«Учу-кыйырсыз асманда каалгый учкан айры куйрук сөөк көмүүгө бараткандарды баштаган төөчөн кишинин төшүндөгү жалтырак нерселерди көрүп таң калды». Ч.Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романынан

Бул темада жазарда эки мисалды эстедим.

1) Узак жылдар бою ушул жупуну, бирок жооптуу кесипти аркалаптыр. Бир айдай иштешкенде анын өз милдетине жоопкерчиликтүү мамиле жасаганын көрүп, ыраазы болгонмун: ар бир сөздүн, сүйлөмдүн эле эмес, бүтүндөй тексттин кемчилигин дароо байкайт, өзгөртүү сунушун редакторго айтмайынча жаны тынчыбайт. Гезит даярдалып бүтпөй кечиккенде, түн ортосуна чейин редакцияда кармалып жүргөн учурлары көп болгон экен. «Грамота сурап Ак үйгө канча ирет барганмын, — дейт пенсия курагына жакындаган корректор эже. — Кызым теңдүүлөр алган сыйлыктан куру калып жүргөнүмө арданбасам, сурабайт элем».

2) Он жылдай илгери бир жазуучу биздин редакциянын телефонунан эки-үч күн бою ар кайсы калемдештерине чалып: «Балакетиңди алайын, Түкүнчөке, мени колдоп койчу, жаманбы-жакшыбы, мен деле далай китептерди жаздым, Эл жазуучусу болсом арманым калбас эле?» — деп жалдыраган. Илгери Ардак грамотадан тартып Ленин орденине чейинкилердин баары негизинен татыктууларга берилчү дешет эски муун өкүлдөрү. Өзү иштеген кесиптеги жетишкендиктери (мисалы, планды ашыра аткаргандыгы), жаңычылдыгы, демилгечилдиги, иш стажы үчүн өндүрүштүн алдыңкылары жетекчисинин, жергиликтүү бийликтин, андан ары партия менен өкмөттүн алкышына арзып, грамота алып, отличник, эмгек сиңирген ишмер (же кызматкер), Социалисттик эмгектин баатыры аталып, эч болбосо Эмгек ардагери деген төш белги тагынууга кызыкчу экен. Азыр да бул кызыгуу басаңдай элек. Бирок дал ушул сыйлык, наамдарга байланыштуу нааразылар көп.

Кечээ жакында маданият министри күн сайын 20 киши кайрылса, мунун 17си сыйлык-наам сурайт деди го. Кол ийрисине тартып, туугандарына, жердештерине, паралагандарга берип атышат деген даттануулар айтылып келет. «Отличник наамына документтеримди канча ирет даярдап бердим, улам эле кийинки жылга калтырышат», — дейт бир эжей көзүн жашылдантып. Сыйлык, наамдар кимге, эмне үчүн, кандайча ыйгарылышы керек? Өтө кызыккандар мунун расмий жол-жоболорун жакшы билет. Эң негизги кадамдар: эмгек жамааты көрсөтөт (сунуш кылат), сунушту жактырса, сыйлыкты (же наамды) ыйгарууга укуктуу тийиштүү мекеме чечим чыгарат.

Мында ар бир даражадагы сыйлыкты алуу үчүн талапкердин тийиштүү деңгээлдеги ийгиликтери болушу зарыл. «Расмий эмес жол-жобосу да бар, — деп паракорлук жөнүндө кыйытышат айрымдар. — Элден эч артыкчылыгы жок, ортозаар эле немелер алып жатпайбы?» Айрыкча чыгармачылыкка жана илимге катышы бар адамдар элден өзгөчөлөнүүгө көп умтулат тура. «Сөз кыларлык эмгеги жоктор «Эмгек сиңирген», элге тааныла албагандар «Эл акыны», «Эл артисти» ж. у. с. аталууга жан талашып, өксүгүн толуктоого шашат, — дейт дагы бир агай. — Алыкул Осмоновдун Эл акыны деген расмий наамы болгон эмес, Касым Каимов менен Мурза Гапаров да мындайга кызыкпаптыр. Бирок ар кимге жалдырап, киши салып, партиянын улам бир съездинин же пленумунун чечимдерине тууралап халтура жазып, жаналекетке түшүп жатып наам алгандардын кимисинин чыныгы деңгээли буларга теңелет?»

«Мейли, «эмгек сиңиргенге» чейин жеткендерди сөз кылбайлы. Бирок ЭЛДИК деген сыймыктуу наамга аны алгандардын көбү татыктуубу? Эмгеги, чыгармачылыгы менен жалпы элге таанылуудан тышкары булар чыныгы элдик деңгээлде ой жүгүрткөн, эл камын ойлогон, улут келечеги үчүн чындап күйгөн инсандар болушу керек эмеспи? Айрыкча бул талап Баатыр атагы барларга тиешелүү. 2005-жылы 24-мартка чейин оппозицияны сөгүп, төңкөрүш болгон күнү кечинде «жаңы бийликти колдойбуз» деп телеге чыга калган «элдиктерди», кесиптик парзынан утурумдук саясый мүдөөсүн өйдө койгонго даяр, «ханзааданын» көзүн жактырып калган же улут тагдыры устаранын мизине коюлган опуртал кырдаалда бир ооз калыс сөзүн айтып коюудан качып, бугуп жатып алгандар кандайча «баатыр» аталат?» — дейт дагы бирөө.

Кезинде Советтер Союзунун Баатыры менен Социалисттик Эмгектин Баатыры наамдары бекеринен айырмаланып турбаган чыгар? 90-жылдардын башында Казат Акматов «элдик» ж.б. наамдарды расмий түрдө берген жарабайт, булар партияга көз каранды кылуу каражаты, чыныгы татыктууларды эл өзү баалап алганы оң деген. Ал сунуш өткөн жок, андан бери эгемен Кыргызстандын өз сыйлыктары, наамдары негизделди.

Жакында Эл манасчысы, Чыгаан манасчы наамдарын белгилөө керек дегендер чыкты. Балким, мунун баары керектир. Айрыкча агай, эжейлердин кадыр-баркын көтөрүү үчүн Эл мугалими наамы бериле баштаганы туура эле болду. Бирок кимге берип, кимге бербешти чечүүдө калыстык барбы? Субъективдүүлүк, кол ийрисине тарткан «өзчүлдүк», паракордук бул сыйлык, наамдардын баркын кетирип тынбайбы? Сыйлык алган кишинин эле эмес, анын кесиптештеринин, жалпы элдин да сыймыгы болууга тийиш, биримдикке, тилектештикке өбөлгө түзүшү керек.

Таланттуу, эмгекчил кесипкөйлөр көзгө илинбей, ортозаарлар мактала, сыйлана берсе, мунун пайдасынан зыяны көп. Биринчиден, ар бир кесип өкүлдөрүнүн чөйрөсүндө, ар бир эмгек жамаатында нааразылык, кошаматчылык, ушак-айың жаатташууга, ич ара бөлүнүүчүлүккө алып келет. Экинчиден, коомдогу баалуулук багыттар (ценностные ориентации) бузулат, адеп-ахлакка сыйлыктар тескери таасир тийгизе баштайт: пара аркылуу алынган сыйлык, наам чын ыкластуу сый-урматты арттырбай, кер какшыктуу мамиле жаратат.

Мамлекеттик маанидеги сыйлык, наамдарды ыйгаруу эрежелерин дагы бир ирет карап чыгып, бир топ өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл деп ойлойм. Бул иштин жалпы улуттук, мамлекеттик маанисин эске алып, биринчи кезекте ачык-айкындыкты камсыздоо керек. Мисалы, Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына республикадагы чыгармачыл иштеген ар бир мугалим жөнүндө дайым толукталып, такталып туруучу маалыматтар топтомун жайгаштыруу зарыл. Министрликтин жооптуу кызматкерлери ар бир отличник, эмгек сиңирген же ушундай наамдарга талапкерлиги көрсөтүлгөн мугалим тууралуу жетиштүү кабары болууга тийиш. «Кайсы мектепте иш кандай жүрүп жаткандыгын, кимдер мыкты окутарын беш колдой билчүбүз», — дейт Союз мезгилинде Агартуу министрлигинде иштеген Салима Жороева.

Азыркыдай компьютер жок кезде ушундай иштешкен экен, бүгүн мындай маалымат-талдоо ишин бир эле чакан файлда сактап, байытып турууга болот эмеспи. Кайра куруу мезгили келгенде «Останкинодо» атактуу жазуучулар, артисттер менен катар элге кеңири таанылган жаңычыл мугалимдер менен да кездешүү өткөрүлгөн. Залдан: «Эмне үчүн эмгек баатыры сыяктуу наамдар, мамлекеттик маанидеги сыйлыктар мугалимдерге берилбейт?» — деп сурагандарга Виктор Шаталов минтип кайра суроо менен жооп берген: «Ушул залда отургандардан кимиңер өз кесиптештериңерди бул сыйлыкка көрсөтүүгө демилге көтөрдүңөр?»

Бул ирет Эл мугалими наамына Советбек Байгазиев агайдын, Эл баатыры наамына Бектур Исаков агайдын талапкерлиги көрсөтүлүп жатканын мен чын ыкластан колдойм. Баарыбызга жакшы белгилүү болуп калган лейлектик мугалим Тайир Аширбайга да Билим берүүнүн отличниги наамын биздин министрлик, «Кыргыз тили» төш белгисин Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия ыйгарсын деп сунуштайт элем. Мектеп жетекчилиги, райондук, шаардык билим берүү башкармалыгы деңгээлинде кайсы эмгеги, өзгөчөлүгү үчүн кимдердин талапкерлиги көрсөтүлүп жаткандыгы, кайсы талапкерлер эмне үчүн тандалып, кайсылары эмне үчүн өтпөй калгандыгы элге көрүнүп турууга тийиш.

Чыныгы татыктууларды өз убагында көрсөтпөгөн, талапкерлигин четке кагып же кийинкиге сүрүп салган чиновниктер дароо жазасын алышы керек. Ошондо калыстыкка шарт түзүлүп, таарыныч, нааразылык азаят.

P.S. Бул темада сунуш-пикирлерди окурмандардан күтөбүз. Эң кызыктууларын жарыялайбыз.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *