Элди түндүк-түштүккө бөлгөн маанайдагы жарандарды кантип жазалоо керек? Бул туурасында «Коом жана Мен» сайты сурамжылоо жүргүзүп көрдү. Буга себеп болгон окуя: Фейсбук аркылуу Таттыбүбү Доталиева аттуу интернет колдонуучу эларалык «Манас»аэропортуна жакын аймактагы авиакырсыктан улам апаатка кабылып отурган үйбүлөлөргө карата «өздөрүнөн көрсүн, түштүгүнө, үйүнө кетип, ошол жакта жашашсын» таризиндеги курбусуна жазган түркөйлүгү коомчулукта катуу нааразычылыктарды жаратып турган мезгил…

Жолдош ТУРДУБАЕВ, публицист: Мыйзамда каралгандай эле, саясый салмагына, бийлик даражасына, билимине жараша жаза берилиши керек деп ойлойм.

Айбек МУСАЕВ, ЭлТР телеканалынын жетекчиси: Алиги соцтармактар аркылуу элди түндүк-түштүккө бөлгөндөргө сөзсүз чара көрүлүшү керек. Болгондо да кечиктирилбей! Саясатчылар да бул маселени көтөргөнүн токтотпосо, бизди бөлүп-жарар күчтөр толтура. Эл башына кайгы түшүп турганда соцтармактардагы түркөйлөрдүн жосуну –  жеткен айбанчылык!

Таалайбек АБДИЕВ, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин деректири: Менимче, аты-жөнүн, дарегин, иштеген же окуган жерин сүрөтү менен кошо берип, «эл бузар» деген ат менен интернетке чыгарып, айткан же жазган сөздөрүн кошо тиркеп коюш керек.

Алтынай ТЕМИРОВА, акын, драматург: Андай адамдарды оорулуу десе болот. Кыргызстандын түндүгүбү, түштүгүбү, батышыбы, чыгышыбы – баарында кырк уруу элибиздин өкүлдөрү жашайт. Ага акылы жетпеген түркөй, билимсиз, наадандар өздөрүн башкалардан өйдө сезип айткандагы сөз – ал адамдын ооруулуу экенинен кабар берет. Андайлардын көзүн чоңураак ачтырып, маңкурттуктан арылтышыбыз керек…

Айдарбек САРМАНБЕТОВ, жазуучу: Кыргыз элинин карапайым катмары эч качан түндүк-түштүк деп бөлүнгөн эмес, бир бүтүн кыргыз эли болуп келгени тарыхтан маалым. Андай арамдыкты дал ушул эгемендиктен кийинки шайлоолор, сасык саясатчылар баштап, уламдан улам күчөтүп жатышат. Алардын артында жердеш-төбөлдөрү, алардын артында акчалуу Америка баштаган кыргыз элинин душмандары отко май чачып жатышат. Кимде-ким түндүк-түштүк деген сөдү айтса, аны кыргыз элинин душманы деп ММКларда жарыялап, элдик каргыш айтуу керек. Анда да болбосо чет өлкөлөргө кубалап жиберүү керек. Антпесе алар Кыргызстанды бара-бара Украинага, Сирияга айлантат… Кылымдарды карытып келген Кыргыз мамлекетин алгач экиге, андан кийин 40ка бөлүп-жарып, акыры жок кылууга алып баратат.

Тимур САЛАМАТОВ, композитор: Андайларды жазалоо мыйзамы да жок бизде! Жер бетиндеги калктардын саны жети миллиарддан ашканда, миллиондогон эли бар башка улуттарга салыштырмалуу төрт кыргыз бириге албаганы – биздин улут катары калыптана электигибиз.

Кылыч ИСАМАМБЕТОВ, жеке ишкер: Биринчиден, коом өзү мындай терс көрүнүштөрдү жазалоого даяр эмес. Экинчиден, мыйзамда да жазалоо актысы демократиялык негизде каралган. Андыктан система өзгөрмөйүн эч кандай оор жазалоо киргизүү мүмкүн эмес. Айтылып, сөз боюнча гана кала берет.

Айнагүл МУКАНБАЕВА, журналист: Мыйзам боюнча жооп берүүгө тийиш. Жана чагым кылган адам  сөзсүз кечирим сурап, өзү кандай жазып чагым салса, так ошондой эле эл алдында кечирим сурашы керек.

Милан ТУРПАНОВ, Кыргыз шахмат Федерациясынын президенти: Буга окшогон өтө пас, чыккынчылык, эл бузар көрүнүштөргө тезинен мыйзам чегинде чара көрүп, коом өз баасын берип, кайсы багытта баратканыбызды аныкташыбыз керек. Негизинен бизде улуттук идеологиянын иштелип чыкпаганы ушул!

Мурат ЖЕТИМИШБАЕВ, эл агартуучу: Чыны эмне деп айтаарымды да билбейм. Тиги кыздын жазгандарын окуп алып эмдигиче «шок» болуп отурам! Мен болсом ошол кызды колумдан жетелеп алып азыр сөөктөрү жаткан моргдун жанына тургузуп коймокмун. Көрсүн, кан какшап ыйлап жаткан кыргыз жигиттерди, кыргыз энелерди, кыргыз кыздарды. Сөөк койгон жерге алып барып көргөзмөкмүн. Таң калам ушундай адамдар кайдан чыгат? Мугалим, медик имиш, илимдик даражага аракет кылып жүргөн имиш!

Меңди МАМАЗАИРОВА, акын, драматург: Илгери, элди бөлгөн бузукуларды ата-бабанын салты менен айылдан же ошол элден айдап, жер оодартып жиберишкен дечү атам. Азыр атайын мыйзам чегинде жоопко тартуу керек ко. Бул элдин ынтымагына, жерге бөлүү – барып турган түркөйлүк. Анын үстүнө жаштарды тарбиялаган окутуучуга эч бир жеңилдик болуш керек эмес. Мына ушундай өз сөзүнө жоопкерчиликсиз карагандардын кесепети уруш-жаңжалды оожалтып, чоң кыяматка алып келип атпайбы.

Кыяз МОЛДОКАСЫМОВ, тарыхчы: Албетте кийинкиге сабак болушу үчүн жазаланышы керек. Эч болбоду дегенде паркта отуруп семичке чаккан кыздай же Оштогу ырчы кыз Жайнаковадай коомдук уяткарууга тартылыш керек. Өзүн эле эмес, бул кызга ушундай тарбия берген ата-энесин Ой ордо телепрограммасына чакыртып коомчулук алдында шермендесин чыгарыш керек. Бул кыз жөн жеринен эле айта салган жок да. Ата-энесинен тез-тез угуп келгендир же ата-энесинин чөйрөсүндө ар дайым ушундай пикирлер көп айтылып, кулагына сиңип калган болуш керек. Эми саясатчылар, эл башкарган «мыктылардын», эл акындарынын оозунан деле мээнеткеч Түштүк элине карата акаарат сөздөр чыгып кетип жатпайбы. Алар эч жазаланбагандан улам, аларды көргөн жаштардан эмнени күтүүгө болот? Бул азыр кыргыз коомундагы өнөкөт оору. Ал илдеттен арылуу үчүн ар тараптуу аракеттер керек. Түштүк элин Түндүккө, Түндүк элин Түштуккө жакындата турган, бөлүнүүнү жаратпай, биримдикти арттырган жолдорду таап, анын үстүндө тынымсыз аракеттенүү зарыл.

Догдуркүл КЕНДИРБАЕВА, эл агартуучу, Мындай наадандык, чагымчылык коомчулукка мисал жана сабак болуп калсын үчүн сөзсүз мыйзам чегинде жазаланышы керек.

Жазгүл БЕЙШЕНБЕКОВА, ишкер: Мындан 4-5 жыл мурда да ушул маанайдагы пикир айткандарга каршы Осмонакун Ибраимов абыдан ачуу сөз айтканы бар: «Элди түндүк-түштүккө бөлгөндөрдүн оозун жырыш керек!» деген. Менимче, коом өзү мындай эл бузарларды ар дайым аёсуз ашкерелеп турууга тийиш!

Сэйтэк КАЧКЫНБАЕВ, Жапонияда жашаган кыргыз жараны, илимпоз: Түндүк-Түштүк деп аналитикалык мүнөздө эки региондун өзгөчөлүктөрүн салыштырып өз ара тыгызыраак түшүнүш үчүн колдонулган болсо зыяны жок, бирок өз ара бирин-бири шылдыңдоо, мазактоо, кемсинтүү үчүн колдонулган парадигма болсо анда такыр кабыл ала албайм. Жапанда, Германияда ар региондун айрым ТВ көрсөтүүлөрү болот, ар кимиси өз диалектисинде алып барат, эч ким ана сепаратист деп күнөөлөбөйт дагы, шылдыңдабайт дагы. Кадимки эле «оштук экен да», «ак-талаалык турбайбы» деп эч ким көңүл деле бурбайт. Бизде деле азыр тенденция ошого окшоп СССР бузулгандан бери ички миграцияга эркин уруксат берилип, ар аймак Бишкекте аралаша баштаганы жакшы нерсе. Ал эми айрым учурдагы кайсы бир келесоонун өлгөндүн үстүнөн мазактаганы бул наадандык деп эле баа берилиши керек.

Абдыманап КУТУШЕВ, ЖК депутаты: Игнор кылыш керек. Достуктан чыгарыш керек…

0 Replies to “«Элди түндүк-түштүккө бөлгөндөрдүн оозун жырыш керек!»”

  1. Шовинистик коз карашта..чындыгында эл бузар, чара корулуш кк, кантип эл агартуу тармагындагы иштегендин созубу..эл кан ыйлап турса кыжырга тийип сарказм менен суйлогон учун кылмыш иши козголсун

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *