Адабиятчы, жазуучу, профессор Абдыкерим Муратов менен жазуучу жана журналист Мамат Сабыровдун маеги…

— Абдыкерим мырза, дүйнөлүк адабият, анын өткөн-кеткени, азыркы абалы тууралуу сүйлөшкөндө бул тармактагы эң атактуу сыйлык Нобелдик сыйлык эске түшөт эмеспи, бул сыйлыкты биздин Чыңгыз Айтматов ала албай кете берди. Азыр бул сыйлык Сиздин оюңузча кимдерге берилип жатат, алар аалам адабиятына кандай салым кошту, сөзүбүздү мына ушул бийик сыйлыктан баштасак…

— Швед ойлоп табуучусу жана өнөр жайчысы Альфред Нобелдин керээзи менен уюштурулган бул сыйлык мурда төрт тармакта – физиология жана медицина, адабият, тынчтыкты сактагандыгы үчүн, физика жаатында ыйгарылып келсе, 1968-жылдан аларга экономика салаасы кошулду. Сыйлык анын негиздөөчүсү Альфред Нобелдин каза болгон күнүндө – 10-декабрда бир эле убакта эки шаарда Стокгольмдо жана Ослодо салтанаттуу тапшырылат. Лауреаттык адабият тармагына 1901-жылдан тартып ыйгарылып келет. Анын биринчи ээси француз акыны, эссечи Сюлли-Прюд болгон. Адабият боюнча ушуга чейин 106 жолу сыйлык берилди, 1914, 1918, 1935, 1940-1943-жылдарда жети жолу сыйлык ыйгарылбай калган. Төрт жолу 1904, 1917, 1966, 1974-жылдарды бир жолу эки адамга берилген учур болгон. Эң кызыгы — сыйлык бере турган комиссия мүчөлөрү ким болгондугу элүү жыл бою ачыкка чыгарылбайт, мына азыр гана 1950-жылга чейинки калыстар курамын билип отурабыз, алар да баа берүү учурунда бири-бирин билишпейт. Эми соңку жылдарды бир карап көрөлү. 2008-жылы сыйлыкты Франциянын жазуучусу Жан-Мари Гюстав Леклезио алды. Сыйлык ага адабияттагы «жаңычылыгы, поэтикалык изденүүлөрү жана сезимталдыгы, азыркы цивилизациядан тышкаркы жактан адамгерчиликти издегендиги үчүн» дегендей чен-өлчөмдөр менен ыйгарылды.

Леклезио Франциянын Ницца деген шаарында туулган, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүн кезип чыккан, алардын ичинде Мексикада, индейцтер арасында да болуп, алардын мифтерин, турмушун негиз кылып кызыктуу чыгармаларды жазган. Анын орусча «Путешествие по ту сторону», «Золотая рыбка», «Мондо», «Небесные жители», «Диего и Фрида», «Пустыня» деген китептери чыккан. Жан-Мари-Гюстав Леклезио – азыркы француз адабиятынын классиги, биринчи эле «Протокол» аттуу романы 1964-жылы 23 жашында ага кадыр-барктуу Ренодо сыйлыгын алып келген. Таң каларлык чебер стилист 30дан ашык китептин автору. Алардын ичинде романдары, новеллалар жыйнактары, мексикалык мифтерден котормолору дүйнөлүк окурмандар тарабынан кызыгып окулат.

Фриды Кало жана Диего Риверы экөөнүн сүйүү баянын 1993-жылы китеп кылып чыгарып, анын негизинде «Фриды» фильми тартылган. Сыйлык ыйгарарда анын шансы жоктой көрүнгөн, Нобель сыйлыгын берүүчү академиктер израилдик Амос Оза аттуу жазуучуну мактап аткан. Тизмедеги талапкерлердин катарында австралиялык Лис Мюррей, перулук Марио Варгас Лоза, жапон Харуки Мураками, италиялык Антонио Табукки дегендер турган. А түгүл шведдик «Norstedts» басмасынын редактору Ева Геден бул жолу аял киши сыйлыкка жетет деп да жиберген, дагы бир тобу сирий-ливан акыны Али Ахмад Саид (псевдоними Адонис) сыйлыкты илип кетет дешкен.

Булардан башка да талапкерлер толтура болчу. Оомат негедир Францияга ооду. Америкалыктар буга капа болуп, Европа тарап эле ала береби дегендей каңкуулашып кала берген. Өчөшкөндөй 2009-жылы сыйлык дагы «эски континентке» кетти, бул жолу германиялык жазуучу Герта Мюллерге ыйгарылды. Ал Румынияда фермердин үй-бүлөсүндө туулган жана ал жердин бийлигин чыгармаларында аёосуз сындап, кийин жумушсуз калып, натыйжада ал өлкөдө андан ары жашоого мүмкүн болбой калып, 1987-жылы Германияга ооп өткөн. Ага бул сыйлык «Поэзиядагы ынтызарлыгы, прозадагы ачыктыгы жана бей-бечаралардын турмушун ачык-айкын чагылдыргандыгы үчүн» деген баа менен коштолуп берилди. Ал немец тилинде жазат. Анын «Ойдуң» аттуу майда аңгемелерден турган китеби Румыниядагы азчылыкты түзгөн немис диаспорасынын оор турмушун көрсөтөт да, ал китеп бул өлкөдө катуу каршылыкка кабылган соң, андан кийинки тагдырын Германия чечип, окурмандарга жеткирген. Жазуучу айым «Паспорт», «Дайындоо», «Жашыл жүзүмдүн жери» деген сыяктуу чыгармалардын автору. Бул сыйлыкты ал күтүлбөгөн жерден алды, көпчүлүк бул наамды бул жолу дагы эле баягы еврей Амос Оза, америкалык Жойс Кэрол Оутст, сириялык Адонис, латын америкалык Марио Варгас Льост, индус Салман Рушди, жапон Харуки Мураками сыяктуулардын бири алат деп жатышкан.

Жалпы тизмеде 60 жазуучунун ысымы бар эле. Элүү тогуз жаштагы Г.Мюллердин чыгармалары 20дан ашык тилге которулган, бирок орусча айрым гана чыгармалары журналдарга гана басылганы болбосо калың окурмандарга жакшы тааныш эмес болчу. 2011-жылы сыйлыкты шведдер өздөрүнө берди. «Анын кыска, жарым күңүрт образдары азыркы реалдуулукка жаңыча бир көз караш жаратат» деген макам менен Тумас Йоста Транстрёмер аттуу акынга ыйгарылды. Ал врач-психолог, 90-жылдарда инсультка кабылып, сол колу менен араң жазып калган, он эки ыр жыйнаган чыгарган, ыр түзүлүшүндө жаңычылыкка умтулган новатор.

2012-жылы сыйлык ээси Элис Энн Манро болуп калды. Бул жолу да Нобель сыйлыгы акыркы сааттарга чейин чечилбей жатты. Адегенде 10-октябрда түш ченде жапон жазуучусу Харуки Мураками бул сыйлыкты алмак болду дешти. Андан кийин бешим оой белорус жазуучусу жана журналисти Светлана Алексиевичке тиймек болду деп, орус интернет булактарында отурган кесиптештерибиз кошо кубанып, кол чаап жиберди. Тизмеде америкалык жазуучу, акын, сынчы, драмачы, элүүдөй романын жазып ийген Жойс Кэрол Оутс, венгер карасөзчүсү жана драмачы Петер Надаш да үмүттүү келаткан. Андан ары Кормак Маккарти, Милан Кундера, Умберто Эко, Филип Рот, Томас Пинчон, Боб Дилан, Том Стоппард… дагы эле баягы Амос Оза сыяктуу биз атын уккан жана укпаган сөз чеберлери бар эле…

Кечинде Стокгольмдан башка кабар келди. Лауреаттын аты-жөнү 82 жаштагы Канада мамлекетинин өкүлү, англис тилинде жазган Элис Манро болуп чыкты. Ал биздин жазуучулардай бала кезинен эле калем кармабаптыр, кырктын кырына барганда, катуу депрессияга учурап, үч баласын уктатып коюп жаза баштаптыр. Ал гана эмес китеп сатчу дүкөн ачып, ошол жерде ушуга чейин чыгарган он төрт китебин да өзү сатып жүрүптүр. Элис Манрону орус окурмандары окубаптыр, бир да чыгармасы орусчага которулбаптыр. Ал гана эмес ушул 82 жашына чейин бир роман жазып да көрбөптүр, роман жазууга көнүгүү үчүн аңгемелерди эле жазып келатыптыр. Ошол аңгемелери да өзүндөй жөнөкөй экен, кадыресе турмушту фантастикалык таамай сүрөттөп берген карапайым калктын баяндамачысы орус жазуучулары Антон Павлович Чеховдун, Василий Шукшиндин жазгандарын эске салат дешет окугандар.

Ал өзүнүн шаары Онтарио жана андагы бечера адамдарды жазуу менен гана алек экен. Анан калса калыстар да европа, англосаксон, латын америкалык тилдерде романдар жакшы окулбай, адамдардын ири чыгармаларды окууга убактысы болбой жатканын түшүнүштүбү, айтор «үйрөнчүк» жанр ээсин – аңгемечини тандап алышкандай… Манро – Нобелге жеткен биринчи канадалык, деги эле Нобель тарыхындагы адабият жаатында сыйлыкка илинген 13-аял. Элис Манро биринчи китебин «Бактылуу көлөкөлөр бийи» деген ат менен 1968-жылы жарыялаган. 1971-жылы чыккан «Аялдар менен кыздардын турмушу» деген китеби да аял темасын ичтен ачып бергендиги, өзгөчө өз энесинин ички руханий байлыгын көрсөткөндүгү менен бааланган жана роман сындуу аңгеме деп эсептелинген.

1978-жылы «Сен, өзү кимсиң» жыйнаган чыгарган. Сыйлык алар жайында эле акыркы китебин бастырып, «Мен эми жазбайм» деген канадалык байбиче күздө эле Нобель сыйлыгынын ээси болуп, 1200000 долларды капчыкка салып, аты бир заматта дүйнөгө дүң дей түштү. Анан дагы нобелдик сыйлыктын ар бир лауреатынын аты аталары менен ысымы дүйнөнү дүңгүрөтүп, басмалар китептерин шакылдатып, талашып басып кирет эмеспи. Бул жагы өзүнчө эле эбегейсиз чоң байлык.

— Сиз эмнегедир бизге кыйла жакын эки кишини – түркиялык Орхан Памукту жана кытайлык Мо Янь мырзаларды айтпай кеттиңиз…

— Ооба, Ферит Орхан Памук бар. Теги черкес, 1952-жылы Ыстамбулда туулган. Биз айтып аткан сыйлыктын 2006-жылдагы ээси. Аны нобелдик сыйлыктын ээси катары өз өлкөсүндө сыйлабагандар көп, себеби ал 1915-жылдагы армян кыргыны боюнча, күрддөр маселесинде Түркия бийлигин, түрк мекенчилдерин сындап, керек болсо айыптап келет. Бул аларда улутбезерлик катары түшүнүлөт. «Жевет-бей жана анын уулдары», «Кар», «Ыстамбул, Эскерүүлөр шаары» деген сыяктуу чыгармаларында жалаң ыстамбулдуктардын турмушун жазат. Бир нече жолу армян жана күрд маселеси боюнча аны сотко да беришкен.

Ал эми Мо Янь «Кызыл гаолян» деген повестин 1986-жылы чыгарып, ошонун негизинде кино тартылып, дүйнөгө аты тараган. Сыйлыкты болсо элдик эртектерди заманбапташтыргандыгы үчүн берилди, сынчылар аны «тамырларын издеген жазуучу» деп тапты. Орусчага которулган эмес экен, 1992-жылы жазылган «Цзю го», орусчасы «Страна вина» деген романы ага сыйлык тартуулады. Азыр эми орусча «Страна вина» жана «Большая грудь, широкий зад» деген китептери которулуптур. Мен окуюн десем, окуба дешти. Ооруп каласың дешти. Окубай калдым. Ал сюрреалисттик чыгармаларында Кытайдын кайсыл бир аймагындагы адамдарды союп, бышырып, жиликтеп жегендер тууралуу экен, ошол мыкаачылыкты, «каннибалчылыкты» ушунчалык бир эргүү менен, реалисттик таамайлык менен көрсөтөт экен. Ошондой.

Эми куласага келсем: нобелдик сыйлык берүүнүн ооматы кимге оойт: биринчиси, йахудий, еврей дегеним, болушуң керек, экинчиси, өз өлкөң менен өмүр бою кармашып жүрүшүң керек, же мамлекетиңди, улутуңду сатып чыгып кетишиң керек. Ырас, бардык талапкерлер ушундай десем болбостур, көбү ушундай.

— Эмне Чыңгыз Айтматов ушун үчүн Нобель сыйлыгын албай калдыбы?

— Айтматов алмак, колдоосу күчтүү болчу, эгер биринчиден, 1916-жылдагы Үркүндү же 1937-1938-жылдагы репрессияны кыргыз улутуна орустар жасалган кыргын катары жазса, экинчиден, бийликке каршы катуу оппозицияда турса, үчүнчүсү, эмигрант болуп, чет элге чыгып кеткен болсо. Ал киши андай максат коюп жашабады. Анан калса Нобель сыйлыгына көрсөтүлө берет, көрсөтө беришет, мисалы, жапон жазуучусу Харуки Мураками бул сыйлыкка «түбөлүк талапкер» болуп эле келе жатат, бирок бербей атышат. Башка сыйлыктын баарын алды, Жапонияны Батыштын көзү менен карап жазып да көрдү, АКШда да жашады. Бирок караңгалгыр, Нобель жылмайбай турат. Нобель деген ушул, жылмайганга жылмаят. Ал сыйлыкка атаандаш, акчасы андан да көп сыйлыктар негизделди, бирок Нобель аларга «багынган» жок.

— Азыр дүйнөлүк адабият кайсыл багытта кетип жатат, Сиздин оюңузча адабият жашай береби, же жоголобу?

— Чынында жалпы планетардык масштабда адабият алсырады, анын ордун баса турган нерсе азырынча жок болууда. Демек, адабият жашай берет. АКШнын «The Millions» деген адабий журналы XXI кылымдын алгачкы он жылдыгынын 20 мыкты китебин аныктады. Биринчилери Facebook боюнча жооптор алынды, экинчиси адабий сынчылар, эксперттер баа беришти, дал келүү 50 пайыздай болуптур. Жанагы нобелдик лауреттардан Э.Манро гана 10-орунга илешкен. Эми айрымдарын карап көрөлү. Дэвид Митчелл «Облачный атлас» деген чыгармасында алты каармандын алты тагдырын жазат, окуя XIX кылымдын ортосундагы нотариустун тагдырынан тартып бүгүнкү күндө Кореяда тез татым бышырган кызматкерлерге чейинки бири-бирине менен байланышкан да, байланышпаган да адамдар авансценага чыгып отурат. Биздин Султан Раевдин «Жанжаза» романындагыдай.

Дагы бир популярдуу чыгарма – Жонатан Франзен «Поправки» деген китеби, 20нын ичинде 1-орунда турат. «Биздин кылымдын эң биринчи улуу романы» деп эсептелген бул чыгарма түбөлүктүү темада – аталар жана балдар ык келбестиги темасында жазылган. Америкалык батыш менен чыгыштын карама-каршылыгы, азыр дүйнөнү басып келе жаткан «интернетомания вирусу» жана ага аталар менен балдардын мамилелери чагылдырылган. Ошентип дүйнөлүк адабият стилдик-тематикалык көп түрдүүлүгү менен, кыскалыгы жана азыркы окурманга керектүү нерсени айта билгендиги менен жашап жатат. Эгер мурда окурман чыгарманы китеп формасында, кагаздан окуп келсе, эми аларга атайын китеп планшеттер, видео, аудио китептер кошулду.

— Биз ар дайым үлгү алып, жанаша болууга аракет кылган адабият – орус адабияты. Ушул тапта орус адабиятында кандай процесстер жүрүп атат?

— Орустун «айыл-кыштак прозасынын» даңктуу өкүлү Виктор Астафьев «Азыркы адабият, улуу орус адабиятынын традицияларына негизденүү менен жаңыдан башталып жатат. Ага, жамы журтка берилген эркиндиктей эле эркиндик берилди», — деп айтты. Орус адабияты социалисттик реализмден кол жууп, каалаганын жазып жыргап эле калды. Артында тылы бекем – чалкыган классикалык орус адабияты, алдында дүйнөлүк адабияттын түрдүү-түрдүү агымдары, мектептери. Кайра куруу дегени башталганда, 20-кылымдын 80-жылдарында Т.Толстая, Л.Улицкая, О.Славникова, В.Пелевин, В.Сорокин ж.б. жазуучулар адабиятка келип, цензурасыз иштеп, жабык темаларга кол салды, адабиятты эксперименталдык талаага айландырды, алардын артынан Д.Гуцко, А.Геласимов, И.Стогоff, С.Шаргунов, И.Кочергин, Е.Колядина, Р.Сенчин, З.Прилепин ж.б. жазуучулар келип, коркпой-нетпей эле каалаганын жазып кирди. Демек, орус адабияты компартия салган ооздугун бошотту.

— Орустарда бизге караганда китеп окуу бир кыйла жогорку деңгээлде сакталып калгандай…

— Эми ал окурман кызыккан теманы таба билген авторлорго байланыштуу. Ал жакта дале классика, мисалы, Л.Н.Толстой менен Ф.М.Достоевский окулбай калды дешүүдө. Детектив, триллер, приключениялык чыгармалар, мелодрама, фантастика, фэнтези окулуп атат. Татьяна Устинова, Полина Дашкова, Сергей Лукьяненко, Евгений Гришковец, Дарья Донцова, Борис Акунин, Александра Маринина дегендердин китебин «канын жерге тийгизбей» алып кетишет. Эми сюжет кууп, аларды бир түндө же метродо баратып окуп коёсуң, болду, башка эч нерсе бербейт. Борис Акунин болсо өзүнүн көп миңдеген окурмандарын эми жогорудагыдай массалык адабияттан чыныгы адабиятка алып өтүүнүн, алардын эстетикалык табитин өстүрүүнүн камын көрүп жатыптыр.

— Орус адабияттаануу илиминде «Возвращенная литература» деген түшүнүк бар, алар басылбай жаткан кол жазмаларды чыгарып бүттүбү? Бизде ошондой чыгармалар болгонбу?

— Бул эми советтик идеологияга ылайык келбей калган чыгармалар болчу. Көбү колдон-колго өтүп окулуп да кеткен же эмне тууралуу экендиги оозеки айтылган. Прозада Александр Солженицындын «Архипелаг ГУЛАГ», Борис Пастернактын «Доктор Живаго», Михаил Булгаковдун «Собачье сердце», Анатолий Рыбаковадун «Дети Арбата» деген чыгармалары, И.Бабелдин, А.Платоновдун жазгандары. Поэзияда Б.Пастернак, А.Ахматова ж.б. Орустар маданияты мыкты эл экен: 20-кылымдын 90-жылдарында алардын баарын элине кайтарып берди, окутту, изилдетти. Биз да кыргыз адабиятында ошондой нерселер бар бекен деп, кайра куруу башталганда советтик цензура чыгарбай койгон китептерди издеп кирдик. К.Жусубалиевдин «Муздак дубалдар», Ш.Абдырамановдун «Дыйкандар», М.Борбугуловдун «Элеттик жигит», С.Жетимишовдун «Эл арасында» деген китептери ошондой дешти. Чыгарышты. Окуп көрдүк. Андай дале эмес экен. Аларда антисоветтик ой жок эле экен. Ошентип биздин советтик темир сандыкта анчалык байлыгыбыз жок болуп чыкты. Кыргыз жазуучулары советтик цензурага аябай эле бапташып бүткөн экен.

Маектешкен Мамат САБЫРОВ

0 Replies to “«Адабият алсырады, анын ордун баса турган нерсе азырынча жок болууда»”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *