Аңгеме десең аңгеме, жомок десең жомок…

Илгери-илгери бир байдын ырдай эле берген бир ат багар малайы болуптур. Ал аттарга жем береби, чөп салабы, ырдаганы ырдаган экен. Аттарды жууп-тарап атса да ырдайт, сайга алпарып сугарса да, аттардын астын тазалап жүрүп да ырдай эле берет. «Э-эй дайдыр-дай, дайдыр-дай… Жүрө берет кайгырбай, э-эй!» — деп ыры такыр түгөнчү эмес экен.

Анын жанынан өткөн кыз-келиндер кыткылыктай күлүшүп, аларга карап ат багар өзү да күлүп, айтор, ал жүргөн жер шаң экен.

Ал эми ат багардын короо толо койлору, өрүш толо жылкысы, тоо беттеген топозу, сандык толо алтыны туруп, ырдамак түгүл кабагы ачылып күлбөгөн, өтө бай кожоюну болуптур.

Күндөрдүн биринде ал бай бир досу менен аюу талпактын үстүндө жамбаштап, бал кымызга табити тартпай отуруп, ат кашып атып заңкылдап ырдаган малайды карап жаткан мейман досу үй ээсине мындай дейт:

-Ой, Биймурза бай, мен мына ушул ат багар томаяктын ырдаганына таң калам десең. Мунуңдун үстүнө үйрүп салар кийими, үйүнөн үрүп чыгар ити жок, өзүн бүт ааламдын ээсиндей эркин сезип, кайгы-капасы жок заңкылдап ырдаганы ырдаган. А сенин байлыгыңа сан жетпегени менен – бир да жадырап-жайнап кабагың ачылып ырдаганыңды да, күлгөнүңдү да көрбөдүм, — деп калат.

Анда кабагы ачылбаган бай оор үшкүрүп:

— Ээ, досум, ал ырчы ат багар менин акыбалыма түшүп калса, ыры түгүл өзү да жоголуп кетиши мүмкүн, — дейт.

— Ал эмне дегениң, бай? — дейт досу таңкалып.

— Сен ал экөөбүздүн айырмабызды билгиң келсе, жүрүчү, — деп ат багарды чакырып бир жака жумшайт. Ал кеткенден кийин капчыгындагы алтын теңгеден экини алып, аттын тезегине аралаштырып, өздөрү кайра ордуларына келип, кымыз ичимиш болуп отуруп калышат. Ат багар бай жумшаган ишти бүтүрүп келип: «Эй, Дайдыр-дай, дайдыр-дайын» кайра баштап, аттардын астын шыпырганга киришет.

Бир маалда шыңгыр этип тезектин арасынан тегеренип кеткен алтын теңгени көрүп, тып эле үнү чыкпай, ырдаган ыры да токтоп, тезектен чыккан теңгени алып, шапа-шупа аяк- буягын оодара карап эки-үч жолу тиштеп көрөт. Анан дароо мыжыга кармап, алаңдаган көздөрү тезектерди теше тиктеп, кайра шыпырып кирет.

Бир маалда экинчи алтын теңге да шыңгырып, көзүнө жылт урунат! Кекилик алган кыргыйдай аны да шап баса калып, дагы чыгып калчудай тезектерди чукулап кирет.

Ал күнү кечке ат багардын үнү эч жерден угулбайт. Бай кечке маалда алтын теңгеден тезектин арасына дагы үчтү таштап койот. Ат багар аны да чукулап жүрүп таап алат. Ал күнү таң атканча тезек аңтарып, ат багар уйкудан калат. Эртеси ат багардын авазын эшиткен жан киши болбойт. Кыз-келиндер түгүл кары-картаңдардын да тынчы кетип, кандайдыр айылдын куту учкандай шаң жоголуп, адамдар эч нерсе түшүнбөй делдейишет. Дайыма заңкылдап, жайдары жүрчү ат багардын үңкүйүп, сөөмөйү менен тезек чукуп калганын көргөн айылдаштары түгүл, ал баккан аттары андан жатыркай сестенишип, таноолору дирилдеп, ал жакын келсе кетенчиктей кошкуруп, эмнегедир аны шектүү карачу болушат.

Ошондон баштап ат багар ырчынын кабагы ачылбай, оозунан ыры түшүп, элден четтей берет. Ошондо кабагы ачылбаган бай досуна кайрылып:

— Көрдүңбү, досум,бул байкуш болгону беш теңгеге ырын жоготуп, тезек чукулап калды. А менин байлыгыма сан жетпесе, анан кантип кабагым ачылат, кантип ырдай алам?! — деп жер карап отуруп калган экен.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *