Түрк жомогу

Бар экен, жок экен, илгери өткөн заманда бир кары адам жашаптыр. Ар күнү ал токойго барып, отун алып, анысын базарга алып келип сатып күн көрчү экен.

Бир мертебе ал балтасын жана жибин алып адаттагыдай эле токойго барат. Булактын жанына жетип, чарчап: «Ох!» деп отура берерде эле бет маңдайынан бир араб пайда болот.

— Чакырдыңбы? — Булак ичинен чыккан бейтааныш сыйкырчы араб ушинткенде бечара отунчунун алкымына жүрөгү тыгыла жаздап, калтырак басып туруп калат.

— Жок… Жок… Мен чакырган жокмун!

— Кандайча чакырган жоксуң? «Ох!» деп менин атымды атабадыңбы? Ушул жерде мени күтүп тур, мен азыр келем!

Ушинтет да араб булактын түпкүрүнө кирип кетет. Анан бир паста дасторкон алып келип алдына жаят.

— Атаке, буга эми «Жайыл, дасторкон!» деп айта көрбөңүз, — дейт да көздөн кайым болот.

Отунчу дасторконду жыйып алат да, үйүнө жөнөйт. Келатып анан пенделик кылып « бул не деген дасторкон, ага араб айтканды айтып, «Жайыл, дасторкон!» деп койсом эмне болот эле?» деп кызыга баштайт.

Ойлоп-ойлоп туруп, не болсоң ошол бол деп:

— Жайыл, дасторкон! — деп буйрук берет. Ошондо эле дасторкон үстүндө он адам кеңири тое турган ар кыл тамактар жайнап калат.

— Ох, дасторкон, токто! — Анан ал каалашынча тамак жеп, балтасын, арканын алып отун да кыркпай, үйүнө көңүлдүү кайтат.

— Отунуң кана, абышка? — деп өмүрүндө биринчи жолу куру кол келген чалына таң калат кемпири.

Жооп берүүнүн ордуна абышкасы дасторконду алып, аны жазды.

— Карачы, кемпир, укмуш дасторкон! Бирок сен ага «Жайыл, дасторкон!» деп айтпагын, — дейт да өзү сыртка чыгып кетет.

Ал кетери менен аялы бул сырдуу дасторконго тигиле карап калат да:

— Жайыл, дасторкон! — дейт.

Дүйүм тамак жайнайт. Отунчунун аялы курсагы жарылгыча тоет, анан:

— Жыйнал, дасторкон! — десе, дасторкондогу жайнаган тамактар жоголуп, дасторкон ордуна келип калат.

Кечинде күйөөсү келип, аялы экөө тамактанышат. Анан эртеси таңында күйөөсү айтат:

— Кемпир, мен бүгүн түшкү тамакка кади-эфендини[1]* бүт жан-жөөкөрлөрү менен чакырамын!

Ошентет да ал кадиге барып түшкүгө конокко чакырат:

— Канча киши болсо да баарын ээрчитип биздикине түштөнүүгө келгиле, — дейт.

Түш болгондо кади толгон-токой киши менен отунчунукуна келип түшөт.

Караса же от жаккан кишиси, же мал сойгону, же бир самоор кайнатканы жок, же бир үйүнөн түтүн чыксачы, тамактын жыты жыттансачы? «Бул кишинин акыл-эси жайындабы, неге чакырды?» — деп ойлошот келаткандар.

Баары отурар менен отунчу кадинин жанында – төрдө турган дасторконду алат да, аны жаят. «Мунун сыры ушунда турбайбы» деп ойлойт казы. Анан бир жигитин тез ушундай дасторкон таап келе кал деп базарга жиберет.

Отунчу келип эле:

— Жайыл, дасторкон! — деп буйрук бергенде дасторкондун бети ар кыл тамак-ашка жайнап жатып калат.

Ошо кезде кади базарга жиберген жигит да келет.

Баары тамактанып, ичип-жеп, чардап, анан кээ бири кофе, чай ичип, чылым чегип атканда отунчу дасторконун жыйып, кайра баягы ордуна – кадинин жанына коет. Эл тура баштаганда кади акырын билдирбей дасторконду алмаштырып алып кетет.

Эртеси туруп отунчу:

— Жайыл, дасторкон! — деп кыйкырса эле дасторкондо тамак түгүл таш балакет жок. Кайра-кайра кыйкырат, эч нерсе коюлбайт.

— Карачы, кемпир, кади бизге эмне кылды?! — дейт бармагын тиштенип.

Отунчу кайрадан көнгөн жагына — токойго отунга кетет.

Токойдо ал бир-эки отун алганда эле желкеси тырышып, жаны жер тартып, кайра баягы булактын оозуна келет да:

— Ох! — деп отуруп калат.

— Мени дагы чакырдыңбы? — Баягы сыйкырчы араб бет маңдайында пайда болот.

— Сени чакырган дале жокмун. Чарчадым. Анан үшкүрүнүп, «ох» деп ийбедимби, — дейт отунчу актанып.

— Менин атым «Ох» экенин билбейт белең? Ушерде отуруп тур, мен азыр келем, — дейт да араб булактын түпкүрүнө кирип кетет.

Көп өтпөй эле ал бир эшек жетелеп чыгат.

— Байкагын, бул эшекке карап «Заңдагын!» деп айта көрбөгүн! — дейт да өзү көздөн кайым болот.

Отунчу эшекти жетелеп, үйүнө жөнөйт. Баратып ал кызыгып калат да, жанагы айтпа деген сөздү бир айтып койбоймунбу деп туруп минтет:

— Эшек, заңдачы!

Караса эле кудай мындай бербеспи — алтындар эшектин астында чачылып жатат.

— Ой, эшек, болду, болду, заңдаганды токтот! — Отунчу кыйкырып жиберди.

— Алланын ушунчалыгына шүгүр, ушул байлык бир өмүр жетет!

Кубанып үйүнө барат. Эртеси таң атары менен отунчу мончого жөнөйт.

Сыртка байлап коюп, мончонун ээсинен отунчу минтип суранат:

— Тиги сыртта эшегим байланып турат, сен ага карап, «Заңдагын!» деп ийбегин! — Муну мончочу тамаша экен деп күлүп коет. Анан бир убакта мончонун ээси сыртка чыкса чын эле бир эшек туруптур.

— Эй, эшек, заңдагын! — дейт шылдыңдай күлүп мончонун ээси. Караса, эшек жалтыраган эле алтындарды атырылтып заңдап атыр.

Мончочу аң-таң калды. Алтындарды басып жыгылды да:

— Мунун ордуна менин аксак эшегимди алып келип байлагыла! – деп буйрук берди.

Отунчу тазаланып, жуунуп, мончодон беймарал чыкты да, эми мончо акысын берейин деп эшекке жакын келип:

— Заңдагын! — деп өктөм кыйкырат.

Алтын турмак таш балакет жок. Ошондо ал баягы эшекти башка бир аксагына алмаштырып койгонун түшүнөт. Не кылмак, чолок эшекти минип үйүнө кайтат.

Отунчу эки колун мурдуна тыгып, дагы кур жалак калат. Баягы көнгөн жолуна – токой жолуна түшөт. Колдо балта, аркан. Бир аз отун алымыш болот да бели талып, көзү караңгылашып, булактын жанына дагы келет.

— Ох, ох! — дейт ал чарчаганга чыдабай.

Булактан араб кайра чыгат. Баягы тааныш отунчуну көрөр менен үн-сөзсүз жоголот да, бир аз өтүп-өтпөй токмок көтөрүп чыгат.

— Байкагын, «Ур, токмок!» деп айта көрбөгүн! — Ушинтет да көздөн кайым болот.

Келтекти көтөрүп үйүнө баратып отунчу ага кызыгып калат да ушул таякты бир санып көрөйүн деп кыйкырат:

— Ур, токмок! — Ушинтип айтар менен токмокко жан кирип, учуп келип отунчуну башка чаап, жерге жыга коет.

Кыйлада өзүнө келген отунчу эптеп ордунан туруп, отунун да таштап, токмокту көтөрүп, үйүнө кайтат.

— Кемпир мен эми бул токмокту алып кадиге бир барып келейин, — дейт да конокко кетет.

— Ы, келиптирсиң? Кайдан? Не жаңылык? — дейт кади чиренип.

— Мен сага сактап тур деп бул токмокту алып келдим. Бирок бир сураныч сен буга «Ур, токмок!» деп айта көрбөгүн, — дейт да келтекти кадинин үстү жагына илип, өзү сыртка чыгып кетет.

Сот болсо токмокко таң кала карап, кызыгат, анан, напси бузулуп:

— Ур, токмок! — деп кыйкырат. Ошол замат эле токмок ордунан козголуп, кадинин чаап кирет. Айласы кеткен казы жан талашып кыйкырат:

— Жардамга! Жардамга! Ой, кой де! Отунчу, ой отунчу, таягыңды да ал, дасторконуңду да ал! Жан калсын, жан!..

Отунчу жайыл дасторконун алып үйүнө аялына келип мактанат:

— Мына, кемпир, токмоктун жардамы менен жайыл дасторконду кайрып алдым. Азыр барып эми алтын чычар эшекти алып келем!

Анан ал мончого барат да, мончонун ээсинин жанына токмокту коюп:

— Байкагын, «Ур, токмок!» деп ийбегин! — деп мончого кирип кетет.

Мончочунун напси агып, мында кандай жакшы нерсе болду экен деп таякка карап:

— Ур, токмок! — дейт. Токмок айланып-айланып келип мончочуну башка чапты эле анын баш сөөгү талкаланып кетүүгө аз калат.

— Эшегиңди да ал, токмогуңду да ал, деги ушерден жоголчу! — деп кыйкырган ал мончонун ичине кире качат. Отунчу ургулап аткан таякты араң ажыратып, эшекти алып жолго түшөт. «Аллага шүгүр!» —  деп коет.

Ошондон кийин үйүнүн бир бурчуна алтын заңдаар эшегин байлап, бир жерине жайыл дасторконун салып, керек болуп калса деп токмогун бир жерге коюп, зарылына жараша иштетип, баягы кедей отунчу жана анын үй-бүлөсү калган өмүрлөрүн күлкү-шат менен өткөрүптүр…

Түрк тилинен которгон Абдыкерим МУРАТОВ

[1] Кади-эфенди – урматтуу казы, господин сот (судья) деген мааниде.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *