Нааматов Сатыбалды 1905-жылы Ат-Башы районундагы Жаңы-Күч айылынын Балагазы деген жеринде туулган. Кадимки «Манас» жыйноочу Ыбырайым Абдрахмановдон окуп, сабатсыздыгын жойгон. Кийин Ат-Башы айылындагы орус-тузем мектебинен окуган. 1926-27-жылдары Алматыдагы Казак-кыргыз эл агартуу институтун бүтүргөн. 1927-жылдан баштап Кыргызмамбаста редактор, Наркомпросто методист, педтехникумда мугалим, Кыргыз педагогиялык институтунда окутуучу болуп иштеген. 1937-жылы сентябрда жалган жалаа менен репрессияланган, кайсыл жерде каза болгондугу белгисиз. Күнөөсү жоктугуна байланыштуу 1957-ж. акталган.

С.Нааматов алгачкы агартуучулардын, окуу китептеринин авторлорунун, кыргыз адабиятын негиздөөчүлөрдүн бири катары белгилүү. 1928-жылы 28 беттен турган «Жөжөлөр. Молдо Сасык» (тестиер балдар үчүн), 1930-жылы 48 беттен турган «Тынымкан» (аңгеме) деген китептери жарык көргөн. «Жаңы маданият жолунда» деген илимий-педагогикалык жана адабий көркөм журналдын 1928-жылдагы № 3-7 сандарына «Барса келбес сапар» аттуу повести, «Кызыл Кыргызстан» гезитинин 1928-жылдын 2-февралындагы санына «Ким жазыктуу» деген аңгемеси жарыяланган.

«Кыргыз совет адабиятынын тарыхында» (1-том, Илим, 1987. 63-73-беттер) «Түштүктө жер төңкөрүшү» деген поэма, «Аял» деген ырлар циклин, «Шексиз тилек» деген аңгеме жазгандыгы айтылат. Андан сырткары ал «Эрксиз күндөрдө» (С.Карачевдин аңгемеси боюнча), «Ленин тууралуу» деген сын макалаларды жазган. «Он алты жыл» деген пьеса, Гоголдун «Текшерүүчүсүн», Д.Фурмановдун «Козголоңун» которгон.

Ал кыргыз тилин окутуу методикасын негиздөөгө чоң салым кошкон. 1930-жылы чыккан “Эне тилинин методикасы” деген эмгегинде тилдин келип чыгуу тарыхы, балдарды окуганга, жазганга үйрөтүү, балдардын сөзүн өстүрүү, көркөм чыгармаларды окутуу методикасы көрсөтүлгөн. Ал эне тилди окутуу боюнча алгачкы методикалык эмгек болуп эсептелет. Эне тилди окутуу методикасы боюнча 5 китеп чыгарган. Эне тилин окутуу боюнча алгачкы программаларды түзүп, студенттерди алгачкы жолу педагогикалык практикага алып барган да С.Нааматов болгон. Ошентип ал кыргыз тилин окутуу методикасын негиздеген окумуштуу катары белгилүү.

1928-35-ж. «Сабатсыздык жоюлсун» (чоңдор үчүн алиппе), «Кичинекей колхозчу» (балдар үчүн алиппе), «Окуу китеби» (2 бөлүктөн турат, 3 жолу басылган), «Сабаттуу колхозчу» (7 жолу басылган), «Тунгуч» (аялдар үчүн окуу китеби) ж.б. китептерди жазган. Бул окуу китептерине башка акын-жазуучулардын чыгармалары менен катар эле өзүнүн чыгармалары да кирген. Ошол мезгилдеги окумуштуу, жазуулар И. Арабаев, К.Тыныстанов, А.Токомбаев, М.Элебаев, М.Токобаев, К.Баялинов, К.Маликов, Б.Кененсарин ж.б. менен ийиндешип бирге иштеген.  С.Нааматов “Анык политехникелешкен мектеп үчүн күрөшүү”, “Тилибиздин методикасынан” (1932) деген кыргыз тили боюнча усулдык эмгектерди да жазган.

Ошол мезгилде элдин сабатсыздыгын жоюу, алиппени окутуу усулу боюнча көп эмгектенген. Бардыгы кыркка чукул китептин автору болгон. 1929-жылы кыргыз жазмасы араб алфавитинен латын алфавитине өтө баштаган. Демек, латын алфавити менен чыккан алгачкы китептерди жазган да ушул киши болгон. 1930-35-жылдардын аралыгында эле анын балдар үчүн 5, чоңдор үчүн 7 алиппеси жарык көргөн. Ошентип С.Нааматов алгачкы агартуучу, башкача айтканда ошол кездеги мугалимдердин мугалими болгон.

Зыяш Бектенов «Замандаштарым жөнүндө эскерүү» аттуу китебинде (Бишкек, «Адабият», 1992) «Ошол мезгилде кыргыз жазуучуларынын ичинен карасөз менен аңгеме жазгандардын чеберлери: Касым Тыныстанов, Сыдык Карачев, Касымалы Баялинов, Сатыбалды Нааматов, Узакбай Абдукаимов жана Ташым Байжиевдер болучу» (111-бет), «Сатыбалды Нааматовдун ылакап аты Эпкин болгон» (52-бет) десе, Салижан Жигитов «… кыргыз совет адабиятына негиз салгандардын ичинде С.Карачев менен К.Тыныстанов экөөнөн башкалары да бар. Алардын көрүнүктүүлөрү деп Бөрү Кененсарин, Сатыбалды Нааматов, Шарип Көкөновдорду атасак болот» дейт («Унутулгус инсан», Советтик Кыргызстан, 25.10.1989). «…Булардан сырткары улуттук басма сөзгө өздөрүнүн ырларын, поэмаларын жарыялашкан, жаңы поэзиянын пайда болушуна жана өнүгүшүнө белгилүү деңгээлде эмгек сиңиришкен Ж.Жамгырчиевдин, Б.Кененсариевдин, С.Карачевдин, С.Нааматовдун, М.Токобаевдин поэтикалык тажрыйбалары тууралуу сөз жүрөт» («Кыргыз совет адабиятынын тарыхы», 1-том, 1987-ж., аттуу китепке карата жазылган Киреше Иманалиев менен Абдылда Мусаевдин «Жаңы бийиктиктен» деген макаласынан, «КМ», 23-02, 1989). «Кызыл учкундун» жыйынына келип, акыл-насаат айтуучулардын ичинде Аскар Идрисов, Сатыбалды Наматов, Бөрү Кененсарин болор эле» (Т.Кекиликов, «Ленинчил жаш», 7.02.1989). «…Б.Данияров, С.Нааматов жана башка көптөгөн кадрлар биринчилерден болуп алган билимдери, жаңыдан ачылып келе жаткан чыгармачылык таланттары, күжүрмөн ишмердиктери, күлгүндөй жапжаш өмүрлөрү, социализмдин жолуна жаңы түшкөн кыргыз элинин адабий-маданий майданын терең байыта албай, 30-жылдардагы репрессиянын каардуу жылдарына туш келгени кейиштүү» (Ж.Сагындыкова, тарых илимдеринин кандидаты, МГ, 22.12.1989). Абдрасул Токтомушевдин эскерүүсүндө: А.Осмонов С.Нааматовду «Биздин мугалим» деп атоочу» дейт. С.Нааматовдун жазуучу экендигин билдирген маалыматтар жазуучу Самсак Станалиевдин «Касым Тыныстанов (Чагылгандын көз жашы)» (Бишкек, 2001) деген романында да жолугат (251, 266, 314, 324-беттер).

Ошол мезгилдеги “Жаңы маданият жолунда” журналына, “Кызыл Кыргызстан” гезитине мектептердин абалы, мугалимдердин көйгөйлөрү, окутуу абалы ж.б. жөнүндө байма-бай материалдарды жарыялап, кыргыз журналистикасынын да башатында турган.

Ал эми «Нарын облусу» деген энциклопедияда С.Нааматовго «кыргыз адабиятын негиздөөчүлөрдүн бири» (303-бет), Б.У.Урстанбеков менен Т.К.Чороевдин «Кыргыз тарыхы» аттуу кыскача энциклопедиялык сөздүгүндө (КСЭ, Фр., 1990) «тилчи, жазуучу жана илимпоз», академик Үсөн Асановдун «Кто ест кто в киргизской науке» (1997), «Кыргызская наука в лицах» (2002) деген китептеринде да окумуштуу, жазуучу деп аныктама берилген. «С.Нааматов убагында көп иштерди аткарып, «Алиппеден» баштап ондогон окуу китептерин жазуу менен жогорку окуу жайларына кыргыз тилинин усулдуган дарс окуп, көп сабактардын план-конспектилерин түзүп, кыргыз тилин окутуу усулдугуна негиз салганын», агартуучулук, педагогикалык, илимпоздук эмгектери жөнүндө илим доктору, профессор Аскар Осмонкулов көп жазган.

Ал эми жаш окумуштуу Өмүркул Өмүрзаков «Сатыбалды Нааматов – окумуштуу-педагог» (Бишкек, 2002), профессор Э.Мамбетакунов менен Ы.Кадыров “Сатыбалды Нааматов” (Бишкек, 2010) деген китеп чыгарышкан. Ошентип агартуучу, окуу китептеринин автору, жазуучу, балдар жазуучусу, акын, драматург, котормочу, сынчы деген өнөрлөрдү алгачкылардан болуп өздөштүргөн, өз дарамети жетишинче аларга алгачкы чыйыр салып, элинин сабаттуу, билимдүү болушу үчүн жан аябай эмгектенсе да ак жерден караланып, репрессияга туш болгон С.Нааматов дээрлик 70 жылдан кийин гана элине кайтып келди.

С.Нааматовдун китепканада сакталып калган, изилдөөчүлөргө белгилүү болгон эмгектери 1928-1935-жылдар аралыгындагы гана китептери. 1935-жылдын жарымынан 1937-жылы сентябрда  камалганга чейинки эмгектери эмне болгону ушул кезге чейин изилдөөчүлөргө белгисиз. Ошондой болсо да ал аз эле убакытта көп иш жасаса болорун далилдеп кетти, башкача айтканда, ал дээрлик 7 жылда эле 40ка жакын китеп чыгарып, ошол кездеги жазуучулардын, агартуучулардын ичинен эң көп эмгек, эң көп китеп чыгарып, рекорд койгон адам болгон. Ал окумуштуулук даража албай туруп эле угуттуу илимий иштерди жасаса болорун да далилдеди.

Мына ушинтип каардуу репрессиянын курмандыгы болуп, унутта калган С.Нааматовдун элге жасаган эмгегин чөп башылап гана айтып кеттик. Анын илимге, билим берүүгө, адабиятка, журналистикага сиңирген эмгеги изилденип, адилет баа берчү учур али алдыда. Эң негизгиси – канаты кайрылып, калкынан айрылып айдалган шумкар элине кайрылып келди. Кыргыз элине кылган кызматы бааланып, 2010-жылы Нарын мамлекеттик университетине ысымы ыйгарылган. Эми анын үнү Теңир-Тоодогу университеттен шаңшып угулуп турмакчы.

 Ысмайыл КАДЫРОВ, Нааматов изилдөөчү, жазуучу-журналист

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *