Цыган жомогу

Те илгерки цыгандардын салты болуптур мындай: эгерде күйөөсү жылкы уурдоого кетсе, зайыбы күйөөсүнүн көйнөгүн алып токой ээси менен баарлашууга жөнөчү экен. Алар чытырман токойго киргенде шуру-мончокторун жерге ныгыра матырып, ага күйөө көйнөгүн байлап коюшуп, андан соң чытырмандуу токой ээсине собол узатышчу дейт:

– Эй, шайтан алгыр, чыгып, биздин күйөөлөрүбүз эмне күнгө кабылаарын айтып берчи. Кайтабы, кайтпайбы? Баары жайындабы же кырсык тооруп турабы?

Анан алар үндөрүн чыгарбай жым отуруп, токой ээси эмне белги берерине кулак түрүшчү экен. Агер иш оңунан чыгар болсо: анда өз күйөөсүнүн үнүн, же цыган ырын, же ышкырык, же камчынын шапалагын кулактары эшитчү экен. Демек, бул – жакшылыктын жышаанасы саналган.

А кокус иттин үргөнү угулса, демек, күйөөлөрүнүн жолу болбой, куру кол келери бышык болгон. Эң кокую – агер ачкыч үнү шылдыраса – күйөөсү абакка камалганы! Бирок кокуйдун кокую – агер мылтык үнү жаңырса, бул – өлүм! Демек, цыган шордуунун изине түшкөн куугун бар деп билишкен.

Кыргызчалаган О.ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *