Италия жомогу

Эрди-катын болуптур. Алар итке минген жакырчылыкта жашаптыр. Зайыбынын жамаачыдан тамтыгы калбаган жалгыз юбкасы болуптур. Анысын эртеден кечке жамаачылагандан бөлөк тирилик кылбачу экен. Юбканын деле атынан бөлөк заты калбаптыр. Бир күнү күйөөсү келгенде ыйлап ийет:


– Түрүмдү карачы! Жамаачы салууга да эчтеңкем калбады.
Күйөөсү эртеси эле эптеп тапкан акчасына колуктума деп жаңы юбка сатып келип, барбалаңдап турганы:
– Тамак жебесем жок, ушу сенин киймиң жаңырсын дедим.
Колуктусу абыдан кубанды буга. Күйөөсү күп жыгылды уктаганы. А катыны өз билгенин баштады.
Эр бүлө эртең менен ойгонору менен көзүнө жаңы юбканын бычылып жаткан кесиктери урунду. Селт этип чочуп кетти, аны көрүп колуктусу айтат дейт:
– Сага абыдан ыраазымын, эреним, юбкамдын тешиктеринин баарын жамаачылап алдым. Карачы, дагы бир жылга жеткидей толтура кесиндилер калды.

Кыргызчалаган О.ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *