ПОВЕСТЬ

Человеческая жизнь больше ад, чем сам ад.
Рюноске АКУТАГАВА

— Апа, апа…

— Ии.

— Сийгим келип атат.

— Сийгиң келсе, бар эшикке, сийип кел.

— Корком.

— Корком? Эмнеден коркосуң?

— Билбейм. Корком.

— Демейде коркпогон жаның бүгүн кандайча коркуп калдың?

— Бүгүн атам жок да.

— Атам?..

— Ооба, атам. Атам жок болсо эле, корко берем…

— Оптонбочу… Бар эми, сийгиң келип жатса, сийип кел.

— Коркуп атам деп атпаймынбы!

— Алда кудай-ай, же күнү тыным жок, же түнү… Жүрү эми…

Экөө ээрчишип эшикке чыгышты. Түн уюп турган. Көөдөй капкараңгы.

— Капырай!.. — Апасы коркуп, титиреп кетти. — Ушундай да түн болот экен ээ!.. Эмне мынча түнөрөт башыңды жутуп калгыр! Соо койбойт ко, бирөөнү жутат ко бу кейпи менен…

«Түн дайым эле караңгы болот да», — деп ойлоп койду бала.

— Чыга калып эле шаркыратып коё бересиң. Кичине арыраак барып сийсең боло саңырсытпай…

— Караңгы да .

— Караңгы?

— Ооба. Караңгы. Эч ким көрбөйт.

— Көрбөсө эле… Саңырсып жатпайбы.

— Эртеңкиге чейин кургап калат да.

— Кургап… Капырай, мынча эмне караңгы!.. Бирөөнү…

«Түн дайыма эле караңгы болот да», — деп ойлоп койду бала кайра.

— Сийип бүттүңбү, жүрү эми…

— Жок.

— Эмне?! Эмгиче бүтө элексиңби?

— Чыкпай жатат.

— Эмне?

— Сийдигим чыкпай жатат дейм. Сийгим иттей келсе да, чыкпай жатат сийе албай жатам. Келатып эле токтоп калат энеңди…

— Суук тийген да. Эртеден кечке эле кара сууда жатасың чалчыкка оонап. Жытыгып калгансып…

— Баары эле жатышпайбы.

— Жатышса, дагы жата бер. Бүттүңбү деги?..

— Кичине эле чыкты энеңди..

— Кичине чыкса болду – калганын анан деле сийесиң. Жүрү, кирели. – Кирип баратканда апасы кайрадан күңгүрөндү:

— Капырай, чын эле бирөөнү жутабы дейм. Ушундай да караңгы болобу!.. Башыңды!..

Бала өзүнчө күбүрөп койду:

— Түн дайыма эле караңгы болот да…

Эртең менен эрте бала уйку-соонун ортосунда жатып, үйдө кандайдыр бир дүрбөлөң болуп жатканын туйду. Эмне эле болуп жатат деп, бир көзүн акырын ачып караса, апасы өзүнчө эле күйүп-жанып жүрүптүр. Бала эчтеке түшүнгөн жок.

— Ушундай болорун билгем! Суру жаман болчу каапырдын. Башыңды жуткур! Акыры жуткан экен да! Жутмак, жутмак, жутуп… Жаны тыныптыр…

Баланын уйкусу ачылып кетти:

— Кимдин?

— Кимдин болмок эле… Кимди эмне кыласың? Түндү айтам… Сийем деп… Мына эми… Эшикке чыга бергенде эле билгем, караңгылыгычы, тимеле капкара көө, көзгө сайса көрүнгүс…

Бала түндү айтып жатканын боолголоду. «Түн дайыма эле караңгы болот да», — деп ойлоп койду кайрадан.

— Жутарын билгем! – деди апасы кайра. – Жутуптур. Киши өңдүү киши болсочу. Шору каткан экен шордуунун!..

Бала башын шак көтөрдү.

— Эмнени жутуптур, апа?

— Эмнени болмок эле, кишини да. Киши өңдүү киши болсочу!

Жутканы эмнеси деп ойлоп койду бала эңги-деңги.

— Акем аттууну өлтүрүп кеткен тура… Шордуу…

Кимди өлтүрүп кеткенин бала билди. Кадырмамбет деген кишини апасы ушинтип тергечү.

— Анан, эмне, — деди бала таңдана, — өлүптүрбү?

— Ой, өлтүрүп кетсе, өлөт да…

Бала аң-таң болуп турду. Бала билчү. Кишилер өлөрүн билчү. Кишинин өлгөнү жаман экенин да билчу. Анткени киши өлгөндө, кишилер чурулдашып ыйлашчу. Анан киши өлгөндө сөзсүз ыйлаш керек тура деп ойлоп койчу. Ооба, ал киши өлөрүн билчү. Бирок эмне үчүн өлөт деп ойлочу эмес. Буга чейин канча киши өлбөдү дейсиң. Бирок алардын эмне үчүн, кантип өлгөндүгү жөнүндө таптакыр ойлогон эмес. Мындай ой башына түк келген эмес. Киши жүрүп-жүрүп эле бир күнү өлүп калат тура деп ойлоп койчу. Ошондуктан өлтүрүп кетиптир дегенди бала таптакыр түшүнгөн жок.

— Кой, — деди аңгыча апасы, — мен барайын. Уят. Мурда күнү эле ушу үйдө олтурбады беле сайрап. Төрт сырын төгүп. Көрсө, коштошкону келген тура шордуу. Кой, мен барайын…- Эшикке чыгып баратып, балага кайрылды. — Адатыңча шүдүңдөп жетип барба. Тойго баратканым жок.

— Атам кайда?

— Кайда болмок эле. Жыргап жүрөт дейсиңби, ошоякта жөргөн чыгар баш-көз болуп…

Апасы шашып-бушуп чыгып кетти. Ал чыгаары менен, бала ордунан шак ыргып турду. Бети-колун жууган да жок. Нандан бурдап-бурдап сугунуп алды да, тыз койду. Жолдо баратып апасынын өлтүрүп кетиптир дегенин эстеди. Буга ал дале түшүнгөн жок. Өлүптүр дегенин гана түшүндү. Анан коркуп кетти. Өлүмдөн, тиги кишинин өлгөнүнөн деле корккон жок. Ал өлгөн кишинин өзүнөн коркчу. Андан дайыма коркчу. Ал баланы коркутчу деле эмес. Атүгүл бала экөө бир жолу да сүйлөшүп көрүшкөн эмес. Кээде үйгө келип калганда, баланын башынан сылап эркелетип гана койчу. Бирок коркчу. Узун бойлуу, сөөк-сактуу, олбурлуу киши эле. Андан элдин баары коркчу. Кадырмамбет чөп чабыкта баланчаны жанчып салыптыр. Кадырмамбет жайлоодон көчүп келатканда, чырдаша кетип бешөөнү беш жерге сулата чааптыр. Кадырмамбет түкүнчөнү басып алып, муунтуп өлтүрүп коёрдо, эл ортого түшүп араң арачалап калыптыр. Дагы… дагы… Бала ушундай сөздөрдү эки күндүн биринде эле угар эле. Анан ал балага жашабай эле, дайыма уруш, мушташ менен күн өткөрүп жүргөндөй сезилчү. Анан да андан элдин баары зиркилдеп коркуп тургандай сезилчү балага. Чын эле, андан бүт айыл чочулап турар эле. Бирок эмнеси экенин ким билсин, эл андан зиркилдеп коркуп турушса да, ал эл арасында кандайдыр бир сүймөнчүккө ээ эле.

Ал кокусунан жоголуп кетсе, бул айылдын кунары кетип, жашоо токтоп калчудай сезилчү. Ал үйүндө бекер жатчу эмес. Башкалардай эле дайыма иш үстүндө болчу. Эл чөпкө барса, чөпкө барчу; туутка барса, туутка барчу. Айтор, бош жатчу эмес. Ал кадимки эле кишилердей болчу. Ошентсе да, бала андан коркчу. Бала эле эмес, андан баары коркушар эле. Анан ушул киши түндө өлүп калыптыр. Бала коркуп кетти. Бала анын өлүп калганынан корккон жок, ушундай адамдын өлгөнүнөн коркту. Тирүү чагында эле коркчу, бирок өлгөнү тирүү чагынан да коркунучтуу туюлду. Ушундай адам. Бала аны өлөт деп ойлочу эмес. Ал таптакыр өлбөчүдөй, ага эч кимдин, жада калса өлүмдүн да алы жетпечүдөй көрүнчү.

Деги эле ушундай адам өлөбү, же өлбөйбү деген ой анын оюна түк келчү эмес. Муну бүгүн ойлоп отурат. Бала өз оюнан коркуп кетти, өзүн алаксыткысы келди, башканы эстегиси келди. Анан анын үйгө көп келээри эске түштү. Көбүнчө кызуу келчү. Атасы үйдө болуп калса, аны менен сылык-сыпаа учурашчу да, аркы-беркини сурашып эле жолуна түшчү. Атасы жок болуп калса, апасынын айласын алты кетирчү. Жаман деле сүйлөчү эмес, аны-муну айтып, бир айтканын миң айтып, тажата берчү. Эки күн мурда эле келип кеткен. Кызуураак экен, кызуу эмес, бир топ эле алагүү экен. Адегенде жөн-жай эле сүйлөп отурду. Анан бир кезде эле тишин кычыратып, жашый баштады:

— Айтчы, жеңе, — деди ызырына, — менин ушу Токондон эмнем кем, ыя?! Кудай мобу, — өз чекесин шак эттире бир койду, — маңдайга жазган эмес да! ..

Апасы адатынча жооткото баштады:

— Койчу айланайын, жөнү жок наалыбай. Ушуга тобо кылсаң. Сенден жамандар деле жүрөт ко… Алмончоктой болгон аялың…

Ал түшүнүп-түшүнбөй, кепти жула качты:

— Мен да ошону айтып жатпаймынбы, айланайын жеңе! — деди ал жерди бир муштап, ого бетер ызырына. — Кудай мага жада калса катындан да айтпаптыр, жеңе, мына, келгенине он жылдай болуп калды, тууп калабы деп жыл сайын үмүттөнөм, туучудай түрү жок, жеңе, аныңдын. Айла кеткенде жанагы жыландын (өз эжесин ушинтип атачу муну апасы кийин айтып берген) кызын багып алдык кудай берип калабы деп, өзүң көрүп жүрөсүң го, жеңе, аны кандай кулпуртуп багып жатам. Кудай дагы эле бербейт энеңди! ..

— Эми мындан айтпаса, мурунку аялыңдан балаң турбайбы, эр жетип өзүңдөй эле болуп калды го. Ошонун аманчылыгын тиле да…

— Тилегенде ал, эмне, жалгыз болуп калабы… Өлтүрөм! Туубаган неменин мага эмне кереги бар! Же жанагы жыланын жайлайм…

— Жыргатаарсың анда! Aл деле бирөөнүн баласы да, ая да! Бая күнү болсо жанчып салыпсың. Бир соо жери жок.

— Анан туубай жатса эмне кыл дейсиң?

— Сен жанчканда эле тууй коёбу?

— Аны өзүм деле билем, жеңе. Бирок жаным күйүп кетип атпайбы! ..

Шуу үшкүрүп, күнөөлүүдөй башын жерге салып үндөбөй кыйлага отурган да, анан бир кезде эсине келгендей, ордунан шак турган:

— Кой, жеңе, кетейин. Байкем келээр маал да болуп калды көрүнөт. Мас экенимди билсе, көкөмдү көрсөтпөсүн…

Эшикке чыгып баратып, баланын башынан сылап койду. Ал эшикке чыгары менен, бала:

— Апа, байкеси ким? — деп сураган.

— Ким болмок эле, атаң да.

Бала компоё түшкөн. Масында да, соосунда да эч ким оңойлук менен алдынан даап чыга албаган ушул сырдуу киши атасынан коркорун ойлоп сыймыктанган.

Көп өтпөй апасы:

— Бу шордуунун айтканы да эп, — деген тигиге боору ооруп, башын ийкегилей. — Болбосо, буга тең келчү киши барбы ушул айылда… Акыл десең акылы бар. Көкүрөгү таза. Ичинде кылдай арамдыгы жок. Колу ачыктыгын, күйүмдүүлүгүн айтпа. Өзү талаада калаарын билип турса да, бирөөгө колундагысынын баарын карматып ийип отуруп калат ко… — Анын эжесине кыжына кетти. — Жылан деп туура тааптыр. Бөөдө убалына калды байкуштун. Тилдүү экен, анын үстүнө мындан кийин туубайм деп чойтоктоп жүрөт дейт деп сонун аялынан ажыратып тынды. Мына, эми, өзү тандап алып берген аялынын жыргатканы…

Бала ушуларды ойлоп баратып, Кадырмамбеттин үйүнө кантип жеткенин да байкабай калды. Эл казганактайт. Эки боз үй тигилиптир. Баланын көзүнө шыдыр эле ошо боз үйлөр чалдыкты. А өзү дал ошол боз үйлөрдү издеп жатканын туйган жок. Сүйүнүп кетти. Боз үйлөр көзүнө илингенде эле сүйүндү. Анткени атасы көбүнчө боз үйлөрдүн жанында болор эле. Шыдыр эле ал жакка жөнөдү. Атасы Кадырмамбеттин атасы менен бирдемелерди сүйлөшүп отуруптур. Бала алардын жанына барып туруп калды. Атасы негедир кыртышы сүйбөгөндөй кайдыгер карап койду. Баланын шаабайы сууй түштү. Мурда минтчү эмес. Атасычы. Жакшылыкта болобу, жамандыкта болобу, бала эдиреңдеп жанына барганда, келдиңби дегенсип башынан сылап эркелете кетчү. Кээде ары жылып, жанына отургузуп алчу. Бүгүн минтпеди. Кайдыгер гана карап койду. Атүгүл келдиңби деп ишарат бергенге да жарабады. Келген, келбегени менен иши жоктой Курман (Кадырмамбеттин атасы) менен сүйлөшө берди. Бала не кыларын билбей мостоюп туруп калды.

— Кечигишти го…- деди бир маалда Курман түйшөлө. — Эмне мынча…

— Келип калышаар…- деди атасы жооткото. — Oңoй менен эле колго салып бере койбойт тура мындай сөөктү. Түбүнө чейин текшеришет дешет. Кантип өлтүрдү, кандай өлдү, качан өлдү…

— Текшергенде, эми, кайра тирилтип бермек беле. — Курман бышактай кетти. — Эми болору болуптур да… — Кайра кайраттана. — Жанагы кошо кеткендердин жамандыгы да, болбосо кескилетпей эле жулуп келе беришпейби. Эмне, өлүк өздөрүнүкү, жулуп алып кете берсе, эмне, аларды бирөө… Аларды бирөө, эмне…

— Ошону айтпайсызбы, Куке, — деди атасы кубаттагандай. — Чын эле сөөк өздөрүнүкү болгон соң… — Сөзүн улабай токтоп калды да, өз оюна кошулбагандай башын чайкап. — Ошентсе да, текшериши керек, Куке, закүн ушундай. Сөзсүз текшериши керек. Кантип өлдү? Качан өлдү?..

— Эми аны билип не, билбей не… — Курман сөзүн улай албай, каңырыгы түтөй үшкүрүнө кетти.

— Үйгө кирип, кичине өзөк жалгап албайсызбы, Куке, — деди атасы кепти башкага буруп. — Эртеден бери наар албай…

— А-аай…

Курман жактырбагандай оор улутунуп койду. Атасы үндөбөдү. Эмне дешти билбей кайпастай түштү. Ошондо гана аргасы түгөнгөндөй жанындагы баласына назар бурду. Үндөбөй карап турду да:

— Бар тигилерге, — деди акыры боз үйдүн жанындагы балдарга колун жаңсай. — Өкүргүн…

Бала сүйүнүп кетти. Боз үйдү көздөй чу койду. Көбү өзү курдуу балдар экен. Өлгөн кишиге жакын тууганы бар, жөн эле ушул айылда жашагандары бар. Бирок баары бирдей өкүрүшү керек. Өлгөн кишиге туугансыңбы, тууган эмессиңби, бул жерде турган соң өкүрүшүң керек, сөзсүз өкүрүшүң керек. Эки боз үй турат. Бирөөндө сөөк жатышы керек. Бирөөндө көбүнчө эт тартылат. (Айтор, бала бир боз үй эт тартуу үчүн атайы тигилет деп ойлойт.) Сөөк азырынча келе элек. Жок, алып келишип, кайра алып кетишиптир. Сөөктү бербейбиз деп чурулдашса да болбой коюшту дейт. «Сөөк силердики экенин мен силерден жакшы билем, мага үйрөтпөгүлө! — деп бир милийсасы тапанчасын силкилдетип тим эле айкырды дейт. — Бирок закон деген бар, итти өлтүрсө да текшеребиз!..» Ошентип, кайра алып кетишиптир. Текшерткени. Бирок сөөк боз үйгө кирип чыкты да. Ошон үчүн көз көрсөткөнү келгендер өкүрүп келип жатышат да. Болбосо, сөөк келмейинче, өкүрүшмөк эмес. Сөөк менен өкүрүк бирге келет. Бирок бүгүн көз көрсөткөнү келгендер өкүрүп түшүп жатышат. Анткени сөөк кирип чыкпадыбы.

Бала балдардын арасына бат эле сиңип кетти. Айтпадыкпы, көбү өзү теңдүүлөр экен… Чоңдору дa бар. Алар өлгөн кишинин жакын туугандары. Көбүнчө балдар өкүрүшү керек. Бирок жакын тууганы болсоң, жаш курагына карабай, чоң болсоң деле өкүрө беришиң керек. Эгер боз үйдүн жанында чоң киши өкүрүп турган болсо, аны өлгөн кишинин жакын тууганы экен деп биле бер. Өкүрчү балдар көп экен. Сен да келдиңби дегендей алар балага карап коюшту. Ар жакта элден бөлүнүп жер карап үңкүйүп  бирөө турат. Ал жер караганы караган. Кез-кезде гана кимдер жүрөт дегенсип, башын акырын көтөрүп, кылтыйып карап коёт. Жанында эч ким жок. Өзү жалгыз. Эч кимди кошкусу, эч кимге кошулгусу келбегендей. Бала таңданды. Анын жалгыз турганына, башын көтөрбөй үңкүйүп жер тиктегенине, өзгөчө кез-кезде элди кылтыйып карап койгонуна таңданды. Негедир анын турган турпаты баланын карегине орноп калгандай болду. Өлгөн кишинин жалгыз баласы ушул эле.

Аты — Керимбек. Мурунку аялынан. Эжеси кетирткен аялынан. Баягында баланын апасы балаң деле өзүң менен тең болуп калбадыбы деп ушул баласын айтып жаткан. Буга болушам деп байкуш Кадырмамбет канча киши менен жакалашып, кимдерге гана жаман көрүнбөдү дейсиң. Мына ошол баласы эч кимге кошулбай, жок, эл аны жанына жуутпай, четке сүрүп салгандай өзү жалгыз үңкүйүп жер карап турат. Кээде гана тургандарды кылтыя карап коёт. Ушу кылтыя караганы баланын карегине орноп калды. (Анан да атасы өлгөн бала ушинтип элге кошулбай, өзү жалгыз туруусу керек экен да деп ойлоп койду.) Балдар жакшы деле билишчү эмес. Өлгөн киши аларга тууганбы, же тууган эмеспи — муну билишчү эмес. Билмек тургай буга кызыгышчу да, бул жөнүндө ойлоп коюшчу да эмес. Алар үчүн өкүрүп коюштун, өкүрүккө аралашып калыштын өзү эле чоң олжо болчу. Балдар да, кээде бирөө өлсө экен, анан биз өкүрсөк экен дешип эңсеп да кетишер эле. Бирөөнүн өкүрүп келатканы угулганда эле, бер жакта олтурган чоң кишилер балдарга карап: «О-оо, балдар, кишилер келатат», — деп коюшчу. Балдар ушуну эле күтүп атышкансып, жапырт өкүрүп коё беришчү: Эсил кайран атакем ой, эми кайдан көрөйүн о-ой…

Өкүрүктүн созулушу келген кишиге байланыштуу болучу. Келген киши маркумдун жакыны болуп калса, өкүрүк кыйлага созулчу. Аны ээрчип балдар да өкүрө беришчу. «Ой, болду, токтоткула, — дечү аңгыча ары жактан бирөө өкүрүк узакка созулуп кетсе. — Сабыр кылгыла. Ыйлап тирилтип ала албайбыз…» Балдар ушуну эле күтүп атышкансып, өкүрүктү кандай жапырт башташса, дал ошондой жапырт токтотушчу. Бала билчү. Муну балдардын баары эле билишсе керек. Өкүрүп аткан адамдын үнүнөн анын өлгөн адамга канчалык даражада жакын экендиги айкын сезилип турчу. Баары эле бирдей өкүрүшчү, сөздөрү опокшош болучу, бирок үндөрү, дооштору айырмаланып турчу. Дал ушул үндөн, дооштон билишчү өкүрүп жаткан адамдын маркумга канчалык даражада жакын тууган экенин. Бала тээ кичинекей чагында бат эле чоңойсом экен деп эңсечү. Ага өкүрүүгө жарап, чоңдор менен бирге өкүрүп жаткан балдар өзгөчө көрүнөр эле. Ал бат эле чоңойсом экен, тигилерге кошулуп мен да өкүрөр элем деп эңсээр эле. Алар билишчү эмес, эмне үчүн өкүрүп жатышканын, киши өлгөндө эмне үчүн өкүрүш керек экендигин билишчү эмес, атүгүл бул жөнүндө ойлоп да коюшчу эмес. Алар киши өлгөндө сөзсүз өкүрүш керектигин гана билишчү.

Ооба, алар адам өлгөндө өкүрүш керектигин билишчү, өкүрүп атканда күлбөш керек экендигин да билишчү. Бирок өкүрүп атышып, кээде бири-бирин кылтыя карап бышкырып да жиберишчү. Анан бир-бирин түрткүлөшүп, бири-бирин apaң тыйышар эле. Кээде өкүрүп бүтүшкөн coң, сен мындай өкүрдүң, андай өкүрдүң, сен өкүрбөй эле оозуңду кыбыратып, өкүрүп атат экен дешсин деп ойлодуң деп өз ара чукчуңдаша да кетишээр эле. Алар киши өлгөндө өкүрүш керектигин билишчү, алар өкүрүп жатканда күлбөш керектигин билишчү, бирок эмне үчүн өкүрүп аткандыгын, өкүрүктүн артында эмне жаткандыгын билишчү эмес. Балдар да, кээде бирөө өлсө экен, биз өкүрсөк экен деп да эңсешчү. Алар өлүм эмне экендигин билишчү эмес…

Мына ушул балдар көз көрсөткөнү келгендер менен бирге өкүрүп атышат. Өкүрүк менен кошо кошок бирге жаңырат. Кимдер кошуп атканын эч ким деле оңгулуктуу билбейт. Бирөөнү гана билишет. Ак элечек оронгон бир кемпир бар. Ал бардык өлүккө келет. Атайы чакырышабы же өзү эле келеби, айтор, өлүк чыккан жерден калбайт. Aгa баары бир: өлгөн адам таанышыбы же таанышы эмеспи, иши кылып өлсө эле болду — келет да, кошо берет. Анын келатканын көргөндө эле, элдин баары аны зарыгып күтүп аткансып, «келатат!» — дешчү да, тең жарыла берчү. Анан өлүктү унутуп калышкансып, кимиси болбосун сыр билдирбей анын кошогуна кулак төшөөр эле.

Бала анын кошогуна анча деле назар бурчу эмес, бурса да оңгулуктуу түшүнчү эмес. Ал кемпирдин элечегине таңданчу. Ал тоону башына кондуруп алгандай көрүнчү балага, кээде тоодон да чоң көрүнчү. Кемпир кичине эңкейип койсо эле мойну үзүлүп, башы жерге топ этип кулап түшчүдөй туюлчу. Бала анан муну кантип көтөрүп басып жүрөт деп оозун аңырдай ачып таңдана берер эле. Баланын азыр эсинде жок: ал жолдо карата эле кошуп келчү беле же кошогун боз үйгө киргенден кийин баштачу беле, айтор, ал кирээри менен башка кошокчуларды жутуп алчу.

Башка аялдар токтосо да, ал токточу эмес, өзүнүн заңкылдаган үнү менен бүтүндөй айылды жаңыртып тургандай болчу. Кошкону кошкон, кошкондо да өлгөн киши менен кошо туулуп, кошо чоңоюп, бирге жатып, бирге жүргөндөй, бу куу турмуштун жыргал менен жыласын бирге көрүп, бирге көтөргөндөй маркумдун мүнөзүн, кылган ишин, бала-чакасын, ата-бабасын, айтор, маркумдун ийне-жибине чейин сайрайт. Адатынча бүгүн да башка кошокчуларды жутуп алып, өзү жалгыз заңкылдоодо.

Кадырмамбет менен бирге туулуп, бирге чоңойгондой, анын буга чейин эмне кылып, эмне койгонун атайын артынан аңдып эсеп-чотко алып жүргөндөй санап чыкты да, анан ата-бабасына, укум-тукумуна өттү. Бала таңданды: Кадырмамбет бул кемпир менен өмүрүндө бир жолу кездешип, сүйлөшпөсө да керек, сүйлөшмөк түгүл, бир-бирин таанышпаса да керек… Азыр ойлосо, сыздап чыгып жаткансыган анын үнүндө жүрөктү тытмалап, жүлүндү зыркыраткан муң-зар деле жок экен, тескерисинче, өлгөн адамды көкөлөткөн салтанаттуулук, өзүнө эч кимди теңебеген менменсинүү бар экен. Бирок эл баары бир анын кошогун жантыгынан жата калып угушар эле; бөтөнчө аялдар анын ар бир сөзүн кыя кетирбей илип алып, кубаттагандай баштарын ийкегилеп турушчу.

Жакшылап баамдаган адамга анын кошокторунда окшоштук, кайталоолор бар болучу. Ошол көп кайталанган саптары азыр да кулагына жаңырып калат: Сен бир комдонуп жаткан кабылан, айбатыңа чыдабай жалтактап турчу арстан. Сен бир өз тукумум дегенде… Ушул сыяктуу саптар ар кандай доошто көп эле өлүктө кайталанчу. Бирок эл баары бир тажабай уга берчү. Ак элечек оронгон ушул кемпир өлүп калса, бу дүйнөдө кошок да токтоп, таптакыр жок болуп кетчүдөй туюлчу балага.

Анан кээде бул кемпир өлүп калса эмне болот деп ойлоп алып, анан бул оюнан селт этип өзү коркуп кетчү. Кызык, ал балага адам эмес, кандайдыр бир сырдуу, коркунучтуу бөтөнчө бир жандай сезилчү. Бала-чакасы, тууган-туушкандары муну менен коркпой кантип бирге жашап жүрөт деп ойлой берчү. Бул кемпирдин коңшу айылда жашарын, кенже уулунун колунда турарын бала жакшы билсе да, ал бул жер жүзүндө жашабагандай, киши өлгөндө гана кайдан-жайдан пайда боло калып, кошчу кошогун кошуп алып, анан белгисиз бир жайга, асмандын ары-ары жагына учуп кеткендей туюлчу. Чын эле, ал өлүктү жайына койгон соң, дарексиз жоголуп кетчү.

Өңгөнү билбейт, бала аны бир да жолу дит багып карай алган жок, ырай-пешенеси кандай экенин да билбей калды, болгону ак элечегин гана көрчү. Жүзүн бир жолу көрбөсө да, аны жомоктогу мастан, жезкемпирлерге окшоштура берчу. Жада калса бала кемпирдин тоодой зор элечегинен да коркчу, ал да куду кемпирдин өзүндөй эле ары сырдуу, ары коркунучтуу туюлчу балага. Ооба, бала бүгүнкү өлгөн адамдан да коркчу, бирок кемпирден таптакыр башкача коркор эле. Анткени бүгүнкү өлгөн адам кадимки эле кишилерге окшош болчу, а кемпирди болсо кадимки кишилердей элестете алчу эмес, деги эле аны кишидей элестете алчу эмес. Бул кемпирдин атын бала билчү эмес, бала түгүл, айылдагылардын көбү деле билбесе керек. Анткени аны атынан чакырганын бир жолу да уккан жок, жөн гана «байбиче» деп кайрылышчу.

Аны бүт айыл урмат-сыйга бөлөп турар эле, ал эми өлүктө анын кадыр-баркы ого бетер көкөлөп кетчү. Өлүк үстүндө ушул кемпир менен молдодой эч ким баркталчу эмес. Молдо демекчи, ал өлүк үстүндө өзгөрүп кеткендей туюлчу. Демейде аны теңсинбегендер, атүгүл мыскылдай карагандар да өлүк үстүндө молдокелеп ийилип турушчу. Ушул күнү молдонун жүзүнөн нур чачырап, ажарына чыгып, үнү өкүм да, өтүмдүү да болуп, өзү жер баспай чыкчырылып турчу. Негедир балага ушундай туюлчу. Бүгүн экөө тең ушу жерде жүрүшөт. Бирөө заңкылдап кошогун кошууда, экинчиси акылдашканы келгендерге кеңешин айтып, атасы менен Курмандын жанында отурат. Бала негедир тажап кетти. Балдар үчүн оюн деле чоң жумуш эмеспи. Бир эле оюнду кечке ойной берсе, алар тажап кетишет. Балдар киши өлгөндө өкүрүш керектигин билишчү, бирок өкүрүктү оюн катары көрүшчү. Адегенде балдардын баары тең кызыгышып, кимиси болбосун өкүрүктү угаар менен ордунан ыргып туруп, өкүрүп киришет. Анан бул улам-улам кайталана берет да, балдар оюндан тажагандай эле, өкүрүктөн да тажай баштайт. Балдар өкүрүктү оюн катары көрүшчү.

Өкүрүктүн өзүнчө сүрү, шааниси болсо да, аны баары бир оюн катары көрүшчү. Бала тажай баштады. Эки жагын элеңдей карады да, акырын жыла басып, атасынын жанына келди. Атасы баягыдай эле кайдыгер карап койду. Атасы Курман менен буга чейин эмнелер жөнүндө сүйлөшкөнүн бала билген жок. Эмнелер жөнүндө сүйлөшүштү экен деп ойлоп да койбоду. Жөн эле атасынын жанында тура берди. Атасы аны дагы бир жолу карап койду да, анан Курманга кайрылып:

— Капысынан болгон го…- деди башын чайкай. — Оңой менен алдыра койбойт эле..

— Алдырганы ушу да… — Курман үнү кардыга үшкүрүп койду.

— Эмне мынча кечиктирди?! — деди атасы санааркагандай, сөздү башкага буруп. — Келер маалы деле болду да. Сөөктү ушунча да кармайбы?!

— Бөөдө эле кескилетип… — Курман жактырбагандай өзүнчө күңгүрөндү.

Бала эчтеке түшүнгөн жок. Сөөгү эмне? Кескилеткени эмне? Эч нерсе түшүнбөдү. Бул жерден да тажап кетти. Ар-ар жерде топ-топ болуп, сүйлөшүп турушкан элди аралай жөнөдү. Баары тең бир нерсе жөнүндө гана талашышып, башын ача алышпай жатышкансыйт. Балага негедир кызыктай туюлду. Алардын кебин тыңшап, туруп калды. «Ой мен ошо өлөрдөн бир-эки саат мурда эле көргөм, анча деле кызуу эмес болчу. Өйдөкү айылга бараткан. Күлүп-жайнап учурашып эле өтүп кеткен. Мындай болуп калат деп үч уктаса түшүмө кирсечи». «Баарынан да ким даап кол салды экен дебейсиңби!.. Беш-алты кишиге моюн бербеген көзү жок көк жал эмес беле. Анан… Каруусунан да жүрөктүүлүгүн айт, бир эмес, эки жүрөгү болсо керек…» «Ошо көк жалдыгы менен жүрөктүүлүгүнөн тапты да. Болбосо, башка бир жегенде эле качып жөнөбөйт беле…» «Безип жөнөгөндөй ал сен экөөбүз эмес да. Орустун жаман машкеси качырса, апакелеп айкырык салгандай».

Эл бул сөздү укканда, бышкырып жиберишти да, анан өлүк үстүндө тургандарын эстеп, кайра томсоруп калышты. Кеп кайрадан уланды. «Бул бир келсе, Жинди Сабырдын колунан гана келди. Аны милийса издеп жүрөт дейт. Бекер издеген жок. Ошонун..» (Бала Жинди Сабыр жөнүндө көп уккан. Аны киши катары элестете алчу эмес. Жомоктогу дөөлөр көз алдына тартыла берчү. Эл ал жөнүндө дайыма тамшанып кеп кылышар эле. Бир жолу бала ал тууралуу атасынан сураган. Ал кишиби деп сураган. Атасы каткырып күлгөн: «Киши болбогондо, желмогуз дейсиңби. Кадимкидей эле киши. Киши болгондо да кандай! Жүрөктү кудай жалгыз ошого гана бергенби дейм. Туура айтасың, ал чын эле киши эмес. Жинди да кудай урган. Соо болсо:
Жинди Сабыр мен болсом,
Нарындын суусу сен болсоң,
Агызып көрчү эр болсоң,
— деп күркүрөп агып жаткан Нарын суусунан жаман кунаны менен кечип өтүп кетмек беле? Жинди да кудай урган…»)

«Сабыр!.. Ой койгулачы болбогон кепти, аны жинди деп коёт экенсиңер, чын-чынына келгенде, ал баарыңардан соо. Анын жиндилиги — жанда жок көк жалдыгы, жүрөктүүлүгү. Киши түгүл чымынды өлтүрүүгө да анын дити барбайт. Кичине акылыңар болсо ойлоп көрбөйсүңөрбү, ага өлтүрүп эмне азап, бирөө жинине тийсе, бир эле муштайт. Болду, аның Сабыр бир чакырым узап кеткенче, ордунан тургандан коркуп, тырпырап жата берет». «Бу байкуш Кадырмамбетти жөн өлтүргөн эмес. Далайдан бери акмалап аңдып, артынан түшүп жүрүп атайы өлтүргөн, көрөрсүңөр…» «Сен аны кайдан билдиң?» «Ой, сокур кишиге деле көрүнүп-билинип турбайбы, карабайсыңарбы чапкан ташын сууга ыргытып ийгенин. Суу жууп кетсин, тагы билинбей калсын дегени да… Анан карабайсыңарбы, дал суунун боюнан өлтүргөнүн… Эгер атайлап болбосо, эмне үчүн башка жерден өлтүрбөйт?!» «Ээ,эмнесин айтасыңар, өлдү да калды да. Өз өлүмүн өзү тилеп алды окшойт кургур. Мына, элүүгө чукулдап калганча урунду-беринди болуп… Ары бир урунуп, бери бир урунуп, бир орунда тура албай… Kөpcө, ажал эчак эле артынан сая түшүп алган турбайбы…»

Дагы, дагы… Айтор, кайсы топко барба, ким өлтүрдү, жок, жок, ким жүрөгү даап кол салды деген эле кеп. Кадырмамбеттин өлүмү эч кимди кайгыртпагандай, атүгүл эч ким өлбөгөндөй. Элдин баары эле жер жүзүндө жашабаган, эч ким билип-көрбөгөн кимдир бирөө жөнүндө талашып-тартышып жатышкандай. Атүгүл Кадырмамбеттин өлүмү элди сүйүнткөндөй. Эгер ал өлбөгөндө, эл бүгүн эмне кылмак? Эмне жөнүндө талашып-тартышышып, эмнени эрмек кылышмак? Дал ушундай эрмек таап бергендиги үчүн элдин баары кудуңдап сүйүнүп жатышкандай. Негедир балага ушундай туюлду. Чын эле, кийин ойлосо, Кадырмамбеттин өлүмү эч кимди деле бейпайга салган эмес көрүнөт. Арийне, алда кургур ай, эгер бирөө өзү катылса, катыгын бергенден бөлөк эч кимге жамандыгы жок айкөл жан эмес беле деп чын ниетинен шыпшынгандар деле болду дечи. Бирок буларың деле көп өтпөй чоң топко аралашып, aгa ким даап кол салды деген талашка кошулуп кетип жатышты го. Ооба, чын эле, Кадырмамбеттин өлүмү эч кимдин деле жанын күйгүзбөптүр. Болгону кызыктырган экен да. Кандан-бектен кайра тартпаган, жүрөгүндө жалы бар, сүрүн көрүп эле ким болбосун жалтактап турган, жанда жок карылуу ушул адамга ким даап кол салды экен да, ким даап өлтүрө алды экен? Элди мына ушул суроо кызыктырып, бүйрүсүн кызытып атыптыр. Ушул суроо, ушул кызыгуу маркумдун өлгөндүгүн унуткарып, өлгөн адамга болгон күйүү сезимин, күйүт-муңун жалмап алып турду. Бала да селт этип коркуп кетти.

Ал билчү, адам өлөрүн билчү, бирок ушул Кадырмамбетти таптакыр өлбөйт деп ойлочу. Андан корккондуктанбы же ал балага бөтөнчө бир сырдуу көрүнгөндүктөнбү, бала аны өлөт деп ойлочу эмес. Атүгүл өлүмдүн өзү Кадырмамбеттен коркот деп ойлочу. Жок, азыр гана ушинтип ойлоп отурат. Бала аны өлөбү же өлбөйбү деп буга чейин таптакыр ойлоп көрбөптүр. Мына бүгүн, ал өлгөндөн кийин гана ага өлүмдүн өзү Кадырмамбеттин өзүнөн корксо керек деген ой капысынан келип отурат. Эл деген эл да, ал да суу сыяктуу агып турат го, бири бул топтон тиги топко өтсө, экинчиси, тескерисинче, тиги топтон бул топко өтүп, талаш отун ого бетер жандыра беришти.

Баарынан кызыгы мына мында: бул топтон тиги топко өткөн адам да, тиги топтон бул топко өткөн адам да мурда айткандарын таптакыр унутуп калышкансып, жаңы кошулган тобунда башкача сайрай башташпадыбы. Бала таңданды. Аңгыча ары катуу, ары муңдуу чыккан өкүрүк талашты тык токтотту. Элдин баары жапырт өкүрүк чыккан жакты карап калышты. Аа булар түндө милийсалар шек санап алып кетишкен Жакшылык менен Бекболот турбайбы, — дешти эл, — айда жанчып туруп коё беришти да байкуштарды. Экөө узакка өкүрүштү да, топтордун бирине да кошулбай, баланын атасынын жанына туруп калышты. Элдин түшүнүксүз талашынан тажап турган бала чу коюп атасынын жанына келди. Жакшылык менен атасы ага-ининин балдары эле. Жакшылыкты бала байке дечү.

Жакшылыкты атасы шыдыр эле эч кимге угузбай өзүнчө зекип кирди: «Деги сенин жөн жүргөн күнүң болобу, кай жерде ызы-чуу, ошол жерде ким жүрөт, баягы эле Жакшылык жүрөт. Шерменде кылып бүтүрмөй болдуң, ишенсең, элдин бетин карай албай калдым…» «Кудай урбадыбы, мен эмне кылыптырмын! ..— Жакшылыктын жаны күйүп кетти. — Түш ченде өйдө жактан келатыптыр. Мени көргөндө эле сүйүнүп кетти, ырас жолукпадыңбы, менде бир бөтөлкө бар, кел, столовойго кирип ичели деди. Мен кампага шашып бараткам, шагын сындырбайын дедим да, мына азыр кампага барып келе коёюн, азыр эле… деп кетип калдым. Андан кийин аны көрсөм, көзүм агып калсын. Аны менен ичишсем сийдик… Болгону ушул. Анан эле милийсалар келишиптир таң заардан, шпион кармашчудай болушуп, баары мылтыкчан. Столовойдун жанында экөөңөр турган турбайсыңарбы дейт сүйлөшүп, аны ким жеткире койгонун билбейм энеңди… Турганым чын дедим. Чын болсо баскының деп айдап кетишти. Тигиндей сурашты, мындай сурашты, мен бир айтканымдан жазбай, болгонун болгондой айтып бере бердим. Акыры эч күнөөм жок экендигине көздөрү жетиштиби, коё беришти, айылыңдан эч жакка чыкпа, качып кетем деп ойлобо дешет энеңди… Мен Америкага кетип кала тургансып…» «Кетпе десе — кетпе, закүн ошондой!» — деди атасы өкүм.

«Ой эми кетип кайда бармак элем!..» — деди Жакшылык чын ниетинен. «Чын эле… — деди атасы шылдыңдагандай. — Кеткенден деле тажап бүттүң да, тиги Ырасыйанын соо жерин калтырбадың…» Жакшылык кыжына өзүнчө күңкүлдөп койду: «Бирдеме болсо эле — Россия! ..» Жакшылык бүтөөрү менен, ушуну эле күтүп тургансып, Бекболот актанууга өттү: «Мени да капысынан басып калышты. Бейкапар уктап жаткам, бир маалда эле тарса-турс кирип келишип эле, басып жыгылышты. Колдорунда мылтыктары бар. Кой-айга да келишкен жок.  Үйдө жалгыз болчумун. Аялым, балдарым апам менен өйдөкү үйгө кетишкен. Давай кийингин да, баскының, үйүңдүн жанынан өлүк табылды, кийингин дейм… Өлүк! Кимдин, кимдин… дей бериптирмин жинди болгон немедей, кийин ойлосом. Кимдин балакетин аласыңбы, кийин дегенден кийин, кийин!.. Анан эле төшөгүмдү асман-айга сапырып киришти. Уктаганда түшүмдөн чочуй бергенимден улам, апам жаздыгымдын астына бычак коюп койчу. Ошону эстеп, ошо күнү да жаздыгымдын алдына бычак коюп жаткам. Анан… Жаздыгымды ыргытканда эле, бычак жарк дей түшпөспү. Кудай мындай бербеспи, ошондо милийсалардын сүйүнүшкөнүн айтпа, мына! — деп бирөө кыйкырып келип эле мени кундагы менен желкеге бир салды. Башым кеңгиреп, көзүм тунара эле түштү. Анан кийингенге да үлгүртүшкөн жок, дегдеңдетип сүйрөп жөнөштү. Эңги-деңги болуп, теңселип баратам. Же кимдин өлгөнүн билсемчи. Алып барышты. Камашты. Бир кезде бирөөсүнө киргизишти. Ошо чоңу окшойт. Ал да улам-улам айландырып сурап кирди. Келип-келип эле бычакка такалат. Бул кимдин бычагы, кайдан келген бычак, кандайча жаздыгыңдын алдына жатып калды? Мен баягы эле сөзүмдү кайра айтам. Чоңу окшойт дебедимби, ошо шылдыңдап күлөт: «Катын-балалуу болгуча эле түшүңдөн чочуп жүрөсүңбү, ыя, ха-ха-ха…»

Аны беркилери коштоп калат. Анан өздөрүнчө шыбыраша түшүштү да, мени да айылыңдан эч жакка кетпе, кетсең… деп коё берип жиберишти. Кызык, мен кетип кайда бармакмын, өзүм Кочкордон ары өтүп көрө элек болсом… Чын эле, Кочкордон ары кандай жерлер бар экенин да билбейм… — Тегеренип-тегеренип кетти. — Бычагымды бербей, алып калышпадыбы, ченебеген бычак болсочу, баягы Төлөмүш түрмөдө жатканда жасатып бергенчи, ошол бычак, ченебеген бычак болсочу, бери эле дегенде бир тайлык. Келесоомун да, толгондон ошо бычакты ошо күнү эмне үчүн жаздадым дейм да!..»

Эч ким үндөгөн жок. Атасы гана: «Бычак!..» — деп сырдуу күңгүрөнүп койду. Милийсадан чыгып келишкен Жакшылык менен Бекболот баланын көзүнө бир өзгөчө көрүндү: бир туруп чын эле ушулар өлтүргөндөй коркунучтуу көрүнсө, бир туруп кандайдыр бир эрдик жасап келгендей кадыр-барктуу көрүндү. Экөө тең кадыр күтүп калышкансып, башкаларды теңсинбей менменсинип тургандай туюлду. Эл да негедир чочулагансып, аларга кошула албай, коомайсызданып турушту. Бирок акыры алар деле элге кадимкидей аралашып кетишти. Эл деген эл да, ал суу сыяктуу агып турат го, эми талаштын жаңы толкуну башталды: кантип өлтүргөн, сөөк кай жерден табылган, ким биринчи көргөн?

«Эки айылдын ортосунда чоң суу түтүгү бар го, дал ошол жерден жайлаган экен шордууну…» — деп кеп баштап калды бирөө. «Кандайча жайлайт!.. — деди экинчиси кадимкидей кыжырдана, тигини толук сүйлөтпөй. — Кандайча жайлайт, доктурга жаны менен эле барган тура. Адегенде тилге келип, булдуруктаса да, кадимкидей эле сүйлөп жаткан дейт…». «Сүйлөйбү, сүйлөбөйбү, акыры өлдү да, — деди дагы бирөө акылдуусуна сабырдуу. — Мына мындай болуптур, тигил кургур алагүү болуп келатканда, бирөө артынан келип, керки менен, кадимки эле керкичи, ошо менен, болгондо да мизи менен бир салган экен, Кадырмамбет байкуш эмне болуп кетти деп ойлогуча болбой, тигиниң чоң таш менен берип калыптыр да, Кадырмамбеттин жерге талп дей түшкөнүн көрүп, жаның жетөө болсо да өлбөй эмне болуптурсуң деп жылт коюптур…»

Бул сөз тургандарды толкутуп жиберди. «Кайсы келесоо керкинин мизи менен чапмак эле, аны Кадырмамбет чымын чаккандай да көрмөк эмес. Айтып жатышпайбы, килтейген таш менен кара кушка бир коюптур да, тиги теңселип келип отуруп калганда, керки менен айда жанчкылай бериптир». «Кимдер айтып жатышат?» «Баары эле. Көргөн-билгендердин баары…» «А кимдер көрүп-билиптир?..» Бул суроого эч ким жооп кайтара албады. «Айтып атышпайбы!..» — деп эдиреңдеген адам да өзүнчө күңкүлдөп тим болду. Бала таңданды. Элдин баары тең бул окуяны өз көздөрү менен көрүп тургандай ишенимдүү сүйлөп жатышкансыйт. Бирок анда эмне үчүн талашып-тартышышат?.. Кызык…

«Баарынан да ташты сууга ыргытып жибергенин айтпайсыңарбы, — деди аңгыча бирөө таңдангандай башын чайкап, баланын оюн буза. — Минткенине караганда мурда да далайдын башын жуткан неме да. Таштагы канды, колунун тагын жууп кетсин деп атпайбы». «Сууга ыргытып жибергенин ким көрүптур, балким, ыргытпай эле, өзү менен кошо ала кеткендир?..» «Ой, айтып атышпайбы, ыргытып жиберишиптир деп…» «Кимдер айтып атат?» «Баары эле айтып атат. Так эле ошол таш дешти». «Кайсы таш?» — «Чапкан ташчы». «Так ошол таш менен чапканын ким көрүптүр?» «Так эле ошол таш менен чааптыр. Баары тең эле ошол таш менен чааптыр деп айтып атышса, анан…»

Эл бул жерге келгенде дагы туңгуюкка кептелип, эч кимиси ооз ача албай калды. Сүйлөөргө сөзү калбагандай, бир азга дымый түшүштү. «Эми болоору болду, — деди аңгыча бирөө тынчтыкты бузуп, — таш менен чабабы, керки мененби, өлөр Кадырмамбет өлдү. Деги анын сөөгүн ким тааптыр?» «Кайдагы сөөктү айтып дөөрүп атасың! — деди ар жакта турган бир киши кыжырдана жулкунуп. — Ой, доктурга алып барганда жаны менен экен деп айтып атышпайбы. Анан кайдагы сөөктү айтасың?! Энеңди!..»

Ушул маалда жөндөн-жөн эле чыр чыгып кетпесин дедиби же өзүнүн башкаларга караганда жакшы билерин көрсөткүсү келдиби, айтор, орто жашап калган бир киши элди бир айландыра карап алды да: «Эми бул мындай болуптур, — деди олуттуу, үнүн салмактуу чыгарып. — Кургур мас болуп алып өйдөкү айылдагы эжесиникине барат. Өзүңөр деле жакшы билесиңер да, Какем ичи кичине ысыса эле өчү бардай ошоякка жөнөчү эмес беле. Эжеси сырын беш колундай билет да. Жинине кичине эле тийип койсо, кыйыр-сыпыр түшүрүп, үйүн үч сапырып жиберчү эмес беле байкуш. Ошон үчүн эжеси унчукпайт, кел, чай ичкиниң, ырас келиптирсиң, тамак да бышайын деп калды эле дейт. Чайыңа да ыраазымын, тамагыңа да тойдум, мага арак бергин дейт Какем. Эжеси «өзүң азыр деле…» деп келатып, оозун тып басат да, бир бөтөлкө аракты үстөлдүн үстүнө коёт. Болгон арагың ушул бир эле бөтөлкөбү дейт. Муну ичсең, анан…- дейт эжеси. Эми кургурду ажал айдап атканын карабайсыңбы, болбосо ичер арагын ошол жерден деле ичсе болот эле да. Жок, ичпейт. Бөтөлкөнү жан чөнтөгүнө салат да, лам деп ооз ачпай, чыгып кетет. Кыйыр-сыпыр түшүрбөй тынч кеткенине эжеси биресе сүйүнүп да калат. Бирок тууган деген тууган да, түтпөйт эмеспи. Ошол күнү Какемдин баласы Керимбек да ошол үйдө экен. Эжеси ага айтат, айланайын Кекибай, тиги жинди атаң бир бөтөлкөнү чөнтөгүнө салып алып, үн-сөз дебей чыгып кетти, ичип алып, биякка келип дагы даң салып жүрбөсүн. Сенин тилинди угат эмеспи, эптеп алдап жаткырып кой. Өзү азыр эле бир топ экен. Акырын артынан акмалап барчы дейт. Көз байланып калган маал эле дейт, бала коркконбу, баргысы келбей кыйлага туруп калат да, акыры чыгат. Жолдо эч ким көрүнбөйт. Караңгы. Өзүңөрдү жакшы билесиңер, күн жашынаары менен эле төшөккө киресиңер. Анан… Анан уулу түтүктүн жанына келсе эле, ар жакта бирөө жатат дейт коркурап. Жүрөгү бир нерсени сезгенби же мас болуп ушул жерге уктап калса, ойготуп ала кетейин дегенби, баласы анын жанына барат. Барса — чын эле атасы. Тил-ооздон калган. Анан…»

«Кой айланайын!.. — деди ушул жерге келгенде жанатан бери араң чыдап чыйпылыктап турган бирөө тигинин сөзүн жулуп алып. — Эч кандай уулу-пуулу көрбөптүр. Өзүңөр билесиңер, Садыркулдун үйүнүн жанынан өлтүрүп кетип атпайбы. Ошол күнү Садыркул мас экен. Аны жакшы билесиңер, кичине эле татып алса, зукулдап эле кайра тилей берерин, анан аялынан арак сурайт. Ме, айланайын деп кайсы аял эле күйөөсүнө арак бере койсун, аялы бербей коёт, белгилүү да, бербегени аз келгенсип, алтын шилекейин да айда чачыратты да. Дагы эле өзүңөр Сакеңердин сырын менден жакшы билесиңер, көтөнүнө кичине бирдеме тийди дегиче эле, аялын тырпыратып басып калмай жайы бар го, анын үстүнө арак сураса, оозуна ак ит кирип, кара ит чыгып атса… Буга жедеп маш болуп бүткөн аялы ай-буйга келбей эле качып жөнөйт, артында жетсем тирүү калам деп ойлобо… деп айкырып темтеңдеп Садыркул келатат. Анан аялы түтүктүн жанына келсе эле бирөө жатат дейт коркурап, буту чылпылдай түшөт, так ошол маалда машина өтүп калат, ошол машинанын жарыгынан улам чылпылдаган немеси кыпкызыл кан экенин көрөт да, оозуна биринчи эле бригадир келип, бригадир акелеп өкүрүп-бакыра баштайт…»

«Анан… — деп бирөө чыдабай кепти бузуп жиберди, — анан Садыркул катынын кармап алыптырбы?..» «Эх, энеңди… келесоо десе! — деп бул кишини бирөө кагып таштады. — Быякта бакандай болгон киши өлүп жатса, кайдагы Садыркулдун катынын айтасың!..» Бул сөздү укканда эл өлүк жөнүндө кеп болуп жатканын эми гана эстешкендей, сестене түшүштү да, сөздү кайрадан өлүккө бурушту. Бала тажап турса да, сүйлөгөндөрдүн оозун элейе караганы караган. Улам бири сүйлөгөн сайын айраң-таң. Анткени биринин айтканы экинчисинин айтканына бир туруп окшошсо, бир-бирин кайталап жаткандай туюлса, бир туруп окшошпой кетет, окшошуп келатып эле, окшошпой калат.

Улам бири сүйлөгөн сайын, а ушуну менен бүттү го, акыркысы ушу гo, ушунун айтканы баарынан чын, туура болсо керек деп ойлойт. Аңгыча тиги топтон бири басып келет да, ага чейин кандай сөз болуп, кандай бүтүмгө келишкенин билбей туруп, атүгүл бул жөнүндө ойлонуп да койбой, өз билгенин айта баштайт. Буга жооп кылып, ушул эле топтон бирөө чыгат да, мурунку айткандарын эсинен чыгарып жибергенсип, андан башкачараак айтып кирет. Ошентип, бир эле киши өзү менен өзү талашып жаткан болуп чыга келет. Баары тең бул окуяга өздөрү тикеден-тике катышып, чогуу аралашып жүргөндөй, өз көздөрү менен карап-көрүп турушкандай айтышат десең. Бирок андай болсо, анда эмне үчүн айткандары бири-бирине ачакей болуп калып жатат? Эмне үчүн бир эле кишинин айткандары да өзүнө өзү окшошпой калып отурат?

Анан да сүйлөп аткандардын ар биринин жүзүнөн, кыймыл-аракетинен, менин айткандарым гана туура, чын, калгандарыңардыкы калп, жалган деген ишеним чачырап тургандыгын айтпайсыңбы. Алардын айткандарына күбө болуп отуруп, баланын башы маң болду. Бала алардын айткандарына деле түшүнгөн жок, түшүнөйүн деп жанталашкан деле жок, атүгүл түшүнүү жөнүндө ойлоп да койгон жок. Бала ушул чопчоң эле кишилердин болбогон бир нерсе үчүн талашып-тартышып, кыжыңдашып жатышканына таңданды. Эмне үчүн чопчоң эле кишилер талашканды жакшы көрүшөт? Мына, өз көзү менен көрүп-билгендер бар экен деп жатышпайбы. Аларды биякка алып келип, жакшылап сурашса эле, болгонун болгондой, көргөнүн көргөндөй айтып беришет эле да. Анан баары чечилет да калат: талаштын да кереги жок, сөгүнүп-сагынып бир-бирин кордоп кемсинтиштин да кереги жок. Кызык…

Бала ушуларды ойлоп, башы маң боло, таңданып турду. Бирок дал ушул маалда бир нерсеге түшүнгөнсүдү, ошол түшүнгөн нерсеси капысынан эсине элес- булас кылт этип, тула бою дүркүрөй түштү: Кадырмамбет өлүптүр, жок, өлбөптүр — бирөө өлтүрүп кетиптир! Бала селт эте коркуп кетти, ал өзүнүн өзгөрүп кеткенин өзү сезгендей болду. Ал адамдын өлөрүн билчү, өлгөндө эл ыйларын да билчү, ошон үчүн өлүм деген жаман болсо керек деп ойлоп койчу. Ооба, ал адам өлөрүн билчү, ага адам жүрүп-жүрүп эле жөндөн-жөн өзү өлүп калгандай сезилчү. Ал адамды адам өлтүрүп кетерин билчү эмес! Ал бул жөнүндө ойлоп койчу да эмес, деги эле эмне үчүн өлдү деген ой буга чейин анын башына келген эмес, жөндөн — жөн эле өлүп калгандай көрчү. Көрсө, киши жөндөн-жөн өлбөйт экен да, аны өзүндөй эле башка бир киши өлтүрүп коюшу да мүмкүн экен да, адам жөндөн-жөн эле өлбөйт экен да! Ал чоң кишилер да кээде бир-бири менен уруша кетишип, кызыл чеке боло мушташып, бири экинчисин тепкилеп саларын көп эле көргөн, атүгүл муну оюн катары санап, кимиси кыйын экен, кимиси кимисин тепкилеп салар экен деп айда кызыкка батып карап турар эле, дагы мушташа түшүшсө экен деп эңсээр эле, анан кечинде атасына бул мушташ жөнүндө ушунчалык берилүү, ыракаттануу менен айтып берчү.

Бирок адамдар бир-бирин ушинтип тепкилеп жатып эле, акыры бири экинчисин өлтүрүп коёру баланын үч уктаса түшүнө кирчү эмес. Бала коркконунан титиреп кетти. А эл болсо баланын жан дүйнөсүндө болуп жаткан кыйыр-сыпыр менен иши жоктой, атүгүл баланын бар-жогун эсепке албай, баягындай эле кызуу талаштын үстүндө. Бала талашка уугуп бараткан элди айландыра бир карады да, жалт берип, заматта атасынын жанына келип, туруп калды. Негедир жүрөгү дикилдеп бир башкача согуп жатканын туйду. Ал жүрөгү бар экенин бүгүн биринчи жолу билди. Ал мурда жүрөгүнүн согуп жатканын таптакыр элес алчу эмес, жүрөгү бар же жок экендиги тууралуу ойлочу да эмес. Атасынын жанында турганда да жүрөгүнүн болк-болк этип атканын даана туюп турду. Өзүн алаксыткысы келгенсип, боз үй жакты карады.

Балдар баягындай эле өзүнчө топтошуп алышып күжүңдөшүп атышат. Элди анда-санда кылыя бир карап коюп, баягыдай эле жер тиктеп үңкүйгөн бойдон өлгөн кишинин баласы турат. Балага анын үңкүйүп турганы негедир өзгөчө көрүндү, ошондуктан андан көзүн албай, тиктеп тура берди. Аңгыча атасынын санааркаган үнү угулду:

— Кечиктиришти го кудай ургандар, ушундай да текшеришеби?

— Текшеришкенде эмне… — деди Курман чарчагандай кайдыгер. — Болоору болду да. Кайра тирилтип ала албагандан кийин… — Өзүн кармай албай, үнү кардыга түштү. — Эми минтип түштөн кийин…

— Закүн ушундай тура… — Атасы жооткото баштады. — Ар бир мүчөсүн аңтарыш керек дейт. Ансыз…

— Эми кайра тирилтип ала албагандан кийин… — деди Курман кайрадан. Баласынын курсагын жара тартып, жиликтеп жатканы көз алдына тартыла калгансып, денесин жыйра артка кетенчиктей муңкана кетти. — Бөөдө эле кескилешип…

Атасы үндөй албай калды. Анан жанында турган баласын көрүп, жеңилдене түштү:

— Сен дале кетпей жүрөсүңбү? Барчы апаңа, Көлдөн кишилер келбептирби, сурачы.

Бала апасын издеп жөнөдү. Аялдар эркектерге аралашпай, өздөрүнчө топ-топ болуп турушкан эле. Апасы да бир топтун ичинде экен. Бала ага баргандан айбыкты, айбыккан деле жок, негедир уялды. Өзү көрүп калар деген ойдо апасынын маңдай жагына барып туруп калды. Аялдарга жакын турган coң бала алардын сүйлөшкөндөрүнө да кулак түрүүгө аргасыз болду. Алар деле эркектердей эле өлүк жөнүндө сүйлөшүп жатышыптыр. Бирок алардын талаш-тартышы эркектердикинен бөлөкчөрөөк көрүндү. Анан тургандары, кыймыл-аракеттери, эки жакты карагандары да башкачараак. Эркектер бүткүл дитин талаш-тартышка гана бурушкан эле, аларды талаш-тартыштан башка эчтеке деле кызыктырган эмес. Булар болсо кызуу талашып-тартышып жатышканы менен, бир кулагы кошокто. Бир көзү бул жерде болсо, экинчи көзү көз көрсөтүп келгендерде, ким келип, ким кеткенин, кандай келип, кандай кеткенин кокусунан байкабай өткөрүп жибербейли дешкенсип, ар бирин жан талаша көз санактан өткөрүп жатышкандай, айтор, кулагы да, көзү да асмандагы жылдыздардай ар-ар жерге чачылып кеткендей.

Ак элечекчен баягы кемпирдин заңкылдаган үнү бул жерге да жаңырып турду. Айрым учурда гана бул кемпирдин айткандарына кошулушкандай баш ийкегилей жашып, жоолуктарынын учтары менен көз жашын аарчып койгону болбосо, баары тең ак элечекченден башка аялдардын кошокторуна өзгөчө көңүл бурушкандай. «Аа… бу кошуп сыздап аткан байкуш тиги Кара-Чийдеги карындашы тура, сыздап атпайбы кургур. Сыздасын ушинтип, ушул карындашын жанынан артык көрчү эмес беле, бул дегенде өлүп да бермек…» «Бу үңүлдөгөн тегирменчи акенин аялы го. Тегирменчи аке менен булардын кандай тууганчылыгы бар, ыя? Аа, мени кудай урганда, кандай тууганчылыгы бар деп коём, тегирменчи аке мунун өкүл атасы эмес беле… Оо жарыктык, жөн эле үңүлдөй бербей, беш ооз кошуп койбойбу. Кемпир болгуча, беш ооз кошок үйрөнбөптүр да ботом. Жаман айтпай, жакшы жок дейт, тегирменчи акем,  эми кудай анын бетин ары кылсын дечи, кокусунан бүгүн-эртең кете берсе, ботом, анда деле ушинтип жаш баладай үңүлдөй береби?.. Үнүнүн ачуулугун айт. Ээ…»

Буларды угуп олтуруп, бала кошуп аткан кайсы аял экендигин кантип ажыраткандыгына ушунчалык таңданды. Анткени балага ак элечекчен кемпирдин заңкылдаган үнү гана даана угулуп, калгандары ага жутулуп кетип, баары бирдей, опокшош эле үңүлдөп аткандай туюлду. Анан кимдики экенин кантип билишет? Таңдангандай башын чайкап койду бала. Бала эми ойлоп көрсө, ошондо аялдардын көзү көз көрсөткөнү келгендердин, өзгөчө маркумдун жакындарынын эч кимин жаздым кетирген эмес көрүнөт.

Куду көзгө атар мергендердей, алардын дал талылуу, өлөр жерине мээлеп, көз огун чуулдатып турушкан тура. Азыр да кээде ошол «октор» чуулдап, баланын кулагына жаңыра калат: «Кылыйып карап турганын карасаң, ой атакелеп өкүрүп-бакырып ыйлабайбы, жер сабабайбы! .. Ууру мышыкча кылыя тиктеп коёт да, анан үңкүйүп жер караганы караган… Ошон үчүн жутуп алды атасын…» «Болдучу, дайны жок аңкылдабай!.. Ал азыр бала да, ата кадырын билмек кайда-аа азыр…» «Ой, кайдагы бала?! Он алтыга келип калды. Байкуш Кадырмамбет бул үчүн бүт айылга жек көрүндү болуп бүттү эле го. Эки күндүн биринде эле көрчү элек го, ушу көр кабак үчүн бирөө менен жакалашып жатканын. Кейпин карасаң, о-оо көр кабак, атасынын өлгөнүн туюп койгон да жок, кайра сүйүнүп атса керек, эми кой-ай деген киши жок, төрт тарабым кыбыла деп…Бу жутат, бу кейпи менен дагы бирөөсүн жутат, карап тургула! ..»

«Баарынан да жанагы багып алган кызына жаман болду, жанынан артык көрчү эмес беле байкуш. Мунусу да атакелеп чырылдап боздосо, жанына тирүү киши чыдап тура алчудай эмес. Деги кызга жетеби, кыздан айланып кетсе болот…» «Тиги деле (экинчи аялын айтып атышканы) ыйлап атат байкуш. Ыйлабаганда кантмек эле?.. А кургурдун да шору катпадыбы, эми кайда барып, кайда батат?.. Биресе чала да болот! Алмончоктой катынын кетиртип тийди эле, мына эми, акыры… Бирөөнүн көз жашы деген…» «Койчу, айланайын жеңе, оозуңа алың жетпей эле, балп эттирме жайың бар. Эмне, ошол кетиртти беле?! Ал, шордуу Кадырмамбеттин өзү айткандай, жанагы жыландын кылганы да. Бу катының бу кейпи менен эми туучудай түрү, ниети жок деп, кетиргин да, тигини ал деп, мен оңой эле макул кыла коём деп…»

«Ошо жыланды көрдүңөрбү, ыйламыш болуп отурганын. Көзүнөн бир тамчы жаш чыкса, мурдумду туурасынан кесип берейин. Көзүң аккырдын!..» «Жаш чыкмак беле, кайра сүйүнүп атса, бир балакеттен кутулдум деп, эми кулак-мээмди жей турган эч ким жок деп… Бу байкуштуку да эп, бейиши болгур Кадырмамбет, эмне өчү бар экенин билбейм, кичине эле ичип алса, анын үйүнө барып чаң-тополоң салчу эмес беле. Чын эле, эмне өчтөрү бар экенин билбейм…» «Эми силер коё турсаңар, мен тиги көр кабак дедиңер го баласын, ошо баласы менен эже сөрөйүмүн деп жүргөн жанагы жыландын өзүм көргөн бир кылыгын жашырбай эле айтып берейин. Жашырганда мени, эмне… Эми ошо… Доктурга барганда байкуш Чыр акем (Кадырмамбетти келиндер ушинтип тергешчү) жаны менен эле экен. Мага ушинтип туурасын эле айтышты». «Кимдер айтышты?» — «Кимдер болмок эле, көргөндөр айтышты, үзүлөөрдө үстүндө болгондор айтышты». «Кимдер көрүп, кимдер үстүндө болушуптур?» «Кишинин оозунан кепти жула качпай коё турчу, айланайын, ким көрүп, кимдер үстүндө болгонун ким билиптир, айтор, мага көргөндөрдүн өздөрү айтышты. Доктурга алып барганда Чыр акем чын эле жаны менен эле экен. Так эле кара кушка чааптыр, экинчи тургус кылалы дешкени да. Керки менен жанча бериптир, сөөгү тим эле бырчаланып кетиптир дейт. Ошондо эже сөрөйүчү, тиги жыланчы, доктурдан минтип сураптыр алактап: «Бул мал болобу?» Доктур жаман көзү менен бир карап алыптыр да: «Болот! Эмне үчүн болбойт экен?!. Айыгат! ..» — дептир. Ошондо тетигинде турган көр кабактын көзү тим эле күйүп кетти дейт: «Айыгат?! Канча күндө айыгат?!» Доктурдун күйбөгөн жери күл болуп: «Үч күндө айыгат, мышайт этпей чыгып кеткиле!..» — деп кыйкырып, тигилерди кууп чыгыптыр. Ошондо байкуш Чыр акем көзүн бир ачып, эшикке кетип бараткан көр кабакты жалдырай бир карап алды дейт… Анан…»

Аялдардын сөздөрү да түгөнчүдөй түрү жок, тескерисинче, кайра күчөчүдөй. Бири айтып бүткөнчө, экинчиси анын оозунан сөздү жулуп алып, дагы бирөөгө тарттырып жибербейин дегенсип, токтобой безилдей баштайт дейсиң. Мунусу — бул, эми мурда сөзгө аралаша албай, тымпыйып кеп тыңшап гана тургандар да ортодон жыра качырып кире башташты. Бала улам апасына жакындап, мени көрүп калар бекен дегенсип, анын башы кай жакка бурулса, ошол жакка жалт берип жатты. Бирок апасы ага назар буруп койгон да жок, карап-көрүп туруп эле, көрбөй туруп алды. Апасы да беркилерден кем калышпай, улам бир аял сүйлөгөн сайын кепке аралаша калып атты. Апасынын эмнени айтып атканы балага даана угулган жок, бир жолу гана «түн» деген сөзүн угуп калды.

«Аа… түндөгү түндү айтып атат окшойт деген ой келди балага шыдыр эле. Таңдана башын чайкап койду. — Түн дайым эле караңгы болот да…» Анан апасы сөзүн бүтүп-бүтпөй эле, кемшеңдеп жашып кеткенсиди. Бала кайрадан таңданды. Өзүнүн апасына эмес, ушул жерде турган аял аттуулдардын баарына таңданды. Аялдарың кызык болот тура: сөздөрүн айтып бүтпөй эле, кемшеңдеп жашып киришет экен, өз сөздөрүнө да өздөрү ыйлашабы, эмне үчүн өз сөздөрүнө өздөрү ыйлашат, ыйлай турган болгон coң, сүйлөшпөй эле коюшпайбы!

Эркектерди карачы, булар деле жанатан бери ушул эле өлүк жөнүндө кызыл чеке болуп талашышууда, бирок алар кемшиңдеп жашышмак турсун, кайра сөзүн бүтүп-бүтпөй кыжынып тиштене кетишет. Кызык, буларың бири-бирине таптакыр окшошпойт экен да. Аялдар менен эркектерди айтам. (Бала өзүнүн эмне деп атканын өзү түшүнүп-түшүнбөй, ушинтип кобурап алды.) Ал мурда эркек менен аялдын айырмасы жөнүндө таптакыр ойлоп көрбөптүр, болгону аларды мал сыяктуу ажыратаар эле. Мына, тууй турган атты бээ дейт, бул — жылкынын ургаачысы, туубай турганын айгыр дейт, бул-эркеги болот деп ойлочу. Ушу сыяктуу эле тууй турган кишилер — аял, туубай тургандар — эркек болот деп жөпжөнөкөй гана ажыратып койчу.

Бүгүн болсо эркектер менен аялдардын өз-өзүнчө дүрбөшкөндөрүн, сүйлөшкөндөрүн көрүп-угуп олтуруп, алардын ортосунда тууган, туубагандыгынан да бөлөк кандайдыр бир айырмачылык барын туйгансыды. Кандай айырмачылык? Бала муну таппады, табуу жөнүндө ойлогон да жок. Башын чайкап койду. Мына, ортодо бир эле кишинин өлүгү, эркектериң да, аялдарың да ушул бир эле өлүк жөнүндө сүйлөшүп атышат. Бирок бири бир башка дүйнөдөн, экинчиси экинчи бир башка дүйнөдөн келишкенсип, таптакыр эки башка сүйлөшүп жатышкансыйт. Бир өлүк, эки дүйнө: эркектер дүйнөсү, аялдар дүйнөсү…

Бүгүн деги эле бу жарык дүйнөнүн өзү өзгөрүп кеткендей. Бала мурда көрбөгөн, көрмөк турсун, оюна да келбеген кандайдыр бир сырдуу, табышмактуу дүйнөгө туш келип калгандай. Мурда деле кишилер өлчү, бала эс тартканы анын баарына эле барып жүрөт. Алар окшош болчу, өлгөндөрчү, өлүктөгү көрүнүштөрчү. Өлөр киши өлчү. Эркектер өкүрүп келишчү. Аялдар кошогун кошушчу. Ак элечек оронгон кемпирдин кошогу өзгөчө жаңырып, башка аялдардын кошогун жутуп алып турчу. Ооба, өлүктөр окшош эле болучу. Kөpcө… Өлүктө эл да окшош, бирдей болушчу: эркектер өкүрүшчү, аялдар кошок кошушчу. Бүгүн да эркектер өкүрүп, аялдар кошок кошушту. Бүгүн деле өкүрүк чыгып, кошок кошулуп атат, ыйлаган, боздогон үн тулку бойду дүркүрөтөт. Бирок негедир эч ким өлбөгөн сыяктуу. Негедир кайгырган киши жоктой. Эркектер күйүтүнө чыдабай кыжынып, титиреп кетип жатышкансыйт. Аялдар да күйүткө малынып, сөздөрүн бүтүп-бүтпөй, кемшеңдеп жашып…

Бирок алардын ыраңында, үнүнүн доошторунда кайгы менен күйүттүн эч бир жышааны жоктой. Алардын жүзү кандайдыр бир ынтызарлыкты, кызыгууну чачып тургандай. Жарданган эл сөөктү — о дүйнөгө кеткен адамдын өлүгүн – эмес, кандайдыр бир сырдуу, кызыктуу бир керемет нерсени күтүп жатышкандай. Бала бир нерсесин, эмне экенин өзү да билбеген, бирок өзүнөн айрылбаган эң кымбат жана баасыз нерсесин жоготуп алып, эки жагын элеңдей карап, кайпастай берди. Эмнени жоготконуңду билбеген соң, эмнени издээрди да билбейсиң да. Демек, адегенде эмнени жоготконуңду табышың керек. Балага жоголгон нерсе баланын өзү  экениндей туюлду. Жоголгон нерсе баланын өзү болгон соң, аны жоготкон, жок кылган нерсе да болуш керек эмеспи. Баланы жоготкон, жок кылган нерсе да баланын өзү эле. Негедир ушундай туюлду балага.

Ошентип, жоголгон да өзү, ошол өзүн жок кылган, жоготкон да өзү. Мындай болгон соң жоготконду да, жок кылганды да кайдан издөө керек?! Көрсө, өлүктөр да бир-бирине окшошпойт турбайбы, алар ар кандай болот экен да… Баланын эси эңгиреп, эңги-деңги болуп  турду. Ушундай алай-дүлөй абалда турса да, тегерегиндегилердин бакылдап-шакылдап, бир-бирин тымызын кемсинтип кордоп, бири-биринен өйдөсүнгөн, бири экинчисинен шексинген үндөрүн тегиз угуп жатты: «Бүгүн сөөктү бербейт экен. Союла элек дейт. Чоң доктору келе албай калган имиш. Энеңди… Өлүктү сойгонго чоң доктурдун эмне кереги бар эле?.. Биздин эле Машаны алып барсынчы, заматта эле барча-бурча кыла койсун…» «Билбегенден кийин былжырай бербечи, алардын да өз закүнү бар. Өлүктүн да өз закүнү болот. Ошон үчүн чоңду күтүп жатат да. Сенин Машаң өлүк сойгонду коюп, чочкосун союп алсынчы чаңыртпай…» (Бул сөздү укканда кишилер бышкырып жиберишти. Бала буга биресе таңданса, биресе жини келди: «Киши өлгөндө күлбөш керек да, анан өздөрү чопчоң болуп турушуп…»)

«Эгер мээңер иштесе, бул жерде чоңуңдун да, Машаңдын да бир тыйын кереги жок. Кеп… Кеп өлүктү сойбой кармап, унуткарып салышта болуп атпайбы!.. Бул сокур кишиге деле көрүнүп турбайбы, демек, ошо сойгон кишинин өзү да соо эмес. Ошо да аралашкан, кошо өлтүрүшкөн же аны сатып алышкан!.. Анан союла элек экен дешип… Кайдагы бир чоңун айтышып, байкуш Машаны айтышып». Бала кишилердин сөздөрүнө түшүнгөн жок, алардын эмне деп атканын айткан сөздөрүнүн доош-кыраатынан, кишилердин ырай-кешпиринен гана боолголоп билгендей болду. Бирок ошентсе да, бир нерсе аны катуу селт эттирди: «Өлгөн кишини да соёбу? Эмнеге соёт, тирүү болсо, бир жөн… Өлдү — болду да, анан эмне үчүн соөт?..»

Балага кайрадан деги эле бул жарык дүйнөнүн өзү өзгөрүп кеткендей туюлду. Ошо өзгөргөн дүйнө менен кошо өзүн өзү кайрадан жок кылып салгандай, жоготуп жибергендей болду. Эңги-деңги абалда эки жагын элеңдей карады. Эл сээлдей түшүптүр, алар сөөктүн бүгүн келбестигин билген соң, бирден-экиден акырындап кетип атышкан. Бала буга сүйүнүп кетти: өзү да үйүнө кетиши керек да. Үстүнөн оор жүктү алып салгандай жеңилдей түштү да, үйүн көздөй жөнөдү.

Эртеси эл кайрадан чогула баштады. Аңкайып жол караган эле жан. Машинанын үнү чыктыбы, баарынын башы бир кишинин башындай жапырт ошол жакка бурулат. Өкүрүктү күтүп кечээги эле балдар жүрөт. Керимбек элди улам кылыя карап коюп, үңкүйүп баягы эле ордунда турат. Атасына дайыма орун белен да — ал баягысындай эле Курмандын жанында олтуруптур. Бала адатындай эле, жыла басып анын жанына жетти. Атасы акырын карап койду.

— Каскак болуп, толгон күндөн, так кечээ күнү чоңунун жок болуп калганын карабайсызбы, — деди атасы бир кезде Курманга. — Эми бүгүн кармабас. Баштарын тим эле жулуп алаар… Буюрса, түшкө чейин келип калса, түш оодарабыз го…

Курман лам деп ооз ачпады. Эч нерсе укпагандай, уккусу да келбегендей, жер карап мелтиреп олтура берди.

— Жайынан болсо санаа тынч, — деди атасы кайра, Курмандын көңүлүн жубаткысы келгендей. — Жайы өз ордунан казылды, Куке. (Бул айылда мындай бир айныбас мыйзам бар эле: өлгөн кишинин сөөгү сөзсүз тууган-туушкандарынын мүрзөлөрүнүн жанынан жай алышы керек. Тирүүңдө урушуп-чабышасыңбы, атүгүл бет карашпай каласыңбы баары бир өлгөндөн кийин сөзсүз чогуу бир жерден жай алышың керек.) Тегерек-чети бүтүндөй өзүнүн туугандары, ата-бабасы дегендей… Жери да жакшы экен: жаан жааса, суу токтобойт… Жана барып өз көзүм менен көрүп келдим, дагы алда кандай бирдеме болуп кетеби деп. Жок, тим эле ченеп кеткендей казышкан экен айланайындар! .. Анан да ченде жок алп эмес беле.

Курман дале үндөбөдү, оор улутунуп алды.

— Эми, Куке, кудайдын буйругу ушу экен да… — деди атасы акыры үнү дирилдей. — Болбосо, Кадырмамбетти ушинтип өлөт деп кимдин…

Курман чыдай албай кеттиби же уккусу келбедиби, сөздү чорт үзүп койду:

— Эми болоору болду да…

Экөө тең үндөбөй мелтиреп, жер тиктеп калышты.

Аңгыча күн түш да болду, түштөн да ооду, бешимге чукулдап калды. Элдин чыдамы кете баштагансыды. Өзгөчө Кадырмамбеттин тууган-туушкандары аркы- терки өтүшүп, чебелектеп киришти. Алардын улам бири баланын атасына келет да, аны менен шыбыраша кетет. Атасы башын ийкегилеп угат да, акырында, макул болбогондой, башын чайкап коёт. Тиги башын ийкегилейт да, ындыны өчө ордунан тура жөнөйт. Бара-бара баланын атасы да жарданган элди бир карап, жанындагы Курманды бир карап, тынчы кете баштады. Бир кезде Курманга аяр кайрылып, кысынгандай бирдеме деп шыбырады да, ага суроолуу тигилип калды. Курман кыйлага ойлонуп үнсүз мелтиреп турду да, аргасы түгөнгөндөй:

— Эми болоору болду да… Андай болсо, тартсаңар тарта бергиле! — деди үнү дирилдей.

Ушуну эле күтүп аткандай, Кадырмамбеттин туугандары элди ар-ар үйгө бөлүп кете баштады. Муну менен кошо эт да тартыла баштады. Баланын таң калганын айтпа! Эт сөөктү жашырып келгенден кийин тартылышы керек эле да. Бу жолу… Кызык… Бала чара көтөрүп, бирөөгө тарттырып жибербейин дегенсип, жүгүрө баскан кишилерди элейе карап туруп калды.

Ушул маалда баланы дагы бир табышмактуу суроо ныгыра басты: Эмне үчүн эт жешет? Киши өлгөндө, эмне үчүн сөзсүз мал союлат да, эл эт жейт? Эмне үчүн?.. Бала ушинтип ан-таң болуп турганда, бирөө жеңинен тарткылады. Карай салса, өзү теңдүү тууганы Чолпонбек экен. (Мунун атасын бала чоң ата дечү, жакында эле каза болгон, боз үйүн кечээ эле чечишкен.)

— Жүрү, кеттик, — деди ал шашылыш, — өкүргөнү… Атама… Көлдөн кишилер баратат дейт үйгө. Кадыр байкем учкан бойдон жеткиле дейт…

Бала муну угаары менен Чолпонбекке кошулуп, чын эле учкан бойдон анын үйүн көздөй жөнөштү. Жолдо жүгүрүп баратканда баланын оюна кайсы жерге өкүрөбүз деген ой келди. Боз үйдү кечээ эле чечип салышпады беле. Эми кайда өкүрүшөт? Кайсы өлүктө болбосун жок дегенде эле эки боз үй тигилчү. Анын биринде сөөк жатар эле. Балага ошол сөөк жаткан боз үй атайы өкүрүү үчүн тигилгендей сезилчү. Эми боз үй жок. Кайда өкүрүшөт? Жолдо карата баланын башы катып баратты. Аңгыча өкүрүк угулду. Чолпонбектин үйүнө жетип калышыптыр. Келген кишилер тамдын дубалын карап алып, өкүрүп атышыптыр. Бул балага ушунчалык өөн көрүндү, селт этип коркуп кетти да, селейип туруп калды. Чолпонбек жүгүрүп барып, тигилердин катарына туруп, атакелеп өкүрүп, ыйлап кирди. Бала да эсине келе калып, жүгүрүп Чолпонбектин жанына барып, өкүрө баштады: Эсил кайран чоң атам о-ой, эми кайдан көрөйүн о-ой… Өкүрүк басылган соң, келгендердин баары Чолпонбектин агаларын беттеринен өөп, кайрат айтышып чыгышты. Эң сакалдуусу Чолпонбекке кайрылып:

— Көкүрөк күчүгү сенсиң го, — деди эркелете бетинен сүйүп.  — Сен деле эр жетип калган турбайсыңбы, мына, бүгүн-эртең эле катын алчумун деп чыгасың. Атаң кандай болбосун ажат ачкан киши эле, анын ордун жоктотпо эми… Өзүң да атаңа куюп койгондой окшош экенсиң…

Бул сөздү укканда, Чолпонбек эреркеп, бышактай кетти.

— Кой, уят чопчоң эле жигитке, — деди жанагы киши Чолпонбекти кайрадан башынан сылай, бетинен сүйүп. — Кой эми, айланайын… Эми атаң жашай албай кеткен жашын сен жашагын. Айланайын…

Келгендер үйгө киришти.

— Биздин айылда бир кырсык болуп… Эки күндөн бери акыйып сөөк күтүп… Ушинтип эле… Өлгөнү бир тең, күткөнү бир тең болуп… Силердин келгениңерди да… — деди туугандардын улуусу Кадыр ыңгайсыздана.

— Ыя?! Ошондой, — деди баягы киши. — Боз үй тигилип, эл котолоп турганынан бирдеме болгонбу дедим эле. Анан эмне мынча кеч деп да…

— Ошондой болуп калды, — деди Кадыр күнөөлүүдөй, тигини толук сүйлөтпөй. — Сөөк күтүп… Өлгөнү бир тең, күткөнү… — Сөзүнүн аягына чыкпай, үндөбөй туруп калды.

Тигилер түшүнөбүз дешкендей баштарын ийкегилеп коюшту. Аңгыча дасторкон жайылып, чай ичиле баштады. Чай ортолоп калганда, Кадырдын аялы акырын кирип, Кадырдын кулагына бирдеме деп шыбырай кетти. Кадыр чочугандай:

— Ыя?! — деп ордунан ыргып турду да, келгендерге кайрылды. — Эми, таякелер, кап этпесеңер… Сөөк эми келип, жайына алып чыгышты дейт. Бир атадан бирөөбүз барып топо…

Баары Кадырды толук сүйлөтпөй, жаалап жиберишти:

— Бар, айланайын. Мындайга барбаганда. Биз эми…

Кадыр чыгып кетти. Бала оңтойсузданып араң эле олтурган, ал да акырын Кадырдын артынан жөнөдү. Түн кирейин деп калыптыр. «Түн дайыма караңгы болот», — деп ойлоп койду негедир бала. Эл көрүстөнгө жетип калышкан экен. Көрүстөнгө жеткенде, бала элеңдеп атасын издей баштады. Ал атасы кай жерде болоорун билчү. Дайыма жай башында болор эле. Андыктан адегенде жайдын кай жерде экенин билиши керек. Бала элди жарып, алдыны көздөй акырын жыла берди. Бир кезде бүлбүлдөгөн жарык көрүндү. Жакшылап караса, эки киши эки кара чыракты кармап турат. Эки кара чырак мышыктын эки көзүндөй жылтырайт. Бала аны көргөндө бир силкинип алды, бирок ошол жарыкты беттеп бара берди. Жакындап калганда жай башында баш-көз болуп жүргөн атасын көрүп, сүйүнүп кетти. Анан азыр караңгы кирип калбадыбы, чырак болбосо, өлүктү кантип көмүшмөк эле деген ой келди башына. Санаасы тына түштү. Аста жылып отуруп, атасынын жанына жетти. Атасы аны көрүп, чочуп кетти:

— Сен… Кайдан жүрөсүң?!.

— Өкүрүп!.. — деди бала эдиреңдей.

— Өкүрүп?! Кимге?

—  Чоң атама. Көлдөн келишиптир. Көп киши…

Атасы секирип кетти:

— Ыя?! Көлдөнбү? Келиштиби?..- Өзүнчө күбүрөп, кыжынып алды. — Шерменде болгон экенбиз да! ..

Бала эчтеке түшүнгөн жок. Негедир коркту…

Сөөктү акырын жылдырып түшүрө башташты. Бала аны көргүсү келбегендей, Курманды карады. Анын аппак сакалынан жаш тыпылдап жерге таамп жаткан. Муну бала чырактын жарыгынан даана көрдү. Дене-бою бир кызыктай болуп, ыйлагысы келип кетти. Сөөк да коюлуп, куран да окулду. Эл да ордунан козголушту. Атасы Курманды колтугунан сүйөп, ордунан тургузду. Ошондо атасы Курманды коштоп, анын үйүнө барды беле же жок беле — азыр бул баланын эсинде жок. Болгону ошол эле түнү атасын ээрчип, көлдөн келгендерге барганы кадимкидей эсинде калыптыр. Алар айылда кандай кырсык болгонун атасы барганча эле угушкан көрүнөт. Учурашып, ал-жайды сурашкан соң, келгендердин баягы сакалдуусу:

— Эмне, Абыке, айлыңарда бир кырсык болду дейби? — деди атасына кайрылып. — Жаш кеткен экен. Арты кайрылуу болсун!..     — Сурасамбы же сурабай эле койсомбу дегендей, кичине буйдала түшүп. — Деги эмне эле болуп аткансыңар?..

— Ээ, жерге кирсин!.. Болбогон бир иш болду да!.. — Атасы ушинтти да, эмне болгонун айткысы келбегендей, түнөрүп унчукпай калды.

Атасынын оюн түшүнүштүбү, тигилер да кайрылып сурашкан жок…

Ошентип, өлөр киши өлүп, жаны тынды да калды. Бирок өлүктүн да өз шааниси бар го, анын бири артына сөз калтыруу эмеспи. Анын үстүнө бакандай болгон Кадырмамбет шейит кетип атпайбы, андыктан мындай өлүктүн тегерегиндеги уу-дуунун алеки заматта басылып калышынын өзү чоң күнөө эмеспи.

Кыскасы, уу-дуу улам жайылып бараткан өрттөй болуп кыйлага созулду окшойт. Эки күндүн биринде эле кечээ Баланчаны уктап жаткан жеринен кармап кетип, эч жакка чыкпа, чыксаң… деп, көкөсүн көзүнө көрсөтүп туруп коё беришиптир. Эми түкүнчөдөн да шек санап жатыптыр, бир жыты бар да, ошон үчүн шек санашат да, мына, аның так ошол Кадырмамбет өлгөн күнү таң заардан шаарга (ага кайсы машина белен туруптур дейм да!) жылт коюптур да, ошондон бери дайынсыз дейт, катын-баласынан сурашса, биз кайдан билмек элек дешкенсип, ийиндерин куушурушат дейт. Ийиндерин куушурушпаганда, эмне, мына деп колдоруна салып бермек беле. Милийсалар немистердин тик кулак авчаркалары менен ар бир үйдү түбүнөн түрө тинтмек болуп атыптыр.

Атаңдын көрү, ошол авчаркасынан бирди бизге таштап кетишсе ээ… Керки менен чапканы да, таш менен чапканы да анык болуптур, бирок кара басканда, экөөнү тең таппай жатышыптыр. Ташты чын эле cyyгa ыргытып жиберген көрүнөт, суу жууп кетет дегени да, киши өлтүрүш, эмне, көрүнгөндүн колунан келе берет дейсиңби — өлтүргөн неме митаам, мыкаачы да, ошон үчүн сууга салып жиберип атпайбы. Минткенине караганда атайы өлтүргөн окшойт. Ким болсо да көптен бери акмалап жүрүп жайлаган көрүнөт, болбосо суунун боюнан бөлөк жер, эмне, калбай калыптырбы. Дагы… дагы…

Эки-үч кишинин башы кошула калса эле — ушул сөз. Бир күнү «Жинди Сабырды сугатта жүргөн жеринен кармап, түрмөгө тыгыптыр. Кетменинин курчтугун айтпа, мизин көрсөң, тим эле чач шыпырчу устараң быякта калат дейт. Кейпи, керки менен эмес, ошол кетмен менен чапкан окшойт. Ошондой дейм да, Кадырмамбеттин башы кантип эле керкиге быркыранып кетсин дейм да!» — деген кеп айылдын баш-аягына алеки заматта тарады. Буга элдин, өзгөчө эркектердин санаасы тына түштү: «Аны камаса, анда ошол өлтүргөнү чын. Кадырмамбетке андан бөлөк ким даап кол сала алмак дейм да. Бир жараса, ошол Жинди Сабыр…» Бирок көп өтпөй эле «Жинди Сабырыңар түрмөдө жатпай-этпей эле, дыңылдап ырдап, Ак-Талаада суу сугарып жүрөт. Өз көзүм менен көрдүм…» — деп аттуу-баштуу эле бирөө айтып келип, элдин ындынын түшүрүп салды.

Чын эле муну укканда эл боз ала боло түштү: Эгер Жинди Сабыр өлтүрбөсө, анда Кадырмамбетке ким даап кол салып, ким өлтүрдү экен? Бирок деле бир эч ким өлбөгөн сыяктуу, анткени Кадырмамбеттин өзү жөнүндө ойлоп, аны кеп кылган эч бир жан жок. Ким ага даап кол салып, ким өлтүрүүгө күчү жетти экен — элдин баарын дүрбөлөңгө түшүрүп, бүйүрсүн кызыткан мына ушул гана суроо. Өлөөр Кадырмамбет өлдү, бирок аны өлтүргөн адам жөнөкөй адам болбош керек: ал адамдан башкача жаралган не бир акылдуу, мыкаачы жана баатыр болууга тийиш – элдин баары ак эткенден так этип ушуну гана күтүп жаткандай. Дагы бир кызык: Кадырмамбетти өлтүргөндү таап, сазайын колуна бир берсе экен деп эңсеп аткан эл ушул эле маалда өлтүргөн кишини таппай коё турушса экен деп андан да бетер эңсеп жатышкандай. Эгер өлтүргөн киши табылып калса, анда ал жөнүндө кеп да тым-тым болуп, эл ушуга чейин медер тутуп келген жападан жалгыз эрмегинен ажырап, жашоо токтоп калчудай.

Мунусу – бул, кеп кылгандардын баары тең: «Ой, мен ошол коркурап жаны чыга албай жаткан Кадырмамбетти биринчи көрүп, кокуйлап элге кабарлап, доктурга чогуу алып барышып, үзүлөөр-үзүлгөнчө жанында турган кишинин так өзүнөн укпадымбы» — деп безилдешкенин кантесиң. Бирок жаны чыга албай коркурап жаткан Кадырмамбетти биринчи көрүп, кокуйлап кабар айткан – ким, аны доктурга алып барышып, үзүлүп кетип баратканын көргөн ким – муну эч бирөө так билбейт, болгону өз көзү менен көргөндөрдүн өз ооздорунан уктум деп сайраганы сайраган. Анан да биринчи таш менен чааптыр да, андан кийин керки менен бырчалаптыр, көргөн-билген кишилердин баары ушинтип айтып атышпайбы, ташы да, керкиси да суудан табылыптыр дешет, бирок көргөн-билгендери кимдер, ташы кайда да, керкиси кайда – муну да эч кимиси так билбейт. Ошентсе да баары-баары өзү бул окуяга баштан-аяк толук катышып, кошо өлтүрүшкөн адамдардын өз ооздорунан угушкандай безилдей беришет. Безилдеп жатышкандардын айткандары жалган же чын экендигин көңүлгө илип да койбой, башкалары жантыгынан жата калып уга беришет, муну кечээ да угушкан, ошентсе да муну бүгүн да жанталаша уга беришет.

Анан мына ушул жантыгынан жата калып угуп аткандар эми эле безилдеп баштагандардын айткандарын безилдеп жатышкандардын өздөрүнө кайра айтып беришет, алар муну азыр эле өздөрү айтып беришкендигин унутуп коюшкандай, жантыгынан жата калышып жанталаша угуп киришет. (Эми ойлосо, Кадырмамбеттин өлүмү жөнүндөгү талаш адегенде ар бир үй-бүлөдө өзүнчө башталып, ар бир эрди-катын бул маселени өз ара электен өткөрүп, айда жанчып-ийлеп, атайын даярдык, такшалуудан өткөн соң, анан эл алдындагы чоң таймашка чыгышчу көрүнөт. Анткени атасы менен апасы да Кадырмамбеттин өлүмү боюнча кээде кадимкидей чукчуңдаша кетерин бала байкап калчу, бирок алар баланын да кулак түрүп калганын көрөөрү менен: «Баргын, бул бала укчу сөз эмес!..» — деп аны кубалап жиберишчү.)

Бирок баары бир эл деген эл да, ал да суу сыяктуу агып турушу керек эмеспи, аккан суу менен шордуу Кадырмамбет да кошо агып, анын карааны бара-бара үлбүлдөп көрүнбөй кала берди. Анын үстүнө өлүктү өлүк жууп кетет көрүнөт, Кадырмамбеттен кийин бул айылдан өлүк чыкпай койду дейсиңерби – чыкты, ошол жаңы өлүк эски өлүктүн дымын чыгарбай жууп кетип турду. Улам жаңы өлүк чыккан сайын, Кадырмамбет да жээкке сүрүлүп, анын ордуна жаңы өлүк суу үстүнө калкып чыгып, акыры Кадырмамбет да, анын тегерегиндеги уу-дуу да унуткарылып, Кадырмамбет да, анын айланасындагы ызы-чуу да бул жарык дүйнөдө эч бир болбогондой, жашабагандай, дымы чыкпай калды.

Ал эми бир мезгилде баланы жан-алакетке түшүрүп, дүйнөсүн төрт чарчы кылып абдыраткан ушул окуя баланын эсинде калды бекен? Калыптыр, ошон үчүн ошол окуяны бүгүн силерге төкпөй-чачпай айтып берип отурбайбы. Бирок чу дегенде моюнга алып коюу парз: бала аны азыр атайы эстейин деп эстебейт — ага эстеттирет. Мына, түн ичинде эшикке чыгып калганда, кээде капысынан эле баягы түн эсине шак дей түшөт да, эки жагын элеңдей карап алат. Бирок ал алигиче түндөрдү бир-биринен айрый албай келет, aгa түндүн баары эле бирдей, анан: «Түн дайыма эле караңгы болот да…» — деп өзүнчө шыбырап коёт. Шыбыраган ким: бул азыркы өзүбү же заара кылам деп, апасын ээрчитип чыккан баягы балабы? Билбейм дегендей ийнин куушурат. Анан кээде туруп-туруп эле тула бою дүркүрөй түшөт — өзүнүн бала чагында болуп өткөн бир окуяны, ошол окуядан улам өзүнүн жандүйнөсүн будуң-чаң түшүргөн алааматты анын кулагына кимдир бирөө үзүл-кесил шыбырап жаткандай болот: «Ооба, ал киши өлөрүн билчү, кишинин өлгөнү жаман экенин да билчү, анткени киши өлгөндө тирүү кишилер бакырып-өкүрүп ыйлап атышпайбы. Бирок киши жөндөн-жөн эле өзүнөн өзү өлүп калат деп ойлочу, жок, ал киши эмне үчүн өлөт деп таптакыр ойлочу эмес.

Ооба, ал киши өлөрүн билчү, бирок кишини киши өлтүрүп коёрун ал түк билчү эмес; көрсө, киши жөндөн-жөн эле өлбөйт экен да, аны өзүндөй эле башка бир киши өлтүрүп коюшу да мүмкүн экен да!.. Ал өлүк деген өлүк, алар бир-бирине окшош болот деп ойлочу, тирүүлөр бир-бирине окшошпойт, а өлүктөр бир-бирине окшош болот, анткени алар өлүк да деп ойлочу. Көрсө, өлүктөр деле бир-бирине окшошпойт экен, ар кандай болот экен, ушуга карап тирүүлөр да өлүк үстүндө ар кандай «өлүшөт» экен. Дагы… дагы…» Жок, муну башка бирөө эмес, а өзү шыбырап жаткан болот. Анткени бала кезинде башынан кечирген ушул окуяны ал кийин-кийин башкаларга далай жолу айтып бербедиби, бүгүн деле айтып калат. Улам айткан сайын, улам башка окуяны айтып жаткандай туюла берет өзүнө. Бирок кеп мында деле эмес. Кеп бала азат бойду тик тургузган бул окуяны өз башынан кечирбегендей, бул окуяга таптакыр тиешеси жоктой, аны уккандарды таң калтыруу үчүн жөн гана оюнан чыгарып айтып жаткандай болгондугунда болуп жатпайбы!

Бир маалда ушу жосуну эсине кылт эте түшөт да, жүрөгү бир зырп этип алат. Анан куду баягы бала кезинде бир нерсесин жоготуп жибергенсип кайпастап калгандай, азыр да кайпастай баштайт. Эми эмнесин жоготту? Дагы эле өзүн жоготкон тура. Жоголгон да өзү, аны жок кылган да өзү. Акыры өзүн-өзү кемирип отуруп, биротоло жалмап салгандай туюлуп кетет да, сай-cөөгү канчалык зыркырабасын, өз оюна макул болбогондой, башын чайкай берет. Дал ушул маалда негедир ошол каргашалуу окуяда өзүнүн карегине биротоло орноп калган, анда-санда элди бир кылыя карап коюп, түнөрө жер тиктеген Керимбектин элеси көз алдына тартыла калат. Бул элес Керимбек экөөнүн жолугушканын эске салып, ал жеңилдей түшөт. Бала анда университеттин экинчи же үчүнчү курсунда окуп жатса керек эле. Жайкы экзамендерди жакшы тапшырып, санаасы тынч компоё автовокзалга келген. Белетке кезекке турганда, алды жактан Керимбекти көрүп калды. Кайдан көрдүм эле деп ойлоп отуруп, анан тааныды. Аны бала айылга барганда, анда-санда гана көрүп калчу. Керимбек шоопур болгондуктан, үйүнө көп деле токточу эмес. Ойлоп көрсө, экөө бир да жолу бетме-бет жолугушуп, сүйлөшүп көрүшпөптүр. Бирок Керимбек баланы шыдыр эле тааныган:

— Ой, сен Абдырайым байкенин баласысыңбы? Эмне, үйгө кеткени турасыңбы? Мен дагы… Жана эле акчаңды маа бере койбойт белең, очурутка туруп убара болбой….

— Жок… Мен өзүм эле… — деген бала оңтойсуздана.

— Мейли анда… Эми силер… — Тиги күлүмсүрөй ары басып барып, балага кайрылган. — Экөөбуз чогуу кетет окшойбуз, автобуста бирге олтуралы, эрмектешип дегендей…

Бала негедир сүйүнгөн. Баарынан да баланы жазбай тааныганына сүйүнгөн. Анан сырткы келбетине, жайдары мүнөзүнө суктанган. Анда-санда элди кылыя карап коюп, анан үңкүйүп жер тиктеген Керимбектин азыр бири жок. Зыңкыят. Жаркылдап кабагы ачык. Экөө автобуста бир орунга олтуруп, айылга жетер-жеткенче чер жаза сүйлөшүп келишкен. Керимбек шоопур болуп иштесе да, кызыкпаган нерсеси жок экенине, көптү билерине бала таңданган. «Бу киши окуганда…» — деп өзүнчө шыбырап, суктана башын чайкаган. Баланын кайсы окуудан окуурун, канчанчы курста экенин да билет экен. Бала буга да таң калган. Кандай окуп жатканын, жатаканада турмушу кандай экенин, айтор, баланын ал-жайын толук сураган. Жөн гана көңүл үчүн ооз учунан сурап койбостон, чын ниетинен тынчсыздана сураган. Баланын көңүлү көтөрүлүп, ичи жылып, мындан да жакшы окугусу келип кеткен. Экөө автобустан чогуу түшүп, Керимбек жолдон калып калган. Коштошоордо:

— Сенин гезит-журналдарга жазгандарыңдын баарын калтырбай окуп жүрөм. Маладессиң, дагы жаза бергин. Биздин айылдан деле бир жазуучу чыксын да, ыя? Же, эмне, айылдын баары эле мендей шоопур болушу гана керек бекен! ..- деген ак дилинен.

Бала бул сөзгө кадимкидей дердейип, колундагы оор жүк менен үйүнө кандайча жеткенин билбей калган. Үйгө кирген соң Керимбекке жолукканын узун жомок сөз кылып, айда бир жарпы жазылган эле…

*  *  *

…Бала (кайдагы бала, бир кезде телинген козудай атасынын артынан калбаган бала бүгүн өзү төрт баланын атасы болгон, бирок биз, ошентсе да, аны азыр деле бала дей береличи) атасынын ноокастап төшөктөн тура албай калганын угуп, шыдыр эле айылга жөнөдү. Үйдө атасынын атайы энчилеп алгандай өз орду бар эле: ал ортоңку бөлмөдө болчу, төшөгү дайыма салынуу, ушу жерде тамак ичет, күн-түн дебей ушул жерде уктайт, ушул жерде отурат. Кийинчерээк айылдагы үйүнө келген сайын, баланын ичи күйүп, кимдир бирөөгө кекенгендей, дайыма ындыны өчүп кайтар эле. Анткени ар дайым айылга жөнөгөндө жамандык-жакшылыктын биринен да калбай, дайыма баш-көз болуп жүргөн баягы атасын көрөм го деп ниеттенип барчу. Барса эле, баягынын бири жок: кийинки кездерде атасы үйдөн да чыкпай калыптыр, чыккысы келбейби же чыгууга дарманы жетпейби, айтор, күн-түн дебей меш жакка аягын сунуп коюп, баягы ордунда жатканы жаткан. Эшикке чыкканды мындай кой, ошол өзү жаткан бөлмөдөн башка бөлмөгө киргенге, баш бакканга мойну жар бербегендей. Баарынан да эч ким менен сүйлөшкүсү келбей, сүйлөшүп жаткандарды сүйүңкүрөбөй, ары оодарылып кеткеничи. Эмне, сүйлөшкөнгө, сөздү укканга да дарамети калбай калганбы?!.

Маңдайында илинип турган кара сакалчан, кара тебетейчен, муңая тиктеген өз сүрөтүндөй сүйлөбөйт да кыймылдабайт. Коштошоордо да башын жаздыгынан араң көтөрүп, кайдыгер гана: «Аа, алдыңа кетейиндер, кетейин дедиңерби, анда баргыла эми, ишиңерден калбагыла»,-дейт да, жүздөрүнөн сүйөр-сүймөксөн болуп коёт. Жада калса өбүүгө да жарабай калгандай! Муну көргөн сайын баланын сай-сөөгү сыздап, кимдир бирөөгө кекенгендей, жүрөгү жолду карата эзилип келет: «Карылыктын берер берекеси болгону ушулбу? Эгер карылыктан тапканың ушул болсо, эмне үчүн көп, узак жашайын деп жанталашасың, деги эле жетер жериң ушу болгон coң, эмне үчүн жашагың келет! ..»Чын эле, атасы бул жолу өтө катуу жыгылган экен. Бала жанына барганда, бир нерсени туйгандай, көзүн акырын ачты да, аа… келдиңби дегендей башын ийкегилегендей болду. Жок, ал башын ийкейин деп ийкей албады, башын ийкегилеп жатканын бала анын тунара баштаган көздөрүнөн гана туйду. Эртеси эртең менен бала атасынын жанына дагы келди, ал көзүн ачып жатыптыр.

— Кандайсың, ата? — деди бала корккондой.

— Аа, алдыңа кетейин, мени сурайсыңбы…- деди атасы кадимки соо кезиндегисиндей эле. — Жакшы элемин…

Бала сүйүнүп кетти, атасынын тилге келип сүйлөгөнүнө сүйүндү. Атүгүл атасы оорубай эле, жөн гана анткорлонуп жаткандай туюлуп кетти. «Жөн эле коркутуп жаткан го…» — деп ойлоп койду. Эмне экенин өзү да билбейт, негедир бала ошондо атасынын жанына жаткысы келип кетти. Айтпадыкпы, атасы дайыма меш жакты тээп бөлмөнүн дал ортосунда жатчу. Бала атасынын жаздыгына башын койду да, аягын солго сунуп жата кетти. Атасы да бир нерсени туйду көрүнөт, бир маалда арык, алсыз колу менен баланын башынан сылагылады да:

— Аа… алдыңа кетейин, жанымдасыңбы? — деди.

— Ооба, ата, жаныңдамын…

— Аа… — Кайрадан башынан сылагылады. — Эмне үңкүйөсүң?…Бала чочуп кетти:

— Үңкүйгөн деле жокмун…

— Жок, көрүп турбаймынбы… — Атасы алсыз күлдү. — Мага эмнеге үңкүйүп… Мен баарына тойдум го… — Көпкө дымып калды да, негедир ачуулана кетти. — Бу айылда киши өңдүү киши деле калбай калыптыр… Таң заардан бери ойлоп отурсам, Керимбектин дайынсыз жоголуп кеткенине мына быйыл туура төрт жыл болуптур, эч кимиси издемек түгүл, ойлоп да койгон жок. Илгери кара башыл киши эмес, ит жоголуп кетсе да… — Сөзүн улоого дарманы жетпей калдыбы, кайрадан үндөбөй калды.

Кайсы бир жолу айылына келгенде: «Керимбек көптөн бери дайынсыз жок. Үйүнө келбей жатыптыр…» — деп эл дүрбөлөң түшүп жатканын бала уккан. «Дагы эле табыла элек экен да…» — деп ойлоп койду кайдыгер гана.

— Ушинтип Кукемдин тукуму үзүлөбү, ыя?!. — деди атасы кайра. — Жалгыз эркеги Кадырмамбети тигинтти эле, эми жалгыз небереси Керимбеги минтсе… Тукум үзүлөт деген ушу да…

Бала селт этти. Кадырмамбеттин атын укканда, баягы каргашалуу окуя көз алдынан алеки заматта чубап өткөндөй болду. Анан Кадырмамбетти ким өлтүргөнү табылбай калганы, элдин баары тең Кадырмамбетке ким даап кол салгандыгы тууралуу кызыл чеке болуп талашып-тартышкандыгы эсине шак дей түштү. Бул жерде бир нерсе жетишпей жаткандай туюлду. Аны тапкандай болду да, жүрөгү бир тыз этти — Кадырмамбетти ким өлтүрдү деп ошондо бирөө да кыйкырып чыкпаптыр да. Кызык, чын эле, ошондо Кадырмамбетти ким өлтүрдү деген жан болгон эмес экен да. Болгону ага даап ким кол сала алды экен деген суроо гана баарынын тең бүйрүсүн кызытып, кызыл кыргынга түшүрүптүр да. Бала буга айраң-таң кала башын чайкады да, каргашалуу ушул окуя тууралуу канча жолу кеп кылса да, Кадырмамбетти ким өлтүрдү деген суроо бир да жолу өзүнүн башына да келбегендигин ойлоду. Башын чайкап, кыйлага турду.

— Кадырмамбетти өлтүргөн киши да табылбай, билинбей калды эле… — деди анан үзүл-кесил. — Эми минтип…

Муну укканда атасы, ооруп жатканын унутуп калгандай, башын шак көтөрдү:

— Кандай билинбей, табылбай!.. — деди баладан сөздү жулуп алып. — Сонун эле билинген…

— Эмне билинген?

— Ким өлтүргөнү…

— Ыя?!.— Бала да чочугандай башын шак көтөрдү. — Ким?

Атасы кыйлага дымып туруп:

— Ким болмок эле…- деди кайдыгер гана. — Баласы да. Өз баласы… Керимбек…— Жеңилдей түшкөндөй, башын кайра жаздыкка койду. Бала, башка жегендей, эси эңгирей түштү. Сүйлөй албай калды.- Ыя?! — деди анан демин араң чыгара. Өзүнчө шыбырап кирди. — Баласы… Өз баласы… Керимбек…

Атасы болсо баласын унутуп калгандай, бирде ачууланып, бирде муңканып, бирде боору ооруп, бирде кекенип, өзүнчө эле сүйлөнүп жатты:

— Ошо чычкандай болгон баланын колунан эмне келмек эле?!. Аны тукурушту да, үйрөтүштү да… Болбосо, өлтүрүү керек деген ой анын оюна кайдан келмек? Үйрөтүштү: мындай кыл, тигиндей чап, сенден эч ким шек санабайт… Карачы, баарыбызга күн көрсөтпөс болду, сага бизден бешбетер, качанкыга чейин эле ушинтип дешип… Анан бала да… Жер жамандап барбасын, чынында кудай урган Кадырмамбеттин өзүндө да бар эле… Бир токтоно албай койду го: урунуп-беринип эле, баарын кууруп… Оо кургурум, ошентсе да, жүрөгүндө жалы бар, көзү жок курч, айкөл эмес беле… Акыры түбүнө жетип коюшту… Тукурушту… Ооба, тукурушту… Атасынын үнү чыкпай калды, бирок оозун кыбыратып жаткандыгы билинип турду.

— Кимдер… — деди бала эңги-деңги, — тукурушту?..

Атасы кайрадан кыйлага үндөбөй  турду да:

— Кимдер болмок эле… — деди баягындай эле кайдыгер. — Иттер да. Өздөрү да. Өзүнүн эле карачечекей туугандары. Билинбей калат дешти да… Жамандык деген билинбей койбо-ойт…

— Анан… силер, эмне, билчү белеңер? ..

— Эмнени?

— Тиги… Өлтүргөндөрдүчү.

— Билчүбүз. Балдарды билбейм, чоңдордун баары тең сонун эле билишчү.- Дымып калды да. — Бир билбесе, бирөө эле билбей кетти окшойт.

— Ким?

— Курман кургурду айтам. Кукем… Ошол… Ал деле билбесе да туйгандыр…

Экөө тең үндөбөй калышты. Атасы эмнени ойлоп жатканын ким билсин, а баланын ою чакчалакей эле түшүп жатып калды. Анан ушул маалда атасы менен апасы Кадырмамбеттин өлүмү боюнча өз ара чукчуңдаша кетишкенде, аны жандарына жолотпой дайыма кубалап жиберишкендиги эсине келе калды да, дагы бир туңгуюкка келип кептелди.

— Анан… деди акыры туталана. — Билсеңер… Баарыңар. Эмне үчүн айткан жоксуңар? Милийсалар… милийсалар күн сайын эле сурап үйгө келип жатпады беле! .. Бириңерди койбой сурап чыкты эле го…

Атасы кыйлага жооп кайтарган жок.

— Аа, балам… — деди анан оор дем ала. — Сен… Сен алигиче эле бала бойдон турбайсыңбы! Айтканда шерменде болбойт белек, бүт айыл шерменде болбойт беле! ..— Ушинтти да, нааразы болгондой там жакты карай оодарылып кетти.

Ушундан эки-үч күн өтпөй, ал жүрүп кете берди. Айлуу түндө атасынын сөөгүн кайтарып отуруп, бала эмнегедир балалыгын атам мага качан айга жете турган тепкич жасап берет деп күтүп жүрүп өткөрүп жибергенин эстеди…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *