«Мусулман медицинасы» аталган бул макала алыскы Прага шаарында жашаган мекендешибиз Амирбек Азам уулунун коом агартуу максатындагы пейил-кую менен колубузга тийип отурат. Мекендешибиз аталган макаланы «Коом жана Мен» сайтынын окурмандары үчүн National Geographic History журналынан атайы которуп берди. Макала автору – ислам тарыхы боюнча адис, Виктор Паллейа де Бустинза. Учурда ал Испаниянын Барселона шаарындагы Помпю Фабра атындагы университеттин доценти.  

Байыркы байтактуу цивилизациясы дүркүрөп өнүккөн арап дүйнөсүн биз бүгүн үстүртөн гана билсек, бул макаланын эң баалуулугу – VII кылымдагы Ислам дүйнөсүндөгү илимий ачылыштардын алтын доорундагы маалыматтар ачылат. Мусулман дарыгерлери байыркы цивилизациянын даанышмандыгына таянып, медицина илиминин чегарасын тайманбастан жайылтып келишкенин далилдейт.

Олжобай ШАКИР

ИЛИМДИН АЛТЫН ДООРУ

othera7i

VII кылым. 632-жылы Мухаммед пайгамбар өлгөндөн кийин Ислам Арабиянын чегарасынан чыгып, Персия, Палестина, Сирия, Ливан, Ирак жана Түндүк Африкага жайылды.

VIII кылым. Халиф Арун ал-Рашид Багдадда Акылмандар Үйүн негиздейт. Шаардын илимпоздору байыркы көптөгөн манускриптерди жана медициналык трактаттарды которушат.

IX кылым. Ал-Рази 1 Персияда жарык дүйнөгө келет. Дарыгер, алхимик жана окутуучу Ал-Рази көптөгөн маанилүү медициналык эмгектерди жазат. Ал эмгектер кийинчерээк латын жана грек тилдерине которулат.

X кылым. Хирург ал-Захрави2 Андалузияда төрөлөт. Ал көптөгөн медициналык аспаптарды ойлоп табат жана хирургия боюнча биринчи көркөмдөлгөн китепти жазат.

XI кылым. Багдадда Ибн Сина3 “Медицина илиминин канону” китебин жазат. Бул беш томдук эмгек ал мезгилдеги медицина илиминде белгилүү маалыматтарды камтыйт.

XII кылым. Ибн Рушд 4 төрөлөт. Философ, астроном жана дарыгер Ибн Рушд латын тилинде  “Colliget” (арабча Куллийят”) деген ат менен белгилүү медициналык энциклопедияны жазат.

XIV кылым. Осмон империясында атактуу хирург Шерафеддин Сабунчуоглу5 төрөлөт. Ал мусулман медицинасындагы алдыңкы жетишкендиктерди көрсөткөн  көркөмдөлгөн эмгектерди жазат.

958-жылы бүгүнкү Испания түндүгүндөгү Леон падышалыгынын өкүмдары Санчо I тактыдан кулатылат. Аны бийликтен кулатууга ал кездеги коогалаңдуу саясый кырдаалга шайкеш келбеген жагдай жүйөө болгон. Козголоңчулардын айтымында, падыша өтө эле семиз болгондуктан өз милдетин татыктуу аткарууга жарамсыз болуптур.

Санчонун тууган-уруктары аны кайра тактыга отургузуу үчүн ыкчам аракеттенишет. Алар Орто кылымдык мультимаданияттуу Испаниянын үлгүсүндө өзара масилет куруп, шерттешкен соң Санчонун чоң энеси, тарса (христиан) калктуу Наварре падышалыгынын падышасы Тода Аснаре Испаниянын тээ түштүк четиндеги башка бир испан падышалыгы — Кордоба халифатынан  жардам издейт. Падыша Тода Кордобанын улуу башкаруучусу, халиф Абд-ал-Рахман IIIчүгө кайбар эки өтүнүч менен кайрылат: 1) ченде жок семиз небересин дарылап, арыктатууга жардамдашуу жана 2) анын тактыны кайтарып алуусуна аскерий жардам берүү.

Халиф биринчи ишти өзүнүн жөөт дарыгери Хиздай ибн Шапрутка6 тапшырат. Ал семиздигинин айынан ордунан араң козголгон Санчосту катуу диетага отургузат. Санчос арыктап, атка минүүгө жарап калгандан кийин мусулман аскерлеринин жардамына таянып, мурда алдырып жиберген тактысына кайрадан отурат.

Ислам өлкөлөрүнөн чыккан дарыгерлер Орто кылымдардын аяк ченинде чоң урмат-сыйдын үзүрүн көрүп жашаган. Алар мындай кадыр-баркка бүгүнкү Испаниянын түштүгүнөн тартып, Иранга чейинки эбегейсиз мейкиндикте жашаган мусулман коомунда медицинаны окуп үйрөнгөндөрү жана билимин практика жүзүндө колдонушканы үчүн татыктуу болушкан.

 

БАШТАЛЫШЫ

Мухаммед пайгамбарга вохий түшкөн Куран Арабия жарым аралынан сырт жактарга тарагандан мурда жергиликтүү дарылоо илими Исламды түптөөчүнүн: “Дарылангыла, Алла дарылануунун жолун жибербей туруп, карылык илдетинен башка бир да оорууну жөнөтпөйт», — деген сөзүнө негизделген.

Эрте мусулманчылык заманында медицина чөлкөмдөгү салттуу дарылоого негизделген. Анын айрым ыкмалары биздин эрага чейинки үчүнчү миң жылдыктагы байыркы Месопотамия менен байыркы Вавилонго барып такалат. Бал же зайтун майы менен дарылоо жана шишелүү упчуну колдонуу (хижама) сыяктуу салттуу табигый дарылоо ыкмалары бүгүн да көпчүлүк Ислам өлкөлөрүндө жана дүйнөнүн ар кай жерлеринде колдонулуп жүрөт.

Эрте мусулманчылык коомунда түш – чың ден соолуктун көрсөткүчү деп саналган. Сегизинчи кылымда өткөн Мухаммад ибн Сирин7 бүгүнкү Ирак жеринде иштеп жүрүп, түштү түшүндүргөн араб тилиндеги теңдешсиз эмгекти — “Табир ал-Анамды” жаратат. Бул эмгектин негизги булагы — грек автору Артемидор Далдиандык (Далдианус) 500 жылдай мурда жазган “Онейрокритика” (Түштөрдүн түшүндүрмөсү). Психологиялык дарылоонун береги баштапкы формасынан башка дагы ооруларды айыктырууда түрдүү ритуалдар жана талисмандар пайда болот. Ислам дарылоонун бул жолдорун ачыктан ачык чанган эмес жана тийиштүү кээ бир эрежелер сакталса, жеңил формадагы магиялык дарылоо мыйзамдуу деп эсептелген.

622-жылы Мухаммед пайгамбар Меккеден Мединага жүрүп кетет жана Ислам календары ушу жылдан башталат. Эки кылым кийин пайгамбардын мураскерлери-халифтер өз ээлигиндеги жерлерди чыгышта Иран жана Индияны көздөй, батышта Түндүк Африканын жээги менен Европага кеңейтишет. Ырас, Араб медицинасы Ислам менен кошо тарагандай эле ислам жол башчылары башка маданий дөөлөттөрдү, өзгөчө, Египетте жана Жакынкы Чыгышта сакталып калган грек жана рим маданиятын өздөштүрүүгө умтулушкан. Алар айрым учурда “байыркылардын илими” деп аталган философия, техника жана медицина илимдеринде өздөрүн билимдүү көрсөтүүгө далалат кылышкан.

 

ЭЗЕЛКИ АКЫЛМАНДЫК

Исламдын жаңы жерлерге кеңейүүсү менен бир учурда грек илими гүлдөп өнүккөн шаарлар мусулмандардын көзөмөлү астына өттү. Ал шаарлардын арасында Египеттеги Александрия жана бүгүнкү Түркиядагы Эдесса бар эле. 529-жылы император Юстиан Афинадагы Академияны жаап, окумуштуулар чилдей тарагандан кийин Исламдын чыгыш кыйырындагы Персиянын Жундишапур (Гондушапр) шаары грек медицинасы жана медицина илиминин борборуна айланды. Жундишапурду басып алган мусулмандардын элитасы өздөрү пайдасын көрүп калган, бирок кайып болуп бараткан грек медицинасын калыбына келтирип, аны үйрөнөлү, өздөштүрөлү, анан жайылталы деп чечет.

Ошентип грек медицинасы арап медицинасынын өнүгүүсүнө пайдубал болот. Обол башта Ислам медицинасы теориялык база катары гректер менен римдиктердин төрт темпарамент теориясын алды. Адамдын абалын аныктаган төрт элемент тууралуу биздин заманга чейинки IV кылымда Гиппократ жазган деп айтылат. Адамдын организмин Гиппократ төрт  элементке: отко, сууга, абага, жерге  салыштырат жана алардын ар бири адамдын денесинин жылуу, муздак, нымдуу жана кургак абалына туура келет. Ал системага ылайык, адамдын организми төрт маанилүү элементке да бөлүнөт: кан, былжыр, сары өт жана кара өт. Бул элементтер ортосундагы теңдемге (баланска — ред.) жараша адам бакубат же оорукчан болот. Мисалы, адам депрессияга батканда кара өт чоңоюп кетет деп түшүндүрүлөт.

Грек тилиндеги “melanin“ (кара) жана  “khole“ (өт, заар) сөздөрү айкалышып,   “меланхолия“ (латынча melancholy) терминин жараткан. Мындан (меланхолик) башка дагы адамдын ички абалы, темпараменти сангвиник, флегматик, холерик деген терминдер менен мүнөздөлөт. Эгер береги стихиялар организмде тегиз бөлүнсө жана теңдемде болсо, адамдын дени соо болот. Адамдын саламаттыгы темпараментти мүнөздөп тамактануу-диета жана организмди тамак жебей тазалоо аркылуу теңдөө менен калыбына келтирилиши мүмкүн. Ислам медицинасынын гигиена менен диетага өзгөчө маани берүү себеби ушуну менен түшүндүрүлөт.

Ошентип талантуу котормочулар грек жана латын тилинде жазылган баа жеткис эмгектер менен мусулмандарды тааныштырат. Яхья ибн Масауия8 (Батышта Иоаннис Месю (Ioannis Mesue) деген ат менен белгилүү) жана анын шакирти Хунайн ибн Исхак9 (лат. Johannitius) 50дөн көп эмгекти которгон. Сириялык бул экөө Рим империясынын чыгышында  несторианчылык тарса динине жат агым катары чанылгандан кийин аргасыздан Персияга качышкан.

Алар бир нече тилде, анын ичинде грекче жана сирияча (арап тилине жакын семит тили) сүйлөгөндүктөн, андай адамдарга талап зор эле. Ошого аларды Жаңы Ислам дүйнөсүндөгү мусулман жаангерлердин бири, Багдаддагы абассийлер сулалесинен (династия) чыккан халиф Эл Мамун Хунайн көп тилдерди билген ибн Исхакты шаардагы атактуу Бейтул Хикмат же Акылмандар Үйүнө котормолор үчүн жооптуу кылып дайындайт.

900-жылга карай грек, перс жана санскрит тилдеринен арапчага которулган китептердин таасири астында Ислам медицинасы дүйнөдөгү эң алдыңкы медицинага айланат. Тарсалар, жөөттөр,  индустар жана башка салттагы  көптөгөн илимпоздор арап тилин илимдин тили деп таанышат. Түрдүү диндеги дарыгерлер чогуу иштеп, медицинага тийиштүү маселелерди талкуулаганда жана окуганда аларга  арап тили  орток тил катары кызмат кылат. Багдаддын аббасийлер халифатына руханий ырахат берген  мындай интеллектуалдык эксперимент X  кылымды каратып,  XI  кылымда  уланат. Үркөр жылдыздай аалымдардын бири, персиялык фармаколог жана дарыгер Эл Рази (латынча — Rhazes) Багдаддагы оорукананы жетектейт.

Бирок да Багдаддын үркөр жылдыздарынын ичинен Чолпон жылдыздай бажырайганы – Батышта Авиценна, бизче – Улукман деген ат менен белгилүү теңдешсиз Ибн Сина эле. 18 жшында эле доктор катары таанылган Ибн Сина жазган “Дарыгерлик илиминин канону” (“Китаб ал-канун фи-т-тибб”) бардык мезгилдердин эң атактуу медициналык эмгектеринин бири болуп саналат. Бул эмгек түрдүү илимдердин жана маданияттардын мыкты жетишкендиктерин чогултуп, синтездөөнүн теңдешсиз  үлгүсү. Ибн Сина грек ойчулу Галендин медициналык мурастарын Аристотелдин философиясы менен айкалыштырууга аракет жасайт жана грек окумуштууларын кайра тирилтип, ойлонуунун жаңы моделине эчендеген кылым мурда түрткү берген мусулман илимпоздорун даңазалап, кылган эмгектерине суктанат. Илимий теорияларды, идеяны жана динди жуурулуштурган “Дарыгерлик илиминин канону” XVIII кылымга  чейин Европа медиктеринин бирден бир окуу китеби болгон.

 

ИСПАНИЯДАГЫ ИЛИМИЙ ИШТЕР

Исламдын батыш чегарасында Испания мусулмандары да илимий өнүгүү мезгилин баштан кечирет. X кылымда Кордова Европанын эң чоң жана маданий жактан абдан өнүккөн шаары болгон. Кээси Кордованы “Дүйнө көөхары“ аташкан. Калаа ошондой эле билимдин жана илимий изилдөөлөрдүн үлкөн борбору эсептелген. Кордовадагы окумуштуулардын китепканаларында эчендеген баалуу эмгектер сакталган. Мисалы, Педаний Диоскорид биздин замандын I кылымында император Нерондун тушунда жазган классикалык илимий эмгек — De Materia MedicaДары болчу заттар жөнүндө») халиф Абд ал-Рахман IIIнүн буйругуна ылайык, Кордовада арап тилине которулган. Ошондон кийин өсүмдүктөрдүн жана чөп-чарлардын, анын ичинде апийим менен жалбыздын дарылык касиеттерин сыпаттаган эмгекти илимпоздордун мурдакыдан  да кенен чөйрөсү окуганга мүмкүндүк алат.

Халифтин жакын жөкөрлөрүнүн бири, Абулкасис деген да ысым менен белгилүү хирург ал-Захрави 30 томдук “ат-Тасриф“ аталган энциклопедияны түзөт. Энциклопедия ал-Захрави жана анын кесиптештеринин оорулар жана жараты барларды дарылоо тажрыйбасы, анын ичинде операциялоо техникасы, жүрөктү коргоочу таблеткаларды жана маң заттарды даярдоонун фармакологиялык усулу, бала төрөтүүдө колдонулган хирургиялык ыкмалар, жараатты күйгүзүү жана дарылоо жолдору жана баш оорууну дарылоо, колдонулган хирургиялык аспаптары, атүгүл VII кылымдагы византиялык дарыгер Павел Эгинский сыяктуу мурдакы окумуштуулардын эмгектери жөнүндө кенен маалымат берет. Латын тилине XII кылымда оодарылган бул энциклопедия Европада Реннесанс доорунда да медициналык негизги эмгек болгон.

XII кылымда христиан дүйнөсүндө Аверроэс деген ат менен белгилүү көй кашка философ Ибн Рушд менен еврей дарыгери жана ойчулу Моисей Маймониддин10 эмгектери жарык көрөт. Бул эки ойчулдун эмгектери Исламдын алтын доорунда философия менен медицина ортосунда болгон бекем байланышты чагылдырат. Аристотель жана Платондун эмгектери боюнча Орто кылымдарда жазылган  эң мыкты комментарийлердин автору Ибн Рушд  халифтин өздүк дарыгери болгон. Моисей Маймонид болсо крестүүлөрдү жеңген мусулман жаангери Салах ад-Диндин өздүк дарыгери болуп калат. Ал көптөгөн эмгектеринин бири —  “Дабдырап калгандарга жол-жобо» (Далалат ал-хайрин, лат. Dalālat al-ḥāʾirīn) деген сербаа тарактатта диний ишеним менен философиялык изилдөөнү элдештиргенге аракет кылат.

 

БЫЧАК МИЗИНДЕ

Ислам маданиятында медицина тууралуу эмгектер үстөмдүк кылып турган чакта практикалык медицина чоң кадамдар менен өнүктү. Кээ бир спецификалык ооруларды дарылоонун жаңы жолдору, анын ичинде көздүн катарактасын дарылоонун революциялык жолу пайда болот жана өнүгөт. X кылымда жашаган табып-дарыгер ал-Маусили11 катаркты ичи көңдөй түтүк менен соруп алуу ыкмасын өнүктүргөн; бул техника кийин да өнүктүрүлүп, дагы жакшыртылганы менен анын негизи ошо ал-Маусили кезден башат алат. Ошол эле X кылымда жашаган ирактык аалым Али ибн Иса12 көздүн дартын өтө кеңири камтыган “Окулистин кол жазмалары” (Тазкиратул-Каъалин, лат. Tazkiratul – Kahhaleen) деген эмгегинде оорунун 130 жүйөөсүн сыпаттап берет.

Бул трактат 1497-жылы латынчага жана башка тилдерге которулуп, жүздөгөн жылдар бою көз ооруусу боюнча абройлуу эмгек болуп калат. Доордун эң ири хирургиялык жетишкендигин ал-Захрави ийне-жибин калтырбай жазган. Ал өзү искек, аттиш, скальпель,  ичеги катетер, жараатты күйгүзүүчү, тегиздегич (ланцет), денени көзөчү түтүк сыяктуу аспаптарды ойлоп тапкан жана анын баарынын сүрөттөрүн  эмгегинде тартып көрсөткөн.  Ал оорууну азайтуу үчүн жараат болгон жерге кат-кат чүпүрөктү өтө муздак басууну сунуш эткен. Бул ыкманы Батыш медицинасы жүздөгөн жылдар колдонуп жүрдү.

Анын дагы бир улуу табылгасы – кеселге жасалган хирургиялык операциядан кийин ички жараатты тигүүдө койдун ичегисинен жасалган жана организмге зыян кылбай денеге сиңип кетчү кетгут. Ал күнү бүгүн медицинада пайдаланылат.

 

АЙЫКТЫРУУ ЖАНА ОКУТУУ

Исламдын медицинадагы баа жеткис салымы – бул ооруканаларды ачуу. Соопкерчилик үчүн берилген каражатка (вакиф же вакф) ачылган коомдук ооруканаларда кеселдер дарыланган; акылы айныган кейбир адамдардын багып караган үйү болгон;  улгайган жана күч-кубаты тайган адамдарга башпаанек берген. Мындай жайларда мусулман, жөөт жана тарса дарыгерлери чогуу иштешкен. Ооруканада бей-бечараларды даркан дарыгерлер дарылашкан. Мисалы, кайырчыларды Багдаддын көйкашка хирургу Эл Рази өзү дарылашы мүмкүн болчу. Тарса диндүү Европа өлкөлөрүндөгү мусулман дүйнөсүнүн чоң шаарлары мыкты мугалимдерди тартып, алдыңкы илимий китептерди чыгаруу үчүн ооруканаларды ачууда өзара катуу атаандашкан.

Берегидей алгачкы мекемелердин бири – 872-874-жылдар арасында Каирде курулган Ахмад ибн Тулун  бейтапканасы. Ислам дүйнөсүндөгү эң белгилүү ал-Мансури ооруканасын султан Калаун 1285-жылы Каирде курдурган. Бул бейтапканада  төрт чоң бөлүмү болуп, алардын ар бири түрдүү илдеттерди дарылаганга адистешет жана ооруканада бир эле учурда миңдеген кеселдер дарыланып жаткан. Оорукана жайгашкан коргондун ичиндеги салкын микроклиматты оргуган фонтандар  камсыз кылган.

Илимий изилдөө жана билим берүү — мусулмандардын медицина маданиятынын маанилүү компоненти болгон. Ошон үчүн ооруканалар болочок дарыгерлерди даярдоодо университеттер менен тыкыс кызматташкан. XII кылымда азыркы Сириянын Дамаск шаарында негизделген ал-Нури ооруканасы ошо замандагы эң алдыңкы медициналык окуу жайлардын  бири болгон. Өкүмдар Нур ал-Дин (Нур ал-Касым Махмуд ибн Имад ал-Дин Занги) тартуу кылган баалуу китептер университеттин китепканасын атактуу кылган. Бүгүнкү көпчүлүк болочокку медиктер сыяктуу эле дарыгер болууну каалаган студенттер дасыккан доктурлардын көзөмөлү астында окуп, кесиптерин өркүндөткөн. Ооруканалардагы устаздар дарс өтчү чоң залдарда студенттер классикалык трактаттарды  талкуулашкан.

Андагы университеттер улуу медициналык ачылыштар үчүн зарыл пайдубалды түптөшкөн жана кийин медицина илиминде жасалган ачылыштар дал Исламдын алтын доорундагы кереметтүү илимий табылгаларга жана практикалык жетишкендерге таянып жасалган.

 

ЖАНЫБАРЛАР МЕНЕН ДАРЫЛОО

Ислам медицинасы жаныбарлардын органдары колдонулган кээ бир элдик дары каражаттарды да пайдаланат. Көптөгөн трактаттарда, анын ичинде XIV кылымда жашаган сириялык аалым Ибн ал-Дурахим13 жазган “Айбанаттардын пайдалуулугу жөнүндө китепте» береги салтка көңүл бурулат.

  1. Жылан

Кара чаар жыландын терисин сыйрып кургатса, чачты түшүрчү дары болот. Анын күлүн сирке (уксус) менен аралаштырып,  адамдын тилик14 болгон жерине сыйпаса, илдетти айыктырат. Ал көк башты15 да сакайтат.

  1. Коён

Коёндун карынынын төртүнчү бөлүгүндө иштелип чыккан реннинди16 таза шарапка кошуп ичсе, безгек үчүн жакшы. Аны зефир жана май менен аралаштырып, жаа сайылган жерге сыйпап, андан соң гана жаанын тилин (учун) сууруган. Аны аялга берсе, боюна бүтөт.

  1. Төө

Төөнүн сүтүн жана заарасын жаз мезгилинде ичип, боор оорууну, боордун жана киндиктин шишигин дарылайт. Төөнүн сүтүнө мандрагоранын17 сүтүн кошуп ичсе,  көк боордун катыганын жумшартат, ал эми жараларды жууса, айыктырат.

  1. Кытан

Кытандын жумурткасын жарып, ага тузду сээп кургаткан соң жанчып майдалайт. Андан кийин ошо талканды деңиз көбүгү, кескелдириктин заңы жана кант менен теңме тең өлчөмдө аралаштырып көзгө тамызса, ал лейкомду18 жок кылат.

  1. Жылкы

Жылкынын өтү мирра19, лаванда20, чайыр жана ладана21 менен аралыштырылат… Бул аралашма заарасы менен кошо кан сийип калгандар үчүн пайдалуу. Жылкынын терин кымыз менен аралаштырып, боюнда бар аялга берсе, ошол замат  баласы боюнан түшүп калат.

 

СЕКСУАЛДУУЛУК ТУУРАЛУУ ЧУУЛГАНДУУ ИЛИМ

Мусулман дининде жыныстык акт баш кошкондон кийинки  жашоонун  маанилүү бөлүгү деп эсептелет жана предмет жөнүндөгү берегидей көзкараш медициналык эмгектерде чагылдырылган. Орто кылымдарда Китаб ал-баа (Кумардануу китеби, лат.  kitab al-bah деп жазылат) деген ат менен белгилүү жанрадагы трактаттарда баланын пайда болуусу, жыныстык кумардануу, ошондой эле эмбриология, акушерлик жана педиатрия маселелери изилденет. Авторлор сексуалдык саламаттык проблемасын да изилдешип, жыныстык катнаштагы ирээтсиздик, магдыры жоктук (импотенция) жана каалоонун жоктугу, сексуалдык катнаштан канааттанбай калуу, ышкынын козголуусу жана анын маңызы сыяктуу талуу темаларга кайрылышат. Береги трактаттар британ саякатчысы жана окумуштуусу Ричард Ф. Бёртонду22 таң калтырып, ал эмгектерди Британияда изилдөө үчүн көчүртүп алат. Бёртон орто кылымдык Жакынкы Чыгыштын көөнөрбөс классикасы  «Миң бир түн» жомогун англисчеге которот. Бу китептин эркек-аялдардын ышкы отун козгогон сценалары арап маданиятын сүйүүчүлөрдү маашырлантса, Англиянын викториан доорундагы өздөрүн ыйман-адептүү эсептеген эскичилдерин  нараазы кылат.

Англис тилинен которгон Амирбек АЗАМ уулу

Котормочунун түшүндүрмөлөрү:

1Абу́ Бакр Муха́ммад ибн Закария́ ар-Рази́. Тегерандын түштүк ныпатсындагы Рей шаарында 865-жыл ченде туулуп, 925-жыл ченде өлгөн. Европада Разес (Rhazes) жана Абубатер (Abubater) деген латынча ысым менен маалым.

2 Абуль-Касим Халаф ибн Аббас аз-Захрави. Кордованын (Испания) түндүк батыш капталындагы Аз-Захра калаасында 936-жылы туулуп, 1013-жылы көз жумат. Латынча Абулкасис (Abulcasis).

3Абу́ Али́ Хусе́йн ибн Абдулла́х ибн аль-Ха́сан ибн Али́ ибн Си́на. Батышта Авице́нна деп билишет. 980-жылы 19-августта Бухаранын жанындагы Афшана кыштагында туулуп, 1037-жылы 18-июнда Хамадан шаарында (Иран) дүйнөдөн кайтат.

4Абу́ль-Вали́д Муха́ммад ибн А́хмад аль-Куртуби, көбүнчө Ибн Рушд катары белгилүү. 1126-ж. Кордобада жарык дүйнөгө келип, 1198-ж. Марокконун Марракеш калаасында акка көчөт. Батышта Аверроэс деп таанышат.

5Шерефиеддин Сабанчуолглу (1385–1468). Түркиянын Карадеңиз жээгиндеги Амасйа шаарында туулган.

6Абу Юсуф бен Ицхак бен Эзра. 915-жылы Испаниянын Хаэн шаарында туулуп, 970 же 990-жылы Кордовада өлгөн. Тарыхта Хазар каганы Жусуп (Иосиф) менен кат жазышып турганы боюнча да белгилүү.

7Абу́ Бакр Муха́ммад ибн Сирин аль-Басри́. 653-729-жж. Ирактын Басра шаары.

8Яхья ибн Масауия, лат. Месю, Масуйа, Месуйа зор, Мсуйа (Mesue, Masuya, Mesue Major, Msuya, Mesue the Elder) деген ысымдар менен белгилүү. 777-жыл ченде теги Жундишапур (Гондушапр) шаарынан чыккан дарыгер-фармацевтин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы тарса-несториан, апасы славян элдеринен экени айтылат.

9Абу Зейд Хунайн ибн Исхак аль-Ибади. 809-жылы Ирактын ал-Хира шаарында жарык жүйнөгө келип, 873-жылы Багдадда акка көчөт.

10Моше бен Маймон, Абу Имран Муса ибн Маймун ибн Абд-Алла ал-Курдуби аль-Яхуди же Абу Имран Муса бин Маймун бин Абдалла аль-Куртуби ал-Исраили деген ат менен белгилүү. 1135-1138-жылдар ортосунда Кордовадан туулуп, 1204-жылы 12 (13)-декабрда Египеттин Фустат же Каир калаасында  о дүйнө учкан.

11Аммар ибн Али аль Мосули (Ammar bin Ali Al Mawsili) Ирактын Мосул шаарынан болорун аты айтып турат. “Көз ооруусу боюнча тандалма эмгектеринде» (Kitab-ul Muntakhab fi ilaj-ul Ayn) 48 илдетти мүнөздөйт; катарактын көз невритин алып салуу боюнча 6 операциянын жол-жобосун жазат.

12Али ибн Иса (лат. Alī ibn ʿĪsā al-Kahhal). 1010-жылы Багдадда туулган. Качан өлгөнү беймаалым. Эң атактуу мусулман окулисти. Орто кылымдык Европада Jesu Occulist деген ат менен белгилүү. “Окулистин чөнтөк дептери” (Tazkiratul – Kahhaleen) деген эмгеги обол перс тилине которулат. Кийин латынчага которулуп,  1797-жылы Венецияда чыгат; 1904-жылы немес, 1936-жылы англис тилдеринде жарык көрөт.

13Али ибн Мухаммад ибн ал-Дурахим ал-Маусили (1312–1361). (лат. Alī ibn Muḥammad Ibn al-Durayhim al-Mawsili).

14Тилме (лат. erysipelas) теринин, кээде былжыр челдин сезгениши менен мүнөздөлгөн жугуштуу оору.

15Көк баш, медициналык аталышы — геморрой. Көтөн чучуктун көк кан тамырларын варикоздук (түйүн сымал) кеңейиши.

16Реннин (химозин) сүт эмүүчүлөрдүн, ошондой эле адамдын курсак безинде иштелип чыкчу фермент. Ал кепшөөчү айбандарда карындын төртүнчү бөлүгүндө иштелип чыгат.

17Мандрагора (лат. mandragora) көп жылдык дары чөп. Өзбек туугандарда мехригийох деп аталат. Ошого “Манас” эпосунда жана эл ичинде айтылган мээр чөп ушу мандрагора болушу мүмкүн.

18Лейком-көздүн чечи.

18Мирра-Аравия жана Африкада өсүүчү дарактардын чайыры. Латын тилинде myrrha деп аталат.

19Лаванда — жыпар жыттуу гүлдүү өсүмдүк.

20Ладан — жыпар жыттуу чыбыкча.

21Бёртон, Ричард Фрэнсис (1821-1890). Британиялык акын, жазуучу, котормочу, этнограф, лингвист, саякатчы, дипломат. Ал 1851-53-жылдары Меккеге жана Мединага саякаттап барганда мусулмандарча ажылык зыяпатты аткарып, ошондон кийин ажы катары башына көк селде чалып жүргөн. Өз сапары жөнүндө “Медина жана Меккеге зыярат” (The Pilgrimage to Al-Medinah and Meccah) деген китеп жазып, ал 1855-жылы жарык көргөн.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *