойлогон. Булар кимдер? Башын чайкады Мурат. Кайра өкүндү. “Качан кайра ветврач боло калдың эле? Жылкынын өтү жарылыптыр деп айтып коюп, куулбадың беле?.. – десем болмок экен. Ошондо кете алмак эмес. Аргасы кетип сүйлөшмөк…” – деп ойлоду. Көп өтпөй колун шилтеди. “Өзүңчү?! – демек. – Беш жыл Самаркандан окуп келип деле шелпейип жүрбөйсүңбү букаңды жетелеп. Анан түрктөргө малай болуп…”

Ушинтмек. Так эле аялынын сөзүн айтмак. Кызык. Эркектер аялга айланып бараткансыйт. Же аялдар эркеккеби?.. Ийнин куушурду. Букасын карады. Турат. Уйкуда. Жулунбайт, тыбырчылабайт. Турат катытып койгонсуп. Чын эле, күчүн айтпа. Бу саа күч кайдан келет? Баякүнү Самат айтат: “Байке, букаң бука эмес эле, тырактир экен. Он мүнөттүн ичинде эле төрт жолу ашты. Кунажынымдын көзү тунарып жүрдү эле, эми көзү чанагынан чыгып кете таштады. Боорум ооруп алып баса бердим…” Суктана букасын карады. Карады да, наалый кетти: “Күчтүү болбогондо кантмек элең! Бала багам менен ишиң болбосо, коку-ууй, малым калды дебесең. Керээли-кечке кулак-мээңди жечү катының болбосо. Анан… Анан күн сайын бөлөк уйлар келсе. Бир уй менен такай жашап көрчү, көрөйүн тырактирлигиңди…” Өзүн жооткотту. Тажагандай жалт бурулуп, көчө жакты карады. Кичинекей бир бала чымы-куюн болуп келатыптыр. Сүйүнүп кетип, кол булгалап ийди. Бала алеки заматта жетип келди да, бир Муратты карап, бир буканы карап, элейип туруп калды.

— Кимдин баласысың? – деди Мурат кетип калбасын деп чочулагандай шашып.

— Каныбектин.

— Аа… Каныбектинби. Атаң кайда?

— Үйдө.

— Эмне кылып жатат?

— Апамды сабап жатат.

— Сабап?! Жинди го. Эмнеге?

— Билбейм.

— Качып кетпейби.

— Качып… Кайра өзү жабышып жатса… – Мактангандай. – Мен качып кеттим!..

Бала мулуң этип койду да, элейип буканы карап калды.

— Бул эмне? – деди Мурат баланы кетиргиси келбей.

— Бука.

— Кантип билдиң бука экенин?

— Билем да… – Бала уялгандай жер карады да, колун букага жаңсап. – Турбайбы… тигинси…

— Букалар эмне кылат?

Бала дагы эле уялгандай кылыя:

— Билбейм…

“Билет окшойт…” – деп ойлоду Мурат. Анан баланын адилдигине ичи жылып, жеңилдей түштү.

— Бар эми, — деди анан буканы элейе тиктеп турган балага, — үйүңө… Болбосо, атаңдан сен да таяк жейсиң.

— Жебейм. Урса, качып кетем… Бала дагы мулуң этип күлүп койду. Бир азга буканы кызыга карап турду да, шарт бурулуп, жүгүргөн бойдон төмөн түшүп кетти.

Мурат баланын карааны үзүлгөнчө карап турду. Ичи жылыды. Баланын адилдиги аны сергитип кеткенсиди. Анын адилдигин негедир уйларга окшоштурду. Балдар алдай албайт. Карабайсыңбы, сабап жатат деп атпайбы. Алдай алышпайт да. Уйлар да алдабайт. Кудай кандай жаратса, андан эч бир тайбай, дал ошондой жашай беришет. Эмне кыл десе, кыла беришет. Баарынан да өкүрүшкөнүн айтпайсыңбы, аларды ким зордоп жатыптыр. Кудайдан ошондой жаралган да, аны бузбайт, буза алышпайт – өкүргөнү өкүргөн. Бирөө жөнөдүбү, калгандары артынан ээрчийт. Өлүмгө уйдай эч ким күйө албас, бу жаныбарың жытты билет десең, жаңы эле союлуп, жерге кичине эле каны таамп калганды да, өлүп, көмүлгөнүнө бир жыл болуп калганды да жыты аркылуу билип, өкүрүп жөнөшөт. Бирөө эле “мөө” дегенде, калгандары жөнөйт өңгүрөп.

Качан, кайсы жерде өлгөнүнө, аны тааныган-тааныбаганына карабай, акыры анык өлгөн жерин таап чыгышат да, уй аттуулардын баары бир өңгүрөп, бир боздоп, аны жоктогону жоктогон. А кишилериңчи? Өкүргөнүн колко кылышат. Бирөө өлсө миң толгонуп, миң эзилип жатып араң барат. Барганда да “кой, көз көрсөтүп коёюн, алар деле келип жүрбөйбү…” – деп эсеп-чоттоп барат. Күйгөнүнөн барбайт. Тааныбаса, же каршылашкан адамы болсо, барбай да коёт. Өмүрү көрбөгөн немеге эмнеге бармак элем дешет. Ал ошону көрмөк, ырас болуптур деп табалайт. Уйлар минтпейт, аларга баары бир: өлгөн уй досубу же душманыбы, тааныйбы же тааныбайбы – өңгүрөгөнү өңгүрөгөн. Жолунан тоссоң да, сабасаң да болбой, өңгүрөп боздогону боздогон. Мына, Бердибек байкушту ким эстеп жатат, өлгөнүнө жыл айланбай унутулду да калды. Кээде гана аялынын кемшеңдеп калганы болбосо, жада калса балдары да унутту. Күйбөйт да. Адамдар күйбөйт, өлгөндөргө чындап күйө албайт. Ошон үчүн бизде өлгөндөр унутулуп калат, тирүүлөр унутуп калышат. Кишилер унутулуу үчүн жаралгандай, унутулуу үчүн жанталашып жашап жүргөндөй. Мурат нааразылана колун шилтеди да, кайрадан уйлар жөнүндө ойлонгусу келип кетти. Уйлар…

Бу байкуштар жыл бою күүлөй беришет. Бу жаныбарың он сегиз күндө бирден күүлөйт экен да. Ошо күүлөгөн учурда качырып албасаң болбойт. Муну Мурат кийин билди. Букалуу болгондон кийин билди. Букасын карады. (Сен мага далайды үйрөттүң го… — деп ойлоп койду Мурат.) Уюнун эркек тууганын бир билет. Бычтырбай калыптыр. Бычтыруу оюна келбептир, атүгүл бычтыруу керек экенин билген да эмес. Анын үстүнө анда дүкөнчү эмес беле. Килтейген дүкөн. Килтейген кадыр-барк. Көбүнчө көзүң ачылбайт. Күн-түнүң бирдей сыяктуу. Ошентип, бычтырбай калыптыр. Анан эле букачар болуп чыга келди. Мурат муну да эсине албады. Букачар болуп калганын башка бирөө эскертип: “Ырас кылыптырсың бычтырбай, бычтырсаң, эти жеңил түшүп калмак”, — деп Муратты далысынан таптаган. Ойлонуп-ойлонбой Мурат да сүйүнгөн. Жыл өттүбү, ай өттүбү – билбейт, бир күнү эле Мураттын алысыраак келини келип калды уюн жетелеп. “Аке, — деди ал ыңтайсыздана жер карап, — аке, мобу желмогуз жаныбызды койбой жатат. Букаңды…” Мурат эч нерсе түшүнбөдү, келинин элейе карап калды. Келин кысынып, кызарып-татарып жатып, араң түшүндүрдү. Анан көрүп ал… Бука жаныбарың өзү эле билет экен. Ага үйрөтүп кереги жок экен. Өзү эле… (Адамга сөзсүз үйрөтүш керек, баарын-баарын… — деп ойлоп койду Мурат.) Акырында келин гезитке оролгон бир бөтөлкөнү сунган Муратка.

Мурат туйлаган: “Кой ээ… Бул эмне?! Уят эмеспи…” Келин да болбой койгон: “Ырым болот, аке. Албасаңыз болбойт. Болбосо…” Бөтөлкөнү колуна карматкан да, уюн жетелеп жолуна түшкөн. Ошондо таңданган Мурат. Анан сүйүнгөн. Букасын карап туруп, зарыгып күткөн эркеги туулгандай, ошол эркек баласы эр жетип, өзүнчө түтүн булатып, маңдайында бажырая күлүп тургандай сүйүнгөн. Ошондон бери… Ооба, он сегиз күндө бирден күүлөйт, бу азыр Муратка жадыбалдай жат. Оо, бу уй жаныбарың чыдай албайт экен да, киши чыдайт, эптеп чыдайт, өзүн да, өзгөнү да алдап болсо да чыдайт. А бу уйларың… Бир-бирине секире баштайт, мөөрөп-өңгүрөп тыбырчылайт. Эч бир жашыра алышпайт, эч бир алдай алышпайт. Өзүн да, өзгөнү да. Айласы түгөнгөндө ээсине да секирип жиберет, жалынып-жалбарат. Бул бери эле жагы, анан көрөсүң кызыкты. Өкүрүп-мөөрөп, боздоп бет келген жагын көздөй жөнөйт дейсиң. Карап туруп, ыйлагың келет. Убал да. Тирүүлөй өлүп баратканын кантип дит багып карап турасың. Бука гана соорото, айыктыра алат аларды. Эч ойлобой эле буканы көздөй жөнөш керек. Үч-төрт ашып койсун, анан тыбырчылаганын көрөйүн. Өздөрү билет, букадан качып калат. Булар кишидей эмес, чегин билет, тойгонун билет… Кишилериң… Колун шилтеди.

Ою кайрадан уйларга жетелеп жөнөдү. Бу байкуштарың деле аялдарга окшош болот окшойт. Бая күнү ушул эле Карып алкаш келиптир. (Энеңди урайын десе, алкаш деп койсоң арданат экен!.. – деп ойлой кетти Мурат.) “Муке, — дейт, — букаң киши деле эмес экен, былтыр күшүлдөп-бышылдап жакшы эле ашып жаткансыды эле, аа, катырды дегем. Катырбай жерге кирсин, уюм кысыр калыптыр. Аялым күн сайын кулак-мээни жеп жатат, уйду алып барган эмессиң да, бөтөлкөңдү жолдон эле өзүң шыңгытып салгансың да дейт энеңди… Жанды күйгүзөт да, Муке. Ой, уйду жетелеп келгеним чын беле, чын, бир бөтөлкөнү саа бергеним чын беле, чы-ын. Анан… Энеңди…” (Көрсө, бөтөлкөсүн доолап келген окшойт энеңди!.. – деп ойлоп койду Мурат.) Мураттын кыжыры келген, азыр андан беш бетер кыжырданды. Анын маңдайында бир нерсе доолап, Карып тургандай туюлуп кетти. Мурат аны тике карап, өзүнчө сүйлөнө баштады. Эмне, уюң кысыр калса да, менин букам күнөөлүү бекен?! Ашып атабы, ашканга жарап жатабы, мунун милдети – ошол. Эгер букамдан эле көрсөң, анда туубаган аялдардын баары үчүн, эмне, эркектер гана күнөөлүү бекен?! Уйлардын да өздөрүнүн мүчөлөрү бар, жатыны бар. Суук тийип калышы мүмкүн, сезгенип калышы мүмкүн, жатыны жетилбей калышы мүмкүн. Аялдар деле ушундай эмеспи…

Кээ бирөө чын эле канбай калышы да мүмкүн да. Анан жакшы ойлонбой эле, канган экенмин да-а деп бейкапар басып кетишет да, туубай калышат. Аялдарда деле толуп жүрөт го канбай жүргөндөр. Уйлар деле ошолордой. Анан букаң деп… Буканын мээнетин алабы!.. Бука… Букасын карады. Букасы жүдөп калгандай. Жүдөгөндөй эмне?.. Мураттын өзү жанында отурбайбы. Качантан бери жанынан чыга элек. Ээрчишип дайыма бирге жүрүшөт го, бу кең дүйнөгө батпай, экөө ээрчишип жүрүшөт го. Мурат уккан тилди букасы да угат. Аялынанчы. Экөө бирдей угат. Аялынын эмне деп жатканын даана түшүнсө, букасы аны эчак эле чалып өлтүрмөк. Бирок, сезет байкуш. Аялы алкылдап үйдөн чыгып келатканда эле, букасы күнөөлүүдөй башын ары буруп кетет. Анан уккусу келбегендей ойго чөгүп калат. “Карасаң турганын, бир кенеп койбойт! – дейт ансайын аялы ызырына. – Жоголбой койдуң го, сен жоголбо-ойсуң, баарыбызды жутуп туруп, анан… — Эмне дээрин билбей калды да, бир букасын, кайра аялын элтең-элтең караган Муратка кайрылып. – Уктуңбу, баарыбызды жутуп туруп… Мындан үч жыл мурда эле эртең дебедиң беле, ыя?! Эртеңиң эми качан, ыя…”

Аялы чыдай албай титиреп, бышактай баштайт. Мурат үндөбөйт. Үндөгөндө… Букасын кайра карады. Аянычтуу көрүндү көзүнө. Аялына кыжырданды: “Бу саа эмне оорчулук кылып жатат? – деди күңкүлдөп, аялы жанында тургандай. – Мына, өз жанын өзү багып жатабы?! Багып жатат. – Кичине тынып алды да, угуп калбасын дегендей шыбырады. – Өз жанын гана эмес, мени да кошо…” Сыймыктангандай башын көтөрдү. Көзүнө букасы урунду. Жүдөп, шапая түшкөндөй. Жок, эмнеге жүдөмөк эле. Жанында эле жүрбөйбү. Эки-үч күн эле карабай койчу, бир жакка кетип калчы, эмне болоор экен? Күркүрөп турса да, мусапыр боло түшөт байкуш. Муну Мурат баягында бир жума башка жакка кетип калганда көрбөдүбү. Бир жума эле… Келсе, күркүрөп турган букасы бир бечара мусапыр боло түшүптүр. Ээсиз бука каралбаган үйгө окшош тура. Булар жалгыз калгысы келбейт, жалгыз жашаган булар үчүн тирүүнүн тозогу. Адам жашай берет. Өзүн да алдап, өзгөнү да алдап коюп, жашай берет. Букасы анте албайт.

Миң уйдун арасына кошуп ийсең да, жалгызсырай берет.Ээси жанында болбосо, жалгызсыраганы жалгызсыраган. Тартылат экен да, адамга ушунчалык тартылат экен, кандай да болбосун адамдар менен бирге жашагысы келет экен да. Муну оңойлук менен түшүнбөйт адам, түшүнүп туруп түшүнгүсү келбейт. Бул үчүн?.. Мурат не дээрин билбей, ойго чөгүп калды. Ооба, бул үчүн… Бука болушуң керек. Букадай таза, букадай адил. Өзүңдүн адамдыгыңдан айрыл, ошондо гана… Өзүн букасынын алдында күнөөлүү сезип турду Мурат. Букаң деп… “Кысыр калганын бир кудай билет… – деди кыжынып акыры. – Ошо жаман оюнда ушинтсем былтыркы бөтөлкөмдү өндүрүп алам деди да. Алкаш!..”

Өзүнчө сүйлөнө берди да, бир мезгилде тык токтоду. Өзүнөн өзү ыңгайсыздана кетти – эмне жөнүндө ойлобосун, эмнеге барып урунбасын, акыры келип эле бөтөлкөгө такалып жатканы эсине шак дей түштү. Кызык… Эмне үчүн?!. Башын чайкады да, үйүн карады. Үйүн карары менен азыркы эле ойлоп жаткан ою башынан учуп кетти. Үйү аны башындагы ойду жалмап алгандай болду. Көрүнбөйт да, энеңди… Келем дебеди беле. Эмне, келбей калганбы? Кечээ таң заарда эле шүдүңдөп жетип келбеди беле. Өкүндү. Июнда качса, мартта тууп берерин эскертип койсо болмок. Анда сөзсүз… Же мунун быякта отурганын билбей кетип калдыбы? Жок, билмек, кантип эле көрбөй калсын. “Эмне, жеңе, байкем кетип калдыбы?!” – деп элеңдеп сурамак аялынан. Сөзсүз сурамак. “Кетип кайда бармак эле! – демек аялы жактыра бербей. – Жүрөт да. Эми эле отурган букасы экөө акыйып…” Тиги эки жакты элеңдеп карамак. Сөзсүз көрмөк. Үйүнөн бул терек дапдаана көрүнөт. Сокур киши да көрөт. Бул жер баарына көрүнөт. Ошон үчүн ушу жерде отурбайбы Мурат. Бирок эскертип койсо болмок. Июнда качса… Же, эмне, чын эле келбей калганбы?! Мурат тыбырчылап кетти. Кара тер басып кеткендей болду. Чекесин колу менен сылап койду. Тердебептир деле. Жок, тердеген окшойт. Колу нымдаша түшпөдүбү. Букасын карады. Ооба, көрмөк, Муратты көрбөсө да, буканы сөзсүз көрмөк. Өзү көрбөсө да, ую көрмөк. Көзү катып турган неме…

Санаасы тына түштү. Санаасы тынып, бир азга жайланып калды да, кайра оңтойсуздана кетти – ою аны дагы эле бөтөлкөгө айдап бараткан тура. Ойлогусу келбей калды. Негедир ойдон чочулады. Ошенткен сайын аны өзүнө билинбеген, өтө бүдөмүк, түшүнүксүз ой ныгыра берди. “Адам ойду эмес, ой адамды сүйрөп жүрөт турбайбы”, — деп ал өзүнө да сырдуу шыбырап койду. Жакшы нерселер жөнүндө эле ойлоп келатпады беле. Анан эмне балакет эле буруп кетип жатат? “Кадыр…” – деди шыбырап. Кадыр… Же келем дебей койбойт. Келбей калабы? Мурат силкинип кетти. Жок… Жок… Бул тууралуу ойлонгусу келбеди. Башын чайкап-чайкап алды. Жакшы нерселер жөнүндө эле ойлоп келатпады беле. Алар эмне эле? Жакшы нерселерчи. Кыйлага дымып калды. Акыры баланы эстеди. “Апамды сабап жатат…” Ичи жылып, жылмая кетти Мурат. Анан таңдангандай башын чайкады. Ал ээрчишип келаткан эрди-катындарды көп эле көрөт. Чынын айтыш керек, мас болгондо төрт дүйнөсү түгөл болуп, анча деле назар бурбайт. Соосунда дайыма тигиле карап калат. Ошондо жадырап-жайнап келаткандарды көп учуратпайт. Көбү эле бир-бири менен чукчуңдашып келатышкансыйт. Өзгөчө жаш эрди-катындар. Эмнени чечише албай келатышканы белгисиз, айтор, чукчуңдашып өтүшөт. Сүйлөшүшпөсө да бир-бирине мурчуюп келаткансыйт. Унчукпай, ичинен салгылашып жатышкандай. Кайрадан башын чайкады Мурат. Эмне үчүн мындай? Талашкандары эмне?

Мурда деле ушундай беле? Ийнин куушурду. Мурда аларга көңүл деле бурбаса керек. Анда кийин эмне үчүн көңүл буруп калды? Дагы ийнин куушуруп койду. Кийинчерээк өзү деле… Жок, баса элек да. Ооба, аялы экөө кийинки мезгилде ээрчишип бирге басыша деле элек. Оо, мурда… Эки күндүн биринде кетмей. Атүгүл кыздарын үйгө камап коюп, далай кетишпедиби. Ошондочу? Чукчуңдашчу беле? Эсинде жок. Далай ирет кер-мур айтышкан чыгар. Бирок эсинде жок, көңүл бурбаса керек. Азырчы?.. Аялынын аяр, жароокер үнү кулагына жаңыргансыды. “Мурат, уксаң, — дечү ал, Мурат анда-санда соо келип, экөө төшөккө жаткандан кийин, — уксаң… Биз эмне болуп баратабыз? Сүйлөшпөй да калдык. – Ого бетер аяр. – Деги сен эмне болуп баратасың? Сүйлөшкөндөн да тажап…” Мурат таң калчу. Сүйлөшпөй дейби. Сүйлөшүп эле жүрүшпөйбү. Күн сайын. “Сүйлөшкөндө… — дечү Мурат сөзүнүн аягын жутуп. – Сүйлөшүп эле жүрбөйбүзбү…” “Сүйлөшүп эле жүрбөйбүзбү”, — деп ойлоду азыр да Мурат. Таң азандан керээли кечке чейин. Жок. Селт этти. Чын экен. Аялынын айтканы туура экен да. Ооба, сүйлөшүшчү. Күн сайын таң азандан. Эртең менен эрте. Эртең менен… Мурат башын чайкап-чайкап ийди. Эртең менен… Кандай оор, ушунчалык оор дейсиң.

Ойгонуу да оор. Туруу да оор. Баарынан да жыла басып үйдөн чыгып кетүү кандай оор дейсиң. Ойгонбой жатып ойлоносуң. Анан чочуп ойгоносуң, уйку келип карайлап турсаң да чочуп ойгоносуң. Ойгонгонум түшүм болуп калса экен деп кудайдан тилейсиң. Уктайын дейсиң, баарын унутуп, баарынан качып уктай берейин дейсиң. Уктай албайсың. (Кийинчерээк бир да жолу эртең менен жайма-жай, санаам тынч уктай элек окшойм, — деп ойлоп койду Мурат.) Аңгыча радио башталат. Ооба, аялыныкы чын экен. Сүйлөшүшпөптүр да. Кер-мур айтышышчу экен. Бука… Бөтөлкө… Бөтөлкө… Бука… Тытышышмай. Актанмай. Баш шылкыйтмай… Сүйлөшкөнү ошол… Эртең менен гана. Аялы менен эртең менен гана жолугушмай. Андан кийин… Сүйлөшүшпөптүр. Мурат таңданды. Аялын аяп кетти. Чындап боор ооруду. Башын чайкагылай берди. “Каныбектин баласымын деди ээ, — деди анан шыбырап, өз оюнан кутулгусу келгендей. – Ооба, Каныбектин. Апамды сабап жатат…”

Ыраазы боло жылмайды да, чочуп кетти. Башын чайкады. Ишенбей турду. Каныбекти жакшы билчү эмес, анын аялын жакшы таанычу. Бала бакчада тарбиячы эле. Күн сайын жолугушчу. Айкүмүштү такай Мурат алып барар эле бакчага. (Атаңдын көрү… Эми ойлосом, бир сонун учур экен да!.. – деп күрсүнө кетти азыр Мурат. – Айкүмүштү айтам. Эртең менен бакчага алып барганымда, экинчи үйгө кайтпай, биротоло бакчада калчудай болуп кучактап коё бербей, өпкүлөп… Өзүм да түбөлүккө ажырап калчудай болуп өпкүлөп… Атаңдын көрү де!..) Ошондо дайыма жадырап тосуп алчу, кечинде да жаркылдап узатар эле. Ыйманы ысык, ачык-айрым келин. Баякүнү эле жолуккан. Айкүмүштү жан-алы калбай сураган. Анан колундагы барактарды Муратка сунуп, жаркылдап күлгөн. Балдар тарткан сүрөттөр экен. Айкүмүш да ушундай сүрөттөрдү тартчу эле деп ойлогон Мурат шыдыр эле. Сүрөттөрдү айра алган эмес, баары эле окшош сыяктуу. Кишилерди тартышкан окшойт. Кээ бирөөлөрдүн көз айнеги бар экен деп ойлогон Мурат. “Кызык… — деген аңгыча тарбиячы келип, бырс күлүп, башын чайкай, — билесизби, кимди жакшы көрсөңөр, ошону тарткыла дегенбиз.

Чогултуп алып карасак эле, көбү аталарын, айрымдары куурчакты тартышыптыр. Бир-экөө эле апасын… Кызык… Апаларына айтсам күлүшөт. Айрымдары таарынып да калышты. Биз, эмне, желмогуз белек, ушу куурчакча жокпузбу деп. Кызык…” Ушинткен да, таңдангандай башын чайкап, мыйыгынан жылмайган. Мурат көңүл деле бурган эмес. Тигинин көңүлүн улап гана жылмайымыш болгон. Жадырап узаган тарбиячы келин. Басып баратып, колундагы сүрөттөрдүн улам бирин тигиле карап, башын чайкай берген. Мураттын негедир ичи жылыган. Сүрөттөргө эмес, келиндин мамилесине да эмес. А анын сүрөттөрдү карап, жоготкон эң ыйык нерсесин таап алгандай, биресе таңданып, биресе кудуңдап баратканына ичи жылыган. Азыр да ыраазы болуп турду Мурат. Балача чын дилинен кубанып жадыраган келин. Ишенбегендей башын чайкады. Анын таяк жеп жатканына ишенгиси келбеди.

Элестете албай койду. “Ээ, болот да, — деди анан өзүн жооткото. – Үй-бүлө болгон соң, казан-аяк кагышат да…” Санаасы тына түштү. Улам бир сүрөттү таңданып да, жадырап да карап баратканын кайрадан элестетти. Өзү да таңдана түштү. Чын эле, эмне үчүн аталары менен куурчактар гана? Эмне үчүн?.. Ойго чөгүп, дымып калды да, туталана баштады. Аталары, анан куурчактар… “Тартат да!.. – деди акыры кыжына. – Тирүү кишилерди эмес, куурчактарды. Өздөрү тирүү кишилер менен жүрбөсө, куурчакты тартышат да. Тирүү кишилер менен жүрүшпөсө… Ата-энеси менен бирге болушпаса, аларды уктаарда гана көрүшсө, тирүү кишилерди көрбөгөнү ошол да…” Муратка балдар жалгыз, кароосуз калгандай сезилип кетти. Эч бир жан жоктой, ар бир бала, куурчагын кучактап, өзүнчө жалгыз калган сыяктуу. Өзүн да жалгыз сезип кетти. Куурчакты эсинен чыгарып, аялдарга өттү: “Аларды ким эле жүрөгү жылып тарта койсун, эртеден-кечке эле алкылдап өкүрүп жатса. Бүт баары радио болсо. Алар үчүн баарына күнөөкөр – бала. Күйөөсү ичип келсе да, толгондон ушул эркекке күйөөгө тийгени үчүн да, өзүнүн төрөгөндүгү үчүн да, бу баласынын төрөлүп калгандыгы үчүн да баласы күнөөкөр. – Башын чайкап, күйүп кетти. – Жанагы алкаш экөөңдү кудай албай койду деп!..”

Чын эле, мындай жекирүүнү көп укту Мурат. Соосунда да, масында да. Көп-көп аялдардан укту, балдардын үндөбөй, күнөөкөрдөй жер карап турганын көп эле көрбөдүбү. Масында анча деле назар бурчу эмес. Соо чагында бир силкинип алар эле. Азыр да силкинип алды. Аялдардын баарын жек көрүп кетти. Ошон үчүн ичишет да… Анан кантип тартсын!.. Бир-бирин байланыштырбай, үзүл-кесил шыбырады. Өч алып жаткандай шыбырады. Атүгүл Каныбектин аялы да жек көрүндү. Мунун эмнесине кубанып күлөт?! Куурчакты тартып койсо эле күлүш керекпи? Ошон үчүн… Ой, кетип калбайбы, таяк жээрин деги билет, качып кетпейби жабышпай. Кайрадан өзүн ээн талаада эңгиреп жалгыз калгандай сезди. Ээн талаага батпай жаткансыйт, өзүнө-өзү батпай жаткансыйт. Жардам сурагандай, букасын карады. Букасы турат. Бейкапар. Ойго чөккөн. Кыжырданды: “Саа эмне!.. Уй болсо болду да…” Кайра букасы аянычтуу көрүнүп кетти: “Букада бир мандем бар деп!.. – Ою кубалап, кайрадан ветврачка алып келди. – Ишке барасыңбы деп такып!..”

Тык токтоду. Ишке барыш керек да. Бүгүн мунун нөөмөтү эмес беле. Кечинде барыш керек. Соо барыш керек, болбосо… Ойлуу отуруп калды. Колун шилтеди да, коркуп да, кубанып да кетти. Ишке барыш керек. Кайдагы иш! Жарым ай болуп калбадыбы бошонгонуна. Бошонгонуна эмес, кубалап ийгенине. Айткан эмес. Аялыначы. Ал биле элек. Иштеп жатат деп кудуңдап жүрөт. Кечээ эле сурагандай болгон: “Сен, эмне, иштебей калгансыңбы?..” Мурат сыр бербеген: “Ким айтат!.. Иштеп эле атам. Мурда үч күндө бир барсам, азыр жарым айда бир жолу. Берки кароолчу экөөбүз ушинтип сүйлөшкөнбүз…” Ооба, биле элек. Айтпаган. Айткысы келген эмес. Корккондугунан деле эмес. Айткандан айбыккан, айтууга негедир дити барган эмес. Бүгүн да барбайт. Буга чочулап да, кубанып да турду Мурат. Чын эле, аялы уга элек. Кудуңдап жүрөт. Эгер укса…

Мураттын тулку бою эмес, жүрөгү, мээси, ою жыйрыла түшкөнсүдү. Аялынан эмес, а өзүнөн өзү айбыгып, жазгана кетти. Өзүнө өзү боор ооруду. Жүрөгү зырп этти. Иш дегенде эле, жүрөгү бир зырп этип алмай адаты бар. Негедир кийинчерээк ушинтчү болду. Эмне үчүн минтет? Буга башы маң. Же иштен көңүлү калбаса, же улам-улам иш которуп жүрбөсө. Өмүрүндө үч эле кызматта иштеди Мурат. Буга кээде өзү да сыймыктанып калат. Улам бир кызмат которуп, мунусуна кадимкидей сыймыктангандарды көргөндө кыжыры келип кетчү. Мунун мактана тургандай эмнеси бар? Бир ишти аткара албаса, кубалап жиберет, анан аргасыздан экинчисине, үчүнчүсүнө… Кубалап чыккандыгына корстон болуп. Өзүчү? Селт этти да, өз оюна кошулбагандай башын чайкады. Ичин кандайдыр бир жылуу нерсе өрдөп кеткендей болду. Оо анда… Анда килтейген складды кармачу. Эч кимди тушарына теңебей жүргөн учур. Окууну жаңы эле бүткөн. Болгондо да Самаркандан. Жаңы эле үйлөнсө керек эле. Бейкапар. Элдин баары – улуу-кичүүсү дебей: “Муке… Муке…” – деп турушчу. (Азыр деле Муке дешип атпайбы!.. – деп ойлоп койду Мурат.)

Иччү да эмес. Оозуна таптакыр алчу эмес дешке болбойт дечү. Иччү. Бирок өзү атайын ичейин деп иччү эмес, кубалачу эмес. (Азыр деле… — деп койду Мурат биресе актангандай, биресе мойнуна алгысы келбегендей. – Табылса эле…) Кулак-мээ тынч. РААПКОПтун орун басары – досу. Экөө чогуу окушкан. Кээде телефон чалып калат: “Муке, баратам, даяр тур. Менде баары даяр…” Баары даяр эле. Машинеси менен заматта жетип келчү. Баары даяр. Баары бар. Тоок, шишкебек. Арак… Суктана кетти Мурат, эңседи. Баары… Баары… Жада калса… Аялдар да. Аялдар деле эмес, жаш эле келиндер. Анан кетишчү. Тоого жөнөшчү. Капчыгай. Суунун жээги. Ичмей. Анан… Кечинде кайтышмай. “Кайда жүрдүң?” – дечү аялы шек билгизбей. “Чогулушта…” – дечү кызымтал Мурат жалтактап. Чын эле, адегенде Мурат жалтактап турчу, көзүн ала каччу. Көнбөгөндүк экен да. Көнгөндөн кийин… Колун шилтеп койду Мурат. Адам болобу, айбан болобу, эркек дегениң эркек экен да, алмаштырып турбаса болбойт көрүнөт. Айгырды карачы, бир барган бээсине экинчи барат бекен? Адам деле… Мурат актангандай башын ийкегилеп койду. Жыргал күндөр өтүп жатты мемиреп. Мурда кээде-кээде болсо, бара-бара ай сайын, анан жарым ай, анан жума сайын тоого жөнөмөй. Баары даяр. Үчөө келишет. Досу, анан эки келин. Такай эле ал экөө келе бербейт, алмашып турушат. “Баягыларың эмес го?..” – дегендей досуна суроолуу тигилет. Досу түшүнгөндөй, жылмая колун шилтейт. Татынакай келиндер. Кийин Мурат өзү да тапчу болду.

Ушу айылдан эле. Досу чалганда: “Бирдеме илиндиби?.. – дечү эрдемсип. – Илинбесе быяктан эле…” Күтмөй. Телефондун шыңгырын күтмөй. Кээде түн ичинде телефон шыңгырап жаткансып, чочуп ойгончу. Башын чайкап, тутулана кетти Мурат. “Киши деле эмес! – деди кыжына. – Аялдарың киши деле эмес, кудайды деле алдап коёр энеңди!.. Эчтеке болбогондой, эч бир сыр бербей. Кечээ эле сенин койнуңда кыңшылап жатканын мойнуна алгысы келбей!..” Ичи туз куйгандай ачышып кетти. Көп эле жолуктурду, азыр да жолуктуруп жүрөт. Баягы өзү менен капчыгай ичинде чардаган келиндердичи. Айрымдары ооз учунан гана учурашымыш болот, айрымдары мен сени кайдан көрдүм эле дегендей керсейишет, айрымдары ушинтип калдыңбы, ушуну көрмөксүң деп табалап жаткансыйт. Муратка ушундай туюла берет. Ичи ачышып, заманасы куурулат.

Унута албай, өзүнчө ашата баштайт. Ушунда бир арданат Мурат. Жана ичин өрдөп бараткан жылуулук азыр кайра музга айланып, ичин ачыштырып кирди. Өзүнө өзү аянычтуу көрүндү. Аялына кыжырданды. Арызданбаганда. Кармалбаганда. Эх!.. Кармалып калган. Болгондо да аялына. Суу жээгинде айда чардап жатышса, аркы өйүздө эчтеке көрбөгөн кишидей бейкапар аялы турат. Соолуга түшкөн Мурат. Сүйлөй, атүгүл кыймылдай албай калган. Актанган Мурат. “Шеф болсо, өзү чакырып жатса… Анан кантип… Эртең эле кызматтан…” Үйгө келгенде баш-аягы жок ушинтип актанып кирген. “Жетишет! – деген аялы. – Экөөң тең акмак экенсиңер. Ушуну менен канча жолу, канча жолу, ыя?! Мени, эмне, билбейт дейсиңби, мен эчак эле билгем…” Сүйлөшпөй жатып алган. Эртеси төраганын өзүнө барыптыр арызданып. Муратты чакыртты. Барды. (Жакшы киши эле жакшы болот экен! – деп ойлоп койду Мурат.) Урушкан деле жок. Ишин сурады. Атүгүл жакшы иштеп жатасың деп кыйыткандай да болгон. “Досуңдун шиши толду, — деген акыры күлүп. – Толмок турсун ашып кетти…

Эми, — деген анан кайра жылмая, — катындар менен кимдер гана жүрбөгөн. Бирок көзүнө чалынба да, толгондон аялыңдын өзүнө… — Башын чайкап-чайкап туруп. – Бар эми, иштей бер…” (Чын эле, жакшы киши жакшы эле болот экен деп кайра ойлоп койду Мурат.) Көп өтпөй досу кызматтан шыпырылды. Топо менен мезгил дегениң өзөктөш тура, баарын суутат экен да. Аялы да тултуюп унчукпай жүрүп, бара-бара унута баштады. Атүгүл кээде Мураттын кармалгандагы абалын сүрөттөп айтып берип, шылдыңдап күлүп калчу. Мурат айбыкчу. Аялынын кантип билип койгонун, баарынан да ошол күнү кайда отурганын кандайча билип алганын сурагандан жазганар эле. Таңдангандай башын чайкап тим болчу. Бирок акыры билди. Аялына ким жеткиргенин, ким көрсөтүп бергенин укту. “Ой сыболучтар!.. – деди заманасы куурула Мурат. – Буларың киши деле эмес, киши деле эмес!.. Ошон үчүн катын дейт да!..”

Аялы айтып берди. Кийин-кийин айтып берди. Кимден укканын, ким көрсөтүп бергенин. Ким дебейсиңби?.. Мурат муштумун түйө кекенди. Өзү менен эки-үч жолу чардаган бир келин айтып салыптыр. Эмне үчүн айткан? Ийнин куушурду Мурат. Бирок, сурай алган эмес. “Ал кантип билиптир, эмне үчүн айтты?” – деп сурагандан жазганган. “Өзүчү?..” – деп баратып, тык токтогон. “Ой, энеңди!.. – деди ого бетер кекене. – Киши деле эмес. Ишенип болбойт. Ушинтип атышса, кантип ишенесиң?!” Экинчи жолу кармалды. Болгондо да өзүнүн складынан кармалды. Эшигин илип алууга жарабаптыр. (Мастык да!.. Энеңди!.. – деп өзүнө кыжырдана кетти Мурат.) Дагы актанып кирди. Мастыгына шылтады. (Алдашышпаса кишилер эчак эле тукум курут болуп калмак окшойт, — деп ойлоп койду Мурат.)

Төрага дагы чакыртты. Мында да урушкан жок. Атүгүл эмне үчүн чакырганын да оңгулуктуу айтпады. Адаттагыдай эле ишин сурады. “Арызыңды жаз!.. – деди акыры өкүм. – Эртеңден баштап складыңды өткөргүн. Кишилер барат”. Мурат үндөй алган жок. Жазып берип, ордунан турду. Коштошуп чыга берерде, төрага боор ооругандай: “Менин жардамым ушу, — деген, — складдын жанындагы дүкөнгө дүкөнчү бол…” (Жакшы киши эле жакшы болот экен да, — деп кайрадан ойлоп койду Мурат.) Эңги-деңги болуп чыккан Мурат. Эшикке чыккандан кийин тим эле жер көчүп кеткендей болгон. Ичи эңшерилип, эси эңгиреген. “Көп болсо складын алар!..” – деп ооз көптүрө көп эле айтчу. Бирок ажыроо мынчалык оор экендиги үч уктаса түшүнө кирген эмес. Баарын ызырына ашаткан: досун, келиндерди, складын, аялын… Аялына келгенде, негедир эсине Айна түшкөн. (Эмне үчүн, кызык… — деп ойлоп койду Мурат.) Айна менен катар энесин эстеген. Качанкы Айна эле, андан бери канча жыл өттү, азыр көрүшсө, бир-бирин таанышпаса керек. Айна эчак эле турмушка чыккандыр, ким билет, балким, Баатыр эне болуп да калса керек.

Айна… Айна… Айнаны эстеген Мурат. Анда Мураттын солкулдап турган кези. Армиядан жаңы эле келип, кышында жылаңач чыгып, карга жуунар эле. (Ар деле жок экен да, — деп ойлоп койду Мурат, — карга жуунуп… Эки-үч күндөн кийин эле унутулду да калды.) Жайында окуйм деп шаарга келген. Айна менен таанышкан. Финансы техникумунда окуйт экен. Кечкурун техникумга көп барышар эле, үч-төрттөн болуп алышып. Кыздар терезеден башын чыгарып карап турушар эле. Киного чакырышчу. Жаман деле ойлору жок болучу. Киного барууга макул болушса эле болду, ошол чоң олжо. (Азыркылар эле энеңди!.. – деп кыжына кетти Мурат. – Тааныбай туруп эле тырпырата баса калышат. Букадан да жаман!..) Айна экөөнүн ымаласы келишип калды. Бир жылдай жүрүштү ээрчишип. Уяң, ыймандуу экен да эми ойлосо. Айначы. “Баары колдон келмек… — деп ойлоп кетти Мурат. – Айна деле баарына макул болмок. Баарына, баарына… Бирок, мен…” Өзүнчө сыймыктана кетти Мурат. Өзүнө өзү ыраазы боло кетти. Экөөнүн баш кошоруна эч ким күмөн санабай калган эле. Аңгыча атасы дүйнөдөн кайтып, Мурат айылга кетүүгө мажбур болду. “Жакын эле эмеспи, сөзсүз келип турам…” – деп Айнаны ишендирди. Кызык… Айылга келгенден көп өтпөй эле унутуп калгандай болду Айнаны. Эстеди дечи, бирок… Эстеп гана койчу… “Эмне үчүн? – Мурат селт этти. – Эмне үчүн?..

Экөөбүз эгиз козудай ээрчишип… Анан эле… Эмне үчүн?..” Ийнин куушура, башын чайкады. Ошентип, бир ай өттү, эки ай өттү… жылга чукулдап кетти. Бир күнү үйүнө келсе, энеси силкинип отуруптур. “Ме, окучу! – деди чубалжыган катты сунуп. – Ушу кыздын убалы кимге? Ушундай эле болгон карындашың турбайбы маңдайыңда! Бар, баргын да, алып кел. Көрбөсөм да билип турам, ыймандуу неме экен!..” Айнанын каты экен. Карындашы ачып туруп, апасына окуп берип коюптур. “Тү-үү!..” – деген ошондо, сөзсүз келип турам деген убадасын эстеп. Өзүнө ошондо таңданган. Унутуп баратканына, жөн эле унутуп баратканына таңданган. Акыры барган Айнага. Айна үч кыз менен келатыптыр. Муратты көрө койду да, бир орунда катып калды. Анан тызылдап чуркап келип, Муратты мойнунан кучактап, ыйлап жиберген. Мурат эмне дээрин билбей, солдоюп туруп калган. “Болду эми… — деген анан мукактана. – Келбедимби… Кыздарың карап турат, уят да…”

Бул сөздү угары менен Айна колун шак тартып алып, мостоё түшкөн. Экөө үн-сөзсүз кыйлага басышкандан кийин, Айна сөз баштаган: “Мени эстедиңби?” “Эстедим…” – деген Мурат ишенимсиз. Айнанын үнү кайрадан дирилдеген: “Сагындыңбы?..” Мурат мукактана калган да, үн-сөзсүз башын ийкеген. “Анда неге?..” – деп суроолуу тигилген Айна. Мурат чынын айткан: “Билбейм…” Дагы үндөбөй калышкан. “Сүйлөчү…” – деген Айна жаракөрлөнө. “Эмнени?..” – деген Мурат кайдыгер. “Кой, мен кетейин…” – деген Айна көп өтпөй жылмайымыш болуп. Мурат эмне дешти билбей калган. Үндөбөстөн Айнаны ээрчиген. Жатаканага жакындай бергенде, Айна Муратты бир жалт карап алган да, чуркаган бойдон жөнөгөн. Артын кайрылып караган эмес. Мурат турган ордунда селейип катып калган. “Эмне үчүн? – деди Мурат ташты теше тиктеп. – Эмне үчүн?… Эмне үчүн?..” Бирок суроону эмне үчүн берип жатканын таппады.

Күткөн Мурат. Дагы кат келеби деген. Келсе, карап тур… — деген. Келген жок. “Эмне үчүн?.. – деди Мурат кайра. – Эмне үчүн?.. Эмне үчүн?..” Бирок бул суроону эмне үчүн берип жатканын дагы эле таппады. Ооба, ошондо негедир Айнаны эстеген, кызматтан кол жууп, ичи эңшерилип келатып, негедир ушул Айнаны эстеген. Анан энеси эсине түшкөн. «Бу кыздын убалы кимге?!.” – деген энеси. Энеси неге минтти экен? Ал кадыресе эле каттай туюлбады беле Муратка. Ошо катта эмне деп жазылганын эстегиси келди. Эстей албай койду. Убалы?.. Кандай убалы?.. Баары колунан келмек. Баары-баары… Айна да баарына макул болмок. Баарына, баарына… Бирок барган эмес Мурат. Өзүн жооткото кетти. Кайра таңданды. Эңшерилип келаткан Муратты Айна толтуруп кеткендей болгон. Мурат ымыркай чагына бир кайрылып бара калып, энесинин мамасын чопулдата соруп, анан эси ооп көшүлүп бараткандай мемирей түшкөн. Энесинин төшүнө жазданып көшүлүп бараткандай жаны жыргаган.

Баса, Айна менен апасынын ортосунда кандайдыр бир окшоштук бардай туюлбады беле! Айтор, Айна эңшерилип келаткан Мураттын көңүлүн бир сергитип кеткен. “Энесин урдум!.. – деген Мурат өзүн жооткото. – Складың эмне экен?!. Чарчадым. Баарынан: ишинен да, арагынан да. Бир эс алайынчы…” Складында отуруп, өзү жалгыз бир бөтөлкөнү шыпкап (Кызык, ошондо өмүрүмдө биринчи жолу өзүм жалгыз отуруп арак ичкен экенмин, — деп ойлоп койду Мурат), үйгө темтеңдеп келген. Эс алайын деп ойлогон Мурат. Баарынан: иштен, арактан… Ушинтип жооткоткон өзүн. Адам дегениң ушул экен да – өзүн жооткотуп, алдабаса болбойт экен да. Антпесе, өзүн өзү тирүүлөй жеп коёт тура. Муну Мурат акылы менен болбосо да, жүрөгү менен туйган. Складын аман-эсен өткөрүп берди. Бир досу кадимкидей таңданган: “Ит экенсиң! Сени түшөт дегенде, чынымды айтайын, канчага сынаар экен байкуш дегем. Ит экенсиң, биз менен чогуу аракты ышкыртып эле жүрчү элең. Анан ушундай килтейген складдан аман-эсен чыгыш…” Мурат да корстон болуп, компоюп калды. (Чын эле, — деди азыр Мурат таңдана да, сыймыктана да, — бир да жолу сынган жокмун. Складдан да, дүкөндөн да…)

Складдын күйүтү бара-бара унутула баштады. Бирок складын көргөндө жүрөгү бир зырп этип алчу. Айлык алганда да зырп этчү. Дүкөнчүлүк айлыгын биринчи жолу алганда кадимкидей туталанган. Аялы да жинине тийген. Айлыгын аялына бергенде, ал санап туруп: “Ушул элеби? Аз го? Складда иштегенде…” – деген сөзүнүн аягын жутуп. Туталанып араң турган Мурат өзүнүн жан жерин колу менен нукуп: “Мобуну дагы корусаң, дагы азаят!..” – деген. Аялы түшүнбөй элейе карап калган да, эмне дегени башына жеткен соң, “жинди десе…” – деп күлүп тим болгон. (Катыра жооп берген экенмин, мындай жоопту мээңди чиритип отуруп да таппайсың… — деп өзүнө кубанып койду Мурат.) Ооба, эс алайын деп жооткоткон өзүн Мурат. Жооткотуу… Жооткотуу оңой эле экен да! Мурат кыжырдана башын чайкады. Анын көзүнө мелмилдеген көл, анын үстүндө магдырап калкып бараткан киши тартыла калды. Көл үстүндө калкып, жаның жыргап мемиреп баратасың. Көл сени билдирбей соруп баратат. Мемиреп калкып да баратасың, ушул эле маалда сорулуп чөгүп да баратасың. Күтчү Мурат.

Жумуш күнүнүн бүтүшүн зарыга күтөр эле. Атүгүл кээде өзү жумушум бүтсүн деп эле иштеп жүргөндөй туюлуп кетчү. Коркчу Мурат. Жумуш бүткөнчө бирдеме сеп этип албагай элем деп коркчу. Бу жашоодогу өтө оор нерсе өзүңдөн өзүң коркуу болот экен да! Мурат ушинтип ойлоп койду. Жумуш аяктаары менен кирчү. Кээде өзү жалгыз, кээде кишилер менен. Эртеси жумушка келатканда каргана кетчү: “Бүттү.. Бүгүн оозума алсам элеби!.. Сөзсүз!..” Бирок көп өтпөй эле көөдөнү аңгырап, ишке көңүлү чаппай, туталана баштачу. Бир нерсе, болгондо да негизги нерсе, жетишпей жаткансыйт. Анан жумуш бүтөрү эсине шак дей түшчү да, кабагы жарк этип ачылып кетчү. Ошондо дагы бир жолу бу жашоого жумуштун бүтүшүн гана күтүү үчүн жаралып калгандай туюлуп кетер эле. Аңгыча эле ичимдикке тыюу салган закон чыгып калбаспы. Мурат сүйүнгөн. Көктөн тилегени жерден табылгандай болгон…

“Ырас болду!.. – деген чын дилинен кудуңдай. – Мунун шылтоосу менен бу балакеттен…” Эл да дымый түшкөн. Өлүм өкүмүн уккан адамдай деңдароо боло дымый түшкөн да, анан эсине келип, өлүмдөн эптеп кутулуп кетүүгө жан далбас кылгансып, жабыла кыймылга киришкен. “Кутула албайт окшойсуң… — деп ойлой кетти да, өз оюнан корккондой селт этип алды. – Кутулуш үчүн бир эле жол бар экен, башында татпай коюшуң керек экен да…” Негедир чийки эт эсине түштү Мураттын. Болгондо да бузулуп, жыттана баштаган чийки эт. Бир бузулса, кете берет экен да. Туз эмес, көк ташка чыласаң да кеткени кеткен. Былжыган эттин жыты ургандай жипкирип, көңүлү айный түштү. Өзүнө өзү кыжынып, туталана баштады да, кайра өзүн өзү жооткотту: “Мен, эмне, талаада калыптырмынбы. Сурабайм… Жалдырабайм. Табылса… Мончого түшөм, арылам. А тигилериң… Мончону билээрин бир кудай…”

Бу дүйнөгө өзүн өзү эптеп жооткотуу, алдоо үчүн келгендей туюлуп кетти Муратка. Буга кошул-ташыл өзү деле жарым жылдан бери мончого бара электиги эсине келип, ындыны кайра өчө түштү. Аргасы түгөнгөндөй колун шилтеди. “Тигилер… — деп ойлоду көп өтпөй. – Тигилер… Тигилериң ким?..” Мурат экиге бөлүнүп, анын бирөө тике маңдайында туруп алып, ушул суроого жооп күтүп жаткандай туюлду. Мурат кайпастап, өзүн ала качты. Өзүнүн бардык мүчөсү, тулку бою артыкбаштай сезилип, өзүнө өзү батпай турду Мурат. Дагы эле алсыз шыбырап койду: “Тигилер… Тигилер…” Ооба, эл бир дымый түшкөн да, анан мөндүрдөй жаап жаткан ок тып басылгандай, баары жамырап баш көтөргөн. Законуңду менден бөлөк эч ким билген жок окшойт, — деп кыжынып койду Мурат. Өз оюна ынангандай башын ийкегиледи. Чын эле, бу айылда Мураттай эч ким закондун илебин туйбады. Закон Муратты бир көкөлөтүп асманга чыгарып койгон эле го. Дүкөндө арак турат, бирок сатылбайт. Жалдыраган кишилер. Көчө аралап басканда, көчөдөгү кишилер гана эмес, жандыктардын баары, атүгүл үйлөр да Муратты жалдырап карап тургандай туюлчу. Мөлтүлдөгөн бөтөлкөлөр да куду ошол жалдыраган кишилердин көздөрүнө айланып, Муратты жалооруп тиктеп жаткандай сезилээр эле. Ошондо көктө каалгып учуп бараткандай, жаны бир жыргап алчу. Ошентип, каалгып жүргөн күндөрдүн биринде анын дүкөнүнө мурду коңкойгон, сары чийкил, арыкчырай киши кирип калды. Дүкөнүн жапканы аткан. Тааныш да, бейтааныш да. Мурат элейип карап калды.

— Мени тааныбай жатат окшойсуң, береним! – деди тиги киши шыдыр эле.

— Бир жерден көргөнсүп жатам…

— Жарайсың береним. Мен деген:

Жаралган кычкыл, ачуудан

Жазуучу деген бир калктан…

Мурат сүйүнгөндөй күлүп ийди. Эми тааныды. Ырын укканда эле, эсине шак дей түштү. Кантип тааныбасын! Муну айылдын баары тааныйт эмеспи. Атүгүл ырларын жатка айтып жүргөндөр канча.

— Мен шар кишимин, — деди тиги ырын токтотуп. – Көзүңдөн эле көрүп турам, мени өпөңдөгүң келип турат окшойт. Кана, ачык айткын, эмнең менен өпөңдөйсүң?..

Мурат кайрадан элейди:

— Сизди?.. Кантип?..

— Жок, — деди тиги. – Көзүңдөн көрүп турам… Эмне менен?.. Бирдемең… — Муратка тигиле карап калды.

Мурат эми араң түшүндү. Бирдемең… деп мукактана түшкөндө, анан тигиле караганда эле кайдан-жайдан экени белгисиз, бирдемелер башына тизилип келе калгандай болду.

— Бирдеме… — деди анан шашып алактай. – Сизге… Бирок… Вино эле…

— Ээ, вино эмес, балакети болсун. Экөөбүздү эптеп жайлай алса болду да…

Мурат үч литрлик банкедеги винодон экини алып чыкты да:

— Сиз атайы келгенден кийин… Үйгө баралы. Шашпай сүйлөшүп отуруп… Тамак менен… Келиниңиз да үйдө жок эле…

— Үй качпайт, кырааным. Бу балакетиңди көз көрүп калды, үйгө чейин чыдаш тозок го. Ушу жерден эле бир жыттап албасак…

Бирөөнү ачышты да, чоң стакан менен экиден тартып жиберишти. Калганын көтөрүп, эшикке чыгышты. Эшикте беш-алты киши жарданып күтүп туруптур. Ушул айылдын эле кишилери. Баары тааныш. Мураттарды көргөндө бир дүргүп алышты. Мурат жазуучуга суроолуу тигилди.

— Бул кыраандар менин батальонум. Экинчи батальонум. Биринчиси шаарда калды. Алардан эптеп суурулуп чыксам, быякта экинчи батальон куралып калыптыр. Далысынан туйган кыраандар да…

Мурат күлгөн. Ачылган банкени аларга калтырса керек эле. Үйгө келишкен. Жолдо карата Муратты мактап, ырын жатка айтып барган. “Көтөнүнө бирдеме тийсе эле кызып калат тура…” – деп ойлоп койгон ошондо Мурат. Чын эле:

— Мобу муштумду карачы… — деген тиги кичине эле узаган соң, муштумун бекем түйүп. – Билсең, ушунун ар бири мурда эки муштум эле го. Эми минтип… Карасаң, ушу да муштумбу, ыя?!. Шаганэм менин, Шаганэм!.. Бул ким экенин билесиңби, ыя? Муну Серёжа дейт, Есенин дейт… Шаганэм менин, Шаганэм… Шаганэ ты моя, Шаганэ!.. Карачы муну, ушу муштумбу, ыя!.. Оору деген… Шаганэ…

Бирде муштумун түйүп, бирде Шаганэни айтып, бирде Есенинди эстеп, тиги жашый баштаган. Мурат кайрат айтып кирген: “Сиздей кишилер жок да. Коюңуз. Оору эмне?.. Сиз турганда оору…” Акыры өзү да жашып кеткен. Анан: “Сиздей кишини кантип жалгыз жиберейин. Сиз деген… Жазуучулар үйү, эмне, мобу карыш эле жерде эмеспи!..” – деп анын артынан теңселип чыкканын бир билет, калганы таптакыр эсинде жок. (Ошону караманча эстей албай койдум, энеңди!.. – деп ойлой кетти Мурат.) Эки-үч күн өтүп-өтпөй эле дүкөнчүлүктөн шыпырылды. Аракка каршы закондун илеби эми тескери жактан уруп кетти. Көрсө, киши узатмакчымын деген жакшы эле ниетте чыкса да, дайнын таппай калып, участкалык милиционерлерге өзү эле барып түшүп бериптир. Мындайдан көзү катып турган алар тим коймок эле, эртеси эле чуу түшүрүп жатып калышат. Ошентип, көктө каалгып жүргөн Мурат жерге талп дей түшкөндөй болду. Отурду да калды. Бирок күттү.

Күн сайын кимдир бирөө кирип келчүдөй болуп, күтө берчү. Эмне үчүн күтүп жатканы, эмнени күтүп жатканы белгисиз эле, бирок күткөнү күткөн. Мал-салды карамыш болот, айыл аралап, ар ким менен сүйлөшүмүш болот. Бирок күтөт. Кимди? Эмнени? Билбейт. Күн токтоп калгандай. Көөдөндөн жаны учуп кетип, анын ордунда күтүү эле калгандай. Азыр көөдөнүн жылуулук өрдөп кетти. Күткөн күндөрүнүн бири өзгөчө эсинде калган экен. Ошону эстеди. Петька деген досу келиптир. Эртең менен эрте эле кирип келди. Колунда эки гезитке оролгон бирдемеси бар. Шампандан бөтөлкөсү экен. (Деги орус дегениң жакшы эле калк, — деп ичи жылып шыбырап койду Мурат, — таппаганы жок… Мурдуңа бирдеме илинсе эле, бөлүшкүсү келип турат…) Мунуң эмне дегендей суроолуу тигилди Мурат. Тиги эки жакты элеңдей карады да: “Арак… — деп шыбырады корккондой. – Таза. Таза арактан да таза…” Ишенген жок. Ичишти. Даамы менен жыты бөлөкчө болуп турат дечи, бирок күчү кадимкидей экен. Сүйүнүп кеткен Мурат. Кайдан алдың дегендей, тигиге суроолуу караган. Ал болсо корккондой дагы эле эки жагын элеңдеп карап, үнү дирилдеп: “Ты знаеш, Миша, писатели – самый умный народ. Слышь… самый умный народ… Они умеют делать всё. Из ничего делают. Самый умный и гуманный. Почему я до этого не знал. Почему их не уважал. Почему, а?!.” – деген да, Муратты кучактап жашыган.

Бул бөтөлкө колго тиери менен эле Муратты эстегенин, баягында таң азанда карайлап келатканда, Мурат алдынан чыгып өлүмдөн алып калганын, Мураттын бул жакшылыгын өлгөндө да унутпастыгын айтып, ого бетер жашыган. (Орус калкы чын эле жакшы калк, — деп кайра ойлоп койду Мурат.) Акыры чөнтөгүнөн куду өзүнүн кийминдей бырышып-тырышкан бир сомдуктарды уучтап чыгып, Муратка сунган: “Эми сен барып алгын. Менден шек санап калышты окшойт. Бербей коюшу да мүмкүн…”

Мурат эчтеке түшүнгөн жок. Элейе карады досуна. Досу да үндөбөстөн, ээрчитип жөнөдү. Экөө дүкөнгө келишти. Чарба дүкөнүнө. Досу эки жакты элеңдей карады да: “Мен ушу жерде жашынып турайын. Көрүп калса, саа да бербей коёт. Дүкөнгө киргин да, шек алдырбай ВФ-4 деген клей барбы деп сура. Бейкапар сура. Болбосо… Башка клейдин кереги жок. Жарабайт. ВФ-4 жайнап турат. Сөзсүз ошону ал. Онду ал…” – деди шыбырап. Мурат дале эч нерсе түшүнбөй, дүкөнгө кирип кетти. Сурады. Бар экен. Досу айткандай жайнап туруптур. Онду бер деп сурады эле, дүкөнчү аңырайып эле карап калды. “Кызык, — деди анан күлүп, таңданганын билдиргиси келбегендей, — мурда эч ким деле алчу эмес эле. Кечээтен бери эле бир жазуучу менен Петька биринен сала бири келе баштады ушу клейди сурап. Кызык…” Мурда эле таңданып турган Мурат ого бетер айран калып, клейди көтөрүп эшикке жөнөгөн. Мураттын бош келатпаганын көргөндө, тиги сүйүнгөнүнөн күлүп жиберди. Экөө ээрчишип, Жазуучулар үйүнө келишти. Эшигин какпай эле бир бөлмөгө кирип барышты. Өзү менен далай жолу бирге ичишкен жазуучуну көргөндө, Мурат сүйүнүп кетти.

Экөө кучакташып көрүштү. Экөө тең кызуу эле. “Алып келдиңби? – деди тиги алып келгенин көрүп-билип турса да. Анан жадырап. – Азаматсыңар, алтындарым!.. Бирок муну бизден бөлөк эч ким билбеши керек. Болбосо…” Ушинтти да, клей менен лимонадды аралаштырып, чыбык менен чала баштады. Мурат аны жалдырай тиктеп, үнсүз тура берген. Петька кудуңдап күлүп коёт. Мурат бирде өзүнчө шыбыранып-күбүрөнүп чалып жаткан жазуучуну, бирде чалган сайын башын ийкегилеп кудуңдап отурган Петька досун карап, жалдыраганы жалдыраган. Жазуучу үн чыгарып сүйлөбөдү. Оозун гана кыбыратат. Толмочунан келген, орто бойлуу, көздөрү жүлжүйгөн бул жазуучуну баары таанычу. Кишилер гана эмес, бул айылдын иттери да куду өз ээсин тааныгандай тааныр эле. Ал күз-кыш дебей Жазуучулар үйүндө жүрүп, күн жылыганда эле жылт этип жоголуп кетчү. Иштеп-иштеп чарчаганда, айыл аралап чыгар эле. Айылга чыкты дегиче, ичкени кетти дей бер. Күзүндө аш болобу, той болобу, өз кишисиндей эле кирип барчу. Аш болобу, той болобу “тоюңар тойго улансын!” – деп күлүп койчу. Эч ким эрээн-төрөн алчу эмес. “Азыр деле ушундай…” – деп ичи жылый шыбырап койду Мурат.

Баякүнү эле жолукпадыбы. Жоон топ киши кыраан-каткы түшүп жатыптыр. Ортосунда ушул жазуучу. “Арактын деле пайдасы тиет экен, энеңди… — деп ал бакылдап жатат, — бир кырсык болгонун билбей калып, нервиңди сактайт экенсиң. Мына, мен бир күнү көзүмдү ачсам эле, гезити деле, радио менен телевизору деле ГКЧП деп чуулдап жатышат. Бул эмне балакети деп коём. Көрсө, ошо маалда оюн салып жүрүп, төңкөрүш болгонун билбей калыптырмын. Анан бир күнү көзүмдү ачсам эле чуру-чуу – ГКЧП деп чурулдап жүрүшөт баары. ГКЧПсы эмне экенине башым жетпей жатып, кайра кулап кеткен экенмин. Дагы көзүмдү ачсам, СНГ дегени пайда болуп калыптыр. Кайран СССР жок… Буларга мына-мына көнүп баратканда, дагы кулаган окшойм, көзүмдү ачсам эле, орустардын Ак үйүн ремонттоого миллиондогон акчалар керек деп эле дүңкүлдөп жатышыптыр. Көрсө, мен уктап жатканда аткылаган экен. Мындан көп өтпөй дагы көзүм жумулуп кеткен экен, анда социализм эле, көзүмдү ача салсам эле, капитализмде жүрөм…” (“Мен мунун баарын тең билгем!..” – деп сыймыктанып койду Мурат.) Ошентип, көзүн ачып-ача албай жүрүп ГКЧПны да, СНГны да, Ак үйдүн аткыланганын да билбей калган жазуучу оозун кыбыратып кыйлага чейин аралаштырган да, бир маалда “бүттү!” – деп буйра сүйлөгөн да, чыбыкты тартып алган. Чыбыкка илешип, чубалжыган бир ак нерсе чыккан. Колун аарчыганы ал ары басканда, Мурат Петькага суроолуу тигилген. Тиги ого бетер кудуңдаган: “Вот… Я же тебе сказал, самый умный народ – это писатели… Вот… Сейчас…”

Бир аздан кийин эле баягы бөтөлкөдөгүнү стакандарга куя баштады. Биринчи ал өзү тартып жиберди, анан Петька. Кезек Муратка келди. Ал да тартып жиберген. Ошондо түшүндү. Куду эле эртең мененки ичкен арагындай экен. Сүйүнүп кетти. Башына “оңой эле турбайбы!..” – деген ой келди. Ушу ою аны кубанычка бөлөп салды. Санаасы тына түштү. Химия сабагын эстеген ошондо Мурат. Мектепте да окуду, институтта да окуду. Түшүнчү эмес. Формула менен формула кошулуп, анан андан жаңы бир формула пайда боло берчү. Химияны ушундай гана элестетчү. Канча мээ коротподу. Көрсө, химия быякта экен да. Бир күндө, бир эле саатта билип алса болот экен да химияны!.. Ушу балакет үчүн канча чертмек жебеди. Химия сабагынан олбурлуу агай берчү. Дайыма ичип келер эле. Химияны андай эч ким билбейт, атүгүл район боюнча анын алдына эч ким чыга албайт деп макташчу. Бирок дайыма жыттанып жүрчү. “Ушул үчүн жүрөт да. Болбосо, эчак эле көтөрүлүп кетпейт беле!..” – деп атасы ага боор ооруп калчу.

Ушу агайы сабагын көбүнчө: “Балдар, адамдын мээси – жогорку материя. Аны эзиш керек…” – деп баштаар эле. Өңгөсүн билбейт, Мурат буга түшүнчү эмес. Материясы эмне, эмне үчүн аны эзиши керек? (Азыр деле оңгулуктуу түшүнбөйм буга, — деп ойлоп койду Мурат.) Ушинтчү да, сабагын баштачу. Формула кошуу формула, анан дагы бир формула. Билбей калсаң урушчу эмес, эркек балдарды жоон манжалары менен бир чертчү да: “Айтпадым беле, мээ деген жогорку материя. Аны эзиш керек…” – деп койчу. Мурат бул сөздү далай укту. Формуладан формула чыгара албай кайпастап отурганда эле, азыр чертет дегендей эки көзүн жума калчу. Көзү өзүнөн өзү эле жумулуп кетчү. Башка жеп, көзүнөн жаш кылгыргандан кийин, бир балээден кутулгандай жеңилдей түшөр эле. Агайы мугалимдиктен кеткенде, эркек балдардын көбү сүйүнгөн. Баштары да сергий түшкөндөй болгон. (Келесоо экенбиз да, — деп ойлоп койду Мурат. – Андан кийин химияны кимдер гана окутпады. Бирөө да анын чыпалагына да тең келген жок.) Агайын айдап чыгышкан. Бир күнү ал адаттагыдай эле: “Балдар, адамдын мээси – жогорку материя. Аны…” – деп баштап келатканда, чыканактай болгон бир сары кыз ордунан серең эте ыргып туруп, суроо узатып калган: “Агай, арактын формуласы болобу?” Балдар дуу күлүп жиберип, корккондой кайра дымып калышкан. “Бар, — деген агайы эчтеке болбогондой. – Менимче, болуш керек. Болууга тийиш…”

Анан досканын бети толгуча формула менен формуланы кошуп отуруп, акыры бир формулага колун жаңсап, мына, арактыкы мобул болуш керек деген. Ушундан көп өтпөй эле аны мектептен айдап чыгышты. Директор менен ымаласы келишпей жүргөн экен, ким жеткиргенин ким билет, айтор, арактын формуласы жөнүндөгү сөз ага да шак дей түшүптүр. Муну угары менен чырагына май таамп, райОНОго чейин арызданып, “окуучуларга сабак өтпөй эле, арактын формуласын үйрөтөт экен, аракты кантип жасашты үйрөтөт экен, химия сабагында окуучулардын оозанган сөзү эле арак” – деп жүрүп, акыры кетирип тынды. Ошо бойдон агайы кайрылып мектепке барган жок. Иштебеген иши калбады көрүнөт: чөп чапты, трактор айдады, койчу да болду. Аны көргөндө негедир Мураттын жүрөгү зырп этип кетчү. Саламдашары менен эле ал күлүп койчу: “Баягы чертмектер эсиңдеби, Мурат? Адамдын мээси – жогорку материя. Аны эзиш керек…” Агайынын бирөөдөн бирдеме сурап кагуу жеп калганын, же кимдир бирөө ага акыл айтып жатканын көп учуратты Мурат. Ал какканда да үндөчү эмес, акылды да үндөбөй, башын ийкегилеп укчу. Ары басып кетишкенде гана, аларды узата карап: “Аа, энеңди урайындар, аа… — дечү заманасы куурула, башын чайкап, — силер эмнени түшүнөсүңөр!..”

Мурат да бир жолу ага акыл айтымыш болгон. “Агай… — деген тарткынчыктай, — бир беш мүнөткө чыдап койсоңуз, беш эле мүнөткө… Өтүп кетет, баары өтүп кетет…” “Аа, айланайын, аа… — деген тиги жалооруй, — аны мен билбейт дейсиңби, сенден да жакшы билип турам. Бирок беш мүнөткө да чыдай албай жатпаймынбы!..” Мурат ынанган, агайынын жалооруган түрүн көрүп туруп, анын чын эле беш мүнөткө да чыдай албай жатканына ынанган. Анан ушу “беш мүнөткө да чыдай албай жатпаймынбы!..” – деген сөзү анын “аа, энеңди урайында, аа, силер эмнени түшүнөсүңөр!..” — деген сөзүнөн алда канча армандуу, сырдуу туюлган Муратка. “Ошондо сураганын бердим беле?..” – деп ойлой кетти азыр Мурат. – Берсем керек. – Сыймыктанып койду. – Сураганын дайыма берчүмүн. Карыздасам да… — Жүрөгү кайра зырп этти. – Ошондо мени узата карап да сөгүнсө керек. – Шыбырады: “Аа, энеңди урайындар, аа… силер эмнени түшүнөсүңөр!..”

Ооба, өлөр-өлгөнчө какшап жүрүп өттү: “Адамдын мээси – жогорку материя. Аны эзиш керек…” Эмне үчүн минтчү? Мурат билбейм дегендей ийнин куушурду. Азыр көз алдына ошондо чыбыкка жабышып чубалжып келаткан бир ак нерсе кадимкидей тартыла калды. Ал нерсе негедир адам мээсине окшошуп кетти. Итиркейи келгендей денесин жыйрыды. “Эзиш керек…” – деди күбүрөп. Агайынын ушул сөзүн эми араң түшүнгөндөй туюлду. “Эзиш керек…” Мындан кийин да далай жолу эзишти. Үчөө: жазуучу, Петька, өзү. Убадалашышкандай жолугушуп калышчу. Анан жөнөмөй. Дүкөнгө көбүнчө Петька кетчү. Мурат болсо анын артынан кирип, бир нерсе издегендей түр көрсөтүп, текчедеги буюм-теримдерди бир сыйра карап чыкчу да, анан жыйылып турган клейге тигилип, санаасы тынгандай компоюп койчу. Бир күнү баягы өзү жакшы көргөн жазуучусуна да жолукту. Толмоч жазуучунун бөлмөсүндө отурушкан. Лимонадга акча жетпей, кимдир бирөөнү күтүп жатышкан. Бир маалда эле жакшы көргөн жазуучусу өзүнө окшогон сары чийкил, кичине толмочураак, чачы тармал бирөөнү ээрчитип кирип келди. Экөөнүн колунда тең жип сетка. Муратты ал шыдыр эле тааныды.

— Тирүү жүрөсүңбү, береним? – деди Муратка.

— Ооба… — деди Мурат.

— Мен да тирүү жүрөмүн.

— Мунуңуз эмне? – Мурат сеткага колун жаңсады.

— Бул да берен, — деп койду тиги күлүп.

Баары күлүп калышты. Көрсө, ал да клей экен. Анан толмоч жазуучу лимонадга акча таппай карайлап турушканын айтып сөгүнүп, келгендерге эмне кылабыз дегендей суроолуу тигилген.

— Ээ, кыраандарым, — деген Мурат жакшы көргөн жазуучу колун шилтеп, — ушуга баш оорутабызбы. Бу лимонад менен сууда да айырма барбы, ыя?.. Экөө тең эле суюктук да. Анан ушу балдардын тамагына да акча коротуп, күнүбүз түшүп… Келгиле, сууга эле…

Сууга чалып киришти. Чын эле, айырма деле жок экен. Даамында эле болбосо, күчү баягыдай эле. Петька экөө тойгончо катырып, көңүлдүү кайтышкан. Жолдо карата Петька: “Вот… Я же тебе сказал, писатели – самый умный народ…” – деп булдуруктап келген. Ошентип жүргөндө эле, капысынан баягы жыйылып турчу клейлер жылан сыйпагандай жоголуп кетпеспи. Бул үчүн Мурат өзүн күнөөлүү сезип кетчү. Ал көптөн бери эч кимге оозунан чыгарбай жүргөн сырын бир күнү кызымтал болуп отуруп, Володяга айтып койгон болчу. “Орустун ушак менен иши болбойт. Эч кимге айтпайт”, — деп ойлогон. Айтмак деле эмес экен байкуш Володя. Бир күнү мас болуп темтеңдеп келатып, каналга күп дей түшөт. Тырбалаңдап чыга албай жатып, коңшусун көрүп калат. “Жардамга!.. – деп кыйкырат жандалбастап. – Агып баратам!..” Коңшусу чуркап келет да: “Азыр агып өлөсүң. Дайыма эле массың, кайдан таап ичип жатканыңды айтып бергин, болбосо…” – дейт. Тиги сөзсүз айтып берем деп жанталашат. Ошентип, болгон төрт сырын төгүп коёт. Ошондон кийин биринен бири угуп, клей алеки заматта жок болду да калды. Аргасы түгөнгөндө шаардагы дүкөндөргө чабуулга өтүштү.

Бирок ал деле бат эле түгөнүп калды. Кийин-кийин жашырын сырды элге ким айтып койгонун билип, Петька кызыганда дайыма Володяны ашатып, ыйлап калар эле: “Сыболуч!.. Дурак. Что он нам сделал?! Предатель!.. Даже хуже Горбачева…” (Азыр ошол клей дүкөндөрдө бар болду бекен? – деп ойлой кетти Мурат. – Болсо да кымбат да. Андан көрө арак… Азыр арактан арзан эчтеке жок.) Анан дагы күтүп калды. Көпкө деле күткөн жок. Ушу букасы келип калбадыбы. Букасын карады. Турат. Ойдон ойгоно элек. Ойгончудай түрү жок. Муну уй гана ойготпосо… Селт этти. Чын эле, келбей калдыбы! Сөзсүз келем деди эле го… Карыпчы. Жалдыраган. Өкүндү. Айтса болмок. Июнда качса, мартта тууп берерин эскертсе болмок. Башын чайкады. Букасы… Ооба, букасы. Букасын карап, кыйлага туруп калды. Кайрадан аянычтуу көрүндү. “Ушундан көрө сатып жоготом!” – деп далай жолу оолукканын эстеп, ого бетер ичи тытылды.

Күзүндө этке төгөм деп ойлочу. Ошондо жок дегенде 500дү басат. Ошентип жүргөндө эле уюн жетелеп келини келип калбадыбы. Бир бөтөлкө. Анан дагы бири, дагы бири… Мураттын кадыр-баркы көтөрүлө түштү. Эл катарына кайрадан кошулгандай болду, атүгүл баягы складчы, дүкөнчү кезиндегидей эле “Муке!” – деп кайрылгандар көбөйүп кетти. Улуусу да, кичүүсү да. Өзүн куду бала кезиндегидей бактылуу сезген. Балалык кез. Мурат умсуна жылмайып койду – кадыр-барк жөнүндө сөз боло калганда, бала кезине бир кайрылып бара калар эле. Кайсы класста экени так эсинде жок, айтор, тестиер тартып калса керек эле. Анда кыш өзгөчө болчу. Кар калың түшчү. (Азыр кыштын да берекеси кетти, — деп ойлоп койду Мурат, — кар жарытылуу жаабагандан кийин, кеткени ошол да…)

Мектептен тарагандан кийин эркек балдардын өзгөчө бир эрмеги болор эле. Апакай карга сийдиги менен өз аттарын жазышчу. Ким өз атын толук жаза алса, утуш ошонуку болот. Уткандар дердейип көтөрүлүп калчу. Бул жагынан Муратка эч ким жетчү эмес. Көбүнчө Мурат гана толук жаза алчу, өз атын толук жазууга Мураттын гана сийдиги жетчү. Апакай карда Мурат деген ат канча жолу сапсары муз болуп тоңуп турбады дейсиң. Муну көргөндө ал мектептин ардак тактасында сүрөтү илинип тургансып, ошол сүрөттү баары жабыла карап жаткандай, зоболосу көтөрүлө түшчү. Ардак тактага бир да жолу сүрөтү илинбеди, бирок сүрөтү илинип тургандар да сапсары музга айланган Мурат үчүн Муратты сыйлап турушар эле. Кадыр-баркка тунуп жүргөн ошондой күндөрдүн биринде Мураттын уурулугу билинип калды. Уурулук деле эмес, анын эрдигинин сырын Кудайберди деген бала ачып таштады. (Ошондо эле арамзаада, куу эле энеңди… азыр деле ошол бойдон эле калды, — деп ардана кетти Мурат.) Анын сийдиги “Кудайб” дегенге араң жетип, калганы актай турчу. Буга ызаланып жүргөн ал бир күнү Мурат менен чукчуңдаша кетти да: “Сийдигим жетет деп көбө бербегин! – деди ызырына. – Мурат деген беш тамга, ошо үчүн жетип жатат. А меники он тамга болуп атпайбы, ошон үчүн… Карачы, меники алтооно жетет экен, а сеники бешөөнө эле. Ошондо мен утуп жатпаймынбы, ыя?..” (Кудайберди… — деп шыбырады Мурат кайрадан арданып. – Кудайдын мээнетин алгыр!..)

Жарданып карап тургандар, эмнени айтып жатат дегенсип, бир азга дымый түшүшкөн да, чын эле деп чуулдап жиберишкен. Муратка тим эле жер көчүп кеткендей болгон, ындыны өчүп, каяша айта алган эмес. Азыр өкүндү. “Кудайдын балакетин ал!.. Сенин атыңды мен он тамга кылып коюптурмунбу!..” – деп айтпай калганына өкүндү. Ошентсе да, муз болуп тоңуп турган сапсары Муратты азыр да компоё карап тургансып, ичи жылып кетти. Кайра умсунду. Кадыр-барк… Жетесиң, анан ажырайсың, кайра жетип, кайрадан ажырайсың. Жеткениңди бир туйгандай болосуң, жеткен соң билинбей калат, ойлоп да койбойсуң, качан гана ажырагандан кийин билип, жүрөгүң сыздап кала берет. Умсуна башын чайкады Мурат.

Кадыр-барктан тумтак кол жууп калган күндө да, ажыраганыңды моюнга алып кереги жок, өзүңдү алдап болсо да, мойнуңа албашың керек. Сенин кудурет-күчүң ушунда окшойт. Кадыр-барк кандай гана түрлөнбөсүн, анын баарынын салмагы бирдей эле болот. Мына, сийдигиң менен тапкан кадыр-баркың, складчы, дүкөнчүлүк менен тапкан кадыр-баркың, букаң менен тапкан кадыр-баркың. Буларда эч деле айырма жок – баары тең сени сен кылып турбайбы. Ушуну ойлоп, өзүн жооткотту Мурат. Букасын карады. Кайрадан аянычтуу көрүндү, жоготом дегени эсине түшүп, кайрадан ичи тызылдады. Аялы менен кер-мур айтышуунун көбү жоготом! менен бүтүп жүрбөйбү. “Адегенде семирсин деп жүрдүң, — дечү аялы жаны күйүп. – Мына эми күлчүйүп баса албай отурат. Жоготом дегенден бөлөк колуңдан бок келбейт. Муну сен жоготпойсуң, жогото албайсың. Уктуңбу, жогото албайсы-ыың!..

Бул сени жоготот! Уктуңбу?!” Чын эле, жогото албай келатат. Түрктөргө сатып жиберейин, кымбат алабыз дешпеди беле деп экинчи жолу жакшы эле камынып жөнөгөн, бирок жолдон кайра айныды. Букасын жетелеп үйүнө келди да: “Сыйырың эркек экен деп албай койду, буканын кадырын билбеген сыболучтар!..” – деп калп айтты. Анан үчүнчү, төртүнчү жолу… Жакшы эле чамынып чыгып, орто жолдон кайра айнымай. Улуу кызы турмушка чыгып, акчадан карайлап турганда да: “Баладан сен артык болуп кетипсиңби!..” – деп ызырына жетелеп жөнөгөн. Бирок орто жолго жетип-жетпей адатынча кайра айныган, букасын сатып, эптеп кутулду деп эл күлбөйбү деп өзүн-өзү жооткоткон. Букасын жетелеп келип, калпты ышкырта баштаган сайын, аялы анын сөзүн толук укпай туруп эле: “Мен билге-енмин, — дечү жанын коёрге жер таппай, — ушинтип шелпейип кайра келериңди жана эле билге-ем!..

Карап тур, мунуңду жогото албайсың, бул сени жоготот. Түбүңө эле жетпесеби!..” Чын эле, жогото албай келатат, букасы экөө ээрчишип, түбүң түшкөн бу дүйнөгө батпай келатат. Букасын карады да, жүрөгү зырп дей түштү – өзү менен букасынын ортосунда көптөн бери тымызын кырчылдашкан кандуу согуш жүрүп келаткандыгы капысынан эсине шак дей түштү. Букасын кыйбайбы, кыйбайт. Анда эмне үчүн жоготкусу келет? Жоготкусу келеби, ооба, жоготкусу келет. Анда эмне жогото албай келет? Болуптур, кыя албай жатат дейли, бирок эмне үчүн кыя албайт? Эмне, өтө жакшы көргөндүгүнөнбү? Эмне, ушу букасы койнунда жаткан аялынан, аймончоктой болгон беш кызынан да кымбатпы? Өз суроосунан корккондой селт этип алды да, башын чайкап-чайкап ийди. Ал билди, эмне үчүн букасын жоготом деп ызырынып жүргөндүгүн да, бирок эмне үчүн жогото албай койгондугун да акылы менен болбосо да, жүрөгү менен туярын билди.

Бирок аны өзгөгө эмес, өзүнө да айтуудан айбыкты. Айбыккан деле жок, айткысы келбеди, мойнуна алгысы келбеди. Эмне үчүн? Ичинен сызып, жүрөгү сыгылып турду. “Дагы эки букачар бар, — деди акыры өзүн жооткото, — буюрса, күзүндө эле күркүрөп келип калышар. Ошондо бу буканы сөзсүз… Карап тур, сөзсүз!..” Кимдир бирөөгө карганып жаткансып, кыйлага шыбырай берди. Букасын карады. Өзүнөн өзү өч алгысы келгендей, букага кыжынды: “Бука өңдөнүп кичине мөөрөп койсо боло… Чамынып-улунуп, жулунуп-жулкунуп койсо боло!..” А бука бу дүйнөнү унуткандай, ойго чөккөнү чөккөн. “Сен үчүн!..” Мурат кайрадан кыжынды, букасын тике карап туруп кыжынды. Бука үчүнбү? Жооп бергиси келбегендей, букадан жүзүн буруп кетти. Өзү үчүн кимдир бирөө шыбырап жаткандай болду: сен үчүн, сен үчүн, сен үчүн… Ооба, букасын жайлап коюп, жумушка барайын деп камынып жаткан. Соо болчу. Соо барыш керек эле, өлүп-үзүлүп баратса да, оозуна эчтеке албашы керек эле. Кичине эле жыттанса, айдап чыкмак.

Түрктөр кыргыздар эмес да. Алар ичпе дедиби – ичпегин! Түрктөр ачкан диний мектепке орношконуна эки эле ай болгон. Аялы орноштурган. Кулак-мээсин жеп жатып орноштурган: “Ушинтип эле букаң менен жытташып коюп жүрө бересиңби? Деги сен билесиңби, бир эмес, үч кызың бой тиреп, эртең-бүрсүгүнү деп турат. Алар биринен сала бири кетип калса, өзүңдү сатып кутуласыңбы, ыя!.. Же жалгыз мени тытмалап жейсиңерби? Заман бул болсо, кичине тыгынчык болсун, иштегин. Элдин баары ал орунду талашып, тытышып жатат дейм, кечинде барып бир күн туруп коёт экенсиң. Үч күндө бирден. Сасып жаткыча, кичине эс алып деле ал да! Шлактардан арылып дегендей…” Дагы-дагы… Калганын унутуп да калды Мурат. Айтор, ач кулактан тынч кулак деп, анын үстүнө бир күн болсо да эс алып алайын деп, макул болгон. Аялы жалооруй суранган: “Иче көрбө. Дагы шерменде кыласың. Кичине эле жыттанып барсаң… Шерменде кыла көрбө!..” Ушинтчү. Жумушка барам деген күнү дайыма ушинтип какшаар эле. Кечинде келип, Мураттын соо экенин көргөндө кабагы жарк дей түшчү. (Азыр аялынын ушул абалы көз алдына тартылып, жүрөгү зырп дей түштү. Аялына боору ооруп, өзүн негедир күнөөлүү сезип кетти.) Узатып жатканда кайра какшачу: “Шерменде кыла көрбө!..” Мектеп Муратка жакшы тааныш эле. Мурда Жазуучулар үйү болчу, Мукең далай чардаган да бул жерде. Азыр ашып кетсе үч-төрт жазуучу жүрөт. Калганы – балдар. Ар кандай курактагы.

Мурат динди башынан сыйлап өскөн. Жаманбы-жакшыбы, атасы айыл молдолорунун бири эле. Бирок бу динде кандайдыр бир сыр – көзгө көрүнбөгөн, кулакка угулбаган, акылга илинбеген кандайдыр бир купуя, кооптуу сыр – катылып жаткандыгын билбептир. Муну ал балдар аркылуу туйгансыды. Адегенде сүйүнүп жүргөн: “Колоктоп көчөдө бош жүргөнчө, ушинтип окушсун да. Же мектепти жыргатпаса… Жок дегенде молдо болуп чыгышар. Молдолор калбай баратты эле…” Бирок бара-бара көңүлү кайт болуп, зээни кейий берчү болду. Балдарды карап туруп, аргасыздан зээни кейип кетчү. Оюн десе оюнга, күлкү десе күлкүгө тойбогон баягы балдар жок. Баары деңдароо. Кулак угуп, көз көрбөгөн ээн бир талаага капысынан өздөрү жапжалгыз кабылып калгандай деңдароо. Алар бир нерсеге жабалактап үйүлгөн аарыны эске салат. Ал нерсе эмне: балбы, же уубу? Муну эч ким билбейт, атүгүл бул оюна да келбегендей. Балдардын башы да маң, Мураттыкы да маң. Бири бөлмөдө, бири бактын түбүндө, дагы бири суунун жээгинде отуруп алып, ат сурап жаткансып бакырып-өкүрүп куран жатташат.

Бириникин бири укпайт, бу дүйнөдө алардан бөлөк эч ким жок, атүгүл жашоо дегендин өзү жок. Эч ким түшүнбөгөн, кайсы бир тилдеги жана кайсы бир кырааттагы сөздөр гана бар. Ар бир баланын муңдуу үнүн уккан сайын, Мурат мээге шибеге менен сайгылап жаткансып, селт-селт этет, денеси өзүнөн өзү диртилдеп кетет. “Деги алар бирдеме ойлонушабы?” – деп Мурат өз суроосунан өзү селт этти. Башын чайкады, ойлонушпайт. Ойлонууга чололору тийбейт. Чололору тийбегендигин мындан көр, жада калса алар эңкейип эмгек кылбашы керек экен. Буга уруксат берилбейт. Жатташы гана керек. Курандын эмне экенин өздөрү түшүнбөгөн ар бир сөзүн мээсине, жүрөгүнө, тулку боюна сиңириши керек экен. Бир жазуучу менен кожонун баякүнкү кайым айтышуусунан улам, ал буга толук ынанды көрүнөт.

Жазуучу кожо менен сүйлөшүп отуруп, дал Мурат ойлогон ойду айтты эле, тиги олурая бир карап алып: “Сиз пайгамбар жашынан өтүп калыпсыз, неге намазга жыгылбайсыз? Же, эмне, кудайга ишенбейсизби?” – деди. “Ар кимдин өз кудайы бар, — деди жазуучу ишенимдүү. – Мына, менин кудайым – бул менин абийирим. Менин оюмча…” Кожо сөздү толук сүйлөтпөй, туйлап жиберди: “Менин оюмча!.. Кандайча сиздин оюңузча? Сизде ой болбош керек, ар бир пендеде ой болбошу керек. Ой деген эмне? Бул – кудайга ишенүү. Башка ой деген жок, болбойт дагы…” “А сиз Мухамбед пайгамбардын өзү ким болгонун билесизби? – деди жазуучу такып. – Ал жанда жок эмгекчил, мээнеткеч болгон. Илимди көкөлөтө даңктаган. Сиздер бул балдарды неге иштетпейсиңер, неге атайы иштеткиңер келбейт?.. Ушу бойдон калышса, кийин көргөн күндөрү не болот? Булар кийин да жашашы керек да, катын-баласын багышы керек да…”

Тиги ого бетер туйлады: “Эмне үчүн иштейт? Иштебейт! Булардын бир гана иши болууга тийиш, ал – кудайга ишенүү. Калганы…” Ушу маалда жарданып карап турган балдар кожосун жактап, жаалдап кыйкырып киришти: “Сиз билбейт экенсиз!.. Кудайга ишенүү керек. Ага ишенсек эле бүттү…” Жазуучу чуулдаган балдарды таңдана бир карады да, түңүлгөндөй башын чайкап, ордунан туруп кетти. Жазуучуну билбейт, а Мураттын болсо жарыша чуулдап жаткан балдарга негедир зээни кейиген. Балдардын келечегин элестеткенден корккондой, башын чайкап-чайкап алган. Анан дагы бир нерсеге таңданып, жакасын кармаган: кечээ эле оюн десе оюнга, күлкү десе күлкүгө тойбой, мектепте эркинче даң салып жүргөн, бир эмес, жүз мугалимге оңойлук менен баш бербеген шок балдар бүгүн минтип эки ай өтүп-өтпөй эмне үчүн капаска түшкөндөй момурайып деңдароо болуп калышкан? Бу эмненин кудурет-күчү?

Деги бул эмненин жышааны: жакшылыктынбы, же жамандыктынбы? Ийнин куушурду Мурат, көзү тумандап кетти. Жакшылыктын жышааны болобу, же жамандыктынбы, айтор, балдарды ойлоп, азыр да ичинен сызып турду. Ойлонбоо… Ойлонбогон киши бирөөгө ишенеби, деги ойлонбой туруп ишенүүгө болобу? Дагы ийнин куушуруп, таңдангандай башын чайкады. А өздөрү эмне үчүн эч кимге ишенишпейт? Кожолорчу. Түркиядан бала окутканы келген эки кожочу. Булар бири-бирине, атүгүл өзүнө-өздөрү ишенишеби? Билип болбойт, бирок кимди болбосун көзүнүн төбөсү менен шектүү караганы караган. “Силерге чала!..” – деди Мурат өзүнчө шыбырап, табасы кана, кожолор маңдайында тургандай. “Бул жерде бир да аял иштебесин, бүт эркектер менен алмаштыргыла. Деги эле ургаачы аттуунун бул жерди буту баспасын!.. Балдардын ниетин, көөнүн бузушат…” – дешкен алар жаңы келгенде жаалданып. “Башкасын го мейли, эптеп табабыз, — деген айласы түгөнгөн директор алаканын жайып, — а бу повурларды кантебиз? Бизде, кыргыздарда, тамакты эркектер жасабайт, жасай албайт…”

Тигилер айтканынан кайтпай, тапкыла деп көшөрүп эле туруп алышты. Акыры түтүнмө түтүн кыдырып жүрүп, бири ашканада, бири ресторанда повур болуп иштеп жүрүшүп, арактын айынан кызматынан кол жууган эки жигитти эптеп таап, аке-жакелеп көндүрүштү. Бир жума өттүбү, өтпөдүбү, ал экөө ашканада жашырынып алып, бир жазуучу менен бирдеме кылт этип жаткан жеринен колго түшүштү. (Кылт этишсе эмне экен, мас болуп чаңдатышпаса болду да!.. – деп ойлоп койду Мурат.) Эч кимге ишенишпеген кожолор асманда каалгып келаткандай эч бир дабыш чыгарбай секин жылып, ар бир бөлмөнү аңдып кетер эле. Бир кожосу ошондой каалгып, ашканага акырын кирсе, күдүң-күдүң үн чыгат. Жарыкты жандыра койсо эки повур отурат, стакан кагыштырып. Жандарында бажактаган жазуучу отурат. Кожо да селейет, аны тиктеп тиги үчөө да селейишет. Эстерине келген соң, кожону үстөлгө чакырышат.

Кожо жийиркенгендей жүзүн жыйрып, башын чайкайт. Буга ызаланган повурлардын бири кожонун жанына учуп жетип: “Силер, эмне, олуясыңарбы, ыя?! Бизди эмне эзесиңер, ыя?! Сыйлап атайы чакырсак, сакалың бар туруп, эмне үчүн келбейсиң, ыя?! Деги бул сакалың өзүңдүкүбү, же кеп сакалбы, ышпион болуп жүрбө, кана көрөйүнчү..” – дейт да, сакалынан тарткылайт. Анын бул жоругуна чыдабай кетип, берки экөө үстөлгө өбөктөп алып ыкшышат. Эртеси экөө тең таң азандан ээрчишип ишке келишсе, дарбазанын сыртынан эле айдап жолго салышкан. (Эми аялдар эле иштеп жатышат, кудай деле алган жок!.. – деп ойлоп койду Мурат.) Бул окуяны угары менен директор жазуучуга келет да: “Жоголуңуз!.. – деп кыйкырат. – Азыр жоголуңуз!..

Эптеп түрктөрдүн көзүн карап жашап жатсак… Ичип, анысы аз келгенсип балдарды ичирип…” Жазуучу моюн бербейт: “Ичемби, чычамбы мен өзүм билем! Быякка атайы эс алайын деп келгенмин… Мурда деле…” Айласы түгөнгөн директор жалына баштайт: “Түшүнсөңүз боло, мурда деген азыр жок да. Эптеп жашап жатабыз. Үйдү кармап турган акча кимдики? Түрктөрдүкү. Силердин тамагыңардын акчасы кимдики? Түрктөрдүкү. Анан… Менин сизди кетирейин деген ниетим да жок, кайра маа жазуучулардын көп келгени жакшы. Тигилер кетсин деп жатышат. Түшүнсөңүз…” Ары айтышып, бери айтышып отуруп, акыры жазуучу ушу үйдү экинчи желкемдин чуңкуру көрсүн деп карганып, жолго түшүүгө мажбур болгон. Ушулардын баарын ойлоп, бир туруп балдарга боору ооруп, бир туруп аларга ачууланып, анан кожолордун улам бири көзүнүн төбөсү менен карап, ары-бери өтөрүн эстеп заарканып, Мурат мына жөнөйүн деп жатканда, өзү менен иштеген Тамара деген келиндин күйөөсү кунажынын жетелеп, энтеңдеп кирип келбеспи. Буканы сурап да койбоду, кунажынын байлап жатып эле: “Байке, тегерегиңерде кайсы үйдө бөтөлкө бар, алып келе коёюн” – деп шыпылдайт.

“Мен ишке жөнөгөнү жатпаймынбы?..” – деген Мурат бир нерседен жыт алгандай элеңдей. “Билем, байке, Тамара айтты. Ошо ишке жөнөгүчө басып калайын деп кунажыным экөөбүз дикилдеп жөнөбөдүкпү. Бу байкушум бирдеменин жытын туйду окшойт, менден беш бетер дикилдепйт тим эле. Баякүнү мунун энесин алып келдим эле, эми куда болгонго жараша акырына чейин бололук деп, бүгүн муну алып келдим, байке. Куйругун майлабай кетсем, уят. Бөтөлкөң кайсы жерде бар, айтсаңыз мен заматта эле…” – деди тиги Мураттын иши менен таптакыр жумушу жоктой кайра шыпылдап. Мурат ыргылжың боло ойлонуп калды да: “Эми алып келсең… — деди ниети бузула түшүп. Кайра өзүнө келе калып, селт этти. — Алып келсең, бука тигине, байланып турат. Менин ишимди болсо билесиң, кичине эле жыттанып барсам…

Бөтөлкөңдү тиги күйөө балам экөөңөр жара тартып койгула, анын деле эмгеги күч, мен жок болсом, буканы караган жалгыз ошол”. Чымырканды да, үйүнө кирип кетти. Кийинип чыкса, тиги жадырап отурат: “Ой байке, заматта эле күм-жам кылып койбодубу, ой катырды бейм!.. Бука эмес эле, тырактир. Тырактир да кичине бир от алып алат го, мунуңуз от албай туруп эле… Кана, байке, куйругун майлап жиберели. Күйөө балаңыз болсо, букаңыздын жоругун көрүп уялдыбы, баштаганда эле, мен азыр деп коюп жылт койду”. Мурат жакшы эле туйламыш болгон: “Жок, болбойт. Айттым го, кичине эле жыттансам…” Тиги акедей асылып, жалдыраган: “Эми байке, жүздү эле. Уят да. Куйругун майлап коёлу, ак жолтой болсун деп. Келсеңиз эми, байке, жүздү эле. Жыттангандай, эмне, алар сизди баса калып оозуңуздан соруп жатты беле? Келсеңиз эми…” Мурат же келе дээрин, же кой дээрин билбей, дагы эле ыргылжың болуп туруп калган. (Уялсаң, бөтөлкөңдү тыштап кет, эртең деле күн бар десем болмок экен, — деп азыр ойлой кетти да, кайра башын чайкады. – Анда эле ит болмокмун да, тигинин өзү да бөтөлкөдөн көзү өтүп, зукулдап араң турбады беле…)

Мурат минтип ыргылжың болуп тургуча, тиги бөтөлкөнүн оозун тиши менен жулуп ыргытып, шапа-шупа эки стаканга куя салды. Муратка сунду. Мурат ойлонгондон корккондой, жок, жок, ойлонгондон атайы качкандай, аны шыр тартып жиберди. “Эми байке, — деди тиги кайра, — бир ууртайсыңбы, миң ууртайсыңбы, жыты бирдей эле да. Баары бир жыттанат да. Айтпадымбы, сиз эмне, түрктөр менен өбүшүп жаттыңыз беле? Мынча болду, эми бирден…” Мурат ойлонуп бүткөнчө болбой, тиги дагы бирди куюп, сунуп калды. Сунулган стаканды көргөндө Мураттын башына чын эле бир стакан менен эки стакандын айырмасы не, баары бир жыттанат да дегендей ой заматта шак дей түшкөн. Аны да тартып жиберген. Адегенде чындап эле чочулаган, билип калса, шорум катты го деп ойлогон. Бирок арак ичти өрдөп, канды дүргүтүп көңүлдү көкөлөтүп чыккан соң, токпейил тартып, өзүнө өзү корстон боло баштаган.

Тойго бараткансып, тиги менен жайма-жай бейкапар коштошкон. Эшикке чыгары менен негедир кожолорду эстеп, өзүнөн-өзү эле кыжына баштаган. “Мени ичет окшойт, ыпылас… дептир энеңди!.. – деп өзүнчө эле күпүлдөп кирген. – А өзүчү? Машинадан түшпөй жатып эле катын, катын, маа катын керек деп какшай баштады. Катын көрбөй, жедеп көзү катып калган шордуу экен деп жүрбөйбүзбү. Көрсө, Түркияда сомодой болгон үч катыны бар экен. Көрүнөөсү эле үчөө, көмөсү канча экенин ит билеби!.. Ошого карабай маа катын алып бергиле, четте бой жүргөн күнөө болот дейт. Андан да кандай катын дебейсиңби, жакшы катын тапкыла дейт, энеңди!.. Жакшы катын эле, эмне, талаада жатыптырбы?! Жакшы катынды түрктүн ал өңдүү өлөсөлүү чалына эмес, өзүбүзгө таба албай карайлап жүрсөк!..

Эмне, жакшы катын, жаман катын да болот бекен?! Катын деген бирөө гана да, катын дегени гана болот да. Жаман-жакшысы болбойт алардын, катын дегени гана бар! Ой, деректир катырды бейм: “Кожо, бизде жакшы катын деген болбойт. Жакшы катындардын баарынын башы бош эмес, эрлери бар!..” Болсо эмне экен дейт анда тиги, энеңди!.. Анан анда-санда бирдеме татып койгон мен ыпыласмынбы, же кожоңбу?! Болуптур, анысы ал дейли, а мунусучу: эптеп бир башы бош аялды таап көрсөтсөк, мунуңар жарабайт, көтү мо-момундай чоң экен дейт энеңди… Маа тетигиндей (Тамараны көрсөтүп) катын керек, жаш, сулуу, таза… дейт. Ие кокуй, ал болбойт, анын эри бар, төрт баласы бар десек, болсо эмне экен, сүйлөшкүлө, өзү менен да, эри менен да дейт. Ой энеңди!.. Байкуш Тамара анын небересинен да кичүү да. Анан, эмне, мен ыпыласмынбы, ыя?! Анан да бир кичине уялып койсочу, кайра чыкчырылып кергиштейт энеңди… Мына, Мекеге үч жолу барып, үч жолу ажы болгом дейсиң, Германияда иштеп, немистерди да мусулман кылгам дейсиң, профессормун дейсиң. Немистердин балакетин ал, биринчи өзүң мусулман болуп алчы! Саа караганда эчтеке окуп-чокубаган биздин молдобуз Карымшак төөлүк өйдө. Кез-кезде бирдеме кылт этип коёт дечи… ошондо: “Ие, молдоке, бул эмнеңиз? Өзүңүз молдо болсоңуз..” – десек, “Ээ балдар, мен деле пендемин да. Бул – менин пенделигим. Пенделигим өзүнчө, молдолугум өзүнчө…” – деп мойнуна алып, унчукпай калат байкуш. Адам да… А сен болсо кергиштейсиң да турасың!.. Ой сенин профессорлугуңду!.. – Табалагандай кыткылыктады. – Ошо көтү казандай болгон немени эле алып, жыргалын көрүп жатасың го акыры! Алды да, чүпүрөк-чапыракка ороп-чулгап туруп, былк эттирбей үйүнө отургузуп койду. Үйдөн жалгыз чыкпа дейт, эч ким менен сүйлөшпө дейт. Эмне, түрмөбү?

Түрмөдөгүлөрдү деле сүйлөштүрөт экен. Эмне, ошо көтү казанбактай болгон сенин катының менен сүйлөшүшүм керек эле деп баарыбыз саксактап калыптырбызбы, ыя? Сүйлөшчүлөр эчак эле сүйлөшүп коюшкан, ха… ха… ха… Нике кагазын да алган жок. Өзү менен кошо жүргөн жепирейген дагы бир кожосун чакырды, анысы бадылдап бирдемелерди окумуш болуп койду. Болду анан, бүттү да калды. Бир бөтөлкө бузганга жараган жок, анан дагы нике кыйдырымыш болуп коёт. Ой, азыр бөтөлкөсүз да нике жүрмөк беле, ыя?! – Кайрадан кыткылыктады. – Договор менен алыптыр, кокус кожосу Түркиядагы катындарына жылт коюп кетсе, катыны быякта кала бериши керек экен эки көзүн жалдыратып. Нике кагазы ушул экен, ха… ха… ха…

Үй сатып берем дептир, эмне, ушуга чейин үйсүз талаада калды беле!.. Тамара чоёктойт баякүнү, эмне, жыргал да: үйү болот, машинеси болот дейт. – Кыжырдана кетти. – Келесоо да, андай эле жыргал болсо, төрт балаңды таштап туруп, тийип албайсыңбы, ыя?! Жата бергин, кожоңдун сербейген үч тал сакалын сылап коюп, ха… ха… ха… Баарыңар келесоосуңар, катындарда чымчыктыкындай да мээ жок, мына үй, мына машине, алгыла да, бизге тийгиле десе, баары эле жапырт тийип кетчүдөй энеңди урайындар!..

Анан да сынтакканын кантейин, повур катындарды айтам. Жазуучуларда эмне бар, ичкен менен жазгандан бөлөк колдорунан эмне келет, катындары менен урушканда быякка качып келишет да, жарашканда кайра кетип калышат дешип… А ичкен менен жазган оңой бекен, ыя, силерге? Өзүңөр эмнени кыйратып жатасыңар, ыя, ким кетип, ким келип жатат деп акыйып терезени карап коюп, жазуучуларды ушактагандан бөлөк колуңардан бок келбейт!.. Силерде ой бар экенине да ишенбейм, оюңар эле ушак. Силер энеден эмес, ушактан туулгансыңар, сыболучтар… — Токтой калды да, деги кимдерге сүйлөп жатам деп ойлой кетти. – Энеңди урайындар!.. – деди кайра кекене. – Бу катын дегениң өз убалына өзү калат экен да, жанагы менин албарстымды айтам, мына арызданам деп эмнени кыйратты? Болгону мени кызматтан алдыртты, өлгөнүм жок, жүрөм, букам деле жүрөт. Өзү эле ит болду, ыя, эми карасаң, бирине тартсам бирине жетпейт деп ыйлактайт. Жок, сен ыйлаба, боздогун, өз убалыңа өзүң калдыңбы – боздой бер!.. Жакшы катын деп… Жакшы, жаманы жок алардын, катын дегени гана бар!.. — Деги кимге эле сүйлөп жатам деп кайра ойлоп, токтоп калды. – Алтымыш сегиздемин деп мактанды, ээ, — деди кайрадан кожону эстеп. – Анан катын, катын деп… А катын, катын деп какшабай эмне болуптур, өмүрү муздак сууга колун салып көрбөсө, аракты оозуна албаса…

Букадай күрсүйүп турса, кайда жумшамак эле анан күчүн!.. А мен… — Колун шилтеди. – Менде деле букадай… Жок, коё турсаң, йазарлар ыплас, ичишет дейт энеңди!.. Ичсе эмне экен? Ичет, ошон үчүн жазуучу дейт аларды!.. Билдиңби!.. Жазып жатабы, жазып жатат. Ичет да анан, жазганын ичет да. Ичпегенде, эмне, талаага чачып жибереби?! Же, эмне, алар да балдарды мээ кайкы кылып зикир чалдырып салсын дейсиңби, ыя?!.”

Тык токтоду да, башын шак көтөрдү – анын ашаткандарынын баарын кожолор тымызын тыңшап жүрүп отуруп, эми жымыя тиктеп тургандай туюлуп кетти. Эки жагын элеңдей карады. Эч ким көрүнбөйт. Санаасы тына түштү. “Кудайың да бир… — деди көп өтпөй булдуруктай колун шилтеп. – Маңдайына жазып коёт дейт баарын. Ким жазат? Кудай да!.. Анан эмне үчүн күнөө кыласың деп суракка алып, кыйнап… — Чыдай албай, колун силкилдете кетти. – Ой, мындай күнөө кылышың керек деп өзүң маңдайга жазып коюп жатпайсыңбы, ыя?!.” Колун шилтеди да, өзүнөн өзү качкандай шуу этип жөнөп калды. Ушинтип өзүн токтото албай, бирде кожолорду, бирде аялдарды, кайра кожолорду ашатып, анан кудайга наалып келатканда, аны бакылдаган бир үн селт эттирди: “Оо кайран байкем. Чамынып калган экенсиң да, ыя. Атасынын көрү, мен да чамынып турам!..”

Башын көтөрсө, дарбазанын так эле маңдайында турат, эки-үч кадам шилтесе эле, дүк эттире бир сүзмөк экен. Ошондо эсине келе калды да, тике маңдайында дарбаза эмес, кожолор сыр бербей, жымыя карап тургандай, бир силкинип алды. Анан кожолорду жанатан бери ашатып келгени капысынан эсине шак этип, ого бетер силкинди. Көзүн ачып-жуумп, эки жагын элеңдей карады. “Ой байке, коркпо, бул мен эле, — деди аңгыча сол жактан, баягы үн шаңдуу. – Энесин урайын, кожолоруң аарыдай ызылдашып оңкочук-тоңкочук ата намаз окуп жүрүшөт. Сизди көргөндө сүйүнүп кеттим, мобуну өзүм жалгыз кантип ичем деп турдум эле”. Үн чыккан жакка жалт бурулду – өзү менен чогуу иштеген Эдил экен. Тааный албай жаткандай үңүлө карады да: “Сен белең?..” – деди оңтойсуздана. “Ооба, менмин, байке! – деди тиги ого бетер шайдоот. – Мобуну жалгыз кантип ичем деп… — Ал ички чөнтөгүнөн бир бөтөлкөнү сууруп чыкты да, стаканга куя баштады. — Жарымын жана Садык экөөбүз бөлө тарттык атасынын көрү. Эмне, байке, түрктөрдөн коркуп, өзүбүздүн тамакты ичпей коймок белек? Ичебиз энесинин урайын, көп болсо берген костюмун кайра тартып алаар, же жаман кароолчулугунан кубалап чыгаар… Коркпо, байке, түркү жок деле жашап келгенбиз, тартып жибер…”

Түрктөрдүн атын укканда көзү ачыла түшкөн Мурат Эдилдин шаанисин байкап: “Аа… Сен деле мендей экенсиң…” – деп ойлоп, кайрадан демөөр байлап калды. Ичсемби, же ичпесемби деп баш ооруткан деле жок. Эдил сунган стаканды тартып жиберди да, көзүн жуумп, башын чайкап-чайкап алып, кош-айга келбей, дарбазага бет алды. Эшикти ачып кирери менен, кайра эсине келе калды. Аны биринчи кабаттагы чоң айнектен (үйдүн бир бети бүт айнектен эле) эки киши тиктеп тургандай туюлду. “Кожолор… — деди титиреп. Артка кетенчиктеп келатып, кайра айныды. – Жок… Жок… болбойт. Артка кетүүгө болбойт. Шек санап калышат…”

Эки колун артына алды да, бүт дарамети менен денесин жыйра какайып, аны тигиле карап турган эки караанды көздөй кадам таштады. Ар кадам таштаган сайын анын ою да, жыйрылган денеси да, оозу да, айтор, бүт турпаты шыбырап жаткансыды: чалыштабаш керек, бут чалыштабашы керек, чалыштабашы керек… Жок. Аны эч ким деле карап турбаптыр. Биринчи кабаттын узун коридорунда катар турган эки күзгү эки киши болуп көрүнүптүр. Муну билгенден кийин да өзүн таштап жиберген жок, жыйрылган денесин ого бетер чытырата жыйрып какая басып келди да, диванга күп эте отура кетти. Ошондо гана жыйрылган денеси жазыла баштады.

Жазылмак турсун жайылып, жаны жыргай түштү. Же жанатан бери чамынып келатып ичиндеги бугунун баарын сыртка чыгарып алгандыктанбы, же эки караан кожолор болбой калгандыктанбы, көңүлү жайланып, өзүн шайдоот сезип калды. Букасын суктана карап, төрт дүйнөсү түгөл болуп жадырап-жайнап турган Тамаранын күйөөсү көз алдына тартылды. “Букамдан демөөр байлап барып, Тамараны талкалап жатат го кайран эргул…” – деп ойлоп, өз оюна өзү маашырлана кетти. Анан өзү да демөөр байлагандай, дене-бою балкып, кыялы кылым аралап, көшүп баратканын туйбай калды. Бир мезгилде кимдир бирөө чыбык менен сайгылап жаткандай болду. Чочуп ойгонду. Таң сүрүп калыптыр. Тике маңдайында жымыя карап, күлүмсүрөп баягы кожо турат, ал ичке чыбыгы менен нукугулап, күзетчи, күзетчи деп ойгото албай жатыптыр.

Мураттын көзү умачтай ачылып, деңдароо боло түштү да, ордунан ыргып турду. Не дээрин билбей, кожону тиктеп, жалдырап калды. Өзүнүн дивандын кырына башын жөлөп алып, коңурукту кош тартып уктап жатканы, муну кожолор эчак эле көргөнү, көрмөк турсун улам бирөө таягын тыкылдата жымыя карап (Баарынан да ушу жымыя караганыбы!.. – деп титиреп кетти азыр Мурат. – Жымыя караганыбы… Тим элеби… Энеңди!..), ары-бери өтүп турганы, мунун ордуна алар өздөрү күзөтүп чыкканы эми эсине келе калды да, ого бетер жалдырап, селейип катты да калды. Эмнеси болсо да бир нерсе деп сүйлөп калайын деген ниетте жакшы эле тыбырчылады, бирок жаагы карышып калгансып, оозун ача албай койду. Кожо болсо баягындай эле жымыя күлүмсүрөп (Ушу жымыя күлүмсүрөгөнүбү… — деди кайра Мурат кыжына. – Тим элеби… Жеп… Энеңди!..), отура бер дегендей Муратты ийнинен секин басып койду.

Мурат бирөө катуу түртүп жибергендей, диванга шалак дей түштү. Кожо дагы эле жымыя күлүмсүрөй: “Күзетчи, күзетчи…” – деди башын чайкай. Шарт бурулуп, басып кетти, Муратка угуза сүйлөнүп баратты: күзетчи… күзетчи… Мурат түшүндү, күзетчи, күзетчи деп баш чайкашы жетишет эми, экинчи көзүмө көрүнбө дегени экенин түшүндү да, негедир өзүнө келип, жеңилдей түштү. “Бүттү… — деди жонунан оор жүктү алып салгандай кудуңдай шыбырап. – Бүттү…” Ордунан шап ыргып туруп, эшикке жөнөдү. Кызык, иштен айдалганын, экинчи бул жерге кайрылып келбестигин сезип-туюп турса да, негедир дагы эле чочулап, денесин жыйра какая баскан.

Азыр муну эстеп, айран калды. “Эмне үчүн?..” – деп шыбырады да, билбейм дегендей ийнин куушуруп койду. Ооба, денесин жыйрып какая баскан, атүгүл дарбазадан чыгып кеткенче какайган бойдон барган. Эшикке чыккандан кийин туңгуюктан кутулуп таза абага кабылгандай, кере-кере дем алып, өзүн эркин сезе кеткен. Ичи ачышкан деле эмес, муну сезип-туюуга чамасы да, чолосу да келбеген. “Бүттү… — деген шыбырап, эмнени айтып жатканын өзү да түшүнбөй. – Бүттү…” Бирөө кармап алып, кайра эшиктен түртүп киргизчүдөй артын элтең-элтең эте карап, энтеңдеген бойдон үйүн көздөй жөнөгөн. Кырга чыга бериште тык токтоп, титиреп кеткен. Кантип угузуу керек, кубалап чыкты деп аялына кантип айтуу керек? (Бу дүйнөдө угузуудан өткөн тозок жок экен да.. – деп ойлоп койду Мурат азыр. – Жакшылыкты да, жамандыкты да…)

Жүрөгү дүкүлдөп сого баштаган. Эмне үчүн? Корккондуктанбы? Жок, корккон эмес, чочулаган да эмес, айбыгып жазганган да эмес, атүгүл уялган да эмес. Боору ооруган. Аялы ушунчалык аянычтуу көрүнгөн. Бул кабарды уккандагы эч ким сөз менен да, боёк менен да жеткирүүгө мүмкүн болбогон, атүгүл карап туруп көрүүгө мүмкүн болбогон аялынын ырай-пешенесин, бүтүндөй турпатын, ал-абалын элестетип, Мурат аялына ушунчалык боору ооруган, заманасы куурулуп, жан айласын таппай калган. Аялына гана эмес, өзүнө да боору ооруган, өзүнө өзү ушунчалык аянычтуу көрүнгөн. (Өзүңө өзүң боор ооругандан атык жаман нерсе жок окшойт! – деп умсуна кетти азыр Мурат.) Дүкүлдөгөн жүрөгү аны алып-учуп жөнөгөн, буту менен эмес, жүрөгү менен басып бараткандай туюлган. Кырга кандайча жеткенин сезбей калган. Кырдагы карагайдын башында чоң лампочка бар эле, ал айланага тегиз жарык чачып турчу.

Мурат адатынча аны таңдана карап калган, чоңдугуна таңданган, анан ушул айнекке жарык кайдан, кантип келерине таңданган, акырында муну көргөндө дайыма ушинтип таңдана берерин ойлоп таңданган. Ушинтип өзүн алаксыткысы келген. Аңгыча желге билинер-билинбес чайпалган лампочканын жарыгына бир караан жуурулуша түшкөнсүгөн да, ал да билинер-билинбес болуп ыргала баштаган. Селт эте башын көтөргөн, чын эле тике маңдайында пароходдой жайкалып да, чайпалып да бир караан келатыптыр. “Баягы окшойт…” – деп шыбыраган өзүнчө. Ал жакындап калганда: “Ооба, ошол экен…” – деген оюнун тууралыгына кубангандай. Бул чын эле баягы эле.

“Арашан” Жазуучулар үйү ачылгандан бери анда бой жашап келаткан, күз-кышында даң салып жүрүп эле, жаз-жай айларында дайынсыз жоголуп кеткен, бул айылдын кары-жашы дебей жакшы тааныган, алардан да иттери жакшы тааныган, аш болобу, той болобу “тоюңар тойго улансын!” – деп кирип барган, эки-үч ай оозуна эчтеке албай, былк этпей отуруп алып иштеп, акыры эле бир күнү жин тийгенсип, шыңгыта баштаган, ичкенде да көчөмө-көчө, түтүнмө-түтүн кыдырып ичип, эки айда эптеп жыйнаган кадыр-баркын эки күндө эле чачып таштоого үлгүрүп, ичкиликтин акыр түбү эмнеге алып келери жөнүндөгү татынакай көрсөтмө куралга айланып кеткен, бирок бир-эки жума өтүп-өтпөй эле кусуп-чычып, аргасыздан оозун кайра бекитип, кайрадан кадыр-барк жыйнай баштаган, көзү ачылбай жүргөндүктөн ГКЧПны, СССРдин кулаганын, орустун президенти өзүнүн Ак үйүн аткылатканын учурунда билбей калган, анан аларды кийин-кийин угуп-билип, башка планетага туш келип калгандай аңырайтып оозун ачкан, клейден арак жасоонун жолун таап, химияны формула кошуу формула барабар дагы бир формула деп гана түшүнгөн Муратка химиянын анык сырын ачып берүүгө, ал эми Петька досун: “Писатели – самый умный народ” – дедиртип ыйлатууга жараган баягы жазуучу досу экен.

Аны көргөндө эле Мурат чочуп да, кубанып да кетти. Тигиле карап калды. Үстүндө жакасы бырышкан көйнөк, көйнөктүн үстүнөн суу бетин көрбөгөндүктөн жедеп майланышып бүтүп, жаргак шымдай куудураган, түркүн түстүү тактардын көргөзмөсүн эске салган жука өпкө кап, бутунда көйнөгүнүн жакасы менен шымындай бырышкан эски тапочка. Көзү киртийген, төбөсүнөн ылдый жыдый баштаган чачы серейип-серейип калыптыр, сакал-муруту да кырылбаган, тикенектин сыныгындай тикчиет. Ошентсе да, жайкала басып, жайдары келатты. “Оозун дагы ачып алган экен да!.. – деди Мурат башын чайкап, жактыра бербегендей. – Мени көрүп сүйүнүп кетти окшойт. Эми сурайт да. Карап турсаң… Мен эле жыргап келаткансып…” “Ой, бу сенсиңби?.. – деди тиги бакжакап ачык-жумуктугу билинбеген көзүн ого бетер жүлжүйтө. – Оо, алтыным десе, тээ алыстан карааныңды көргөндө эле тааныгам сени, алтыным. Күн жерге жарык чача электе бу айылды эки киши гана аралай алат да, ыя. Экөөнүн гана акысы бар да, ыя. Алар мен, анан сен… Келатам дечи жумуштан. А мен баратам. Сен келатсаң, мен баратам. Кайдан келатам дебейсиңби? Кекемдикинен. Билесиң да, бизде бир атактуу жазуучу бар го, бети цветной, энеңди урайын, ошонун үйүнөн келатам. Билесиң да, ал ушу жерге эки кабат ак сарай салдырбады беле, ошондон келатам.

Жолуккан сайын эле: “Бир келип кетсең боло, үйүм бүттү…” – деп эле акедей асылып калчу. Ээ энесинин урайын дептирмин да, кечээ барыптырмын. Бармак деле эмесмин. Кечөөчү, үч жазуучу келип калыптыр. Үчөө тең жаштар, алтындарым. Бирөөсүн чала-бучук билчүмүн. Аңгемесин окугам. Кайсы аңгемесин экенин да билбейм. Кайсы гезиттен окуганымды да билбейм. Ээ энесин… Айтор окугам. Жакшы жазат. Кандай десем?.. Профессионально жазат. Кемчилиги да бар. Турмушту жакшы билбейт. Профессионально… Бирок турмушту билбейт. Билиш үчүн мендей болуш керек да, ыя. Баары менен ичишиш керек да, ыя. Бөтөлкө терген Аня менен да ичиш. Эчтекесине караба. Энесинин урайын министрине да караба. Ичише бер… Энесин… Чымырканып ичпей жүрбөдүм беле, эптеп тиштенип жүрбөдүм беле, анан эле үчөө бирдей сомодой болуп кирип келип жүрбөйбү. Кирип келгенде эле: “Алтындарым, алтындарым…” – деп күлүп жибердим.

Ичким келсе да, тиштенип ичпей жүрбөдүм беле, ошентсе да аларды көргөндө эле “оо, алтындарым, алтындарым…” – дей бериптирмин. Босогону аттап-аттабай жатып, үстөлгө “Байтиктен” бирди, “Алтын кумдан” бирди коё салып жатышпайбы алтындарым. Ичпей жүрдүм эле дедим да, кайрадан алтындарым, алтындарым… дей бердим. Өздөрү болсо жарытылуу деле ичишпейт экен, бирөөсү таптакыр эле оозуна албайт экен. Татпай жүрдүм эле дедим да, “Байтикти” бүт бойдон өзүм жалгыз шимирип койдум. “Байтикти” билесиң да, аргын окшойт. Ырайынан эле билдим – арак менен коньяктан бүтүптүр. Мурда ичкен-ичпегенимди билбейм, айтор, иттей күчтүү экен энеңди… Тамактан кийин элчилеп жатып уктап калайын деп жакшы эле бөлмөгө кирдим. Кирсем, жок, болчудай эмес, анткени чалажан болуп калбадымбы. Эмне кылсам деп коридорго чыгып, аркы-терки баса баштадым. Ары-бери басып жатып, ойлоно бердим, ойлоно бердим, кимден, кантип өндүрсөм? Тигилерден сурайын дейм, бетим чымырайт. Анын үстүнө бүт баары жаштар алтындарым. Мен аларга пример көрсөтүшүм керек да, ыя? Туурабы? Сурабай эле жатып алайын дейм, чалажанмын, эмне кылсам деп ойлойм. Сумкаларын ачып жатканда жакшы эле карап тургам, башка бөтөлкө жоктой көрүнгөн. Бүт эле пачке-пачке тамеки болчу.

Муну ойлогондо чалажаным ого бетер чалажан боло түшөт десең, энеңди… Акыры чыйпычыктап дивандын жанында турсам, жанагы алтындарымдын бирөө келатат. “Чалажан болуп ары-бери басып жүрөм” – деп койдум кыйытып. “Бөлмөңүзгө кирип, отуруп туруңуз…” – деп коюп, ал өтүп кетти. Шып кирдим да, кымыңдап күтүп отура бердим. Келбей калбасын деп ойлой калганда, тим элеби… чалажан жаным ого бетер чалажан боло түшөт десең, энеңди!.. Жок! Келишти! Бир убакта эле алтындарымдын экөө кирип келди, мен оо, келдиңерби, алтындарым деп ойлоноюн дегиче болбой эле, үстөлгө дагы бир “Байтикти” коюп: “Биз ичпейбиз, өзүңүз ичип, жакшылап эч алыңыз” – деп коюшуп чыгып кетишти. Чалажан жаным ого бетер чалажан боло түштү да (Бир бөтөлкө маңдайында турса, эмнеге чалажан болот – деп ойлоп койгон Мурат ошондо. – Кызык… Азыр да ушинтип ойлоду да, таңдангандай ийнин куушурду), өзүм жалгыз эле жарымынан оодарып салдым. Анан эле эшикке чыккым келет десең, чыкса чыгайынчы дедим да, жарымы ичилген бөтөлкөнү ыстаканы менен чөнтөккө уруп, эшикке чыктым. Чыккандан кийин эле: “Кекем кел деп эле какшап жүрөт, барып келбейминби, эмнесин аяйм” – деп ойлогон окшойм, болбосо, кантип эле жөнөп кетмек элем, ошентип ойлогон окшойм, анан эле жөнөп калыпмын. Кайда баратам деп дарбазадан өткөндөн кийин ойлодум окшойт.

Ойломок деле эмесмин, үйүн билбейм да, ошон үчүн мен кайсы үйгө баратам деп ойлогон окшойм. Ошо билбегеним абийир болгон экен да, ыя, болбосо минтип сурабай эле бет келди кете бермекмин да, ыя? Туурабы? Чын эле, үйүнүн кайда экенин билчү эмесмин, дал ушул жерден бурула берерде болсо керек, бирөө жолукту. Кекемдин үйү кайда десем, ушу көчө менен түз эле кете берсең, эки кабат аппак сарайды барып бир сүзөсүң, сүзгөн үйүң ошол Кекеңдики дейт. Мен кете бердим, кетип баратам, кетип эле баратам, таппайм энеңди урайындыкы. Энеңди урайын десе, ушундай да алыс жерге үй салабы деп бир Кекеңди сөгөм, маа калп айтып койгон го деп бир жанагы кишини сөгөм. Экөөнү бирдей ашатып жүрүп отуруп, бир маалда эле башымды көтөрсөм, шокшойгон аппак сарайдын маңдайында турам. Айтты-койду дебегиле, үйү ушу болуш керек, Кекемдей зымырайып турбайбы деп ойлодум окшойт, дарбазасын бардык күчүм менен тарсылдатып койгулай баштадым. Бирөө келип, бул ким дейт.

Ыргалып турсам да, үнүнөн шыдыр эле тааныдым. Аа тирүү бар экенсиң да деп ойлодум да, Кеке, бул мен, кел, кел деп эле жүрчү элең, мына мен келдим, ач эшигиңди дедим. Десем эле, шарт ачып жиберди. Кекем мени аңырая тиктеп эле, талып калды. Ошондо эле түшүндүм, чыртыя түшкөнүн түшүндүм. Ал ойлоду да энеңди урайын, бул алкаш менин сүйө бербегенимди билген жо-ок деп, жок, шыдыр эле билип койдум сүйбөй жаткандыгын. Ал ойлогон да, кара костюм кийип, аппак көйнөккө капкара галстукту муунта байлаган депутаттай чыкыйган мен турат деп. Бирок ал ойлогон мен мен эмес болуп отурбаймынбы, мен, карасаң, мына момундай, – кир менен май сиңип, жаргак шымдай куудураган өпкө кабын тарткылай кетти, — мен болуп отурбаймынбы, энеңди!..

“Ии, кир… кир” – демиш болду ооз учунан. Кирдим аны ээрчип. Чынымды айтайын, эч кимисин көргөнүм жок. Катынын да көрбөдүм, жаңы катын алды дешти эле, анысын да көргөн жокмун, көңүл да бурган жокмун. Ээрчип кирдим да, отурдум. Кекем чыгып кетти да, бир бөтөлкө алып келди. Алып келгени бир гана бөтөлкө экенин көргөндө эле тырчый түштүм. Ал бөтөлкөнү алдыма койду да: “Өзүң билесиң, мен ичпейт эмесминби. Үйдө болгону ушул экен…” – дейт энеңди. Ошондо эле ойлогон окшоймун, килтейген, чириген бай жазуучунун үйүндө кантип эле бир гана бөтөлкө болсун, энеңди урайын сараң деп. Анан өзүмдүн чөнтөгүмдөн баягы “Байтигимди” сууруп чыгып, өзүмдүн жаман ыстаканыма куя баштадым. Муну көргөндө эле Кекем: “Ооруп турдум эле, кой, мен жата берейинчи” – деп ордунан акырын туруп, кыйшалактай баштады. Унчуккан жокмун, “качып кете бер, энеңди урайын сараң!..” – деп ойлодум окшойт.

Ошентип ойлом отуруп “Байтикти” заматта жайлап, көмкөрүп койгон окшойм. Кекеме, энеңди урайын сараңга караганда, уулу эстүү экен, бир карасам эле, “ичиңиз, байке!” – деп баягы бөтөлкөнү бузуп жатат. Ичтим. Канча ичкенимди билбейм, бир маалда тоголонгон окшойм. Уктап жатсам эле, бир учурда сийгим келет, кой, сийип алайын деп ордумдан турдум. Туруп эки жагымды карасам, көзгө эч нерсе илинбейт. Чын, көргөн эмесмин. Кызык… Көрсө, түндөгү бөтөлкөнүн жарымы ичилбей эле калыптыр, мен аны кашайып көрбөй калыптырмын. Үстөлдүн үстүндө эле турган экен, кантип көрбөй калганымды билбейм энеңди… Эртең менен көрүп жүрбөймүнбү…

Көзгө эчтеке илинбегенден кийин өзүмчө кыжырдандым да, кой, жок дегенде туалетти сурап алайын деп, эшиктерин, — эшиктеринин көптүгүн айтпа энеңди.., — такылдата баштадым. Эч кимиси ачпайт. Ачпасаңар койгула, өзүм деле табармын, таппасам дагы бир жерге коё берермин, эмне, кудайдын жери түгөнүп калды беле деп теңселип эшикке чыктым. Ары издейм – жок, бери издейм – жок. Көрсө, туалети үйүнүн ичинде экен энеңди!.. Ээ, эмне болсоң ошо бол деп бир жерге шыркырата коё бердим да, үйгө кирсемби же кирбей эле койсомбу деп ойлонуп туруп калдым. Анан үйдөн көзгө эчтеке чалдыкпаганы эсиме келип, аркы көчөдө жашаган байкуш Алёша досумду эстедим. Ал мага жок дебейт, кайдан, кайсы маалда барбайын, жок дебейт, — сыймыктана, — мени билесиң да, өз учурунда кутулам да карызымдан… Аңгыча эле торпоктой болгон килтейген бир ит жаныма келип, шыйпактап калды мага. Кекеме караганда сенде боор бар турбайбы байкушум деп ойлоп, жашып да кеттим окшойт. Мас болсоң да, жан таттуу экен. Бирөө торойто чаап кетпесин деп коркуп, ал итти жетелеп алып, байкуш Алёша досумдун үйүн көздөй жөнөдүм. Мындай эле узай бергенде бирөө жолугуп: “Итиңди сатасыңбы?” – дейт, эч ойлонбой эле: “Сатам, эмнең бар?” – дедим.

Десем, менде болгону бир шампан бар дейт. Болуптур, келе шампаныңды дедим да, итти кармата бердим. Кайра короого кирдим, кирдим да, шампанды шыпкадым. Бок да действие берген жок, энеңди урайын, же арактан кийин аның шылдыраган эле суу болуп калабы… Арга жок, үйгө кирип куладым. Кайсы маал экенин билбейм, сыягы, таң атып калса керек, уйку-соонун арасында жатсам, чуру-чуу эле түшүп жатышат. Эмне болуп кетти деп акырын бир көзүмдү ачып кулак түрсөм, безилдеген Кекемдин үнү угулат: “Кудай урду!.. Ит жок! Ит жоголду!..” “Ырас гана болуптур!.. Итиңдин артынан өзүңдүн жоголор күнүң кана, энеңди урайын сараң!” – дедим да, кайра көзүмдү жумдум. Кекем кетти, чамынып итин издеп. Түшкө жуук келди итин жетелеп кудуңдай. Айылды түтүнмө-түтүн кыдырып таппай, эми табылбай калды го деп түңүлүп шаабайы сууп келатса, өз үйүнөн кийинки коңшусунун короосунда ити жүрөт дейт шыйпаңдап. “Кайдан алдың?” – деп сурайт Кекең.

“Сатып алдым” – дейт тиги сыр бербей. “Кимден?” – дейт Кекем чыйпычыктап. “Бирөөдөн. Тааныбайм” – дейт тиги сырдуу. “Бул ит меники. Өзүң деле билесиң да. Алып кетем…” – дейт Кекем ого бетер чыйпычыктап. “Мейлиңиз” – дейт тиги күлүмсүрөп, кайдыгер гана. Көрсө, мен Кекемдин эле коңшусуна сатып жибериптирмин, башка айылга алып барып сатып ийгенде болмок экен энеңди урайын сараңдын итин. Коңшусу деле билиптир Кекемдин ити экенин, анан башы ооруп карайлап турган мени көргөндө, өзүнүн жанындагы шампаны эсине түшүп, бир кызыкка батайын деген окшойт. “Сен сатып ийген турбайсыңбы?” – дейт Кекем мага. “Сатып ийдим, — дедим, — эчтеке жок болсо, сатпаганда кантмек элем?.. Андан көрө майлагын итиңдин табылганын…” Айласы жок майлады, төрт бөтөлкөгө майлап берди. Көрсө, бир үйү толтура арак экен энеңди урайын сараңдын. Өзүнчө эле складпы деп калдым. Спекулянт болуп кеткен окшойт, эмне эле кийинки кезде ырыстуу эчтеке жазбай калды десе…

Ичип, багында оонап жаттым. Уктадым. Ойлосом, бу ит ичкириң дагы уланып кетчүдөй. Ошон үчүн, кой, ушунчамда көттү кысайын да, уктап эс алайын деп атайы арактан безип келаткан кербезим. Кекемди да тургузуп, мени жеткир десем, бир көзүнөн жаш, бир көзүнөн кан агып жатып, эптеп тетиги жерге чейин узатымыш болуп келди. Азыр жолдо менден кутулганына сүйүнүп кудуңдап баратса керек энеңди… — Жүлжүйгөн көзүн ого бетер жүлжүйтө каткырды. – Элге таза шерменде болду, ит эле болду. Жолуккандардын баары эле: “Кеке, итиңди таптыңбы?” – деп мыйыгынан жылмая сурап жатышат. Көрдүңбү, бир бөтөлкөсүн аяп, төрт бөтөлкөгө… Ошол, Муке, мен баратсам, сен келатыпсың. Ошон үчүн…

Мурат аны сөзүнүн аягына чыгарбай, туйлай кетти:

— Эчтеке жок! Ишенсең…

— Сенде жок болсо, менде бар да, алтыным… — деди тиги жайдары.

Чөнтөгүнөн жарымы ичилген бөтөлкө менен жаман стаканын алып чыкты.

“Түндө көрбөй калган бөтөлкөсү ушу го?..” – деп ойлой кетти Мурат.

— Жүрү!.. – деди да, аркы өйүздөгү чоң даракка бет алды.

Мурат үндөбөй артынан ээрчиди.

Экөө бөлө тартышты да, кайра бери басышты. Жазуучу бир маалда Муратты үңүлө тиктеди да:

— Эмне бүгүн шаабайың сууңку, Муке? Эмне, тиги кожолоруң концертин дагы койдубу? (Кантсе да кыраакы да!.. – деп ыраазы болуп койду азыр Мурат.)

Мурат айтсамбы-айтпасамбы дегенсип, бир азга буйдала түштү да, акыры өзүнүн жоругун төкпөй-чачпай айтып берди. Муну укканда жазуучунун да ындыны өчө түштү. (Кантсе да жүрөгү таза да!.. – деп ыраазы болуп койду азыр Мурат.)

— Эх, Муке, Муке… — деди анан башын чайкап. – Бала эле бойдон экенсиң да. Болбосо, ойлонбойсуңбу, ой, ушу мас кейпинде кайсы келесоо соо кишинин көзүнө чалдыксын, ыя? Мына, мени карачы, мас болуп алып соо кишилер менен жүргөнүмдү бир жолу көрдүң беле? Көргөн эмессиң, мен мастар менен гана жүрөм. Эмне үчүн? Ошон үчүн… Анткени масты мас гана түшүнөт, мас гана кечире алат, маска мас гана жарашат, мас гана түтөт. Сен мастардын арасында гана нармалныйсың, а соолор сени ненармалный дешет. Ал эми соолор сенин көзүңө ненармалный болуп көрүнөт. Анан чыр чыгат. Көрдүңбү, Муке, ичтиңби, өмүрү соолорго жолобо. Мына, мен масымда тамакка да барбайм, ачкадан үзүлүп баратсам да, тойдум деп коём. Эмне үчүн? Ошон үчүн… Анткени, маа тамак берчү повурлардын баары соо болуп жатпайбы, ыя?.. – Жазуучу булдуруктап баратып, кайра өзүнө келе калды. – Мен азыр барып жатышым керек, кожолор менен повурлардын көзүнө чалдыкпай барып, күп этип кулашым керек.

Айттым го, ичкенимде таң заарда эч ким тура электе жылт коём да, баары уктагандан кийин ууру мышыктай жылып барам… А бүгүн минтип тескерисинче… — Жакшы кал дегендей Муратка колун сунду. Үндөбөстөн Мурат да колун берди. Жазуучу Мураттын колун бекем кысып туруп коё берди да, тартып алууга үлгүртпөй, Муратты колдон кайра шап алып, өчү бардай ого бетер бекем кыса кармап туруп калды. Анан таңданганынан аңырайган Мураттын жүзүнө тигиле карап:

— Катын албасам болбой калды, Муке… — деди ойлуу. – Өзүмдү өзүм тыя алчудай түрүм жок. Мени катын эле тыйбаса…

Аңырайган Мурат ичинен кыжына кетти: “Катындан эле жыргап жаткансып!.. Энеңди!..” Бирок кыжынганын билдирбеди, кайдыгер гана башын ийкегиледи.

— Чын эле, алыш керек болуп калды… — деди жазуучу кайрадан ойлуу. — Болбосо… Өзүмдү өзүм… — Үнү каргылдана. – Баягүнү эле кочегар тоңуп өлүп калыптыр. Экөөбүз чогуу ичкенбиз. Анан тетиги тоого барыптыр да, бир чоң таштын түбүнө бүрүшүп жаткан бойдон томурайып тоңуп калыптыр. Темселеп аякка эмнеге барды байкушум, кайсы шайтан айдап барды байкушум, билбейм. – Туталана кетти. – Ай ушу кыргыздарыңды!.. Туулмагы да – тозок, өлмөгү да – тозок. Кара ашына мал таппай темселегенибизди айтпа… Ал байкушту көмгөнү кайсы ырыстуу киши бармак эле, өзүндөй, мына мендей алкаштар эле барат да… — Үндөбөй туруп калды да, Мураттын колун кайра бекем кысып, кыжынды. – Энеңди!.. Аялымды кетиргенден кийин канча катын менен жатпадым. Баарыныкы эле окшош экен. Анан эмнесине кызганабыз? Билбейм… — Мураттын колун коё берип, күнөөлүүдөй күлүп койду да. – Кой, чын эле албасам болбой калды… Мага чыдай турган, түтө турган…

“Эмнени эле айтып жатат…” – деп ойлоду Мурат, колун коё бергенине кубангандай аны сол колу менен кармалап.

Жазуучу Муратты унутуп калгандай, кош дегенге жарабай шарт бурулду да, жөнөй берди. Ойлонуп-ойлонбой Мурат да жөнөп калды. Экөө эки жакка кетти. Мурат өйдө, а жазуучу ылдый. Көп өтпөй жазуучу артына бурулуп, Муратка кыйкырып калды:

— Муке, өчпөгүн! Өчпөгүн, Муке! Кызмат жерге кирсин, башың аман болсо болду. Мына, мен деле өлбөй жүрөм го, же катындан жок, же балдардан жок, же иштен жок! Маңдайга жазганы ушу да… Сенде эмне?.. Сенде жок дегенде бука бар эмеспи!..

Ушинткен да, же табалаганы, же күйгөнү белгисиз бир каткырып алып, жөнөй берген.

Мурат ого бетер эңги-деңги боло, аны узата карап, кыймылсыз турду. Анан эми эле айткан сөзүн эстеп, демөөр байлай түштү: “Чын эле, — деди өзүнчө шыбырап, — бу деле жүрбөйбү…” Кайра селт этти – жазуучуларга жолугушканга чейинки алар жөнүндөгү ою эсине шак дей түштү. Ал жазуучуларды кадыресе кишилер катары элестете алчу эмес. Жазуучулар менен сүйлөшүүгө өзүнүн акысы жоктой туюлчу. Жазуучу менен жазуучу гана сүйлөшө алат, биздин акыбыз жок деп ойлочу. (Кызык… Алар деле биз сыяктуу эле дааратканага барат болду бекен деп таң калчу элем, — деп ойлоп койду азыр Мурат.) Эми канча жазуучу менен жолугушпады дейсиң. Көрсө… Бекер эле сүрдөп жүрүптүр да. “Баары эле өкүртүшөт окшойт. Менден беш бетер…”

Шыбырады да, көңүлү көтөрүлө түштү. Жылмайды. Арак десе арагын, самогон десе самогонун өкүрткөн, кичине кылт этип алган соң улуу-кичүүнү көзүнө илбей балит сөздөрүн чуурткан, энеден эмес, балит сөздөрдөн жаралгандай туюлган, кийген кийими да, бүт тулку бою да өзүнүн теңирейген мурдуна опокшош бир жазуучуну көргөндө: “буларың бизден жаман турбайбы!..” – деп сүйүнгөнүн эстеди. (Эмне үчүн сүйүндү? – Мурат селт этип чочуп кетти. – Эмне үчүн?.. – Ийнин куушурду.) Сүйүнгөнүн эстеп жылмайып келатып, кайра селт эткен – ушу теңирейген жазуучу өзү соосунда, масында да шилекейин чууртуп окуп жүргөн китептин автору экенин укканда, деңдароо болуп эсинен танып кала таштаганын эстеди. Эртеси ал жазуучуну тигиле бир караган дейсиң: ары өтүп деле бир карайт, бери өтүп деле бир карайт. Бир караса – таптакыр өзгөрүп кеткендей, бир караса – баягы эле таз кейпи.

“Ай бала! – деген жазуучу акыры шекшингендей. – Эмне эле мени үзүлө түшүп, так мына мобу менин мурдумдай аңырая карайсың, ыя? Же, эмне, мурдумдан коркуп жатасыңбы, билсең, далай катынга жаккан бул мурун, Москванын сулууларын титиреткен бул мурун. Же, эмне, мени… Бирдемең барбы, алып кел андан көрө, жетим көпөлөктөй айланчыктабай…” Мурат оңтойсуздана: “Караган деле жокмун. Анан… Бирдеме анан болот”, — деп күлгөн. Ушуларды эстеп жылмайып келатып, кайрадан башы маң болгон: бир карасаң – таптакыр өзгөрүп кеткендей, бир карасаң – баягы эле таз кейпи. Жазуучуларды негедир өзүнө окшоштурган. Мурат да жалгыз, алар да жалгыз. Муратты да эч ким түшүнбөйт, аларды да эч ким түшүнбөйт. (Бир карасаң… — деп шыбырап койду азыр Мурат, — анан эле кайра карасаң… — Таңдангандай башын чайкады.)

Анан жазуучулар көзүнө ушунчалык аянычтуу көрүнүп кеткен, чын дилинен боор ооруган. Ошондо анын ичине кимдир бирөө кирип алып, өзүнүн аянычтуу сураныч-шыбыры менен Муратты коштоп бараткандай туюлган: “Эх, жазуучулар, жазуучулар, не деген алтын калксыңар! Силер элге аралашпагыла, элге көрүнбөй жүргүлө. Эл көзүнчө чечинип сууга түшпөгүлө да, чечилип сүйлөбөгүлө, дааратканага да барбагыла. Силерди көкөлөтүп жүргөн эл силердин баркыңарга жетеби?!.” Ооба, кызганган, кадимкидей кызганган. Элден кызганган. (Элге жолоп кереги жок, — деп ойлоп койду азыр Мурат, — эл дегениң!.. – Кыжырдана колун шилтеди.)

Өзүнө өзү ыраазы болуп, көңүлү көтөрүлө түшкөн. Эчтеке болбогондой, кадамын кайра жайлаткан. Дүкөнгө жакындай бергенде бет маңдайынан Лиданын келатканын көргөн. Мурат же айланып өтөрүн, же аны беттеп баса берерин билбей, ыргылжың болуп туруп калган. “Баягындай эле… Сулуу…” – деген акырын шыбырап. Анан Лида күйөөсү менен ажырашып, башкага тийгенин, муну бөлөк бирөөлөрдөн укканын, аны менен көптөн бери жолугуша электигин, жолугушканын, же жолугушпаганын эсинен чыгарып ийгенин эстеп үлгүргөнчө, ал жакын келип калды. Мурат Лиданы карап жылмайды, Лида да жылмайды.

— Как Лида? – деди Мурат, оңтойсузданып жатканын билдирбөөгө аракеттенип. Кеп таппай, бир азга буйдала түштү. Анан өзүнүн оюна келбеген сөз оозунан чыгып кетти. – Как новый муж?..

— Какой же он новый? – деди Лида да сыр бербей күлүп. – Уже третий год…

Экөө тең күлүп калышты. “Баягыны унутуп калган окшойт”, — деп ойлой кеткен Мурат. Аңгыча Лида бир нерсени жыттагылагансып, мурдун тартып-тартып алды да, Муратты шектүү карап:

— Опять воняешь да!.. Эх вы, мужчины, мужчины!.. Разве вы мужчины…

Биресе кыжырдангандай, биресе боору ооругандай башын чайкап-чайкап алып, басып кетти. Мурат же токтой тур дээрин, же кош дээрин билбей, аргасы түгөнө жылмайып, аны узата карап турду да: “Унута элек окшойт, энеңди…” – деп кекене шыбырады. Бирок Лидагабы, же өзүнө сөгүндүбү – билбеди. Негедир оңтойсуздана уялып кетти. “Дагы эле баягыдай… Сулуу…” – деди анан суктангандай умсуна. Лида да дүкөнчү эле. Ал коңшу дүкөндү кармачу. Баарын суктандырар эле Лида. Ага суктанып, шилекейин чубуртпаган эркек жоктур бул айылда. Келишимдүү мүчөсү, нур чачкан жүзү, анан жаркылдаган мүнөзү. Айтор, баары бир-бирине төп келип турар эле. Мурат кылыя карап, өзүнчө умсунуп койчу. Кызык, экөө чогуу иштеп, керели-кечке бир эмес, миң жолу көрүшүп жүрүшсө да, Мурат ага таптакыр көнө албай койгон. Улам беттеше калган сайын, аны жаңы эле көрүп жаткансып, жалтанып турчу. Атүгүл коркуп да кетчү. Бир жолу кайсы бир майрамды шылтоолоп, иштен кийин отуруп калышты. Ичишти. Баары кызуу. Бир маалда Лида: “Мурат, сен мени узатып коёсуңбу?..” – деди.

“Албетте, — деди кызымтал Мурат ойлонуп-ойлонбой дердеңдеп. – Узатпаганда. Сени узатпаганда, анан кимди?..” Экөө ээрчише басышкан. Лида жаракөрлөнө Муратты колтуктап алган. Үйгө жакындай бергенде Мурат негедир чочулай баштаган, атүгүл таптакыр соолугуп калгандай болгон. Мен кете берейинби дегендей Лидага суроолуу караган. Лида башын чайкап, үйгө кире бер дегенсип, ишарат кылган. Киришкен. Мурат босогодо туруп калган. Лида ага назар буруп койгон да эмес. Үстүндөгү көйнөгүн чечип ыргыткан да, диванга чалкасынан жата кеткен. Чалкасынан жатып алып, босогодо селейип турган Муратты бери кел дегендей жадырай караган. Мураттын эсинде жок, диванда жылаңач жадырап жаткан Лиданы дит багып карай алды беле, же албады беле – бул түк эсинде жок. Айтор, аппак төшүн улам-улам булактата туйлап, күнгө эркелеп бир балык жаткандай туюлган. Андан чагылган нур Мураттын көзүн уялтып, жан айласын кетирген. Мурат селейгенден селейген.

Кыймылдамак турсун ооз ачкандан, атүгүл дем алгандан корккон. Ага бу дүйнө дал ушул эңги-деңги кейпинде жаралып, дал ушул Мураттай селейип катып калгандай, убакыт да селейип жылбай калгандай туюлган. Лида болсо кыйлага булактап турган да, үңүлдөп коё берген:

— Сен эмне турасың эстеликтей болуп!.. Анда эмне үчүн келдиң?! Көрүп турбайсыңбы, үйдө күйөөм жок экенин!.. Эмне үчүн келдиң дейм!.. Силер ушундан бөлөккө жарабайсыңарбы, ыя, ушул үчүн, ушул аракка чыланып сасып, былгып туруу үчүн гана туулдуңар беле, ыя!.. Жанагы сыболуч!.. Андан көрө чочко менен жатсаң!.. (Күйөөсүн айтып жатат окшойт… — деп ойлогон Мурат.) Эмне үчүн келдиң дейм!.. Жогол! Жоголгун!..

Селейген Мурат эсине келе калып, сүйүнүп кеткен. Ушу сөздү эле күтүп жаткансып, шарт бурулуп жөнөгөн. Эшикти жаап-жаппай, чыга качкан. Лида үңүлдөгөн бойдон кала берген. Үңүлдөгөн үн аны үйүнө чейин ээрчип келген. Кийин экөө далай кездешпедиби. Мурат ошондо күнөөлүүдөй көзүн ала качар эле. Тике карай алчу эмес. Кийин-кийин дүкөнчүлүктөн бошоп, экөө күн сайын жолугушпай калган күндөрдө да, капыл-тапыл алдынан чыга калса, бир селт этип алып, оңтойсуздана кетчү. Жолугушуп калганда, атүгүл ошол окуяны эстегенде эле, көз алдына диванга чалкасынан жатып алып, жадырап-жалдырай караган Лида тартыла калчу. Анан үңүлдөп озондогон үн кулагына кадимкидей жаңырып, дивандагы жадырап-жайнаган Лида кургакта жан айласын таппай чабалактаган балыкка айланып кетчү. Кандай таза, кандай ачуу үн! Аяган Мурат. Лиданы аяган. Азыр да эстегенде аяй кетет. Анын жадырап-жайнаганы аянычтуу көрүнгөн. Ал эми озондоп-үңүлдөгөнү кандай гана аянычтуу десең, тим эле жанын коёрго жер таппай кетет Мурат. “Эмне үчүн?.. – деп шыбырады азыр Мурат. – Кызык… Неге ыйлады?..”

Мурат кайрадан селт этти. Мурда бул суроо башына келбептир да. Озондоп-үңүлдөгөнүн биринчи укканда да, бул үңүлдөк бучкактап ээрчип алганда да, Лидага көп жылдан кийин жолугуп, баягы окуяны, аны ээрчиген үңүлдөп озондоону эскергенде да, мындай суроо оюна келбептир. Болгону жүрөгү мыжылып, аяй берчү. “Эмне үчүн?.. – деди кайра таңдана. – Кызык. Эмне үчүн?..” Ийнин куушурду. Лида ага эмес, а бүтүндөй бул жашоого, деги эле жарык дүйнөгө келип калганына ызаланып ыйлап жаткандай сезилип кетти Муратка. Унуткусу келгенсип, букасын карады. Букасы турат. Ойго чөккөн. Ойгончудай түрү жок. “Уй гана ойгото алат…” – Мурат нааразылана шыбырады да, ойго чөккөн букасын карап, дел болуп катып калды. Ага уйлардын баары чогулуп алып, букасын карап, өңгүрөп-озондоп жаткандай сезилди. Уйлар Лидага айланып кеткендей.

Же, эмне, Лида уйга айланып кеткенби? Башын чайкай, ийнин куушурду. Ийнин куушурду да, көп өтпөй бир силкинип алды. – Лидага кошулуп, өзүнүн аялы да үңүлдөп-озондоп жаткансыды. Чыдай албай көзүн бекем жуумп, башын чайкагылай берди. “Жок… Жок… — деди мойнуна алгысы келбегендей, башын ого бетер чайкагылап. – Жок… Эмне үчүн?.. Мен эмне… Элүүгө чыгып-чыкпай жатып… Же эмне…” Бирөө аңдып тургандай эки жагын элеңдей карады да, башы шылк дей түштү. Жок, аялы үңүлдөп-озондобой эле, өтө аяр, өтө жароокер шыбырап жаткансыйт: “Мурат, уксаң, акыркы күндөрү экөөбүз сүйлөшпөй да калдык да, ыя!..” Мурат башын шак көтөрдү. Кандайча?!. Сүйлөшүп эле жүрүшпөйбү! Таң азандан тартып… Бука… Арак… Кайра бука… Кайра арак… Акыйнек. Таң азанда. Бүттү – сүйлөшкөнү ушул. Андан кийин…

Жок, сүйлөшмөк түгүл, чогуу болушпаптыр, чогуу болгонду мындай кой, эрди-катын болуп бирге жатышышпаптыр да. Ооба, үйдө чогуу жашашчу. Мурат дайыма үйүнө эле түнөп жүрбөйбү. Бир киши көзүнө төрт көрүнүп, эмгектеп калса да, эптеп үйүнө жетчү. Бирок… Мурат эстей албай жатты. Кийинки күндөрү качан аялы менен бирге жатканын эстөөгө жанталашты. Канчалык жан далбас кылса да, эстей албай койду. Сүйлөшпөптүр. Эч ким менен. Аялы менен да, кыздары менен да. Кичинекей чактарында кандай жакшы эле! Кыздарычы.

Мойнуна асылышып… Анан эле… Көрбөй калды. Кичүү кызын канча күндөн бери көрө элек экен. Эртең менен ойгонбой жатып ойлончу да: “Кой, радио иштей электе…” Туруп кетчү. Баары мемиреп уйкуда. А Мурат жыла басып эшикке чыгат да, түбүң түшкүр бу дүйнөгө батпай калган букасы экөө жылт коёт. Ооба, көрө элек экен. Сүйлөшмөк турсун, кичүү кызын, үйүндө калган кенжесин, качантан бери көрө элек экен! Титиреп кетти Мурат. Ичи эңшерилип, жалгыз калды. Өзү эле. Жапжалгыз. Деги барбы? Өзү барбы, же жокпу? Жапжалгыз калды. Корко баштады. “Башталды, энеңди!..” – деп кыжынды Мурат. Канчалык кыжынса да, корко баштаганын туюп турду. Коркунуч менен кучакташып жалгыз калды Мурат. Жан айласын таппай кайпастады.

Коркунучтан кутула албай жан алакетке түштү. Коркунучтан да эми коркунучтан кутула албай калдым го деген ой ага не бир коркунучтуу туюлду. “Бу кайдан?! – деди ого бетер кыжына. – Мурда…Энеңди!..” Мурда… Мурда билчү деле эмес. Билсе да, анча деле назар бурбаган. Албетте, коркчу дечи. Адамга мээни кудай ошон үчүн берет да. Корксун деп берет. Бирок билчү. Эмнеден коркуп жатканын билчү. Ошондуктан анча элес алчу эмес окшойт. Азырчы? Азыр билип туруп эле билбейт. Бир нерседен коркуп жаткансыйт. Бирок эмнеден? Билбейт. Азыр да корко баштады. Корко баштаганын туюп, ого бетер корко баштады. Кандай оор!.. Коркунуч кандай оор, баарыдан да коркунучтан кутулуу кандай оор! Коркунучуң өлүмдөн да оор болсо керек. Өлүмдөн дайым эле корко бербейсиң да. Алаксыгысы келди, бир нерсени ойлоп, унуткаргысы келди. “Мурда…” – деди кайра үзүл-кесил шыбырап. Аңгыча машиненин күрүлдөгү угулду.

Мурат жалт карады. Алды жактагы чоң жолдо эчтекени көзүнө илбей, чымын-куюн болуп көк кашка келатат. Артынан бирөө кууп келаткансып зуулдатат. Мурат аны менен алагды болуп, коркконун бир азга унута түшкөнсүдү. Бирок көп өтпөй титиреп кетти – капысынан алдынан бирөө чыга калса!.. Машина зуулдаган бойдон солго бурулду да, көздөн кайым болду. Мураттын санаасы тына түштү, көп өтпөй кайра кыжынды: “Булардын машинеси да мас, энеңди!..” Жүрөгү дүкүлдөп жатканын туйду. Муну туяры менен, кайра корко баштады. “Кайра башталды, энеңди!..” – деди аргасы түгөнгөндөй шыбырап. Жүрөгүнүн соккону басаңдап барып, дымып калгансыды. Деги согуп жатабы дегендей, колу менен жүрөгүн басты. Бүлк-бүлк… “Согуп жатат окшойт…” – деди санаасы тынгандай шыбырап.

Бирок кара басып жүрөгүнүн согуп жатканын билгенден кийин, коркунуч кайрадан тооруду. Ичи эңшерилип, аңгырай түшкөнсүдү. Кыбыр этерге жан жок болгон кандайдыр бир боштукта өзү гана калгандай. Өзү да кыбырай албай, кыймылсыз отурат. Жок, отурбай эле каалгып жүргөнсүйт. Тынч да, жымжырт да. Туш тарабынан коркунуч кара таандай каптап келет. Ушул маалда чочуп да, сүйүнүп да кетти Мурат. Коркунуч ушул экен да: тынчтык менен жымжырттык турбайбы! Анда неге адам аттуунун баары тынч жашоого умтулат? Мурат деле мурда кандай көксөчү эле: “Атаңдын көрү, санаа тынч, бейкапар бир жашасаң!..” Эмне, ал мурда жашабай эле жүргөнбү? Мурат колун шилтеди. “Эмнелерди эле ойлоп жатам, энеңди!..” – деди өзүнө кыжырдана. Жашап жүргөндүгү үчүн ушул жерде отурат да. Өз оюна ыраазы болгондой жылмайды. Айылын карады.

Чымын-куюн болуп эле, күйпөлөктөп шашып жүргөн кишилер. Баары, убадалашып алып, бир нерсе издеп жүрүшкөнсүйт. Издегендери эмне, неге мынча шашышат? Өзүчү? Муратчы? Ал да эл сыяктуу эле бир нерсе издеп, күйпөлөктөп жүргөнбү? Ооба, издеп жүргөн да. Болбосо, эчак эле жымжыртыкка келип урунбайт беле. Жымжырттык. Кандай оор… Убакыт токтоп калат. Убакыттын токтоп калганынан өткөн азапты адам баласы башынан кечирди бекен?! Дал ушул жымжырттыкка убакыт төнүп кетет да, жылбай тура берет. Кызык, мурда кантип өткөн. Убакытчы. Билинчү эмес.

Таң атчу да, алеки заматта күн батып кеткендей туюлчу. Убакыттын эмне экени эч бир туюлчу эмес. Атүгүл зымырап билинбей өтүп кеткени өкүндүрчү эле го. Азырчы? Өтпөйт. Өтпөй жатканын Мурат дайыма жүрөгү менен сезип турат. “Мурда кантип жашап жүргөм?..” – деп ойлой кетет ошондо Мурат. Мурда анын ичинде кандайдыр бир күч бар болсо керек. Ал баарын өз-өз ордуна коюп, жайкарып турчу экен да. Ал күч эмне эле? Билбейм дегендей башын чайкады Мурат. Бир билгени ушул экен – анда бул балакет убакыт кантип өтөт деп ойлобоптур да, ойлоого акысы да жок экен да. А азыр ал күч кайда кеткен, аны ким жалмаган? Турмушпу? Мураттын өзүбү? Эси эңгиреп турду Мураттын.

Жашоо токтолуп да, ушул эле маалда башталып да жаткан сыяктуу. “Эл сыяктуу эле жашап жүрөм го..” – деди Мурат кимдир бирөөгө актанып жаткандай. Ооба, жашап жүрөт, бирок эмне үчүн жашап жүрөт? Мурат ийнин куушура дымый түштү да, корккондой селт этип алды. Ушул эмне үчүн? деген суроо менен ага жашоо токтоп калгандай туюлду. Эмне үчүн жашап жүрөм? Мындай карасаң, адам баласынын жашоосу ушул суроодон башталгансыйт. Жок, адам жашоосу муну менен башталбайт, тескерисинче, бүтөт. Анткени бул суроону ким болбосун башына кара түн түшүп карайлап турганда гана коёт. Убакыт токтоп, жымжырттык менен коркунуч сазына сорулуп баратканда гана ушул суроо көөдөндү жара тээп чыгат. Ага чейин жашай бересиң, бейкапар гана жашай бересиң. Оюң да таза, боюң да таза. Оюң да, боюң да бузула баштаганда, тиги суроо сороюп чыга калат. Жашооң бузулуудан башталат экен да.

Мураттын башы маң болуп, эси эңгиреп турду. Букасын карады. Сүйүнүп кетти. Букасы бар экенин ойлоп, сүйүнүп кетти. Букасы убакыт деген балакетке чым деп койбостугун, букасы бар экендигин эстегенде өзү да убакыт дегениңди да, коркунуч дегениңди да уруп ойнобостугун ойлоп сүйүндү. Башын тээп чыңалып турган мээсин бирөө чеңгелдеп туруп ыргытып жибергендей жеңилдей түштү. Букасы да Муратты аянычтуу карап койду. Букасын карап туруп, капысынан силкине кетти – иши оюна түштү. “Бүгүн барбайм да…” – деди анан өзүн жооткото. Өзүн жооткоткуча болбой, иштен кубалап жибергенин, муну аялы биле электигин кайра эстеп, титиреп кетти. Жүрөгүнө бир нерсе дүк дей түшкөнсүдү. Ал негедир ташты элестетти.

Тоодон кулап келаткан арсак-терсек таш, кара жок, кара эмес, бетин түк баскан, өңү өчкөн таш, ошол таш тоо ылдый зуулдап, таштан-ташка урунуп келет, далайды талкалап, өзү да кетилип келет, акыры дүк дей түшөт. Жерге эмес, а Мураттын жүрөгүнө келип дүк этип урунат. Урунганы эчтеке эмес, секирип келатканы, анан качан урунат деп күткөнүң жаман. Корккон да жок, айбыгып-уялган да жок Мурат. Аялына боору ооруду, ушунчалык аянычтуу көрүндү. Төтөн, иштен айдап чыкты дегенди уккандагы аялынын ырайы-пешенесин, ал-абалын элестеткиси келбейт десең, муну эстегенде тим эле азат бою тик тура калат. “Баары бир угат да…” – деди Мурат кайдыгер гана, дагы эле элестеткенден качкансып. Чын эле, баары бир угат да.

Эмне, иштен чыгып калдым деп коюш кыйынбы? Кыйын деле эмес, көп болсо он секунддук иш да. Анда неге? Оо, бу кандай кыйын!.. Эми өзүнө өзү боору ооруду Мураттын. Кайрадан коркунуч ууру мышыктай тоорулуп келаткансыды. Өзүнөн өзү жүзүн ала качып, айылын карады. Жок, ал айылды эмес, а тескерисинче, айыл аны тикчие тиктеп тургандай болду. Жүзүн буруп, кайра букасын карады. Ал баягыдай эле ойго чөгүп, бейкапар турат. Куду Мураттай дымып да, быжылдап да турат. Букасын карап турганда буга чейин далай жолу ойлогон ою кайрадан эсине келе калды – ал өзүнүн букасына окшошуп бараткансыйт. Ал букасынабы, же букасы агабы? Билбейт. Айтор, окшошуп баратышкансыйт. Эмнеси? Мурат букасына тигилди. Оюна ынангандай башын ийкегиледи. Экөө тең күткөнсүйт, экөө тең буулуккансыйт. Дайыма. Мурат өйдө жакты бир карайт, ылдый жакты бир карайт. Ошондо букасынын башы да бирде өйдө, бирде ылдый жакка бурулуп жаткандай туюлат. Күтүү жана буулугуу. Мурат таңдангандай башын чайкады да, үйүн карады. Турат. Мелтиреп турат. Кирлер да турат желбиреп. Көпкө тигиле карады. Үйүн алыстан мынча көпкө тигиле карабаганын эстеди. Эстеди да, өчөшкөндөй кайра тигилди. Жүрөгү бир булкуп алды – үйү кимдир бирөөгө окшош көрүнүп кетти. Кимге? Өзүнө! Үйү да өзүнө окшошуп калыптыр. Эмнеси менен? Канчалык тигиле караса да, таппады Мурат.

Болгону үйү жанагындай эле мелтиреп турганын гана баамдай алды. Ооба, букасы, үйү – экөө тең өзүнө окшоп калыптыр. Үйүн да, букасын да өзүнө жалмап алгандай болду. Өзүнө өзү батпай кетти. Буга кошул-ташыл карай турган эчтекеси калбай калды. Бу жер үстүндө эчтеке калбай калды. Аргасы түгөнгөндөй, асманды карады. Көк асман түссүз болуп көрүндү, анан көз болуп көрүндү. Муңайым көз. Түссүз көз. Капысынан эле көктү көптөн бери карай электигин эстеди. “Энеңди урайындыкы!.. – деди кыжына. – Ушуга да кол бошобойт…” Көктү кайрадан тиктеди. Көк, түссүз асман көздөн бүткөндөй туюлду. “Же көз асмандан бүткөнбү?” – деп ойлой кетти. Анан өзүнөн өзү эле жалтактап, эч кимдин көзүн тике карай электигин эстеди.

Адамдардын баары эле бир-биринин көзүн даана көрө албайт, тике маңдайында бажырайып турган көздү дит багып карай албайт. Көктү да оңойлук менен карабайсың, аны качан гана күн түнөргөндө карайсың, ошондо да тоо баштарын, же көктү калкалап турган булутту карап, тим болосуң. Тешиле тиктебейсиң. Көздү деле адамдын жини келип туталанганында карайсың, көзүнө эмес, кабагын гана карап коёсуң. Эмне үчүн? Ийнин куушурду. Мурат умсунду. Бир-биринин көзүн карай албагандыктан, адамдар кандайдыр берекеден кур жалак калып жаткандай. Муну ал акылы менен эмес, жүрөгү менен туйгандай болду. Эмне үчүн карай алышпайт, карап туруп карай алышпайт? Кайрадан ийнин куушурду. Асманды карады. Көк асман дагы эле түссүз болуп көрүндү, дагы эле көз болуп көрүндү. Муңайым көз… Түссүз көз… Мөлтүрөгөн көк…

Кирпигин кичине эле ирмесе, мөлт этип куюлуп түшчүдөй. Ушу жерден кенже кызынын эртең мененки уңулдагы кайрадан жаңырды: уу-у-уу… Көктү телмире тиктеп, жылып келаткан коркунучтан кутулгансып жеңилдей түшкөн Мурат көк асманга да батпай калды. Кыжырдана үйүн карады. Карады да, ого бетер кыжыры келди. Жок го? Келесоо, энеңди!.. Эмне, келбей калганбы? Сөзсүз келем дебеди беле? Сыздап ийди. Айтып койсо болмок. Июнда качса, мартта тууп бермек. Айтпаса деле… Чын эле, келбей калганбы? Келбесе… Өз оюнан качкандай ыргып турду да, букасына жөнөдү. Жибин шашылып чече баштады, чечип жатып негедир дагы сөгүндү:

— Ой энеңди!..

Билген жок. Кимди сөккөнүн билбеди, кимге сөгүнүп жатам деп да ойлободу, атүгүл сөгүнгөнүн туйган да жок. Букасын жетеледи да, жолуна түштү.

Адам табынан эрип бараткан баягы таш таштай томсоргон бойдон кала берди. Эстеликти эске салган жалгыз терек да билинер-билинбес шуудураган бойдон кала берди. Ээрчишип букасы экөө баратты. Аларды жандап көлөкөлөрү баратты. Өз көлөкөсүнүн көлөкөсү сымал Мурат ийрелеңдеп бараткансыды.

… Кечкурун эле айыл чуру-чуу түшүп калды. Мураттын аялы эшикке чыгат. Ордунда байланып турган буканы көрөт да, санаасы тынгандай складды карайт. Складдын эшиги ачык турат. “Аа… – дейт ошондо эле ал айкырып. – Мурда эшикти бекитип алып, оонап жатчу элең бетиң күйүп. Эми күйө турган эчтекең калбай калып, мына деп аңырайтып ачып салган экенсиң да. Бүттү! Жетет! Чыдадым!..” Алкынган бойдон складга кирип барат. Кирсе… Оонап жатпай эле, турат дейт зыңкыйып. Асынып калыптыр. Аялы да Мураттай селейе түшөт да, анан эсине келе калып, ач кыйкырыкты салат.

Азыр болсо минтип шыпшынып калат дейт:

— Кирип барсам эле, турат зыңкыйып. Өлгөн кишини биринчи көрүшүм. Супсулуу. Өзүңөр деле билесиңер да, кийинчерээк бирдеме кылт эттирип коюп, бети-башы кызарып эле шумдуктай болуп баратпады беле байкушумдун. Эми анын бири жок. Супсулуу. Көрсө, өлгөндөн кийин киши сулуу болуп калат тура. Байкушум десе…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *