АҢГЕМЕ

Кулагы чуулдап, көзү тумандап барып кулап жыгылды. Көөдөнүн шамал тешип өткөнүн сезди…Таканчыктап туруп келатып, бирок тулку боюн токтото албай жер сүзүп кайра кулады. Жөрмөлөп алга жылымыш эткенсийт, бирок денеси бир эле жерде жаргылчак таштын үстүндө тегеренип жаткансып туюлду. Же айланасындагы башаламан эл ийиктей чимирилиппи, же жер шары айлан көчөк тегеренгениби… Ажырата албады. Аалам солкулдап турду, ажал алкымдан алды. Мурдуна кандын жыты келди…

Кансырап кулаган денеси эми өрт каптагандай дуулдап берди. Тили кургап, тили күрмөөгө келсечи. Ордунан копшоло албай, жанындагыларга колун созду. Автоматтын татыраган үнү мурдагыдан күчөнүп, жапырылып качкан демонстранттардын үч-төртөөсү анын жарым жан денесин сүйрөй кетти. Алар аны сүрмөтоп көпчүлүктүн арасынан четке карай көтөрүп качышты. Эки бут, эки колу төрт тарабына керилип калды. Он эки мүчөсү туш-тушунан жулунуп кетчүдөй онтогонуна карабаган бейтааныш адамдар аны кайдадыр шашкалактап көтөрүп жөнөштү. Кымгуут түшкөн аянтта кимдердин колуна түшүп, белгисиз бул адамдар анын тулку боюн кай тарапка алып качышканына акылы жете бербеди. Чоң атасы көрүнбөдү жанынан… Издеди…

– Ок кай жериңе тийди, кагылайын?..

Жооп берүүгө чамасы жетпеди. Бул үн өтө тааныш угулду, бирок кимдин үнү экенин ажырата албады. Күйпөлөктөп чуркаган чоң атасынын үнү болчу ал.

– Муну Акүйдүн төбөсүндөгү снайперлер атты… Ок көөдөнүн көсөп өтүптүр! – деди чала жан Медерди четке сүйрөп качкандардын бири.

– Качпагыла! – Медер арттагылардын үзүл-кесил үнүн эшитип, сүзүлүп бараткан көзүн ачканга аракет кылды, бирок кирпигин көтөргөнгө чамасы жетпеди.

Кансыраткан алсыздыгы гана болбосо, эсин жоготподу. «Тез жардам келди» дегенди эшитти кулагы. «Суу-у… су» деди жанындагыларга тили булдуруктап. Анын күрмөөгө келбеген тили суу сураганын жан киши түшүнбөдү. – «Эмне дейсиң?» –«Суу-у… су» деди сүзүлгөн көзүн жалдыраткан Медер тегерегиндегилерге. Бирок анын суу сурап булдуруктаганы – чарк айланып жүгүргөндөргө жөн гана денесине ок тийип кыйналган адамдын кыңкыстаган үнүндөй туюлду. Алар улам Ала-Тоо аянтында октон жарадар болгон адамдардын саны көбөйгөн сайын карбаластап калышты.

«Суу-у… су» – Медер муну дудуктай кол жаңсоо менен түшүндүргөнгө аракет кылды, бирок манжасынын учу гана кыбырады. Ишарат менен билдирүүгө колу көтөрүлбөдү. Калбыйган тили оозуна толуп, анысы жансыз таш сыяктуу кыймылга келбеди. «Ажал тооруганда тил күрмөөгө келбегени шулбу?» деди оюнда. Жаны алсыраган сайын өлүмдөн коркту. Көзүнө жаш тегеренди. Революцияга шыкактап, жалындуу кептерди айткан адамдарды ал азыр тиши кычырап жек көрдү. Каргашалуу бул күнү алардын бирөөсү да жөнөкөй демонстранттардын арасында көрүнбөгөнү эмнеси деди ичинен.

Жалынып жалбарган бирөө ага колдору калтырап-титиреп суу жуткузду. Ошондо бир өзүнө келе түшкөнсүдү.

«Элди аянтка чыгууга үндөгөн лидерлер өздөрү кайда?!» деп кыйкыргысы келди, тили күрмөөгө келбеди дале. «Биздин колубуздан эмне келет?.. Өздөрү кана?!» деп кыйкырат эле чамасы жетсе… Ал өзүн аянтка келип ит сыяктуу атылып калганына арданганынан кыңкыстап онтоп жатты. «Буларга мендей шордуулар гана керек тура!» деп булдуруктады, бирок муну Медерди курчоого алгандар түшүнбөдү. Маңдайында ак сакалынан жаш чубурган чоң атасы турганын тааныбады. Ал ага бейтааныш кишидей көрүндү. Медердин оозуна суу жуткузган ошол куругур чоң атасы болучу.

Андан кийинкисинин баары эсинде жок… Караңгы туңгуюкка тулку бою сүңгүп кирип бараткансыды. Ажалдын алкымын ноого окшоштурду. Акыркы ирет көзүн ачып, жарык менен коштошууга ментимени жетпей сулкуюп жаткан Медердин үстүнөн адамдар топурак ыргыта баштады. «Өлөт деген ушул тура. Бирок ким үчүн, эмне үчүн өлдүм? – деди өкүнүч басып… – Мекен үчүнбү?!» – «Жок!» деди кайра өзүнө өзү. Ушул көктөм жазда ал аскерге бармак, Мекенин ошондо коргомок. Кенедейинен берки кыялына жетерине саналуу күндөр калган. Чоң атасы айтмакчы «эр жетип, Мекенин коргомок». Солдат, андан кийин ийнине жылдыз конгон офицер болмок. Ооба, жылдыз конгон! Бул анын бала күндөн берки таттуу тилеги, таттуу кыялы эмес беле…

Эс тарткан күндөн эле көп ызалыкты көрүп өскөн Медер өмүрүндө бүгүнкүдөй катуу ызага кабылбаган. Бирге ойногон балдардын оозунан «сен атасыз жетимсиң» деген кордукту далай укту. Андайларга «менин чоң атам бар» дечү. «Ал сенин чоң атаң эмес, тайатаң. Сени эмне, тайатаң туудурду беле?» Мындай шылдың кептерге канча мерте ызаланды, канча ыйлады. Бирок ал бүгүнкүдөй катуу ызалыкты эч качан тарткан эмес. Бир кенедей ок тийсе, жер сүзүп кулары кайдан ойго келди?! Шал болуп жыгылмакпы?! Минтип эр жеткен курагында бармактын башындай окко эле ушинтип жер сүзүп куламак беле?! Аянтка ал ушун үчүн келдиби?! Азыр ал өзүн ит аткандай атып салган бийлик тараптагыларды да, бийлик көксөп элди жамгырдай жааган октун алдына шыкактап ээрчитип келгендерди да жек көрүп кыңкыстап жатты. «Эки тарабындагылардын тең жүздөрү курусун!» – Оозуна ушул сөз келди, бирок сыртына чыгара албады.

Муну ал одүйнөнүн оозун аттаганда түшүнүп, ойгонуп кетти. Түшү экен… Төшөгүнөн баш көтөрүп мөдөйгөн чал бул түштү кандай жоруурду билбей, үшкүрүнүп отуруп калды. Бул түш ага каны ката суусап, тили кургагандан улам киргенби?.. Түшүн аңдай албай, туруп суу жутуп, кайра эле төшөгүнө кыңкайды.

«Алдыңа кетейиним» деп эркелетчү жалгыз небереси алты жыл мурда көкүрөгүн ок көзөп шейит кеткен. «Медеримдин алдына кетип өлсөм эмне?!» – Сууланышкан сакалын сылап, жаагы ылдый шоргологон жашын сүртүндү. «Медеримдин жаны мага өтүп кеттиби?.. Каралдыма тийген ок, мага тийсе эмине?» – деди күбүрөнүп. Небереси Медерди мертинтип тынган ок түшүндө чалдын өзүнө тийгендегиси эминеси?.. «Түш да ушундай болорбу?» – жакасын карманды.

Уйкусу качып, «й-ее… арбак ургурлар! – деди – Медеримдей кырчындай балдар силердин бийлик талашыңар үчүн шейит кетти беле?! Силер үчүн төңкөрүшкө чыгып өлдү беле каркыбар кырчыным?!» – Ызасынан сүлкүлдөп ыйлады чал. Ичи өрттөндү. Жүрөгү тытылды. Түшүндөгүдөй арданды…

Түшүндөгү небересинин те бир кезде көчө балдарынан ызаланып келгендеги: «Менин чоң атам сенсиң-э» деген үнү кулагына жаңырды. «Ооба, балам, чоң атаң эмей киммин» – дечү демейдегидей ызакор небересин сооротуп. Небересинин балбаалаган көз жашын сүртүп, бул кепке өзү да ызаланып, арданганынан: «Кайсы атаңдын гөнө чычайын ошентип жүрөт» дечү сай-сөөгү зыркырап. «Тайатам деп деле айта бер, чоң атам деп деле айта бер аларга. Мени чоң атам дейсиңби, тайатам дейсиңби, бөлөктөрдүн имине иши бар экен» – дээр эле небересине бышык жооп үйрөтө албай келгенине өзүн да күнөөлүү сезген бечара. Бирок небереси аны «чоң ата» деп гана чакырчу. «Чоң атам деп эле айтам» – дечү көктүгү күч жээн-небереси…

* * *

Чалдын үч кызынын эң кенжеси биринчи нике кайыбы менен оту күйүшпөй ажырашып тынды. Кызынын жетелей келген уулу ошондон кийин чалдын медер туткан кубанчына айланды. Тагдыр буюрган бул таалайына жетиналбаган чал «Медерим, Медерим» деп жүрүп, жээн-небересинин метиркесинде катталган Урмат деген ысым биротоло Медер болду да калды. Кенже кызы да кийин өз бактысын таап, башка бүлө күтүп кетти. Медер өз колунда калды. Кемпири экөө кудайдын ушунусуна шүгүр дешчү. Кийин анан бойсунуп эр жеткен небереси бийлик төңкөрүшүнө катышкан күнү канкорлор минтип жутуп тынбадыбы!

Медердин күйүтүнө чыдабагандан болдубу, кемпиринин көзү өтүп кетти. Минтип эми мөдөйгөн чал өзү жалгыз. Жо, жалгыз эмес… Медеринин арбагы жанында бирге жүрөт. Басса-турса экөө чогуу… Көзү ирмелип, куш уйку салса да: Медеринин жаны – анын жаны… Экөөнүн жаны бирге кыйналат дайым. Небересинин көкүрөгүн көсөп өткөн ок өз көөдөнүн көсөгөн шамалдай аркырап турат. Чалдын жүрөк толтосун ок аралап жүргөнсүйт. «Й-ее… арбак ургурлар!» – күбүрөнгөн кеби дайым ушул…

Күнүгө небересинин дөмпөйгөн мүрзөсүн үрүл таңдан кеч күүгүмгө дейре тегеренип жүргөнү жүргөн. Кемпири менен небересинин арбагына багыштап куранын окуп, беш маал намазын да арбактарга атайт…

2016-2017.

One Reply to “Олжобай ШАКИР: «Төңкөрүш»”

  1. Жакшы чыгармалар жазылбай, мурункудай кууп окуй турган китеп жой дейбиз, ооба, ошондой, бирок азыр заман башка, ошого жараша аракет да ар түрдүү. Интернеттен издегениң табылган ушул учурда жалбырактай жааган чыгармалардын арасынан акыл-эсиңди аңтарган да, жан-дүйнөңдү жабыркаткан да «жазмаларга» жолугасың. «Жашоонун өзү муң» деп Жакиев Бексултан агайыбыз айткандай, Олжобай Шакирдин жазган чыгармаларынан чыйрыккан тагдырды, чыдамы кеткен үлбүрөк сезимди, сызылган арманды үзүлбөс жибине жетелеген үмүттүн шоолалары байкалат. Автор кайталангыс өмүр ирмемдерин кагазга түшүрүүдө калемине канат бүткөндөй эргүү менен иштегени, сүйлөмдөргө ылайык сөз боёгун издегени «Кош канат», «Жыт», «Фейсбуктагы сукбат» ж.б. чыгармаларынан көрүнөт, окуялар көпкө чейин көңүлүңдөн кетпей ойлондурат, ошонусу менен айырмаланат.
    «Төңкөрүш» — ушунчалык таамай сүрөттөөлөрү менен таасирдүү жазылыптыр.
    «Төңкөрүш» — «Коом жана мендин» кыйкырыгы, жандалбастаган жашоонун муңу, арчадай кыйылган өмүрдүн өкүтү, жан-дүйнөнүн төңкөрүшү!…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *