Еврей жомогу

Бир кыштакта жакыр үйбүлө жашаптыр: эрди-катын жана баласы. Эр бүлөсү тикмеч болгону менен жарыбаган акча тапкандыктан, катын-баласы дайыма ач калчу экен. Кара басып тикмечтин катыны ооруп төшөккө жыгылат, көпкө дейре айыкпайт. Күйөөсүнүн дарыгер чакырып зайыбын айыктырууга пулу жок эле. А зайыбынын дарты күндөн күнгө күчөй берет. Өлүм алдында жаткан оорулууну тиктеген күйөөсү да, баласы да жардам берер арга таппай ыйлап отуруп калышат.

Капысынан бир күнү картаң еврей босогодон кирип келет.

– Кимиңер ооруп жатасыңар? Мага оорулууну көрсөткүлө, айыктырайын, – дейт.

– А менин сизге төлөй турган акчам жок, – деди шаабайы суз тикмеч.

– Мен аны карызга болсо да айыктырам, – деди тиги карыя.

– А менин акча табам деген да үмүтүм жок, – деди тикмеч ажаат ачар кепке көнбөй.

Бирок карыя анысына да карабады, оорулууга келип кулагын түрдү да: керектүү дарыларды кагазга тизмектеп, үстөлгө дарыга керектелер акчаны таштап коюп, чыгып кетти.

Ошондон кийин карыя бир да жолу көрүнбөдү. Тикмечтин оорулуу аялы болсо дарыларды ичээри менен тез эле сакайды.

Ошол түнү тикмечтин баласы уктап жатып, кемегени кокусунан тээп алып, бышкан кыштары кулап түштү. А кемегенин тешигинен алтын теңгелерге шыкалган кап көрүндү.

Ошондон тартып баягы жакыр тикмечтин бүлөсү байгер турмушка жетип, алиге дейре акылдары айраң дейт: алтын теңгелерди ким катты экен да, төшөктө жаткан оорулууга дарылан деп пул таштап кеткен ким болду экен?.. Карыябы же Илья пайгамбарбы?

Кыргызчалаган О.ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *