САТИРА

1988­жыл. Азык­түлүк жан башына ченем менен сатылып жаткан учур. Эртең менен ишке баратсам жолдогу дүкөндүн алдында кылкылдаган кезек.

— Арты ким? Эмне сатат экен? — деп сурадым кезектин артындагылардан.

— Кумшекерге турабыз. Кечки саат беште сатылат экен, — дешти.

Кумшекер жебегенибизге бир айдан ашкан. Кезектеги алды­артымды тактап, кечке чейин келип калаарымды эскертип ишке жөнөдүм. Кеч курун келсем киши деген жүнүн жейт. Араңдан зорго ордумду таптым. Кумшекер сатылып, кезек акырындан жыла баштады. Кезексиз кирүүгө аракеттенгендердин катыгын бере кубалап, тартип сактоочулар да табылды. Кезектегилер үй­бүлөсүн, конокторун, эмчектеги балдарын, ал түгүл айрымдары ошол тегеректе ойноп жүргөн балдарды да жандарына тургузуп алышкан. Анткени бир кишиге бир эле килден берилет экен.

“Ушунча туруп, бир эле кил кумшекер аламбы? Кап мындайды билгенде келинчегимди жумушунан, балдарды бакчадан ала келбей” деп ойлоп турганымда,  кезекке туруп коюп, алды жакты байкап турган балалуу келинди көрүп башыма бир ой кылт этти. Аңгыча менин кезегим да жетти.

— Мага үч кил, — дедим дүкөнчүгө.

— Бир кишиге бир кил эле берилет, — деди дүкөнчү.

— Тигине келинчегим, уулум менен тигил жакта турат, — деп жанагы келин жакка кол шилтедим уят­сыйытты жыйнаштырып.

— Ооба, ооба. Келинчегим келет деген, — деп жанымдагылар жаалап жиберишти.

— Тигинден ары туруп албай жаныңызга келбейби, — деди дүкөнчү.

— Карындаш деп алып кайра оюма келген атты айтып, Гуля деп оңдогон болдум да, жакындачы бери! — дедим ал келинге көз кыса.

— Чоң эле киши келинчегим десе ишенбегениң кандай чоң кыз?! — деп дүкөнчүнү уяткарган болду да, ал берген үч пачка кумшекерди менин колуман алып, четке чыга берди.

— Ыракмат! Уулуңуздун убайын көрүңүз! — дедим сыпайы.

— Өз келинчегине да ыракмат айтчу беле?!

— Тамашакөй өңдөнөсүз карындаш?!

— Келинчегим дегениңди ишиң бүткөндөн кийин тангың келип турабы? Жигит деген бир сөздүү болуш керек! Бол, бас үйгө!?

Оозума сөз келбей, алдына түшүп үйгө жөнөдүм. Кирээрибиз менен ал келин:

— Тезирээк чечин да, картөшкө аачып жибер чый­пый кыла коёлу. Мен балага сүт берейин курсагы ачты, — деп буйрук берди да, кеп­сөзгө келбестен муздаткычты ачып, сүт жылыта баштады.

— Кумшекериң менен кумуран кал, эми не кылчумун деп далдырап турганымда келинчегим балдар менен келип калбаспы. Ыза болгон балача эреркеп ыйлап жиберчүдөй, жалдырап туруп калдым.

— Ой, сен кайдан жүрөсүң? — деп келинчегим тиги келин менен учурашып өбүшүп калышса болобу.

Көрсө, экөө бирге иштешет тура. Азыр декретте жүрүптүр. Мени сыртыман тааныйт экен. Мен аны келинчегим дегенде, ал мени бир тамашага батырайын деген тура кайран аяшым. Биз шатырай күлүп чай ичтик да, ал келиндин кезеги үчүн кайрадан чогуу­чараныбыз менен кумшекерге жөнөдүк.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *