ӨНӨРКАНА 

Эч ким мени дүйнөгө өзүмдөй айтып бералбайт. Адам аткарган иши, ачкан ачылыштары болобу, айтор, кай тарабынан болбосун, элдин элегинен өтөт. Алардан өзүңдү жашырам деш, акылсыз далбаса. Мен туулган, турган турпатым менен өз китебимдемин.

ЖАЗУУЧУЛУК ЖАГДАЙ

Алгачкы романымды жаза баштаганда эле эртеңки күн менден эмне күткөнүн түшүнгөм. Жаңы доордун пионери экендигиме, ар кыймылым кийин кыйла ынтаа туудурарына кылдай да күмөн санаган эмесмин. Андыктан бүт далалат – ойлогон оюмду, жасаган ишимди түгөл, таамай жеткирүүгө арналды. Мен дамамат тиричилик менен мезгилден бийик болууга далалат кылдым. Турмуштун болгонун болгондой, турганын тургандай чагылдырууну чыгармачылыгыма башбелги тутуп келдим. Мен, албетте, улуу ойчул эмесмин. Адамзатка жалындуу чакырык менен кайрылуу, үндөө менин үлүшүмө тийбеген. Бирок адам дүйнөсүн билем, анын ар түркүн жактарын чагылдырууга кудурет жетет деген дымактамын. Чыгармаларыма эч качан тема издебегем, тема тескерисинче, мени издеген.

Мага чейинки жазуучулар сыяктуу эле, мени да кайсы гана кыйынчылыкка болбосун туруштук берип, анын мизин жалтанбай кайтарган каарман адамдар кызыктырат. Ал эми аны жазууга башкалар түгүл, өзүмдү өзүм бар экенин унутуп калган учурда гана киришем. Чыгармаңа махабат сыяктуу эле мас болбосоң, эч нерсе чыкпайт. Романдарымдагы ар бир сап кан менен терден жаралат. Алар бу дүйнөдөн көргөн-билгенимдердин жыйындысы. Эч качан отура калып төгүп жибере албайм. Жаза турганымды абалы мээде бышырам. Диалогдорду жазып жатканда үн чыгарып окуйм: кулактан ашкан сынчы жок!

Сүйлөм алмадай бышканда, өзү эле «топ» этип кагазга түшөт. Ошол эле учурда окурман тиштеп жесе дейм, таңдайы шириндигин сезсе, керек болсо, тиши камалса дейм. Не дегенде, мени мендей түшүнүү үчүн окурмандын ой чабыты да керек! Кол жазма чыгарма болсун үчүн чымындай жанды аябайм: сызам, тытам. Андай учурда алмазды бриллиантка айландыруу аракет- алакетиндеги зергерге окшоп кетем. Ошондуктанбы, көп эле жазуучулардагы ойдологон, жоргологон сөздөр менде ийне менен изделип табылган акак ташка айланат! Мендеги дагы бир бөтөнчө сапат: өз чыгармаларымды кудум өзгөлөрдүкүндөй өтө сын көз менен карайм. Бети калың жазуучулар кабат-кабат китеп кылып чыгара турган чыгармаларымды канча жолу тытып салдым!

Жазганыңа канагаттанбасаң, жазып да кереги жок. Эсеби маселен, мен канагаттанам, жазган мага ушунчалык жагат. Бирок бул – жазгандарымдын баары эле жакшы деген кеп эмес. Менин чыгармаларым мага өлбөс-өчпөс эстелик курат деген түшүмө да кирбейт. Тек, жазып жаткан учурда ниетим суудан таза, сүттөн ак экендигин билгизгим келет. Талантым ашып-ташып кеткендиктен эмес, жазуучу болгум келгендиктен жазуучу болгонумду айта кеткеним оң. Мен – адабият тарыхындагы карандай эмгеги, кызылдай мээнети менен агарып-көгөргөндөрдүн өрнөктүү өкүлүмүн. Жанагы менин үлүшүмө тийген атак-даңкка анчалык эмгегим сиңди деп ойлобойм. Бир да аңгемемди толук окубай эле мени пир туткандар канча! Анткени адабий чөйрө айтайын дегенимдин маани-маңызына жетпей эле дүңкүлдөтүп, даңкылдатып мактай берип, окурманды адаштырып салды.

Китептердин түбөлүктүү экендиги айныбас акыйкат. Адамзаттын акылы жетип жасагандарынын эң өлүп-өчпөсү китеп болсо керек. Не деген храмдардын чаңы да калбады, не деген ажайып сүрөттөр, статуялар жоголбоду. Арийне, не деген асыл ойлор, алмустактын адамдары менен окуялары кылымдан кылым кечип, күнү бүгүнкүдөй жашап келе жатат? Китептер аркылуу! Мезгил шөнтет: жаман-жакшы чыгармаларды айдап, себе берет, ал эми адабиятка нукуралары калат. Азыркы романчы «сабы алтын» сабыр же кажынган эмгекке эле эмес, өтө сейрек касиеттерге да кардар. Ал өткөндөрдүн арасынан дем алып, каармандары менен эркин жашоо үчүн учкул фантазияга ээ болушу шарт. Ал быкпырдай жайнаган материалдардын ичинен чындыкка жакынын, акылга сыярын тандап бере турган сергек сезимге доордун, анын адамдарынын кулк-мүнөзүнө, себеп-жөнүнө үңүлүп, аны жиликтей ала турган сынчыл көз карашка муктаж.

Чыныгы чыгарма адам мүнөзүн, иш-аракетин терең билгенде гана жаралат. Романдардын көпчүлүгүндө айыгышкан күрөш, катуу айбат, умтулуу, танк дивизиясындай дүңгүрөгөн сюжет жок, окуялар менен адамдардын чыныгы жүзү ачылбаган бойдон калат. Көп жазуучулар мурдагы чыгармаларындагы жылтыраган сценаларды, эпизоддорду, каармандарды кайра тирилтүү «илими» менен алек. Анда кумардык тургай, ынтызарлык туюлбайт. Азыркы романдар көпчүлүк учурда эч нерсеге үндөбөйт, үйрөтпөйт. Тек, денени дүркүрөтүп, жанды кокого тыккан сценалар менен окурмандардын оозун ачтырабыз деген далбаса. Качантан бери кимдир бирөөнүн жайчарба, жылуулук менен акылга толгон китебин күтүп жүрөм.

Чыныгы чыгарма табигыйлыгы, ыймандын тазалыгы, ойдун, тилдин тактыгы, түшүнүктүүлүгү, жасалмалуулуктан, көп сөздүүлүктөн алыстыгы менен айырмаланат. Жазуучунун стили айкын жана өз алдынча, образдары реалдуу жана мол, тили жөнөкөй жана жатык болот. Улуу делгендердин эмне үчүн улуу экендиги жөпжөнөкөй: өз ишин билет, ойлогон ой, тарткан сүрөтүнүн баасын түшүнөт, аларды кара жанды карч ура кагазга түшүрө билет. Көп эле жазуучулар өз ишин мыкты билгенинен жазбай эле жасап коёт. Чыгармалары автордун ашкан чебердигинен гана кабар берген автордон жек көргөнүм жок. Биздин күндүн китептеринин көбү чийки, көркөмдүк жактан ара төрөлгөндөр. Көпчүлүгү ойлонулбай, толгонулбай, «ат жалында» жазылат. Кайра-кайра окулуп, сызылбайт. Жазуучулук стиль «жарк» этип көрүнбөйт, диалогдор жатык эмес жасалма, сүйлөмдөрү тил сындырат.

Мындай романдарда сюжет менен окуя эки башка өнүгөт. Көп сүйлөө жагынан анекдот айткан келжиректен кем калбайт. Китебинин кийинки бөлүмүндө эмне болуп кетерин өзү да билбейт. Кээде керексиз эле нерселер китепке зордолуп киргизиле берет, жаңы каармандар асмандан түшкөнсүп пайда болот. Мындай чыгарманын каармандары тактыгы, тазалыгы жагынан тиги дүйнөнүн периштелерин элестетет. Анан да акылга жукпай, турмушка сыйбай турган символдорду, түшүнүксүз проблемаларды көтөрүп алышат. Кыскасы, чыныгы адам, турмуш дегендин сүрөтү жок.

МЕЗГИЛ МЕНЕН ЭМГЕК ТУУРАЛУУ

Толкунсуз деңизде кеме айдоо жеңил. Булутсуз күндү, кайгы-кубанычсыз турмушту элестетүү кыйын. Чыныгы тагдыр гана чырмалышкан жиптей болот: кайгыны шаттык алмашат, ыйлатат, күлдүрөт. Өлүм дегендин өзү эле жашоонун кымбаттыгын, таттуулугун айтып турат. Адам азып-тозуудан табат өзүн. Баамы терең жан араандуу иштин бараандуу тоскоолдуктары бар экенин билет. Ал тоскоолдуктарга арман кылбасак да болот. Анткени андан дымак-күчүңдү тааныйсың. Адам чыйралса, бир жаманчылыкта чыйралат. Баарын башыңан кечиргенден, жашагандан кийин гана жаманчылыкта ким, жакшылыкта ким экендигиңди айырмалай аласың.

Өкүнүү – өзүңдүн каталыгыңды терең сезип, аны түп-тамырынан бери жок кылуу деген кеп. Мыктылыгың бирөөдөн өйдө турганыңда эмес, өзүңдүн кемчиликтериңен бийик турганыңда. Жашоодогу жана иштеги биздин далалаттарды акыл-эсибиз эле эмес кулк-мүнөзүнө; жүйөөчүлдүгүбүз эле эмес жүрөгүбүз; гениалдуугубуз эле эмес өзүбүздү тута билүүбүз, сабыр, тарбиябыз жана ар кандай жагдайды туура таразалай ала турган жөндөмүбүз бышыктайт.

Даанышмандык – толукшуган акыл-эске тагдырдын берген акыркы тартуусу. Турмуштун ысык-суугун билген адам, мезгил өзүнүн жардамчысы экенин билет. Мезгил өзү дарылайт, даба болот деп жүрүшпөйбү; ал турмак окутат да. Даанышмандык мезгилдин тажрыйбасынын ажытын айрый билгендикте. Жаш кезде мезгил дос да, душман да болуп көрүнүшү мүмкүн. Карыганда изиңди суутпай сооротуп же соолуктуруп турат; ал өмүрүңдү кандай, кайсы максатка жумшаганыңа байланыштуу болот. Биз турмуштун чыныгы жүзүн таанып, жөн-жайын билгенче эле өмүр өтүп кетет. Бул жашоонун маңызы – узак өмүр сүрүү дегендик эмес. Маселен, эмен багы бир муун адамзаттын жашын жашайт. Анын бир кылымдык өмүрүнө ким эле аң-сезимдүү жашоосунун бир күнүн алмаштырсын. Учурунда маани бералбай калганыма бетим кызарып жүргөн турмуштун керемети канча дейсиз. Деген менен мүлдө өмүрүмдү мен эки ооз кеп менен эле корутундулап бере алам: жашаганыма ыраазымын!

ӨЛҮМ МЕНЕН КОРКУНУЧ ЖӨНҮНДӨ

«Чал жана деңиз» бүткүл ишимдин жыйынтыгы болсо деген ниетим бар эле. Аны иштөө да оңойлукка турган жок. Бир жагынан карылык да кирип келди. Карылык да келди. Карылыктан өлгөндөр деле чанда го. Көпчүлүгү турмуштан көңүлү калып өлөт, же акыл эмгегинен алсырагандыктан, же кара жумуштун оордугунан өлөт, же ар кандай кырсык каабынан каза болот. Жарыктагы жандуулардын ичинен адамзаттай түйшүктүүсү жок. Карыган сайын оптимист боло бербейсиң. Андан көрө кыска эле жашаган оң. Өлүм алдыңдагы жанталашуудай, кыйналуудай сезимди тирүүчүлүктө далай жолу башынан өткөрбөгөн кишини табуу кыйын. Жан чыгаардагы кыйналуу – тиш оорудан кыйын эмес, – деп белгилүү врачтын мага айтканы бар. Баарыбыз тең эле жашоо үчүн көрөшүү жана күн бүткөндө өлүү үчүн келгенбиз. Болгон айырма бул: коркок максатсыз өлөт. Мен өмүр бою адамдык алгачкы парс – суу жүрөктүктөн кутулуу деп эсептеп келгем. Коркунуч алдыңда калтаарып туруп бергендей эч нерсе биздин духубузду түшүрбөйт. Жүрөксүздүк жеңилди оор, оорду ойротто жок кыйынчылык кылып салат. Адамдар көп учурда чындыкка бет келип, тике карагандан коркушат. Акыйкат алар ойлогондон алда канча коркунучтуу экенин эстегенде тим эле заманасы куурулат. Ошентип, мүлдө өмүрү качан кара басат деп, калтыратып жүрүп өтөт. Антип жансерек жашап жүргөнчө, жамандыкка бой тоскон оң.

ЖАМАНЧЫЛЫК ЖАГДАЙДА

Адамзаттын кун кетирип, кутун учурган эң эле жугуштуу, коркунучтуу дарт – сокур фанатизм. Фанатизм – өзүнүн пикирине мурдунан жетелетип алуу деген кеп. Арадай жерге чарадай жыйын кура билгендер башкаларды катыра сындоого жөндөмдүү. Ага чыгармачылык менен иштиктүү ишмердик жат, ага өзүнө өзү маашырлануу, пейил күтүү мүнөздүү. Анын кокондук куну жок корутундулары менен чындык союп каптандай окшошуп тургансыйт. Даңк кубалоо – жаманчылыктын тамыры. Ал көралбастыкты, өз көмөчүнө күл тартууну, ыгы жок адалсынууну пайда кылат. Адатта адамдар байлык үчүн мүлдө абийир-сыйдан кечип кетет. Адам эч нерсеге каниет кылбайт: жетпегендерин жеткирсең, комфорт керек дейт. Анысын аткарсаң, үлпөт кургусу келет. Ага деле мейли де, каада-нарк күткүсү бар. Анысына да кайыл бол, анан оюна келгенди сурай баштайт. Баарын түгөлдөп бер, анда алдап кетти, аткарбай жатат деген кеп чыгат. Качан гана өз тагдыры менен тиреше келгенде көзү ачылат адамзаттын!

КАНТКЕНДЕ МАНЫЗДУУРААК ЖАШАП ӨТӨБҮЗ? ОШОЛ ЖӨНҮНДӨ

Алгач айкырып жарыкка келгенден тартып, көргө киргенге чейин өзүн өзү табуунун, таануунун түйшүгүндө; дүйнөнүн жыргалында, кууралында адам түгөнбөс тоскоолдуктардан өзүнө жол издеп келет. Оңой эч нерсе жок: ойлор да, аракеттер да, жыргал да, жадакалса өлүм да жеңил келбейт. Ички дүйнөсү татаалыраак адам сыртында басмырт жана жөнөкөй болот деп ойлойм. Ыксыз ысыраптык менен жөнсүз дарбуунун кылымында мен, адамзаттын жашоосуна анчалык деле көп нерселердин кереги жоктугун көргөзгүм келген. Мен баалай албагандарымды жыйноону эмес, өзүмдө жокторду баалай билүүнү жакшы көрөм. Алтындай убактысын арзыбаган тилек, мүдөөгө, кунарсыз сөздөр менен көңдөй шаан-шөкөттөргө жумшагандарга таңым бар. Терең эмес, кенен жашоо – өмүрдүн текке кеткени. Адам менен аракет ар дайым данакер болуш керек. Камаарабай карап туруу акылды мокотот. Бүт өмүр куру тилекке корошунан сак бол!

Которгон Алым ТОКТОМУШЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *