Абдыкерим Муратов 1956-жылы Ноокат районунун Шаңкол айылында туулган. Ош пединститутун бүтүргөн. Биз педагог-жазуучу, адабиятчы, журналистти учур адабиятынын тегерегинде маектешүүгө чакырдык.

— Сиз адабиятты изилдөөчү жана орто мектептердин кыргыз адабияты боюнча программаларды түзүүчү катары кыргыз жазма адабиятынын акыркы мезгилдеги тагдыры тууралуу кандай ойдосуз?

— Кандай ойдо болмок элем, мынабул рынок деген чыгып, социализм кыйраганы улуттук адабият кайыр сурап көчөдө калды. Буга ошол эле социализм өзү айыптуу. Мисалы, биринчи жолу китеп чыгаргандар үчүн «Жаш калем» деген карасөзчүлөргө, «Жаштар үнү» деген серия менен жаш акындарга жыл сайын бир нече китеп чыгаруу бөлүнүп, алар жаңы авторлорду таап, ошолордун китебин басуу менен адабиятка аралаштырып, аларга калемакы төлөп, анан ошол китептерди айылдын ар бир дүкөнүнө чейин жеткирип, 5-10 тыйындан ошо кездеги бир бөлкөнүн баасына сатып турган. Таанылып калган жазмакерлер эки-үч, айрым эптекейлери бир жылда бирден китептерин чыгарып, дурус акчаларды алып, ал тапкандары менен «ханга салам бербей» калган. Ошол кезде деле биздин эл союздагы башка элдерге салыштырмалуу анча окубаган калк болгону менен китептер 5-10 миң нускада тарар эле.

«Чалкан», «Ден соолук», «Ала-Тоо» журналдары ар бир айылда колдон колго өтүлүп окулчу, көп жерде ошол журналдарга чыккан макалалар, чыгармалар талкууга алынып турулчу. Ошентип совет өкмөтү жазуучу, сынчы, акын, драматург деген кесиптерди берип, адабиятка келгиле, алардын союзуна өткүлө, элге-журтка тез таанылгыла, маянаңардан тышкары да акча алгыла деп отуруп, таланты бары-жогуна карабай, болбогонуна койбой кызыктырып отуруп, адамдарды жазуучу кылып таштаган. Анан бир күн эле адабиятка ошол мамиленин учугу үзүлүп, өкмөт эсебинен китептер чыкпай калганда эл да китептерден, гезит-журналдардан өксүдү, китеп-гезиттер да маани-мазмунун өзгөрттү.

Көрсө, ааламдашуу алкагындагы жалпы дүйнөдө ушундайлар көп боло берет экен. Мына Орусия Федерациясы мурдагы СССР кезинен да көп китеп чыгардык деп мактанып атат, бирок аларда Пушкинден тартып Шукшинге чейинки классиканы окугандар азайып, жанагы «жаңы адабият» дегенди жаратуучулардын бандиттер, маньяктар, сойкулар темасын жазган чыгармалары көбүрөөк окулуп жатат да. Деги эле азыркы Орусиянын фильмдери, китеп жана кино сериалдары ушунча көбөйгөнүнө ичим жылыганы менен анда жалаң зордук-зомбулукту көрсөткөндүгү үчүн бул өлкөнүн идеологиясы терең кризиске учурап, келечегине балта чабылды го деп ойлойм. Батыш, биринчи кезекте АКШ, бизди бузуу үчүн атайын кинофильмдерди тартып, арзан наркта прокатка жиберсе, орустар болсо ошондойлорду өздөрү тартып алып, өздөрүнүн мамлекеттик жана улуттук телеканалдарынан тынымсыз айлантып аткандыгына дилим ооруп, ичим чыкпайт.

— Ушундай массалык маданияттан биз деле четте калганыбыз жок да…

— Ооба, тебелей баштады. Эртең-бүрсүгүнү биздин телеканалдар да кыргыздар тарткан, кыргыздар башкы ролдорду аткарган мушташ фильмдерди, жалаңачтарды көрсөткөн кинолорду, клиптерди чыгара турган учурга барып калдык. Буга мурдагыдай мамлекет да, коомчулук да, биринчи кезекте интеллигенция да каршылык көрсөтүүгө азыр эми алсыздык кылат. Адабият да мына ушуга барат. Албетте, андай чыгармаларды адабият деп айта албайсың, бирок китеп болуп чыккандан кийин окулат экен, элди өздөрүнө бурат экен. Жакында кагаз кичине арзандап, басма продукцияларын чыгаруучуларда атаандаштык күч алса, эл бир аз тыңый баштаса, китептер, журналдар көп эле чыгышы мүмкүн, бирок чыныгы адабият мурдагыдай катуу өнүкпөйт. Ал эми адабиятты гүлдөтүүгө бир дагы өнүккөн өлкөдө үзүлүп түшүп, каражат бөлүп турбайт, андай мамиле СССР менен кошо көргө көмүлдү.

 — Анда жазуучулар эмне болот?

— СССР кезинде социалисттик реализм методу менен жазууга көнүгүп, адабияттын партиялуулугу, элдүүлүгү деп жүргөн акын-жазуучулар эми ой жүгүртүүсүн, жазуу маданиятын өзгөртпөсө, өздөрүнүн шору, жазган китебин чыгара албайт, чыгарса да сата албайт. Ал эми жаңыланган жазуучулар, акындар, драматургдар окурмандардын азыркы муктаждыгын канаттандырган менен классикалык маанидеги адабий чыгарма жазуу жагын эсине да албайт. Бул учурдун катаал талабы.

— Деги социализм кезинде эле бизде Сиз айткан чыныгы классикалык маанидеги адабият бар беле?

— Классикалык көркөм адабият жаратуу ар кимдин көздөгөн ниети болгон менен аларды Жазуучулар союзу, көркөм адабий совет, басма, адабият сынчысы, пресса муунтуп, бутунан тушап турган. Мисалы, 20-30-жылдагы адабият болгонду болгондой жазуу менен элди агартуу, кат сабатын жоюу максатын көздөп, көбүнчө орус адабиятын туурамчылык менен күн көргөн, арасында М.Элебаев, К.Баялинов, карасөзчү А.Токомбаев сыяктуулардын профессионалдык деңгээли бийик болбой туруп, турмушту эле сүрөттөп жазып койгону адабият тарыхында калып калды. Анткени алардын көргөн азап-тозогунун өзү эле жанрын да жакшы ажыратып билбеген чыгармаларына укмуш адабий материал болуп берген. Согуш жылдарында бүт чыгармалар чакырык, үндөө багытын алат да классикалык образдар жаралбай калат, себеби өтө көп авторлор согушка барбай эле согушту жаза берген.

Эгерде ошол кан күйгөн майдандан Мукай, Жусуп, Жума, Темиркул, Сүйүнбай, Кусейин сыяктуу жоокерлер көп пландуу роман-повесттерди ошол убакта свежий жазып турганда ал жылдардын адабияты бир топ байып калмак. Тилекке каршы, аларга жазуу түгүл ойлонууга убакыт да, көңүл да болгон эмес, мамлекет да ага кызыкпаган. Майдан темасы кийин-кийин У.Абдукаимов, О.Орозбаев, А.Алдашев тарабынан жазылганда бул тема совет адабиятында эбак тапталып, бийик үлгүлөрү жаралып, анан ортозаарлары элди жадатып калган учур эле. Анан эле 50-жылдарга келип фашистти жеңген элбиз деп эле мактанып, бизде карама-каршылык жок дегенди ойлоп, адабиятка «конфликтсиздик теориясы» кирип, адамдын ички дүйнөсүн ача албай, адамдын диалектикасын көрсөтө албай отуруп он жылдай мезгил бекерге короду.

Өткөн кылымдын 60-жылдарына келип анан дурус деген адабият жаралгандай болду. Бул аз да болсо чыныгы адабиятка умтулуу доору 20 жылдай өкүм сүрдү да, СССР кыйраган соң кайра өлүмгө кирип кетти. Анткен менен өткөн кылым кыргыз адабиятынын байманалуу кылымы болуп тарыхта кала берет. 19-кылымда орус адабияты дүйнөлүк көркөм маданияттын эң бийик чокусу болуп, адабият аттуу нерсени асманга бийик алып барып илип салган. Ошол эле орустун кулундары кийинки 20-кылымда канчалык мыкты чыгармаларды жаратпасын, баары бир өздөрүнүн мурдагыларынын деңгээлине жете албай кайнала берди, Шолохов менен Солженицин чыккан менен Чехов менен Достоевскийдин орду оңкулдап калды. Чамасы, кыргыз адабияты да жаңы кылымда ошондой болот, анын бийиктиги артта калат шекилдүү.

— Бирок ушул жылдары тоталитардык коом адабиятты өзгөчө көзөмөлдөп, дүйнөлүк адабий салттарды алып келебиз десе болбой жазуучуларды кишендей бербедиби?

— Мындайлар да болду. Мисалы, өз кезегинде Кубатбек Жусубалиевдин «Кожожаш» деген киноповестин чыгарбай коюшкан. Аны кийин Кеңеш Жусупов иштеп турганда «Ала-Тоого» басты. Ошондо адабий таасир, өзгөчө жапон киноөнөрүнүн жакшы таасири бар экен. Айрыкча тумандын образы аркылуу. Бардык сюжет, композиция, образдар келип-келип ошол жөө туманга сиңдирилген. Эгер кезегинде ушул киноповесть тартылып калса кыргыздар үчүн кыйла эле утуш болмок, бирок аны өзүбүздүн тар ой жүгүртүүбүз менен өзүбүз муунтуп өлтүрүп алыппыз. Мындайлар адабият тарыхында бир аз болсо да болуп өттү. Негедир Мурза Гапаров да жарыяланбаган, бирок жазылып, өзүндө калбаган бир чыгармасы тууралуу айтып калчу. Ошентсе да негизинен бизде такыр эле мыкты жазылып, бирок идеологиялык система тээп салган классика жок экен.

Кайра жаралуу келгенде «кайсылар басылбай калды экен» деп кайсалап издеп калып, анан бир топ чыгармаларды таап чыктык. Ошондо кайырмагыбызга А.Токомбаевдин «Кандуу жылдарын», К.Маликовдун «Балбайын»,  К.Жусубалиевдин «Муздак дубалдарын», М.Борбугуловдун «Элеттик жигитин», Ш.Абдырамановдун «Дыйкандарын» жарыялабадыкпы. Бирок аларың орустардагы мисалы, Набоковдун, Пастернактын, Солженициндин, Ахматованын чыгармаларындай адабий окуя болуп калган жок, жөн гана кадыресе чыгармалар экен.

Бир жолу орустун улуу жазуучусу Василий Шукшин минтип айткан: «Биз көбүрөөк жакшы ишегенге эмес, жакшы сүйлөгөнгө үйрөнүп жатабыз» деп. Бул карама-каршылык адамзаттын улуу трагедиясы. Ушул трагедия советтик учурда да, азыр да калем менен оокат кылгандардын кайгысына айланып отурат. Кыргыз адабиятын 20-кылымда дилетанттар, жөн гана жазууну үйрөнүп алган жазмекерлер, анан карандай каракүчкө салып жаза бергендер, булардан калганын эптеп чоң кызматка, анын ичинде басмаларга орношуп алган чиновник-жазуучулар ээлеп алып, алардан да өткөнүн адабияттын башатынан бери келаткан жалаң жамбаш алып устаканын жаштарга бербеген карыя акын-жазуучулар ээлеп алышкан. Орун бош болбогондуктан жана өздөрү күрөшө билбегендиктен чыныгы таланттар бир китебин чыгарса чыгарып, чыгарбаса ичип кетип, же таштап коюп, кудай берген талантын элге чача албай бу жарыктан өтө берген. Ушундайдан улам кыргыз адабияты өз мүмкүнчүлүгүнөн кыйла жупуну, кыйла бөксө көрүнөт.

 — А Чыңгыз Айтматовчу?

— Ушул кишини кыргызга бергени үчүн да 20-кылымга таарына турган жөнүбүз жок. Чыңгыз Айтматов – кыргыздардын бактысына бир келген улуу ойчул, чоң жазуучу. Анын бир гана айыбы бар – саясатка ышкы-кумары козголуп турат, а саясат деген – сасык жыт чыгарган нерсе. Ал киши саясатсыз коомдо жашаса, зоболосу дагы да артмак деп ойлоп коём өзүмчө.

— Ошол Чыңгыз Айтматовду дүйнөгө тааныткан советтик мезгил болду. Ал кезде орус адабиятына чыгып, ал аркылуу көп тилдерге которулуп, биз аларды которуп дегендей чырмалышып жатып калчубуз. Азыр эми кыргыз жазуучуларын ким которот да, биз эгер аларды которсок ким окуйт?

— Дүйнөлүк адабиятта күтүлбөгөн ачылыштар, жаңылыктар чыга калууда. Өзгөчө «кара» жана «ажыдаар» материктерде. Батыш адабияты картайып калгансыйт. Ордун тигилер басууда. Бирок биз аларды өз тилибизде окуй албай атабыз. СССР кулагандан кийин чет өлкөлөрдөн аты-жытын укпаган авторлор чыкпадыбы, көрсө, Москва бизге андай «коммунизмге бара жаткан жолубузда» тескери тарбия берчүлөрдү атайын жолотчу эмес экен, Павло Неруда, Назим Хикмет сыяктуу коммунисттердин достору гана которулчу тура. Ошентсе да котормо адабияты бар эле, дурус чыгармалар да таржымаланып аткан. Тилди бузган да, тилди байыткан да ошол котормочулар болгон. Котормолордон соңку жылдарды С.Жигитов таржымалаган С.Экзюперинин «Кичинекей ханзада» деген китебин Париждеги кайсыл бир уюм кайра чыгарып берди окшойт, анан Аман Токтогулов которгон Расул акындын «Менин Дагстаным» ал кишинин балдары тарабынан кайталанып басылды, биз Б.Чыныбаева экөөбүз Ч.Айтматовдун түркчө чыккан «Балалыгым» деген китебин котордук эле, аныбызды «Себат» билим берүү мекемеси эки жолу Ыстамбулдан бастырып берди, орто кылымдагы сопу, дервиш Юнус Эмиренин ырларын А.Исмаилов которгон экен, аны дагы бир демөөрчүлөр чыгарды. Элчи болуп турганы үчүн Мухтар Шахановду кыргызчаладык.

Ушундай-ушундай беш манжа менен саначу котормо китептер гана жарык көрдү. Мисалы, мен алтай, бурят, түрк, саха сыяктуу калктардын эл жомокторун которуп, балдарга ылайыктап, ар бирин өзүнчө китепче кылып даярдап койдум, бирок басууга каражат жок. Эгер ошолор басылса балдар окуйт эле да. Анан англис, орус тилдерине бай акындардын, демөөрчүлөрү күчтүүлөрдүн (С.Жусуев «Канат менен Зарина», Н.Алымбековдун ыр китептери) гана которулбаса, ал жакта да кыргыз адабиятына кызыккан пенде жок.

Ал эми котормо адабиятына азыр дүйнө аябай катуу киришти. Анын үстүнө алардын түйшүгүн жеңилдеткен компьютердик программалар, сөздүктөр пайда болду. Мисалы, Кытай өзгөчө бул ишти колго алып, биздин Султан Раевдин чыгармаларына чейин ханзучага которуп салды. Улуу Жеңиштин 60 жылдыгына карата «Жэньминь чубайьшэ» басмасы М.Шолоховдун, К.Симоновдун, Иван Леоновдун, Б.Горбатовдун китептерин чыгарган экен, Россия президенти В.Путин аларга ыраазычылык катын жолдоду. Кытайда В.Распутиндин «Дочь Ивана, мать Ивана» деген китеби жылдын эң мыкты котормосу катары бааланды. Күн чыгыш кошуналар «Болот кантип курчудуну» 12 серия, «А зори здесь тихиени» 16 серия, «Сайгакты» 40 серия фильм кылып тартып атыптыр. Булардан ким утуп атат, албетте, кытайлар утуп атат. Кытай болуп калбаган, жок эле дегенде орус болуп калбаган биз үчүн котормо адабияты азыр түшкө да кирбей турат.

Ушундан улам айтам: эгерде Чыңгыз Айтматов бүгүн чыгып, ал кыргыз тилинен башка тилде жаза албаган киши болсо, анда балким «Ош базарда», андан ашып кетсе Екатеринбургда соода кылып эле отурмак, анткени бүгүн кыргызча жазып, кыргыз адабиятында классикалык чыгармаларды шилтеп, ушу тапта бала-чакаңды эмес, каражаныңды да бага албайсың.

— Абдыке, соңку кезде бир топ эле китептер чыгып атпайбы, аларды кандай баалайсыз?

— Олжеке, эми кызык кырдаалда турабыз, кыргыздын 8 жаштан 80 жашка чейинкилери баары, кимиси кааласа китеп жаза алат, сабатсыз болсо, бирөөгө айттырып болсо да «жазат», керек болсо, жазуучулар союзуна да кирип алат, китеби тоскоолдуксуз, каалаган көлөмдө, каалаган санда чыгат. Болгону акча гана керек, учур адабиятынын абалын акча аныктап калды. Сансыз көп сапатсыз санжыра китептер, уруу-уруктун баатырлары тууралуу баяндар ушинтип чыкты, ушулар аш-тойлордо бекер таратылды же кыйнап саттырылды. Мына активдүү иштеп, китептерин чыгарып аткан кечээги жаш, бүгүн эми орто муун болуп калган Карбалас, Бактыгүл, Жыпар, Алик, Кожогелди, Гүлжамийла, Баяс, Аида деген акындар бар, арасында Олжобай сен да барсың, бирок ушулар эмне деген акындар, алардагы жалпы тенденциялар кайсылар, жекече индивидуалдуулугу эмнеде деген маселелер изилдөөсүз калууда.

Мунун бир себеби – адабий сын өлгөн, а анын себеби сын баса турган басылмалар рынокко көмүлүп калган; экинчи себеби – кыргыз китеперин сатуу тармагы дээрлик талкаланган. Айталык, союз кезинде Фрунзе шаарында басма жана полиграфия комитетине караган жыйырмадай китеп дүкөнү болсо, азыр бүт өлкө боюнча эки гана кыргыз китебин сатуучу дүкөн калган. А жанагы «Раритет», «Одиссей» деген китеп дүкөндөрү кыргызча китепти сатып бергиле деп алып барсаң, сага жалган-мага чын, Олжобай, жийиркенет, алардын максатты – жөөттөрдүн саясатын гана элге таратуу окшойт деп ойлоп калдым. Жаңы китептердин элге жетпей жатышынын дагы бир себеби – үгүт иштеринин жоктугу. Келип-келип бул китеп окуу, китепке мамиле боюнча маданиятыбыздын төмөнкү деңгээли. Базарга түшкөн 100 кыргыздын бирөө да кайра үйүнө китеп алып кетпесе, элдин 2 пайызы да көркөм китеп окубаса, анда рухий трагедияга кабылганыбыз эмей эмне дейсиз?

Маектешкен Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *