Мен ким болгум келет?

Мен Базарбаева Айбийке азыр 10-класста окуп жатам жана кесипти тандоого болгон алгачкы чекитимди коюучу учур жакындап, тынчым кетип баратат. Жашоодо эки нерсени туура тандоо керектигин билем, алар – жубай жана кесип тандоо. Сөздүн тереңинде бул нерселер менен өмүрүңдүн аягына дейре чогуу болоруң эскертилген.

Ойчул Сократ үй-бүлө күтүү тууралуу: «Үйлөнсөң да ,үйлөнбөсөң да өкүнөсүң» деп жаш жигитке жооп берген экен.

Адамдар муз аянтчасына атайы жыгылгысы келеби? Менимче, жок. Кокустан эле жүрөк сүйбөгөн кесипти үйрөнүп, катачылык кетиребиз. Өзүбүз түшүнгөнгө чейин башкаларга да зыяныбыз тиет. Учурда 2017-жылы койгон пландарым жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) ийгиликтүү даярданып, 2018-жылы Медакадемиянын студенти болуу. Оюмда өз ордумду аялдардын алкышына татыган гинекологиядан же стоматологиядан көрөм. Менин акушер-гинеколог болуу максатымдын себеби, наристелерди жакшы көрөм алардын киндик-энеси болуу сонун эмеспи. Стамотологиядан да жогорку билим алсам дейм. Кыргызстанда мен билгенден тишке кам көрүү өтө жетишсиз же тиши ооруй баштаганда аны дарылагандан мурда жулдуруп салгандар көп.

Азыр болсо химия-биологиядан жакшылап окуп жатам. Айыл жеринде билимдүү кадрлар кем болгон үчүн бир аз кыйын. Бирок менин билимдүүлөр гана жеңип чыгышына көзүм жетет. «Генерал болгусу келбеген солдат, солдат эмес» деген сөз бар го. Мен да башкы дарыгер болгум келет. Энем жыл сайын 2 жолу ооруканага жатат. Орун жок болгон үчүн акча сунуштайбыз. Менин байкоомдо акчасыздарга начар мамиле жасалат.

Базарбаева Айбийке

Жалал-Абад облусу, Базар Коргон району, Үч Булак айылындагы Алтай Осмонов атындагы мектептин 10-классында окуйт. 

P.S. Балдар чыгармачылыгы боюнча сынактын жобосун береги шилтемден тааныша аласыздар: КОНКУРС

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *