Уйгур жомогу

Качандыр бир заманда жашаган падишахтан эки эгиз уул төрөлүп, экөөнү бапестеп сүйүп өстүрүшөт.

Билинбей жылдар өтүп, эгиз уулдар келишимдүү боз улан болуп бойсунушат. Бир күнү падишахтын балдарынын тамакка табиттери тартпай, аш ичип-жегилери да келбей, экөөнө чүчкүрүк-бышкырык деген балээ жабышат.

Муну көргөн падишахтын жаны кайдан жай алсын: байлык, бийлигин мураска калтырар уулдарынын экөө бирдей ооруганына санаа чегет. Болгон дарыгер, ашпозчу, навайчыларын аксарайына жыйат. Бирок эч кимиси анын эки уулунун дартына дабаа таба алышпайт.

Ошондо анын эки уулу башка алыскы өлкөлөрдү кыдырып дарыгер таап келүү үчүн падишахтын уруксатын суранышат. Ата кургур эки уулуна уруксат берет.

Биртуугандар шаар четинде кайрак жерди кетмен менен ургулап аткан баба дыйканга кез келишип, карыяга суроо узатышат:

– Ардактуу аксакал, биз тамакка табитти тарттырар дары издеп жүрдүк эле. Аны кай өлкөдөн табууга болот?

– Йе, балдарым, ал дарыны табуунун жарасы жеңил, – дейт карыя. – Менин ишим толтура экенин көрүп атасыңарбы? Күүгүм киргенге дейре береги дөңсөөлөрдүн баарын түзөп, аз-маз жүгөрү, буудай эгер жер камдашым керек. Агер экөөңөр мага көмөк кылар болсоңор, мен силерге ченебеген дары таап берем!

Тиги экөө макул болушат. Карыя болсо кетменин эгиздерге карматып, үйүнө жөнөйт.

Биртуугандар кетменди улам алмашып чаап, чекелеринен тер чыпылдап иштешет. Кечке иштеп, курсактары курулдайт, өзөк жалгагылары келет. Дарыбыз колго тийип калса экен дешет. А карыя болсо үйүнө эбак келип кемпирине айткан эле:

– Кечкиге бир чоң казан толо палоо бас. Сабизиң аздык кылса, туруптан арбын кошуп көркүнө чыгар.

Кечки үрүлдө карыя эки боз уланды үйүнө ээрчитип келип, алдыларына дөбөлөнө үйүлгөн оборо[1] палоону булоолонтуп алып келди. Тиги экөө күрүчтөн күкүм калтырбай бурдап-күрмөп жеп коюшту заматта. Муну өздөрү да байкабай калышты. Дагы сурап жегилери келди, бирок конок койдон жоош деп жым болушту. Эгиздин бирөөсү суроо узатты ошондо:

– Сиз абыдан көптү көргөн көсөм турбайсызбы, айтыңызчы, палоого сиз кандай касиеттүү дары коштуңуз эле? Ашыңыз укмуштай даамдуу болуптур!

– Палоого эч кандай касиеттүү дары кошулган эмес. Сыйкырдын сыры – мен силерге калтырып кеткен кетменде болучу, – деп карсылдап күлдү карыя.

Эгиздер карыянын айтканында калет жогун эми түшүндү да, дары издештин кереги жок экен дешип, ошол эле жерден үйлөрүнө кайра кайтышкан экен.

[1] Оборо – эки кишиге бир чоң табак.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *