АҢГЕМЕ

Конфуцийди Кун Цю десең да жарашат, Конфуций десең да жарашат. Кандай айтсаң жарашат. Ага баары жарашат. Тиштеринин арасы ачылып, орсоюп турса да жарашат. Бизге жарашпайт. Орсойгон тиштен уялабыз, ооз ачпайбыз. А Конфуций оозун кандай ачса жарашат. Ошонүчүн уяла турган жөнү жок анын. Оозунан чыккан кептин баары терең, биздики тайкы, биздики тайыз. Бизди уят кылган ошол тайкылыгыбыз, тайыздыгыбыз. Тиштерибиз орсоймок түгүл күрүчтөй тизилип, таптатынакай жаркырап турса да жарык чачпайт, биздин оозубуздан акылга шоола тамаар кеп чыкпайт өмүрү. Адам баласына күн нурунан кийинки жылуулук, жарык шоола Конфуций, Сократ, Диогенден төгүлөт. Сократтын нуруна кийинчерек жылынайык. Кежир Диогендикине да жылынайык. Үңүрөйгөн заманда, чүңүрөйгөн заманда, түрү суук заманда даанышмандардын нуруна жылынайык. Күн чыгыштан кылаят, кепти чыгыш даанышманынан баштайык. Сократтан баштасам да жакшы болор эди. Бирок адегенде чыгыштан кеп кылайык. Кепти Чыгыштан баштап, Батыштан бүтүргөн ылайык.

Мага шондой, башкаңды билбейм. Бул экөөнүн, экөөнүн деп коём… бул үчөөнүн жер каймактагандан берки акылы ааламга ушу күнгө чейин жарык чачат, нур төгөт, карасаң… Көрбөдүң ээ?.. Көр болсоң ошо, галдир. Сендей галдир адашым күндүн нурун, электр жарыгын эле көрөт. А алдагы караңгы мээңе тамган нурду көрбөйт. Акылдан тамган шооланы көрбөйт. Азыр электр жарыгы эки күндүн биринде жалп этип өчүп калганы кокуй эмес, анык кокуй – мээбиздеги жарык өчпөсүн. Электр жарыгы өчкөнүнө кокуйлаба. Кепти бөлбөй ук эми, галдир… Сурооңду анан бер дейм…

Ооба, сакалымды кыскартып салдым. Өстүрсөм жарашпады. А Конфуцийге узун сакал да жарашат, кыскасы да жарашат. Таптакыр сакалы болбосо да жарашат. Мен ошо сакалы жоктогу Конфуцийдин тарыйкасын баяндап берейин деп атпаймбы саа. Сени таңданып уксун, шаңданып уксун деп атпаймбы. Ии де анда… ии десең анда мындай… Жыйырма жети жаштагы куйма кулак Конфуцийге таң бердим, баа бердим. Ак ээк болгондогу Конфуцийге баа бербеген ким жок, таң бербеген ким жок. Ак ээк андай даанышман чыгабы-чыкпайбы эми… Качанкы сөөгү сөпөт болгон бул эски даанышман, бүгүн да жаңы, бүгүн деле жаңылык.

Анын эң жакшы көргөн музыкалык аспабы болуптур. Ал аспап жети кылдуу чертмек экен. Биздики үч кыл комуз болсо, Конфуций жети кылдуу комузду чертчү экен. Кытайлар аны цинь дейт экен, кытайдан башкалары лютна дейт, а биз чертмек десекпи, жаки комуз десек да куп жарашат. Жаки чертмек деген жакшы угулат дейсиңби, галдир?.. Макул, мындан ары чертмек дейин. Ошо чертмекти Конфуций кантип үйрөнүптүр дебейсиңби…

Конфуций кемелине келип турган 27 жашында музыка билермандарынын билерманы деген бирөөнүн атын алыстан угуптур. Ошого барыптыр. Анысы Цюйфу деген калаада жашачу экен. Ал шаарды укпапсыңбы? Укпасаң ук азыр. Ал шаарда укмуштар болуптур. Анда Ши Сян аттуу чебер музыкант жашаптыр. Ши Сянды курчоого алган музыка күйөрмандары көп экен. Конфуций ошого барыптыр. Барып, чертмек үйрөнөт элем деп Ши Сянга ыктаптыр. Ши Сян адегенде Конфуцийди көптөрдүн бири катарыле кабыл алыптыр. Аны да сага окшош акма кулак деп ойлоптур башында. Анткени Ши Сян да ага чейин далай акма кулак, таш кулак шакирттерди тарбиялаган экен. Конфуцийди куйма кулак деп ойлобоптур. Үңкүйгөн, дүңкүйгөн бирөө келиптир десе керек да. Бирок көп өтпөй эле устатын шакирт осол кылат деген эмине… Уктуң беле андайды? Укпагансыңбы? Конфуцийдин куйма кулак жан экенине башында анча кунт койбогон Ши Сян жаңы келген окуучусуна чертмектен башка дагы качанкы ата-бабадан бери келаткан музыкалык аспаптарды үйрөткүсү келиптир. Билермандангысы келиптир. Бир музыканы угузуп көрүп, «эми ушуну жакшылап өздөштүр» дептир. Талап кылыптыр. Устаты ойноп берген музыканы Конфуций бир нече күн кайталап, мөртү келген күнү аткарып берет.

Чертмекте чебер ойноону тез эле өздөштүргөн шакиртине ыраазы боло «оп, бали! Азамат турбайсыңбы. Мыкты үйрөнүпсүң. Кел, эми дагы жаңысын үйрөтөйүн» дебейби. Десе тиги «мени кечиргейсиз, урматтуу устат… Ашыкпайлы… Музыканын ыргагын мындан да так өздөштүрсөм дедим эди» деп кежирлениптир. «Дагы бираз күнгө уруксат бериң, мындан да так черткенге машыгайын» дейт. Устаты эмне десин, өзүң айтмакчы, өлүбам кетсин деп макул болуптур. Конфуций качан гана баягы музыканы жеберине жеткире ойноп калган кезде Ши Сяндын алдына өзү барып, музыканы чертип берет. Ажайып музыканын мурдагыдан уккулуктуу шаңгыраганына курсант болгон Ши Сян айтат, ыраазы болуп айтат, терине сыйбай айтат: «Мыкты, мыкты. Чынында мурдагыдан алда канча кылдат ойнодуң. Баракелде! Макул көрсөң, эми башка музыкага өтөлү…» «Жок» дейт анда да Конфуций. Дагы кежирленет. «Жок» дейт бу жолу да. «Мен дагы-дагы музыканын ички маанайын-маңызын туюшум керек. Андан соң бул музыканы кандай адам жаратканын билүү милдетим калды» дептир…

Устаты бу саам бираз кыйылып, сен айткан кепти айтыптыр… майли, өлүбам кетсин деп. Чертсе черте берсин дейт, күндөрүн сая кетирип жүрө берсин дейт. Ага эмне…

Дагы бир нече күн узак сааттар бою чертмекти колдон түшүрбөгөн Конфуцийди терең ой басып жүрө берет, жүрө берет. Анан эле бир күнү өрөпкүп кубанганынан устатынын алдына келет. «Мен эми бул музыканы ким жаратканын да билем. Ал адам шады бойлуу, өңү караторусунан келген, алп денелүү жан экен. Көз нуру – көз кыйыры жеткис ааламды көргөн, руху ай-ааламга чалкыган Вэнь-ван аттуу байыркы ардактуулардын бири экен. Мен мындан эч шегим жок» дебейби көзү жанып. Ошондо барып оозу ачылган Ши Сян уккан кулагына ишенбей, маңдайында турган өжөр шакиртине ыраазы болуп турганы: «Сөзүңдө калет жок. Таап айттың. Биздин улуу муундагы билермандардын айтымында, бул музыканы жараткан адам, так ошол сен айткан Вэнь-ван» дептир Ши Сян. Оозунан келмеси учкан устат ошондо Конфуцийдин адамдан башкача баамчылдыгына акылы айраң болуп, шакиртинин алдында башын ийип, таазим кылган экен…

Аңгеме бүттү дейсиңби? Бүтпөйт. Жок. Конфуций жөнүндө аңгеме бүткөн күнү баары бүтөт, галдир. Бүтпөйт. Ал жөнүндө айта берсе толтура… «Аңгемеңдин аягын тезирээк айт» дейсиңби?.. «Тез айтпасаң катыным жанымды сууруп алат» дейсиңби? Жаны жок десе, катындан корккон. Күтүп калдыбы? Күтсүн… Ксантиппа Сократты күткөндөй күтсүн. Туура, катындан коркуш керек. Сократ да өлгөндөй корккон. Катынынан дейм. Катыны Ксантиппадан корккон үчүн даанышман болуптур. Сократты философ кылган катыны болуптур. Саа окшогон бирөө сурабайбы: «Сократ, сен эмне мынча акылмансың?» деп. «Катыным ажылдаак үчүн акылманмын» дептир анда. Карабайсыңбы жообун… Жөпжөнөкөй. Жөпжөнөкөй болгону менен терең айтылган. А сага окшогон, мага окшогон эркектер ажаан катынды басып жыгылып сабайт экенбиз. Кайра ажаан катындарыбыз менен өзүбүз кошо ажылдайбыз. Өзүбүз ажылдап чыга келебиз. Тилин сууруп алсак дейбиз. Тилин сууруп «Язык в соусе» деген салат жасагыбыз келет.

Катындарыбыздын тилин соустун ачуусуна да, таттуусуна да оонатып жегибиз келет. Сократ сабабаптыр. Ал кайра ажаан катын менен жашаганын турмуштун улуу мектебиндей көрүптүр. Ага Ксантиппанын ачуу тили азык болуптур…Курсагына азык болмок беле, түркөй. Акылына азык болуптур дейм. Тилдин соуска оонатыларын угуп, оозуңду жаланасың да соргогум. Кекиртегиң жаман ээ, иттин баласы… Ушу соргоктугуңдан бирди гөрөр бекенсиң… Ксантиппадай катындын ачуу тилин көтөрбөсө, турмуштун ачуусун кантип көтөрмөк Сократ. Ал ошону билип, тили ачуу катын менен таттуу өмүр сүргүсү келиптир…

Сөздү бөлбөй укпайсыңбы анан! Акма кулак, ук эми… Сократ сен экөөбүздөй галдирлерге какшанып айтыптыр: «Ыймандуу колуктуга жолуксаң – багың бар, ажаанына жолуксаң – кем акылың толот» деп. «Адам үйлөнсө да өкүнөт, бойдок өтсө да өкүнөт. Үйлөнгөн тозок, бирок ал тозокко сөзсүз түшүш керек» дептир эй. Так үштө, това де. Това де, ажылдаган катының бар экенине. Ксантиппадай катынга туш болбогонубузга това дейик баарыбыз. Болбосо дүйнөдө баарыбыз Сократ болуп кетмекпиз.

«Сократ катынын сабачу бекен?» дейсиңби?! Ок, сага айткан кайран кеп баятан! Кулагыңа кеп кирбейт сенин! Сократтай адам катынга кол көтөрчү беле? Мына, сага окшогон, мага окшогондор катынга кызыл камчыбыз. А Сократ сабырдуу үчүн катынын сабамак түгүл «эшек сени тепсе да, сен эшекти теппе» деп атпайбы… Кайра эми «Сократың келесоо экен» дегенин кара!.. Сага корогон кайран кеп. Сага аңгеме куруп отурган мен да акмак. Мага да убал жок. Бар, анда жабышпай. Коркуткан катыныңа бара бер дейм. Мен муну тим отуруп угабы десе, Сократты келесоо көрөт бир! Келесоо көрбөсөң анда ук…

Бечара Сократ Афинанын бурч-бурчегин калтырбай тентип кеткенде, керээлден кечке үй бетин көрбөй кайда жүрөсүң деген Ксантиппа шыпыргы менен сабачу экен эрин. Ооба, сен мурдуңдун маңкасын тарталбаган бала кезиңде керээлден кечке үй бетин көрбөй тентип кетип, кайра келгенде апаңдан таяк жегениңдей… Сократ да катынынан төбөгө жечү экен. Кудум сага окшоп, мага окшоп. Сен экөөбүз бала кезде эртеден кечке чүкө ойноп кетип, чыгырык атып кетип, рогатка атып кетип, жашынмак ойноп кетип, ангыча каш карайып кетип, күн батып кетип, эртең менен алдыбызга салып берген козу-улактарды таштап ойноп кетип, кайтарган уюбуз жашыл бедеге кирип кетип, аркандаган музообуз бошонуп кетип, энесин эмип таштап, эртеңки биз ичээр сүттү какшытып таштап, эртеси бизди каймаксыз таштап… баарын таштап-таштап… кетип-кетип калып үйгө келгенде чокуга жегенибиздей, Сократ да үйүнө кечинде келип катынынан төбөгө жечү экен.

Сократ чүкө ойноп кетмек беле, галдир?! Суроосун кара мунун? Бала кезиңде чүкөнү чекеңе толгоп-толгоп жүрүшүп, мээңди аралаштырып салышканбы такыр эле? Сократ кантип чүкө ойноп кетсин! Ал өлөр өлгөнчө балага окшош болуптур, таза болуптур, баё болуптур, ак жүрөк болуптур, кыялкеч болуптур, баладай бактылуу болуптур. Ал керээлден кечке сен экөөбүзгө окшогон галдирлерге адам болуп «өзүңдү өзүң тааны» деп какшап жүрүп күн кечирип, какшап жүрүп өмүр кечирген.

Үйүнө келсе катыны алдынан чыкчу экен ажылдап, жажылдап, ызылдап, тызылдап… «Керээлден кечке көчөмө көчө кыдырып, элге бекер билим бересиң, келесоо! Ырысы жок! Же бир акысын албайсың, акмак! Сенден башкалар билим үчүн акы алат, сен айбан… билим сатылбайт деп жүрүп, мына турмуш! Мына ит турмушуң! А үйүңдө бир сындырым наның жок…» деген катыны бир күнү беттен алат. Колунда шыпыргы. Көз жашын салаалатып алган. Сократ күнөөлүү баладай бүжүрөп турат. Үйүнө кирсе казан-аяк калдырайт, өзүнүн курсагы болсо кулдурайт. «Шам-шум кылганга эмнең бар, кемпир…» дейт, «балээ жеп кал! Атаңдын башы бар! Атаңдын башын же!» дейт катыны. Кайран Сократ, айраң Сократ сыртка чыгып коңшуларын жыйат, коңшуларына кайрылат: «Кошуналыгыңар кайсы? Ксантиппаны наалытпай, эмне кем-карчың бар деп кирип-чыгып койбойсуңарбы…» Муну уккан кошуналары уялып калышат, жер карап калышат. А Сократ эмнеге уялышы керек… Кедейликтен уялбаган Сократтын бу дүйнөдөгү озуйпасы башка экенин кошуналары билген үчүн уялып турушту да…

Сократ да сууну сиңген жерге куюшту, кепти угаар жерге айтышты билген үчүн ошентип атат да коңшуларына. Мына, адам баласына маалим болом деген адам. Алар апенди болот. Адам баласын агартам-көгөртөм деген адам билим үчүн акы алган эмес Сократтай. Акы албаганы үчүн сен экөөбүзгө окшогондорго апенди көрүнөт, келесоо көрүнөт алар. Келесоо көрүнүп жер үстүнө тентип кетет, дербиш болуп кетет, календер болуп кетет. Адам баласын азыр эмне түркөй кылды? Билесиңби?.. Көрдүңбү, баш чайкайсың, билбейсиң… Адам баласы билим үчүн акы төлөгөндөн баштап түркөйлүк баскан жер үстүн. Адам баласынын мээсин караңгылык каптаган. Көкүрөгүн көр кылган. Азыр бекер билим кайда бар? Жок. Жадесе бала бакчадагы балаңа да бекер тарбия берген киши жок. Анткени өзүбүз үйдө тарбия беришти билбейбиз. Үйдө эрди-катын болуп тытышып отурсак балдарыбыз тарбия алабы? Балдарыбызды тарбиялагандан мурда – тарбияга өзүбүз муктаж экенибизди билбейбиз, галдир…

Башкадан мурда өзүн тарбиялаган адам жок бүгүн, анан башкаларды тарбиялагыбыз келет. Үйдөгү эрди-катын эриш-аркак жашаса эле балдарыбызга бакчанын не кереги бар, башкалардын тарбия бергенинин не кереги бар дейм да… Балага ата-энеден артык тарбия берчү ким өзү? Үйдө эрди-катын бирине бири кош канат болалбай атпайбы, түгөт.

Карасаң эми, муну айтсам уккусу жок, тигини айтсам уккусу жок, галдирдин. Уйкусу келет кайра. Азыр адам сыягындагы адам да калган жок сүйлөшө турган. Адам калбаган үчүн Диогендин шору катып чак түштө чырак менен адам издеп атпайбы. Анын чаламандын чак түшүндө колуна шам көтөрүп «адам издеп жүрөм» дегени – байыркы замандан азыркы заманга чейин адамзаттын адам сыягынан айрылып калганы эмеспи, галдир. Адам адам сыягынан айрылганына кайышкан Диоген бир курдай мончодон жуунуп келатса алдынан сага окшогон кокочо галдирлер чыгып сурайт: «Э Диоген, мончодо эл толтурабы?» «Ооба» – дейт. Бираз узайт. Алдынан дагы бир чогулган топтогулар сурайт: «Кандайсың, Диоген? Мончодо көп адам бар бекен?» «Алардын жылаңач сөлөкөтүн көрдүм, бирок адам аттуусун көргөнүм жок» деп, кулжуңдап басып кетет. Жообун карабайсыңбы…

Даа бир күнү чоң аянтка чыккан Диоген үн катат: «Э-ээй…адамдар, барсыңарбы?» Аны уккан эл антаңдап чуркап келсе, ачуусу кайнаган Диоген колундагы таягы менен аянтка жыйналгандарды кубалап, «мен силердей айбандарды эмес, адамдарды чакырып атам!» деп жыйналган элди кайра таратканча шашыптыр. Азыр ошентип адамдар адам сыягынан айрылып калганы үчүн баарыбызды зекип турар даанышман барбы? Азыр адам түгүл, эркек калбай баратабы дейм. Эркектер юбка кийип алса жарашабы дейм бу заманда…Аа? Кандай дейсиң? Бүгүн катын издеп кереги жок, катындын саны көбөйүп кетти. Ээгинде сакалы бар, бирок этеги узуну канча? Эркеги да, ургаачысы да бир эле болуп калды. Баарыле катынга айланып бараткандай бүгүн, наалаттыкы десе…

Эркектер үйдөн чыкпайт бүгүн, катындын этегинен чыкпайт. Эркектер үйдүн оокатын, катындар сырттын оокатын кылган заман келди, това. Диоген бир кезде адам издесе, бүгүн эркек издеген кыз-келин толо… Мобу кокодон келет ко, тимелеби… Адамды кой, эркек табылбай калчу заман келаткан жокпу, ия… Солкулдаган-солкулдаган кыздарыбыз бүгүн эр издеп кетип атат. Бөтөн эл, бөтөн жерге эр издеп, бакыт издеп кетип атат, түгөт! Азыр ким көп? Катынпоз эркек көп. Эрсиз катын көп. Жашыруун никеде жашаган эркек көп. Катынын таштап кеткен эркек көп. Илгери катындар эрин таштап кетсе, азыр катынын ташташат. Катынына талак берген эркектер көбөйүптүр. Жанагы СМС деген бир балээ чыккандан бери Маскөөгө иш издеп кеткен эркектер ал жактан иш таппаса катын таап алат экен. Таап алышып, кээси бу жактагы катынына СМС жазып талак бергендерин кантесиң. Катын-баласынын убалынан коркпогон кудай аткырлар десе.

«Катындар өздөрүнөн көрсүн» дейсиңби? Атаңдын гана как башы, галдир! Катынга эмне?.. Кудай таала ургаачыны назик, үлбүрөк кылып жаратканы менен шор турмуш менен кор турмуш ургаачынын үлбүрөгөн жаратылышын күбүп салат турбайбы? Эркек жакшы болсо, кандай ургаачыны болбосун калыпка салат. Калыптан чыккан бышкан кышты көрдүң беле? Калып жакшы болсо, катын ошол калыпка салынган бышкан кышка окшош эмеспи. Калып кыйшык болсо кыйшыйган кыш куясың, туурабы? Туура десең ошо… Эркек кандай калып болсо, ургаачы киши да ошол калыптан куюлуп түшкөн эле бышкан кыштан эч айырмасыз эмеспи. «Кыз кезинде баары жакшы, жаман катын кайдан чыгат» дегенди кыргыз да билген үчүн айткан да. Бирак ошол акылман деген илгерки кыргыз, ошол билерман деген, ошол көсөм деген, ошол улуу деген кыргызды карачы азыр. Азыр майдаланып кетти, ачкөз болуп кетти. «Ашык дөөлөт баш жарат» дечү кыргыз ачкөз болуп кетти. Конфуций, Сократ, Диогенге чейин эле акылы тунук кыргыздын азыр акылын чаң басты, маң басты. Көроокаттын артынан тентип кетти. «Мээнет – жалпак, дөөлөт – тоголок» дечү кыргыз өзү бүгүн кургуйга тоголонуп кетти.

Мээнет эмнеге жалпак, дөөлөт эмнеге тоголок экенин билбейсиңби, галдир? Жалпак нерсе жалпайып жата берет, тоголок нерсе томолонуп-жумаланып бир жерде турбайт. Ошону түшүнбөйсүңбү, түркөй десе…

Кыргыздын байыркы тарыхын кыйратып деле билбейм, бирак соңку тарыхы болобу, мурдагысы болобу, о деги кыргыздан акылман чыкканбы дейсиң. Же жалаң эле баатырлар баш-көз болгонбу бул элге?! Бул эл минтип отурса бирди көрөт ко дейм, ия… галдир? Сен кандай ойлойсуң?..Сен ойломок белең. Кыргыз карынын сөзүн укчу эле, азыр жаамы журтка акылын төгөөр кайсы карысы бар? Кыргыздын башында азыр кадырлуу карыя калдыбы? Калды дээрсиң, галдир… Деги акылман Бакайдан кийин кыргыздан кадырлуу карыя чыкканбы деги? Барбы? Саначы! Кыргыздын ичи тээ качан эле бөксөргөнбү? Же карылык дегениң башка элдин карыларын каруудан алса, кыргыздын карыларын шак эле акылдан алабы? Болбосо эмнегеле кыргызда жакшы карыган аксакалдар аз?! Карылыктын үлгүсүн көрсөтчүлөрү азайды-ов.

Кыргыздан эмнеге Конфуций чыкпайт, Сократ чыкпайт, Диоген чыкпайт дейсиңби? Ооба, сен айткандай кыргыздын уучу куру болгон эмес. Бул элден акылмандар чыккан, көсөмдөр чыккан, олуялар чыккан, сынчылар чыккан, өнөрпоздорун айтпай-ак коюң. Кыргыздын небир накыл кептери кайдан чыккан? Акылмандардын оозунан чыккан. Небир акыл кептерди эл хор менен чыгарыппы? Хор менен айтыппы? Жок. Кайсы бир акылман кыргыздын оозунан чыгып, анан барып ошол кеп элге жайылган. Бирак ал кайсы акылмандын оозунан чыкканы айтылбай калган кыргызда… Кыргыз акылмандардын атын атабайт, баатырлардын гана атын атаган эл. Баатырларын гана сыйлайт. Баатырлардын гана атагын өчүрбөйт ко, чиркин.

Кыргызың эле эмес, эпаада эки аяктуу адамзаада дегениң тээ эзелтен бери акылманын сыйлабаптыр, билимдүүсүн сыйлабаптыр, несин айтасың, галдир… Диогенге окшогон Толубай сынчыңдын да кадырына жетишпептир. «Толубай сынчы менен Диоген эмнеге окшош?» дейсиңби? Кандан-бектен кайра тартпаган кайран Диоген, кайран Толубай сынчы а! Дүйнөдө бул экөөндөй өжөр болорбу, бул экөөндөй кежир болорбу а, галдирим…Болбойт ээ? Диоген менен Толубайдын көктүгү окшош а? Агер Толубай кежир болбосо, көк бет болбосо, көр болуп көзүнөн ажырайт беле дейм да. Болбосо жансоогаласа болот беле, «ооба, каным, сеники туура. Мен жаңылдым, чобур атты тулпар деген мен кара жерге кирейин. Сенин кырк үйүр күлүктөрүң турганда ушул жаман чаарды күлүк деген менин көзүм көр» десе, кан деле кечирет эле да. Жок, антип жансоогалаш кайда… Кайра өзүнүкүн бербей, шөлпөйгөн бир кайдагы чаар атты тулпар деп талашам деп көзү көр болуп отурбайбы.

Бул эми алиги Диоген кежир менен Александр Македонскийдин ортосундагы кызык окуядан эмнеси кем? Айтайын, угасыңбы? Уксаң мындай… Кадимки Македонский атагы алыска дүңгүрөгөн Диоген деген даанышман бар экенин эшитпейби. Эшитип, ат арытып алыстан келет. Диоген күнгө кактанып отурган экен, жылынып отурган экен. Толубайдай жерди теше тиктеп отурган экен. Отурсале Диогендин маңдайына бир калдайган көлөкө туруп калат. Башын көтөрсө, айбат сүрдүү бирөө. Күндүн жыртайган көзүн жаап алган ошол неме өзүнүн Македонский экенин айтат. Мактанып айтат. Дүйнөнүн жарымын басып алган жаагер экенине мактанат канкор. Аны уккан Диоген үндөбөй калабы. Үндөгөндө да кандай үндөйт. «Сен Македонский болсоң, мен итмин» дейт келжейип. «А эмнеге итсиң?» дейт. «Ким мага берчүсүн берсе, шыйпаңдайм. Ким бербесе ага ырылдайм, ким тап берсе, сазайын колуна берем» дебейби. Мыйыгынан жылмайкан канкор тигини сынамакчы болот. «А сен менден коркпойсуңбу?» – «Мени коркута тургандай сен ким болуп калыпсың?» дейт Диоген да. «Кана, ошончолук кан ичкичсиңби, канкорлугуңду көргөз. Айкөлсүңбү? Айкөлдүгүңдү көргөз.» Ошондо «менден эмне кааласаң сура» деген Македонский өзүнүн айкөлдүгүн көрсөтөрүндө, эмне дептир дебейсиңби… Куйкасы куруша түшкөн кудай урган Диогендин кежирлиги кармап «айкөлдүгүң ушу болсун, жарыктык. Мага тийген күндүн нурун тоспочу» деп маңдайындагы канкордун көлөкөсүнө кол жаңсаптыр.

Тиги эмне кылсын, канчалык өткүр, канчалык өктөм болсо да үндөй албаптыр. Дүйнөнүн жарымын басып алган жаагериң Диогенден уккан сөзүнө мокой түшүптүр. Кылычтай жалаңдаган канкоруң даанышмандын алдында мокок экенин түшүнүптүр. Ошентип Македонскийиң келген жолуна кайра тарткандан бөлөк аргасы калабы. Жигиттери карап турат жалаңдап. Буйрук күтүп турат, Диогендин башын шалгамдай шылый чабууга камданып. Желдеттеринин түрүн көргөн тиги да тизгинин артка кайра тартып айткан экен: «Эгерде бу дүйнөдө Македонский болуп калбаганымда, сөзсүз Диоген болмокмун». Бирок ага сен Диоген болуш каякта деген киши жок. А бүгүн күндүн жарыгын тоскон адамды эмес, жол тоскон митинг-пикетчилерге бирдеңке деп көрчү. Аларга «эй, жолуң болгурлар, жолду буубагыла. Жол буугандын жолу жакшы болбойт» дечү акылман барбы?

«Македонскийден каалаганын сурабайбы» деп коёт, арам. Ошо деген күнү Диоген Диоген болбой калбайбы, түгөт. Сендей түркөй эмес да ал, даанышман деген даанышман. Даанышман болгон үчүн таш эстеликке келип тилемчилик кылчу экен ал. Анын жосунун көргөндөр «сен эмнеге жансыз ташка колуңду сунуп тыйын сурайсың?» десе, «өзүмдү өзүм тирүүлөрдүн бергенин албаганга үйрөтүш үчүн» дечү экен Диоген. Анан өзүн өзү ошентип тарбиялаган даанышман Македонскийден бирдеңке өндүрүп алайын демек беле? Десе алиги жол бууган жолуң болгур митингчилер ошентмек. Алар бирөөнөн бирдеңке өнмөйүн жол буубайт, бирөөнөн бирдеңке өнмөйүн жолду ачышпайт. Диоген сага окшогон, мага окшогон, жол буугандарга окшогон ач көз эмес да, эй. Кыргыздын «ашык дөөлөт баш жарат» дегенин түшүнгөн да Диоген. Муну сен түшүнбөйсүң. Муну Диоген, Конфуций, Сократ түшүнгөн. Түшүнгөн үчүн Сократ айткан: «На базаре есть все, без чего можно жить».

А кыргыз бүгүн базардан эмне көрсө басып жыгылат. Жылтырагын да, кылтырагын да дүйнө деп ойлойт. Дүйнө деп ойлоп, көр дүйнөгө көмүлүп атат, чөмүлүп атат. А Диогенди карабайсыңбы… Бир күнү кочушу менен суу ичип аткан баланы көрүп, «ушунча жашка келгиче сууну чөмүч эмес, кол менен уучтап ичкенге мээм жеткен эмеспи» деп, ошондон кийин чөмүчтөн суу ичкенин коет. Атүгүл бир күнү дагы башка баланын колундагы табагы сынып калып, нокот боткосун нандын оюгуна куюп жеп отурганын көрүп «адам деген идиши жок деле тамак жесе болот турбайбы» дептир. Деп туруп жападан жалгыз көзүнө басаар ошол буюмун ташка чааптыр, эй, көрбөйсүңбү. Мындайга даанышман эле барат да. Көрсө адам дегениң ашыкча дүйнөгө үйүлүп, ашыкча түйшүккө көмүлүп жашаарын Диоген кежир түшүнгөн үчүн идишин ташка чаап отурат да, кудай колду эмнеге жаратканын түшүнүп.

Анысы албы, ал бир күнү көргөнүн туурап, алиги балага окшоп ботко жеп отурган экен. Отурса жасалгасы келишкен араба өтүп баратат. Арабада Антипа аттуу төрөлөрдү сагаалап көнгөн философ сөрөй Диогендин ботко жеп отурганын аяп, ылым санап минтпейби: «Ай, менин кежир Диогеним, ушундан көрө мага окшоп, императордун тилин таап жүрө берсең, алдагы боткону жеп отурат белең?» – «Антипа, сен эгер мага окшоп ботко жегенди үйрөнсөң, императордун таманын жалабайт элең го» дегенинде не маани жатат, галдир…

Диоген ошонүчүн дайыма какшачу экен «музыканттар лира кылын күүгө келтиргени менен ыймандарын күүгө келтирбейт; математиктер алдын ала ай, күндүн айланып турарын эсептеген менен бутунун алдындагыны көрбөйт; чечендер тили сайраган менен теңирден тескери иштерди жасайт; битирлер акчадан башканы сүйбөйт» деп. Карабайсыңбы, мындай акыл сенин оозуңан чыгабы, менин оозуман чыгабы?..

Ошондо да ал өзүн өзү «көкмээ Сократмын» дечү экен. Деп коюп күнүмдүк өмүрүн да, түндүк өмүрүн да вино ачытылчу чоң бочканын ичинде өткөрүптүр. Байыркы даанышмандардын ичинен ал да турмуштун баардык жыргалчылыгынан качкан кежир болгону менен анын акылынан тамган шоола сен экөөбүздөй галдирлерге канчалык жарыгын чачат а…

Бу жашоодо ошол Диогендей, Сократтай, Конфуцийдей апендилер барбы дейсиңби, галдирим? Бар эмей, бар…шүгүр дейли ошого. Алар болбогондо элибиз эл болот беле, галдирим… Чыгат экен. Чыкканда да алар бу жашоонун жыргалчылыгынан качып, мансабынан качып жашайт экен. Бири Алайга кетет экен, бири далайга кетет экен… Бирок алар кежир болушат экен, апенди болушат экен. Алардын урку бир го сыягы…

Олжобай ШАКИР
2004-2014-ж.ж.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *