— Дүйшөн Касиевич, 60 жылдык мааракеңиз кут болсун! Бул кутман куракты кандай тоскону турасыз? Дегинкиси, 60ка чыккан кандай болот экен?

— Куттугуңа ырахмат! 60 жашты кандай тосмок элем… Мен туулган күн дегенди дегеле этибарга албаган кишимин. Илгери ОшПИде окуп, пахта терип жүргөндө 20 жашымды Пайсилла Ирисов деген агайым уюштуруп, пахтазарда тойчук өткөргөнбүз. Анан 50гө чыкканда белгилейин десем, өзүмдөн башка эч ким мен кембагал тууралу ойлоп да койчу түрү жок. Анан бир санаалаш киши менен, «Эй дүйнө, мен да элүүгө чыктым эй!» деп тымызым белгилеп койгом. Ал эми 60 жаш дегениң акыл эсти чымыратып, жан дүйнөңө бүлүк салат экен да. 58, 59 деп келатып эле, 60(!) десең, албетте ойлоно түшөсүң эми эстеп-эстеп отурсам менин балалыгым кыйчалыш өтүптүр. Энеден эрте ажырап, өгөй энелердин колунда чоңойдум. Атам болсо мен жаңы эле жыйырма үчкө чыгып, үйлөнөйүн деп турганда өтүп кетти. Бирок менин тагдырыма жакшы аялдар кездешти. Өзүмдүн апам, кийинки апам, эки чоң энем, кир-когумду жууган эки эжем – ошолордун баары жакшы кишилер. Азыр алтымышка чыкканда ошол кишилердин баркын билип атам.

1991-жылы кыргыздын кайталангыс тил аалымы Кусеин Карасаевден интервью алгам. Ошондо ал киши токсондо болчу. “Токсон жаш кандай экен, аба?” десем баарын айтты, кыйналганын айтты, эл душманы деп камалганын, кызматка коюлбаганын, үйдү кеч алганын айтып келип, “бирок, жамандыктын таразасын жакшылыктын таразасы дайыма басып келди, эми сонундун баары алдыда” деди. Карачы, токсон жаштагы киши айтып атат. Анан биз алтымыш жашта эле “буксовать” этмек белек? Баары алдыда да. Ушунун баары адабият. Адабият, китеп дүйнөсүнө аралашканым мени көп жамандыктардан сактап калды. Кыскасы, ата-энем жетпеген алтымыш жаш мен үчүн армандуу да, ажайып да…

— Артка кылчайсам жаштыгым көрүнөт дептир бир аксакал. Ошо сыңары маараке алдында  өткөн күндөрдү эскербеске чара жок. «Кутбилимде» бир топ жыл журналист болуп үзүрлүү иштедиңиз. Ошондогу «Мугалимдер газетасына» (азыркы «Кутбилим») кантип келип калдыңыз эле?

— Ат-Башыдан барып, Ош пединститунун филфагынан билим алып, адегенде айылдык мектепте беш жыл мугалим, кийин облустук гезитте иштеп жүрсөм, 1991-жылдын январь айында «Мугалимдер газетасына» айтылуу ырчы агабыз Боогачынын тагдырына байланышкан «Үкөйүм» деген макалам басылып, башкы редактордун чакыруусу менен борборго келип калдым. Анда башкы редактор акын Абдыжапар Эгембердиев эле. Ошентип сүйүү баянынын шарапаты менен, эки жыл мурда Фрунзеден корректорлук иш таппай кеткен мага кең дүйнө  каалгасын шарт эте ачып жибергендей болуп, бакыйган гезиттин бөлүм башчысы болуп олтуруп калгам.

— Кийин эмнеге кетип калдыңыз? Журналисттик иш жакпай калдыбы?

— Калемгерлик кесип жан дүйнөңө байланышкан иш да. Качып кайда барасың? Болгону борбордон үй-жайлуу болсом деген максатта коммерсант достор менен эл көргөндү да көрдүк.

— Ошол кезде «Мугалимдер газетасын» «Кутбилим» деп эмнеге өзгөртүңүздөр эле?

— Анда баары өзгөрүп кетти го. Фрунзе-Бишкек болду. Мен «Мугалим» деп коелу дедим. Өзү да таланттуу уюштургуч Талант Конокбаев ини досум башкы редактор. Кубат Чекиров «Кутбилим», башкалары башкасын, айтып талкуулап жатып Кубаттын идеясын жактырганбыз. Кыскасы, Жусуп Баласагын бабабыздын айтылуу «Куттуу билим» мурасына шайкеш келип калды.

— Ошондогу мугалимдер менен азыркы мугалимдердин айырмасы эмнеде?

— Атам да мугалим эле. Башкармадан кийин айылда тың жашагандардын бири биз элек. Айтайын дегеним, мугалимдин маянасы элден кем эмес жашаганга кеңири жетчү. Мугалимдин өзүнө да, окуучуга да милдет, талап катуу болчу. Анан эле таптакыр ойдо жоктон өз алдынча мамлекет болуп калдык. Шорубузга шоркелдей президент шайлап алдык. Акаев демократияны эмес анархияны орнотуп, колдо бар ченемсиз байлыкты талкалап туруп, качып баса берди. Элге билим берүү, медицина, маданият экинчи планда – эскиче айтканда салынды аялдын кейпин кийди. Үзүрү ушул – береги эгемендик деген чейрек кылым аралыгында аз кыргыздын миллиондон ашык жапжаш акыл-эс жана каруу-күч мууну ааламдын ажайып жайы эсептелген Ала-Тоосунан алыска тентип кетти. Ата конушунда калгандардын басымдуу бөлүгү сабатсыздыктын сазында батты. Аттиң, айла жок кыял – башкаруучулар менен депутаттарыбыз бирар жыл суу ичип, сухар жей туруп болсо да ири   алды жандүйнө тарбиячысы  — мугалимдин айлыгын тиричилигине жете төлөп, билим берүүгө заманбап шарт түзө алса кана?

— Кайра гезитке иштегиңиз келеби?

— Кайра-кайра иштегим келет. Ошол үчүн силерге келип жүрбөймбү. Айрыкча азыр популярдуу «Азия ньюс» гезитине макалаларым маал-маал менен чыгып келатат.

– Өзүңүздү адабиятчымын деп эсептейсизби же жазуучу деппи?

– Жазуучумун деп айта албайм. Кылыктанып эмне кереги бар? Мыкты окурманмын деп айта алам. Эгер окурмандардын конкурсу болуп калса, “улак тартышка” түшөт элем.

– Алгачкы чыгармаңызды качан жаздыңыз эле?

–Мен институтту начар окудум. Досуң Карбалас болсо… Жалаң ошо сыяктуу делбе досторум бар эле. Өзүбүз кызыккан гана лекцияларга катышып, калган сабактарга барбай койчубуз. Синтаксис, морфологияны окубай, качып жүрүп эле өткөрдүк. Мугалимдер да бизди эркелетчү экен азыр ойлосом. Билчү экен да, “булардын шыгы ушу жакта” деп жөн койчу тура.

– Сиз кыргыз адабиятын аябай жакшы билесиз. Кээде көп ырларды жатка айтканыңызга таң калам.

– Мен өзү талаада жалгыз жүрүп, ырларды жатка айтып ырахат алам. Бир жолу ээн таалага чыгып алып, “канча ырды жатка билет экенмин” деп санадым, жетимиш ырга барып токтодум. Кайра-кайра окуганда жакшы ырлар эсиңде калып калат. Анан алардын таасири менен өзүң да бирин-серин ыр жаза коет экенсиң. Кээ бир саптар окшошуп да калат…

– Азыр да китепти көп окуйт болушуңуз керек?

— Китепке болгон сүйүү да өзүнчө эле бир кумар. Бир эле сүйүү болот дегенге мен ишенбейм. Улам эле келе бере турган жарыктык экен да өзү. Мектепте бир келет экен, студент кезде бир келет экен, киши куракта бир келет экен ал түгөнгүр. Мына, азыр алтымышка келгенде да сүйүү эңсеп турам. “Дагы жолугабы?” деп үмүттөнөм. Ошо сыяктуу, окуучулук, студенттик кездеги кыздар кылт этип эсиме түшүп, сагынгандай, жакшы китептерди да сагынып кайра окуйм. Мисалы, “Кылым карытаар бир күндү” кайра окусаң кайра ачылат эй! “Молдолорго каяша айтам” деп ошонун ичинен таап чыктым. Көрсө, Айтматов бизге дин жакшы жуга электе эле динди дават кылган киши экен.

– Айтматовдон башка акын-жазуучулардан сизге дагы кимдер өзгөчө таасир этти?

– Көп окуган сайын иргелет экен да. Мукай Элебаевди кайра-кайра окудум. Себеби, өзөгүндө чындык жатат. Абдукаимовдун “Майдан” романын, Касымбековдун “Сынган кылычын”, анан Мурза акени көп окудум. “Кыштакча” повестин он-жыйырма жолу окугандырмын. Азыр да окугандан тажабайм. Анан Айтматов, Кубат Жусубалиев албетте. Хемингуэй “жазуучу болуш үчүн Толстойду, Достоевскийди, Фолькнерди сөзсүз окуш керек” деп санап берет. Ошо сыяктуу мен да жазып жүргөн биздин жигит-кыздарга айтат элем, Айтматовду, анан жогоруда мен санаган адабияттарды окуса эле канча деңгээлге өсөт. Кээ бирөөлөр бар, “мен окугандан таасирленбейм, өзүмчө жазам” деген. Алар Салижан аке айткандай, көдөө математиктер сыяктуу да. Бир математик өмүр бою изилдеп жүрүп ачылыш ачса, анысы жүз жыл мурун эле ачылган экен.

– Сиз белгилүү акынжазуучулардын көбү менен чогуу жүрүп, жакшы мамиледе да болуп калдыңыз. Мисалы, Эрнис Турсунов менен…

– Ош пединстититунда Карбалас менен бирге окудум. Түнү менен жазган ырларынын биринчи угарманы менмин. Ак-Бууранын боюнда эки портвейнди кармап алып, күн чыгып келатканда ырларын алгач мага окуп берчү. Кармышак Ташбаев мыкты акын. Карыганча эл акыны наамын бербей мукуратышты. Бир эле “Сагынуу” деген ыры үчүн эле берип коюшса болмок. Алымкан Дегенбаева деген эжем бар болчу. Турабай Жороев аке, Маматемин Рыскулов менен чогуу жүрдүк, ээрчишип жүрдүк. Маматемин дос абдан таланттуу сонун жигит эле. Андан башка, китеп аркылуу достошкон, көрсөм деп дегдеген кумирлерим бар болчу. Айылда беш жыл мугалим болуп, Нарын облустук гезитинде иштеп жүрүп, Бишкекке 1991-жылы келдим. Ошондо баягы кумирлеримди издей баштадым. Салижан акени, Мурза акени кийик уулагандай ууладым да.

Албетте, адамды бириктирген бир нерсе бар да. Дасторкон бириктирет, шарап бириктирет. Шарап жандуулар менен ичип дос болдум. Эрнис абам менен тай-кулундай болуп ээрчишип жүрдүк. Мурза аке менен жүрдүм. Мен тамашалап калам: “Кумирлеримен Сүйүнбай Эралиев карып кетиптир, Байдыкенин буту сынып үйдө жатып калыптыр. Жолон, Турар акелер өтүп кетиптир. Анан менин колума тийгени Эрнис Турсунов менен Мурза аке болду” деп. Салижан акеге да жакындайын деп шыйпаңдадым. “Мугалимдер газетасына” интервью алдым. Анан бир күнү “Салижан аке, жүрбөйсүзбү, боор батырышып бир чай-пай ичели” десем, “чайың жакшы экен, пайды мен ичпей калгам, мен сийдик ичип калганда келбедиңби” дейт. Көрсө, уринотерапия менен шугулданып жүргөн кези экен. Ал киши каза болгондо театрдын алдынан алып чыкпадыбы. Мен кеч угуп калдым. “Элегия” деген ырын табыттын жанында айтып берүүнү ойлогом. Экинчи курста пахта терип жүрсөк, Пайзилла Ирисов агай бизге барды. “Элегияны” жатка билет экен ошо киши. Окуп бергенде мага ушунчалык таасир берген. Салижан аке өзү айтчу, “төрт тарабы төп келген бүтүн ыр жок, локомотивдей сүйрөгөн саптар болот, ошол саптар ыр кылат” дечү. Бирок, “Элегия” бүтүн ыр, кыргыз адабиятындагы сейрек кездешкен ырлардын бири. Бир жолу Салижан акеге “менин тагдырымды жазыпсыз, ушул ырды мен жазмак элем” десем, “эй, кембагал, жакшы окуйт экенсиң сага бердим” деди.

– Омор Султановдун ырлары эмнеси менен жагат?

– Былтыр Омокемдин сексен жаш юбилейине карата радиого интервью бергенде айткам, Алыкул кыргыз поэзиясына жаңы көчөт алып келип отургузду, Омор ошол көчөттү байтүп дарак кылып өстүрдү. Омокең Алыкул баса албай калган жолду андан ары улады да. Биздин салттуу кыргыз ырларын европалык, дүйнөлүк поэзияга алып барып, синтездеди, жууруп, айкалыштырды.

— Сиз эми биздин коллегабызсыз. Бир кезде «Кутбилимдин» кабинтеттеринде  далай окуяларды айтып берип, күлдүрүп, кабарчылардын жарпын жазчу элеңиз. Ошол күндөрдөн эң эсте калганы эмне болду?

— Оо ажайып күндөр, кызык эскерүүлөр толтура да. Эң сонун жигиттер, кыздар менен бирге иштедик. Талант, Кубат, өзүң, Бурул Сарыгулова, Бакыт Орунбеков, Кубан Абдымен, Уран Ботобеков, Аскер Сакыбаева, Сейит Апышев… баары бүгүн элге белгилүү калемгерлер.

— Кийин молдо болуп, намазга да жыгылып жүрдүңүз? Аракты да таштадым деп айтты элеңиз. Дагы эле ошол принципти кармап, эрежеден чыкпай жүрөсүзбү же кээде бузуп коюп атасызбы?

– Мен өзүмдүн бир повестимде жазгам, төрт-беш жаш курагымда эле намазга аралашыптырмын. Себеби, чоң атам намаз окуп атканда, саждага чекесин коюп, кайта өйдө болгондо мен мойнунан кучактай калсам түртүп койбостон кыямга туруп, кайра эле рүкү кылып, саждага барчу. Биз намаз эмне экенин билбеген Союздун мезгилинде чоңойдук. Кийин-кийин жанагы “ичкиликтен арылалы” деп кожо көрсүн кылып окуп жүрдүк. Көлдүн касиеттүү аксакалдарынын бири Сарт акенин: “Энеден жакшы туулган пенде деле акмак чөйрөгө кабылса, ошол чөйрөнүн сазынан чыкпай калат” деген жакшы сөзү бар экен. Биз жалаң аракеч коомдо чоңойдук да. Мен мисалы, өзүмдү аракеч болгом деп эсептейм. Аз ичесиңби, көп ичесиңби, аракка аралашкан киши — бул аракеч. Байдыкең айткандай:

Эшигин илип ичинен,
Эрлер көп менден көп ичкен.
Тартайган сары текедей.
Талаадан ичсем мен ичем.

Ошентип, көрүнүп калам элиме, – дегендей эле кишимин мен дагы. Ичкенде өзүңөр билесиңер, күлүп-жайнап, ачык сүйлөп калчумун. Андай кишилер бутага көп илинет экен. Мага акыл айтып жүрүп, кээ бир кишилер өздөрү арактын артынын кызматтарынан куулду. Арак ичүү рактай эле оору. Жаңылып-жазып жүрүп түзгө чыгасың да. Космоско да чоң даярдык менен учат ко, ошо сыяктуу мен да намазга чоң даярдык менен келдим. Биринчиден, Кудайдан коркуп, экинчиден, атакемдин арбагын сыйлап алтымыш жашымда намазга толугу менен өттүм. Жаман жолдордун башаты – арак. Мени ошол жаман жолдордон биринчи намаз, экинчи Манас куткарды.

Ооба, карууга толгон учур өзүңө деле сезилет экен. Балбандар күрөшкө чыкмайынча тура албай калган учур болот экен, мен ошолорду жазып атпаймынбы. Мамлекеттин заказы менен эки жыл бою “Айкөл Манас оюндары” аттуу китеп жаздым. Биринчи томун чыгардым. Кубат Жусубалиевдин “Улакчы” аңгемеси гениалдуу чыгарма! Ошондо жанагы улакчы өзүнүн ыштаны жок экенин унутуп коюп, оюнга кирип кетет эмеспи. Мен да ошол улакчыдай эле болуп турам азыр. Менин бир жаман сапатым бар – жалкоомун. Бирок жалкоолуктун бир жакшы жери – оюңда бышырып туруп, анан бирдеке жазасың. Азыркы балдар экранды карап эле уруп атышпайбы. А мен кембагал кичинекей макаланы да түйшөлүп, жүрөгүмөн өткөрүп жазам. “Алтымыш жашыма алты китеп чыгарып ийейин” дедим эле жетишемби, жетишпейимби, Кудай буюрса, баары алдыда да…

— Сиз белгилүү коомдук ишмер Накен Касиевдин бир тууган инисизиз. Агаңыз  мамлекеттик кызматтарда жүргөндө чоң кызматка коюңуз, биз да иштеп көрөлү дебедиңизби?

– Кудай ургандыкы, менин энеден туулганда эле шыгым ушул көркөм дүйнө, калем жаатында окшобойбу. Комсомолго кой кайтарып кетип өтпөй калдым. Компартиянын катарына баштапкы уюмдан  өтүп барып, жетекчим «жогору жакка бирдеңке бериш керек» дегенде эшикти тарс жаап чыгып кеткем. Чоң атам опсуз эркелетип чоңойткон экен, бетке айтып туруп калам. Анан кайдагы карьера? Бир тууганың деле, «Муну мүнөзү кокуй» деп чочуйт да.

— Жазуучу болуп жан бакса болот бекен?

— Эптеп-септеп күн көрсө болот. Эсил СССР 70 жыл алдына айдап жүрүп окуткан экен, азыркы жайчарба кыргыз окубай калды. Окурманы аз, жазуучу жарымак беле. Кагылайын кыргызым тойду ушунчалык жакшы  көргөн эл тура. Бийлиги деле,  жөнү деле казак айтмакчы, тойлоп жатыр. А китеп окуган кумар, ошондой эле тынымсыз эмгек эмеспи.

— Адам карыган сайын сезимдер да карып баштайт деп айтышат. Сиз буга кандайча жооп берер элеңиз?

— Бул сурооңо ааламга дайын жазуучу Габриэль Гарсия Маркестин сөзү менен жооп берейин: «Адамдар картайган кезде сүйбөй калабыз деп ойлошот. А чындыгында алар сүйбөй калганда картайышат».

Заман өзгөрдү дейбиз. Ушундай шартта билим, бала тарбиясы туурасында курч пикирлериңиз барбы? Биз деги кайда баратабыз?

— Баланын улуттук рух тамырын бекемдөө —  бүгүнкү учурдун эң актуалдуу көйгөйү. Кытай, Япон, Финлиндия сыяктуу өнүгүп жаткан өлкөлөр ошол түп рухуна таянып иш жазап жатканы эң сонун мисал. Ушул багытта көчмөндөр оюндарын өткөрүү биздин  жерде салтка айланышы азыркы президентибиз Алмаз Атамбаевдин жана элибиздин ийгилик башаты, жакшылык жышаан, келечек үмүтүбүз.

«Кайда баратабыз?» дейсиң. Мага азыр  кайда баратканын биз эмес бүт дүйнө  билбей тургандай туюлат.

— Кийинки күндөрү ысырап той көбөйдү. Той өткөрүүнүн  башкача бир заманбап жолдорун сунуш кыла аласызбы?   

— Кыргызда  той боло берсин ылайым. Заманбап тойду кудай буюрса өзүмдүн юбилейлик кечемде сунуштайын деп турам.

Майрамбек ТОКТОРОВ «Кутбилим» 2016, Ноябрь

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *