«Чын. Билем. Өмүр кымбат…
От жагып жылуу үйдө жашайын дейм
чиркин-ай, көмүр кымбат»
деди да Абитайым жатып албай
төштөгү сарайдагы
тезек чапкан чабандарга кезек берип,
алардан арткандарын түк калтырбай
келди да тезек терип,
тепкедей жерди болжоп арадагы
тоодой тезек түшүрдү
түтүн чыкпай томсоргон
төрт бөлмөлүү үйүнө калаадагы.

Күжүрмөн Абитайым
күүлөнүп жана дагы,
куураган отун көрсө талаадагы,
койнунан кол араасын сууруп чыгып,
кыйкаңдап күнү-түнү араалады…

Кыш түшүп, көк түгөнүп,
көк курусун,
кышка деген эт түгөнүп,
киши-кара келе калса жатагына
кызарып бет түгөнүп
куру суу кайнатпастан казанына
ойлонуп көпкө турбай
Абитайым башын кашып,
эбин тапты
эттин да…
отун сатып…

Бул акылым узакка болбостур деп,
отун менен капчыгым толбостур деп,
тоок бакты кукулдатып,
жем ташып талаа-түздөн
тыпылдатып,
көбөйтүп жиберди эле быкылдатып,
кошуналар келчү болду
дарбазасын тыкылдатып:
“Тоокторуң күнү-түн кукулдашып,
корозуңуз кыйкырып там башында,
күйөөм, балам уктабайт
түнү бою
таш төшөнүп жаткансып жамбашына”.

Кошуналар күн сайын кыжылдашып,
көбөйүп баратканда ызылдашып,
кежеңдебей  тынч жүргөн Абитайым
адатынча турду да башын кашып:
Тоокторун туш келди сатты дагы,
бар байлыгын жоготкон соодагердей
баш көтөрбөй бир жума жатты дагы
бир сийгенде бир чака шаркыраткан,
бир ыйынса
бир көчөнүн баш-аягын
балжыраган бок кылып даркыраткан
каңкайган сөөгү эле бар эти кеткен,
“өш!” десең өйдө баспай,
ылдый кеткен,
окшуюп эки көзүн жалдыраткан,
тап берсең тарталактап эси кеткен,
арзан деп бир кунаажын сатып келди
бракка чыгып калган өкүмөттөн.

“Карап тур кандай сонун
уй кылам деп,
Балактап баралына толгон кезде,
сүт менен бир көчөнү суй жыгам” деп,
ыркыйган кунаажынга ырын айтып,
көргөнү келгендерге сырын айтып,
тындырбай жемин берип,
чөбүн берип,
көндүрүп койду арткан нанга дагы,
суу жокто суу ордуна…
карга дагы.

Унутуп жашы кайда,
кары кайда?
Унутуп жанындагы жары кайда?
Ыркыйган кунаажынды
чың семиртти
жанынан чыкпай жүрүп
жарым айда.

Жулунган кунаажыны кыйын чыгып,
мулуңдап мамы кашып,
жүнүн жулуп,
муңканып мөөрөй келсе мурун жулуп,
сүзөнөөк чыкты кургур жаш-карыга,
качаанак чыкты кургур жибин жулуп.

Качырып туш келгенин
челип-сүзүп,
бадал-бакты жөөлөгөн уйга
айланып,
майда чатак килейген
чырга айланып
баратканда жөн билги Абитайым:
“Түшүнөм. Баары кымбат.
Тирүүгө этиң кымбат.
Өлгөнгө кепин кымат.
Алты балам эт сурап ыйлап турса
турамын кантип чыдап?!”
деди да Абитайым
тууй элек туйлаган уюн сатып,
Токмок менен Сокулуктун
мал базарын куюндатып,
беш эчки, он кой алып
таң эрте көздөн далдоо паркка жайып,
түнкүсүн бульвар жаккы бакка жайып,
жайын таптым дегендей
жайдаң этип,
көчөнүн тартибине көндүргөнсүп,
кызыл күйгөн светофордон
айдап өтүп,
кыңылдап обон созуп турган кезде,
көрүнүп
коңшу деген
кокуй көзгө.

Бул сага айыл эмес,
коюңду ары айда деп,
ары айдатып,
бул сага жайыт эмес,
коюңду бери айда деп
бери айдатып,
куугун салып карайлатып,
кудайдын бош жерин да биздики деп
ченеп, өлчөп, чек коюп,
карыштатып,
Абитайым кол шилтеп койгон күнү
көрсөтөм деп күчөдү арыз жазып:
“Бул кошуна багам деп койду дешип,
парк, гүлзарды калтырбай сойду дешип,
койлор гүлдү, эчкиси бутак жешип
жайрап калды көчөттөр жаңы тиккен,
куурап калды дарактар кучак жеткис”.

Кошуналар жабылып колун койгон,
арыз күчөп артынан, болбой ойрон…
Жалтайлабай Абитай башын катып,
арыз сөзү сөөгүнө чындап батып,
буга чейин макул деп тоогун сатып,
буга чейин макул деп уюн сатып
ыкка көнгөн андагы Абитайым
бопоросун тартты да бурулдатып,
келген жоону сүргөндөй зырылдатып,
жини кайнап,
көзүндө
каны кайнап,
коруп турган паркына малын айдап:
“Гүлзарыңды, паркыңды жайыт кылам,
аллеяңды, бульварды чабык кылам,
оңурайган туннелди ороо кылам,
аңырайган аянтты короо кылам,
кой багам, эчки багам, жылкы багам,
эт сатам, чучук жасайм, быштак кылам,
колтугуна атыр сепкен бул шаарыңды
коңурсук кык жыттанган кыштак кылам”
деп ошентип
оозун жыйып алгычакты,
үч милийса кирип келди
аңгычакты.

“Газонду тебелетип,
гүлдөрдү  көмөлөтүп,
кой жайыпсың
парктан паркка тегеретип,
айыппул төлөйсүң деп кол койдуруп,
кеткенде жемелешип,
кабыргасы кайышып каскагына,
күпүлдөгөн Абитай туруп берди
шылдың болуп кошуна жаш-карыга.

Унчукпай турду дагы…
аягында
жулунуп сөз сүйлөдү аялына:
“Күнөөнүн баары сенде!
Же менде диплом жок,
же менде жөлөп-таяр “ислом” жок.

Шаарыңдын тилин билбейм,
заводдун жумушун кой,
бир буроо бурагыдай
билим билбейм.

Шаардан кетпейм дейсиң,
айылга көчпөйм дейсиң.
Айыл муздак, шаар жылуу,
шаарда өскөм дейсиң.
Жаа бою качасың сен
жакпайт деп айыл-кыштак,
балдарымдын айласын
таппай турам,
болбосо көчөт элем,
бир өзүңдү шаарга жалгыз тыштап!”

Сиркеси суу көтөрбөй  жүрдү Абит,
коңшулардын арызына көпкө тырчып,
“шаарыңды урдум!” деген
туңгуюк туюк сезим
күндө курчуп,
“Э-эх иттер!” деген өңдүү
ээрдин тиштеп,
тилин кырчып,
маң болуп башын мыкчып,
мал багам деген ойдон
майтарылбас
Абитайым
тайып турду,
калалбай көңүл тынчып,
канткенде
төлөймүн деп
айып пулду,
тыбырап тынч алалбай,
алдыга
аткан огу
артына кайып турду!

II
Айылдык Шарипбайым,
компьютер деген менен кошоктошуп,
компьютер эмне “жесе” ошону “жеп”,
компьютер менен жүрөт
кошо оттошуп.

Айылда жүргөн менен
аяк-башын кызыгып карап койбойт,
керилип кетмен чапкан,
чаалыгып чалгы чапкан
жаш-карыны аяп койбойт.

“Айылдык экеним чын,
мал баккан, эгин эккен
атагым жок,
эгинди көп алдыңбы,
төлүңдү кем алдыңбы,
чатагым жок”
дегендей пейил менен
коюңду көргүсү жок,
уюңду уккусу жок,
сууң менен иши жок арыктагы,
чөбүң менен иши жок чабыктагы,
а бирок башка жыйган билим менен
айыл үчүн
ал бир дөө
тарыхтагы.

Сайраган саясаттан
Шарипбайга
айылда кишиси жок
каяша айткан.

Ал окуя андай болгон,
бул окуя мындай болгон –
талдап турат
алакандай айылыңды
тизелетээр
бүт дүйнөнүн тамырын кармап турат.

Айылда кой кайтарган,
уй баккан боз балдарга,
колоктоп арак ичкен
бош балдарга,
компьютер үйрөтө албай,
“зээни жок, акмагым” деп,
“ай, ушу жаштарың” деп,
техниканын тилинде
сүйлөтө албай,
бээ байлап, кымыз бышып,
жер айдап аштык эгип,
жай-кышы жумуш кызып
ой-тоодо жүргөндөрдү
чогулта албай,
ысыса котлет жеп,
кызыса квас ичип орустардай,
жанына жан жолотпой
“секрет” деп,
компьютерге жабышып
грант жазып,
интернет деген атты минип алып
күнү-түнү чапкылайт сырактатып.

Компьютердин казанын
кайнатам деп,
акыр түбү айылды сайратам деп.
Кийиз чапан айылды чечиндирип,
костюм-шымчан шаарга
айлантам деп,
көчүгүнөн көтөрсө көтөрүлбөй,
кара жумуш дегенде кан чыгарып,
компьютерге келгенде көтөрүмдөй,
калың малды көргөндө
камчыланып,
ай, ушу айылдыктар
алдыга умтулбаган,
кенебеген
ай, ушу айылдыктар
компьютерден эки алып,
Шарипбайдан жеме жеген,
козголбогон,
кокуй күн,
өзгөрбөгөн
техниканы көргөндө тили буулуп,
жомок айтса жобурап
сөз бербеген…

Шарипбай түшүндү окшойт
акыр бир күн:
“Ээ кемпирим табым жок
такыр бүгүн…
Эгиним да компьютер,
темирим да,
компьютерге байланды
бар байлыгым,
компьютерге байланды
өмүрүм да,
үйдү сатып шаарга кетели дейм,
айыл жакшы,
а бирок
бечели көп,
компьютердин мекени шаар экен,
кана кемпир камынгын көчөлү” деп…

Шарипбай акыл салса,
кемпири башын чайкайт:
“Шаар ысык,
жаман чал,
шаар жакпайт,
шаар ысык,
жаман чал,
шаар кактайт,
шаар түтүн,
жаман чал,
түтүн каптайт,
түтүн каптайт,
жаман чал,
түтүн жакпайт.
Чүйүм, Чүйүм, Чүйүм деп
Чүйдү айтасың,
Чүйгө барсаң үйүң жок,
кимге айтасың?
Качан болсо кыялкеч кебиң жакшы,
кыялданбай шүк отур, Кемин жакшы.

Канча жылы көчөм деп
көчө албадың,
канча жылы кетем деп
кете албадың,
“көчөм”, “кетем” дегендин тарпы чыкты,
жө-өн отургун
жаман чал
айыл жакшы”
деди дагы кемпири каршы чыкты.

Шарипбайдын сөзүнүн курчу калбай,
карап калды кемпирин өмүрүндө
“каапыр кемпир тим тур!”
деп унчугалбай…

III
Ойлор көптүр Шарипбай азыр сенде,
айнектей бычыраган,
топурактай упураган,
өзүңө кел,
бириктирип билимге
жалгаштыргын,
Шарипбай
таңдан кечке
компьютерин чукулаган
айылды амалын таап
шаарга алмаштыргын.

Арпанын арасында жүгөрүдөй
адашып жүргөн үчүн
башыңды жерге салба
күнөөлүүдөй,
Шарипбай,
шаарга кел!

Сен өзүң
айылда жашап жүргөн
шаардыксың,
сен өзүң томолонуп
торго түшкөн
чаарчыксың,
Көйкөлгөн шиберге эмес,
күн ээриткен асфальтка
таандыксың.

Убара болбо досум,
алыска жол бошобойт,
айылда кол бошобойт,
шаарга кел.

Балбылдап төбөдөгү
күнү күчөп,
буруксуп тик мордогу
ТЭЦи түтөп,
далысына компьютер асып алган
дардайган шаар күтөт,
шаарга кел.

Жайлоону Жанекке бер
айдоону Айдарга бер,
малыңды Козуга бер,
чабындыны Чотуга бер,
ашканын
жер тырмаган
чалдарга бер.
Кара жумуш дегенде
кара жерди каңтарган
балдарга бер.
Шарипбай шаардыксың,
шаарга кел.
Компьютери жайнаган,
жайлоосу жок,
интернети сайраган,
айдоосу жок,
чөбү жок, сугаты жок,
күндө күчөп чуркаган күлүгү бар,
каруусунда кайраты,
калдайган чоң башында билими бар,
өлүгү бар, тириги бар
шагыраган баш жашайт,
шаарга кел,
калдайган кабат-кабат бийиги бар,
кагыраган таш жашайт,
шаарга кел.

Сен өзүң айылдагы шаардыксың,
оюң оор, кыял учкул
катыңды шаар окуп,
сөзүңдү шаар уксун,
шаарга кел Шарипбай,
шаарга кел.

Абитай,
үйүңдү сат,
айылга кет.
Абитай,
ордуңду тап,
айылга кет.

Алчудай айласын таап акча кылып,
жай-кышы күрөгүңдү тыштабайсың,
бир күнү пакса куюп,
бир күнү бакча кылып
алакандай тамыңдын
айланасын тытмалайсың.

Абитай,
шаар өгөй,
ишиң жүрбөйт,
тонналап
май куйсаң да
отуң күйбөйт,
сен шаарды сүйбөгөндөй
койкоңдогон көйрөң шаар
кой баккан
Абитайым
сени сүйбөйт!

Абитай,
калаабызда канаттуу аз,
касиет көп өзүңдө
сен билбеген,
Абитай кайрылган канатың жаз,
мейкинге чык
мелтиреп
мелмилдеген.

Абитай,
айылга кет,
жайкалган жайлооңо кет,
көгөргөн көлүңө кет,
көп жылы көзүң каткан чөбүңө кет,
көрүшпөй сагынышкан элиңе кет.

Алдыңа ашың толот,
башыңа бакыт конот,
он коюң миңден ашып,
беш эчкиң беш жүз болот.

Абитай,
көмүскөдөн
жарыкка кет,
Абитай,
корук жерден
жайыкка кет,
жабыкпай
көңүл ырдап,
көзүң жайнап,
күңгөй-тескей
күтүрөгөн
жайытка кет,
коюңду айдап…

Абитай айылдыксың,
айылга кет,
Шарипбай шаардыксың,
шаарга кел.

Айылды аңгыратпай,
шаарды жалдыратпай,
эки дос
жөнөткүлө жообуңду бат.

Экөөң тең
жайбаракат жата бербей
үйүңдү сат.

Кала электе
жол жабылып,
кар бастырып,
үй өтпөсө акылдашып үйүңөрдү
анан да кемпирлерди
үйгө кошуп алмаштырып,
Шарипбай шаарга кел,
Абитай айылга кет.

Өмүр сүр
сүйүү менен
журтуңду жалгаштырып,
бул өмүр
кайырма жол,
айырма бел,
Абитай айылга кет,
Шарипбай шаарга кел…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *