Ак сакалдын алгы сөз…

Эскирген барактагы эскерүүдөн «Мен баягы жаш кезде, өзүм алдуу, көзүм курч кезде жаштарын деле, карысын деле кыя өткөрбөй окучумун. Анан маал-маал өз оюмду айтып койчумун. Маселен, 63-жылы бизде жаштарга арналган бир чоң кеңешме өттү. Мынабу Чернышевка деген ошол кездеги жаңы китепканада. А кезде Касымбеков, Гапаров, Кеңеш, Шабданбай, Кубатбектер, Аман Саспаевдердин кээси жаш, кээси кыйла такшалып калган кездери. Айтор, ошол кездеги жаштардын бир кыйласы шыктуу чыгышты. Анан ошол кеңешмеде бир катар жакшы ойлор, сунуштар айтылды. Жаштарга көңүл бурулду. Ошол эле учурда бир катарын катуу сынап да коюшту. Сыналгандардын ичинде жанагы куркуйган узун, «Карагай» деп коём аны, Жусубалиев да бар эле. А кезде мен аны тааныбайм, мурун көрө элекмин, ошонун «Күн автопортретин тартып бүтө элек» деген повестин сынап жатышат. Угуп олтурсам, ары жагында бир нерсе бардай сезилет.

Мен өзүм повестти окуган эмесмин да, байкасам, баары эле жалтангандай, корккондой. Чыңгыз да көп дааган жок. Анан мен сурап калдым: «Автор ушунда барбы?» «Бар» – дешти. «Ким?» – десем, бир көзү кылмыйган, дегеле эч нерсени тоготпогон, куркуйган бир бала олтурган эле, ошону көрсөтө беришти. Ошонун олтурганы мага жагып калды. Анан туруп: «Ушул Жусубалиевдин повестин мага берсеңер, мен окуп чыгайын. Анан оюмду айтармын» – дедим. Дедим эле, баягы бөгөлүп турган эл: «Жакшы болот, Түкөм алсын» – деп эле бере салышты. Алып эшикке чыксам, азыр кимдер экени эсимде жок, ошол жаштардан эле экөө-үчөө кошо чыгышып: «Түкө, бекер кылдыңыз, бул бала сиздин баркыңызды билбейт. Пикириңизди да кабыл албайт. Бул өзү кеп жебеген, жаңыча өсүп калган тежиктерден экен», — деген кептерди айтышты. А мен: «Эми тежик болсо мен деле тежик болуп өскөм, тил укпаса көрөбүз, байкайбыз», – деп үйгө кеттим. Баса, жанагы балага: «Сен кечикпе, көп болсо эки-үч күндө келип жолук. Чакан повесть экен, бат эле окуп коём», – дедим. Анан келди. Ага чейин повестин аябай дит коюп окуп чыктым. Кадимки эле чоң эне, кадимки эле боз үй, кадимки эле ой-тоо, кадимки эле эшек жүрөт. Бирок ошолорду өзүнчө бир байкоо, өзүнчө бир көрүү менен жазган.

Кыскасы, кыргыз адабиятында мурда жолукпаган ык бар экен. Бул жаңылык да мага жакты. Анан эми чочуй турган эч нерсеси жок экен. Бирин-экин ошол кездин талабы менен алганда, жанагинтип бурулдап, дуулдап сынга алып коё турган деталдар бар экен. Анысын келгенден кийин ал-жайын сурап, таанышып олтуруп айттым. Повестке болгон пикиримди билдирдим. Талашып-тартышкан деле жок. Чатак деле салган жок. Жанагындай жаңжал чыгып кетчү жерлерин көңүлгө алды. Кыскасын айтканда, повестти чыгардык. Ошону менен Жусубалиевдин эшиги ачылып калды. Анан орусча кетти».
Түгөлбай СЫДЫКБЕКОВ «Ак-бата» журналы. 1991-жыл.

Менин эң кымбат көргөн адамым – чоң энем Камбүбүгө арнаймын.
К.Жусубалиев

ПОВЕСТЬ

1

– Өзүң биринчи бардыңбы? – деди Раман. Ал таң калды. «Кантип эле ушундай болсун», – деп ойлоду. Аял жооп берген жок.

– Ай чыкты, – деди ал.

– Ай чыгат. Ай батат. Анын иши ошол, – деди Раман.

Раман дитинде башканы ойлоду…

Экөө шаардын четиндеги сейрек бактын арасында олтурушту. Бул жерге машиналардын үнү жетпейт. Тынч. Ай да чыкты…

Раман туулуп-өскөн кыштагын эстеди. «А шаардагылардын ай менен иштери жок. Шаарга айдын кереги жок». Кайра жанындагы аял жөнүндө ойлоду.

– Өзүң биринчи бардыңбы?..

– Андай эмес.

– Анан?..

Аппак көйнөкчөн аял чалкасынан түшүп айды карап жатты.

Дарактын узун кыйшык көлөкөсү көкүрөгүн, жүзүн жапты. Айдын нуру курсагына тийди.

– Сен Париждин көчө аялдарына окшойсуң, – деди Раман. – Акмаксың! – деди кайра. Раман оюнда жок эле бир нерсени келжиреп койгонуна аябай өкүндү. Эми бул аялдын ачууланышын гана күттү. «Мейли мага ачуулансын, мени тилдесин», – деди Раман.

– Ким?

– Мен, – деди Раман.

Аял бейжай каткырып күлдү. Айдын нуру тийген курсагы кызык солкулдады. Раманга мунусу жаккан жок. Чылым чеккиси келди. Чылым издеген колу кокусунан аялдын курсагына тийип кетти. Өзүнүн олдоксондугуна дагы жини келди. Аял Рамандын колун кармап өйдө болду. Ал Рамандын узун, ичке, келишимдүү манжаларын атайы айдын нуруна кармап көрдү.

Рамандын колуна көп аялдар кызыгат. Чынында колдору сулуу эле. Мындай күчтүү да, сулуу да колдор эркектерде сейрек кездешет. Раман ушуга купуя сыймыктанат… Азыр да өз колдорунун ушул аялга жагышын каалады. Мактоо сөзүн күттү. Бирок аял башканы айтты.

– Колдоруң аялдардыкындай экен, – деди да жийиркенгендей түртүп койду. Кайра Раманды кучактап өптү.

– Эми сен…

Раман аялды ымыркай баланы өпкөндөй олдоксон өптү.

– Дагы, дагы…

Аял кайрадан чалкасынан түшүп, айды карап жатты… Экөө көпкө дейре унчугушкан жок.

– Кээ бир эркектер өпкөндү да билишпейт, – деди аял. Раман унчуккан жок.

– Сен дагы, – деди ал.

Раман унчуккан жок.

– Эркектер айбансыңар, – деди аял. Раман дале унчуккан жок…

Бар болгону: «Батыштын романдарынан окуган окшойт» – деди ичинен. Бул аялдын турмушу жөнүндө ойлонду. «Адамга жашоо бир гана келет… Бул түбөлүктүү философияны адамдардын бардыгы түшүнүшсө да, сен кыйкырбай эле кой, муну сенден жакшы билебиз дешсе да, дайыма бул жөнүндө ойлоп жүрүшсө жакшы болор эле» – деди Раман.

А аял болсо, айды карап жатты. Анан өзүнчө күлүп жиберди да, Раманга карады. Анын таптакыр башканы ойлоп отурганын көрдү. Раман башканы ойлоп отурган.

– Өзүң биринчи бардыңбы? – деди Раман кайрадан.

– Эмнеге? А-а… Өзүм.

– Койчу?!

«Минтип айтканы калп. Жөн эле калп айтып жатат» – деди Раман.

– Мен анда он сегизде элем… Сигарет берчи?

Раман болгар сигаретин сунду. Шаарда кийинки кездерде болгариялык сигареттер көп сатыла баштады. Аял Рамандын жүзүнө сигареттин түтүнүн үйлөдү.

– Эмне карайсың?

«Сигарет чегүү эң сонун жарашат экен» – деди Раман ичинен.

– Сен кызык бала экенсиң…

– Эмнеге? – деди Раман.

– Неге өзүңдү акмак дедиң?

Раман өзүн эмне үчүн акмак дегенин унутуп калган эле. Аял дагы күлдү. Айдын нуру төгүлгөн курсагы кызык солкулдады. Рамандын жини келди. Өзүн адамдарга түшүнбөгөн бактысыз макулуктай сезди.

– Менин турмушум эч кимге жараксыз. Бирөөлөр сурабайт да. Мен өзүм үчүн гана жашаган кишимин, – деди аял.

– Түкүрдүм сенин турмушуңа! – деди Раман.

– О, бул эң жакшы, – деди аял.

– Бул эң жаман… – деди Раман. Рамандын вино ичкиси келди. Экөө вино ичишти.

– А мени иттин турмушу да кызыктырат, – деди Раман.

– Сыягы, сенин ата-энең жакшы адамдар болсо керек, – деди аял бир кыйладан кийин. Экөө кайрадан көпкө дейре унчугушкан жок. Өздөрүнчө ойлонушту.

Раманга балалык жылдары эсине түштү. Чоң энеси, атасы, Кабылан жөнүндө ойлонду.

Кабыланды ит атарлардын атып салышкандыгын эстегенде ичи ачышты… Кабыландын өлүмү Раманга эң акыркы үчүнчү катуу жоготуу болгон… Ошондо Кабыланга шылтоолоп, атасын, чоң энесин жоктоп ыйлаган…

– Укпайсыңбы. Анан эмнеге сурайсың. Эмне жөнүндө ойлондуң? – деди аял.

– Сен жөнүндө, – деди Раман.

– Калп. Эркектер дайыма калпычысыңар.

«Мына, дагы билип алды. Бирок аялдар көп жаңылышат. Өздөрү сурашат. Анан чын ыкласың менен жооп берсең, ишенишпейт. Бул начар китептердин кылганы. Аялдар жеңил жазылган сүйүү романдарын көп окушат да». Раман баары бир көңүлүнүн эң тереңинде, тереңинде ушул аял жөнүндө ойлогонун, калп айтпагандыгын ойлоду. Унчуккан жок. – Мен анда сендей жаш, чырайлуу элем. Айылдагы келиндердин эң сулуусу элем. – Он сегизде… – деп кошумчалап койду Раман.

– Былжыр, унчукпа мага! – деп аял кыйкырып жиберди. Бирок ыйлаган жок. Раман ыйлап жибереби деп ойлогон эле. «Мен эми экинчи сүйлөбөйм» – деди ал ичинен айыптуу. Аял башаламан сүйлөй баштады. Жамбынын күйөөсү согушка кеткенинен эки жылдан ашкан. Экөө үч түн гана бирге жатышты. Үч түн! Төртүнчү күнү ысык төшөктө жалгыз калды. Күйөөсү согушка кетти. Эч качан мындай алааматты башынан өткөрбөгөн тоолуктар бир топ дүрбөлөң түшүштү. Эмнесин жашырасың! Кээ бир адамдар үй-бүлөсүн таштап, тоо арасына качып жашырынышты. Ал адамдар тоолордо душмандын ордуна кайберен атып жан багышты. Күн көрүштү. Жамбынын күйөөсү да тоого качып кетерин айтканда кайнатасы болгон жок. Уккусу келбеди. Уулун өзү кошо барып согушка жөнөттү. Келинин сооротту: «Кайтып келет. Өлүктү көрөт, тирикти көрөт. Кайра адам болуп келет. Көрсүн! Көрсүн! Башка түшкөндү көргөн лаазым. Бул аалам журттун башына түшкөн иш. Адам болуп келет…» Чоң-Алай. Памир тоолорунун арасы. Жылга-жылгада он-он бештен тамы бар. Ошондой жашашат. А Жамбылардын айылы саналуу жети түтүндөн турат. Мындагы жигиттердин баары согушка кетишти. Балалуу-чакалуу орто жашаган адамдар да. Айылда шагыраган чалдар, боз балдар, келиндер гана калышты. Бул согуштун закону да… Баарынан да мындайда кичине айылга кыйын болот экен: бир адам согушка кетсе да, чакан кудуктан бир чака суу сузуп алгандай айыл ичи бөксөрө түшөт. Аңгырай түшөт. Жетимсирей түшөт. Тоолуктар эгин экпей мал багышат. Жамбы төшөккө жатуудан кача турган болду. Үйдүн ичи аңгырап ээн. Дубалдын боорунда жалгыз ээр, жүгөн, жылан боор камчы илинип турганы турган. Жамбынын аларды карагысы келбейт. Алар күйөөсүнүкү. Булар да ээсинин адам болуп келишин күтүшөт. Минтип ойлоо Жамбыга өтө оор. А иштеген жакшы, баарын унутасың.

Ошол үчүн Жамбы талаага түнөөгө да кайыл. Чалдар менен кошо чалгы чабышат. Кайнатасы да чалгы чабат. Келиндер ишке жайдак эшек минип барышчу болду. Чалдар унчугушкан жок. Бул дагы согуштун бир закону…

– Эмне үчүн жайдак эшек? – деди Раман.

– Айбан! – деди ачууланган Жамбы. – Сөзүмдү бөлбө. Согуш жайдак эшек! Дүйнөдө аял болуу эң кыйын… Сен буга кайдан түшүнмөк элең…

Бирок Раман түшүндү. Обу жок суроо бергенине кызарып уялды. Ал «эми экинчи сүйлөбейм» дегенин унутуп калган эле.

…Бир күнү адаттагыдай айдын жарыгында чалгы чабышты. Келиндер ырдашат. Алардын үнүн «шыр-р, шыр-р» этип гүлдүү чөптөрдүн түбүндө сойлогон курч чалгылардын үнү коштойт. Бир да эркектин үнү алардыкын коштобойт. Ырдап-ырдап басылышканда:

– Аа-а! Ырдагыла, айланайын периштелер! Биздин болсо үнүбүз жок, – дешет чалдар.

Ай сүттөй жарык. «Ай мынча жарык» – деп ойлоду Жамбы. Асманда аппак булуттар тынч турушат. Жамбы ошол булуттардын жердеги көлөкөсүн көргүсү келди. Көлөкөлөр жакын ортодо жок эле. Алар тээ агарган тоолордун башында жүрүшсө керек. А тоолордун өрөөнгө түшкөн түнкү бараандуу көлөкөсү улам берилеп, узара баштады. Жамбыларга жакындады. Ай тоого батты. Түн периштелеринин үнү басылды. Тоо арасы кыт куйгандай жымжырт боло түштү. Периштелер жайдак эшектерине миништи. Жамбы кайнатасы экөө дайыма иштен бирге кайтышат. Кайнатасы жөө, Жамбы эшекчен келатышты. Бардыгы алдыга узап кетишти. Бири-бирине карамалап экөө гана артта. Жамбы өзүнүн аябай чарчаганын сезди. Жөө бараткан кайнатасын эстей коюп, эшектен түштү.

– Минип алыңыз, ата.

«Карыган адамдарга да кыйын болду» – деп ойлоду Жамбы. Кайнатасы унчукпастан эшекке минди. Ал өзүнүн чарчаганын ойлогусу да келген жок… Көңүлүн башка нерсе өйүттү.

«Мындай түндөрдө карыларга уйку, жаштарга күлкү эле го, кадемиң каткан согуш…»

Келинине боору ооруду.

Жамбы дагы кайгылуу боло түштү.

Дубалдын бооруна илинген: ээр, жүгөн, камчы жөнүндө ойлонду. Алар көзүнө көрүнүп турду.

Үйгө түк баргысы келген жок…

– Учкаш, балам. Жол узак, – деди кайнатасы бир топ жол баскандан кийин. Жамбы учкашып алды.

Кайнатасы колоңсолуу тер жыттанды.

Жамбы эркектин жытын аябай сагынгандыгын эми туйду. Ал канчалык ынтызарланса да болбой, кээде көгүчкөндөй тикчийген көкүрөгү кайнатасынын денесине тийип кетип жатты…

Ошондо кайнатасынын денеси дүр-р этет. Ал жаш аялдын денесинин ушунчалык ысык болорун унуткан эле. Артындагы учкашып бараткан келини, ушул качан-качан унутулган нерсени эске салды. Келининин жаш денесинин деми денесине өттү. От тийгендей ысытты… Бул аны аябай чочутту. Ичинен: «Кара башыма көрүнсүн, Алла бар, кынтык ойлосом» – деп келме келтирди. Кексе адам келининин абалын да туюп баратты…

Кайнатасы колоңсолуу тер жыттанат. Жамбы эркектин жытын аябай сагынганын ойлоду. Күйөөсү экөөнүн кучакташып жаткандарын элестетти… Оюнда күйөөсүн кучактап өптү… Эркеледи… Дагы кучактады… өптү…

Көңүлү уйгу-туйгу болду. Анын көзүнө эч нерсе көрүнгөн жок. Аябаган зор дүлөй-сокур, жапан күч аны жеңип баратканын ойлоп, чагылгандай тез эсин жыйды да, эшектен кулап түштү.

Колун жүзүнө басып ыйлады.

– Кечириңиз, ата! Барбайм. Барбайм үйгө! Кете бериңиз! Кетиңиз дейм! – деп бакырды Жамбы ый аралаш. Кайнатасы жалгыз кетти. Сакалынан ылдый жаш куюлду. Күнөөсүз жаш баладай үнсүз ыйлап баратты…

Жамбы жалгыз калды.

Жерге көмкөрөсүнөн жатып алып, чөптөрдү жулуп ыйлады. Тоолор. Асмандагы түнкү аппак булуттар үнсүз…

– Мен айбанмын! Айбан! – Жамбы ушинтип кыйкырды да, чөптөрдү чайнады.

Малга окшоп оттоду.

Анан башкача, таптакыр башкача үн менен ырдады:

Долоно дейсиң талдарды-ы,
Тоотпойсуң балдарды.
Балдар аскер кеткенде,
Кучактайсың чалдарды-ы.

Бул айылдагы боз балдардын тамаша ыры эле. Жамбы ырдап бүткөндөн кийин акылынан ажырагандай каткырып күлдү.

Жамбы асмандагы түнкү аппак булуттарга карап ойлонуп олтуруп: «Эми кайнатамдын жүзүн кантип карайм» – деди да, биротоло айылдан кетүүнү чечти.

– А сен кайнатамдын койнуна кирдим дебедиң беле? – деди Раман.

Жамбы аргасыздан күлүп жиберди.

– Ишенчээк жылкы… Мен сени акылдуу бала десе…

Раман ичинде ошондой болбогонуна кубанды. Ал көптү билген, көптү көргөн адамдарга дайыма суктанат. Азыр да бул аялды купуя жакшы көрдү. Ага суктанды.

Жамбы дагы чалкасынан түшүп жатты.

Айдын нуру эми көкүрөгүнө тийди.

Раман анын чырайлуу жүзүнө карады.

– Ай мага окшош, – деди Жамбы.

– Эмне үчүн?

– Күндүзү айды эч ким карабайт. Түнү гана эриккенде тиктешет! Ай – адамдардын түнкү эрмеги.

Раман Пабло Неруданын «Күндүзү ай» деген ырын эстеди. «Антпе, адамдар айды күндүзү да карашат» дегиси келди.

– Күндүзгүсүчү?

– Күн.

– А сен эмне үчүн күнгө окшош эмессиң?

Жамбы жооп берген жок.

– Адамдар күнгө окшош, – деди Раман.

– Философия!

– Сен дагы.

Жамбы Рамандын чын ыкласы менен сүйлөгөнүн түшүндү. Унчуккан жок.

Раман Жамбынын сөзүн эстеп ошол жөнүндө ойлоду. «Сыягы, ата- энең жакшы адамдар болсо керек…»

Айткысы келди…

Күтүрөгөн ойлор Раманды тешип чыгууга жылчык таппагансыйт. Айткысы келди…

Эмнени? Албетте, өзү жөнүндө. Раман өзүнүн начар жерин билет. Бирөөгө өзү жөнүндө айтып бергенди жакшы көрөт.

А азыр ушул кемчилигин унутуп калган эле.

– Угасыңбы?

Анан Жамбынын жообун күтпөй эле сөзгө кирди (Чын, Раман өзүнүн эң жек көргөн кемчилдигин унутуп калган эле…)

«Жайдын бейжай жамгырына не жетсин?» – деп ойлоду Раман. Адамдар бир ооздон «жамгыр келатат» дешет анда. Жаш балдар ычкыр кашаттарын уучтай кармашып чурулдап тосуп чыгышат.

Ак жаан эмес, ак жамгыр жаайт.

Күн нуруна жуурулушуп жаайт. Алыстан: суйсалып басып келаткан, жомоктогу узун-узун аппак көйнөкчөн пери кызга окшойт. Ага бардык адамдар ийилип таазим кылышат.

Раман көзүн жумду. Ошол кызды көргүсү келди.

Буралып басып ак пери келатат,
Узун-узун аппак көйнөк жер шыпырат.

Раман өз дүйнөсүнө ушинтип шуңгуйт. Башына муздак тамчы тамды. Чочуп кетти. Ак пери кыздын элеси да качып жоголду. Кичинекей дүйнөсү бомба түшкөндөй талкаланды.

Ал шыпты тиктеди.

Көбүрөөк жамгыр жааса ушинтип үйдөн тамчы өтөт. Ана, ылдый көздөй дагы томолонду. Дагы!..

«Бул картаң күздүн тамчылары… үйдөн чык деп атат» – деди Раман. «Адамдын көз жашына окшош», – деп ойлоду кайра. Адамдын көз жашы туз даамданат. Сыягы, жеген туздар көздөн кайра агып түшөт окшойт.

А адамдар эмне үчүн ыйлашат? Туз жанын ачыштырат да анан…

Раман шыпты тиктеп жатты.

Тамчы жөнүндө ойлоду.

– Чык, – деди тамчы.

– Чыкпайм, – деди Раман.

– Бул ким? Ким менен сүйлөшүп жатасың, ата?

Чоң эне ойгонуп кетти. Ал баятан бери карыган мышыктай бүрүшүп уктап жаткан.

– Тамчы. «Өлүм менен сүйлөшүп жатам», – деди Раман өзүнчө.

– Бир нерсе тосуп кой, – деди чоң эне. Раман чоң калай табакты көтөрүп келди.

– Чык! – деди тамчы бакырып. Чоң калай табак «зың» этип жаңырды.

– Чыкпайм, – деди Раман.

Ал таптакыр башка жөнүндө ойлонду. Камилдин айтканы эсине түштү.

Денеси «дүр-р» этип жыландай жыйрылды. Кулагына азап чеккен адамдын кыйкырыгы угулду.

– Чык, – деди тамчы.

– Чыкпайм.

Раман көзүн жумду. Алиги тозокко түшкөн адамдын ач кыйкырыгы дагы угулду. Көзү пардай ачылды. Аябай азап тарткан адамдын коркунучтуу жүзүн көрдү. «Өлүмдүн жүзү ушундай болсо керек» – деп ойлоду Раман.

– Чык, – деди тамчы ачуулуу.

Кыйкырык кайрадан угулду.

Раман эшикке жүгүрүп чыкты.

Эшикте ууру мышыктын басыгындай үнсүз күздүн көңүлсүз жамгыры жаап жаткан эле. Эки күндөн бери жаайт.

Суз, жадаткыч жаан.

Дудук жаан. Эшикке чыгып карагың келбейт. Сүйлөшкүң келбейт. Шилекей чачырагансып итиркейиң келет.

Тантык адамга окшош.

Күз. Табият боёктору өчкөн килейген зор полотного окшойт. Бардык нерселер сууга салган чычкандай шүмүрөйүшөт. Раман: «Пушкин, жылдын төрт мезгилинин ичинен күздү жакшы көргөн» – деп мугалим эжекесинин айтканын эстеди. «Бечара Пушкин… ушул күздүн эмнесин жакшы көрдү экен?» – деди өзүнчө.

Туманга оронгон Кара-Сороңдун башын карап ичиркенди. Кардын суугун сезди.

«Тоолордун башы карлады окшойт». Үйгө кирди.

– Чык, – деди тамчы.

Раман жылуу көрпөгө оронуп, башын каткандан кийин гана тамчы жөнүндө Камилдин айтканын эстеди.

– …Камил – классташ жолдошум. Экөөбүз окууга да, отунга да чогуу барабыз.

Бир күнү экөөбүз окууга бараттык.

Камил папкасынан буту буулган кара мышыкты сууруп чыкты:

– Ууру, – деди ал, – өлтүрөбүз.

— Экөөбүз кантип өлтүрүүнү билбей көпкө кыжылдаштык. Акыры Камил манжалары быртыйган колдору менен муунта баштады. Мени да жардамга чакырды. Мен болбой койдум. Ууру мышыктын тыбырчылаганын айтпа! Көзүчү… Көзү! Жаны көздөрүндө оттой жанып, анан бара-бара өчө баштады. Мышыктын өлүгүн жолдон алыс ыргытып жибердик. Анан ары сүйлөшүп жөнөдүк. Эч кимибиз кайгырганыбыз жок. Жөн гана сүйлөшүп бараттык. Мен жолдун боюндагы Ырай деген кишинин тамынын үстүн карадым. Күнүгө окууга өткөнүмдө, анда дайыма кара мышык жуунуп отурчу эле. Ана, бүгүн да өз постунда экен. Ал тоо тарапты карап отурат. Күндү күтүп олтурат. Мен жанагы өлтүргөн мышыгыбыз жөнүндө ойлодум: «Ал да ушинтип күндүн чыгышын күтөт эле»…

Өлгөн мышыкка боорум ооруду. А азыр күн чыгат. Мен эмнегедир өзүмчө кыжаалат болдум. Түштөн кийин анын өлүгүн сөзсүз таап, ташка корумдап коюуну чечтим. Камилге бул жөнүндө айтканым жок. Ал баары бир мунумду жактырбайт. Күн тоонун ары жагынан экөөбүздүн утурлап бараткан жолубузду жарык кылып келатты. А азыр күн чыгат. Менин оюмдан өлгөн мышык кетпей койду. А Камил өз колунун күчтүүлүгүн мактады.

– Мен сени да муунтуп өлтүрөр элем, – деди ал чегинен ашып.

– Мыкаачы. Тозокко түшөсүң.

Мен чоң энемин «мышыкты өлтүргөн жаман, ал адам сөзсүз тозокко түшөт өлгөндө» дегенин эстедим.

Камил каткырып күлдү.

– Жок, жок! Мен сени башкача жол менен кыйнап өлтүрөм! – Камил кубанганынан кыйкырып жиберди. Мени Камилдин кандайча өлтүрөрү таптакыр кызыктырган жок.

Күндүн арсак-терсек тилкеси тездик менен жакындады. Эртең мененки болор-болбос шамал аны бизге карай айдап келаткансыды. Алыстан мектебибиз көрүндү.

Күн коргологон терезелери көздү уялтат.

– Алгебрадан чыгардыңбы?

– Мен сени тамчы менен өлтүрөм! – деди Камил.

Башыма капысынан: «Мен өлүп калсам эмне болот?» – деген ой келди. Андан ары ойлонгум келген жок. Мен дайыма андан ары ойлонуудан корком. Өлгөндөн корком. Коркунучтуу.

– Кандай тамчы? – Мен өзүмдү алаксыттым. Камилдин оозуна карадым.

Ал улуу сыр ача турган адамга такыр окшободу.

– Мен сени түркүккө байлайм! – Камил ушинтти да, колхоз клубунун сахнасындагыдай өңүн өзгөртүп, көзүн каардуу жүлжүйттү (Биздин мектеп окуучулары «Алтын кыз» драмасын элге коюшкан эле. Камил корбашынын ролун аткарган).

– Анан, – дедим.

Чокуңа бийиктен тамчы тамдыртамын. Тамчы тама берет, тама берет. Акыры чокуңду оёт. Ананбы? Анан мээңе тама баштайт. Билдиңби? Мээңе, алгебрага алы жетпей ыр жазган мээңе! Тамчы тамган сайын өкүрүп-бакырасың. «Чечип кой, акебай» – деп мага жалынасың. А мен чечпеймин! А сен кыйналып, азап чегип жатып… «шылк»… – деп Камил колун тирегичке жаңсады.

Мен өзүмдүн ошол абалымды элестетип көрдүм. «Чынында коркунучтуу өлүм» – деп ойлодум ичимден. Андан ары ойлонуудан корктум. Мен дайыма андан ары ойлонуудан корком. Унчукканым жок. Аңгыча жердеги күн экөөбүзгө жолукту. Күн тоодон чыкты.

– Ассалоом алейкум, Күн!

Биз жарыша салам бердик. Бул Камил экөөбүздүн кичинебизден берки адатыбыз.

– Кайсы убак болду, ата? – деди чоң эне.

– Чык, – деди тамчы. Рамандын ою бузулду. «Камил азыр эмне кылып жатат болду экен?»

Ал кайрадан өлгөн мышыкты кантип ташка корумдаганы жөнүндө ойлоду.

Андан ары ою чукул бурулду. «Эмне үчүн Гитлерди тамчы менен кыйнап өлтүрүшпөйт?»

– Чык, – деди тамчы.

– Бүттү, – деди Раман өзүнчө.

Гитлер жөнүндө ойлонгусу келген жок.

Терезеден сыртка карады.

Бир түп тал. Шүмүрөйгөн талаа. Тоо. Үнсүз асмандын кыйындысы. Терезеден алысты-алысты тиктегиси келет. Бирок тиги сороюп тосуп алат. «Же талпайып тоо сыягы жок. Дагы Кара-Сороң аталат».

Раман тоого ачууланды… Терезенин түбүндөгү жалгыз түп талына ырайымы келди. «Менин досум! Жылаңач эркектей тартайып ыйлап турат. Үстүндө чокон жалбырагы жок. Шамал токмоктоп кетти. Же бутагына чылбыр илинбейт. Бир да от байлана элек».

Рамандын көзү коюуланып, кусалануу каптады. «Атам болсо ат байланар эле», – деди ал көңүлүнүн эң тереңинде. Бирок бул азыр оюна тереңдеп киргиси келген жок.

– Кара кемпир, Пушкинди окуп берейинби?

– Мен аныңды түшүнбөйт экемин, ата, – деди чоң эне.

– Эне, «Пушкин» деңизчи.

– Тилим келбейт. – Айтыңызчы, эне?

– Пүшүн.

– Пушкин деңиз?!

– Пуши-ин… тилим келбейт, ата…

Раман каткырып күлдү. Анын күлкүсү дайыма үйдү жарып жибере жаздайт. Күлкү ар кандай адамга эле жараша бербейт. А Раманга жарашат. Ал күлгөндө эң эле сулуу боло түшөт. Чоң эне муну көрбөйт. Көзү азиз. Көрсө кандай кубанар эле!

«Күлкүсү атасыныкына окшош» – деп ойлоду чоң эне.

– Өлчөөсү көзүнө болсун. – Бир нерсени эстей коюп, эси чыккан чоң эне акырын ушинтип айтты.

– Угуп туруңуз, эне.

Раман кыйкырып окуп кирди. «Подруга дней моих суровых, Голубка дряхлая моя!..» «Үнү бузула баштады, балагатка жетти», – деп ойлоду чоң эне. Небересинин ата-энесиз өскөндүгүн ойлоп ичинен сыздайт.

– Мындан көрө кезитиңизди түшүнөт элем, ата, – деди чоң эне.

– Кезиттерде бүт эле бомба жөнүндө жазышат. Аны да түшүнбөйсүз, эне. – Раман окуганын улантты.

– Түшүнөм, ата.

– Атом бомбасы деген кандай эме, түшүнөсүңбү?

– Атам пампайың эмне? Башкасын окусаң түшүнөм, – деди чоң эне.

– Мактанбасаңыз, эне. Баары бир түшүнбөйсүз. Уктайм. – Раман окуганын токтотту.

Терезеден сыртка дагы карады. Терезенин түбүнөн башталган талаадагы жалгыз аяк жол менен бир ит жүгүрүп баратат.

– Эне! Кабылан дайрага чуркап баратат.

«Акылсыз Кабылан… күздүн жамгырына да балык келүүчү беле. Эми барат. Жээк бойлойт. Анан дайранын боюна шоңшоюп олтурат. Сууну жыттайт. Азыр дайра балык жыттанбайт. Кар жыттанат. Анан жүндөрүн сапсайтып үйгө кайтат».

– Акылсыз Кабылан, – деди Раман. Бала чактан берки досун аяды. Кабыландын карааны үзүлгөнчө карап турду.

– Карып калды…

Раман капалуу боло түштү. Тоону издеди. Тоо жок. Кара-Сороңдун түбүнө чейин коюу туман чулгаптыр. Раман тумандын кыймылдаганын, соймоңдоп жылып келатканын байкады. Жаанга тойбогон ач туман талаа менен акырын басып келатат. Жөө туман.

Кээде талаадагы эрбейген куурайларга илээшип токтоп калгансыйт. Кайра илкип жылат. Рамандын уйкусу келди.

– Кара кемпир, туман басып келатат.

– Эмне? – деди Чоң эне чочулап.

– Жөө туман.

– Аюуларга окшоп жаз келгенче уктайм. Мен кеттим! – деди Раман. Жуурканга башын катты.

– Кеттим дебей жүрчү, ата? «Кеттим» деген сез Чоң энеге дайыма жат угулат. Азыр да жат угулду.

– Чык, чык! – деди тамчы.

2

Чоң эне өзү жөнүндө аз ойлойт. А небереси жөнүндө дайыма ойлонот. Эрмеги да ошол. Баштаган иши да ошол. Аткарган иши да ошол. Кыйналып тарткан оор жүктүү арабасы да ошол. Раман ыңаалап жерге түшкөн күнү согуш чыккан. Ошол күнү жер үстүнө канча бала ыңаалап түштү болду экен? А ошол эле күнү согушта Рамандын канча аскер атасы өлдү экен? (Раман кичинекейинде: «Урушта жүйгөн аскейлейдин баайы менин атам» – дечү сурагандарга.) Канча? Деги канча болду экен?..

Баары бир өлгөндөрдөн туулгандар көп болгондур… Баары бир… Турмуш токтобойт да… «А ошол аскерлердин баары менин балдарым эле, – деп ойлоду чоң эне.

Беш убак намазымды да ошолордун эсен кайтышына багыштоочумун. Көбү кайткан жок. Баары менин балдарым эле. Баары Рамандын аталары эле. Көбү кайткан жок…» А азыр чоң эне ошол балдары жөнүндө ойлоду. Рамандын азыркы дөөпөрөстөнүп: «Туман басып келатат» – деп койгону чоң эненин эсиндегилерди козгоду. Чоң эненин эсиндегилер көп коюлуп жүрүп, ленталары үзүлгөн, кызыктуу эски фильмдерге окшош. Азыр чоң эненин фильми башталат.

Дүйнөнүн тумандуу бир күнү жөнүндө. Музыкадай атырылган күндүн биринчи нурлары жөнүндө… Эртең мененки Памир-Алай тоолорунун панорамасы. Тоолор улуу да, сүрдүү да… Асман мелжиген чокулар… Алар шаңдуу музыканы күтүп турушкансышат. Купкуу, жалама, кереге сымал аскалар. Ошол аскалардын бирөөнүн боорунда айбаттуу адамга окшош кара таш турат.

Рамандын үнү. Бул таштын аты «Каргаша кемпир» – бул жөнүндө ар нерсени эскергенде жакшы көргөн карылардын оозунда легенда айтылат: Илгери бир пайгамбар кемпирди каргаган имиш. Байкуш кемпир ушинтип ташка айланган экен. Пайгамбардын неге мынчалык ачуусу келгендигин ким билсин.

Бир жылда жазында ошол жакка саякатка чыгабыз. Былтыр Камил «Каргаша» башкача ат койду. «Гитлер» – деп. Баарыбыз ошентип атап койдук. Агайдын мылтыгы менен балдар Гитлердин башына атышат. Мен да атам. Гитлердин башында казандай көмкөрүлгөн тегерек кара таш кинолордогу немецтердин туулгаларына окшош. Камил ушундан улам ат койгондугун айткан. Гитлердин «эстелиги». Камил менен кийин талаштым. Менимче, бул таш Гитлерге окшош эмес. «Александр Невский» деген кинодогу рыцарь! Таптым, таптым! Так ошол түрү суук рыцарларга окшойт…

…Чоң эне так ушул эртең мененки тоолорго утур карап коюп, ат үстүндө келатты. Райондун борборуна келатты. Тоолор… Памир-Алай тоолору… Чоку… чоку… чоку…

Тоолордун чокулары күндүн чыгышын күтүшөт. Ана, чокуларга күндүн алгачкы эндиктей кызыл нурлары тийди. Кыпкызыл нурлар бийик чокуларда бийлешет. Эми чокулар күнгө карап ырдап жатышты

Эзелки замандан бери кулакка тааныш жоокер музыканын дүбүртү кулакка угула баштайт. Күндүн дүбүртү…

Мына, дүйнөнү дүңгүрөткөн музыка башталды… Бул «Симфония — Апогей» – белгисиз композитордун күнгө жазган Гимни дешет. Чокулар ырдап жатышат… «Бул тиричиликтин Гимни, угуп калгыла, адамдар!» – дешет алар…

Таштар да, тоолордун бөксөлөрүнө чөккөн, бийик асмандагы эндиктей кызарган булуттар да ырга кошулушат… Күн тоодон башбакты… Рамандын үнү: – Ассалоом алейкум, Күн! – Э-э-э-ээ-эй, адамдар! Бизди титиреткен ырды угуп калгыла, адамдар! – дешет тоолор…

Күндүн атырылган биринчи нурлары адамдарды ойготууга шашып баратышат… Күн өзүнө утурлап учуп бараткан тоо бүркүтүнүн канатына жармашты. Бүркүт асманга атырылып чыкты да, ийри тумшугун күнгө бурду, муштумдай кара нерсе күнгө атылып баратат. Ал күнгө качырып кол салганы баратат. Бүркүттүн трагедиясы ошол. Ошентип өзүн аскага жанчат. Ошентсе да бүркүткө окшоп, күнгө түз караган жандар чанда болот окшойт?!

Күн жылаңач жердеги токумдай карга жармашты. Жаз … Жер жаш кыздай демигет… Коюн-колтуктарында гана ала-чоло кар жатат.

Күн талаада жаткан айнектин сыныгына жармашты. Бул күндүн күзгүсү. Күн жомоктогу сулуулардай өзүнүн жүзүн көрүп кирди. Күн жаш көчөттөргө тийди.

Адам — дарагынын көчөттөрү. Буларды кечээ согушка жөнөй турган балдар тигишти. Көңүлдүү иштеген балдар. Алардын көбү өздөрү тигип жаткан дарактын көчөттөрү сымал жаш. Жаактарындагы үксүйгөн сары түктөрү, болпойгон маңыроо жүздөрү, ишенимдүү караган көздөрү, карандай бала бойдон экендиктерине күбө болгонсуйт. Алардын бирөө айнектин сыныгында жаткан күндү жерден көтөрүп алат:

– Эй, карагылачы, Күн!

Бирок анын колундагы күндү эч ким карабайт. Башкалары бак тигүү менен алек. Алиги боз бала жолдошторуна таарынгандай, колундагы Күндү алыс ыргытты.

Күн чоң энеге жармашты. Бүгүн райондун борборунда эл көп. Көпчүлүгү балдарын согушка узатканы келген энелер. Балдарын өлүмгө узатканы келген энелер. Ыйлаак энелер…

Булардын арасында чоң эне да жүрөт. Анын мойнунда оор куржун. Ичинде уулуна арналган тамак-аш бар. Уулу бүгүн согушка жөнөйт.

Күн кайырчыга жармашты. Чоң көчөнүн четинде жоон санынан ылдый жок, аскер тумагын күнгө тосуп жалгыз кайырчы – аскер олтурат. Анын чачтары уйпаланган.

Чынгыс хандыкына окшош, сары сакалы аябай өскөн. Ал күндө кайыр сурайт.

– Апа, акча бер!

Чоң эне чочуп кетти. Кайырчыны көрүп тык токтоду. Көкүрөгү кысылып, ыйлагысы келди.

«О-о, ата-журт коргогон мунжу адам, согуш деген сен белең?» Жоолугунун учуна түйүлгөн теңгелерин чечти да, жылдызы жок эски аскер тумагына төктү. «Көрүп күйгөнчө, көрбөй күйөйүн», – деп ойлоду чоң эне.

«Оо-о, кантип тирүү калды экен?» Чоң эне куржунун оңдоп басып кетти. Анын ичинде уулу Касым үчүн тамак-аш бар. Ал бүгүн жөнөйт. Чоң эне басып баратат…

Дайыма өзүнүн гана дабышын угуп үйрөнгөн. Азыр уккан жок. Дайыма эле өз дабышын угуу адамды зериктирет, жадатат. А бүгүн эл өтө эле көп. Чоң эне башкалардын дабышын тыңшайт. «Адамдардын дабышын угуу, алар жөнүндө ойлоо жакшы» – деп ойлоду чоң эне. Бул абдан жакшы…

«Бүгүн согушка жөнөшөт». «Бүгүн согушка жөнөшөт» – дешет жер шыпырган буттар хор менен. Көпчүлүгү балдарын зор сыноого узатканы келген энелер. Алар бүгүн жөнөшөт. Түш кыңкайды. Күндүн көзүн алыстан көчүп келген булуттар чүмкөп алды. Тоолор жок. Түбүнө чейин жалкоо туман каптаган. Туман кокту-колотторду жойлоп улам бериледи. Айлана кыйла караңгы боло түштү. Асман таш жаачудай чытырайт. Бирок муну эч ким байкаган жок.

Кыжылдаган адамдардын бирөө да асманды караган жок. Алар жарданып, узун катарда турушкан балдарына карашат. Азыр булар согушка жөнөшөт.

«Машина да жок имиш, жөө жөнөтөт экен. Жарым жолдон ары машина болот дептир деген күбүр-шыбыр тарады. Чын эле ошондой көрүнөт. Мындай кез: «Күткөн мезгил да келип жетти» – деп аталат.

Коштошууга ишарат берилди. Ызы-чуу башталды. Чакчелекей. Ымыркай балдардын ыйлаганы угулат.

Чоң эне Касымдын башын кучактады. Уулунун оозунан буруксуган арактын жыты келди.

– Арак жыттанасың, атабай… – деди чоң эне.

Касым чоң эненин көкүрөгүнөн жыттады.

– Көп ичтиңби?

Уулу тишин кашкайтып күлүмсүрөп карап турду. Чоң эне дагы эмнени сүйлөп өзүн жооткоторун билбей, мекилдеп ыйлап жиберди.

– Катарга! – деген үн чыкты.

– Кошуңуз, кара кемпир, – деди Касым.

Ал энесин кучактап алып ыйлап жаткан жолдошторуна карап өзүнө өзү ачуусу келди. «Өтө эле кайдыгер коштошуп атам», – деп ойлоду Касым. Бирок унчуккан жок.

Ызы-чуу дагы күчөдү. Коштошуу бүттү. Согушка жөнөөчүлөр кайрадан катарга тизилишти. Жолго чыгышты. Тоо тараптан туман каптап келатты. Тумандын алды балдар бараткан улуу жолго жетти. Улуу жол менен каалгып жөө туман басып келатат. Ач туман илкип басып келатты. Чоң эне муну биринчи байкады. Ызы-чуу ого бетер күчөдү. Касым катардын эң артында басып кетип баратат. Ал артын эч караган жок.

Чоң эне көз албай карап турду.

Ал жол менен келаткан жөө туманга кирип кеткенче карап турду. Эми ач туман соруп кеткендей эч нерсе көрүнбөй калды. Адамдар нес болгондой тунжурап удургуп келаткан туманды карап турушат.

Жыйындын ичинен бирөөнүн чочуган үнү чыкты. Ак жоолукчан аял түйүнчөгүн булгалап жыйындан узады. Сыягы, уулуна арнаган белегин бербей унутуп калса керек. Ак жоолукчан аял чуркап баратты. Ийинине түшкөн жоолугу туудай сүйрөлөт. Чуркап барат. Аял кокусунан таш жолго эт-бетинен жыгылды. Баары бир кичинекей түйүнчөгүн колунан чыгарган жок. Кайра туруп жүгүрдү. Жоолугу жыгылган жеринде калды. Аял да туманга аралашып көрүнбөй калды.

Таш жолдун бетиндеги ак жоолук гана кыймылсыз жатты. Жөө туман дале улуу жол менен жай басып келатат. Тоолор жок. Тоолор өз уулдары менен коштошо албай калышты. Ал туман болсо сойлоп келатты. Фильм үзүлдү.

…Чоң эне катуу үшкүрүндү. Өз көзүнүн азиздигин унутуп калган эле. Чоң эне дагы үшкүрүндү.

– Чык, – деген тамчынын үнүн укту.

– Кара кемпир, чыгалыбы? – деп ойлоду Раман.

– Уктадыңбы, ата?

– Жок, эне. Сизчи?

– Жок, ата.

«Жок деген жакшы сөз» – деп ойлоду Раман. «Эгер бул сөз болбосо эмне болор эле? Анда адамдардын баары калпычы болушмак».

Заматта үйдүн ичи караңгы боло түштү. Терезеге жумшак нерсе келип урунду. Эпсиз чуудасы сүйрөлгөн жөө туман экен. Раман терезеге карады. Эч нерсе көрүнбөйт. Бир гана туман. Ал терезенин бетинде бир тынымга удургуп турду да, суюла баштады. Эми гана бир түп жылаңач тал бүдөмүк көрүндү. Кайрадан үйгө жарык кирди. Раман эшикке жүгүрүп чыкты. Жөө туман үйлөрдүн үстүнөн басып баратат. Бүт айылды каптап баратат…

– Ох-оо-о!..

Бул көрүнүш Раманга өтө кызык көрүндү.

– Ким, ата? Ким менен сүйлөшүп атасың? – деди чоң эне үйдүн ичинен.

– Туман, эне. Жөө туман айылчылап жүрөт.

А чоң эне алиги эскерүүлөрүнөн ажырай албады. Далбастап чуркап бараткан аялды, бирөө жол менен атайы айдагандай шумдуктуу удургуп келаткан жөө туманды кайрадан элестетти.

Азыркы райондун борборун кооздоп, көчөлөрүн көркөмдүү кылган дарактар ошондогу балдар тиккен жаш көчөттөр экендигин ойлоду. «Азыр алар аябай чоңоюшкандыр… Мейли, чоңоюп, гүлдөй беришсин…

Алар согуштан кайтпаган ээлерине жандуу эстелик – деп ойлоду чоң эне. Жаан сээлдей баштады. Жөө тумандын арасынан суу болуп жүндөрү сапсайган Кабылан суурулуп чыкты. Ал Раманга күнөөлүү эркеледи.

3

– Китебиңди ал, ата, тегирменде эрикпейсиң, – деди чоң эне.

Раман ансыз деле «Капитан Гранттын балдарын» колтугуна кысып алган.

– Кеттим, энеке…

– А мен болсо күнгө отура берем.

– Уктаңыз, ээ? Кеттим.

– Күн барбы?

– Бар… Бар…

Раман үйдөн алыстаары менен китебин басып баратып окуп кирди. Кээде дейди басып жолдон чыгып кетет. Акыры ташка чалынып китеби колунан ыргыды.

– Маңги баштар! Ушуну көрбөй калышыптыр! – деп чалдарды сөктү да, ташты кыжынып жолдон алыс ыргытты.

Таш мупмуздак эле. Кечээги жаандан кийин жер бир күнгө картая түштү. Жер сууду.

4

– Мен болсо кеттим!

– Күн барбы?

– Бар.

– Ойноп жүрө бербей тезирээк кел, – деди чоң эне.

– Токто, бери келчи, койнуңда китеп жокпу?

– Жок, жок, энеке.

Эки-үч курдай Раман куурайы жок жалаң жип менен кайтты. Чоң эне анын себебин билип алды. Бүгүн китептеринин баарын жабанга салып кулпулап алган. Раман куурай терүүгө китепсиз кетти. Чоң эне менен Рамандын кышка даярдыктары ушул. Отун, тегирмен.

5

– Кеттим, энеке.

– Кайда?

– Мектепке.

– Караңгы түндөбү?

– Оюн коёбуз, – деди Раман.

Раман калп айтты.

Ушинтип, көп жолу калп айтканын эстеп, өзүнө өзү капа болду. «Көзү жок адамга калп айтуу оңой». Ушуну ойлогондо ого бетер капаланды.

– Чырагыңды өчүрүп кет. Эртең сасык май алып келип койсоң, ата. Чырагыңдын майы түгөнүп калыптыр. Жаанда суу болосуң эми, балам ай…

Каалга «тарс» жабылды.

Үйдүн ичи көрдөй капкараңгы. Чоң эне көрүнбөйт. А чоң эне Раман жөнүндө ойлоду. Атасынын да илгерки бир оюнда Чойбек бай болуп ойногонун эстеди. Үйгө келгенден кийин сакалы эчкинин куйругу экендигин айтканда күлгөн эле. Раманды да: «Атасын тартыптыр» – деп айылдагылар мактап калышат. Оюнду жакшы аткарат дешет. Жакшы ырдайт дешет. Чоң эне күрсүнүп ордунан турду:

– Бул бала оокатын ичтиби?

Төрдөгү столдун үстүнөн аякты сыйпалап тапты.

– Ичпептир чунак бала.

Табуретка кычырады. «Ушу шайтандай эмеге кантип отурушат?»

Чоң эне ошо бойдон былк этпеди. Үйдүн ичин өлүк тынчтык басты. Чычкандар кебек салынган тулупту кемирип киришти. «Чычкандардын түбөлүк эрмеги ушул» – деп ойлоду чоң эне.

– Уктагыла эми, жаны жоктор, – деп аларга буту менен тап берди.

Табуретка экинчи жолу кычырады. Бош чака жаңырып «зы-ң» этти.

«Суу дагы түгөнүптүр» – деп ойлоду чоң эне.

Чычкандар кайра эле кебек салынган тулупту кемирип киришти.

– Кой эми, төшөк салайын, – деди чоң эне дагы күрсүнүп, жөрмөлөп жүрүп төшөк салды. Төшөктүн четинде бөжөйүп кыйлага олтурду. Кайра жер таянып өйдө турду да, жапыз каалганы ачып, эшиктеги түндү тыңшады.

– Мынча неге жымжырт? Жаан басылган өңдөнөт, – деди чоң эне өзүнчө.

– Кар жыттанат.

Эшикти жапты. Үйдүн ичи капкараңгы. Чоң эне көрүнбөйт. Бирок сүйлөгөнү, басканы, ойлогону угулат…

…Кар күрөгөндөй жаап жаткан. Раман асманга бетин тосуп кетип баратты. Далбалактаган карлар мурдунун учуна көпөлөк сыңары конуп, кытыгысын келтирет. Кирпиктерине илинген карлар көздөрүнөн жаш болуп акты. Раман асманга жүзүн тосуп баратты. Көңүлүн делөөрүткөн зор кубаныч пайда болду.

«Мен мас…» – деп ойлоду Раман. Жүгүргүсү келди…

Жер түгөнгөнчө жүгүрүп бара бергиси келди… Кулачын кенен жайып, туйлай түштү да, кичинекей кезиндегисиндей коделекти туурап, мурдун көтөрүп ойку-кайкы чуркап жөнөдү. Саманкананы көздөй чамынып жааган карды аралай чуркап баратты.

«Кудум эле жомоктогудай» – деп ойлоду Раман.

«Учуп баратам»…

Ага карама-каршы саманга тоюп, күшүлдөп-бышылдап жалгыз уй келатты. Муну да байкаган жок.

Раман уйдун жумшак, жылуу булоолонгон капталына бетинин урунганын гана туйду. Жыгылып түштү.

Уй жыгылган Раманга жайбаракат кылчайып карап койду.

– Сасык мурун, – деди Раман.

– Ким?

Раман кыткылыктаган кыздын күлкүсүн укту. Жалт бурулуп, Лайлини көрдү. Ал кыткылыктап күлүп жатты. Рамандын жүрөгү апкаарып лакылдап сокту.

– Кел, карга тилибизди тособуз?

Лайли карга тилин тосту.

– Раман, сен да ушинтсең?

– Тилим үшүйт.

– Ушинтсең эми?..

Раман да карга тилин тосту.

– Ширин бекен? – деди Лайли.

– И-ий… – Раман башын чайкады.

– Кимдин муруну сасык?

– Уйдун, – деди Раман.

Лайли кыткылыктады…

– Сенин уюң саманга кирип алыптыр. Мен айдап койдум. Уй менен сүзүштүң ээ?

Лайли дагы кыткылыктады.

– Тилиң үшүдүбү?

– Сен айт, анан мен айтам…

– И-ий… – Раман башын чайкады.

– Менин эрдим үшүдү.

– Кар өөп атпайбы сени.

– Эмне-е?

Раман күлүп жиберди.

– Сени деле өөп атпайбы.

– Андай эмес. Кар мени менен сүйлөшүп атат.

– Андай эмес. Кар сага ашык болуп калыптыр.

– Сага.

– Сага.

– Сага, сага, сага…

– Сен сулуусуң да… сага… – деди Раман.

– Шен шулушуңда… сага… Лайли кыткылыктап күлдү.

– Болуптур. Кар эмне деди?

– «Шен шулушуң» – деди.

Лайли дагы кыткылыктады.

– Мурунум үшүп кетти.

– Кимдики?

– Уйдуку, – деди Раман.

Экөө жарыша күлүштү. Көпкө дейре сүйлөшүшкөн жок. Тилдерин карга тосуп тура беришти.

– Сен сүйлөбөйт экенсиң эмне, мен кетем, – деди Лайли акырында.

– Мен кетпейм.

– Мен да кетпейм, – деди Лайли.

– Кар эмне деп шыбырап атат, билесиңби?

– Билбейм. Колум үшүдү, Раман!

Лайли Рамандын шырымалынын көкүрөк топчуларын чечти да, койнуна эки колун салды. Экөөнүн кошулган ысык дендеринен, ортолоруна жааган кар жерге түшпөй эрип жатты. Раман шыңга казыктай былк этпейт. Жүрөгүнүн үстүндө жаткан кичинекей муздак колдор адеп итиркейин келтирди эле, жылынганда билинбей кетти. Былк этүүдөн коркуп тура берди. Денесин майда калтырак басты.

– Үшүдүңбү, калтырайсың го? – деди Лайли.

– А сенин колуңчу? Өзүнүкүн билбейт дагы…

– Ии-и таза калпычы! – Лайли колун сууруп алды.

– Жүр саманга жатабыз?

– Жатабыз?

Лайли Рамандын сөзүн уккан жок. Чуркап жөнөдү.

– Кыйын болсоң мага жетип ал!

Олчойгон кыркынчы өтүккө бытыйган кара саптуу ботинка караандатпады. Караан-караан жыйылган саманга айландыра урулган сокмо дубалдын бурчунан аттуу адам Лайлиге оро-пара чыга түштү.

– Кимсиңер? – деди аттуу адам.

– А-а, сен Лайлисиңби? Тиги кайра артына качкан ким, ботом?

– Билбейм.

– Караңгыда эмне кылып жүрөсүң?

– Саманга келдим.

– Козулуу кой көрдүңбү?

– Уй көрдүм.

Лайли бырс күлдү.

– Кайда түнөштү болду экен? Деги ит-куштан сак болгой эле. – Атчан киши кобурап бастырып кетти.

Раман алыстап барып токтоду. Үйгө кеткиси келди. «Лайли кетип калды го…» Ошентсе да үн салды:

– Мен кеттим! Сенчи?

Бир тынымдан кийин Лайлинин:

– Мен кет-ти-им! Шенчи-и? – деп өзүн туураган үнү угулду.

Раман таң калды. «Кар угузбай жатат»…

– Корко-ок! – деди Лайли кайрадан.

Раман үйүнө келатты. Денеси эмнегедир ысып чыкты.

«Ысык кар» – деп ойлоду өзүнчө. Дүнүйө таң каларлык жымжырт. Биринчи кар жаап жатты.

6

Раман күндөгүсүнөн бүгүн эрте ойгонду. Атайылап эрте ойгонду. Чоң эне тоок кыйкырганда эле турат. Азыр эртең мененки багымдатын окуп жатат. Чоң эненин намаз окуганын тыңшады. Чоң эне күндө намаз окуйт. Раман тыңшайт. Жылуу төшөктө жатып, чоң эненин чын ыкластуу кобураганын угуу ага өзгөчө рахат берет.

Ага баары жат.

Раман, чоң эне намазынын аягын эмне деп бүтүрөр жөнүндө ойлоду. Рамаңдын эртең мененки эң таза кирсиз балалык ойлору дайыма чоң энеге арналат. Кээде каяша айтып, жаш баладай кагып коёрун эстейт. Бир жакка жумшаса, барбай туруп эле «жок экен» деп алдап кайра келгенин эстейт. Тамакты шорулдатып ичсе: «Шалпылдатып чайнабай эле ичпейби» – деп ичинен кыжыры келгенин эстейт.

Көзү азиздигин намыс көрүп жүргөндүгүн ойлойт. Раман таптаза балалык маңыроо чын ыкласы менен ушинтип ойлойт. Азыр да ушуларды ойлоду. Китептерден окугандары өз турмушуна таптакыр окшобогондугуна айраң калды. «Алар өтө эле бактылуу. Менин бардыгым окшошпойт. Чоң энем да. А чоң энем деле бактылуу. Ал: «Сен бар, мен чоң бактылуумун», – деп дайыма айтат. «Мен да аябай зор бактылуумун. Менин чоң энем бар» – деп ойлоду Раман.

Анан бул бороондуу буурул түңдөй чачтары бар балпайган чоң энесинин өзүнө болгон мээрин өлчөөгө акылы жетпеди. «Өтө эле бийик… өтө эле бийик… Мен ага жетпейм» – деп ойлоду Раман.

Чоң эне намазын аяктайын деп калды. Раманга баары жат. Намазынын аягын эмне деп бүтүрөрү жөнүндө ойлоду. Аягы сөзсүз минтип бүтөт: «Атама тоодой өмүр бер»…

Чоң эне ушинтип суранды. Намазын окуп бүттү. Чоң эне дайыма Кудайдан ушинтип суранат: «Атама тоодой өмүр бер»…

Раман терезеден шаңдуу аппак тоолорго карады. Ойлонуп кыйлага жатты… Анан ыргып туруп кийине баштады.

– Турдуңбу, ата?

– Эне-ов…

– Ов, оокатыңды ысытып койгом, ата, – деди чоң эне.

– Эне-ов, – деди Раман.

– Ысык ич, ата, муздап калат.

– Эне-ов…

Раман өзүн аябай бактылуу сезди. Тамагын ичти.

– Окууга кеттим, бабушка.

– Күн кандай?

– Бүгүн чыгат.

Раман чоң эненин муздак бетинен өөп, эшикке чыкты.

Асман көпкөк…

Жер аппак.

Раман кар малтап баратты.

Ал ушун үчүн эрте ойгонгон.

«Биринчи мен из салдым» – деп ойлоду Раман.

Жалгыз из үйдөн улам алыстады.

Раман карга биринчи из салуу көңүлдүү болорун ойлоп баратты.

7

Раман окуудан үйүнө кабагы өтө салыңкы кайтты. Босогодон аттары менен  төшөккө  бутун  ороп  олтурган  чоң  энесин  көрдү  да,  шолоктоп ыйлап көкүрөгүнө жыгылды.

– Энеке-е…

– Эмне болду, ата?..

– Эне-е…

– Өпкөлөбөчү, ата. Айтчы, ата? айтчы?

Раман ого бетер күчөп ыйлады.

– Эркек адамга ыйлаган жарашпайт, ата. Эмне болду?

…Жетинчи класста сабактан кийин ата-энелер менен чогулуш башталды.  Раман  чогулушту  таштап  чыгып  бараткан. Коридордон  аны мектептин директору Малик кармап алды.

– Кайда барасың?

– Кетем. Үйүм алыс, – деди Раман.

– Сенин үйүңдүн алыстыгын эч ким сураган жок, Эрке. Атаңды же апаңды эмнеге алып келбедиң?

– Алып келбейм…

– Эмне?! Өйдө кара!

Раман ээгинен өйдө көтөргөн директордун колун кагып жиберди да, мектептен чуркап чыкты. Жолдун кыйласына дейре жүгүрүп келди.

Ал буулукту. Аппак чокулардын асман тийишкен жерлерине карады.

«Адам асманга караганда жеңилдене түшөт…

Асман кең…

Асман таптаза…

Асман бийик… Абдан бийик» – деп ойлоду Раман.

Өз көзүнө алымсынган жок.

Алысты, алысты карагысы келет.

Раман кээде мейкин талааларды эңсеп куса болот.

«Ушул тоонун ары жагында ошол мейкин талаалар жатса керек» – деп ойлойт Раман.

А бирок тиги сороюп аны көрсөтпөйт.

Же талпайып тоо сыягы жок…

Раман буулуктурган кайгысын унутуп калды. Оюндагы өтө эле бийик, өтө эле бийик чокусу элестеди. Рамандын азыр ошол чокуга чыгып чоор тарткысы келди.

Ал чоорду эң жакшы тартат.

Айылдагы балдардын баарынан кыйын тартат. Раман чоор тартканда чоң эне эмнегедир эмшеңдеп ыйлай берет… Ага чоор тартууну чоң эне өзү үйрөткөн… азыр Раман өтө эле бийик, өтө эле бийик чокунун башына чыгып чоор тарткысы келди.

А бирок андай чоку жок.

Ал оюнда гана жашайт.

Оюндагы өз чокусуна салыштырганда тигил тоолор бейиттеги эски мүрзөлөргө окшойт.

Рамандын эми аларды карагысы келген жок. Жол боюндагы тамдардын бооруна жазылган ураандарга эрксизден көз жүгүрттү. «Жашасын 1-Май!..» калганын окуп бүтө элегинде Рамандын кыркынчы өтүгү карга тайгаланып кетти. Дагы бир аз баскандан кийин бузулган үйдүн чалдыбар дубалынын боорунан: «Согуш отун тутандыруучуларга өлүм!» – деген өчүңкү эски жазууну окуду. Кайсы дубалда эмне жазылгандыгы көп жылдардан бери ага беш колдой тааныш. Аларды эми окугусу келген жок.

Раман көңүлүндө таптакыр башканы ойлоп баратты.

Кандайдыр бир түпөйүл ой жүрөгүн өйүтөт.

Чалдыбардан кийинки үйдүн алдында, дубалды тырсылдата койгулап ыйлап жаткан эки-үч жашар баланы көрдү. Бала өтө эле эрке өңдөнөт.

Чаңырып-чаңырып алат да:

– Ата-аа-а! – деп чалкалап коёт.

Атасы да жүгүрүп үйдөн чыкты.

– Жүр,  уулум!  Оп-аа!  – ата  уулун  асманга  көкөлөтө  кармаганча, аңкайып  тиктеп  жолдун  ортосунда  турган  Раманга  карап  жылмайып күлүп койду.

Раман жин тийгендей жөнөй берди.

Алиги бала көтөргөн адам «буга эмне болду» дегендей жүгүрүп бараткан Рамандын артынан суроолуу карады…

Раман чуркап баратты.

Тоолор да асманга карап чакырып жаткансыйт…

– Ата-аа-а!..

Бул сыйкырдуу сөз анын кулагынан кетпеди.

Раман өзү биринчи класста окуп жүргөндөгү болгон бир окуяны алиге унутпайт.

Азыр да ошону эстеди.

Мугалим Раманды доскага чыгарып: «Ата, атка така как» – деп жазгын деди.

Раман доскага: «Эне, атка така как» – деп жазды.

Балдардын баары кыраан-каткы күлүштү.

– Эмне үчүн минтип жазасың? – деп сурады мугалим.

– Менин атам жок… – деп Раман ыйлап жиберди.

Раман ушуну алиге дейре унутпайт.

Азыр  «ата»  деген  сөздү  түбөлүккө  айтпай  турганын  ойлогондо көкүрөгү кысылып, көзү каканактады…

– Бул жаман сөз! Жаман… уккум келбейт, – деди Раман өзүнө.

«Мен жок жерде айткылачы?! Дайымаөзүңөргө өзүңөр ыраазысыңар, башканы  байкабайсыңар. Менин көзүмчө  таарынып  ыйлабагылачы атаңарга? Атаңарды сөз кылбагылачы! Муну сатып берди, тигини сатып берем деди атам дебегилечи мага. Атаңарга айтсаңар, менин көзүмчө силерди эркелетпесин. Мени менен баратканда  атаңарга  учкашып  кетип  калбасаңар?  Ошентсеңер… Мен силерден суранам…»

Ушинтип кыйкырды Рамандын ичиндеги бирөө. Раманды бул ойлор аёосуз эзди.

Рамандын үйү мектептен алыс. Анын үстүнө жолдун орто ченинде ээн мүрзөлөр бар. Жол ошол ээн мүрзөлөрдү аралап өтөт. Раман ошерден жалгыз өткөндө дайыма сүрдөйт. Кээде коркунучтуу ойлор келип, төбө чачы тик турат.

Азыр да ошол ээн мүрзөлөргө жакындап баратты.

Былтыркы ушул жерде ыйлаганын эстеди…

…Ошол күнү Раман менен Эмил мектептен кеч чыгышты. Ыр-хор кружогундагылар түштөн кийин калып ырдашкан эле. Тышта алай-дүлөй бороон болуп жатыптыр. Дуулдаган шамал карларды асманга сапырат.

Карлар тегирмендин тозундай чаңыйт.

– Будуң-чаң…

Раман кээде дем алалбай аптыга түшүп жатты. Бороон тумчуктурат.  Бирок  экөө  бороонду  тоотушкан  жок. Көңүлдүү  келатышты.  Бороон экөөнү дегдеңдетип айдап алгансыйт…

Кээде  экөө  орундарынан  жылбай  туруп  алышып,  бороон  менен сүйлөшүшөт, ага тийишип мазакташат:

– Кана, кыйын болсоң эми түртчү?

Бороон түртөт…

Экөө кубанычтуу күлүшөт да, топоңдоп бороондун алдына түшүшөт.

– Кана, мени учурчу? – Раман шырымалын канатка окшотуп бороонго жаят…

Кеч кирип  келатты.  Бороондун  ышкырыгы  караңгы  кирген  сайын сүрдүү угула баштады. Бейитке жакындаганда экөөнү жалгыз атчан адам кууп жетти.

– Кимсиңер? – деди аттуу адам.

– Ата, менмин!

Эмил атасынын үнүнөн тааныды.

– Эмилсиңби, кел, учкаш кокуй! – деди аттуу адам.

Эмил атасына учкашкан бойдон кетти.

Раман жалгыз калды.

Ал эрдин кесе тиштеп ыйлабоого аракеттенди. Баягы жолдогу кубанычтары бороонго учту…

«Кантип эле  ушундай  болсун?  Мага  кайрылып  келишет»  –  Раман көңүлүнүн эң тереңинде ушинтип ойлоду.

Раман бул оюна ишенгиси келди.

«Кантип эле ушундай болсун? Алар мага кайрылып келишет»…

Кайра бул оюна ишенген жок.

Өжөрдүк менен жүгүрүп жөнөдү.

«Мен аларга жетишим керек» – деп ойлоду Раман.

«Сөзсүз алардан озуп кетем». Алардан ушинтип өч алууну ойлоду.

Чын эле Эмилдин атасы бир маалдан кийин кайрылып келди.

– Раман, кагылайын, мен сени байкабапмын. Кел, учкаш сен да, – деди Эмилдин атасы.

Раман  эрдин  кесе  тиштеп  унчуккан  жок. Кайра ого  бетер  жүгүрүп жөнөдү. Эмилдин атасы кууп жетип дагы алдын тосту.

– Кел, кагылайын. Бейиттен өткөрүп коёюн, коркосуң. Мен куруюн, байкабапмын сени…

Раман  эми  өзүн  токтото  албады. Ыйлап жиберди. Дагы  чуркап жөнөдү…

Айылдагы адамдар Рамандын абдан сезгич, кыялы учкул экендигин, ал турсун ага бир нерсе сатып бере коюу же опсуз эркелетүү да кээде оор тиеринен өйдө билишет. Раманга өтө кылдат мамиле кылышат.

Алар балдарына дайыма: «Раман менен урушуп, көңүлүн оорутпагыла» – дешет. Мүнөзү оор баланы астыртан көзөмөлдөшөт.

Раман да муну билет.

Раман  ушуну  эстеп,  дагы  аябай  кусаланды. Ал  эрксизден  кардын алдындагы томпойгон мүрзөлөргө карады. Бир убакта капысынан артындагы бирөө унчукту:

– Эй, кел учкаш!

Раман чочуп кетти. Бул кишинин үнүнөн эле тааныды. Бул айылдагы жинди адам. Аты да жок. Атын эч ким билбейт. Ошондуктан айылдагылар «Адам-жинди» дешет.

«Мунун атын бир гана согуш билсе керек. Ал да эчак өлгөн…» – деп ойлоду Раман өзүнчө.

Согуштан  ушинтип  акылынан  ажырап  келиптир. Мындан башка айылдагылар бул адам жөнүндө эч нерсе айтышпайт. Беш-алты күндөн бери жоголуп калды эле. Кээде көпкө дейре айылдан дарексиз жоголот, кайра ушинтип келет. Кайда барбасын, ушинтип кайра келет. Асылзатын унутуп калгансып кайра келет.

Кара шырымалынын жакасы кагадак кир. Чачы өскөн. Кулагынан күн көрүнөт. Арык…

– Учкашпайм, – деди Раман.

– Ха-ха-ха!!!

Бул адамдын күлкүсү Рамандын жүрөгүнө ийнедей сайылды. Бир башкача жомоктордогу мүйүздүү шайтандын күлкүсү. Бул жинди адамдын кейиштүү күлкүсү… Кээде көкүрөктүн түпкүрүнөн чыккан кубаттуу күлкүгө окшойт. Деги кызык күлкү.

АВТОР: (Таанышып коюңуздар! Бул менин повестимдин «улуу» актеру. Ал  Тоголок  театрдын  сахнасынан  түбөлүккө  түшкөн  улуу  трагедияда ойногон. Азыр ишсиз жүрөт).

Раман башканы ойлоп баратты.

Ал дайыма башканы ойлойт.

– Эй, атың ким эле? Сен жакшы баласың… менин да сендей жакшы уулум болсо…

Адам-жиндинин көрүнгөн балага дайыма айта турган сөзү ушул.

Раман ушуну эстеди.

Адам-жинди жаш балдарды жакшы көрөт. Бирок алар муну көргөндө эле  бакырып  жаа  бою  качышат.

Раман  ушул  жөнүндө  ойлогондо  бул адамга ырайымы келди. Ал дайыма тоо, таш, асманга каранып бир нерсени издегенсип жүрөт…

«Балким, туулган жерин издеп жүргөндүр»…

Раман бул адамдын оор турмушун ойлоп өзүнчө убайым жеди. Ушул кезде асмандан реактивдүү самолёттун ышкырган үнү угулду. Ал жерде мүйүздүү шайтандын күлкүсү дагы чыкты… – Ха-ха-ха!!!

Раман  мындай  күлкүнү  өмүрүндө  уккан  эмес. Адам-жинди  жайдак эшегинен ооп түштү да, жол менен жүгүрүп жөнөдү.

– Ха-ха-ха!!!

Асмандан башын колу менен калкалап чуркап келатты. Реактивдүү самолёт так төбөдөн мээни аралап учуп бараткандай ышкырат. Адам-жинди Раманды көрө коюп:

– Жат, окопко кир! – деп соо адамдай бакырды. Селейген Раманды кармап жерге жыкмак болду. Раман анын колунан араң бошонуп, коркконунан качып жөнөдү.

– Ха-ха-ха!!!

Бул күлкү Рамандын кулагынан кетпей койду. Асман тынчый түштү. Жаанын жебесиндей немеден асманда ийри-муйру булут-из калды.

Раман артын караган жок.

Анын ойлору буркан-шаркан түштү.

Раман бул адам жөнүндө ойлонуудан коркту.

Раман бул адам жөнүндө ойлонуудан дайыма коркот.

…Түн кирди. Чоң эне менен Раман уктоого жатышты.

– Эми айтчы, ата?

Чоң эне Рамандын баягы ыйлаганын эстеди.

– Жашык болбо, жашык болбочу, ата?! Жигит адам да жашык болобу? – деди чоң эне.

– Бороон…

Экөө терезени ургулаган күчкө кулак түрүштү.

Чычкандар кебек салынган тулупту кемирип кытырата башташты.

Үйдө меш жок. Суук.

А чычкандар үшүшпөйт…

Эшикте да, үйдө да түн.

А чычкандар укташпайт…

– Эне, – деди Раман.

– О-ов, ата.

– Эне-е…

– О-ов…

– Атам жөнүндө айтып берсеңиз…

Чоң эне коркуп кетти. Небересине эми гана түшүндү. Эмне үчүн ыйлаганына эми гана түшүндү.

– Эмне, сени балдар жетим деп табаладыбы?..

– Айтып берсеңиз, – деди Раман.

– Жер майласын аңтарылгыр. Аңтарылган атаң болсо…

– Айтып берсеңиз…

– Аңтарылгырыңды эле кээде сурап каласың да, ата… Касымым шайыр жигит эле. А сени адамдар «түнт, адамга үйүрү жок» дешет…

– Адамдар айта беришсин. Мен андай эмесмин, – деди Раман.

– Мен аларга ишенбейм. Адам болор кишинин адам менен иши бар, ата. Муну эсиңе түй. Атаң болсо маалим болуп, өзүңө окшогон балдарды окутчу. Жанагы райкомуңар да атаңын колунан окуган. Чилдийген арык бала эле. Бизди сурап коёт имиш го, бечара… Өмүрү узун болсун ылайым.

Чоң эне сүйлөбөй токтоп калуудан коркту.

Божурай берди. Раман эмнелерди айтарын жатка билет. Анын үстүнө ал кишинин өмүр баяны өтө кыска, табышмактуу.

– Жыйырма бир жашында урушка кетти… Сага айтпадым беле, тумандуу күнү кетишкен. Кат келип турду. Анан кыйлага дайынсыз болуп кетти. Ошондон кийин атаң аңтарылгырдан акыркы жолу кат алдым. Катында: «Кара кемпир (мени эркелетип дайыма ушундай дечү), бул катты самын орогон кагазга жаздым. Эми адатыңдай көп ыйлаба. Көзүңдөн ажырайсың. Жакшы оокатыңды кыл. Мен болсо кеттим!» – дептир. Сары ушаланган кагаз… дале көзүмө көрүнүп турат, – деди чоң эне үшкүрүп.

– Ошондон кийин кат келген жокпу?

– Келген жок.

– «Мен болсо кеттим…?»

– Ооба, ошондой дептир. Кайда? Жазбаптыр…

– Коркок, немецтерге өтүп кетти да, анан айга учуп кетмек беле?!

– Койчу, ата.

– Кара кагаз келген жокпу?

Раман бул суроону чеки сураганын ойлоду. Ал атасынын кайсы бир жакта тирүү экендигине ишенгиси келет… «Же Англияда, же Францияда, же Америкада жүргөндүр» – деп ойлоду өзүнчө. Кээ бир колго түшкөн кишилер ошол жактардан бошонуп келип жатышат имиш деген сөздү Раман уккан. Ал атасынын кайсы бир жакта тирүү жүргөндүгүнө ишенгиси келет.

Чоң эне да бул суроосуна жооп берген жок.

– Ошондой да, – деди Раман өз оюн жактап.

Чоң энени кодулаган ой тынчый түштү. Дагы бир ачык ооз неме келжиреп койгонбу деп абдан корккон.

Түн. Бороон терезени черткилейт. Каалга кызык кыйчылдайт да… Же адамдын үнүнө, же айбандын үнүнө окшобойт. Деги эч нерсеге окшобойт. Алыстан, алыстан бороонго таланып келген жолоочу үн… Раман өткөн жылы бул эмненин үнү экендигин биле алышпай чоң энеси экөөнүн аябай корккондорун эстеди. Аябай коркушкан…

– Мен болсо кеттим! Уктайм. Жаз келгенче уктайм, – деди Раман.

– Кеттим дебей жүрчү, ата, – деди чоң эне.

Чоң энеге «кеттим» деген сөз дайыма жат угулат.

«Мен болсо кеттим» – деди Раман өзүнчө.

Андан атасы жөнүндө ой дале кетпеди.

Ал дайыма өзүнчө ойлойт.

Раман кызык бала…

Чоң эненин эми уйкусу келбейт. Бардык кары адамдардай эле чоң эне да өзүнүн эскерүүлөрүндө көбүрөөк жашайт.

Раман бала кезиндегидей бырылдап уктап кетти. Чоң эне колун абайлап алып барды да, жүзүнөн сыйпалады. Жуурканын кымтылады.

– Эне-е…

– Укта, уктай бер, ата…

«Сергек, айланайын» – деп ойлоду чоң эне. Анан өзүнчө кобурады:

– Бала, бала…

«Бала энеге кээде өтө эле ырайымсыз, адилетсиз» – деп ойлоду чоң эне.

Кичинекейинде тентектиги үчүн тилдеп койсо, Рамандын:

– Көр, көр! – деп карматпай качып кетип калгандыгын, бирде чычаланы кармата коюп, каткырып күлгөнүн эстеди.

А бирдечи… Ошонусу кызык. Чоң эне аны эстеген сайын жылмаят.

…Жайдын күндөрү үйдүн алдындагы арыктан суу агат. Анда энсиз тактайдан көпүрө бар эле. Бир күнү ошол көпүрөдөн экөө өтүп баратышты. Раман орто ченине келгенде сууга кулап кетти. Суудан чыккандан кийин чоң эне: «Эмне болду, ата?» – деп сураса: «Сизди туурап көзүмдү жуумп алдым эле» – деп жооп берди Раман. Чоң эне аргасыздан күлгөн…

Ушинтип  чоңойгонун  көрбөй,  жүз  токтото  албай  калганына  капаланды. Чоң эне небересинин кичинекей кезинен эмне эсинде калса, ар түн сайын кайрадан көрүп чыгат. Кары адамдардын эскермелери көп коюлгандыктан ленталары үзүлгөн, кызыктуу эски фильмдерге окшош.

Чоң эне Рамандын караанын дагы көргүсү келди…

…Апаат жылдар. Коштошуу. Күнүгө ызы-чуу. Ачарчылык. Чоң эне кырманда буудай тазалайт. Бригадир атыр алардан көзүн албайт. Үч жашар Раман булдурап жанында.

Чоң эне анын чөнтөктөрүнө кызыл буудайдан толтурду да:

– Раман, кагылайын. Үйгө барганда кууруп берем. Менин жанымдан жылбай отур, – деп шыбырады. Жаш бала айбан да, эмнени түшүнсүн?!

Бир маалда:

– Сал капка! – деген бригадирдин корсулдаган үнүн угуп чоң эне жалт карады. Кичинекей сары чийкил, купкуу Раманы чоң кара канар каптын жанында алаңдап коркуп турат. Чоң кара канар кап. Жанында кичинекей Раман. Каптын оозуна колу араң жетет. Чөнтөктөгү буудайларын  капка  шашып  салып  жатат. Кээде бытыйган  уучундагы буудайлар  каптын  оозуна  жетпей  чачылып  кетет.  Раман  согончоктоп кара каптын оозуна тырмышат.

– Ар кимиңер күнүгө ушунчадан уурдап кетсеңер, пронтко эмне калат?  Окшошкон  гана  какшаалдар!  –  деп  бригадир  аялдарга  көнүмүш кыйкырыгын салды. Кырмандагылар  баары  жумуштарын  токтотушуп,  кара  кап  менен Раманга үн-сөзсүз карашты.

Оор түйшүктөн арып-чарчаган адамдардын көздөрү… Раман алаңдап коркуп салып жатат. Чоң эненин жанындагы аял шолоктоп ыйлап жатты…

Үн-сөзсүз тигилген көздөрдөн жалтана, бригадир башын жерге салып четке чыга берди. Раман акыркы уучун капка карабай туруп, чачып жиберди да, чоң энеге карап тейтеңдеп чуркап келатты. Кырмандагылар дале кыймылдашпай белгисиз  бир  нерсени  күтүп  турушту.  Бригадир  чаң  жутуп,  чарчаңкы кызарган көздөр эмнени күтүшкөнүн түшүндү.

Ал үнсүз макул болду.

Узун сөздөрдүн бул жерге кереги жок эле.

Үнсүз сүйлөшүү бүттү.

Адамдар кайрадан жумушка киришишти.

Чоң эненин жанындагы аял дагы эле шолоктоп ыйлап жатты…

…Фильм үзүлдү.

Азыр кайра башталат.

Түн. Сыртта бороон дале терезени черткилейт. Чоң эне дайыма сыйкырдуу түндө жашайт. Чоң эненин түндөрү кээде капкара, кээде буурул болуп өзгөрөт. Чоң эне көптөн бери буурул түндө жашайт…

Раман уйкусурап сүйлөдү:

– Ассалоом алейкум, Күн!

Дагы түшүнүксүз бир нерселерди балдырап тим болду. Чоң эне небересин акыркы жолу көргөнүн эстеди.

…Чоң эне күндө үйдөн алысыраак жердеги кызыл ташка олтуруп жол карайт. Батып бараткан күндү карайт. «Күн жолдон чыгып жолго батат. Жолдор күндөн башталып, күндөн бүтөт» – деп ойлойт Чоң эне.

Ал караган жол да алоолонуп батып бараткан күндөн башталат. Чоң энеге кичинекей Раманы күнгө барып окуп кайткандай туюлат.

Ана, өрттөн качып чыгышкандай топоңдошкон топ балдар күндөн чыгышты. Алар күнгө чалынып мүдүрүлгөнсүп чыгышты. Эң артында бирөө сөлпөң-сөлпөң этип жортуп коёт. ал – Раман. Дайыма балдардын артында калат. Дайыма… Дайыма…

«Өтө эле чабал» – деп ойлойт Чоң эне. «Куураган гана желмогуздар, бирөө  да  карап  койбойт»  –  деп  ичинен  кейийт. Китеп кабын  жанына бекем кысып, сөлпөң-сөлпөң этип жортуп, Раман келатат. Балдардын эң артында калат. Дайыма… Дайыма…

…Фильм дагы үзүлдү. Бул эч качан бүтпөйт. Бүтпөс фильм.

Эртең түнү кайра башталат.

Чоң эне ошондон бери күндү көрө элек.

Аябай, аябай сагынды… Ошол мыйзам учкан күз, Чоң эненин акыркы көргөн күзү: көзүнөн күн кетип, түн кирген күз.

Ошондон бери таң атпайт.

Күн чыкпайт…

Ошол мыйзамдуу күздөн бери чоң эне түндө гана жашайт.

Чоң эненин түндөрү баш-аягы жок, түптүз, кадрсыз кара лентадай.

Азыр түн. Бороон…

Бирок Чоң эненин түнүндө бороон да болбойт, ай да чыкпайт, жылдыздар да жымыңдашпайт.

Асманы жок керең түн.

«Мындай түндү эч бир адамга көргүлүк кылбасын. Кудай таалам» – деп ойлоду Чоң эне…

Эшикте кабылан улуй баштады.

– Кет! Кет! Башыңды тарткыр, – деп кыйкырды чоң эне, төшөктөн обдула…

– Эмне, эне?

– Кабылан эле, ата. Чочудуңбу?

– Жок, – деди ойгонгон Раман.

Кабылан үйдөн алысыраак барып дагы улуп кирди.

– Бороон дагы эле уктай элекпи, эне?

– Тамтаңдабачы, ата.

Чычкандар дале кебек салынган тулупту эрмектеп жатышат.

– Чычкандар эмне укташпайбы, эне? – деди Раман.

– Башыңа гана көрүнгүр!

Чоң эне кабыланга ачууланды.

– Кара кемпир, сиз уктаган жоксузбу?

– Менин уктаганыма көп жыл болбодубу, ата…

– Түш көрдүңүзбү? Мен түшүмдө учуп жүрүптүрмүн…

– Токтоно электигиң, ата.

– Атамды көрөсүзбү?

– Көп болду, атаң түшүмө кирбейт.

– А мен көрдүм… – деди Раман.

– Айтчы, кандай экен?

– Атам кара каштуу, кара көздүү чырайлуу киши экен… Атам бизге тарыхтан айтып берип атыптыр (Раман тарых сабагын өтө жакшы көрөт). Атам  мени  эң  алдыңкы  партага  отургузуп  койду. Атам  мени  доскага чыгарып  сурады. Мен  айтып  бердим. Атам  мага  «беш»  койду. Атам: «Менин уулумдай окугула» – деди балдарга кайрылып. Атам мени… – Раман унчукпай калды.

Раман бул эки сөздү армандуу, өзгөчө кумар менен айтты. «Мунун баары калп!» – деп кыйкыргысы келди. Анте алган жок. Антүүнү каалабады… Айткандарына ишенгиси келди.

– Анан бир жакка кетип калды… – деди Раман акырын.

– Каякка?

Чоң эне эрдин кесе тиштенди. Үнү буулуп араң чыкты. Чоң эне баарына түшүндү.

Раман жооп берген жок. Айткандарын кайра унутууга шашты.

– Менчи? Мени көрөсүзбү?

– Сен сөлпөң-сөлпөң этип балдарга жете албай окуудан келатканың түшүмө кирет.

– Мен ошондо канчанчы класста элем, эне?

– Биринчиде…

– Мен  төртүнчүгө  дейре  кантип  окуганымды  унутуп  калдым.  Сен адамдын сүрөтүн көрүнгөн жерге тарта бересиңби? Эсеп дептериңдин чоло жери жок, – деп агай уруша берүүчү. Ушу гана эсимде калыптыр. Азыр тегирменчи го, ошол окуткан мени, билесизби?

– Ооба, ооба. Аны кантип билбейм. Атаңды да ошол окуткан да. Бечара, кыштын күндөрү сага атайы келип, атына учкаштырып ала кетчү. Анан, ошол жылдары кар өчөшкөндөй улуу түшө турган.

– Ооба, эне. Ал жолдо менден «Эр Панфиловду» ырдап берчи деп көп сурачу…

– Укта эми, ата, эртең окууга барасың.

– Эртең базар.

– Укта, ата.

– Мен адам-жиндини көрдүм, – деди Раман.

– Укта, ата…

– Мен адам-жиндини көрдүм дейм!

Чоң эне унчукпай койду.

– Сиз дагы уктайсызбы? – деди Раман.

Капысынан адам-жинди жөнүндөгү ой башына кире калганына бушайман жеди.

– Мен уктап калдым, – деди Чоң эне.

– Эмне үчүн иттер бороондо улушат, эне?

Кабыландын дале муңдуу улуганы угулуп жатты.

– Билбейм, – деди чоң эне.

– А мен бороон менен тең уктайм.

Раман адатындай өзүнүн жеке дүйнөсүнө шуңгуду. Оюндагы эң эле бийик, эң эле бийик чокусу элестеди… Ошол чокуга чыкмак болду. Бу сапар Лайлини ээрчитип алды. Экөө чокуга чыгып баратышты. Лайли чарчап калат.

– Уу-у, алыс турбайбы!..

– Алыс, Лайли, – дейт Раман.

– Бар! Барбайм. Аябай бийик экен…

– Менден бөлөк бул тоону эч ким билбейт. Бул менин тоом. Менин гана. Аты: «Ааламдын чокусу» – дейт Раман.

– Экөөбүздүкү.

Раман унчукпайт. Акыры «Ааламдын чокусуна» жетишет… Дүйнөнүн төрт бурчу тең көрүнөт.

– Уу-у, э-эй! жер картадагыдай эмес турбайбы! Баары жапжашыл…

– күн… Жаз… – дейт Лайли тамшанып.

– Менин жеримде дайыма жаз… Дайыма күн, – дейт Раман алыска-алыска карап.

– Күн батпайбы?

– Күн батпайт. Бул күн да меники, – дейт Раман.

– Экөөбүздүкү, – дейт Лайли.

Раман унчукпайт. Экөө алысты-алысты карашат.

– Раман, Раман, газеталарда эмне үчүн калпты жазышат?

– Эмне деп?

– Баланча жерде согуш болуп атат, түкүнчө жерде деп. Карасаң кай жерде согуш? Эч жерде. Тыптынч.

– Менин жеримде согуш болбойт, – дейт Раман, сыймыктуу.

Раман чоорун тартат.

Лайли жанында шолоктоп ыйлайт.

Жөнөкөй чоордун үнү ааламды кезип жөнөйт…

Түбөлүктүү жаз менен дем алган касиеттүү жер чоордун коңур үнүн тыңшайт.

«Менин чоорумдун үнүн ийининде жаткан жыландар да угушат» – деп ойлоду Раман уйкуга көзү илинип баратып.

Раман түш көрдү.

…Лайли экөө дале баягы чокуда катар турушат. Лайли учуп жөнөдү. Экөө булуттарды аралап баратышты. Лайли жоголуп кетти… Бир нерсе болуп эле Раман төмөн кулады. Зуулдап келип жерге «былч» этеринде чочуп ойгонду.

Рамандын көзү умачтай ачылды. Жылуу төшөктө жатканын көрүп сүйүндү.

– Эмне болду? Чочудуң да, ата? – деди чоң эне.

8

Раман  кийинип  эшикке  чыкты. Күн  чайыттай  ачылыптыр. Асман көпкөк чакчаят. Алыскы аппак тоолордун баштары эртең мененки ачылган кызгалдактардай кызара баштады. Күн тийип келатат…

Раман түндөгү «жаз келгенче уктайм» дегенин эстеди.

Бүгүн жекшемби.

Раман күнөскө отуруп алып китеп окуйт. Ал «Биздин замандын кишилерин» окуй турганын ойлоп ичинен кымылдады.

– Азыр көң калайм, кара кемпир. Чырмайып жылынып отура бересиз. Күн чыкканча, – деди Раман.

– Күн барбы, ата?

Чоң эненин көнүмүш суроосу.

– Күн чыгат, эне.

Рамандын көнүмүш жообу.

– Мени олтургузба, ата. Казанды алып, суу ысыт. Курут эзейин. Анан күнгө чыгабыз.

Чоң эне катыратып курут эзүүдө.

Раманды ой басты. Өзүнчө капаланды.

Чоң эне дайыма курут эзгенде Раманды ой басат. Капаланат.

– Кара кемпир…

Кайра унчукпады.  Раман  дайыма  башка  жөнүндө  ойлойт.  Чоң  эне курут эзип жатты.

Жалгыз аяк жолдорго окшогон чекесиндеги бырыштарынан тер чыкты. Азыр тиги нуктуу бырыш менен келип көзүнө куюлат.

– Кара кемпир…

– О-ов. Курсагың ачтыбы, ата?

Раман дагы унчуккан жок.

Чоң эне куруттарды кыжынгандай мыжыгып эзет.

А Раманды түпөйүл ойлор эзди.

«Эне, менин балпайган Чоң энем! Эгер сенин көзүң соо болсо кандай жакшы болор эле…» – дегиси келди.

Бирок унчуккан жок.

Чоң эне куруттарды мыжыгып жатат.

Ал таштарды эзгенсийт.

«Зулайка жеңени чакырып келейин, ошол эзип берсин» – деп Раман нечен жолу айткан.

– Кой, балам, өздөрү келбесе, алардын да өз тиричилиги бар, – деп Чоң эне болбойт. таарынгандай сүйлөйт.

Жок! Чоң эне таарынбайт. Раман билет го. Эч анте элек. Антпейт. Бирөөлөргө  арыз-муңун  айтып  ыйлабайт.  Чоң  эне  бирөөлөргө  өзү жөнүндө эч сүйлөбөйт. Андайларды жаман көрөт. «Начар адамдар арызчыл, муңчул, таарынчаак болот» – дейт Чоң эне.

Күн тийди.

– Ассалоом алейкум!

– Ким, ата?

– Күн, – деди Раман.

Терезеден кирген күндүн нурлары чоң эненин кардай чачтарына корголоду. Раман муну эми гана байкады.

Мурда буурул көрүнчү эле.

Нуктуу  бырыш  менен  көзүнө  куюлганы  келаткан,  тоголонгон  шар сымал тамчы тер, күндүн боёкторун сорду.

Күн сүрөтчү.

Автопортретин тартып жатат.

Раман болсо дайыма башка жөнүндө ойлойт.

– Кара кемпир…

–  Болдум,  ата. курут жумшак  экен,  үбөлөнөт  жаныбар.  Малташа жейсиңби? – деди Чоң эне.

«Дайыма  кыйналганын  жашырат.  Саратан  жеген  эме  кайдан үбөлөнсүн, таштай катуу да» – деп ойлоду Раман ичинен.

«Чоң энемдин ордунда болсом бир күн да жашабас элем. Өзүмдү атат элем»…

Раман чоң энесинин купуя күчүнө таң калат…

Кара кемпир…

– Болдум, ата. Нан жабанда. Дагы тоңуп калгандыр. Кыштын энеси өлгөн окшойт…

– Кара кемпир…

– Нанды ысыттыңбы, ата?

– Жок!.. Эмне үчүн сиздин көзүңүз жок? А башкалардыкы бар? – деди Раман.

– Тамтаңдабачы, ата!

– Эмне үчүн?

– Билбейм, ата, ыйлап жүрүп ушинттим го…

– Жөнү жок эле ыйлай бердиңизби?! – деди ачууланган Раман. Чоң эненин өзү жөнүндө кайдыгер сүйлөшү аны ачуулантты.

Рамандын ачуусу келди.

Чоң эне көпкө дейре унчукпады.

–  О,  күн  жаныбар  чыктыбы?  Чекем  ысыды  го.  – күндү кармалап көргүсү келгендей колун созду. – Жөнү жок дедиңби, ата. Ошол үчүн энебиз да.

– Эмне үчүн анда бардык энелер сокур эмес?

– Бардык энелер окшош эмес, ата, улуу кудайым сүйгөн пендесине мээнет берет.

– Анда кудайыңыз улуу акмак экен!

– Кой, ата, көп тамтаңдабачы!

Чоң эненин да ачуусу келди.

Раман унчукпай калды. Кичинекей кезиндеги ыйлаган көп түндөрүн эстеди. «Энемдин көзүн жакшы кыл» – деп кудайдан суранып, жалынып ыйлагандарын ойлоду.

– Кел, көр оокатты ичели, ата. Атаңа наалат! Кийим жыртылса жамап коёсуң, жүрө берет. Жаман кекиртекти да жамап коёр болсочу? Ата, сен чоңойгондо адамдардын сообун ал. Ушуга жамак тап. Сени ошол үчүн окутуп жатканымды бил, ата.

Бул чоң эненин тамашасыбы же чыныбы – Раман билбейт.

– Ушундайлардын сообун албай эле койдум.

– Антпе, ата. Ар кимди өзүңдөй көр.

– Ушулар соопту билишеби? Сиздин көзүңүз адеп ооруганда эмне үчүн бирөө доктурга алпарган жок? – Раман ыйлап жибере жаздады.

– Баласың, ата…

– Баласың! Баласың… Өзүңүз деле айткансыз…

– Мен алжыган кемпирмин. А сенчи?

– Мен алжыган чалмын, – деди Раман.

– Канчага чыктыңыз? – деди Чоң эне күлүңдөп.

– Он бешке…

Раман да аргасыздан күлүп жиберди.

– Баласың, ата, баласың… Көп тамтаңдабай жүрчү.

– Мен тамтаңдабайм, – деди Раман.

– Оп, бали! Менин асыл уулум да…

Бул сүйлөшүү Раманда оор из калтырды.

Тамак ичип бүткөндөн кийин чоң эне казандын түбүндө калган курутту чоң кара көмөч аякка куйду, үстүнө бир жапырмак май салды.

– Барбайм, – деди Раман. – Дайыма эле ошол өз атын билбеген жиндиге тамак ташып мен эмне…

– Башы кара, буту айрыгабы? – деди Раман кекээрдене. Чоң эне болор-болбос  башын ийкегиледи.  Раман  чыгып  кетери  менен  өксүп-өксүп ыйлады.

– Оо, көр кудай! Ата-баланы мындай кыла көрбө. Көр кудай ай! – деди Чоң эне.

Бул там кыйла обочо. Айылдын тоо тараптагы четинде. Мурун элдин көбү ушул тарапта эле. Алар жол боюна жаңы там салып көчүп кетишти. Рамандар капкара морлуу соройгон чалдыбардын арасында жалгыз калышты.

Эл чалдыбардын бирөөнү жакшылап оңдоп, шыбап коюшкан. Ошондо адам-жинди жашайт.

Азыр каалгасы оңурайып ачык турду.

Ал үйгө эч ким басып барбайт.

Иттердин  да  изи  жок. Кээде гана  айылдагы  чалдар  же  кемпирлер жаш балдарын жумшаса коркуп келбегендиктен, өздөрү оокат ташып барышат.

Раман ошол үйгө кесе көтөрүп баратты. Адам-жинди тескери карап көйнөгүн биттеп отуруптур. Оркойгон далысынан кошуу белгисин көрдү.

Кошуу белгиси!

Илеп белгиси!!

Көбөйтүү белгиси!!!

Чоочун тамга…

Жонунун тамтыгы жок. Раман оозун ачты. Баарынан да чоочун тамга даана экен.

«Согуш акенин кылганы болсо керек» – деп ойлоду Раман.

«Ушунун согушта болгону калп го… Согуш эмне жиндикана бекен…» – деди кайра өзүнө өзү.

Тигил дале Раманды байкаган жок.

Үйдүн ичинде да кыш эле. Төрдөгү самандын үстүндө аябай кирдеген көрпө жатат. «Ушуну да менден көтөрткөн, кызык ушу Чоң энем» – деп ойлоду Раман.

Мурдуна коңурсуган жаман жыт келди.

– Эй, балээңди ич!..

Тиги жалт бурулуп кара аякты теше карады. Жылаңач көкүрөгүнө төгүп-чачып жутуп жатты. Коркойгон кокосу өйдө-ылдый жылат.

– Эй, паңбаш! Жоо кубалап келатса да акырын жутсаң?! – жаагындагы узун сулуу тырыгына дайыма суктана караган Раман азыр аны тиктеген жок.

Акыры самандар илээшкен өскүлөң баш аяктан көтөрүлдү. Жалдырап Раманга карады.

– Эй, атың ким эле? Сен жакшы баласың… Менин да сендей балам болсо… – Бул адам-жиндинин көнүмүш адаты.

– Атым атаңдын башы. Өз атыңды билбейсиң анан… Менин сендей атам болсо, эбак өлтүрүп салат элем. Өлтүрүп-үп!

– Өлтүрү-үп! Ха-ха-ха!..

Колунан аякты жулуп алып, Раман эшикке качып чыкты. Жомоктордогу мүйүздүү шайтандын күлкүсү Рамандын кулагынан кетпей койду.

Асман ачык.

Күн. Кар  көз  уялтат. Дүнүйө  таптаза. Адамдар  үйлөрүнөн  чыгып күнөстөп олтурушат. «Коркунучтуу… коркунучтуу» – деп ойлоду Раман.

Анан өзүн өзү билбей кетти, шолоктоп ыйлап жиберди.

– Бечара, бечара, – деди Раман эрксизден, – адам да ушундай абалга келет экен ээ?..

9

Бир күнү Раман окуудан келатып, чоң энеси бирөө менен сүйлөшүп отурганын көрдү. Экөө күндө олтурушат.

Адам-жинди экен! Ал оозу-мурдун кыйшаңдатып шумдуктуу болот.

Күндү арбаган жыландай болот. «Эмне көзү уялбайбы?» Таң калган Раман тык токтоду. Адам-жинди бир тынымга арбалган немедей кыймылсыз боло калды да, өзүнчө сүйлөндү. Сөөмөйүн тоолорго кезеди.

– Мынабу менин жерим. Мынабу менин тоолорум,– деди да, күлүп койду. Кайра башын чайкап:

– Жоок, жоок, меники эмес, – деп мостоё калды. Дагы бирдемелерди күбүрөдү…

Чоң эне бөжөйүп, эне коёндой капалуу олтурат. Бырыштуу жүзүн жаш жууган. Арчыбаптыр. «Аябай ыйлаптыр» – деп ойлоду Раман. Тынчсыздана баштады. Чоң эне колун тиги адамдын жүзүнө алып барды.

Эки колу менен чачын көрдү.

Көзүн көрдү.

Мурунун көрдү.

Кулагын көрдү.

Кайраттуу сакал баскан жаактарын көрдү.

Эң аягында колунан кармалады.

Көпкө кармалады.

Манжалары ичке арык колду сылагылады… Анан өпкүсү келгендей оозуна жакындатты.

Адам-жинди колун Чоң эненин оозуна жеткирбей шарт жулуп алды. Чоң эненин калтыраган колдору жансыз немедей жерге шалк этти.

– Мен өлөм, мен жакында өлөм, ойрон! Менин көзүм көрбөй калбадыбы! Тааныдыңбы?! Тааныйсыңбы мени?! Мен киммин, ойрон?!

Чоң эне өзүн өзү башка муштагылады.

Өксүп, өксүп ыйлады…

– Өлөм, өлөм, ха-ха-ха!

– Эне, эне! – деп кыйкырып жиберди Раман. – Кет, бул жерден! Сенделген… Өлтүрөм! – Раман адам-жиндиге тап берди. Ал качып жөнөдү.

Койнунан эки нан дабырап жерге чачылды.

– Ха! Ха! Ха!.. Өлтүрдү-үү! Ха! Ха! Ха!..

Үйдүн аркасындагы чоң кызыл таш да жаңырып күлүп жатты.

Раман шалдайып келип Чоң эненин жанына олтурду. Көзүнө жерде жаткан эки нан урунду.

Анын бирин кабылан тиштеп жөнөдү.

– Эне, кызыксыз да… Ошол боор ооруганды билеби… Дагы адам катары сүйлөшүп калат экен, – деди Раман.

Бирок өзү башка жөнүндө ойлоду.

Ал дайыма башка жөнүндө ойлойт.

– Эки карып сүйлөшөбүз да, – деди Чоң эне салкын гана.

Чоң эненин  үнү  калтыраганын,  дагы  бир  эле  сөз  сүйлөсө  «ба»  деп ыйларын байкаган жок.

Раман башка жөнүндө ойлоду…

Алиги адам жөнүндө ойлонуудан коркту.

Ал адам жөнүндө ойлонуудан дайыма коркот… «Эмне болду?» – деди ал. «Эч нерсе болгон жок» – деди кайра өзүнө.

«Жок» деген жакшы сөз, – деп ойлоду Раман.

Раман дагы чылым күйгүздү.

– Көп чекпесеңчи, – деди Жамбы.

– А мен ошондогу Чоң эненин салкын жүзүндөгү муңду түшүнбөпмүн. Бала экемин. Азыр ошону эстесем ыйлагым келет…

Чоң эне  кеч  кирери  менен  бүк  түшүп  жатып  алды.  Тамакты  да: «Көңүлүмө  барбай  турат»  –  деп  ичкен  жок. Адатынча:  «Уккан, көргөндөрүңдү айтып берчи, ата» – деп сурабады.

– Баласың, ата, – деди бир гана.

– Мен бала эмесмин, – деди Раман.

– Ооба. Сен эми эркексиң… – деди Чоң эне.

Раман Чоң энесин аяды. Сүйлөшкүсү келди. Эркелегиси келди.

– Менин энем сулуу…

Тизесине коомай отурду. Бетинен өпкүлөдү.

Бул түнү сүйлөшүшкөн жок.

Раман китеп окуп кирди. Кайра бат эле тажап, барактай баштады.

«Тынчтыгынан» качат. Аттап өтөт.

«Согуш» деген сөздү издейт. Ал жерин окуп бүткөнден кийин, дагы издей баштайт.

Тажады. Анан Наташаны издей баштады. Наташанын биринчи балы ага абдан жакты. Сүйүндү. Өтө жакты. Андрейге ыраазы болду.

Бал бүткөндөн кийин кайра уйкусу келди.

Толстой чалга баары бир ыраазы болгон жок…

Китепти жапты.

Бул китеп Раманга кыштын узун жадаткан түндөрүнө окшоду.

10

Дайыма эртең менен Чоң эне курут эзет.

Кара кесеге курут куюлат.

Күн автопортретин тартат…

Кээде бороондун айынан келбейт. Үч-төрт күн катарынан келбейт…

Чоң эне үч күндөн бери тынчсызданат…

Рамандан дагы сурады:

– Күн эртең менен чыга турганбы, ата?..

– Жок, бүркөө.

– Күндүн энеси өлгөн окшойт…

– Чоң энеси өлбөсө болду… Кайра чыгат… Мен кеттим.

– Каякка, кеч киргенде эми?..

– Кыйноого…

Раман киного кетти.

…Колхоздун клубунун ичи жыкжыйма. Өңчөй чөкө таандай чуркурашкан жаш балдар. Анча-мынча эриккенинен келген жаш жигиттер сороюшуп эң артта топтошуп турушат. Чылым чегип жатышат… Алардын көзү майрамга келишкендей жасанышкан келин-кыздардын үркөрдөй тобунда.

Раман алардын ичинен Лайлини көрдү.

Экөөнүн көзү кокусунан урунуша түштү.

Лайли тескери карап кетти. Рамандын жүрөгү туйлады. Уу-чуу…

Залдын ичин чылымдын ачуу түтүнү булуттардай жиреп жүрөт.

Кино башталды.

Титрдеги жазууларды жаш балдар эжелеп, жабырап окушат.

– Ле-й-те-н-ан-т. Лейтенант!

– Эй, чычкактар, жапкыла оозуңарды! – деп кыйкырды арттагы жигиттердин бири.

– Мынабу лакыйган жинди тосуп алды бизди, – деп чыйылдады баягы «лейтенантты» баарынан бийик кыйкырып окуган жаш баланын үнү.

Эми жымжырттыкты экранда жарылган бомбанын үнү бузду.

Дагы, дагы, дагы жарылды…

Жер эңшерилет…

Жердин онтогону угулат…

Өрт. Ышкырган октор… Та-та-та!.. Адамдар чалгы менен чапкандай сулашат.

Адамдардын онтогону угулат…

Өтүктөр сырак этет.

Миллион өтүктөр жүгүрүп жүрүшөт…

Ушу кезде  жалгыз  өтүк  экранга  согулду.  Бирөө  атып  урду.  Согуш болуп жаткан экран кулап түштү.

Согуш токтоду.

Селдейип эң алдыда турган кишини Раман заматта тааныды. Залдагылар «дуу» кыраан-каткы күлүштү.

Мүйүздүү шайтандын күлкүсү да угулду.

– Ха-ха-ха!!!

Адам-жинди бирдеме-бирдемелерди сүйлөнүп, өкүрүп-бакырып залдан качып чыкты. Жанынан өтө бергенде Раман анын купкуу жүзүндөгү сулуу узун тырыгынан ылдый аккан жашын байкады.

– Мына, чычкактарга, силерге кино! – деп кыйкырды баягы жигит.

Санын чапкылап каткырды…

– Ишенбейм.  Ошол  адамга  күлүштүбү?  Ойлосоң,  ушул  адам  күлө турган ишпи?.. – деди Жамбы.

– Билбейм. Мага ошондой көрүндү. Баары ыкшып күлүп жатышкандай көрүндү. Менин аларга ачуум келди…

Раман өзүн өзү билбей кетти. Жалгыз өтүктү алды да, эшикти көздөй жүгүрдү.

кычыраган суук.

Асман туптунук.

Жылдыздар сойку жымыңдашат.

Раман клубдун жака-белин карады. Жок. Жакынкы үйлөргө барды. Жок! «Үйүнө кеттиби» – деп ойлоду. Чуркап баратып жолдо бирөөгө урунду. Экөө тең тайгаланып карга жыгылышты.

– Раман, токтосоң, өтүгүң калды.

Лайли экенин үнүнөн тааныды.

– Менин өтүгүм дейсиңби! Апкел бери!..

Раман өтүктү жулуп алып дагы чуркады…

– Раман, токтосоң… Экөөбүз издейбиз…

– Жинди го? Кимди издейсиң?..

Раман аябай ачууланды. Артынан калбай келаткан кыздын үнүн дагы укту.

– Раман токтосоң… Экөөбүз…

Рамандын эми аябай ачуусу кайнады.

– Жинди десе! Кимди? Кимди издейсиң?!.

Бечара кыз шашканынан айтып салды.

– Атаңы…

– Мына сага атаңы! Мына!

Раман өзүн өзү бийлей албады. Лайлини бет талаштыра коюп-коюп жиберди.

Лайли карга жыгылып калды.

– Атам айткан… – Лайли улуу кардан араң туруп жатып ый аралаш ушинтип айтты.

Раман мунусун уккан жок.

Кыйла узап кеткен. Ал дале чуркап баратты. Арданганынан ыйлагысы келди.

Раман баары бир ишенбейт.

Эң жакшы көргөн адамынын оозунан ушул сөздү угам деп ойлогон эмес. Балдар да кээде ушинтип шылдыңдашат. Раман аларга ошол замат эле муш көтөрөт. Өлбөгөн жерде калышат.

Азыр бул жөнүндө ойлогусу келбеди.

…Раман эшиги ачык үйгө кирип, ширеңке чакты. Төрдөгү самандын үстүндө  кулагын  шалпайтып,  сууктан  коргологон  жалгыз  жоор  эшек жатыптыр. Жок…

Эшекти өтүк менен салгылап айдап чыкты.

Эми эмне кыларын билбеди.

– Өлмөктөн доңуз копсун! Эшекче болбойбу, бир жерге баш калкалагандыр!..

Жалгыз өтүктү төргө ыргытты да, үйүнө жөнөдү.

Чилде. Чыйкылдаган суук.

Эшек араң бүжүрөп басып баратат. Туягынан кар кычырап, түндүн мазасын кетирет.

Өрдөштөгү үңкүрлүү кызыл таштан Баюулунун үргөнү угулат.

Чоң энесинин: «Баюулунун үргөнүн укпа, жамандыктын жышааны» дегенин эстеди.

«Ушу карыгандар бир балээни айтып дөөдүрөй беришет» – деп ойлоду Раман.

Анын бардык нерсеге жини келди.

Өзүнө да…

Жылдыздарга да…

Адеп тайгаланган өтүгүнө да…

Өтүгүн жерге уруп, уруп сөктү…

Залдагы жанын чапкылап каткырган жигитти эстеп, ага да жини келди.

Раман адам-жиндинин согушта болгонуна эми ишенди.

– Бат эле келип калдың го, ата? – деди чоң эне.

Раман унчуккан жок.

– Кызык бекен, ата?

– Өтө кызык, – деди Раман.

Чоң эне да экинчи сүйлөгөн жок.

Раман негедир согуш жөнүндө ойлоду…

Бул түнү анын түшүнө да согуш кирди. Эки-үч жолу чочуп ойгонду…

11

Бул күнү Рамандардыкына эки атчан адам келди.

– Жигит, ким болосуң? – деди бирөө жылмайып.

Экинчиси дулдуюп унчуккан жок.

– Касымов.

– Ысмыңчы?

– Раман.

Чоң эненикин да сурап жазышты.

– Кол койгула.

– Эмне үчүн? – деди Раман.

– Тынчтык. Дүйнөгө тынчтык үчүн. Же сен согушту каалайсыңбы? – деди алиги адам дагы жылмайып.

Экинчиси дулдуюп эч унчуккан жок.

Раман кол койду.

Чоң эне бармагын басты.

Рамандын «сиз үчүн мен эле коюп коёюн» дегенине болбоду.

Чоң эне балчайтып бармагын басты.

Алиги адам муну көрүп, Раманга көзүн кысып жылмайып койду. А экинчиси дале дулдуюп унчуккан жок…

Эки атчан адам айыл кыдырып кетишти.

12

Чоң эне дайыма эртең менен курут эзет.

Күн автопертретин тартат…

Кара кесеге курут куюлбаганына көп болду. Ал өз ээсинен баягы суук түндө ажырабадыбы!

Өкүрүк-бакырык деле болгон жок.

Согуш талаасында өлгөн жоокердей тынч гана жерге коюп коюшту.

Адатта  адам  өлсө,  тирүүлөр  чогулган  жерде  кеп  болот. Антүүчү  эле, минтүүчү эле раматылык дешет.

Жаманын да, жакшысын да бирдей эскеришет.

Ал турсун басканынан, турганынан, күлгөнүнөн өйдө зерикпей кеп кылышат.  Булардын  чын  ыкластуу  муюган  ойлуу  жүздөрүнө  карап: «Тирүүлөр, боорукер болгула» – деп кыйкыргың келет!

Кара аяктын ээсин да адамдар купуя эскеришти: «Тазасында кандай жигиттин  гүлү  эле…  Бечара  бала…  Согуш  аны  оңбогондой  кирептер кылды. Оңбосун согуш!..»

Кээде жаш балдардын арасында кеп боло калат. «Билесиңерби?!. Бизди анын кубалаганын…» – десе, экинчиси: «Ой, бир жолу жанынан өтүп баратып ышкырып коюптурмун. Балээге калбадымбы… Таш-кесектеп кубалаган» – дейт. «Ышкырыкта бир балээ барбы? Эмне үчүн ошентип калды экен?»

Бардыгынын көздөрү бир тынымга чоң ачылып, унчукпай калышат.

Чоң эне дайыма эртең менен курут эзет.

Күн автопортретин тартат…

Раман үч күндөн бери эти ысып төшөктө. Чоң эне керээли-кечке күнгө да чыкпай жанында отурат. Мурдагыдай божурап көп сүйлөбөйт. Чоң эне да өлөрчө оору.

Анысын Рамандан дайыма жашырат…

«Энем абдан карып кетти» – деп ойлоду Раман.

– Кара кемпир, эч жериңиз оорубайбы?

– Оорубайт, ата. Куландан соомун. Сен оорубасаң…

– Эне, ыйлап атасызбы?

– Жок, ата…

– Кара кемпир ыйлаганын дайыма уулунан жашырат, – деди Раман башкача үн менен.

– Кара кемпир сенден айлансын, ата. Сен оорубасаң…

– Ыйлаба, эне. Мен барда сизди ыйлатпайм.

– Атам!..

Чоң эне көз жашын шыпырды.

– Эне, мен ыр жаздым. Гений жөнүндө ыр жаздым. Окуп берейинби?..

Раман каргылданган үнү менен жатка айтты:

Уккун, аалам!
Чагылган гений төрөйт.
Уккун аалам!
Гений өлөт Чагылгандан!

– Кой, ата, сен жөөлүп атасың… ата…

– Мен чоң акын болом, эне…

– Сүйлөбө, ата… Катуу ооруп атабы?..

– Башым ооруйт.

– Эртеңге чыда, ата. Зулайка жеңеңин күйөөсү менен сүйлөштүм. Эртең доктуруңа алып барат.

– Кара кемпир…

– О-ов, ата.

– Атамын сүрөтү барбы?

– Канча жолу сурайсың, ата. Сүрөтү жок.

– Анан менин атам ким?..

– Согуш. Сенин атаң согуш, ата…

– Согуш?

– Укта эми, ата…

– Ыйлабасаңыз, эне…

– Ыйлабайм, ата…

– Ыйлаган жаман, эне.

– Ыйлаган жаман, ата. Уктайсыңбы?

– Мен согуштун баласымын… Уктабаймын…

– Тамтаңдабачы, ата.

Чоң эне менен Раман дайыма түндө сүйлөшүшөт.

Эртеси Раманды райондук ооруканага жеткиришти. Чоң эне жалгыз калды. Коңшусунун келинчеги Зулайка эртели-кеч тамагына каралашат.

Чоң эне бүк түшүп жатты. Рамандын өмүрүн тиледи.

«А мен болсо марага жакын калдым» – деп ойлоду Чоң эне.

Зулайка кирип келди.

– Чоң эне, ооруп жүрөсүзбү? – деди Зулайка чочуп.

– Жок, айланайын, эч жерим оорубайт, – деди чоң эне.

– Өң-алатыңыздан кетип калыпсыз…

– Эч жерим оорубайт, – Чоң эне шек алдырган жок. Көптөн бери эң негизги максаты ушул.

– Раманымды эстеп эч уктабайм, – деди Чоң эне.

– Уулуңузду эмдиги базардан кийин эле чыгат дептир доктурлар, – деди Зулайка. Албетте, калп айтты.

Күйөөсү: «Байкуш баланын оорусу кеч окшойт», – деп гана келди.

– Ошентсе кана. Ошонум адам катарына кошулсун деп жүрбөймүнбү. Болбосо…

– Койчу, Чоң эне. Уулуңуздун уулун көрүп анан өлүңүз. Уулдун өмүрүн берсе жакшы адам болуп жетилет.

Зулайка азыр калп айткан жок.

– Күн барбы, Зулайка?

– Бар. Жүрүңүз.

– Өзүм чыгып алам, айланайын. Кете бер.

– Кечки оокатыңызга келе албайт окшойм. Тегирменди түндөп тартып келейин. Унубуз түгөндү.

– Аный, балам, өзүң жалгыз коркпойсуңбу? Күйөөңчү?

– Койчу, чоң эне, ичим деп жүрбөйбү. Өзүм эле барам.

Зулайка кетти.

Чоң эне жалгыз калды. «Ырас болду» – деп ойлоду өзүнчө. Башында бирөө турушун каалаган жок. Раман жөнүндө ойлобоону чечти.

Улуу секунданы күттү.

Жүрөгү алкымына тыгылып калгансыйт. Кайра кетет. Чоң эне өлүмдү көрүп жатты.

Ал чагылгандай тийип жарк этет. Кайра жоголот. Кайра качат.

Чоң эне улуу секунданы чыдамкай күттү.

Раман жөнүндө ойлобоону чечти.

Уктап албагандыгына өтө арман кылды. Чоң эне уктаганды абдан жакшы көрөт. Чоң эне түшүндө гана жашоочу. Түш ага нагыз турмуш.

…Кыз кезинде жылаңаяк чуркаган жолдорун басат. Кымбаттуу адамдары менен сүйлөшөт. Мийзамдуу күздөгү күндү карайт. Тоолорду карайт. Асманды карайт.

Түшүндө да ойгонуп кетпесем экен деп көп коркчу. Түбөлүккө уктай берүүнү каалай турган. Жакырчылык дүйнөнүн таштарын көрүү да зор рахат берет да.

…Азыр эсинен танып баратып да Чоң эне акыркы жолу түш көрүүнү самады. Чоң эненин түшүндө чагылган кайрадан чартылдады… Чоң эне жөөлүй баштады.

– касым! Касым!.. – деп чакырды чоң эңе. Ааламды чоң өрт каптап келатканын көрдү.

– Өрт!.. Өрт келатат, ата!..

Чоң эне соо эмедей эшикке жүгүрүп чыкты.

Күн  батышты  карап  кыйкырды:  –  Өрт! жер  өрттөнүп  келатат!

Өчүргүлө-өө!..

Жылаңаяк чоң эне жерге эт-бети менен жыгылды.

Экинчи турган жок.

Чоң эненин адамдарга кайрылып айткан акыркы сөзү – ушул. Адамдын эң акыркы кымбат сөзү:

– Өрт! Өрттү өчүргүлө!

13

Кара лента үзүлдү. Фильм бүттү.

Кабылан жалгыз калды. Ал ар түнү дале үйдөн алысыраак олтуруп улуйт. Айга карап улуйт.

…Дайыма эртең менен күн терезеден түшүп курут эзип жаткан Чоң энени таппайт…

Күн автопортретин бүтпөй калды.

…Раман бир айдан кийин ооруканадан кайтты. Оорусунан айыгып кайтты.  Чоң  энесин  угузганда  ыйлаган  жок. Көңүл айтканы  келген адамдар үн-сөзсүз тарап кетишти. Жалгыз калгандан кийин өксүп-өксүп ыйлады. Көзүнөн жаш чыкпай калган соң, чарчаган Раман уктап калды.

Ойгонгондон кийин дагы ыйлай баштады…

Эки-үч күн өткөндөн кийин Чоң энесинин баштыгынан жалгыз сүрөт таап алды. Артындагы өчүңкү жазууну окуду.

«Чотбаев К. 1942-жыл».

– Атам турбайбы! – Раман эрксизден үн чыгарды.

Оодарып карады.

Көзү, оозу, мурдунан өйдө тааныш.

Раман чагылган тийгендей селдейди…

Бул адам-жиндинин  өзү  эле.  Раман  сүрөттү  тытып-тытып  очокко ыргытты…

14

Рамандын турмушунда ушулар калды. Ал дайымкысындай эрте туруп окууга барат.

Бүгүн да баратты. Кабылан да артынан ээрчип алат. Анын да жалгыз калгысы келбейт…

«Эч кимдин жалгыз болгусу келбейт» – деп ойлоду Раман. Экөө үн-сөзсүз жолдо баратышты. Жолдон экөөнө күн кошулду.

– Ассалоом алейкум, күн! – деди Раман.

Кабылан унчуккан жок.

Ал башканы ойлоп баратты…

– Чекит… –деди Раман.

«Жамбыдан башка бирөөгө минтип таптакыр чечилип салбайт элем» – деди ичинен өзүнө нааразы болуп. Өзүнүн начар жери эми эсине түштү.

Жердеги күндүн табы сууй баштады. Рамандын жамбашы үшүдү. Ал Жамбыныкы да үшүгөнүн сурагысы келди.

Бирок эч нерсе сураган жок.

Жамбы дале айды карап жатты…

Айдын нуру көкүрөгүнө тийип турду.

– Мен жөнүндө мындан кийин жаман ойлобо, – деди акырын, Жамбы баятан бери ойлонуп жаткан эле. Раман муну билген. Ушуну айтат го деп күткөн.

Мына, кудум күткөнүн айтты.

– Эч качан! – деди Раман.

Экөө көпкө дейре унчугушкан жок.

Жамбы айды карап ойлонуп жатты.

Айдын нуру дале көкүрөгүнө төгүлүп турду.

Ал Памирди сагынгандыгын ойлоду.

Тоолорун… Асманын. Катаал кышын…

– Памирди ошондон бери көрө элекмин, – деди Жамбы. Раман анын үнүнөн эң жагымдуу кусалыкты туйду.

– Балким, күйөөң аман-эсен келгендир, – деди Раман.

– Билем. Аман-эсен…

– Барасыңбы?..

– Менин да жалгыз болгум келбейт, – деди Жамбы.

Экөө дагы көпкө дейре унчугушкан жок.

Раман тегерегин карады. Айдын күңүрт нуру.

Дарактардын жерде жаткан көлөкөлөрү…

Алыста агарган кыргыз тоолору… Экөө…

– Тирүү декорация!  Элестетип  көрчү!  Дүйнө –  Чоң  театр.  Азыр экөөбүз  сахнада  ойноп  жатабыз. Миллиондогон  оюн  көрүүчүлөр…

Азыр экөөбүзгө кол чабышат. Ана, угуп жатасыңбы, угуп жатасыңбы, Жамбы? «Бали!» – деп кыйкырып жатышат…

Рамандын  ушунчалык  берилип  чын  ыкласы  менен  сүйлөгөнү,  таза кыялы Жамбыны таң калтырды.

– Угуп жатам, – деди Жамбы.

Анан экөө бирин бири карап жарыша каткыра күлүштү.

Раман ордунан турду.

– Сахнадан кетелиби? – деди Жамбы.

Раман «мейли» дегендей башын ийкеди. Жамбы виносу ада боло элек бутылканы жерден алды да, алыс ыргытты.

Раман карап турду.

– Рахмат сага, – деди Жамбы.

Ал карыган жөнөкөй аялга окшоду.

Үнү да мээримдүү чыкты.

Экөө эски достордой коштошушту.

Жамбы троллейбуска түшүп үйүнө кетти.

Троллейбустун ичинде адамдар көп эле.

Раман чоң-чоң арымдап басып баратты…

1963-жыл. Чоң-Алай, Жекенди.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *