Оноре де БАЛЬЗАК
(1799-1850), француз жазуучусу

Кандай бийлик болбосун жашыруун кеби бүтпөйт.

* * *

Аялың нанды ысырап кылба дегени – демек, каптагы ундун калбай баратканы.

* * *

Аялдар улам картайган сайын эркектердин көңүлүнө жагыш үчүн кудайга жалынат.

* * *

Өкмөт эчкачан күнөөсүн моюнга албагандай, эркек да жалаага моюн бергиси келбейт.

* * *

Адам түзүлүшү кандай экенин билбеген бозуланды үйлөнткөн болбойт. Ал адегенде ургаачынын этегин түргөндү үйрөнсүн. Анан үйлөнсүн.

* * *

Кылтыңдаганын билдирбес аялды жаманатты кылуудан ойношу да коркот.

* * *

Ала жипти көп аттаган эркек аялынан көп шектенет, көп кызганат.

* * *

Атак – пайдасыз товардай. Баасы да кымбат. Сактап туруу кыйын.

* * *

Ашкере сулуу айымдар же суз көрүнүп, же жалжаңкелиги менен башкалардан бөлүнүп турат.

* * *

Эркектин насил-наркы мындай: кашкайган канча далилдерге каршылык кылат да, өзүнүн жападан жалгыз көзкарашына каршы болалбайт.

Сэмюэл БАТЛЕР
(1835-1902), англис жазуучусу  

Баардык жамандыктын тамыры кайда? Акчада. Ал барбы, жокпу – кубалаба. Түбү жакшылыкка алып барбайт.

* * *

Өмүр – өмүрүңдө комузду эч чертпей жүрүп, эл астына чыкканда үйрөнүп кеткендей кеп.

* * *

Каракчылар «капчыгыңды бер же каражаныңды» десе, катындар «капчыкты да, каражаныңды да алам» дейт.

* * *

Жаратылыш – көз боемочуга окшош: андан көзүңдү тарталбайсың.

Никола ШАМФОР
(1741-1794), француз жазуучусу

Фонтенель өмүрүнүн акырына келип, токсон бешке чейин бойдок жашаганы үчүн өкүнүптүр. Эстесе, түйшүк тарткан жашоо көрбөптүр.

* * *

Аял жөнүндө эркек кандай жаман ойлобосун, эркек жөнүндө аял андан бетер жаман ойдо.

Кыргызчалаган Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *