Кыргыз жомогу

Байыркы заманда бир чал булбул менен дос болуптур. Чал мергенчи да, комузчу да экен. Ал ар күнү мылтыгын ийнине асып алып, токойдон кийик  атып келип  оокатын  өткөрөт.  Токойдо  сайраган  түрдүү  канаттуу куштардын  үнүн  угуп,  үйүнө  келгенде  аларды  тууратып  комуз  чертип, түрдүү-түрдүү күү чыгарат.

Күндөрдүн биринде булбул чалдын күүсүнө кызыгып:

— Досум, мага күүлөрүңдү үйрөтүп койчу, — дейт.

— Макул, — деген чал ар күнү кийиктен келгенде комузун колуна алып, ар кандай мукам күүлөрдү кубулжута сайратып черткенде булбул тыңшап, анын  күүлөрүн  туураганга  тили  жатыга  баштайт да,  аздан-аздан  үйрөнүп кетет. Бара-бара тим эле комуздай таңшытып, бүт үйрөнүп алат.

Булбул кийин абдан такшалат. Анын  сайраганын  уккан  эл  тыңшап  эле  олтургусу  келип,  таңгалышат. Ошондо абышка тигиге кайрылат.

— Досум, сенин сайраганың бүткүл элге жагып калды, бардыгы эле уккусу  келишет.  Бирок  күндүзү  иш  менен  күйпөлөктөп  жүрүшүп  жакшы угалбай калышат экен.  Ошондуктан  түнкүсүн  сайрап жүр. Эл түнкүсүн бош. Ошол бош убактыларында сайраганыңды угуп ыракаттанса жаманбы, – дейт.

Ошондон тарта досунун суранычы менен булбул куш дайыма түнкүсүн сайрап калган экен.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *