«Коом жана Мен» сайтынын «Мекендеш» рубрикасынын бүгүнкү мейманы алыскы Маскөөдө эмгектенип жүргөн акын кыздарыбыздын бири Самара Насырова болмокчу…

Байкашымча, Россиядагы мекендештерибиз кийинки мезгилдерде маданий иш-чараларга көбүрөк көңүл буруп, ал тургай өзүң сыяктуу чыгармачыл чыйырга түшкөндөрдүн алды китептерин чыгарып, авторлук кечелерин өткөргөн саамалыктар байма-бай өтүп келаткандыгы кубандырат. Ушул жаатында кенен токтоло кетсең. Андай иш-чаралар кимдер тарабынан уюшулуп, дагы кандай демилгелер ишке ашууда?

– Туура баамдагансыз, агай… Акыркы беш-алты жылдан бери мекендештерибиз көптөгөн маданий иш-чараларды өткөзүп калдык, бул да болсо кыргыз жарандарынын жетишкендиги деп ойлойм. Мисалы, башка улуттарга салыштырмалуу жакшы, таза жумуштарда иштеп калдык, алды Москвадан үй машиналуу, жүздөн ашуун кыргыздын улан-кыздары иштеткен кафе-ресторандар бар. Кара жумушта иштегендер анда-санда гана кездешет.

Анан ошол жумуш менен гана чектелип калбастан, чыгармачылыкты да кошо аркалап, катылып жаткан таланттарын чыгаргандар арбын. Кыргыз калкы эзелтеден эле таланттуу калк эмеспи, мурда биз келген убакта (10-15 жылдай мурун) кыргыздар аз да болчубуз. Иштегени келгендерибиз иштеп акча таап, мекенибизге кайра тез эле кайтабыз деген гана ой менен жашап, жалаң жумуш менен алпурушчу экенбиз. Эртең менен кетип, кеч чарчап келсек да ыр жазып, эртеси таң заарда көзүбүздү ушалап, уйкуга тойбой жумушка жөнөчүбүз.

s-nasyrovaБирок андай убакта кайдагы талант да, кайдагы төгөрөгү төп келишкен ыр жазылсын? Тек гана көкүрөккө тынчтык бербеген ойлорду, сезимдерди кагазга түшүрүп калуу далалаты экен эми ойлосом…

Бара-бара отурукташып, бул жактын жашоосуна көнүшүп (баарыбир Кыргызстаныбыз оңолбогон соң, элдин баары туш тарапка чачырап, биз да кайра кетпей калаарыбызга көзүбүз жетип), тааныш досторду ашырып баштадык. Москвада толгон токой иш-чараларды алып баруучу уюмдар арбыды, ар биринин аткаруучу иштери бар: мугалимдер жааты, спорт жааты боюнча, аялдар комитети, аксакалдар кеңеши, документ иштерин жүргүүзүүчөр, юристтер, каза болгондорду алып кетүү үчүн жеңилдиктер, дегеле койчу, ар бири өзүнчө айтаарлык темага татыйт…

Эми кеп учугу чыгармачылык боюнча бараткандан кийин, ушул темага астейдил токтолсок… Жогоруда айтып өтпөдүкпү, кыргыз калкы талантка бай деп, «Эл ичи – өнөр кенчи» демекчи, Москвада колуна калем кармаган, бирок турмуш шартка байланыштуу чыгармачылыгын таштап койгондордун тушоосун Жазуучулар союзунун Россиядагы жетекчиси Бактыгүл Сейитбекова негиздеген «Аруу Дүйнө» гезити жана «Нур» гезити кескен десем болот. «Нур» гезитин Б.Бапанов ачып, окурмандарды, калемгерлерди чогулткан. Гезиттин эки бети атайын ыр жазгандар үчүн берилип, «Москва кайрыктары» деген ат менен чыгып турган.

Ар жылы «Жылдын мыкты акыны» деген наамга татыктууларды тандоо үчүн конкурстар өткөрүлүп турат. Учурда, «Москва кайрыктары», «Аруу дүйнө» адабий клубдары иш жүргүзүп, көңүл толоорлук көптөгөн кыргыз гезиттери жарык көрүп келет. Музыка жаатында да «Рыспай Абдыкадыров» атындагы клуб бар. Аны ырчылардын башын бириктирип жүргөн Максат Гапыров агайыбыз жетектейт.

Ырчыларыбыз да ар кандай конкурстарды байма-бай өткөрүп башташты. Өз күчтөрү менен китеп чыгаргандардын саны да арбын. Андай кечелер көбүнчө элчиликте өткөрүлөт.

– Алардын баары эле ышкыбооздор да негизинен…

– Албетте, бара-бара чыныгы нукура таланттар иргелип, келечектин Алыкул, Чыңгыздары чыгаарынан күмөнүм жок. Эми аны келечек көрсөтөр, буюрса. Ырды ийине жеткизе көркөм окугандар, ырчы, бийчи, акын, төкмө, комузда кол ойноткон комузчулар, тамадаларыбыз да абдан арбыды.

– Демек, Бишкектеги ырчы-чоорчулардан калышпагандар көбөйүп аткан кези экен да…

– Кечелерибиз, тойлорубуз кийин өнөрпоздордун катышуусунда кызыктуу да, жогорку да деңгээлде өтүп калды. Бир жыл болуп калды, Борисова районунда да маданий борбор ачылган. Ал жакта «Сармерден» кыз-жигиттер айтышы ар ай сайын өтүп турат. Андан сырткары да сулуулар конкурсу болуп өтүп, атайын кыз-келиндерге тикмечилик, бычмачылык боюнча үйрөтүүлөр болду. Айтор, Кыргызстандан жаңы келип кыйналган бөбөктөргө кошумча тил үйрөтүү үчүн бала бакча ачылып, мугалимдерибиз иштейт. Бөбөктөр үчүн жаңы жылдык майрам өткөрүлдү. Кыскасы, көз тийбесин, москвалык кыргыздардын аткарып жаткан иш-чаралары көңүлгө толоорлук деп айтсам жаңылышпайм.

– Биз билгенден «Мекеним Ала-Тоо» уюмунун төрайымы Жамилахан Бегиева эжекебиз да өтө алгылыктуу иштерди жүргүзүп келатканын көптөрү айтып калышат. Эми албетте, андай мактоолор үстүртөн бааланбай, аталган уюмдун аткарып келген иштери туурасында эмнелерге токтолор элең?

– «Мекеним Ала-Тоо уюмунун төрайымы Жамиля Бегиеванын жасаган иштери өтө арбын. Анча-мынча жигиттерибиз жасай албаган иштерди өтөөсүнө чыгарып, канча адамдарды колдоп, көтөрүп келатат. Жыл сайын орозодо 300-400 адамга ооз ачаар өткөзөт, элчиликке юристтерди апкелип жайгаштырган да ушул айым болгон. Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдык мааракесин Москвада уюштуруп өткөрүп берди. Биз дагы ошол маданий иш-чарада чакыруу кат, плакаттарды кошо көтөрүшүп, жардамдашып жүрдүк.

Жыл сайын апрель айында субботникте Манас эстелиги жайгашкан паркты тазалаганы барганыбызда жаан-чачынга карабай 5-10 кило ашын демдеп, көтөрүнүп келет. Кыргыздар жаткан «спецприемдорго» тамак-аш жеткиздирип бергеничи. Андан тышкары да панфиловчуларды уюштуруп, жылыга 9-Майда атайы барып эскерүү сыйын уюштуруп турушат.j-begieva

Жамиля эжекебиздин бул жактан эң башкы алкоого алаарлык сооп иштеринин бири – кулагыбызга аты суук болуп калган «Груз-200» түйшүгүн чечип бергени болду. Анткени айттырбай келген өлүм-житим, кырсыктар көп. Мекендештерибиз мурда сөөк жүктөп кетүүдө көптөгөн кыйынчылыктарды көрүшүп келсе, азыр «Груз-200» кыйла арзан да, тез да бүткөрүлүп калды. Сырттагы мекендештерибизге колдоо көрсөтүп келаткан башка да көптөгөн эр-азаматтарыбыз менен айымдарыбыздын ысымдарын атабай кетпесек болбос. «Кыргыз Биримдигинин» төрагасы А.Шакиров, Аксакалдар кеңешинен Т.Кубатбеков, Жаштар жана спорт жаатынан У.Кошматов, волейбол боюнча М.Жантөрөев, Д.Асанов, А.Жандаров, А. Турдубаев, айымдардан Ж.Бегиева, Б.Сейитбекова, Т.Эсенова, Б.Төрөбекова, А.Дүйшеева, Ж.Сабаева, Ж.Осмонова, Г.Батырова аттуу эже-агаларыбыздын кызматтарына көптөгөн мекендештерибиз ыраазы…

Маектешкен Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *