БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП

Англис механиги жана ойлоп табуучусу Жеймс Ватт 1736-жылы 19-январда Шотландиянын Гринок деген шаарында жыгач устанын үй-бүлөсүндө туулган. Мектепте ал физика менен математикага кызыгып, аларды абдан жакшы окуган. Калган сабактардан анча жетишкен эмес. Жогорку билим алууну кыялданган, бирок аны окутууга үй-бүлөсүнүн каражаты жетишсиз болгон.

Ошентсе да 1754-жылы Глазго шаарына келип оптиканы жана механиканы үйрөнө баштаган. 1757-жылы университетке кирген. Мына ушул жерден ага буу машинасын иштеп чыгуу идеясы келген. Көптөгөн аракеттерден жана узак жылдардан кийин гана буу машинасын жасаган. Ошондой эле көчүрүүчү прессти, борборго умтулма жөндөгүчтү да жасаган. Мына ушундай көптөгөн ойлоп табууларды жасагандан кийин өмүрүнүн акыры ченинде гана ал урмат-сыйга бөлөнгөн.

Франция ИАга, Лондон королдук коомуна мүчөлүккө шайланган. Глазго университетинин ардактуу доктору деген наам берилген. Кубаттуулуктун бирдиги (Вт) Ваттын ысымы менен аталган. 1819-жылы 19-августта каза болгон.

ВИЕТ

Француз математиги Франсуа Виет 1540-жылы Пуату провинциясынын Фонтене ле-Конт шаарында туулган. Юридикалык билим алып 19 жашынан адвокат болуп иштеген. Адвокат катары элге кадыр-барктуу болгон, урмат-сыйга татыган. Иштеп жүрүп бош мезгилин астрономия менен математиканы үйрөнүүгө арнаган. 1571-ж. Парижге келип,  математик Пьер Рамус менен таанышкан. Тилекке каршы, кийинки жылы Рамус киши колдуу болгон. Ал жерде Виет Генрих IIIнүн, ал өлгөндөн кийин Гених IVнүн кеңешчиси болуп иштеген.viet

Виет Архимед менен Диофанттын эмгектерин терең изилдеп үйрөнгөн. Испандык басып алуучулар ойлоп тапкан шифрди чечмелегендиги үчүн Виетти өрттөөгө өкүм чыгарылган. Бирок илимдин бактысына ал өрттөлбөй калган.

Ал мезгилде бардык сандар жана белгилер сөз менен гана жазылуучу. Сан коэффициенттүү теңдеменин ар бир түрү өзгөчө эреже боюнча чыгарылуучу. Виет жана анын окуучулары сан менен алгебралык амал жүргүзүүгө боло тургандыгын жана натыйжада кайрадан сан келип чыгаарын далилдешкен. Демек, кандайдыр бир белгилөө колдонсо боло тургандыгы аныкталган. Ал кездеги белгилөөлөр так эле азыркыдай болбосо да, белгилөөлөр алгач жолу пайдаланылып, чоң ачылыш жасалган.

Ошентип, Виет тамга менен белгилөөнүн негиздөөчүсү болуп эсептелет. Виет элементардык алгебраны бүтүндөй иштеп чыккандыгы үчүн ал алгебранын “атасы” аталган. Ал келтирилген квадраттык теңдеменин тамырларынын суммасы карама-каршы белги менен алынган биринчи мүчөнүн коэффициентине, ал эми алардын көбөйтүндүсү бош мүчөгө барабар экендигин туюнткан алгебралык теңдеменин коэффициенти менен тамырларынын арасындагы көз карандылыкты аныктаган.

Ал Виеттин теоремасы деп аталат. Виет тригонометрия боюнча да ачылыштарды жасаган. Ал өмүрүнүн акыркы жылдарында Франциянын королунун кол алдында белгилүү кызматта иштеген.

1603-жылы 13-декабрда Парижде каза болгон.

Ысмайыл КАДЫРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *