Түрк жомогу 

Болгонбу, болбогонбу, айтор, адамда кайгы көп эмеспи. Бир кадинин жалгыз кызы болуптур да, ал кыз жеткен өңү-түсү суук, көрксүз экен. Анан дагы жараткан ага акыл-эсти дурустап берген эмес дешет.

Ошолордун эле кошунасы болуп дагы бир кыз жашаптыр, анын ата-энеси жеткен кедей экен, а кызы болсо кадинин үйүндө, алардын кызматын кылып жанын бакчу.

Күндөрдүн биринде ошол кадинин үйүнүн жанынан падышанын баласы өтүп баратып ошол кошуна кызды көрүп, бир көрүүдөн кумары артып жүрөгү элеп-желеп болуп кызды сүйүп калат.

Падыша ордого келгенде кан уулу атасынан суранат:

— Палан жерде, палан үйдө бир кызды көрдүм, ошол кызга жуучу жибер!

Өкүмдар уулунун айтканынан чыкмак беле, султан-канымды кызды көрүп келүүгө жиберет.

Бул тууралуу кади да билип, минтип ойлойт: «Эгер султан-каным биздин кызды көрүп калса, ага кызыбыз баары бир жакпайт, ошон үчүн кошунанын кызын көрсөтүү керек!»

Анан ошол кошунанын кызматчы кызын чакырып келишет да андан:

— Кызым, сен биздин үйдө тур, биз сени жасантып, жаңы кийим-кечек сатып берип, анан султан-ханым келгенде ага көрсөтөлү? — деп өтүнөт.

— Мен апамдан суранып көрөйүн, эгер ал макул болсо, мен каршы эмесмин. — Кыз ушинтет да үйүнө кетет.

Апасы макул болуп, кыз дароо эле келет. Ага не бир сонун кийимдерди кийгизди эле, заматта он төрт күндүк айдай кулпунуп чыгат.

Султан-каным өзү ойлогондон да чырайлуу кызды көргөнгө ыраазы болот.

— Укмуш кыз экен, биз ойлогондон да сонун тура. Андан көрө тезирээк келин кылып, бүт салты менен киргизип алалы! — деп барат падышага жуучудан кайткан канышасы.

Бул кабарга кубанган шахзаада:

— Дагы бир жолу барып жакшылап карап келейин! — деп падышадан суранат.

Кадинин үйүнө падышанын баласы келатканы тууралуу кабар баарына тарайт. Кади не айла кылабыз деп аялынан акыл сураса ал:

— Бул жолу да кошунанын кызын көрсөтөлү! — дейт.

Анан ал кызды чакырып, сонун кийимдерди кийгизип:

— Ушул кийимдерди биротоло сага беребиз, а түгүл акча да аласың, болгону сен падышанын уулуна дагы бир көрүнүп бер? — деп суранат.

— Мен апамдан суранып көрөйүн? — дейт да кыз үйүнө чуркап кетет.

— Бизден эмне кетмек эле, кызым, көрүнсөң көрүнүп кой. — Энеси кызына ыраазылык берет.

Кадинин аялы кызын катып:

— Ушунда отур. Падышанын уулу келип, кошунанын кызы менен эмне тууралуу сүйлөшсө бүт угуп тур! — деп буйруйт. — Кызга өзгөчө бир жакшы белек-тартуу ыроолойт болуш керек, ошону байка!

Шахзаада келгенде миң түркүн ажарланган сулуу кыз алдынан тосуп чыгат, жигит анын келбетине андан бетер таң кылып, ичинен ушул кызды тандаганга жетине албай сүйүнөт. Ал кыздан ичүүгө суу сурады эле кыз кылыгы менен тамшандырып, кесеге толо мупмуздак суусундук берди.

Жигит ошол сууга колундагы алтын шакегин салып, кызга жылмая карады.

Кыз болсо суу ичиндеги ажайып буюмга — алтын шакекке албыра тигилип, аны акырын алып, катып койду. Шахзаада кайра кайтат.

Кадинин кызы болсо отурган жеринде уйкуга кетип, мунун бирин да билбей калды.

Убадалашкан күн жакындап, той болордо согуш чыгат да, падыша ошол урушка барууга камынат. Бирок аны баласы жибербейт.

— Мен турганда сага урушта эмне бар, өзүм барам, — дейт да уулу аскер курап жоого аттанат.

Ошо кезде кадинин аялы кошунанын кызына убадалашкан көйнөктү, анан бир аз акча берип аны аябай сүйүнтөт.

Бир жолу кошунанын кызы кадинин үйүндө адаттагыдай эле кызмат кылып атса, ага тамак ичүүнү сунуш кылышат, антсе кыз:

— Билбейм, кийинки күндөрү негедир тамакка дале мейилим[2] тартпайт, көңүл да жок, — дейт.

Бул сөздү укканда кадинин аялынын ичи тарыйт, «бул кызматкер кыз падышанын уулунан боюнда болуп калса керек, ошон үчүн ичтейи[3] ачылбай жаткандыр» деп ойлойт да, өз кызын дагы бир кызматкери Селимге жиберет…

Арадан тогуз ай, он күн өтөт. Кадинин кызы уул төрөйт. Падышага неберелүү болгондугун сүйүнчүлөйт.

Падышанын каары келет:

— Никеге турбай балалуу болот деген эмне?!

Анча көп өтпөй согуш бүтүп, шахзаада да кайтат. Падышанын ага биринчи айткан сөзү:

— Ай, сенин балаң бар турбайбы?

Шайзаада таң калат.

— Эмне болгон бала? Кайдагы бала? Мен болгону ал кызды эки жолу көрдүм. Андан ары жакындаган да эмесмин! Барайын да, көрөйүн!

Эч кимге айтпай-дебей кадинин үйүнө бастырып барат. Барса, куниктен куник бир кыз жатат. Жанында андан өткөн ырайы суук бир бала.

— Муну кара. Мен бул кызды өмүрүмдө көргөн да, билген да эмесмин! — Шахзаада ачууланып келген жагына жол тартат.

Муну кошунанын кызы байкап турган. Шахзаада чыгар менен ал атасына айтты:

— Атаке, кандай болбосун шахзааданы үйгө чакырып келиңиз, чай ичсин?

Кадинин кошунасы чыкса, ачууланган шахзаада кайтып баратыптыр. Андан жалынып-жалбарып сурайт:

— Айланайын, уулум, шахзаадам, үйгө кирип бир пияла чай ич!

Улуу кишинин жалынганын таштай албай падышанын уулу чакырган үйгө кирет. Кирсе, баягы кыз. Айдай сулуу, акак жүздүү, буралган буракжан.

— Кош келиңиз, шахзаадам, — кыз жигитке ийилип теменна кылат.  Жигит үйгө кирип, дагы жакшылап карайт: ошол кыз, ошол көйнөк, а түгүл колундагы баягы өзү берген алтын шакек.

Таң калган шахзаада кыздан сурайт:

— Мен сени түшүнбөй калдым. Сен кадинин кызысыңбы же кадинин кызынын ордундагы башка кызсыңбы?

— Андай эмес, шахзаадам. Менин атам — мынабул киши. — Кыз атасын көрсөттү. — Сен кадинин кызын көргөнү келгенде алар сага мени көрсөтүшкөн.

Падышага уулу шашылыш барып:

— Ата, сенин айтканың алдамчылык экен. Мен көргөн кыз кадинин кызы эмес экен. Кадинин кызы башка бирөөдөн төрөптүр. Мен аны такыр көргөн эмес экенмин. Эми мен ошол көргөн кызга – кадинин кошунасынын кызына үйлөнсөм дейм. Сен ошого барып, куда түшүп кел!

Падыша уулунун айтканын аткарат. Кырк күн, кырк түн той болот.

Кадини чакырып окуя кандай болгонун падыша сурап чыгат. Өкүмдардын каарынан корккон кади бүт чындыкты айтып берет. Ошондо падыша алардын күнөөсүн кечет. Анын кызын малайы Селимге алып берет…

Которгон Абдыкерим МУРАТОВ

[1] Кади – мансапкор
[2] Мейил – аппетит, тамакка кушунун болушу
[3] Ичтей – бул да аппетит деген мааниде

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *