I

Көзүн боёп, бетин боёп
кызыл-тазыл боёк менен,
Ашхабадды, Дүйшөмбүнү
мурдун чүйрүп тоготпогон,
Москванын күзгүсүнө ойсоктоп
карансам деп,
Москванын тарагына суйсалып
тарансам деп,
Алматыга кыр көрсөтүп чоёктогон,
атыр жыт шаар элең

кабары жок коңурсук колоңсодон,
шөлбүрөп эл ичинен,
кабары жок ак дамбал, ыштанынан,
сүйрөлгөн кепичинен,
кара кийим,
паранжы кыздарынан.
Сүйкөнүп кызыл эндик,
бетимайдан,
койкойгон шаар элең анда Бишкек
кабары жок
“шалп!” түкүргөн
көк-жашыл уй шилекей асымайдан.
Кыргызча ката сүйлөп мелтиреген,
орусча сайрап турган,
жүзүмдөй мөлтүрөгөн,
карагаттай кара көзү жайнап турган
он сегизде буралган кыз элең сен,
айланып ак кептердей
асманына
байралып кең Чүйүмдүн
бак-шагына
жабалактап конуп калган
куш элең сен,
ийинине куржун илип
кирип келген ак тамыңа
кыргызыма кучак жайган
кут элең сен.
Тоо суусундай окторулуп,
борборго боюн таштап
шарактаган,
ырчы элең обон созуп,
бийчи элең бийкеч жандап
шалактаган.
Ынтызар элең Бишкек
күнү-түнү китеп тиктеп билим алган.
Илимпоз элең Бишкек
көз айнегиң көзүңө илип алган.
Эмгекчил элең Бишкек
эки жеңин карууга түрүп алган.
Кер мурут жигит элең
жыйырма беште,
булчуңу таштай каткан
жулкунуп жумуш десе,
жалкоолукту, ыкшоолукту
таштай качкан.
Чыдамкай, чыйрак элең
өлчүдөй өпкө кагып күйүкпөгөн,
карылуу колуң тийсе курулушка
жапыс там жарым түндө бийиктеген.
Колуңан темир ээрип,
таш жарылып,
кара жер карды чыгып
аңтарылып,
күжүрмөн элең Бишкек, күнү-түнү
тоодой иш тоскоолу жок аткарылып.
Таза элең, кылдат элең
кыл жатпаган,
көөлгүп көпкөк элең көгүш көлдөй,
көңүлчөөк элең Бишкек
кылчактаган
койнуңа сүйүү түнөп периштедей.
Кырданган кыргыз элең, орус элең,
дулдуйган дуңгул мүнөз дунган элең.
Күндүзгү кыйшактаган
кыйшыктарды,
түнкүсүн түздөп турган
хулиган элең.
Намыскөй элең Бишкек,
баш калаалык.
наркы жок шүмшүктөрдү
тизип турган,
соройгон сойку көрсөң
чачтан алып,
өкүртүп өпкө-боорун үзүп турган.
Сен азыр өзгөргөнсүң,
сен азыр өчкөн боёк,
өчкөн өңсүң…
Жакшыңа сүйүнөөрдө
жалын уруп жаманыңан,
чыгалбай бийик өргө
кан шүүшүндөйт
жылаңайлак айнек тилген
таманыңан…
Сен азыр кароосу жок
үйгө окшошуп,
сен азыр башаламан
бийге окшошуп,
төрүңдү түркүн келгин ээлеп алган
карасы, сарысы да, жымшыгы да,
каңгыган канчыгы да,
кызыл көз кырсыгы да.
“Бул жердин кожоюну
мына, биз деп!”
“Каңк!” эткизип кадап турар
муштумун тумшугуна
намыскөй жигитиң жок
азыр Бишкек!
Түбү бузук түн жамынып келишкендер
түз сооданын түбүн жулуп
тендер дешип,
талкалап жатат алар көмүскөдө:
“Ал эми, сен көр” дешип, “мен көр” дешип,
“Казан түп калтырбастан көмкөр” дешип.
Тим жаткан катындары эркек минип:
“Болду эми, биз чыгабыз!
Гендер!” дешип…
Эх, Бишкек сен чынында жөнтөк элең,
жамандын жанын алган тентек элең,
камчысын бүктөй кармап тескеп турган
тартипти бек сактаган эркек элең!
Сен азыр кимсиң билбейм?
Тескери сийгендерди
тескеп турар бир жан барбы?
Көк жалдар, намыскөйлөр кайда кеткен?
Сойку саткан соодагерге
айланганбы хулигандарың?
Ээгиңде эки тал сакалың бар,
аның да бириге албай бириндеген,
колуңда бокалың бар,
көзүңдүн асты мүшөк ириңдеген.
Шайың жок түбүн тескеп, тергегенге,
шайың жок жылуу жатып тердегенге,
Кайгыдан кабагың муз, карың калың
төр жагың жашыл кымкап тоо жазданып,
этегиң таштандыга малынганын
карап туруп өзүмчө таң каламын:
төрүндө көк суу ташып, бүркүт учуп,
таштандыга басылган тең калаанын
этек жагы каркылдап “карга базар”,–
тарп талашып салпактайт каргаларың…
Бишкегим,
көлөчүң чеч, этегиң жый
миң-миллион какшанып суранамын,
көчөлөп жүргөн сойку кыздарың тый!

Сербейген сакалыңды тегиздегин,
саргайып бараткансыйт
жашыл ыраң, көгүш өңүң.
Суу салгын арыгыңа,
кан жүгүрт тамырыңа.
Шымыңды кий, кемселиң кий,
ата-бабаң тапкан кийим,
калпагың кий.
Кылкылдаган калың калк арасында
кыргызча кийим менен
каршы эмесмин
жыгылсаң намазыңа.
Урматтап улууларды,
ызааттап кичүүлөрдү,
өстүргүн ыймандуу сулууларды,
буура сан жигиттерди,
өңгөчүң тартмак түгүл өлүп кетсин,
өзүңөн тазалап сал
өчөйгөн өңү бузук чириктерди.
Таразасын талкалай теп
таалайсыз тендериңдин,
чынжырын үзө тепкин
үксүйгөн гендериңдин,
жоготкун ыпласты,
жайылткын жакшылыкты,
желпилдеп жеңил болбой,
жеңип өт каршылыкты!..
II
Жүрөгүңдү, жүлүнүңдү жарып өтчү
мен канчалык айтпайын таарынычты,
Бишкегим кандан бүткөн,
Бишкегим жандан бүткөн
жалгыз шаарым
мен сени жакшы көрөм кандай болбо,
мейли сен чачылып жат чаңдак жолдо,
мейли сен бузулуп жат жайдак жерде,
карабайм күрөндүңө, таштандыңа,
сен менин жалгыз шаарым мактангыдай,
сен менин жалгыз күнүм кактангыдай,
сен менин ай-жылдызым жарык чачкан,
сен менин өзөнүмсүң толуп-ташкан,
сен менин жан биргемсиң колтукташкан.
Мен сенин бардык албан жеңишиңе,
кол чабам, тура калып ураалаймын.
Мен сенин миң-миллиард жемишиңе
жүрөк толкуп чын дилимен кубанамын.
Жаркыган маанай күтүп жайдаңдаган,
токтоосуз бийиң бийлеп тайраңдаган,
тонналаган күлкү төгөм хахалаган,
мен сенин миң миллион өксүгүңө
көлдөтүп көз жаш төгөм чакалаган…

Бишкегим калың чөптүн арасында
койкоюп бүрүн ачкан жалгыз гүлүм,
Бишкегим, калың малдын арасында
каркайган карааны зор жалгыз пилим,
тамырым терең сайып сенде калдым
Бишкегим жүрөктөшүм, жалгыз пирим!
Бишкегим сенин ыйың менин ыйым,
Бишкегим сенин күлкүң менин күлкүм,
Бишкегим сенин бийиң менин бийим.
Биз кетсек сен каласың жылуу журтум
урпактар улантышар өмүр жибин…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *